Суперстан: Роза Отунбаева - ПРЕЗИДЕНТ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Роза Отунбаева - ПРЕЗИДЕНТ! Жакынкы 1,5 жылдын ханайымы

#21 Пользователь офлайн   Айзиля   19 Май 2010 - 12:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

 Цитата(adalsvards @ 19.5.2010, 10:47) Роза айымдын жумуш учурундагы фото сүрөттө рү (Сүрөт автору: Султан Досалиев):



Жумуш учуруна буга окшогон кофтачкасыбы же моюн орогучубу айтор, менин көзүмө жаш баланын эле көйнөгү нө окшошуп көрүндү . Олуттуу адамдын, кийими да олуттуу болушу керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: monthly_05_2010/post-12863-1274250120.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 19 Май 2010 - 12:24

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   adalsvards   19 Май 2010 - 13:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Айрым жигиттерибиздин комментин окуп, Нурлан Мотуевдин Токтоайым Үмөталиевага карата: "Үйү ндө отурбайбы, казанын карап, тамагын жасап ж.б." деген сөзү эсиме келип кетти...

Кыргызстандын башына аял киши келе албай турган болсо, анда ага чейинки эки эркек эмне иш кылды?
Аткаминерлердин 80-90 пайызы эркектерден турат, эгемендигибиздин 20 жылында кыйраткан эмне жасады?

Менин оюмча, эгерде айрым эркектердин колунан дурус иш келбесе, аялдарга өткөрү п беришсин! Тарыхыбызда эл башкарган айымдар деле жок эмес...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Таллас   19 Май 2010 - 13:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

А өзүнү н айткан сөзүчү : "Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык"???

Аны бир паста эле унутуп коёбу? Же бийлик даамы, мансап даамы ошончолук болуп кетип унуттуруп салдыбы. Мындай болсо эмкиси Т.Үмөталиева болот окшойт бизге башчы.

Айтмакчы, Мотуевдин айтканына 101% кошулам. Көбүн эсе оозуна келгенин оттосо да бу сапар чыныгы эркектин сөзүн айткан..


Аялдын орду үйдө да!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Айзиля   19 Май 2010 - 13:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

 
Аялдын орду үйдө да!


Аялдын орду үйдө болгону менен мен эркекмин деп мамлекетин башкара албай отурушкандарды көрүп деле колунан келсе да үйдө отура бериши керекпи? Эгерде татыктуу башкара алса мен аялдын башкарганына каршы эмесмин. Бирок Роза Исаковнага көзүм жетпейт.
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   adalsvards   19 Май 2010 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Цитата

Жумуш учуруна буга окшогон кофтачкасыбы же моюн орогучубу айтор, менин көзүмө жаш баланын эле көйнөгү нө окшошуп көрүндү . Олуттуу адамдын, кийими да олуттуу болушу керек.



Сиздин пикириңизге кошулам, бирок бул моюн орогуч өтө деле жаш баланыкына окшобойт! Башка саясатчы аялдарга салыштырмалуу Роза айымдын кийинүү стили жакшы деп баалар элем, эгерде байкаган болсоңуз, анын кийимдеринде көбүнчө улуттук орнаменттер байкалат!

Пы.Сы. 7-апрелде каза болгондорду жерге берүүдө Роза Отунбаеванын салт боюнча көк жоолук салынып жүргөнү мага жаккан. Ага салыштырмалуу дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болгондо, Курманбек Бакиев баш болуп, көптөгө н аткаминерлердин калпаксыз жүргөнү көбүнү н эле анын ичинде менин дагы кыжырымды кайнаткан.
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Таллас   19 Май 2010 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Эркек дегенде эле көрүнгө н эркек эмес (ремень менен ар кимди сабаган :tongue: ) ыйманы менен байлыкты таразанын эки жагына коюп, бүгүнкү кылган иши жөнүндө , ал жоопкерчиликтү ү болгон калың калк тагдырына жооп берчү Күн келээрине ишенип башкаруучу эркек болмоюн эркеги болобу аялы болобу баары бир баягы айтылгандай "Кайда барсаң Мамайдын көрү" кайталанат!

Мамлекетти башкарып аткан күчтөр жөнүндө , ал жактагы махинациялар жөнүндө түшүнбө й туруп бир нерсе айтуу да катачылык деп эсептейм.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Arstan   19 Май 2010 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Кимге ишеништи деле билбей калдык го озу,тоону обещать этип туруп эле,эч озгоруу жок.
Ал эми аял башкарат дегенге каршымын.Кыргыздарда эч качан аял уй булоону башкарган эмес,ошондой эле мамлекетти да башкаруусуна каршымын.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   CCCP   19 Май 2010 - 14:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Эми Убактылуу Окмот болтурам десе болтурат да.... Токмогу кучтуу болсо кийиз казык жерге кирет.... Менде бир суроо туулуп жатат, а эмне учун Атамбаев эмес, же Текебаев Отунбаевадан бир жери кемби? Же Сариевдин "духу" жетпейби? Менимче, бул жерде да Атамбаев-Сариев- Текебаев учоонун саясий махинациясы бар... Кырдаал албетте оор... Бу сапар "революцияга" онор эмес каражат жумшалды, албетте жогорку учоонун каражаты.... Эми эмне кылыш керек? Отунбаеваны такка отургузуп, комускодо оз иштерин жасоо керек да.... Бир нерсе болуп кетсе Роза айымга оодара салганга да оной....
Ушундай жол менен укуктук талаага тушкону жатышыптыр, бирок президентти эл шайлаш керек эле го? А эмне учун оздору мурда белгилеп кеткен моонотто президенттик шайлоону откоргондон айнып кетишти?
пысы. Мен колдобойм, тескеринче Роза айымды аяп да кеттим... Командасында жалан "карышкырлар" ... Озу "жем" болуп калбаса экен эми.... Анан тарыхты карасак, Курманжан даткадан башка эл башкарган аял деле жокко эсе экен.... Эми ал кезде шартка жараша ошондой болуп калгандыр,анын устуно Алымбек датканын Кокон хандыгындагы таасири да зор роль ойногон. биз азыр уруучулук коомдо жашап жаткан жокпуз да..... Роза эже менен Курманжан датканын сапаттарын да салыштырып кереги жок, айырмасы асман менен жердей.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Таллас   19 Май 2010 - 14:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Туптуура сөз! Тиги үчөө явно бир нерсе кылып жатат...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   nazirа   19 Май 2010 - 14:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 26 Март 10
  • Соңку аракети: 21 Авг 2012 09:25
  • Жынысы:Аялзаты

Колдойм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   almasbek   19 Май 2010 - 14:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 126
  • Катталган: 29 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 20 Янв 2014 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:бишкек

бизди бийлик талашып алдыга эмес артка жетелеп жатышат бир жарым жыл эмес бир жарым айда эмне кылды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Нурай   19 Май 2010 - 17:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 14 Май 09
  • Соңку аракети: 24 Дек 2019 10:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Башкалары орундарын таштап шайлоого баруу учун жасалган аракет го. Анын устуно Жениш кунун майрамдоодо корунуп калбадыбы, и.о.президента болбосо Кыргызстан коп эл аралык жогорку денгээлдеги жолугушууларда сыртта калып калат экен. Ал эми азыр андай жолугушууларга мурдатан тааныш, аброю, тажрыйбасы бар Отунбаева барганы дурус эле. Озгочо ойду-тоону суйлоп, оозуна алы жетпеген Атамбаевден коро.Ошондой эле бул суроо референдумга коюлат деп жатпайбы. Менимче копчулук колдойт эле болуш керек.
...занятие фигней на работе развивает слух, боковое зрение, реакцию и бдительность в целом...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   temu   19 Май 2010 - 17:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен колдойм, бирок мен ишене бербейм бир жарым жылда коп жумуш аткарарына. Азыркы шартка жараша айласыздан колдойм деп жаткан кербезим.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   URB KG   19 Май 2010 - 17:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 159
  • Катталган: 02 Март 09
  • Соңку аракети: 06 Май 2012 21:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек / Токтогул

Менимче бул чечим аргасыз чечим болду деп ойлойм жана бир тарабынан караганда Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы абалын эске алганда эн туура чечим деп эсептесе болчудай. Себеп дегенде коптогон мамлекеттер жана ошондой эле ООН, ОБСЕ башында турган бир катар Эл аралык уюмдар Кыргызстанда легитимдуу бийлик жок болгондуктан, ким менен суйлошуп, ким менен келишимдерди тузуш керек экендиги аныкталбай бир катар кыйынчылыктарды жаратууда, ошондой эле коптогон олко башчыларынын убактылуу бийлик менен суйлошуулорго баруудан тынчсызданганын эске алып жана Кыргызстандагы акыркы саясый озгоруулорго болгон Роза Исаковнанын салымын эске алып, ошондой эле былтыр куздон бери оппозицияны жетектеп келген (эркек лидерлерди бир четтен камап жатканда, коркпостон оппозиция башына келген) лидер катары, тышкы жана ички саясатта жогорку жоопкерчиликтуу милдеттерди аркалаган, такшалган жетекчи экендигин эске алып мен бул айымдын кандидатурасын колдойм жана башка форумчуларды, элдерди ушул откоол убакта эч кандай арданбастан туруп (Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык деп) 1.5 жыл Отунбаеваны Мамлекет башчы кылып колдоп беруунорго чакырып кетем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   meerimka   19 Май 2010 - 17:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Цитата

Туптуура сөз! Тиги үчөө явно бир нерсе кылып жатат...


ТОЧНО МУТЯТ... :unsure:

А БИРОК, АЯЛ КИШИНИН ОРДУ УЙДО ДЕПТИРСИЗ... МЕН АГА КАРШЫМЫН. МЫНА БИЗДИ БАШКАРГАН ЭРКЕК СООРОЙЛОР БИЗДИ ЭМНЕГЕ ЖЕТКИРДИ :treaten:

БИРОК, ТИЛЕККЕ КАРШЫ, АЗЫРКЫ ТАПТА АЖОЛУККА РОЗА ЭЖЕККЕ КЕЛЕ АЛБАЙТ КО... АТАМДЫН АЙТКАНЫНА ЭЛЕ ТАЯНСАМ, "КЫРГЫЗДЫН БАШЫНА уРГААЧЫ ЧЫККАН ЭМЕС" :cray:
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   temu   19 Май 2010 - 17:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Белгилей кетчу нерсе ушул эжебиздин бир созду айталбай онтой бергени абдан кыжырды келтирет дейсин. Эми конгон адат калабы дегендей айла жок.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   meerimka   19 Май 2010 - 17:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Цитата

Белгилей кетчу нерсе ушул эжебиздин бир созду айталбай онтой бергени абдан кыжырды келтирет дейсин. Эми конгон адат калабы дегендей айла жок.


ЖОК, ЭЖЕ КОБУНЧО ОРУСЧА ОЙЛОНУП КЫРГЫЗЧАГА ООДАРАТ... ОШОНДУКТАН, КЭЭДЕ ПАУЗА КЫЛА БЕРЕТ МЕНИМЧЕ.
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   URB KG   19 Май 2010 - 17:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 159
  • Катталган: 02 Март 09
  • Соңку аракети: 06 Май 2012 21:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек / Токтогул

Цитата

Белгилей кетчу нерсе ушул эжебиздин бир созду айталбай онтой бергени абдан кыжырды келтирет дейсин. Эми конгон адат калабы дегендей айла жок.




Башкысы созу менен тоону томкоргон саясатчылардай болбой, иши менен корсотуп, далилдегени болуусу керек го дейм.
Эгер сага созду катыра суйлоп, бирок ишке келгенде эч нерсе колунан келбегендер керек болсо, эгемендиктин 19 жылы ичинде кордук го, андайларды коп эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   adalsvards   19 Май 2010 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Роза Отунбаевадан башка "татыктуу" жана "ылайыктуу" талапкелердин ичинен эн мыктысы деп ойлойм...

Анткени:

Текебаев - "түбө лүктүү " кандидат жана оппозиционер (кудай билет, азыр дагы башка жээкке секирип кетпесе эле), мыйзам боюнча Кыргызстанда эч кимди алдына чыгарбаса керек, тажрыйбалуу, бирок, эмоцияга алдырып жиберет (Марат Султанов менен болгон мушташы) жана жамандыр-жакшыдыр, калппы, же чынбы Агымдагы сүрөтү кыйла эле кадыр-баркын айрандай төгүп салды...

Атамбаев - мыкты ишкер жана адабиятчы, көптөгө н аялдардын сүймөнчү к саясатчысы (муну көп угам, менин оюмча аны сырткы кебетеси да жакшы роль ойнойт), бирок Текебаевден эмоция боюнча он эсе ашып түшөт, ойлонбой сүйлөп жиберет, анан мунун дагы Ю.Руцкая менен болгон мамилеси саясатчылык популярдуулугун төмөндө ткөн...

Сариев - бизнесмен, жаш саясатчы, арак заводдордун ээси, бирок мен негизи эле бизнесмендик менен байып, акчанын күчү менен бийликке келген кишилерди жаман көрөм. Мына башыбыздан өттү Максим деген бизнесмен, дагы бир аз отурса, Кыргызстанды оптом "койлору" менен сатып жибермек... Курчтугу менен байкалат, бирок анын артында жеке кызыкчылыктары турары шексиз. Бекеринен каржы министрликке келбегендир. ..

Бекназаров - ушул кишини эстесем эле, айылдагы адамдарды эстей берем. Анын адамгерчилигине, же ак көңү лдүгүнө шек келтирген жерим жок, бирок ишинин аягына чыкпаганы жакпайт. Менин оюмча, ал бир облустун губернаторлук кызматынан аша албайт (бул дагы максималдуу!)...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   vais   19 Май 2010 - 19:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

"Убактылуулардын" ичинен бул айым саясат сазына азыраак булганган сыяктанат, андан сырткары эл аралык денгээлдеги дипломатиялык тажрыйбасы бар, орустар айтмакчы, "выбери из двух бед наименьшую" дегендей бешоонун ичинен аны тандап алганга негиз бар. Бирок азыркы тапта кыргызстанга кучтуу бийлик керек болуп турат. Эгер ал И.О Президент болчу болсо, кошумча катары темирдей тартипти камсыз кылып берчу премьер-министр керек, мумкун силовик, мумкун -кучтуу экономист. Анан дагы 1,5 жыл эмес, 1 жыл деле жетет го дейм. Белгисиздикти дагы узагыраакка созуштун эмне кереги бар эле.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 19 Май 2010 - 19:34

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 16:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: