Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#361 Пользователь офлайн   medina.   22 Февраль 2016 - 00:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Орусиянын Екатеринбург
шаарында "Ислам
мамлекети" экстремисттик
тобунун мүчөлөрү деп
шектелип кармалгандардын
бешөө кыргыз жараны
болуп чыкты.
8-февралда кармалгандардын
дагы экөө буга чейин
Кыргызстандан барып, орус
жарандыгын алган.
Орусиянын Федералдык
коопсуздук кызматы
айыпталуучуларды тинтүү
учурунда үй шартында колго
жасалган жардыргыч заттар
табылганын маалымдаган.
Колго түшкөндөргө
Екатеринбург менен Санкт-
Петербургда террордук
чабуул уюштурууну
пландаган деген айып
тагылууда. Кыргызстандык
жарандардын бир туугандары
алар кур жалаага кабылып,
абакта жатканына нааразы.
Зарина аттуу кыргызстандык
келин камакка алынгандар
арасында бир тууган агасы,
күйөөсү жана кайнагасы
барын айтат. Алар
Кыргызстандын Ош
облусундагы Өзгөн шаарынан
келишкен. Заринанын
күйөөсү - 31 жаштагы кыргыз
жараны А. Камилжанды
Федералдык коопсуздук
кызматкерлери батирден
кармап кетишкен.
- 7-февралда саат алтыларда
үйгө келишти. Мени балдар
менен ашканага камап,
күйөөмдү башка бөлмөгө
алып кетишти. Бөлмөнүн
жарыгын өчүрүп коюшкан.
Алардын үндөрүн эле угуп
турдум. Күйөөмдүн
документтерин сураганда,
мен алып берейин десем,
“жок, өзүбүз эле алабыз” деп
кийимдерин тинте
башташты. Документтер
жайында болчу. Анан бир
кезде “мына сенин
курткаңдын чөнтөгү, бул
ошондон чыкты” деп бир
нерсе таап алышкандай
болушту. Өздөрүнчө граната
деп атап калышты. 15-20
мүнөттөн кийин
тергөөчүлөр келип, кагаз
толтуруп, күйөөмдү алып
кетишти.
Бул үй-бүлө эки жылдан бери
Екатеринбургда чакан
ашкана иштетип, төрт
баласы менен бир бөлмөлүү
батирде жашап келген.
Келиндин айтымында,
күйөөсү балдарын Орусияда
окутуп, биротоло
отурукташууну каалачу.
Келин азыр батирден
федералдар тапкан
жардыруучу граната менен
жаздыктагы пистолет кайдан
чыкканын билбей айран таң
болуп отурат.
Абдухалил Жумаев 30
жаштагы уулунун
камалганын укканда эле
Кыргызстандан дароо учуп
келген. Диний билим алууну
эңсеген баласы эки жыл
мурун Мекеге умрага
барганын, кийин Сауд Арабия
менен Түркияда жашаганын
айтты:
- Балам намаз окуйт. Мекеге
да барган. Экстремисттик
уюмдарга кошулган эмес.
Эжелери Челябинскиде,
апасы аны ошол жакка
иштегенге жиберген. Кийин
Свердловск облусуна келип,
унаа алып-сатып, таксист
болуп иштечү. Келинчеги
төрөп, төрт баласы менен
биздин колубузда... Баламды
уктап атканда, полиция
келип кармаптыр. Видеодон
баары көрүнүп турат.
Биринчи киргенде бардыгын
тинтип, эч нерсе таппай
коюшкан. Анан “у него
чисто, ошиблись адресом”
деп бир жакка телефон
чалышкан. Жарым сааттан
кийин баштарына кап
кийгизип жаткырып коюп,
15-20 мүнөттөн кийин
ваннанын түбүнөн бир
нерселерди алып чыгып
көрсөтүшкөн. ..
Өзгөндөн келген Салимахан
Каримованын уулу Равшан
ошол түнү башка бир
батирден кармалган. Эне
уулунун камкор экенин,
полициянын айыбына
ишенбесин айтты:
- Уулум Оштогу медициналык
окуу жайын аяктаган.
Кыргызстанда иш жок, бул
жакка келген. 2011-жылы
орус жарандыгын да алган.
Аялы, балдары менен
жашайт. Жумуштан
кыскарып калып, акыркы
убакта жумуш издеп
жүргөн.
Учурда камакка
алынгандарга карата
Орусиянын Кылмыш
кодексинин террордук акт
уюштуруу (205-берене),
курал-жарактарды
мыйзамсыз жүгүртүү (222-
берене) жана жардыргыч
заттарды мыйзамсыз сактоо
(222-берененин 1-бөлүгү)
беренелери боюнча кылмыш
иши козголууда.
Орусиядагы мигранттар
Укук коргоочу Бахром
Хамроев болсо бейкүнөө
эмгек мигранттарына негизиз
оор кылмыш козголууда
деген ойдо.
- Террордук чабуул кылайын
деген адам граната менен
пистолетти чөнтөгүнө
салып жүрөбү?! Жети
жарандын бири дагы бүгүнкү
күнгө чейин айыпты моюнга
алган жок. Манжанын изин
түшүрүү үчүн колдоруна
граната, пистолеттерди
карматканын айтышууда.
Эми мыйзам чегинде из
түшүп калгандан кийин,
курал-жарак менен
жардыргыч заттарды
мыйзамсыз сактоо боюнча
айыптарды кылмыш ишинен
алууга болбойт. Бирок
террордук акт уюштуруу
боюнча 205-беренени
алдырууга аракет кылуу
керек. Анткени, бул топ
мындай террордук чабуул
уюштуруп жаткан дегенге эч
кандай негиздүү далил жок.
Адвокат Галина Шинарева
жети адамга бирдей жалган
иш козголууда деп айтууга
эрте экенин билдирди.
"Тергөө иштери гана алардын
күнөөлүү же күнөөсүз экенин
аныктайт" , - дейт ал.
- Тергөө иштери жаңыдан
башталды. Эми бул иш
канчага созулары белгисиз.
Мен 34 жаштагы
кыргызстандык А. Казимжан
аттуу жарандын
адвокатымын. Ал эч бир
айып боюнча күнөөсүн
моюнга алган жок. Аны
камакка алганда жанында
болгон аялы менен бир
туугандарынын
көрсөтмөлөрү бири-бирине
дал келүүдө. Менин жеке
оюм боюнча анын
экстремисттик кылмыш
ишине эч кандай тиешеси
жок, ал негизсиз кармалган.
Федералдык коопсуздук
кызматы операция учурунда
эки граната, эки пистолет, үч
электродетонатор жана
башка жардыруучу заттар
табылганын маалымдайт.
Тергөөчүлөрдүн айтымында,
өзгөндүк жердештер
террордук чабуулду алардын
бири иштеткен “Султан”
аттуу кафеде тымызын
пландап жүрүшкөн.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   medina.   27 Февраль 2016 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргызстандагы таанымал
жаш ырчылардын дээрлик
басымдуу бөлүгү намазга
жыгылат. Алардын
арасынан ислам дини
музыкага каршы экенин
айтып, сахнаны таштап
кеткендер да бар.
Серепчилер мындай көрүнүш
ырчылардын романтикалык
курактагы убактылуу учуру
экенин айтса, айрымдары
ислам жайылтуучулар
таанымал инсандарды
өздөрүнө тартуу менен
дааваттын жаңы ыкмасын
колдонуп жатат дешет.
Обончу, ырчы Майрамбек
Осмонов - шариятка ылайык
жашоого өткөн алгачкы
ырчылардан. Ал бир убакта
ырчылыгынын айынан диний
жамааттын талкуусуна
кантип түшкөнүн эскерди:
- Алты-жети жыл мурун
мени 20-30дай бала мечитке
алып кирип ортого салып
талкуулашты. Сулуучумак
бала имамдан “Бул
Майрамбек Осмонов деген
динге келген ырчы. Биз ага
өнөрүңдү ташта десек укпай
жүрөт. Сиз эмне дейсиз?”
деди. Ошондо имам кыраакы
киши экен: “Бүгүн Майрамбек
ырчылыгын, тамадалыгын
таштабай жаткан болсо бир
күнү аркасынан жаштар
өсүп чыгып мезгил, шарт өзү
таштатат. Албетте, анын
аркасында Кудайдын өкүмү
бар. Ушунчалык намаз окуп
калганына шүгүр кылгыла,
балдар" деди.
Майрамбек Осмонов азыр
сахнада ырдайт, тамадалык
кылат. Ал өзүн ошол
тамадалык ишинин арты
менен той-топурда элди
динге үгүттөп, ыйманга
чакырып, ислам үчүн кызмат
кылып жүрөм деп эсептейт.
Азыр эми беш убак намазын
да окуп, ырын да ырдап
жүргөндөрдүн катарын Омар,
Арсен, Мирбек өңдүү
сүймөнчүктүү далай жаш
ырчылар толуктады.
Шоу-бизнес өкүлдөрү менен
кызматташып жүргөн
журналист Кудрет
Тайчабаров мындай
көрүнүштү ырастады:
- Тынчтыкбек Кожобеков:
“Журналистер ырчылардан
намаз окуйсузбу деп сурай
берип азыр алардын токсон
пайызы намаз окуп калды”, -
деп айтты эле. Мисалы, азыр
Омар, Арсен, Мирбектен
баштап бардык ырчылар
намазга жыгылышат.
Болгондо да беш маал.
Мирбек Атабеков түндө
туруп алып тахаджуд
намазын да окуйт экен.
Шарият жолуна биротоло
түшүп, ырдабай калгандар да
бар. Мындан он жыл мурда
шоу-бизнестен кеткен
Мухтар Атаналиевдин
жолуна кийинчерээк Асел
Кыдыкова, Мирлан Ниязов,
Ынак Осмоналиев сыяктуу
сахна жылдыздары да түштү.
Куудул Абды
Кадырматовдун айтымында:
- Өнөрүн таштап кеткендер
көп эле. Мисалы, Бекчоро.
Мыкты ырлары бар эле.
Чынында жакшы ырдачу.
Өткөндө жолуктум,
ырчылыкты такыр эле
таштап койгонун айтты.
Азыр адал оокат кылайын
деп дыйканчылык менен
алектенип жатыптыр.
Мирбек Атабеков
Бекчоро мусулманчылыкта
ырдап-чордоого болбой
турганын айтып, бул жаатта
“Азаттыкка” пикир айтуудан
баш тартты. Бекчородон
айырмаланып, Мирбек
Атабеков ырдаганды толгон-
токой күнөөлөрдүн эң
жеңили деп эсептеп, анын
үстүнө өнөрүн таштагысы
келбей жүрөт. Ал эми беш
убак намазга жыгылуу
себебин минтип түшүндүрдү:
- Биринчиден, менин чоң
апам, чоң аталарым,
атамдын бир туугандары
баары намаз окушчу. Чоң
апам өзү бүбү киши болчу.
Ошол себептен уламбы
биздин тукумдун
кыргызчылыгы бар. Мага кээ
бир учурларда ар кандай
түштөр кирет, аяндар
берилет. Мен кээде анча-
мынча тентектик кылсам
“туура эмес кылып
жатасың” деген эскертүүлөр
келет. Ошондуктан мен
намаз окууну жан дүйнөм
аркылуу сүйүп кабыл алганга
мажбур болдум.
Анткен менен Мирбек
Атабековдун репертуарында
ата-эне, жубай, мекен
тууралуу ырлардан тышкары
кудайды даңазалаган, динге
чакырган ырлар да бар.
Мындай ырларды шариятка
баш ийдик деген
ырчылардын ар биринен укса
болот.
Өзбек ажы Чотоновдун
айтымына караганда, динди
жайылтуу максатын
көздөгөн эркек ырчыларга
шариятта тыюу жок:
- Эгерде Кудайды мактап
ырдаса уруксат. Анткени
пайгамбарыбыз акындар
бутага түз атат деген.
Илгери пайгамбарыбыздын
убагында деле акындар
болгон. Атургай акындар
тууралуу бир сүрөө бар.
Эгерде Кудайды, исламды,
пайгамбарды, ибадатты
мактап ырдаса ага уруксат.
Рух таануу багытында
жазылган “Жашыл китептин”
автору Абды Сариев “эгер
Кудайды мактасаң ырдай бер,
мактабасаң ырдаба”- деген
өтө эле караңгы түшүнүк
экенин айтып, жалпы эле
чыгармачыл инсандардын
жана жаштардын жан
дүйнөсү дайыма кандайдыр
бир жаңыланууну издеп
турары кадыресе көрүнүш
экенин, диний миссионерлер
эзелтен мындай
психологиялык шартты өз
учурунда пайдаланып
келгенин кошумчалады:
Жоолук салынган кыздардын
мода көргөзмөсү. 23-декабрь,
2014-жыл
- Жаштардын, айрыкча
чыгармачыл, искусство жана
маданият тармагында
иштеген кийинки муундун
ислам динине баш-оту менен
кирип кетип, айрымдарынын
өз өнөрүн таштап
кеткенинин негизги себеби:
жаштар, анын ичинде
чыгармачыл адамдар
кандайдыр бир романтикага,
жаңылыкка умтулганга
аракет кылышат. Ошол эле
учурда Ислам
миссионерлеринин
өздөрүнүнүн өтө мыкты
иштелген ыкмалары бар. Ал
- жаштар ичинде
турмуштун ак-карасын
ылгай элек, динди жакшы
окубаган, диндин келип чыгуу
тарыхын жакшы билбеген
жаштарга, айрыкча
ырчыларга, өкмөттүк
кызматкерлерге кайрылып,
анан акырындап өздөрүнө
тарта башташат.
Сариев ар бир адам дин тутуу
эркиндигине ээ экенин, бирок
көпчүлүк адамдар Кудайды
таануу маселесинде аны
тааныгандын ордуна динди
таанып, анын шарттарына
өзгөчө маани берип
ийишерин айтты.
Акын жана журналист
Жыргалбек Касаболотов
таанымал адамдар эл
алдында өздөрүн такыба
көрсөтөт элек деп, диний
ишенимдерге да, маданиятка
да жеңил баа мамилени
калыптап жатышат деп
эсептейт:
- Азыр ар кандай чайкоочу
пикирлерди күчтөндүрө берип
динчилдер деле, саясатчылар
деле Кудайды оюнчук кылып
алды. Бул, албетте, туура
эмес. Ар бир нерсенин өз орду
болот. Анын айтылбай
турган жери бар, айтыла
турган жери бар. Өзүнүн
деңгээлинде ачылса бир жөн.
Көпчүлүк учурда жөн гана
мода үчүн ырдап
жүрүшкөндөй болуп калды.
Адистердин айтымында,
ислам динин туткан адамдар
арасында беш убак намаз
окууга моюн сунган
ырчылардын
чыгармачылыкка мамилеси
бардык жерде бирдей.
Ырчылар сахнаны таптакыр
таштайт же диний ырларды
ырдаганга өтүшөт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   medina.   27 Февраль 2016 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кремлдин колдоосуна ээ
болуп келген Чеченстандын
президенти Рамзан Кадыров
кызматтан кетүүгө даяр
экенин билдирди. Ал НТВ
телеканалына маек берип,
“менин убактым өттү” деп
айтты. Ошондой эле
командада мураскор болчу
мыкты адистер жетиштүү
экенин кошумчалады.
Кадыровдун интервьюсу
оппозициячыл саясатчы
Борис Немцов өлтүрүлгөн
күнгө туш келүүдө.
Айрымдар аны Немцовдун
өлүмүнө катышы бар болушу
мүмкүн деп айыптап
келишет.
Немцовдун өлүмүнө шектүү
деп Заур Дадаев жана дагы
төрт адам кармалган. Расмий
тергөө органдарынын оюнча,
Заур Дадаев оппозиционерди
өлтүргөн, ал эми Анзор
Губашев, Хамзат Бахаев,
Шадид Губашев жана
Тамерлан Эскерхановдор ага
кол кабыш кылган.
40 жаштагы Рамзан Кадыров
президент Путиндин жакын
союздашы болуп эсептелет.
Ал 2005-2007-жылдары
өкмөттү жетектеп, кийин
Владимир Путиндин сунушу
менен Чечен парламенти
тарабынан президент болуп
шайланган. (
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   medina.   04 Март 2016 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

“Кыргыз чоролору” коомдук
бирикмеси Ысык-Көлдөгү
электр энергиясы үчүн акы
төлөбөй жүргөн
пансионаттардан карызды
өндүрүп берүүгө
көмөктөшөрүн айтып
чыкты жана мындай
демилге коомдо талкуу
жаратты.
"Кыргыз чоролору"
Кыргызстанда иштеген кытай
жарандарын, оюн-зоок
жайларды уруксатсыз
текшерип-тескегени,
сексуалдык азчылыктарга
карата мамилеси менен аты
чыгып жүргөн эле.
“Кыргыз чоролору” карыз
өндүрүүгө көмөктөшө аларын
айтып “Чыгышэлектрге” кат
жолдоду. Коомдук
бирикменин жетекчиси
Замир Көчөрбаевдин
ырасташынча, алар коомдук
байкоочу катары рейддерге
катышкысы келет:
- Негизи демилге өзүбүздүкү.
Эмнеге карапайым элге рейд
жүргүзүп, төлөбөгөндөргө
чара көрүп, ал эми ушундай
карызы чоң эс алуу жайларга
чаралар көрүлбөйт деп
демилге көтөрүп чыктык.
“Чыгышэлектр” ишканасына
кат жөнөтүлдү. Аларга
карызды өндүрүү боюнча буга
чейин кандай чаралар
көрүлдү, эмне себептен алар
төлөбөй жатат, электр
энергиясынын акысын
төлөбөгөн канча эс алуу
жайы бар деген суроолорду
бердик. Азырынча жооп ала
элекпиз. Эгер ошол
пансионаттардын артында
кайсы бир аткаминер турса,
аларга карата чара колдоно
албай жатсаңар анда чогуу
иш кылалы деп айттык. Эгер
алар макул болсо, чогуу
жасай турган иштердин
планын түзүп, карызды
төлөбөй жаткан
ишканаларга баралы, биз
коомдук байкоочу катары
катышалы деп жатабыз.
Буга чейин “Кыргыз
чоролору” электр энергиясы
үчүн карызы бар
пансионаттарга 1-апрелге
чейин убакыт чектегени,
болбосо аласаны 40тай адам
топтолуп барып күч менен
алганы жатканы тууралуу
маалымат чыккан эле.
“Чыгышэлектр” ачык
акционердик коому карыз
өндүрүүдө четтен кимдир
бирөөлөрдүн жардамына
муктаж эместигин айтып
чыкты. Ишкананын
маалымат катчысы Гүлмира
Тониеванын билдиришинче,
пансионаттар жалпысынан
34 миллиондой сом карыз,
айрымдарынын иши сотто
каралып жатат:
- Бизге “Кыргыз чоролорунан”
эч кандай кат келген жок.
Алардын карыздарды
өндүргөнгө жардам беребиз
дегенин маалымат
каражаттарынан билдик.
Экинчиден, биз мыйзамдын
чегинде иштейбиз. Негизи
карызын төлөбөгөн
пансионаттардын баары эле
өчүрүлгөн. Иши сотто
каралып жаткандардыкын
эле сот чечими чыкканча
күтүп жатабыз. Соттун
чечими чыкса ошого жараша
иш кылабыз. Жардамга
муктаж эмеспиз, анан күч
колдонуу деген мыйзамга
каршы келет. Эгер рейддерде
жөн гана коомдук байкоочу
катары катышабыз десе,
анда биздин жетекчилик
макул болсо керек.
“Кыргыз чоролорунун” соңку
демилгеси коомдо талкуу
жаратты. Коомдук ишмер
Жыпар Жекшеевдин
баамында, мамлекет
мыйзамсыз иш-аракеттерге
жол бербеши керек, болбосо
мамлекеттүүлүккө доо кетет:
- Менимче бул баары бир
жакшы эмес. Жарандык
сектор менен мыйзамдын
чегинде кызматташуу
жакшы да. Элдин
активдүүлүгүн,
патриоттуулугун туура
колдонсо болот. Бирок баары
мыйзамдын чегинде болушу
керек. Кайсы бир коомдук
уюм кайсы бир жерге барып
алып “биз бул маселени
минтип чечип коёбуз, антип
чечип коёбуз” деп
жанагындай иштерге барып
жатса, мунун арты жакшы
болбойт. Муну кайсы бир
деңгээлде
мамлекеттүүлүккө шек
келтирүү деп эсептейм.
Тиешелүү мамлекеттик
мекеме-уюмдар бар. Ошолор
өз ишин өздөрү кылсын да.
Өздөрүн мекенчил деп
эсептеген, Манастын эн
тамгасы бастырылган
калпак, кийим кийген
"Кыргыз чоролору"
бирикмесинин аты
мыйзамсыз иштеп жүрөт
деген чет элдиктерди өлкөдөн
чыгаруу аракети менен
таанылган. Буга чейин
алардын ар кандай
заводдордо иштеген, жол
курган кытай жарандарын
текшерүүгө алганы, оюн-зоок
жайларын, сексуалдык
азчылыктардын өкүлдөрүн
тескегени белгилүү. Алардын
мындай аракеттери “өзүм
билемдик” катары бааланып
сынга кабылган эле.
“Кыргыз чоролору” убагында
күч органдары өз ара
меморандум түзгөнүн, анын
негизинде текшерүү иштерин
жүргүзүүгө, ар кандай
рейддерди өткөрүүгө
укуктары бар экенин
жарыялаган. Жантөрө
Сатыбалдиев премьер-
министр болуп турганда
өкмөттүн чечими менен
аларга Бишкектин чок
ортосунан кеңсе да берилген.
Мындан улам бийлик аларды
калкалап, керек учурда өз
кызыкчылыгына пайдаланат
деген сөздөргө жем таштаган.
Азыр эми “Кыргыз чоролору”
саясатка аттанганы жатат.
Коомдук бирикменин
жетекчиси Замир Көчөрбаев
ушул айдын ортосунда алгач
Таласта, андан кийин башка
региондордо курултай
өтөөрүн, анда башкаруу
системасы боюнча, тактап
айтканда облус
губернаторлорун эл
шайласын, облус-райондор
жоюп, анын ордуна 15 аймак
түзүлсүн деген өңдүү
сунуштары ортого
салынарын "Азаттыкка"
айтып берди.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   medina.   18 Март 2016 - 19:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Президенттин коңшусу
кандай жашары баарына
эле кызык болсо керек.
Болгондо да дүйнөдөгү эң
таасирдүү президенттердин
бири орус өлкө башчысы
Путиндин.
Москванын жээгиндеги
Барвиха айылында президент
Владимир Путинден башка
жогорку чиндеги
аткаминерлер, шоу-бизнес
жылдыздарынын
хансарайлары бар. Бирок
атканада жашаган
карапайым пенсионерлер
президенттин эң жакын
кошуналары. Аткана
болгондо да өткөн кылымда
19-кылымда курулган. 80-
жылдардан бери мында
жашаган пенсионер Тамара
Снегирева датын айтты:
- Падышанын мурдагы
атканасы болгон экен бул үй.
Өткөн кылымдын 54-жылы
экинчи кабатын кошушкан.
Коммуналка. 2002-жылы
көчүрөбүз деп, ким кайда
барарын айтып анкета
толтурганбыз. Анан эч
кайда көчпөй-этпей эле
Путиндин дубалынын
түбүндө жашап жатабыз.
Кантип эле биздин
жашообузду эч ким көрбөй
калсын?
Үй сыртында кермеде
жайылган кирлер, арыда
башталгыч класстар окуган
эки кабат мектеп, анын
жанында азык-түлүк саткан
чакан күркө, андан алыс
эмес жерде чалдыбары
чыгып, таштандыга ыргыган
бир нече машине жана эмне
экени түшүнүксүз эски
жыгач курулмалар. Бул
жолдун берки өйүзү.
Аркы өйүздү бойлой беш
метрлик, ондогон камералар
орнотулган бийик дубал.
Анын ары жагы резиденция
же Путиндин кызматтык
хансарайы.
- Биздин үйдү оңдоп бербей
жатышат. Убада эле
беришет, аткарылбайт.
Кошуналардын бири тигил
жакта - Путинге жазган
болчу. Ал жактан бизде
капиталдык ремонт болгон
деген жооп келди. Бирок эч
нерсе болгон эмес.
Шайлоонун алдында эле
башка жакка көчүрөбүз деп
кулакка кесме иле беришет,-
деди Тамара Снегирева
ашканада теңтуш кемпирлер
менен отурган кезде.
Ашкана демекчи, кенедей
бөлмөдө төрт үй-бүлөнүн
тамагы жасалат. Даараткана,
жуунучу жайлары да бир.
Полго жыгач тактайлар
төшөлгөн. Шып менен дубал
ышка көөлөнгөн. Нымдын
жыты да каңылжаарды
жарат.
- Түр кагаз жабышпай, тез-
тез сыйрыла берет.
Нымдуулуктун айынан да,-
деп анан ашканага
тыгылгандар үй
кереметтерин бирден санай
башташат. Жазында нымдан
дубал көгөрсө, күзүндө бүргө
күчөйт. Үйдүн үстүн жаап,
коммуналдык түтүктөрдү
алмаштырганга сегиз
миллиондой рубль бөлүнгөн.
Түтүктөр алмашылбаптыр,
үстүрт жабылган үйдүн
чатырынан дале суу өтөт
экен.
Сөз акырын саясатка оойт,
дүйнөдө болуп аткан
теракттар, андагы Путиндин
ролу. Анан ага боор ооруй
баштайт:
- Путинди деле аяйм. Иши
көп да анын. Аракет кылып
жатпайбы. Ал эми бизди
көрбөйт да, иши көп. Ага
кагазды, отчетту берип
кутулушту да. Ал биздин
атабыз. Жаныбызда
жашайт. Бирок бул жардам
бербейт.
Резиденциянын башкы
дарбазасы мындан бир
чакырымдай алыста,
Калчугада. Бул жактагы
дарбазасынан кыязы падыша
сарайынын кызматкерлери
кирип чыгышат окшойт.
- Интервью бергенибиз үчүн
түрмөгө отургузбайбы, ыя?
Бирок мага баары бир. Ал
жактан тамак беришет да, -
дейт ал ортодо сталиндик
куугунтуктун четин көргөн,
советтик тыюу кан-жанына
сиңип, ачарчылык башынан
өткөн башка бир байбиче
тамаша-чыны аралаш.
Президент Путиндин бир
ыптасында бир үйдө
жашаган жыйырма чакты
үй-бүлөнүн турмушу мына
ушундай.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   medina.   04 Апрель 2016 - 16:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Учак менен атаандашкан
“ок-поезд”. Абадан сууну
соруп алчу мунара. Мас
айдоочуга от албачу
автомобиль. Эске тутууну
жакшыртуунун
эффективдүү ыкмасы.
Абадан сууну соруп алчу
мунара
Warka1 мунарасы абадан
таза сууну бөлүп алат. Андай
мунараны алты киши төрт
күндө тургузуп коёт. Бир
мунаранын модулунун
салмагы 90 килограмм
болгондуктан ташыганга
ыңгайлуу. Ал кыргыздын боз
үйү сыяктуу ууктардан
куралып, модулга абадан,
жамгырдан, булут менен
шүүдүрүмдөн нымды өзүнө
тартып алчу кездеме
капталат. Анын конус
формасындагы негизи
модулду бекем кармап турат.
Warka мунарасы 1 күндө 95
литр, бир жылда 34542 литр
таза суу чогултат. Абадан
суу сорчу мунараны
италиялык дизайнер Артуро
Виттори (Arturo Vittory)
Architecturo & Vision
студиосу менен бирге
жасаган.
Эфиопиянын элинин 34%
гана таза суу ичүү
мүмкүнчүлүгү бар. Өлкө
калкы 101,2 миллион.
Ошондуктан Warka сууга
муктаж эфиопиялыктар
сатып алгандай арзан жана
жаратылышка зыянсыз.
Сыйкырдуу мунарага 18-
мартта Тайванда аяктаган эл
аралык конкурста World
Design Impact сыйылыгы
ыйгарылды (Булагы
Mymodernmet жана
Warkawater).
Учак менен жарышкан
Shinkansen
Кыргызчага которгондо “Ок-
поезд” деп аталган алдагы
поезд Токиодон түндүктөгү
Хоккайдо аралындагы
Хакодате порт-шаарына
каттай баштады. Ал 260 км/
саат ылдамдык менен жүрүп,
825 километр аралыкка 4
сааттан бир аз көбүрөөк
убакта жетет.
27-мартта алгачкы каттамга
731 билет 40 секундада
сатылып бүткөн. Ок-поезд
менен Токиодон Хакодатеге
билеттин баасы классына
жараша 201 доллардан 340
долларга чейин турса, учак
билеттин баасы 242
доллардан 377 долларга
чейин. Аэропортко барууну,
билетти каттатып,
коопсуздук текшерүүсүнөн
өтүүнү, шаарга жетүүнү
кошо эсептегенде, Токиодон
Хакодатеге учак менен жолго
чыккан адам поезд менен
барган жүргүнчүгө
салыштырганда 40 мүнөт
гана утат.
Shinkansen же "ок-поезд"
Токио темир жол
вокзалында.
Токиону Хоккайдо
провинциясынын байтакты
Саппоро менен туташтырган
“ок- поезд” жүрчү темир жол
2030-жылы бүтөт. Жолду
курууда убакыттын көбү
тоолорду тешкенге кетет.
(Булагы: Forbes.com)
Мас айдоочуга от албас
автомобиль
Жапондордун Honda жана
Hitachi компаниялары
алкоголдун жытын сезчү
жана айдоочу канча арак
ичкенин билген ачкыч
жасашты. Детектор-ачкыч
адам дем алганда бөлгөн
бууну 3 секундада чогултуп,
анын курамындагы
алкоголду аныктап коёт. Эгер
айдоочу нормадан көп ичип
алса, машинени от
алдырбайт. Ал айдоочунун
канындагы алкоголдун
деңгээлин автомобилдин
ичиндеги дисплейден да
көрсөтөт. Акылдуу ачкыч
АКШнын Детройт шаарында
12-апрелде ачылчу эл
аралык көргөзмөдө (SAE 2016
World Congress and
Exhibition) кардарларга
көрсөтүлөт.
Honda & Hitachi
компаниялары чогуу жасаган
акылдуу ачкыч.
Кентуки университетинин
илимпоздору былтыр
сентябрда жарыялаган
изилдөөгө караганда, уруксат
берилген өлчөмдөн ашыкча
арак ичип алган айдоочулар
рулда баратып SMS окуганда
же жолду көзөмөлдөгөндө
ичпеген адамдай көңүлүн бир
жерге 100% топтой албай
калат. Алар эксперимент
маалында жолдогу атайын
сызыктарга көп чыгып
кетишкен. (Булагы:
Dailymail.co.uk)
Эске тутууну жакшыртуунун
жаңы ыкмасы
Эпизоддук эске тутууну2
жакшыртуу үчүн күтүүсүз
элементтерди пайдаланып,
машыгуу мурдатан тааныш
заттарды колдонгонго
салыштырганда алда канча
натыйжалуу экенин
Далластагы Техас
университетинин
окумуштуулары аныкташты.
Бул эске тутуу өз
башыбыздан өткөн
нерселерди эстеп айтып
берген учурда абдан
маанилүү.
Аталган университеттин
доценти Чандрамалика Базак
(Chandramalika Basak) өз
жардамчысы менен 60-85
жаш курагындагы 46 адамды
эпизоддук эс-тутумун
жакшыртууга
машыктырганга чейин,
машыгуу аяктар замат жана
машыгуу бүткөндөн бир
жарым айдан кийин
текшеришкен. Алар кадимки
жол менен жана күтүүсүз
элементтер кошуп машыккан
эки топко бөлүнгөн. 1-
топтогулар бир ыраат
боюнча, 2-топтогулар
күтүүсүз элементтер
көрсөтүлүп, өткөн
өмүрүндөгү маанилүү
учурларды эсте тутканды
үйрөнүшкөн. Машыгууга
чейин эки топтогулар тең
өмүр баянын бирдей көркөм
айтып беришкен. Бирок 1-
топтогулар бир жарым айдан
кийин мурда айткан
элементтеринин көбүн
унутуп калышкан.
“Окуя күтүүсүз элементтер
менен коштолуп жатканда,
адам айтып жаткан
нерсесине демейдегиден көп
көңүл бурат. Биздин изилдөө
көрсөткөндөй, эс-тутумду
машыктыруунун күтүлбөгөн
стратегиясы колдонулганда
эпизоддук эске тутуу
жакшырат”, - дейт доктор
Басак (Булагы: scifeeds.com)
******* ********* ******
1 Warka- бул эфиопиялыктар
тегерегине жакшылык-
жамандыкта чогулчу анжир
дарагы
2 Эпизоддук эске тутуу - бул
адамдын жеке өзүнө
байланыштуу окуялар
(туулган күн, мектепти
бүтүү, биринчи жолу циркке
баруу жана башка ушу өңдүү
эстен чыккыс окуялар) менен
байланышкан эс тутум.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   medina.   11 Апрель 2016 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Темир Сариев өкмөттүн
жыйынында премьер-
министрликтен кеткенин
жарыялады. Ал арада
президенттик аппараттын
жетекчисинин биринчи орун
басары Сооронбай
Жээнбековдун талапкерлиги
өкмөт башчылыкка
каралып жатканы
айтылууда.
Премьер-министр Темир
Сариев баштаган кыргыз
өкмөтү саат үчтө кезексиз
жыйынга чогулду. Анда
Сариев соңку күндөрү анын
ишине байланыштуу
айтылып жаткан дооматтар
боюнча атайын билдирүү
менен чыкты.
Темир Сариев алгач өкмөттүн
буга чейинки аткарган
иштерине токтолуп, “өкмөт
бир катар саясый
чечимдерди кабыл алды,
жоопкерчиликтен качкан
жок. Мисалы, Өзбекстанга
таандык төрт пансионатты
өз колубузга алдык, Орусия
менен ГЭСтерди куруу
келишимин денонсациялоого
бардык” – деди.
Тендер чырына эч кандай
тиешем жок деген Сариев,
айрым депутаттар саясый
жана материалдык
кызыкчылыктын айынан жөн
жерден чуу көтөргөнүн
белгиледи. Өкмөт башчы
ошондой эле транспорт жана
байланыш министри
Аргынбек Малабаев жол
чырынан улам ишенимден
чыкканын кошумчалады.
- Мен кызмат ордумду
амбициясы жок эле иштин
кызыкчылыгы үчүн
тапшырып берүүгө даярмын.
Бирок актыгымды, элим үчүн
ак ниет кызмат кылганымды
далилдөө үчүн аягына чейин
күрөшөм. Мен буга чейин
жана мындан кийин дагы эч
кандай саясий оюндарга
аралашпайм. Адам катары,
мамлекеттик ишмер катары
өзүмдүн атымды жана
кадыр-баркымды таза
сактап, принциптен
тайбайм. Ошондуктан
айтылган ар биз сөз боюнча
объективдүү иликтөөнүн
жүрүшүн талап кылам -
деген Сариев премьер-
министрликтен кетип
жатканын жарыялады.
Кызматтан кетүү тууралуу
арызын президент Алмазбек
Атамбаевге жазганын айтып:
- Биздин өкмөт иштеп
жатканда Жогорку Кеңеш
эки жолу ишибизди
канааттандыраарлык деп
баалады. Мен президенттин
колдоосун сезип келдим. Биз
бардык мамлекеттик
органдар менен бирге
иштеше алдык, - деп
билдирди.
Темир Сариев премьер-
министрлик кызматка 2015-
жылдын 30-апрелинде
келген.
9-апрелде Бишкек – “Манас”
аэропорту жана Балыкчы –
Корумду унаа жолдорунун
курулушу боюнча Жогорку
Кеңеште түзүлгөн
депутаттык комиссия жабык
жыйынында Темир Сариевди
кызматтан алыш керек деген
чечим кабыл алган.
Ал эми Сариев өзү бул
тыянакты негизсиз жана
калыс эмес деп баалаган.
Ал арада президенттик
аппараттын жетекчисинин
биринчи орун басары
Сооронбай Жээнбековдун
талапкерлиги өкмөт
башчылыкка каралууда.
“Азаттыкка” өз булактары
кабарлагандай, премьер-
министр Темир Сариевдин
ордуна президенттик
аппараттын жетекчисинин
биринчи орун басары, Ош
облусунун мурдагы
губернатору Сооронбай
Жээнбековдун талапкерлиги
каралып жатат.
Сооронбай Жээнбеков менен
Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков бир
тууган ага-ини, кызматтык
этикага ылайык парламент
спикери өз ордун өткөрүп
берери айтылууда. Мындан
улам парламент
төрагалыгына КСДП
фракциясынын лидери
Чыныбай Турсунбековдун
жана ушул эле фракциянын
депутаты, мурдагы Бишкек
мэри Иса Өмүркуловдун
талапкерилиги талкууланып
жатканын өз булактарыбыз
кабарлайт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   SHAHDAR   19 Апрель 2016 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 30 Июнь 15
  • Соңку аракети: 24 Фев 2025 16:29

Ооо эл журт!
job.кг деген сайт 3 000 000 долларга сатылды деген имиштер журот, ушул чын бекен.
Коп ишене албай жатам, может рубль чыгаар???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   Kanat.kg   28 Апрель 2016 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Просмотр сообщения Medina.. (27 Апрель 2016 - 19:32) жазган:

30-апрелден 4-майга чейин
Кыргызстанда аба ырайы
кескин өзгөрүлүп турат.
Мезгил-мезгили менен жаан
жаап, бийик тоолуу
райондорго кар түшөт.
Мындай туруксуз аба ырайы
айыл чарба жумуштарын,
автоунаа, энергетика жана
коммуналдык кызматтардын
ишин жана жайыттарда
малды кармоону
кыйындатат.
28-апрелде Кыргызстанда
жаан жаап, күн күркүрөйт,
бийик тоолуу райондордо кар
жаашы ыктымал. Батыштан
соккон шамалдын
ылдамдыгы секундуна 4-9
метрден, 15-20 метрге чейин
жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…
12, күндүз 21…26;
Суусамыр өрөөнүндө
түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…
19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн
5…10, күндүз 21…26;
Баткен облусунда түнкүсүн
5…10, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абад
аймактарында түнкүсүн 8…
13, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11,
күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн
2…7, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо
түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5
градустан жогору.
28-апрелде Бишкек шаарында
ала булут каптап турат,
жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын
ылдамдыгы секундуна 4-9
метрге жетет. Абанын түнкү
температурасы 10…12 градус,
күндүз 24…26 градус жылуу.


Жакшы маалымат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   Medinaa   24 Октябрь 2016 - 01:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Дүйнөлүк басма сөздө узаган аптада Сауд
Арабияда падышалык үй-бүлө мүчөсүнүн
өлүм жазасына тартылышы кызуу
талкууга түштү жана ал тууралуу бир
катар талдоо макалалары чыкты.
Newsweek журналында аталган өлкөнүн
Турки аттуу ханзаадасы эмнеге мындай
оор жазага тартылганы талданды.
“Саудияда өкүм шарияттын
мыйзамдарына ылайык жүрөт. Мисалы,
эгерде жабыр тарткан тарап өз доосунан
баш тартса, ханзаада өлүм жазасына
тартылбай калмак. Бул өлкөнүн
падышасы Салман ислам мыйзамдары
баарына бирдей экенин көрсөттү. Айрым
серепчилер алгач кылмыш иши ачылганда
ханзаада жазаланбайт деп жатышкан.
Падышанын жээни Ханзада Турки бин Сауд
аль-Кабири бир нече ай мурда араб
чөлүнөн Адел аль-Мехамид аттуу
адамды атып өлтүрүп алган. Саудиянын
мыйзамдары боюнча, киши өлтүрүүгө
барган атуул өлүм жазасына тартылып,
жабырлануучу тарапка кун төлөнөт.
Сауд падышалык үй-бүлөсү абдан чоң.
Арасында жаманы да, жакшысы да бар.
Мындай окуялар Салмандан мурдагы
Файзал падышанын учурунда да болуп
келген. Ханзааданын жазага тартылышы
өсүп келе жаткан көп сандагы саудиялык
хаанзадаларга мыйзамдан качып кутулуу
мүмкүн эмес деген чоң сабак болду.
Башка өлкөлөрдөн айырмаланып,
Саудияда монархтын жакындарына
мыйзам боюнча кандайдыр бир
артыкчылык берилбейт”, - деп жазат
Newsweek журналы.
Асма Асад - "тозоктун ханышасы"
Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы
Асма "Орусия-24” телеканалына маек
куруп, өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга
катуу кайгырып жатканын билдирди.
Ушундан улам The Guardian гезити Асма
Асаддын бейнесине сереп салган.
“Чачтарын жакшынакай тармалдап
алып, теледен сүйлөп жатканда Асманын
сегиз жылга созулган согушка карата
айткан сөздөрү ынанымдуу чыккан жок.
Кантип жакшынакай, билимдүү
лондондук кыз жырткычтык менен
өлкөсүн кыйратып жаткан диктатордун
жубайына айланды? Техастагы Сан
Антонио университетинин тарых боюнча
профессору Девид Леш Сириянын
канайымынын азыркы аракети
талкаланган өлкөнүн фонунда
стабилдүүлүктү көрсөтүү катары
баалады. Алар Орусия менен Ирандан
колдоо алгандыктан, жакынкы
келечегине ишенимдүү карашат дейт
профессор. Асма күйөөсү Башар Асаддан
айырмаланып, жырткыч диктатордун
үйүндө чоңойгон эмес. Ал теги сириялык,
Британияда жашаган кардиологдун кызы
эле. Англиядагы чиркөө мектебинен
билим алып, досторунун арасында Эмма
деген ат менен белгилүү болчу. Башар
Асад менен 25 жашында жолугуп, 2000-
жылы баш кошушкан. Ошондо дүйнө
коомчулугунун жүрөгүндө билимдүү,
британиялык аял бул диктатордук
системаны талкалап, демократияга жол
ачат деген ишеним ойгонгон.
Сириялыктардын көбү Башарды эми лидер
катары тааныбайт. Үч баласы менен
чытырман жансакчылардын арасында,
тозоктун чок ортосунда жашоо менен
доору аяктап бара жатканын Асма чын
эле түшүнбөйбү ”, - деген суроо койот The
Guardian.
Жапонияда ашыкча иштегенден
өлгөндөр азайган жок
Asian Nikkei Review журналы Жапонияда
ашыкча иштегенден улам өз жанын
кыйган адамдар азайбай жатканын
жазды. Коомдук жана менчик сектордо
“уулуу иштермандык” маданиятын жоюу
боюнча жасалган иш-аракеттер жемишин
бербей жатат. “Кароши” же ашыкча
жумуштан өз жанын кыюу синдромуна
аптасына 105 сааттан көп иштегендер
кабылышууда. 2014-жылы "карошини"
алдын алуу боюнча атайын мамлекеттик
программа иштелип чыккан. Саламаттык,
эмгек жана социалдык камсыздоо
министрлиги өлкөдөгү компаниялардын
20 пайызы апталык иш саатын 80 сааттан
ашырбай жатат деп билдиргени менен
2015-жылы көп иштегенден улам өз
жанын кыйгандардын саны 2 159 адам
болгон. 1515 адам акыл оорусуна
чалдыккан. Жапон калкы мамлекеттин
“анти-кароши” саясаты жакшы иштебей
жатканына нааразы. Чуо
университетинин профессору Сйозо
Ямада компаниялардын ээлери жумушка
жаңы орношкон жаштарга карьерасы
жана иш акысы боюнча атаандаштыкты
азайтуусу керек деп эскертет.
Нобел академиясы Боб Диланды
“текебер” деп атады
Адабият боюнча быйылкы Нобел
сыйлыгынын ээси деп табылган
америкалык ырчы Боб Диланды көп ирет
издеп, телефон чалып, байланышууга
аракет кылышса да жооп бербей
койгондуктан, комитет аны “текебер
жана тарбиясыз” деп атаганын Time
журналы жазды. 75 жаштагы ырчы Дилан
бир нече аптадан бери Нобел
академиясына жооп бербей жатат. Ал өз
интернет сайтындагы сыйлык тууралуу
кабарды да алдырып салган. Швециялык
жазуучу Пир Уотсберг SVT телеканалына
берген интервьюсунда Диландын
декабрда Стокгольмдо өтө турган сыйлык
тапшыруу аземине катышуусу арсар
болуп жатканын айткан. Азыркы тапта
Нобел академиясы ырчы менен
байланышуу аракетин токтотту. Боб
Диландын Нобелдин адабият боюнча
сыйлыгына татыганы 13-октябрда
белгилүү болгон эле.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#371 Пользователь офлайн   Kyrgyz_myrza   26 Декабрь 2016 - 19:24

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 810
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2018 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыстардаа

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Алынган кабарга ылайык, Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан ашкере пайдаланып, кылмышка шектелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп шектелүүдө.

Башкы прокуратура Саляновага карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалаган” деген берене боюнча кылмыш иш козгоп, аны Тергөө башкармалыгына жүктөдү.(BkA)

Аша байкеси озунунда тубуно жетет окшойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_myrza: 26 Декабрь 2016 - 19:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   always-here   26 Декабрь 2016 - 22:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 257
  • Катталган: 25 Июль 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2019 04:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бир жерде турбайт

Салянова бечара
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   Kyrgyz_myrza   27 Декабрь 2016 - 01:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 810
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2018 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыстардаа

Мамбеталиева: Салиянова оз жоопкерчилигин кол астындагылардын мойнуна жуктогусу келип жатат.

Мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева "Азаттык" радиосуна Алексей Елисеевдин лицензиясына байланыштуу депутат Аида Салянова менен пикир келишпестиктери тууралуу маалымат берди.

- Мен күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айткан эмесмин. Аны сот аныкташ керек. Эң негизгиси Елисеевдин лицензиясын жандантуу боюнча Юстиция министрлигинин буйругуна Салянова кол койгон деп айтып атам. Аны өзү да танган жок. Бирок аудио жаздырып алып, ар кандай аракеттери менен өзүнүн кандайдыр бир жоопкерчилигин кол алдында иштеген адамдарга артуу аракетин көрүп жатат. Жетекчи кайсы бир чечимге кол койсо ошого жооп бериши керек. Ал эми жанагинтип жазып алып, тыңчылык жоруктарды жасаганын тергөөгө басым жасоо катары баалап жатам. Эгерде сот Салянованын жоопкерчилигин аныктаса аны кол алдындагыларга төңкөөгө умтулуп жатат деген ойдомун.

Буга чейин мурдагы башкы прокурор, юстиция министри, азыркы кездеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова менен мурдагы министр Жылдыз Мамбеталиеванын сүйлөшкөн аудиосу интернетке жарыяланган. Анда 2010-жылы Салянова Юстиция министрлигин жетектеп турган кезде Елисеевдин лицензиясына кол коюлганы эске салган. Салянова документке Мамбеталиеванын сунушунун негизинде кол койгонун айтканы жазылган. Бул окуядан кийин Жылдыз Мамбеталиева Фейсбуктагы баракчасына Салянованы айыптаган билдирүү калтырган.

Бүгүн Башкы прокуратура юстиция министри болгон учурда кызмат абалынан ашкере пайдаланып, кылмышка шектелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген жүйө менен депутатка кылмыш ишин козгоду. (NT/EBM)

Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_myrza: 27 Декабрь 2016 - 01:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#374 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   27 Декабрь 2016 - 05:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Негизи Салянова эбак эле соттолушу керек эле. Бир убактар Атамбаевдин жеке жасоол-прокурору болуп турду заказной кылмыш иштерин козгоп. Ош окуясы, радиактивдуу комурлор же Кумтор маселесине келгенде Саляновада ун жок, кыскасы башкаларга салган укурук айланып отуруп озуно салыныптыр. Мен каршы эмесмин соттолушуна, мага койсо Акуй-Кокуйдогулорду всё до единого соттоп, уй-мулкун конфискациялап, "жегенин кустуруп" анан абакка кесип салса баарын, ошондо коррупцияга сокку урулат. Башкалар пара алып же махинацияга кол ураарда ойлоно турган болот эле...

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya: 27 Декабрь 2016 - 05:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#375 Пользователь офлайн   Piligrim   14 Январь 2017 - 18:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ошто майда-чүйдө бизнес кылгандар, сауна иштеткендер милийсага “салык” төлөп турушат экен


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов тууралуу нааразычылыктар жаралууда. Жогоруда аталган шаардагы майда-чүйдө бизнес кылгандардан тарта сауна иштеткендерге чейин атайын милицияга «салык» төлөп турушат экен. Мамлекетке мыйзамдуу салык төккөндөн сырткары дагы кошумча милицияга мыйзамсыз «салык» төгүү нааразычылыкты жаратпай койбойт тура. Кызыгы ал акчалар Кылычбек Жолдошовдун жеке көзөмөлүндө тургандыгы. Эмне демекчибиз, Кудайым милийсага ыйман берсин. Саунадан алган акча деле жукпайт болуш керек. Баса, ушундай эле «сауна салыгы» Жалал-Абадда дагы бар дешет. Бу милийсалардын арам тамактары кокосуна тыгылбай кантип аш болуп жатат ыя?

Илгери өтө жакшы иштейт болчу бул киши. Акча, Бийлик менмин деген таза адамдыда айнытат достор а милийсаны "ҮЧ А" деген айнытат. Мындай адамдарды жок кылыш керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Kylychbek-ZHoldoshov.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Piligrim: 14 Январь 2017 - 18:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#376 Пользователь офлайн   Piligrim   15 Январь 2017 - 09:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан


Лунара Мамытовага Сулуулук министрлигин ачып берсек окшойт.


Чырай деген эмнени гана кылбайт ээ. «Сулуулук дүйнөнү сактайт» деп да какшап атышпайбы. Сулуу айымдарды көргөн эркектаналар мурдунан чүлүктөнгөн букача эле бура баса албай калышат. Сулуу айымдар бул куралын кээде ашыкча пайдаланып жибергенде ары дегенде ааламда согуш оту да тутанып, бери дегенде бакыйган бир кызматты ба­са жыгылышат. Албетте, тажрыйба, адистик мааниге ээ болбостон. Маселен, биздин саясатта да Лунара Мамытова деген сулуу бар эмеспи. Ушу тапта бул чырайлуу айым бийликтин жогорку эшелонунда олтурат койкоюп. Жаш болсо дагы кызматтык секириктерди башкача жасап, «таман акы, маңдай тер» төгүп атып, кеп жылдык «тажрыйбасы» менен министрдин орун басарлык кызматына жетти. Жеткени го жетти, бирок иштин көзүн табалбай кыйналып жатканын эшиттик. Жөнөкөй нерсени айталы, алдына келген кагаздын кайсыл жерине кол коерун билбей кыйналып жатыптыр. Жардамчыларына кагаздагы кол коё турган жерге «птичка» коюп кой деп канча айтам деп опурулат экен. Кээде кызматтык эйфорияга кирип кеткенде көп жылдык «тажрыйбаң» дагы жардам бербей, башыңды туман басып калат турбайбы… Мындан улам биздин саясатчылар, чиновник аттуунун баары акылдашып туруп эле айымпашаларга «Сулуулук министрлигин» ачып берип коюшса ээ. Ар кайсы тармакта тиши өтпөй, өздөрү да кыйналып, башкаларды да кыйнап олтурбай сулуушкалардын баары бир министрликте «иштей» беришет эле.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Lunara-Mamytova.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#377 Пользователь офлайн   Patriot7   20 Ноябрь 2017 - 03:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения APCEH (20 Ноябрь 2017 - 02:15) жазган:

Атамбаев спикер болушу мүмкүн.
Парламентти таркатып, шайлоодо 3 же 4 партия отушу мүмкүн алар: СДПК, Замандаш жаңы түзүлгөн партия (бул партиялар СДПК2 менен СДПК3)


Атамбаев олкону "кошого" артынан башкарат, Жээнбеков, Сапаровдордун колу менен...

Президенттик шайлоону аран откоргон АША ЖКке шайлоо откорууго барбайт азыр, экинчиден шайлоо откорууго негиз жок... СДПК менен "Кыргызстан" партиялары 100% АШАнын козун карайт... "Республика Ата-Журт" да айласыз АШАны угат, Бабанов качкан сон... "Бир Бол" менен "Онугуу" да 100% болбосо да, копчулугу АШАнын оту менен кирип, кулу менен чыгат... Бабанов менен шайлоого аттанып, шайлоодо женилипикалган сон Торобаевдин АШАнын "астына пахта тошоп" кошоматтанып турушу, анын эки жуздуулугунон кабар берет... Ошондо 120 депутаттан турган Жогорку Кенеште 11 депутаты бар "Ата-Мекендин" оппозициясын Атамбаев чиркей чакканчалык корбосу чын... Ансыз да Жогорку Кенеш Атамбаев каалаган любой мыйзамды кабыл алып берип жатат го, копчулук болуп... Акыркы мыйзамдардын бири, монгулорду талкалоого жол ачкан мыйзам... Ошондуктан Атамбаевдин досрочно шайлоо откоруусуно да, озунун спикер болуусуна да себеп корбой турамын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#378 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 04:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Имиштер иликтенип жиликтенип чыкканда гана ишенем го мен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 18:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: