Баарыбыз өзүбү
здүн мекенибизди сүйөт эмеспизби. Келгиле, Ата Журтубуздун биз билбеген тарыхын ачканга аракет кылалы. Ал үчүн өзүбү
з угуп-билген Кыргызымдын улуу жерлеринин аталышынын келип чыгыш тарыхын так болбосо да уламыштарга таянып жазсак болот. Биздин жазгандарыбыз,
балким, кийинки муундарга маалымат болуп калар. Мекенибиздин сулуу жайларын кошо жүктөсө
ңүздө
р болот.
Кыргыз жерим эң кооз! Кыргызстанды даңазалайбыз!
#2 11 May 2010 - 15:58
Менин кичи мекеним: Өзгө
н шаары тууралуу баян...
Негизи Өзгөн шаары балким, Кыргызстандагы эң мурунку шаарлардын биридир... Анткени ага байланыштуу тарых барактарында да көптөгө н маалыматтар сакталып калган. Мен жаза турган шаардын аталышынын варианты, ондогон варианттардын ичинен бирөө.
Кытай жазма булактарында Өзгөндү "Ю" шаары деп беришкен, илгери кытайлыктар келип, бул шаарды басып, кандайдыр бир мезгилге чейин туткунда кармашкан. Бекеринен кытайлыктар жол басып келип, Өзгөндү басып алышкан эмес, анткени ал Улуу жибек жолунда маанилүү роль ойногон. Бирок кийин жергиликтү ү эл кайра бийликти колго алышат. Ошентип, "өзгө лөр басып алышкан, өзгөлө рдүн жери, өзгөндө р" деп отуруп, шаардын аталышы ушундан пайда болгон деген жоромол бар...

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 11 May 2010 - 16:01
Жакшы тема экен,
. Мен Жети-Огуз деп эмне учун аталып калган, ошону айтып берейин. Бул эми уламыш да, менин угушумча, илгери-илгери бир абышка болгон экен. Анын 7 торпогу болгон дешет. Бир күнү ал торпокторунун баарын жоготуп алыптыр. Ошентип издеп журуп акыры ал торпоктору огузго айланганда ошол жерден тапкан имиш дешет. Анан ошондон улам ал жер Жети-Огуз болуп аталып калыптыр. Эми суротун да кошуп коёюн, ээ?
#4 11 May 2010 - 16:35
Өзгөндө
Кара-Шоро деген жайлоо бар. Эгер эсиңизде болсо белгилүү
обончу ырдаган "Кара-Шоро кенен жайлоо, эс алууга келгиле..."
сыяктуу саптары бар ыр да дал ушул жайлоо жөнүндө
эле. Мына ошол жайлоодо Балам калды деген жер бар. Эмесе Кара-Шоро жайлоосундагы Баламкалды капчыгайы тууралуу уламыш.
Баягы эле бай-кедей болуп бөлүнү п турган убак. Байлыгы ашып-ташкан бай бир эмес бир нече аял алып, башкага көзү тойсо да аялга көзү тойбочу. Ошентип, ай чырайлуу кызды токолдукка алат. Бай токолунан балканактай уулдуу болот. Жайкысын жайлоого эл көчкөн маалда манапты үй-бүлө сү да көчмөк болушат. Жалгыз аяк ат басар кыядагы ичке жолдо байдын байбиче-токолдору бүт өтүп барат. Бир убакта байдын биринчи алган байбичеси бешикке баласын өңө рүп кетип бараткан токолду ат менен сүздүрү п өтөт. Кыя жолдо араң өтүп бараткан токолдун колундагы бешик жардан ылдый кулайт. Бешиктин ичиндеги наристе ыңаалаган бойдон бешик ичинде тээ бийиктен кулап кете берет. Ошондо уулунан айрылган токол "балам калды эле, балам калды..." деп чыңырган экен байкуш. же баласы тирүү калсачы. Ошондон улам ошол капчыгай Балам калды аталып калган экен.

#5 11 May 2010 - 16:45
Салам, Мен туулуп - оскон Тамга айылым жонудо; уламышты жазсам:
Илгери жоокерчилик заманда, кыргыз элинин баатыры Эр Табылды Ысык- Колдун жээгинде отурукташкан экен. Бир куну, душмандар Эр Табылдынын жылкысын уйуру менен тун жамынып айдап кетишет. Ошондо баатыр уурулардын аркасынан кубалап жетип, жылкысын кайтарып келген экен. "Мындан ары менин малым экенин бардыгы билишсин" деп ар бир жылкыга озунун белгиси тушурулгон тамга басып чыккан. Ошол тамга басылган жер ошондон кийин Тамга аталып калган экен.

#6 23 June 2010 - 16:20
#8 07 September 2010 - 15:00
"Туулган жеримдин топурагы алтын"-деген соз бекеринен айтылбаса керек. Бизге чейин да кыргыз жергеси жонундо жазуучулар,
акындар, ойчулдар деги койчу мактаган биздин атуулбар коп. Чындыгында мактана турган коптогон жерибиз бар. Тоо койнундагы жайлоолорубуз,
кереметтуу Ысык-Колубуз булардын бардыгын айтып отурсак соз коп. Менин айта турганым озумдун балалык кундорум откон Ат-Башы жергеси жана Арпа жайлоосунун келип чыгышы жонундо азыноолак соз кылып кетсем ашыктык кылбастыр.
Алыстан ат арытып жол карытып бир жолоочу келе жаткан экен. Жол журуп аты да озу да чарчап азыркы Арпа жайлоосуна келип, бир азга атын чалдырып алайын деп озу да уктап кетет. Бир убакта турса аты тойунуп кадимкисиндей семирип калганын корот. Бул жайлоонун чобу арпадай турбайбы деп тан берген жолоочу сапарын улантмакчы болуп атын кармай албай убара болот. Атын кармай албай журуп озуно ант берген дешет, Ушул атты кайсыл жерден кармабайын башын алам деген экен. Ошондон кубалаган атын азыркы Ат-Башы жергесинен кармап, башын кесип Чеч-Добого коюп койгон экен. Кийин ары-бери откон адамдар аттын башын коруп ошол жерди "аттын башы" турган жер деп атап коюшкан экен, Ушундан улам биздин районубуз Ат-Башы аталып калыптыр. Ал эми арпа жайлоосу чобунун кучтулугунон "Арпа" аталып калган дешет

#9 08 September 2010 - 00:30
Тескей жана Кунгой Алтоонун койнунда торолуп осуп, бешигине термелип кундун ысыгында Ысыкколго чомулуп, саратан жайда Алатоонун койнундагы кок асман тиреп мин жыл карыткан карагай аралап сагызын чайнап, жоогазынын терип, булак суусун ичип, аска тоолорун жагырта ун салып бала чагымды жомоктой откоргон Ысык Кол Кыргыз бермети жонундо кеп салгым келет.
Илгери откон заманда бир бак киши болот имиш, ал байдын жападан жалгыз Чурок атуу кызы болот. Атына заты жарашкан сулууулугу жанында жок ай ай бир периште атуу ал Чурок коп жигиттердин журогуно чок салып, башын айландырат. Бай байлыгына да чиренбей жалгыз кызынын бактылуу болушун еле тилейт. Коп деген баатыр жигиттер келет байдын таймашынан кулап атып аягында 2 еле жигит калат. УЛАН жана Санташ деген. Чуроктун козуно тушкон еки жигиттен кыргыздын жылуу жузду, кучтуу жигиттери еле...екоону тен жактыргандай. .мына еми еки баатырдын таймашы баш алып баштады, екоо тен кучтуу...бир маалда курч найзалары бырт ете еле деп жерге еки баатыр кулап тушту...жайлоодо еки баатыр кан ######, ага кубоо болуп Мандай Тескей АЛА ТОО жана Чурок кубооо болуп турду. Козунун жашы тогулуп ал жйлоо колчуко айлынды 3 кун 3 тун ичинде Колго айланды. Ошонтип Санташ жана Улан шамалы дагы еле Ысык Кол устундо курошуп, Чуроктун коз жашын толкутуп келет...

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#10 28 November 2010 - 18:32
Кыргызстаным мен учун эн кооз мамлекет да.
Абасы таза,суусу тунук,абдан кооз жайлоолору бар,бийик бийик тоолору бар,ыйык Ыссык Колубуз эхх айта берсен кооп.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#11 28 November 2010 - 19:17
Бир кыргыз Германиядан адашып... көчөдөгү бир кишиден сурайт дейт (оюнда немисче):
- Фул Хаер?
А тигиниси да жооп берип жатат (ал да немисче "билет экен"):
- Филфейм.
Ошонун сыңарындай, Акжол, "ФулХаер? "

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 19 August 2016 - 00:52
Мисалы; менин айылымдын аты
"Кызыл-булак" Бул атда жондон-жон
коюулбаса керек,Айылыбызды курчап
турган тегеректе тоолор бар,Айылга
кирип кетип жатканда сол тарабында
узуун анча деле бийик эмес кызыл тоо
бар,Анан он тарабында бийигирээк
тоолор бар ал тоолордо булактар коп,
мына ошондуктан Кызыл-булак деп ат
каюулган...
Сиздерда Айылыныздардын же
шаарыныздардын аттарынын маани-
манызын жаза кетсениздер билип
алалы...
"Кызыл-булак" Бул атда жондон-жон
коюулбаса керек,Айылыбызды курчап
турган тегеректе тоолор бар,Айылга
кирип кетип жатканда сол тарабында
узуун анча деле бийик эмес кызыл тоо
бар,Анан он тарабында бийигирээк
тоолор бар ал тоолордо булактар коп,
мына ошондуктан Кызыл-булак деп ат
каюулган...
Сиздерда Айылыныздардын же
шаарыныздардын аттарынын маани-
манызын жаза кетсениздер билип
алалы...
#13 19 August 2016 - 01:31
Менин айылымдын аты Кара добо айылыбыздын атынын 2 таарыхы бар экен.
1...негизи Айылыбыздынбашында чоон добо бар мурунку откон заманда душмандар бастырып келе жатканда ошол добого от коюп элдерге белги берип турушкан экен.
2... Биз жашаган жерде Ак добо менен Кара добо деген балбандар болушкан экен ошол жерде ошол 2 балбан курошуп женгендин аты менен айылыбыздын атын Кара добо деп коюшуп койгон экендер

#14 19 August 2016 - 17:02
"Айылдарыбыздын аттарынын маани-маңызын айтып чечмелейбиз"
темасы менен бириктирилди.
#15 06 January 2019 - 04:38
Чындыгында кыргыз жери кооз бирок ошол жердин кадырына жетейли туугандар

Супер-Инфо
super.kg
видео