Кыргыз элдик казынасындагы сөздөр:
КЫРГЫЗДАР ЖЕТИ ЖЕТИМДИ АЙТЫШАТ:
1. Чөп чыкпаган жер жетим.
2. Элинен азган эр жетим.
3. Башчысы жок эл жетим.
4. Тыңшалбаган сөз жетим.
5. Эр албаган кыз жетим.
6. Кемпири жок чал жетим.
7. Багылбаган мал жетим.
ҮЙҮҢДӨ ҮЧ ДӨӨ БАР
1. Улагадагы уулуң дөө.
2. Керегеңде келиниң дөө.
3. Капшытыңда катының дөө.
КУЛАК ЖӨНҮНДӨ (Сөздү ким укпайт?)
1. Ташкулак укпайт сөздү.
2. Кум кулак сөздү кармабайт.
3. Акма кулактан сөз агып калат.
4. Куйма кулак сөздү сактап калат.
Кыргыздар минтип айтышат:
«Сөз уккандан үмүт кыл,
Сөз укпагандан ыраак жүр».
АДАМДАГЫ ТӨРТ САПАТ ЖӨНҮНДӨ
1 — сапат. Калыстыктан тайбагандык.
2 — сапат. Чынчылдыктан жазбагандык.
3 — сапат. Өзүңдөгү жана ишиңдеги тазалык.
4 — сапат. Ажатчылдык,
адамгерчилик.
АДАМДАГЫ ТӨРТ КЕСЕПЕТ ЖӨНҮНДӨ
1. Калыстыктан тайыгандык,
кыйшык иш.
2. Калпычылык,
уурулук, ушакчылык.
3. Өз боюңа, ишиңдеги балиттик.
4. Кыянатчылык,
акты карага күбөлүк.
АДАМДА ТӨРТ КЕСЕЛ БАР
1.Жатактык,
жалкоолук, бекерчилик.
2. Уурулук, калпычылык.
3. Убадага турбай, айныгандык.
4. Аялың жаман болсо.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРТ СЫПАТ БАР
1. Уул жакшысы урмат.
2. Келин жакшысы кенч.
3. Кыз жакшысы күл азык.
4. Аял жакшысы артык.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРТ КЕСЕЛ БАР
1.Уулуң жаман болсо урматың кетет.
2. Кызың жаман болсо, кылыгың кетет.
3. Келиниң жаман болсо уятың кетет.
4. Аялың жаман болсо жыйганың кетет.
БИР ЖЫЛДЫН МЕЗГИЛИНЕ КОЮЛГАН АТТАР
1. 18.VI. Үркөрдүн чыгышы.
2. 40.VI. Жайчилденин түшкөнү.
15.1Х. Кыргыйектин өтүшү.
7.10.1Х. Каркыранын өтүшү.
17.Х. Бугунун ооз чайкары. Үшүк.
6.7.Х. Кыш кыроосу.
25.Х11. Чилденин түшүшү.
20.11. Чилденин чыгышы.
5.Ш. Суурдун чыгышы.
10.111. Аюунун которулушу.
15.111. Кемпирдин кейиши.
20.111. Токсондун чыгышы.
15.1.Х11. Ар ардасы, тогоол.
30.1У. Күкүк чакырык.
Моңолдор,
сурнайчы Күрөңкөйдүн Балыкчыдагы топто сүйлөгөн сөзүнөн:
«Манаптык — сарбагыштын тукумуна жарашат. Жыртык кара үйү болсо да, бутун учкаштырып,
колун төбөсүнө алып жатат.
Үйүнө барсаң кабагын ачып, бар-жогун билгизбей чай берет. Жалгыз аты болсо да аны таптап минет, сыланып бир жери төрө боор келет. Барга да, жокко да бирдей турат. Табылганын берип, жоомарт келет».
«Береке — солтодо. Жайы-кышы капшытында уну кап-кап болуп тирелип турат. Токочу кенен. Унутулбайт.
Сен кайдан деп сурабайт.»
«Байлык — бугу элинде. Сарыбайдын сан жылкы. Каптагайдын калың мал. Сурасаң, бугу четтен бай».
«Чогоолдук — саякта деймин. Каранын каны кан Ормонду кармап берип өлтүрдү. Саяктан чогоол барбы?!»
«Чериктерде байлык бар. Бирок үч жүз койлуусу да жалданып малай жүрөт. Намыстанбай бирөөнүн отун, күлүн жагат».
«Калыстык,
нуска моңолдордо.
Эл уюткусу моңолдор».
«Жалындаган жаштык ай,
Жамбаштаган карылык ай.»
«15 жашта убактың, жарга ойногон улаксың.
25 жашта убактың, күйүп турган чыраксың.
'30 жашта убактың, шаркырап аккан булаксың.
40 жашта чиркин, кычыраган убактың.
50 жашта эл ортону токтолуп, акыл ойлор убактың.
70 жашка барганда күч-кубаттан кем кылат.
80 жашка барганда шойку маани карылык үсүр башыңда.
90 жашың эсер, карылык кайтпаган кесел.
10Огө жашың барганда мүдүрүлүп, жол кайда?!»
Жүзгө жашым барат деп, аны кимдер ойлоптур.
Көп жашагандан Улукман жашка тойбоптур.
Жүздөн ашып көрүнсөң, көрүң жакын төрүңдөн.
Ошондо коркот өлүмдөн.
Жети атасын билбеген, барып турган эндейлик. Атасын баалап-билбеген алабарман зөөкүрлүк.
Балага мазар — ата-эне. Ата бийик, эне ыйык. Ата-эне нааразы болсо, ага сыймык конбойт.
Аталаштан алтоо болсоң да, а дешпесең кас болот. Энелештен экөө болсоң да ээ дешпесең жат болот.
«Кыргыздар» аттуу китебинен алынды.
Кыргыз элдик казынасындагы сөздөр.
#2 14 February 2012 - 16:31
эн жакшы! эске тута жүрүш керек экен...
Сен,
сени менен, сен үчүн, сени гана...
#3 14 February 2012 - 17:08
rahmat,sonun eken,akilibizdin bir burchunda saktay turgan sozdor eken,men faceke kopiyalap koydum
все что ни делается все к лучшему :(
#5 14 February 2012 - 22:48
БИР ЖЫЛДЫН МЕЗГИЛИНЕ КОЮЛГАН АТТАР
1. 18.VI. Үркөрдүн чыгышы.
2. 40.VI. Жайчилденин түшкөнү.
15.1Х. Кыргыйектин өтүшү.
7.10.1Х. Каркыранын өтүшү.
17.Х. Бугунун ооз чайкары. Үшүк.
6.7.Х. Кыш кыроосу.
25.Х11. Чилденин түшүшү.
20.11. Чилденин чыгышы.
5.Ш. Суурдун чыгышы.
10.111. Аюунун которулушу.
15.111. Кемпирдин кейиши.
20.111. Токсондун чыгышы.
15.1.Х11. Ар ардасы, тогоол.
30.1У. Күкүк чакырык.
«Кыргыздар» аттуу китебинен алынды.
1. 18.VI. Үркөрдүн чыгышы.
2. 40.VI. Жайчилденин түшкөнү.
15.1Х. Кыргыйектин өтүшү.
7.10.1Х. Каркыранын өтүшү.
17.Х. Бугунун ооз чайкары. Үшүк.
6.7.Х. Кыш кыроосу.
25.Х11. Чилденин түшүшү.
20.11. Чилденин чыгышы.
5.Ш. Суурдун чыгышы.
10.111. Аюунун которулушу.
15.111. Кемпирдин кейиши.
20.111. Токсондун чыгышы.
15.1.Х11. Ар ардасы, тогоол.
30.1У. Күкүк чакырык.
«Кыргыздар» аттуу китебинен алынды.
Могу жердегилерди тактап койсоң жакшы болмок экен. Өзүң түшүндүң беле эмнени көчүрүп коюп жатканыңа?. .
Мен бул жердегилердин жарымын түшүнсөм жарымын түшүнбөдүм.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 14 February 2012 - 23:12
БИР ЖЫЛДЫН МЕЗГИЛИНЕ КОЮЛГАН АТТАР
1. 18.VI. Үркөрдүн чыгышы.
2. 40.VI. Жайчилденин түшкөнү.
15.1Х. Кыргыйектин өтүшү.
7.10.1Х. Каркыранын өтүшү.
17.Х. Бугунун ооз чайкары. Үшүк.
6.7.Х. Кыш кыроосу.
25.Х11. Чилденин түшүшү.
20.11. Чилденин чыгышы.
5.Ш. Суурдун чыгышы.
10.111. Аюунун которулушу.
15.111. Кемпирдин кейиши.
20.111. Токсондун чыгышы.
15.1.Х11. Ар ардасы, тогоол.
30.1У. Күкүк чакырык.
«Кыргыздар» аттуу китебинен алынды.
бул эмнеси тушунуксуз болуп калды.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#7 15 February 2012 - 00:55
Могу жердегилерди тактап койсоң жакшы болмок экен. Өзүң түшүндүң беле эмнени көчүрүп коюп жатканыңа?.
.
Мен бул жердегилердин жарымын түшүнсөм жарымын түшүнбөдүм.
Мен бул жердегилердин жарымын түшүнсөм жарымын түшүнбөдүм.
бир жылдын элдик бөлүнүшү
20-февраль - чилденин чыгышы.
5-март - суурдун чыгышы.
10-март - аюунун которулушу.
15-март - кемпирдин кейиши.
20-март - токсондун чыгышы.
15-апрель - беш тогоол.
30-апрель - күкүк чакырык.
4-июнь - жай чилденин түшүшү.
Жай чилденин бөлүнүшү:
Чымыран.
Буулан-дуулан.
Толгон (мыйзам).
Саратан.
Сайроон.
18-июнь - Үркөрдүн чыгышы.
10-сентябрь - каркыранын өтүшү.
15-сентябрь - кыргыектин өтүшү.
6-7-октябрь - кыш кыроосу.
17-октябрь - бугунун ооз чайкаары. Үшүк.
25-декабрь - чилденин түшүшү.
Кыскача айтканда байыркы заманда кыргыздардын мезгилдердин аталышы.
Азыркы убакытта ал аталыштар көп колдонулбай калды.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#8 15 February 2012 - 00:59
100 насыйкат:
1. Эй атанын уулу, авал атаң — кудайың экенин тааны.
2. Насыйкаттан эмне уксаң оболу ошого карап иш кыл.
3. Сөздү өлчөмү менен сүйлө.
4. Калкыңдын кадырын бил.
5. Бирөөнүн акысын жебе.
6. Сырыңды сактап тут.
7. Жоро жолдошуңду пайда, зыян тартканда сына.
8. Досуңду кыйын күндө сына.
9. Акмак менен наадандан алыс кач.
10. Зирек жана билимдүү дос күт.
11. Изги ишке чындап кириш, туруктуу бол.
12.Аялга ишенбегин.
13. Кеңеш кылсаң түз жана билимдүү кишилер менен кыл.
14. Сөзүңдү далилдүү айт.
15.Жаштыкты оңой олжодой бил.
16.Жаштыгың барда эки ааламдын ишин бүтүр.
17.Дос-жараның урматтап күт.
18.Досуңа да, касыңа да кашыңы ачык тут.
19. Ата менен энени канымет бил.
20.Устатыңды атаңдай арты
21. Капчыгыңа карап иш кыл.
22.Ар иште токтоо бол.
23.Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.
24.Мейманга каалашынча кызмат кылгын.
25. Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый.
26. Кийим, боюңду таза тут.
27.Калкың менен катар жүр.
28.Балаңа илим менен адеп үйрөт.
29.Ыгы келсе ат чаап ок атканды үйрөт.
30. Оң буттан кийип сол аяктан чеч.
31.Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.
32.Түндө сүйлөсөң акырын жана жумшак сүйлө, күндүз сүйлөсөң жанжагыңа
карап бак.
33.Аз жеп, аз уктап, азыраак сүйлөгөндү адат кыл.
34.Өзүңө каалабаганды бирөөгө каалаба.
35. Иш кылсаң орду менен кыл.
36. Үйрөнбөй туруп устаттык кылба.
37.Катын менен балага сыр ачпагын.
38.Бирөөнө түгөл ишене бербе.
39.Жаман адамдан жакшылык күтпө.
40. Ар ишти акылга сал.
41. Бүтө элек ишти бүттүм дебе.
42. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
43.Өзүңдөн улууну шакаба чекпе.
44. Улууга акыл айтпа.
45. Билимсиз топорго бийлик бербе.
46. Сурап келсе кол каратпа.
47.Өткөн чатакты эске салба.
48. Киши изгилигин өз изгилигиң менен чаташтырба.
49.Малыңды санатпа.
50.Туугандан кол үзбө.
51.Калыс адамга кайбаат айтпа.
52.Жеке камыңды жей бербе.
53.Калкың түшкөн багыттан сен да калба.
54.Оозу мурдуңду чукуба.
55.Калкыңа карап таш ыргытпа.
56. Эл көзүнчө какырынып түкүрүнбө.
57. Эсинесең оозуңа алакан тут.
58.Калк алдында какшанбай сүйлө.
59. Эл көзүнчө мурдуңду көөлөбө.
60. Калжың кошуп кайран сөздүн баркын кетирбе.
61. Калкты калк алдында жер каратпа.
62. Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
63.Айтылган сөз кайрылбайт.
64.Шылдың сөздөн сактан.
65. Киши алдында мактанба.
66. Эр болсоң аялдай сыланба.
67.Балаңдын ою менен боло бербе.
68. Тилиңди тишиңе кат.
69. Колуңду силкпей сүйлө.
70. Ар кимдин урматын тааны.
71.Жакшыга жанаш, жамандан кач
72.Көзү өткөндү жамандаба.
73.Колуңдан келсе араздашпа.
74.Күч териштирбе.
75.Изгилердин ишинен күнөм издебе.
76. Өзүң экпегенди киши дасторконунан жебе.
77.Иш баштасаң ашыкпай аягына чык.
78.Дүнүйө үчүн башыңды машакатка малба.
79.Өзүңдү тааныбасаң да өзгөнү тааны.
80.Ачууга алдырса да сөздүн артын байкап айт.
81.Жең менен мурдуң сүртпө.
82. Күн чыккан соң уктаба.
83.Каратып коюп тамак жебе.
84.Жол жүргөндө улуудан озбо.
85. Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
86.Тизеңди жазданба.
87.Оң-солго алактабай бет алдыңды карап бас.
88.Башыңа иш түшпөсө жылаңач минип аттанба.
89.Конокто отурсаң бирөөнө ачууланба.
90.Конокко иш кошпо.
91. Эсиргенге сөз айтпа.
92.Ишсиз, абройсуз адамдар менен кошуна болуудан кач.
93. Ар кайсы ишке аброюңду сала бербе.
94. Ыксыз бой көтөрбө.
95.Бирөөнүн кусаматына калба.
96.Майдан жолдо маңыроо болбо.
97.Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.
98.Өзгөнү байгамбар кыла бербей, өзүңдүн баркыңа жет.
99. Бирөөнө бой көтөрбө.
100. Теңири Таалага ыраазылык менен тирлигиң өткөр.
1. Эй атанын уулу, авал атаң — кудайың экенин тааны.
2. Насыйкаттан эмне уксаң оболу ошого карап иш кыл.
3. Сөздү өлчөмү менен сүйлө.
4. Калкыңдын кадырын бил.
5. Бирөөнүн акысын жебе.
6. Сырыңды сактап тут.
7. Жоро жолдошуңду пайда, зыян тартканда сына.
8. Досуңду кыйын күндө сына.
9. Акмак менен наадандан алыс кач.
10. Зирек жана билимдүү дос күт.
11. Изги ишке чындап кириш, туруктуу бол.
12.Аялга ишенбегин.
13. Кеңеш кылсаң түз жана билимдүү кишилер менен кыл.
14. Сөзүңдү далилдүү айт.
15.Жаштыкты оңой олжодой бил.
16.Жаштыгың барда эки ааламдын ишин бүтүр.
17.Дос-жараның урматтап күт.
18.Досуңа да, касыңа да кашыңы ачык тут.
19. Ата менен энени канымет бил.
20.Устатыңды атаңдай арты
21. Капчыгыңа карап иш кыл.
22.Ар иште токтоо бол.
23.Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.
24.Мейманга каалашынча кызмат кылгын.
25. Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый.
26. Кийим, боюңду таза тут.
27.Калкың менен катар жүр.
28.Балаңа илим менен адеп үйрөт.
29.Ыгы келсе ат чаап ок атканды үйрөт.
30. Оң буттан кийип сол аяктан чеч.
31.Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.
32.Түндө сүйлөсөң акырын жана жумшак сүйлө, күндүз сүйлөсөң жанжагыңа
карап бак.
33.Аз жеп, аз уктап, азыраак сүйлөгөндү адат кыл.
34.Өзүңө каалабаганды бирөөгө каалаба.
35. Иш кылсаң орду менен кыл.
36. Үйрөнбөй туруп устаттык кылба.
37.Катын менен балага сыр ачпагын.
38.Бирөөнө түгөл ишене бербе.
39.Жаман адамдан жакшылык күтпө.
40. Ар ишти акылга сал.
41. Бүтө элек ишти бүттүм дебе.
42. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
43.Өзүңдөн улууну шакаба чекпе.
44. Улууга акыл айтпа.
45. Билимсиз топорго бийлик бербе.
46. Сурап келсе кол каратпа.
47.Өткөн чатакты эске салба.
48. Киши изгилигин өз изгилигиң менен чаташтырба.
49.Малыңды санатпа.
50.Туугандан кол үзбө.
51.Калыс адамга кайбаат айтпа.
52.Жеке камыңды жей бербе.
53.Калкың түшкөн багыттан сен да калба.
54.Оозу мурдуңду чукуба.
55.Калкыңа карап таш ыргытпа.
56. Эл көзүнчө какырынып түкүрүнбө.
57. Эсинесең оозуңа алакан тут.
58.Калк алдында какшанбай сүйлө.
59. Эл көзүнчө мурдуңду көөлөбө.
60. Калжың кошуп кайран сөздүн баркын кетирбе.
61. Калкты калк алдында жер каратпа.
62. Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
63.Айтылган сөз кайрылбайт.
64.Шылдың сөздөн сактан.
65. Киши алдында мактанба.
66. Эр болсоң аялдай сыланба.
67.Балаңдын ою менен боло бербе.
68. Тилиңди тишиңе кат.
69. Колуңду силкпей сүйлө.
70. Ар кимдин урматын тааны.
71.Жакшыга жанаш, жамандан кач
72.Көзү өткөндү жамандаба.
73.Колуңдан келсе араздашпа.
74.Күч териштирбе.
75.Изгилердин ишинен күнөм издебе.
76. Өзүң экпегенди киши дасторконунан жебе.
77.Иш баштасаң ашыкпай аягына чык.
78.Дүнүйө үчүн башыңды машакатка малба.
79.Өзүңдү тааныбасаң да өзгөнү тааны.
80.Ачууга алдырса да сөздүн артын байкап айт.
81.Жең менен мурдуң сүртпө.
82. Күн чыккан соң уктаба.
83.Каратып коюп тамак жебе.
84.Жол жүргөндө улуудан озбо.
85. Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
86.Тизеңди жазданба.
87.Оң-солго алактабай бет алдыңды карап бас.
88.Башыңа иш түшпөсө жылаңач минип аттанба.
89.Конокто отурсаң бирөөнө ачууланба.
90.Конокко иш кошпо.
91. Эсиргенге сөз айтпа.
92.Ишсиз, абройсуз адамдар менен кошуна болуудан кач.
93. Ар кайсы ишке аброюңду сала бербе.
94. Ыксыз бой көтөрбө.
95.Бирөөнүн кусаматына калба.
96.Майдан жолдо маңыроо болбо.
97.Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.
98.Өзгөнү байгамбар кыла бербей, өзүңдүн баркыңа жет.
99. Бирөөнө бой көтөрбө.
100. Теңири Таалага ыраазылык менен тирлигиң өткөр.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#9 15 February 2012 - 01:42
АК БАТАЛАР:
МАЛ МУУЗДАГАН БАТА
Айры мүйүз, ача туяк,
Эрте бактык, кеч кайттык.
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден
Жаның кудаага, Сообуң бакканга,
Оомийин!
КОЙГО БАТА
Телегейиң тегиз болсун,
Өрүшүң семиз болсун,
Тубар малың эгиз бошсун,
Сойгон койуң семиз болсун!
Айдан-жылдан аман чыккын
Элге-журтка жаккын, Дасторкон менен пейлиңден, Шыбага, ырыс тапкын!
Оомийин!
ДАСТОРКОНГО БАТА
Меймандос, жайыл дасторкон кыргыз элинин пейлине жараша, дасторконуна аккан суудай шаркыраган ак баталар жүрүп турган. Дасторконго ар бир адам өз жөндөмү, чыгармачылык шыгы боюнча отурган жерден шар коё берип, түрдүү бата ырларын жаратат. Ошого дасторконго берген бата ырларынын түрү көп, айтылышы ар түрдүү болот. Бирок андагы айтылуулардын мазмуну дасторкон ээсине жакшылык каалап, адамдык ыракматын билдирүүгө жыйынтыкталып турат. Төмөндө кыска түрүнөн бир ырды гана көрүп багалы.
Дасторконго берекелүү аш берсин,
Кош болгондо ыйлагын,
Маңдайыңа баркыраган бак берсин.
Эли-журтту сыйлагын!
Ырыскың журттан ашсын,
Бата бердик жаш-кары,
Башыңы таштан кылсын,
Дасторконуң майлуу сүттүү болсун!
Алганың менен тең кары.
Оомийин!
КЕЛИН ЖҮГҮНГӨНДӨ БАТА
Жаңы келин кайын-журтка келгенде, отко киргенде, кайната, кайненеге жүгүнгөндө төмөнкүдөй бата ыры айтылат.
Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын!
Арканды мал, дүйнө бассын.
Кудай ынтымак, ыраа берсин,
Ызаттуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын!
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары,
Кош болгондо ыйлагын,
Кайын-журтту сыйлагын!
Ак жолтой бол, Алдың жарашсын,
Ак элечек башыңдан ообасын! Оомийин!
БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР
Кыргыздарда бала төрөлгөндө эле түрдүү ырымдарды колдонуп, эсен-аман катарга кошулушун тилек кылган. Ошол тилектерин бата ырлары менен айткан. Алар төмөнкүлөр:
ООЗАНТУУ БАТАСЫ
Быссымылла уракман урайым,
Оозуңа май салып турган умайым.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын,
Жети куйрук ашагын,
Жетимиш аша жашагын.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол!
БЕШИККЕ САЛУУ БАТАСЫ
Умай энедей болгон жоош ак байбиче оозуна боорсок тиштеп туруп, баланы жайлуу бешикке салат да, отургандар эмгекчи болсун деп, кетмен, балта, чот баштаган жети дыкты (эмгек куралдары), таар менен жык уктасын деп таарды жаап бөлөп, төмөнкү тилек батаны айтып бешикти терметкен.
Өөбай, өөбай ак бала,
Ак бешикке жат бала.
Бешигиң кептүү болсун,
Ата-энең эптүү болсун.
Энелүүдөн эрке бол!
Өмүрүң узун болсун.
Өрүшүң жайык болсун,
Тукумун журттан ашып.
Тууганың канат болсун,
Жети мүчөл жашагын.
Тартпа жоктун азабын,
Билектүүдөн күчтүү бол.
Баатыр болсоң жөлөк бол,
Баарыбызга өбөк бол!
Өөбай, өөбай ак бала,
Ак бешикке жат бала!
АСАН ЧАКЫРЫП АТ КОЮУ ЫРЫ
Кыргыздардын ырым ырларынын ичинде, асан чакырып, ат коюу ыры өтө көркөм айтылып, бөбөк эненин курсагынан жер эненин кучагына түшкөндө айыл аксакалы, же бөбөктүн атасы талаага чыгып (мейли кандай маалда болсун), асан чакырып, жер бетине, адамдарга сүйүнчү айтып, ат коёт. Ал эми ат коюу асаны жөн эле сөздөрдөн эмес, көркөм ыры түрүндө болгон. Төмөндө үлгүсүн көрүп багалы:
Аллоо акбар, аллоо акбар!
Ачпейим дайым сактаар.
Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Кең пейилге перзент берди,
Касиети бассын жерди,
Берекети баксын элди.
Көлөкөсү тапсын шерди,
Асан айтып, атын коём.
Теңир берген затын коём,
Уул болсо жоодон сактаар.
Эне эмизген сүтүн актаар,
Атаандашпай малын багаар.
Жерин айдап, данын табаар,
Атасынын мээнети кайтаар.
Алдына дулдул тартаар,
А кыз болсо — кырк жылкы;
Кийиз жасап, үйүн жабаар,
Энесинин ишин алаар.
Гүлдөй гүлдөп сайма сайаар,
Уул бекен, кыз бекен?
Ким болду экен?..
Уул экен! Уул экен!
Ааламга адам келди,
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди,
Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым!... ... Анакей отун келди!
Эмесе, атын коём:
Отун алып баксын элди! Жарыя айтам, отунчу,
Аты болсун Отунчу.
Айыл, калаа, сүйүнчү! Оо, Отунчу! Отунчу...
Аты болду Отунчу!
Калк сабына кошулчу!
КЫРКЫН ЧЫГАРГАН БАТА
Бала кырк күндүк болгондо «карын чачын» алып, кырк кишиден кырк кашык суу алып, аны киринте турган сууга кошуп ымыркайды киринтет. Ошол киринтип жатканда суу менен домдоп, төмөнкү тилек ырды айтат.
Кырк атаңдын жөрөлгөсү,
Ата-энеңдин өбөлгөсү.
Кырк уруу кыргыз ичкен суу,
Кырк атабыз кечкен суу.
Кырк ашууну ашкан суу,
Кырк томолонуп келген суу.
Кыр таштарды кырккан суу,
Кызыр атам таткан суу,
Суудай таза бол! Нурдай сулуу бош!
ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАТАСЫ
Ата-эне бала-бакырасынан ыраазы болсо, кары-картаңдар кандайдыр бир кишинин жардамына, жакшылыгына ээ болсо, чоң ыракматы чын ыкласы менен айтылган жылуу сөздөр болгон. Ошол ыраазычылыгы менен тигиге жакшылык каалап айткан. Уйкаштуу жылуу сөздөрдүн тизмеги ыраазычылык бата ыры болуп эсептелет. Ыраазычылык бата ыры ар бир адамдын чыгармачылык жөндөмү, аткаруу ыкласына жараша түрдүүчө чыгарылган. Бирок негизги мазмундай, ыктары төмөнкүдөй нускада келген.
Ак барчын, кызыл барчын,
Тилиң кызыл болсун.
Тилегиң узун болсун
Бак карасын башыңа.
Кызыр даарысын ашыңа,
Куру сайыңа суу аксын
Элиңе ишиң жаксын,
Берекет берсин ашыңа.
Кызыр келсин кашыңа,
Узун өмүр жаш берсин.
Бала-чака башыңа!
Оомийин!
МАЛ МУУЗДАГАН БАТА
Айры мүйүз, ача туяк,
Эрте бактык, кеч кайттык.
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден
Жаның кудаага, Сообуң бакканга,
Оомийин!
КОЙГО БАТА
Телегейиң тегиз болсун,
Өрүшүң семиз болсун,
Тубар малың эгиз бошсун,
Сойгон койуң семиз болсун!
Айдан-жылдан аман чыккын
Элге-журтка жаккын, Дасторкон менен пейлиңден, Шыбага, ырыс тапкын!
Оомийин!
ДАСТОРКОНГО БАТА
Меймандос, жайыл дасторкон кыргыз элинин пейлине жараша, дасторконуна аккан суудай шаркыраган ак баталар жүрүп турган. Дасторконго ар бир адам өз жөндөмү, чыгармачылык шыгы боюнча отурган жерден шар коё берип, түрдүү бата ырларын жаратат. Ошого дасторконго берген бата ырларынын түрү көп, айтылышы ар түрдүү болот. Бирок андагы айтылуулардын мазмуну дасторкон ээсине жакшылык каалап, адамдык ыракматын билдирүүгө жыйынтыкталып турат. Төмөндө кыска түрүнөн бир ырды гана көрүп багалы.
Дасторконго берекелүү аш берсин,
Кош болгондо ыйлагын,
Маңдайыңа баркыраган бак берсин.
Эли-журтту сыйлагын!
Ырыскың журттан ашсын,
Бата бердик жаш-кары,
Башыңы таштан кылсын,
Дасторконуң майлуу сүттүү болсун!
Алганың менен тең кары.
Оомийин!
КЕЛИН ЖҮГҮНГӨНДӨ БАТА
Жаңы келин кайын-журтка келгенде, отко киргенде, кайната, кайненеге жүгүнгөндө төмөнкүдөй бата ыры айтылат.
Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын!
Арканды мал, дүйнө бассын.
Кудай ынтымак, ыраа берсин,
Ызаттуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын!
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары,
Кош болгондо ыйлагын,
Кайын-журтту сыйлагын!
Ак жолтой бол, Алдың жарашсын,
Ак элечек башыңдан ообасын! Оомийин!
БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР
Кыргыздарда бала төрөлгөндө эле түрдүү ырымдарды колдонуп, эсен-аман катарга кошулушун тилек кылган. Ошол тилектерин бата ырлары менен айткан. Алар төмөнкүлөр:
ООЗАНТУУ БАТАСЫ
Быссымылла уракман урайым,
Оозуңа май салып турган умайым.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын,
Жети куйрук ашагын,
Жетимиш аша жашагын.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол!
БЕШИККЕ САЛУУ БАТАСЫ
Умай энедей болгон жоош ак байбиче оозуна боорсок тиштеп туруп, баланы жайлуу бешикке салат да, отургандар эмгекчи болсун деп, кетмен, балта, чот баштаган жети дыкты (эмгек куралдары), таар менен жык уктасын деп таарды жаап бөлөп, төмөнкү тилек батаны айтып бешикти терметкен.
Өөбай, өөбай ак бала,
Ак бешикке жат бала.
Бешигиң кептүү болсун,
Ата-энең эптүү болсун.
Энелүүдөн эрке бол!
Өмүрүң узун болсун.
Өрүшүң жайык болсун,
Тукумун журттан ашып.
Тууганың канат болсун,
Жети мүчөл жашагын.
Тартпа жоктун азабын,
Билектүүдөн күчтүү бол.
Баатыр болсоң жөлөк бол,
Баарыбызга өбөк бол!
Өөбай, өөбай ак бала,
Ак бешикке жат бала!
АСАН ЧАКЫРЫП АТ КОЮУ ЫРЫ
Кыргыздардын ырым ырларынын ичинде, асан чакырып, ат коюу ыры өтө көркөм айтылып, бөбөк эненин курсагынан жер эненин кучагына түшкөндө айыл аксакалы, же бөбөктүн атасы талаага чыгып (мейли кандай маалда болсун), асан чакырып, жер бетине, адамдарга сүйүнчү айтып, ат коёт. Ал эми ат коюу асаны жөн эле сөздөрдөн эмес, көркөм ыры түрүндө болгон. Төмөндө үлгүсүн көрүп багалы:
Аллоо акбар, аллоо акбар!
Ачпейим дайым сактаар.
Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Кең пейилге перзент берди,
Касиети бассын жерди,
Берекети баксын элди.
Көлөкөсү тапсын шерди,
Асан айтып, атын коём.
Теңир берген затын коём,
Уул болсо жоодон сактаар.
Эне эмизген сүтүн актаар,
Атаандашпай малын багаар.
Жерин айдап, данын табаар,
Атасынын мээнети кайтаар.
Алдына дулдул тартаар,
А кыз болсо — кырк жылкы;
Кийиз жасап, үйүн жабаар,
Энесинин ишин алаар.
Гүлдөй гүлдөп сайма сайаар,
Уул бекен, кыз бекен?
Ким болду экен?..
Уул экен! Уул экен!
Ааламга адам келди,
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди,
Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым!... ... Анакей отун келди!
Эмесе, атын коём:
Отун алып баксын элди! Жарыя айтам, отунчу,
Аты болсун Отунчу.
Айыл, калаа, сүйүнчү! Оо, Отунчу! Отунчу...
Аты болду Отунчу!
Калк сабына кошулчу!
КЫРКЫН ЧЫГАРГАН БАТА
Бала кырк күндүк болгондо «карын чачын» алып, кырк кишиден кырк кашык суу алып, аны киринте турган сууга кошуп ымыркайды киринтет. Ошол киринтип жатканда суу менен домдоп, төмөнкү тилек ырды айтат.
Кырк атаңдын жөрөлгөсү,
Ата-энеңдин өбөлгөсү.
Кырк уруу кыргыз ичкен суу,
Кырк атабыз кечкен суу.
Кырк ашууну ашкан суу,
Кырк томолонуп келген суу.
Кыр таштарды кырккан суу,
Кызыр атам таткан суу,
Суудай таза бол! Нурдай сулуу бош!
ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАТАСЫ
Ата-эне бала-бакырасынан ыраазы болсо, кары-картаңдар кандайдыр бир кишинин жардамына, жакшылыгына ээ болсо, чоң ыракматы чын ыкласы менен айтылган жылуу сөздөр болгон. Ошол ыраазычылыгы менен тигиге жакшылык каалап айткан. Уйкаштуу жылуу сөздөрдүн тизмеги ыраазычылык бата ыры болуп эсептелет. Ыраазычылык бата ыры ар бир адамдын чыгармачылык жөндөмү, аткаруу ыкласына жараша түрдүүчө чыгарылган. Бирок негизги мазмундай, ыктары төмөнкүдөй нускада келген.
Ак барчын, кызыл барчын,
Тилиң кызыл болсун.
Тилегиң узун болсун
Бак карасын башыңа.
Кызыр даарысын ашыңа,
Куру сайыңа суу аксын
Элиңе ишиң жаксын,
Берекет берсин ашыңа.
Кызыр келсин кашыңа,
Узун өмүр жаш берсин.
Бала-чака башыңа!
Оомийин!
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#10 15 February 2012 - 01:46
САПАРГА БАТА
Жолун шыдыр болсун,
Жолдошуң кызыр болсун.
Эр Манас менен эр Кошой,
Жолдошуң болсун!
Барган жериңде,
Күл кармасаң, күмүш болсун,
Топо кармасаң, алтын болсун!
Турган жериңе, Кетпес дөөлөт,
Кең пейил берсин! Оомийин!
КӨЧКӨ БАТА
Кыргыздар бала-бакырасынан көчсө, коңшусу көчсө, же көчкө жолукса аны бата ыры менен узаткан. Көчкө бата берген ыр мындай нускада айтылган.
Көч көрктүү бошсун, Жүк жүктүү болсун,
Унаа кабыл болсун,
Айлана адил болсун!
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун,
Келиниң келбеттүү болсун, Жер-суу, тоо-таш. Олуясы колдоп, Конушуң олжолуу болсун!
Оомийин!
Жолун шыдыр болсун,
Жолдошуң кызыр болсун.
Эр Манас менен эр Кошой,
Жолдошуң болсун!
Барган жериңде,
Күл кармасаң, күмүш болсун,
Топо кармасаң, алтын болсун!
Турган жериңе, Кетпес дөөлөт,
Кең пейил берсин! Оомийин!
КӨЧКӨ БАТА
Кыргыздар бала-бакырасынан көчсө, коңшусу көчсө, же көчкө жолукса аны бата ыры менен узаткан. Көчкө бата берген ыр мындай нускада айтылган.
Көч көрктүү бошсун, Жүк жүктүү болсун,
Унаа кабыл болсун,
Айлана адил болсун!
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун,
Келиниң келбеттүү болсун, Жер-суу, тоо-таш. Олуясы колдоп, Конушуң олжолуу болсун!
Оомийин!
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.

Супер-Инфо
super.kg
видео















