Менин алысыраак үч тайкем бар. Алардын баары Орусияда, 91-92-жылдардан бери ошол жакта. Жарандыгын да алышкан дегендей... Үчөө тең орусиялык казактарга үйлөнүштү. Алды экиден балалуу болушуп... Үй-жай алышып, жакшы турушат. Былтыркы жылы бирөөсү он жылдан бери биринчи жолу Кыргызстанга келип кетти. Аялы кыргызча анча-мынча түшүнгөнү менен сүйлөй албайт экен, анткени казак тилин билчү эмес тура... Ал эми кичинекей уулу болсо, жалгыз кыргызча билген сөзү "Ассалоому алейкум" экен. Баарыбызды күлдүрө берип, эсти оодурган. Анан үйдөн чыгышарда кичүү уулу "мен эч кайда кетпейм, эжем менен калам" десе болобу, апамды көрсөтүп... Бизге бала аябай жагып калды да, ого бетер. Атасы калтырып кетип, кайра эртеси келип алып кетти. Баягы бала ныпым кыргызча билбесе дагы, ар бирибизге орусча кайрылып, кайра анын кыргызчасын сурап, укмуш күн болгон эле... Саймедиреп Орусиядагы мектебин айтып берип, кебетеси кыргызга окшош эмес болсо дагы, окуучуларга мактанып "кыргызмын деймин" деп боорду эзген. Үйдөн кетип жатып: "Мен эмки каникулда келип, силердикинди жүрүп кетем. Эжеме көп йогурт менен машина ала келем" десе, кетиргибиз келбей, өзүбүзчө эле тууган болуп кеткенбиз...
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргызстанда кыргыз жигиттер калабы? Чет жерге иштегени кеткендер тууралуу...
#22 17 January 2016 - 20:33
Калат олкобуз онугуп оссо, экономикабыз которулсо, жашоо-шартыбыз онолсо .
#23 18 January 2016 - 12:26
Калат олкобуз онугуп оссо, экономикабыз которулсо, жашоо-шартыбыз онолсо .
Азыркы күнүбүзгө да шүгүр дейли, а то сирияда согуш, ачарчылык ж.б. ачарчылык башка жерлерде да кездешет, ал эми кыргызстанда ачарчылык эмес и бай өлкө да эмесбиз, бизде байлыка атаандашкандар көбүрөөк менимче. азыркы үйлөнүү тойлорду көрүп бай өлкөбүз деп койом айтор.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#24 20 January 2016 - 00:59
Ойлонуп тема ачсанар. Кыргыз жигит калбаса кыргыздын тукум курут болгону ошол. А мекенибизде кыргыз калбаса КЫРГЫЗСТАН деген аты очот. Уройду учурбагылачы.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео











