"Кыргыз"
этноними
«Кыргыз» этнониминин мааниси
Кыргыздардын теги
.
Кыргыздардын тарыхын башка түрк же монгол элдеринин тарыхы сыяктуу эле терең изилдеп, өз кезиндеги мыкты окумуштуу академик В.В.Бартольд(1869—1930) төмөнкү баасын жазат: .
«Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринен болуп эсептелет. Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен, азыркы убакта, сыягы, өзүнүн аты тарыхта мынчалык эрте эскерилген бир дагы башка эл жок көрүнөт».
Кыргыздардын теги жөнүндө сөз жүргөндө алардын түрк элдеринин бир бутагы экендигинде,
жалпысынан,
шек жок. Айрым европалык окумуштуулардын (К. Менгес ж. б.) кытай булактарындагы кыргыздардын сырткы өң-түспөлү тууралу үзүл-кесил кабарга негизденип,
кыргыздардын түрктөшүп кеткен элдердин урпактары катары божомолдогону да белгилүү.
.
Арийне, бүгүнкү инди-европа тил түркүмүндө сүйлөгөн калктар ар кыл расага таандык болуп калгандай эле, түрк элдеринин ата-бабасы да б. з. ч. II миң жылдыкта (алар тарыхый баяндоолордо чагылдырыла электе эле) европеоид жана монголоид расаларындагы этностордун өз ара жуурулушуу мейкиндигинде жашашкан.
Демек, прототүрк диалектилеринин биринде сүйлөгөн кыргыздар б. з. ч. II миң жылдыкта эле бул эки расанын өз ара жуурулушкан белгилерин өзүнө камтыган эл болгон.
.
Кыргыз» аты
.
Кыргыздардын өзүнө берген аты ( эндоэтноними) — «кыргыз» сөзү түрк тилдеринин гана негизинде чечмеленүүчү мааниге ээ.
«Кыргыз» сөзүн чечмелөөдө анын ар кыл варианттары бар экендигин эске алуу керек. «Элдик чечмелөө» (элдик этимология) деңгээли жана илимий чечмелөө — бири-биринен кескин айырмаланат.
Эгерде «элдик чечмелөө» ар кыл уламыштарга,
жомокторго,
сөздүн маанисинин болжолдуу жакындаштырылышына кегизделсе,
илимий чечмелөө — тилдин байыркы айтылышына негизденүү менен тарыхый чындыкты аныктоо аракети жагынан айырмаланат.
Өз элинин тарыхын терең үйрөнүүгө ынтызар адам бул эки жагдайды тең эске алышы керек.
.
«Элдик чечмелөө»
.
Эски доорлордон калган элдик чечмелөөнүн бир түрү — «кыргыз» этнониминен «кырк» деген сандын маанисин ажыратуу менен айырмаланат.
Бирлери — «кырк гуз» (кырк огуз уруусу), экинчилери — «кырк жүз» (казактын «жүз» деген уруу бирикмеси сыяктуу уруу бирикмелердин кыркы), үчүнчүлөрү — «кырк кыз» сөзүнөн келип чыккан деп жоромол кылышат.
Ошондой эле уламыштардын эң эскилеринин бири XVI к. «Тарыхтардын жыйындысы» деген маанини билдирген «Мажму ат-Товарих» аттуу фарсы тилинде жазылган ферганалык Сайф ад-ДинАхсыкендидеген молдонун эмгегинде чагылдырылган.
Өзгөндүн тоолорунда жашаган огуз урууларына айтылуу Санжар султан кол салган имиш. Бул султан деле башка бир огуздардын бийлик эгеси болгон. Бул алааматта кырк гана огуз тирүү калып, Коженттин жанындагы тоолорго барып баш калкалаган.
Аксылык молдо Сайф ад-Дин ушул кырк огуздан («кырк гуз») кийинчерээк кыргыздар келип чыккан деп эсептеген.
Ал эми айтылуу түркмөн ханы жана тарыхчысы Абу-л-Газы Бахадур-хан (XVII к.) өзүнүн «Түрк санжарасы» — «Шежере-йи түрк» деген эмгегинде кыргыздарды Огуз-хандын Кыргыз аттуу небересинин урпактары катары баяндайт. Бул түшүнүк да кыргыздарды огуз урууларынын бир бөлүгү катары эсептеген элдик уламыштар менен байланыштуу.
.
Осмонаалы Сыдык уулу
(1875—1940), Талып молдо Байболот уулу (1849—1949) сыяктуу кыргыздын бир катар санжырачылары да уламыштык Огуз ханды кыргыздардын байыркы ата-теги катары билишкен.
«Кырк кыз» менен кыргыздын ата-тегин байланыштырган уламыштардын бири төмөнкүдөй.
Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Анын кызы жана кызынын кырк кенизеги — аны дайыма коштоп жүрүүчү күң кыздары болгон. Падыша өз кызын эч кимге көрсөтпөй багып чоңойткон. Күндөрдүн биринде сейил куруп жүргөн кыздар өзөн жээгине (башка варианты боюнча — көл жээгине) барышат. Суудагы көбүктү көрүшөт. Ага таң калышып, суу чачышып ойноп, көңүл ачышат. Кийинчерээк ошол көбүк менен ойногон кыздардын боюна бүтөт. Каарданган падыша аларды ээн тоого жеткиртип таштайт. Ошол кырк кыздан туулган балдардын урпактары кийин кыргыз элин түзгөн.
.
Кытайды монголдор бийлеп турган доорду чагылдырган «Юань сулалеси тарыхы» — «Юань ши» деген кытай тилинде жазылган эмгекте да кырк кыз тууралу айтылат. Кытайлык кырк кыз илгерки бир замандарда Ус жергесине (огуздардын арасына?) — түндүк тарапка барып калган экен. Алардын Ус өрөөнүнүн эли менен болгон никесинен таралган урпактар — кыргыздар имиш. («Ус» топонимин кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур«огуз» деп түшүндүрүүгө аракеттенген).
Бул уламышты жазган кытай тарыхчысы: ки-ли-ки-цзы (кыргыз) — бул элдин тилинде «кырк кыз» дегенди туюндурат, — деп өз жоромолун бекемдөөгө аракеттенген жана «кыргыз» этнониминин өзүндө да «кырк кыз» түшүнүгү камтылган деп эсептеген.
.
Башка бир уламышта кырк кызын ээрчитип сейилдеп чыккан бир хан кызы кызыл тайганды кубалап ойношкону айтылат. Кийинчерээк алардын боюна бүтүп, кырк кыз менен кызыл тайгандан таралгандар кыргыздар болгон имиш.
Бул уламышка XIX—XX кк. кыргыз санжырачылары арданышып, аны четке кагышкан. Бирок байыркы кыргыздарды «бөрүдөн таралган» деген кытай булагында жазылган уламыш да бар. Дагы салыштырып көрсөк, кайсы бир кыргыз уруусу өзүнүн тегин бугу эне менен байланыштырса,
башкасы — багыш менен, үчүнчүлөрү — илбирс менен ж. б. тотемдик (сыйынуучу) жаныбарлар менен байланыштырышкан.
.
Казак окумуштуусу ЧоконВалиханов(XIX к.) эскергендей,
тибеттиктер да өз тегин ит менен байланыштырган.
Усундардын жана алтайлык түрктөрдүн,
кийинчерээк монголдордун уламышында да өздөрүнүн бийлик эгеси көк бөрү менен байланыштырылып (анын сүтүн ичкен же андан төрөлгөн деп) баяндалганы маалым. Кызыл тайган жана кырк кыз уламышы кайсы бир доордо айтылганын чычалабай билип жүрүү эп. Бул уламышта, демек, «кырк кыз» түшүнүгү өзөк катары пайдаланылган.
.
Ал эми кытайлык кыргыз санжырачысы Үсөйүн ажы(1916-ж. туулган) Кыргыз байыркы Огуз хандын кичи аялынан туулган Деңиз хандын урпагы болгон деген санжыралык уламышты эске алат. Арийне, өзүнүн пикирине караганда, «кыргыз» сөзү «кыр гез» («кыр киши») деген сөздөн өзгөрүлүп калган имиш. Байыркы түрктөрдүн Калач хан аттуу падышасы болуптур (чынында мындай хан болгон эмес, бирок калач, халач аттуу түрк эли болгон. — Авт.). Баласы чоңойгондо чечек чыгып, бети чаар болуп калганда Калач хан буга арданып, кырк кенизекти кошуп туруп, адам көрбөгөн тоонун арасына: «кыр гез» («кырды кезип оокат кыл») деп таштап салыптыр. Тоо мекендеген бул адамдардан (кырк кыз менен Калачтын уулунан) кийинчерээк кыргыз эли пайда болгон имиш.
Демек, Үсөйүн ажынын вариантында кырк кыз идеясы «кыр гез — кыргыз» этимологиялык жоромолу менен айкалыштырылып берилген. Анвар Байтур жазып калтырган кытайлык кыргыздардын санжыраларынын биринде Кара хандын уулу Огуз хандын жыйырма төрт небереси болгон делет. Алар бир көк бөрүнү өлтүрмөкчү болушат. Көк бөрү Теңирге жалынып, кыян, сел жүргүздүрөт.
Жыйырма төрт огуздун эң кичүүсү бийик тоого качып кетип аман калат. Бул «кыр огуздан» кийинчерээк кыргыздар тараган имиш.
.
Айтмакчы, жогорураакта айтылган «кырк кыз жана көбүк» уламышындагы «көбүк» сөзүн казак акыны ОлжасСулейменов«көбөк»,
«көпөк» («Дөбөт») сөзүнүн өзгөрүлгөн түрү деп эсептейт. Сибирдеги тоболдук татарлар да өзүнүн тегин Ак көбөк (Ак дөбөт) менен байланыштырышат.
Түрктөрдүн «ногой» этноними да монголчо «нохой» — «ит» сөзүнөн келип чыккан. Демек, кыргыздын ар бир санжыралык уламышын башка элдердин санжыралары менен да салыштыруу кызыктуу маалыматтарды жана бүтүмдөрдү берет.
Кыргыздардын айрым уруулары исламга тартыла баштаган доордо (X—XV кк.) кыргыз теги тууралу уламыштар ислам динин таратуучулар менен да байланыштырыла баштаган. Маселен, «Мажму ат-Таварих» деген жогоруда айтылган XVI к. таандык эмгекте исламдын сопу агымынын баштоочуларынын бири Шейх Мансур ал-Халлаж (өзүн «Ана-л-хакк» — «Мен — Акыйкатмын!
Мен кудаймын!
» деп жарыялаган сопу; 858—922-жж. жашаган) кыргыздардын Коженттеги бөлүгүнүн жолбашчыларынын атасы катары баяндалган.
Кыргыздын Лур-хан жана Лур-бузург (Аз-хан жана Аз-бузург) деген жолбашчылары да ушул Ана-л-хакк (Шайык Мансур) деген адамдын уулдары имиш. Кыргыз санжыраларында «Ана-л-хакк» сөзү «Аналак» деп, «Шайык Мансур аты «Шаа Мансур, «Самансур» деп өзгөрүлүп колдонулган учурлар да көп.
.
Тарыхчы Анвар Мокеев илимге белгилүү кылган XIX к. «Шажара-йи насаб-наме-йи илатийа» — «Элеттиктердин тек жайы (жана) санжырасы» аттуу автору белгисиз кыргызча эмгекте Ана-л-хакктын ысмы толугу менен Шейх Мансур Халлаж деп жазылган. Абдыкерим Сыдык уулу (1889—1938) жазып калтырган санжыралык вариантта Шамансур деген такыба адам жана анын карындашы Анал жөнүндө сөз жүрөт. Күндөрдүн биринде Шамансур бир жакка кетип калып жүргөн Аналдын артынан ээрчип, үңкүргө келет.
Ал жерде жородо отурган жаштар аны акелеп-жакелеп жатып шарап ичиришет. Шамансур кызып калат да: «Ана-л-хакк,
Мен хам хакк», — деп айта баштайт. Башкача айтканда: «Анал да акыйкат, мен да акыйкатмын»,
деген. Аны уккан молдолор: «бул өзүн Кудайга (Акыйкат — Алланын асымдарынын бири) теңеп жатат», — деп ханга даттанып айтып келишет.
Бул санжырада катачылык бар: «Ана-л-хакк» деген арабча сөз «Мен — Акыйкатмын» деп кыргызча которулат, бирок андагы «Ана-л...» бөлүгү кыздын ысымы катары айрым санжыраларда чаташтырылып айтылып калган.
Анал менен Шамансурду хан өлтүрүп, сөөгүн өрттөтүп, күлүн сууга сапыртат. Суу хан сайрайынын көлмөсүнө куюп, анын көбүгүнө хандын кырк кызы жуунуп, бойлоруна бүтөт. Ошол кыздардын отузунан кыргыздын отуз-уул (оң канат) жана онунан — он уул сол канат) бөлүктөрү пайда болгон имиш.
.
Жалпысынан,
мусулман доорундагы кыргыз санжыралары адамзаттын баарысынын ата-теги Адам атага жана Обо энеге барып такалат деп түшүндүрөт.
Адам атанын тукумдарынын бири Нух пайгамбар (библиялык Ной). Жомокто топон суудан соң Нух пайгамбардын өзү сактап калган жакындары, жан-жаныбарлар жашоосун улантат делет. Нухткн үч уулу — Хам, Сам (Сим), Йафас (Йафет) болгон экен. Түрк элдеринин мусулмандык санжырасында Йафастын уулдарынын бири Түрк болгон делет. Кыргыз санжыралары дал ошол Түрк Йафас уулунун урпактарынын бири Кыргыз болгон, демек, Кыргыздын түпкү ата-теги башка элдердикиндей эле Адам атага барып такалат деп эсептешкен.
Дал ушундай жоромол аркылуу мусулман кыргыз санжырачылары Кыргыз ата эң байыркы учурларда жашаган деген бүтүмгө келишкен.
Маселен, Осмонаалы Сыдык уулунунпикирине караганда: «Кыргыз дүйнөгө Мухаммедден — Ага бейкуттук жар болсун1 — 3400 жыл мурун келген. Азыр 4700 жыл чамалуу болуп калды», — деген бүтүмү туура көрүнгөнсүйт.
Ал эми Талып молдо Байболот уулу: «Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Огуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен», — деп санжырасына жазат.
.
Тоголок Молдо(Абдыракман Байымбет уулу; 1860—1942) жазган санжырада Нух пайгамбардын үчүнчү баласы Жапистин (Йафас) уулу Түрк. Анын сегизинчи муундагы тукуму Огузкан. Анын уулдарынын бири Кыргыз. Түрк атанын тогузунчу муундагы урпагы болгон Кыргыздан тараган эл «мындан мурун 2700 жыл чамасында дайындуу» деп баяндалган.
Айтылуу кыргыз тарыхчыларынын бири Белек Солтонкелди уулу Солтоноев(1878—1938) «Кыргыздар хижрадан (мусулман зманынан) 3400 жыл мурун чыккан Огуз хандын небересинен таралганына караганда алар эң эски улут экендигинде шек жок», — деп жазуу менен бирге 3400 деген эсепке өзүнүн күмөнү, шеги бардыгын да белгилей кеткен.
.
Тыянактап айтканда, «кыргыз» сөзүнүн жана «кыргыз» тегинин келип чыгышы тууралу элдик чемелөөлөрдү,
ар кыл уламыш, аңыз, жомокторду билип жүрүү пайдалуу. Бул уламыштар кыргыздардын ата-бабалары өз тарыхына дайыма кызыгып жүргөндүгүн айгинелейт.
Алар санжыралар аркылуу өз уругун, уруусун гана чечмелебестен,
кыргыздын , түрк элдеринин жана жалпы адамзаттын пайда болушунун башаты тууралу ой жорутуп келген. Демек, алар дүйнө тарыхынын, анын ичинде кыргыз тарыхынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү санжыра аркылуу чагылдырган мазмунун муундан-муунга алып жүрүшкөн.
Бирок бул «элдик чечмелөө» менен эле «кыргыз» сөзүнүн келип кыгышы тууралу маселени чектеп койо¸ албайбыз.кыргыздар б.з.ч 675-ж пайда болгон
Илимий чечмелөө аракеттери
«Кыргыз» этнонимин илимий чечмелөөнүн өзгөчөлүгү — кыргыздардын болжолдуу ата-теги сыяктуу уламыштарга таянылбастан,
түздөн-түз «кыргыз» терминин ар кыл бөлүктөргө (компоненттерге) «жиликтеп» ажыратып түшүндүрүүсүндө болуп саналат. Бул жоромолдун ынанымдуулугу анын илимий негизи лингвистикалык (тил илимине тиешелүү), ономастикалык (энчилүү аталыштарды изилдөө илимине тиешелүү) өзөгүнүн туура же калпыс иргелишине байланыштуу.
XIX к. бурят илимпозуДоржи Банзаров(1822—1855) «кыргыз» этноними «кырк» санынан жана көпчүлүк санды түшүндүрүүчү «-ыз» куранды мүчөсүнөн турат деген жоромолун жазган (1840). Бирок «кырк» термини өзү эле санды көрсөтүп турса, ага да көпчүлүк санды билдирүүчү куранды мүчө кошулмак беле дешип, анын жоромолуна башкалар макул болбоду.
Ал эми академик Василий Васильевич Радлов(Фридрих Вильгельм Радлофф, 1837—1918) өз эмгегинде «кыргыз» этноними «кырк» санынан жана «йүс» («жүз») санынан жалгашкан деген пикирин билдирет.
.
Өзбектердин көчмөн урууларынын бири болгон кырк-мен-йүз уруусу эки бутактан — кырк менен йүз уругунан турганын, Алтайдагы түрк урууларынын ичинде да йүс уруусу бар экендигин, казактардын үч ордосу өз алдынча улуу, орто, кичүү жүздөргө бөлүнөөрүн Василий Васильевич Радловучкай эскерте кетет.
.
Башкыр чыгыш таануучусу,
профессорАхмед Зеки Велиди Тоган«кыргыз» этнониминин байыркы түрү «кыркыр» же «кыркер» болсо керек деп түкшүмөлдөйт.
Каракалпак этнографы жана адабиятчысы Давлен Айтмуратовболсо дароо эки вариантты сунуш кылат: биринде «кыргыз» сөзүнүн уңгусу «кыра-гыз» — «кара эл»; «кара чачтуу эл» деген эң байыркы түшүнүктөн чыкса керек десе, экинчисинде «гыз» деген акыркы муунду фарсы тилиндеги «гис» — «өрүлгөн чач» дегенди туюнтуусу мүмкүн дейт. Албетте, бул жоромол да жасалмалыгы менен айырмаланат.
Тарыхчы Константин Иванович Петров(1920—1988) «кыргыз» этноними байыркы түрктөрдүн «кыргу —кырыг» (т. а. «кызыл») деген сөзүнө көпчүлүк санды туюнтуучу «-ыз» мүчөсүнүн уланышынан келип чыккан деп (1964) түкшүмөлддөгөн.
К. И. Петров сунуш кылган «-ыз» деген мүчө көптүк сан эмес, жуптук санды (маселен, «эгиз» сөзүндө) туюндурган деп аны түрколог Николай Александрович Баскаков сынга алат. Бирок К. И. Петровдун «кыргы—кырыг» сөзү «казыл» түстү туюндурган деген пикирин Н.А. Баскаков колдоого алат. «Мында түс аркылуу дүйнөнүн төрт тарабынын бири элестүү берилиши мүмкүн эле» деген жоромолдоого жетеленип, Н. А. Баскаков «кыргыз» этнонимин «кырыг»+ «огуз» — кызыл огуздар, т. а. түштүк огуздар (же батыш огуздар) деп түшүндүрүүгө аракет кылат.
Кийинки жоромолдокызыл түс аркылуужердин багыты аныкталат (түштүк же батыш багыттагы жер).
Ал эми академик Андрей Николаевич Кононов (1906—1986) болсо «кырыг» (кызыл) түстү жер багыты менен эмес элдин антропологиялык өзгөчөлүгү,
кебете-кешпири,
жүзү менен байланыштырууга аракет жасаган (1970). Чынында да куу кижи (сары киши) деген алтайлык уруу бар, сары уйгур деген эл бар. Түрк элдеринде этноним түс менен байланыштырылган мисалдар арбын.
Ушундан улам, А.Н. Кононов сары чач, албырган жүз, көзү көк болгон байыркы кыргыздардын сырткы кешпири «кыргын» — «кыргыт» — «кыргыз» түрүндөгү элдик аталышка шарт түзгөн деген пикирди карманат. Анын оюнча «кыргын», «кыргыт», «кыргыз» сөздөрү бир эле маанини — «кызылдар»,
«албырган жүздүүлөр» дегенди туюнткан. Демек, мында «кыргы» («кызыл» компонентине кошулуп айтылган «-ын» (вариант: «-ыт», «-ыз») мүчөсү тек гана жалпылоочу маанини берген мүчө эле.
XX к. 50—80-жж. окумуштуулардын айрымдары «кыргыз» этнонимин мурдагыдай «кырк» саны менен эмес, түс менен түшүндүрүүгө умтулганы жогорку мисалдардан көрүнүп турат.
Түстү саясий мааниде пайдалануу азыр да бар экени төмөнкү мисалдан айгинеленет:
«жашылдар» деп азыркы кезде табигатка астейдил мамиле жасоону, экологиялык тең салмактуулукту сактоону же калыбына келтирүүнү мүдөө кылган адамдардын уюмдары аталат.
Чынында бул адамдар ар кыл расага таандык, кебете-кешрирлери түк дагы жашыл түс менен байланышта эмес.
Демек, илимий түшүндүрүү аракеттерди да «кырк огуз», «кырк эр», «кырк уруу» деген жоромолдордун тобунан жана «кырк» санынын ордуна прототүрк тилинин болжолдуу «кырыг» («кызыл түс») сөзүнө байланыштырылган жоромолдордун тобунан турууда.
.
Тыянак
.
Бул макалада тигил же бул илимий жоромол баарынан өзгөчөлөнүп,
баарынан чындыкка жакын турат деген пикирди таңуулабайбыз.
Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин жана Токторбек Өмүрбеков эскерткендей,
«Кыргыз» этноними түрк тилдеринин негизинде гана этимологиялык жактан (түпкү, башаттык аталышын табуу өңүтүнөн) чечмелениши акыйкытка төп болоор эле.
Кыргыз элинин тарыхы, Эне-Сай кыргыздары Кыргыздардын тарыхы откон жашоосу
#2 15 March 2014 - 05:01
Улуу Кыргыз дөөлөтү
(кагандык)
.
Улуу Қырғыз Дөөлөтү- 840-925-жылдарда Ички Азияда өкүм сүргөн кубаттуу көчмөн кыргыз каганаты.
Байыркы түрк элдеринин бири Экинчи Түрк кагандыгы начарлагандан кийин уйгурлар, карлуктар басмылдардын биргелешкен күчтөрү аны талкалаганда, көчмөндөрдүн жаңы талаа дөөлөтү Уйгур кагандыгына тийген эле.
8 кылымда Борбордук Азияда үстөмдүк уйгурлардын колунда эле. Уйгурлар эзелтеден бери Борбордук Азиянын талааларында жашаган. 745-840-жж. Уйгур каганаты абдан күчтүү мамлекет болгон. Анын күчтүү мезгилинде Кытай мамлекети дагы жыл сайын салык төлөп турган.
.
Кыргыздардын өздөрүнүн күчтөрүн ал убакта Жети-Сууну ээлеп алышкан Карлуктар менен Чиктер жана түрк урууларынын калдыктары менен Уйгур кагандыгы Элетмиш Билгеге каршы күрөшүү үчүн бириктиришкен (747-759). Түрк бектеринин арасынан чыккынчылар чыгып Элетмиш Билгеге эскертип коюшат. Ал чечкиндүү арекет кылып союздаштарды жалгыздап талкалаган 758-жылы уйгурлар Ортоңку Энесайдагы кыргыздардын өлкөсүн басып алышат. 795-жылы кыргыздар уйгур каганатына каршы көтөрүлүшкө чыккан. Бирок жеңилип калган. Кыргыз Ажолору өч алуу максатында 25 жыл бою өз күчтөрүн топтошкон.
9 кылымдын башында Уйгур кагандыгы мурдагыдан бошоңдоп калган эле. Анда ич-ара чыр-чатактар күч алып ички-саясий абал абдан начарлаган. Бул учурдан кыргыздар дароо пайдаланып, уйгурларга каршы согушуга даярдана баштаган. Кытай булактарынан төмөнкүлөрдү окууга болот. .
Кыргыз каганы өзүн Ажо деп жарыялап, аялын ханыша деп жарыялаган. Бул кыргыздардын тарыхындагы 820-жылы болгон. Ошол мезгилде Карлугдардын колдосуна ээ болушкан. Кыргыздар өздөрүн Уйгур кагандыгынан көз карандысыз деп жарыялап, Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга умтула башташкан. Бул мезгилге чейин Кыргыз кагандыгы узакка созулуучу согуштарга атайын даярдыктардан өтүшкөн. Аскердик административдик системаны түзгөн. Ажо Сибирь элдерине бир нече жолу жортуул жасап, мамлекеттик чек арасын бир кыйла кеңейткен.
.
Ошол мезгилде кыргыз Ажосу уйгурлар менен каршылашкан арабдар, тибеттиктер, кытайлыктар жана Теңир-Тоолук Карлук мамлекети менен дипломатиялык байланыштарды түзө алган. .
820-жылы кыргыз Ажосунун өзүн Каган деп жарыялашы Уйгур каганына согуш жарыялаганга барабар болгон. Уйгурлар Кыргыз ажосуна кыр көрсөтүү максатында Энесайга аскерлерин жиберет, бирок Уйгур аскерлери жеңилип калышат. Согуш андан ары уланып 20 жылга созулат. Кыргыздар бул согушта басымдуулук кыла баштаган.
Кыргыз ажосу Уйгур каганына мындай деген кат жиберет «Сенин тагдырың бүттү, мен жакында сенин алтын Ордоңду аламын, анын алдына атымды байлап өзүмдүн туумду илемин. Эгерде мени менен алышкың келсе дароо келгин эгерде алыша албасаң тезинен жогол». Согуштагы жеңилүүлөр Уйгур кагандыгынын ич-ара күрөштөрүн күчөткөн. 840-жылы кар калың жаап мал кырылып, ачарчылык жана жугуштуу оруулар күчөгөн. Ушул жылы Кыргыздардын ажосу Уйгурлардын борбор шаары Ордо-Балыкка 100 миң аскерин жиберип, уйгурлардын борбор шаарын алган. Уйгур каганы салгылашта курман болгон, уйгурлардын калганы Байкалдын ары жагына Чыгыш Түркстанга качып кетишип өздөрүнүн жакшы жерлерин жана кең байлыктарын кыргыздарга калтырууга мажбур болушкан.
.
Энесайлык кыргыздар уйгурларды куугунтуктап отурушуп Чыгыш Түркстанга басып киришет. Кыргыздар уйгурлардын шаары Анси жана Беш-Балык шаарларын алышат. Андан ары Теңир-Тоо менен Жети-Сууга чейин жеткен. Ошентип, IX кылымдын орто ченинде Уйгур кагандыгынын ордуна «Улуу Кыргыз державасы» пайда болгон.
.
Улуу Кыргыз державасынын аймагы чыгышта Курыкандарга (Гулиганиге) чейин түштүктө Тибеткечейин, түштүк-батышта Жети-Сууга чейин созулуп жаткан. Радловдун пикири боюнча, кыргыздардын ханы 970-жылы гана Энесайдагы өзүнүн мурунку Ордосуна кайтып келген. 924-жылы кытайлардын Орхонго жортуулу жөнүндө баян кыргыздар 970-жылга чейин Моңголияда же анын эч болбосо бир бөлүгүндө болушу жөнүндө күмөндөнүүгө мажбурлайт.
.
Кытай жазма булактарына караганда, Кыргыз мамлекети дашилер (ал убакта арабдарды атагандай тажиктер), туфандар (тибеттер) жана гелолу (карлуктар) менен дайыма достук байланышта болгон. Кыргыздардын арабдар, тибеттер жана карлуктар менен достугу жөнүндө баяндан кыргыздар ал тугул державалык доорунда да Орто Азиянын батыш бөлүгүндө болуп жаткан согуштарга кийлигишпегендиги жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет.
Белгилүү бир мезгилге чейин алардын душмандары уйгурлар гана болушу мүмкүн, анткени алар 860-жыл менен 873-жылдын ортосундагы мезгилинде азыркы Кытай Түркстанын Кара-Ходжа (азыркы Турфандын жанында) жана Бешбалык (кытайча Бейтин, азыркы убактагы Гучендин жанында) шаарлары менен кошо басып алган болчу.
IX кылымда жазган Гардизиден тышкары, хижранын 372-жылы, б.а. 982-же 983-жылы перс тилинде жазылган «Дүйнөнүн чектери» (Худуд ал-алам) деген автору белгисиз эмгек кызык маалыматтарды берет. Кийинчерээк бул эмгек орус илимий адабиятында адетте «Туманскийдин кол жазмасы» деген ат менен белгилүү. Бул булакка караганда, кыргыздар тугузгуздардын түндүк гана эмес, батыштагы коңшулары да болгон. Анын эсесине кыргыздар башка Жети-Суулукэки элдин – чигилдер менен тухсийлердин кошуналары катары аталган. Чигилдер Ысык-Көлдүнтүндүк жээгинде, түргөштөрдүн бир бөлүгүн (түргөштөрдүн башка канаты катары жогоруда аз эли аталып кетти) түзгөн тухсийлер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган.
Кыргыздар өздөрүнүн Улуу державалык доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен. Муну Гардизинин жогоруда келтирилген сөзүнө караганда, тугузгуздардын аймагынан Энесайдагы Кыргыз каганынын ордосуна чейинки жол Көгмен тоолорунан же Саян тоо кыркаларынан төндүккө карай 7 күндүк жолду ээлеген. Арабдардын элестетүүсү боюнча кыргыздар ээлеген жер чыгышта океанга чейин жеткен.
Кыргыз падышасы кыргыз хаканы (каган) деп аталган. Алар жоокердиги менен айырмаланып, коңшулары менен согушуп, кастыкта бөлгөн. Алардын арабалары (же кайыктары), койлору, уйлары жана жылкылары бар, алар суу, жайыт жакшы аба ырайын жана шалбааларды издеп көчүп жүрүшөт. Алар отко сыйынып өлгөндөрүн өртөшөт, чатырларда жана кепелерде жашап мергенчилик менен кесип кылышат. Алардан чыгышты карай кыргыздардан чыккан фури деген эл бар. Алар башка кыргыздар менен аралашпайт. Алардын тилин башка кыргыздар түшүнбөйт. Кыргыз каганы жашаган шаар Кемижкет деп аталат. Кыргыздардын кагандыгында кыштак да, шаар да жок. Хакан жашаган жердегилерден башканын баары чатырларда жашайт.
Кытайлар мындан тышкары өлүк өрттөлгөндөн кийин калган сөөктөрдү бир жыл өткөндөн кийин жерге көмүшөт деп айтышат. Түрктөрдөн айырмаланып кыргыздар адам өлгөндө бетин тытпайт. Өлгөндөрдү өрттөө жөнүндө маалыматтарда Гардизи кыргыздардын пикири боюнча от эң таза нерсе жана аркандай ыпыласты жок кылат деп кошумчалайт, ошентип өлгөн адам ыпыластан жана күнөөдөн от менен тазаланган. Башка кыргыздардан айырмаланып, фури эли өздөрүнүн өлгөн адамдарын тоого алып барышып, ал чиригенче дарактарга калтырып кетишкен.
Бирден-бир кыргыз шаары же кыштагынын аты жөнүндө болсо, бул аттын Кытай транскрипциясы Иакинфтин окуганы боюнча – Мидичжы, Шоттун окуганы боюнча – Мидичжита.
10кылымдагы автор Абу Дулаф кыргыздардын турмушун бир кыйла жакшы сүрөттөйт. Бул баянда кыргыз жазмасы жөнүндө эске алынгандыгы кызык, бул жөнүндө Тан-шуда да айтылган, мында кыргыздардын «жазмасы жана тили уйгурлардыкына абдан окшош» деп белгиленген. Сөз ошол убакта уйгурлардын арасында таркай баштаган жана кийин моңголдор кабыл алган алфавит жөнүндө эмес, андан байыркы жазуулар жөнүндө болуп жатат, орхон жазууларын ачуунун аркасында аны окуу үчүн ачкыч табылган эле.
Моңголияда кыргыздардын үстөмдүгү кыска убакытка созулгандыгына карабастан, кыргыздар жөнүндө эскерүүлөр моңголдордо ушул убакка чейин сакталып калган, балким Моңголияны моңголдор ээлеп алганга чейин бул өлкөдө жашаган жана үстөмдүк кылган акыркы эл кыргыздар болгондугуна байланыштуу ушундай болушу ыктымал.
Рамстед Селеңга менен Орхондун ортосундагы ушундай «кыргыз» көрүстөндөрү жөнүндө эске салат, мындагы эстеликтердеги жазууларда VIII кылымдагы Уйгур кагандарынын биринин падышачылыгы жөнүндө айтылган. Кыргыздар Моңголияда үстөмдүк кылган акыркы түрк эли болгон. Ошентип, түрктөрдун жоктугунан моңголдук тектеги элдер пайдаланып кеткен. Буга «фури» тили башка кыргыздар үчүн түшүнүксүз болгондугун Туманскийдин кол жазмасындагы сөздөр көрсөтүп турат.
Ошол убакта атүгүл Энесайдын жогору жагында, кыргыздардын түштүк жагында моңгол тегиндеги ойрот эли жашаган, алардын тили Чыңгыз хандын моңголдорунун тилинен диалектилик жагынан гана айырмаланган. Бул жерде эки тил – түрк жана моңгол тилдери канчалык аралашып кеткендиги жөнүндө Рашид-аддиндин сөздөрүнөн көрүнүп турат, мында Энесайдын жогорку бөлүгүн түзгөн дарыялар Сексиз-мүрөн (Сегиз дарыя) деп аталат. Азыр бул жерде моңголдордун катуу таасиринде болушса да түрктөр жашап тургандыгы белгилүү.
Кыргыз-Кытай (Тан) мамилелери
Кыргыздар 840-ж. Уйгурлардын борборун алганда ал жерде Уйгур каганынын кытайлык ханышасы Тайхени колго түшүрүп, кошундардын коштоосу менен аны кайра Кытайга жөнөткөн. Бул кошунга уйгурлардын Уге каганы кол салып, ал ханышаны кайра туткунга түшүрүп алат, ханыша уйгурлардын туткунунан 843-жылы гана бошотулат. Кытай императорлору адегенде жаңы туушкандарын өз тектеши катары эсептегиси келген. Анткени Хуннулардын мезгилинде Кыргыз ээлигинин башкаруучусу болгон Ли Лин чыккан Ли уруусунан Тан династиясынын өкүлдөрү дагы чыгышкан эле. Бирок император Сюань-цзунда (847-859) «Хагас Тандардын тукуму менен теңелүүгө кудуретсиз чакан уруу» деген жыйынтык чыгарышкан. Уйгурларды жеңип чыккан хан 847-жылы эле, башкача айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы өлгөн, Тан-шуда анын эң жакын ордун басуучусунун аты жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки Кыргыз хандары жөнүндө эч кандай маалыматтар айтылган эмес.
.
Аскердин иш
.
8 кылымдын башындагыга караганда бир кыйла көп материалдык жана адам ресурстарына ээ болгон көз каранды элдер өздөрүнүн аскерлерин кыргыз курамына кошууга милдеттүү болчу. Администрациянын жана аскер күчтөрүнүн башында Ажо турган. Ага 3 бий жана ар кыл баскычтагы чиновиктер баш ийишип 6 бөлүккө бөлүшкөн. Туруктуу аскерлерден куралган атчандар гвардиясы болгон. IX кылымда кыргыздар көз каранды уруулардын түзгөн аскер күчтөрүн эсептегенде 100 миң аскери болгон.
.
Термин
.
«Улуу Кыргыз державасы» деген түшүнүктү илимге академик В.В.Бартольд өз аныктоосу менен кыргыздардын Борбордук Азиянынкеңири аймагын камтыган империялык мезгилине карата эң алгач колдонгон. Ал Энесай кыргыздарынын тарыхын өз изилдөөлөрүнүн негизинде 1927-жылы жазган «Кыргыздар. Тарыхый очерк» деген китебинде кеңири чагылдырган.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#3 15 March 2014 - 05:03
Барсбек кыргыздардын каганы
.
7-кылымдын аягы - 8-кылымдын башында кыргыздардын Енисейдеги мамлекети коншуларын олуттуу эсептешууго мажбурлаган. Анын башында Барсбек ажо турган. Анын урматына жазылган эпитафиядагы маалыматтар боюнча ажо байыркы кыргыздын башкаруучу династиясынан чыккан, атадан эрте ажырап жетим болуп калган, торт бир-туугандары болуучу, тайгандар менен ан уулоону жакшы коргон.
Барсбектин уруусу Умай-эненин озгочо колдоосунда деп эсептешкен жана анын туугандары сейрек кездешуучу Умай бег аттуу наам алып журушчу. Барсбек Борбор Азиядагы саясий кырдаал татаал кезде кыргыздарга башчылык кылган. Ушу кезде Орхон турктору (Монголияда) Тан империясынын эзуусуно каршы которулушко чыккан.
Алар кытай жоокерлерин ошондой эле алардын союздаштарларын бир нече ирет женип чыгышкан. Натыйжада, Ашина династиясынан чыккан Кучлуг башында турган турктор Экинчи Турк кагандыгын тузушот. Кыргыздар, башка элдер сыяктуу эле устуртон болуп турган кытай бийликтин ордуна аларга устомдук кыла турган кучтуу олконун болушун каалаган эмес.
Алар Баз каганынын курыкандар, тогуз огуздар, татарлар, кытайлар менен чогулуп, Тан империянын союздаштары болуп чыккан. 688-жылы чыгыш турктор Баз кагандын коалицияларын талкалап, бут бойдон талаанын ээлери болуп калат.
Кыргыздар ушул салгылашууга катышышкан эмес, ошол себептен оздорунун жоокерлерин сактап калат. Барсбек ажо Турк кагандыгынын тундук чегараларындагы туркторго каршы кучторго башчылык кылып, ушундан коп отпой эле Барсбек Ынанчы Алп Билге деген наамын каган титул менен кошо кабыл алган.
Турктордун каганы Капаган (693-716-ж.) кыргыздардын коркунучун жоюуну чечет. Билге башчылык кылган турктордун Енисейге жасаган биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктайт. Аскерлер кыргыздардын чегарасына жеткен кезде токтотулуп жана тынчтык келишими тузулгон. Келишимге ылайык, Капаган Барсбекти каган деп билип, ага оз жээнин аялдыкка берген. Ушул келишим Барсбек каган Ынанчы Алп Билге абалын бекемдеген.
.
8-кылымдын башында Барсбек туркторго каршы жигердуу тышкы саясатты жургузгон. 707-709-ж. ал ошол кезде турктор менен салгылашып аткан Кытайга эки элчилик жиберген. Туркторго карама-каршы союзду уюштуруу, Барсбектин дипломатиялык демилгеси, Тургош кагандыгына да тараган.
Чуй ороонундогу тургошторго Эзгене кол-башчылык кылган элчилик жиберилет. 709-ж. Барсбек туркторго каршы кубаттуу коалицияны тузгон. Ага Тан империясы жана Тургош кагандыгы кирген. Бул биримдикке Тибетти тартуу учун ал жакка таланттуу элчиси Эрен улукту жоноткон.
Турк кагандыгынын корунуктуу жана саясий аскер ишмерлеринин бири Тон-Йокуктун эстелигинде томондогудой маалыматтар бар: «Табгач (кытайлык) каган биздин душман болчу. Он ок (тургоштордун) каган дагы биздин душманыбыз. Бирок эн чон биздин душманыбыз кыргыздардын кучтуу каганы».
Турктор кутпостон союздаштарга биринчилерден болуп кол салып, жалгыздап талкалоону чечишет. Алар биринчи чабуулду эн коркунучтуу душман эсептелген кыргыздардан баштаган. 709-ж. турктордун кошууну Енисейдин баш жагынан кечип отуп, кыргыздарга союздаш чик, кичи урууларды талкалап, Туваны ээлеп, аны кыргыздарга чабуул коюу учун плацдармга айландырышкан.
Кыргыздар Тувадан Енисейге капчыгай менен кеткен негизги жолду бийик кырка менен тосуп койгон (ушул убакка чейин анын калдыктары сакталып калган). Барсбек Саяндагы башкы маанилуу ашууларды ээлеп, жуз пайыз коопсуздук камсыз кылдым деп ойлонуп, союздаштардын жардамын кутуп калган.
Бирок тургоштор да, кытайлар да оз чек араларын бир гана коргоо менен чектелишкен. Ал эми турктор Саян кырка тоосундагы кыргыздар корголоп туруучу жолдорду тегеренип отуп, кышкы бороон-суукка карабай татаал жол аркылуу отууну чечишет. Бул жортуулга турктордун келечек каганы Билге ошнодой эле анын бир тууганы Кул тегин катышкан, бирок ага иш жузундо Тон-Йокук башчылык кылган.
710-711-ж. кышында алардын аскерлери кыргыздарды кутулбогон жерден каптап киришкен. «Биз кыргыздарга уйкуда жатышканда кол салып, жолду найза менен салдык» деп байыркы турктордун жазма эстелигинде эскертилген.
Кыргыздардын негизги кучтору талкаланып, Барсбек аман калган колун Сунга токоюна (азыркы Хакасияда) топтоп, ожорлук менен каршылык корсотту. Айыгышкан чон салгылашуу 1 жумага созулуп, кыргыздар толук кыйратылган. Барсбек бетме-бет салгылашууда каза болгон. Ага ошол жерге эпитафия коюлган.

#4 15 March 2014 - 05:04
Барсбек каган
.
Барсбек(Барс- бег Ынанчу алп Билге) – VIII к. башында Эне-Сайдагы Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу.
Кыскача өмүр таржымалы
VII к. аягында – VIII к. башталышында кыргыздардын Эне-Сайдагымамлекети коңшуларын олуттуу эсептешүүгө мажбурлаган. Анын башында Барсбек каган турган.
Барсбек кагандын тушундагы өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы.
Сөз кыргыздардын байыркы тарыхындагы эң чоң "ак тактардын" бири тарыхты жаратышкан инсандар жөнүндө, алиге чейин белгисиз калып жаткан кыргыз элинин баатырлары жөнүндө маалыматтардын дээрлик толук жок экендигинде. Башка тилдеги бир дагы байыркы же орто кылымдардагы тарыхый булакта кандайдыр бир кыргыздын жеке ысмы так эскергилген эмес.
Түрк элдери (алардын ичинде кыргыздардын өзүлөрү да) жазууну үйрөнүшкөнгө чейин ушундай болгон. XIX к. экинчи жарымында орус илимпоздору Энесайдан табылган руна сымал жазууну окушкан. Бул жазуу VIII к. башында кыргыздар жана аларга туугандаш, бирок кас түрктөр тарабынан жазылып, анда кыргыздардын каганы Барсбек жөнүндө айтылган. Бул жазуу булагында кездешкен биринчи кыргыз ысымы эле.
Барсбек Ынанчу Алп Билге каган VIII кылымдын башында Энеcайдагы кыргыз каганатынын башкаруучусу.
Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен Улуг деген элчиси баш болгон өкүлдөрүн Тибетке жиберген.
Барсбек 711-ж. түргөштөрдүн башчысы Сакал каган менен бирдикте Экинчи Чыгыш түрк каганатына каршы урушка даярданган, бирок Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы Капаган тезинен Көгмөн тоосун ашып, Барсбектин ордосуна кол салган.
Барсбек 711-ж. Суңга чер-токоюнда болгон согушта курман болгон.
Кийин бул ысым терең изилденмек тургай, кайдыгерлик менен жөнү жок эстен чыгарылып ташталган эле.
Биз ал тууралуу маалыматты совет доорундагы "Кыргыз ССР тарыхынан" алгачкы үч басылышынан таппайбыз. Барсбек тууралуу "Кыргыз ССР тарыхынын" төртүнчү басылышында гана кыскача эскертилген.
Анын урматына арналып жазылган эпитафияга ылайык Ажо Барсбек байыркы кыргыздардын башкаруучу династиясынан чыккан, атасынан эрте жетим калган, төрт бир тууганы болгон, тайган менен аң уулоону аябай жакшы көрүүчү.
Барсбектин уруусун Умай-эненин өзгөчө колдоосунда деп эсептешчү. Анын туугандары сейрек кездешүүчү Умай-бег деген наамды алып жүрүшчү. Барсбектин агалары да инилери да болгон.
Татаал тышкы саясий кырдаалдын шарттарында кыргыздардын мамлекетиндеги биринчи орунга ал өзүнүн асыл сапаттарынын аркасында көтөрүлгөн жана Борбордук Азиядагыэң татаал саясий кырдаалда кыргыздарга башчылык кылган.
Барсбек тууралуу маалымат
Түрк каганаты доорундагы кыргыздардын каганы Барсбек тууралуу китептерде, макалаларда окшош ойлор жазылып келет. Айрымдар, анын доору менен "кыргыздардын жылдыздарга жеткен сааты" деп аталган Кыргыз каганатынын доорун чаташтырып жүрүшөт. Чындыгында, Кыргыз каганаты 840-жылы Барсбек өлгөндөн 129 жыл өткөн соң түптөлгөндүгү анык.
рит
Барсбектин доорундагы окуялар
Түрк каганаты доорунда жазылган Орхон-Енисей жазууларында Барсбек тууралуу маалыматтар бар. Анда Барсбек Түрк каганаты экиге: Батыш жана Чыгыш каганаттарына бөлүнгөн соң, андагы Чыгыш Түрк каганатынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүп, кыргыздарды жетектеген тарыхый инсан болгондугу айтылат. Ал кезде кыргыздар Барсбектин жетекчилигинде Чыгыш Түрк каганатына каршы түргөштөр, кытайлар менен биримдик түзүшкөн. Муну баамдаган Чыгыш Түрк каганы Капаган кыска мөөнөттүн ичинде Көгмен (Саян) тоолорун ашып түшүп, Барсбектин ордосуна кол салган.
711-жылкы окуя
Жогоруда баяндалган кол салуу 711-жылы болгон. Бул тууралуу Монголиядагы Орхон суусунун өрөөнүнөн табылган ташка чегилген жазууда төмөндөгүдөй баяндалат:
"Атыбызды жөө жетелеп, тоонун кырына чыктык... Токой каптаган чоку аркылуу аштык. Эбегейсиз кыйынчылык менен кайра төмөн түшүп, кыргыздарды чочутуп албас үчүн, көчкүлөрдү айланып өтүп, тоо этектеп жүрүп отурдук..."
Ушул окуяга чейин, кыргыздарды Түрк каганаттарына баш ийдириш үчүн, түрктөр Барсбекти өздөрүнө ийгерүүнүн амалын издешкен.
Натыйжада канзаада Күлтегиндин карындашын Барсбекке зайыптыкка беришкен.
Монголияда сакталган ташка чегилген жазууда мындай делет:
"Барсбек эле, каган атын мында биз бердик, ага сиңдими (карындашымы) зайыптыкка бердим. өзү жаңылды... Каганы өлдү, эли күң менен кул болду. Сүңгүштүк, найзалаштык эли менен".
Чыгыш Түрк каганаты жана кыргыздар
Орхон-Энесай жазууларындагы Тонүкүккө арналган эстелик жазууда: "Табгачтын каганы, он ок ( түргөштөр) каганы биздин душманыбыз болгон. Баарыдан өткөн душманыбыз кыргыздын күчтүү каганы болгон", - деген маалымат кездешет. Барсбек кыргыздарды сайдан, кырдан жана тоону байырлаган аймактардан чогултуп, эл кылып, ошол элдин өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн.
Барсбектин өлүмү
711-жылы Чыгыш Түрк каганаты кыргыздарга күтүүсүздөн кол салып, Сунга токоюндагы кызыл кыргында Барсбек курман болгон. Анын сөөгүн кыргыз салты боюнча урмат-сый менен коюуга мүмкүн болгон эмес. Ошентип, кыргыздар Экинчи Чыгыш Түрк каганаты кулаганга (745-ж.) чейин азаттыгынан кол жууп, букаралыкта жашап калышкан.
Барсбектин кыргыз тарыхында ээлеген орду
Барсбек орто кылымдардын эрте мезгилинде Эне-Сайды жердеген кыргыздардын башын бириктирип, алдуу-күчтүү, эркин мамлекет курууну көздөгөн.
Ички Азия аймагын камтыган, азыркы кыргыздар мекендеген чөлкөм Батыш Түрк каганатына, ал эми ата-бабаларыбыз байырлаган чөлкөм Чыгыш Түрк каганатына карап турган кезде Барсбек Түрк каганатынакаршы саясатын жигердүү жүргүзгөн.
Барсбектин эли ал кезде бодун деп аталган, бул алардын ички биримдиги бар экендигин көрсөтүп турат.

#5 15 March 2014 - 05:06
ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ТУРМУШУ
.
Энесайдагы кыргыз мамлекетинин калкы комплекстүү чарба жүргүзүшкөн. Малчылык, дыйканчылык, тоо-кен иштетүү, балык уулоо, аңчылык өнүккөн. Буудай, таруу, арпанын эки түрүн (сортун), кара куурай айдашкан. Эгинди арыктардын жардаыы менен сугарышкан. Унду жаргылчак менен тартышкан. Айыл-айыл болуп жашашкан. Үйлөрү сегиз кырдуу жыгачтан тургузулган же жарым жертөлөлөр болгон. Короо-жайлары дубал менен курчалган. Мал чарбачылыгы бадачылык жана көчмөн түрүндө өнүккөн. Жылкыларды, төөлөрдү, уйларды, койлорду багышкан. Байларында алар миндеп саналган. Малдын бир бөлүгүн колго багыш үчүн чөптү көп даярдашкандыгын ал жерлерден көп табылган ийри чалгылар далилдейт. Тоо-токойлуу жердегилер бугу, элик, кара куйруктуу текелерди өстүрүшкөн. Териси баалуу айбанаттарга ан уулашкан, балык кармашкан. Канаттуулардан жапайы өрдөк, каз көп болгон. Кыргыздардын жашаган жеринде кызыл карагай, кайың, илем, тал өскөн. Карагайлар ушунчалык бийик болгондуктан жаадан атылган жебе чокусуна жетпей калчу. Кайыңдын көп өскөндүгү тарыхый булактарда көп эскерилет.
Кыргыздардын адистештирилген бөлүгү кен издөө менен алектенишип, темир, жез, алтын, күмүш, калай, мышьяк өндүрүшкөн. Темир усталар зергерлер жогорку сапаттагы ар кандай буюмдарды жасашкан. Кыргыз усталары өзгөчө курал-жарак жасоо боюнча даңктанышкая.
Енисейлик кыргыздарБорбордук Азияны басьш өткөн Улуу Жибек жолу аркылуу соода жүргүзүп турушкан. Бул улуу трассанын бир бутагы Кыргыз мамлекетине баргаи, т.а. Турпан оазисинен башталып түндүккө Тувага кеткен жол Енисейдин агымын бойлоп жүрүп отуруп ажонун хан тактысына чейин жеткен. Бул Кыргыз жолу деп аталган. Көпөстөр бул жактан жылкы, ан тери, мускус (жыпар), мамонттун казылып алынган сөөктөрүн, жыгачтын баалуу сортторун, кан темирден (метеорит тектүү темир) өзгөчө бекем жана курч курал-жарактарды (кылычтарды, канжарларды найза менен үч кырдуу жебенин учтарын), күмүш идиштерди сатып алышкан. Бул өлкөдө жасалган темир куралдарга ээ болуу азиялык, ал тургай европалык жоокерлердин сыймыгы болгон. Тыйын чычкандын териси соода жүргүзүүдө акча бирдигине барабар ролду ойногон, (ошол убактан бери бизде «тыйын» деген сөз акча бирдигин түшүндүрүп келе жатат).
.
Кытай,
Чыгыш Түркстандан жава Согда, Чүй өрөөнүнөн кербендер Енисейге кездемелерди, жүзүм шарабын, асем буюмдарын алып келип турушкан.
Кыргыздарда Саян, Кузнец тоо тектеринен жана ал турсун Миң-Өзөн талааларынан темир казып алуу негизги маселе деп эсептелген. Ошондой эле темир кендерин Енисейдин жээктеринен жана анын куймалары Абакан менен Туванын бойлорундагы кызыл карагайлуу токойлор каптаган кумдуу дөбөлөрдө эритип алышкан. Дал ушул аймактардан көөрүк очокторунун орду көп учурайт (жергиликтүү эл бул жерлерди азыр да «Кыргыз узанган жер» деп аташат). Эритмелердин калдыктарын талдап көргөндө кыргыздар кендерди жүз чакырымдан кем эмес аралыктан ташып келгендиги аныкталды. Кыргыздар темирди көбүнчө жаанын жебесин, аларды уч жагынан кыр чыгарып, канат кейиптентип, жалпайтып курч мүнөздүү кылып массалык түрдө даярдашкан жана аны менен Азиянын бир катар элдерин жабдып турган, т. а. саткан. Андан нары кош миздүү кылып курч канжар чаап, айбалта, найза, жебенин учун, чарайна жана ар ТҮРДҮҮ ат жабдыктарын жасашкан. Кыргыздардын темир усталары айыл чарбасы менен үй-тиричилик муктаждарын да керектүү шаймандар, буюмдар менен камсыз кылып турушкан. Алар соконун типган, буурсун, орок, кетмен, балта, ошондой эле жыгач, темир, түстүү металлдарды иштетүүдө зарыл болгон ар түрдүү шаймандарды жасашкан.
.
Окумуштуулар Енисей кыргыздары менен замандаш болгон көк түрктөр жана башка түрк тайпалары метеорит тектүү өтө катуу металлдарды эритүүнү жана андан түрдүү куралшаймандарды жасоону так ошол кыргыздардан үйрөнгөндүгүн белгилешкен.
Темир ийлеген усталар менен бирге чебер колдуу зергерлер болгон. Алар колодон, күмүштөн жана алтындан асеми артык аялдардын жасалгаларын, буюмдарды жасашкан. Орнаменттик оймо-чиймелерди, жандыктардын турпаты чөгөрүлгөн идиштерди, кемер курларды, ат жабдыктарын, тогоолорду жасашкан.
Карапа жазоо өнөрү кыргыздарда бийик денгээлге жеткен. «Кыргыз вазасы» деген ат менен белгилүү болгон бир топ идиш аяктар жасалып, башка элдерге таралган. Кыргыздар патриархалдык чон үй-бүлөлөр болуп жашашкан. Көп аял алуу адаттагы көрүнүш болгон. Колукту үчүн мал менен калың төлөшкөн. Кийимдери ар кандай кездемелерден, ошондой эле ан терилеринен тигилчү. Дөөлөттүүлөр кырлары жогору нйилген шоншогой, саймаланган ак калпактарды, кыргагы бийик тебетейлерди, чепкендерди кийишкен.
.
Кыргыздардын өлүк коюу ырым-жырымы жөнүндө Н. Я. Бичурин: « Өлүк көмүу учурунда беттерин тытышпайт, тек маркумдун денесин уч катар кылып оройт да, аза кутул ыйлашат, андан соң табытты өрттөшуп, сөөктөрун чогултуп бир жылдан кийин жерге көмушөт», деп жазган.
Ак сөөктөрдүн мүрзөлөрүнүн казамактарынын диаметри он, онбеш метрге жетип, мүрзөсүн айланта бир, эки метрлик таштарды орнотушуп коргон курушкан. Бул «чаа-тас» «согуш ташы» деп аталган. Кыргыздар бутпарас динине сыйынышкан. Башка түрк элдериндей эле жубайлар Теңир ата менен Умай эне башкы кудайлар болуп эсептелген. Перси тарыхчысы Гардизи кыргыздардын туткан динин өзгөчө ачык сыпаттайт:
.
«Кыргыздар индустар сыяктуу өлүктөрдү өрттөшүп, от эң таза нерсе, отко түшкөндөрдүн баары тазаланат деп эсептешет. Өлүктү да от булганычтан жана күнөөдөн таэалайт деп айтышат. Кээ бир кыргыздар уйга, шамалга, сагызганга, кирпиге... сыйынышат. Алардын арасында фагинундар (шамандар) болгон, Алар ар жылы белгилүү бир күнү бардык музыканттарды ала келишет да, көңүлдүү той үчүн баарын даярдашат. Музыканттар ойной баштаганда фагинун эстен танат. Ушул учурда андан (шамандан) бул жылы эмне болот деп сурашат. Ал баарын алдын ала айтат жана көпчүлүк учурда анын айткандары туура келет».
Алтай тоосунун Түндүк чыгыш жагын жана Енисей дарыясынын жогорку агымын бекемдеп, мамлекет курган кыргыздар 5 к. өздөрүнүн жазуусун жаратат. Америкалык изилдөөчү Каннен Катиснер «Дүйнө тилдери* деген чыгармасында: «Азыр биздин билгендерибизге негизделгенде, эн байыркы түрк эли — кыргыздар. Алардын жазуу эстеликтери мындан 2000 жыл мурда эле бар болчу», деп жазган.
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак Енисей кыргыздары эң бери дегенде эле б. з. 5 к. баштап байыркы Фарсиянын (Арсакит империясынын) АрамеЙ жазуусуна негизделген бир түрдүү жазууну колдонгон. Бул жазуу жаны эрадан илгерки замандарда, т.а. мындан 2800-ж. мурда келип чыккан, жаны эранын башталышында Кичи Азия, Месопотамия, Египет (Мисир), Борбордук Азия өндүү чөлкөмдөргө тараган. Еврейлердин, арабдардын азыркы тамгалары деле арамей жазуусунун өз тилдеринин ылайыкталган түрү. Бул жазуу жаңы эранын V к. Енисей кыргыздарына да тараган. Енисей жазууларында 39 тамга болгон (анын бешөө үндүү). Кийин кыргыздардан Көк Түрк кагандыгьша, алардан кийин уйгурларга, басмылдарга таратылган. Ошентип алымча-кошумчаланып, өзүнө ылайыкталган, байыркы кыргыз жазуусу «Енисей жазуусу» деп аталган. «Орхон-Енисей» жазуусу, таш жазуу эстеликтери табылтандан кийнн (1889-1961жж.) илимде кеңири белгилүү болду. Енисей, Орхон таш жазуулары Түрк кагандыктарынын доорундагы окуяларды чагылдырат. Ошондуктан алар «байыркы түрк жазуусу* деп да аталат. Кээ бир окумуштуулар (Ф. Страленберг, Д. Миссершмид) байыркы кыргыз жазуусунун байыркы Түндүк Европада колдонулган руна жазуусу менен окшоштугуна карап аны «руна сымал жазуу» деп аташкан.
.
7-12 кк. Монголияда, Түштүк Сибирь, Орто Азия аймактарында балбалдарга, тиричилик буюмдарына түрк алдеринин тилинде жазылган жазуу эстеликтери Орхон жана Енисей жазуулары деп аталат. Мындай жазуу эстеликтери Тувадан, Тоолуу Алтайдан, Якутияныи түндүгүнөн табылган. Жазууларды 1893-ж. даниялык профессор В. Томсон чечмелеген, биринчи жолу 1894-ж. орус түркологу, академик В. Радлов окуган. Бул жазууну Енисейдеги Кыргыз мамлекети, Чыгыш Түрк кагандыгы, Уйгур кагандыгы, ЖетиСуу, Чыгыш Түркстандагы бир катар түрк өлкөлөрүнүн калкы колдонушкан.
В.з. I миң жылдыгындагы түрк коомундагы этностук, социалдык, чарбалык жана маданий өзгөрүүлөр жөнүндө кенен айтылган 14 анча чоң эмес эпитафиялык (көр башына коюлган) таштарда чегилген руникалык жазуулар Талас өрөөнүндө табылган. Алар тургош кагандары Чабышчор Сулук жана анын балдарынын башкаруу мезгилине (716-740-жж.) туура келет.
.
Енисей жазуулары негизинен ондон солду карай жазылып окулган. Орхон-Енисей жазуусунун ариптери моло ташка, аскага, кышка, жыгачка ж. б. катуу нерселерге түшүрүлгөнгө ылайыктуу болгон. Ташка жазылган Орхон, Енисей эстеликтери түрк урууларынын кайсы тилинде жазылгандыгы жөнүндөгү маселе талаш-тартыш бойдон калууда. Эстеликтердин арасында түрк кагандыгына, кыргыздарга, уйгурларга, кымактарга арналган көлөмдөрү ар түрдүү жазуулар бар. Енисей, Талас, Кочкор тараптагылардын жазуусу кыска, кошок сыяктуу, чегилген жылдары белгисиз. Орхондукунда кыйла окуялар камтылган кеңири дастандар бар. Мисалы, Күлтегиндин эстелигинде ал жөнүндө кыскача поэма чегилген. Ушундай жазуу. эстеликтерди жасоо (тургузуу) өлгөндөрдүн туугандары, балдары, кагандык тарабынан ишке ашырылган.
.
Кыргыздар орто кылымдардагы түрк элдеринин ичинен күч кубаттууларынан болгон. Ал жөнүндө Енисейдеги 120дан ашык ташка чегилген жазуу эстеликтери баяндайт. Ал эми андай жазуулардын канчасы бизге жетпей калган.
Кыргыздардын жазуусу 7-12 кк. колдонулган. Ар кандай себептер менен бул жазуу 13 к. кийин пайдаланылбай калган. Орхон-Енисейдин жазуусунун злементтери кыргыз урууларынын тамга белгилери катары 20 к. чейин сакталган.
Енисей кыргыздары бир жылда бир канча майрам өткөргөн. Алардын ичинен: «Жаз майрамы», «Күз майрамы» жана «Нооруз майрамы» өзгөчө мааниге ээ болгон.
Ноорузга каган баштаган уруу башчылары катышкан. Алар бир жерге чогулуп, теңирге, арбактарга сыйынып, ар кандай ырым-жырымдарды кылып, курмандыкка жылкыларды, койлорду, өгүздөрдү чалышчу. Мындан башка «обо» (мазарларга) жана ата-бабаларынын мүрзөлөрүнө барышып, аларга коюлган жыгачтарга көк, кызыл, ак, сары чүпүрөк байлашкан. Башка түстөгү чүпүрөктөргө уруксат берилбеген. Кыргыздардыя мазарларга чүпүрөк байлоо салты ошол мезгилден калса керек.
Енисейлик кыргыздардын байыртадан калган салты жана ажонун түзгөн тизмеси боюнча жогоруда айтылган майрамдарда ар бир уруунун жана тайпалардыи аксакалдары жыйналып, аларга караштуу элдин абалы, адам жана малдын саны, түшүмдүн көбөйгөндүгү, азайгандыгы жөнүндө каганга эсеп өткөрүшчү. Андан кийин ар кандай оюндар көрсөтүлүп, майрам үч күн, үч түнгө созулчу экен.
Нооруз майрамында ар түрдуү оюндарды көрсөтүшкөн. Эл Тенирге сыйынып, ар түрдүү ырым-жырымдарды жасап, жаны жылдан жакшылык тилешчү. Ошол кезде эле кыргыздар «көжө» деген тамак жасашкан. Аны даярдоонун эрежелерин эл ушул күнгө чейин сактап келди.
.
Байыркы Кытай жазуу булактары («Таң империясынын жаңы жылнаамасы», «Кыргыздар шежиреси») Енисейлик кыргыздар түрк тилинде сүйлөшкөн тайпалардын ичинен эң алды болуп туруктуу календарга ээ болгондугун билдирет. Кыргыздар жылдын башын баш ай деп атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп аташкан. Ар бир жыл 12 жаныбардын аттары менен аталган.
Жылдын башы: куску (чычкан), андан кийинки жылдарга уй, барс (жолборс), ташкан (коён), элү (ажыдаар), жылан, конт (жылкы), кой> бичин (мечин, маймыл), тагынку (тоок), ит, лагзын (донуз) деп ат коюп кишилердин жашын кайсы жылда туулганы боюнча эсептешкен. Кыргыздар колдонуп келген айдын аттарынын көбү айбанаттардын аттары жана алардын төлдөө мезгилине туш келгени байкалат.

#6 15 March 2014 - 05:07
Эне-Сай Кыргыз каганатынын маданияты
.
Байыркы Моңгул жайлоо райондору жана Сиберийа тоолорунун тегерегинде жашаган байыркы уруу-тайпалардын ичинде, Эне Сай кыргыздары маданият жагынан бир кыйла жогору болгон, алардын өзүнө таандык тил-жазуусу, көркөм өнөрү бир кыйла өнүккөн. Ошондой эле алар коомдук маданияттын бул тараптарынын өзү менен замандаш жашаган түрк тайпаларына чоң таасир көрсөткөн бир эл болуп эсептелет.
.
ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУСУ Байыркы түрк тили жана чет эл тилинде жазылган көптөгөн тарыхый материалдарда кыргыз тили менен жазуусунун байыркы түрк тайпалары менен бирдей болгондугу баяндалган. Айрыкча, Эне Сай кыргыздары жана алардын тил-жазуусу жөнүндө төтөлөй маалымат берген байыркы ханзуча тарыхый чыгармаларда "кыргыз жазуусу жана тили болсо уйгур жазуусу жана тили менен бүтүндөй окшош"130 деп жазылган. Бирок, бул материалдарда ал жазуунун кандай түрдө болгондугу, анын кандай жазылгандыгы жана Эне Сай кыргыздары качантан баштап бул жазууну колдонгондугу жөнүндө эч кандай маалымат берилбеген. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө негизденген Эне Сай кыргыздары эң кийин дегенде да жаңы эранын 5-кылымдарынан баштап байыркы Фарисиянын (Арсакит империясынын) Арамай жазуусуна негизделген бир түрдүү жазууну колдонгон. Бул жазуу жаңы эрадан илгерки замандарда келип чыккан, жаңы эрадан кийинки баштапкы кылымдарда Кичи Азия, Мисимопотамия, Египет (Мисир), Орто Азия өңдүү райондорго таралган. Жаңы эранын 5-кылымдарынын алдыңкы доорлорунда алды менен Эне Сай кыргыздарынын ичине таралган131. Кийин Эне Сай кыргыздарынан Көк Түрк каганатындагы түрк тайпаларына, алардан кийин уйгурларга таралган. Жаңы эранын 19-кылымдарынын аягында азыркы Эне Сай өзөнүнүн бойлору жана Орхон өзөнүнүн бойлорунан байыркы кыргыз жазуусу менен жазылган "Туйтукук таш жазма эстелиги" , "Күлтегин таш жазма эстелиги" , "Билге каган таш жазма эстелиги" , "Онгын таш жазма эстелиги" , "Күлчоро таш жазма эстелиги" , "Моюнчур (Кара-каган) таш жазма эстелиги" , "Судхи таш жазма эстелиги" сыяктуу эстеликтер табылды. Ошондуктан байыркы кыргыз жазуусу жана "Орхон - Эне Сай жазуусу" деп аталат. Ошондой эле бул таш жазма эстеликтердин көпчүлүгү Көк Түрк каганаты, айрыкча кийинки Түрк каганаты доорундагы окуяларды баяндагандыгы үчүн, алар "байыркы түрк жазуусу" деген наам менен да аталат. Кээ бир окумуштуулар байыркы кыргыз жазуусунун тышкы түрү жагынан байыркы түндүк Европада колдонулган роник жазуусу менен болгон окшоштугуна карап жана "роник жазуусу" деген наамды дагы беришкен. Бирок байыркы кыргыз жазуусунун бул роник жазуусу менен мейли келип чыгышы, же болбосо мазмуну жагынан эч кандай байланышы жок. Жаңы эранын 19-кылымдарынын аяктарында, байыркы кыргыз жазуусу менен жазылган таш жазма эстеликтер жана Талас өзөнүнүн тегерегиндеги Айры Таң Үй, Алтай, Кызыл Жыра, Элегеш, Токмок өңдүү жерлерден да табылды. Бул таш жазма эстеликтер жаңы эранын 5-8-кылымдары жана 13-14-кылымдарындагы кыргыз коомуна таандык

#7 15 March 2014 - 05:09
Энесай Кыргыздарынын Чарбасы
.
Кыргыз мамлекетинин калкы комплекстүү чарба жүргүзүшкөн. Малчылык, дыйканчылык, тоо-кен иштетүү, балык уулоо, аңчылык өнүккөн. Археологиялык маалыматтар менен жазуулардагы билдирүүлөрдү айкалыштыруу 6-10 кк. Энесайлык кыргыздардын чарбасында мал чарбачылык да, дыйканчылык өнүккөндүгү көрсөтүлөт. Мергенчилик дагы бир кыйла орун ээлеген. Летописте айтылат «Таруу, арпа, буудай, жана гималай арпасын себишет, унду жаргылчакка тартышат: эгинди үчтүн айында себишип, тогуздун айында орушат. Винону боткодон чыгарышат. Малдардан жылкыларды, төөлөр, уйлар жана койлор болгон. Көбүнчө уй жана кой асырашат. Мергенчиликте элик, марал, кийикке аңчылык кылышат» деп жазылган. Буудай, таруу, арпанын эки турүн (сортун), кара куурай айдашкан. Эгинди арыктардын жардамы менен сугарышкан. Кургакчыл жерлерде дыйканчылык сугаруу менен жүргүзүлгөн, сугат аянттарда арыктар көп болгон. Унду жаргылчак менен тартышкан. Айыл-айыл болуп жашашкан. Үйлөрү сегиз кырдуу жыгачтан тургузулган же жарым жертөлөлөр болгон. Короо-жайлары дубал менен курчалган. Көчмөн турмуш таасири Энесай кыштактарына дагы катуу таасир тийгизген. Буга Миң-өзөн (Минусинск) ойдуңундагы Копен кыштагынан алыс эмес жайгашкан алгачкы кыргыз кыштактары далил боло алат. Копен кыштагындагы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө табылган турак жай курулуштары жеңил жана сырткы көрүнүшү боз үйгө окшош болгон. Бул кыштактардан малдын, сөөктөрү, карапа буюмдары Саян-Алтай элдери – хакас, тува, алтайлыктар, ошондой эле монгол-дербестерде өткөн жакында эле үч бурчтук формасындагы өздөрү жасашкан соколордун тиштери табылган. Мал чарбачылыгы бадачылык жана көчмөн түрүндө өнүккөн. Жылкыларды, төөлөрдү, уйларды, койлорду багышкан. Байларында алар миңдеп саналган. Малдын бир бөлүгүн колго багыш үчүн чөптү коп даярдашкандыгын ал жерлерден көп табылган ийри чалгылар далилдейт. Тоо-токойлуу жердегилер бугу, элик, кара куйруктуу текелерди өстүрүшкөн. Териси баалуу айбанаттарга аң уулашкан, балык кармашкан. Канаттуулардан жапайы өрдөк, каз көп болгон. Кыргыздардын жашаган жеринде кызыл карагай, кайың, тал өскөн. Карагайлар ушунчалык бийик болгондуктан жаадан атылган жебе чокусуна жетпей калчу. Кайыңдын көп өскөндүгү тарыхый булактарда көп эскерилет. Энесайлык кыргыздарда кол өнөрчүлүк эң кеңири өнүгүп: ал металл иштетүүгө байланыштуу болгон. Кыргыздардын адистештирилген бөлүгү кен издөө менен алектенишип, темир, жез, алтын, күмүш, калай, мышьяк өндүрүшкөн. Археологиялык жана геологиялык изилдөөлөр металды өндүрүү кеңири өнүккөндүгүкөндүгүн далилдейт: ал металл иштетүүгө байланыштуу болгон. Кыргыздарда Саян, Темир-Тоонун (Кузнец) тоо тектеринен жана ал турсун Миң-Өзөн талааларынан темир казып алуу негизги маселе деп эсептелген. Ошондой эле темир кендерин Энесайдын жээктеринен жана анын куймалары Абакан менен Туванын бойлорундагы кызыл карагайлуу токойлор каптаган кумдуу дөбөлөрдө эритип алышкан. Дал ушул аймактардан көөрүк очокторунун орду көп учурайт (жергиликтүү эл бул жерлерди азыр да "Кыргыз узанган жер" деп аташат). Эритмелердин калдыктарын талдап көргөндө кыргыздар кендерди жүз чакырымдан кем эмес аралыктан ташып келгендиги аныкталды. Металлдарды эритип алуу тоолордо иштеген кенчилердин оор эмгеги менен кендик жайда жүргүзүлбөстөн, көп убактарда кендерден алыс, кай бирде кен чыккан жерден 100 км аралыкта жүргүзүлгөн. Кендерди жерге көмүлгөн, узун туурасы 1 метрден, бийиги 0,7 таштан курулган көөрүктүү очоктордо эритишкен. Таш очоктордун ички бети ылай менен шыбалуучу, алдыңкы бети жел кирүүчү көөрүк менен туташтырылган. Көөрүк очокторунун ар бири эритүүчүлөр тарабынан 25-40 жолу пайдаланылчу. Темирдин сапаты жогору болгон. Өндүрүлүп алынган темир эритүүчү жайларда эмес, кыштактарда «кайра иштетилген». Темир усталар, зергерлер жогорку сапаттагы ар кандай буюмдарды жасашкан. Энесайлык алгачкы кыргыздардын чебер усталары тарабынан жасалган буюмдардын түрлөрү кеңири болгон: чарба буюмдары – соконун тиштери, балка, орок, кетмен: жасалгалар – негизинен күмүш, алтындан чаап жасалган буюмдар: сөйкөлөр, согуш куралдары – жаа, кылыч, бычак, канжар, сооттор: ат жабдыктары – үзөнгү, ооздук, кол чылбырлар жана башка толуп жаткан буюмдар жасашкан. Кыргыз усталары өзгөчө курал жасоо боюнча даңктанышкан. Кыргыздар темирди көбүнчө жаанын жебесин, аларды уч жагынан кыр чыгарып, канат кейиптентип, жалпайтып курч мүнөздүү кылып массалык түрдө даярдашкан жана аны менен Түштүк Сибирдин элин жабдып турган, тагыраак айтканда саткан. Андан нары кош миздүү кылып курч канжар чаап, айбалта, найза, жебенин учун, чарайна жана ар түрдүү ат жабдыктарын жасашкан. Кыргыздардын темир усталары айыл чарбасы менен үй-тиричилик муктаждарын камсыз кылып турушкан. Алар соконун тишин, буурсун, орок, кетмен, балта, ошондой эле жыгач, темир, түстүү металлдарды иштетүүдө зарыл болгон ар түрдүү майда-барат шаймандарды жасашкан. .
Окумуштуулар Энесай кыргыздары менен замандаш болгон көк түрктөр жана башка түрк тайпалары метеорит тектүү өтө катуу металлдарды эритүүнү жана андан түрдүү курал-шаймандарды жасоону так ошол кыргыздардан үйрөнгөндүгүн белгилешкен. Темир ийлеген усталар менен бирге чебер колдуу зергерлер болгон. Алар колодон, күмүштөн жана алтындан асеми артык аялдардын жасалгаларын, буюмдарды жасашкан. Орнаменттик оймо-чиймелерди, жандыктардын турпаты чөгөрүлгөн идиштерди, кемер курларды, ат жабдыктарын, тогоолорду жасашкан. Энесайлык кыргыздар Борбордук Азияны басып өткөн Улуу Жибек жолу аркылуу соода жүргүзүп турушкан. Бул улуу трассанын бир бутагы Кыргыз мамлекетин басып өткөн, тагыраак айтканда Турпан оазисинен башталып түндүккө – Тувага кеткен жол Энесайдин агымын бойлоп жүрүп отуруп ажонун хан тактысына чейин жеткен. Бул Кыргыз жолу деп аталган. Көпөстөр бул жактан жылкы, аң тери, мускус (жыпар), мамонттун казылып алынган сөөктөрүн, жыгачтын баалуу сортторун, кан темирден (метеорит тектүү темир) өзгөчө бекем жана курч курал-жарактарды (кылычтарды, канжар-ларды), күмүш идиштерди сатып алышкан. Бул өлкөдө жасалган темир куралдар озгөчө бааланчу. Тыйын чычкандын териси соода жүргүзүүдө акча бирдигине барабар ролду ойногон, (ошол убактан бери бизде "тыйын" деген сөз акча бирдигин түшүндүрүп келе жатат). Кытай, Чыгыш Түркстандан жана Согда, Чүй өрөөнүнөн кербендер Энесайге кездемелерди, жүзүм шарабын, асем буюмдарын алып келип турушкан. Энесайлык кыргыздарда карапа жасоо өнөрчүлүгү бир кыйла өнүккөн. Кыргыз карапачылыгынын традициясынын түпкү чыгышы алгачкы Орто Энесай тарыхынын Хунн Сармат мезгили – түштүк доорундагы карапачы-усталардын өтө алгачкы традициясына жакындайт. Карапачылык кыргыздарда бийик деңгээлге жеткен. Алар тарабынан иштелип чыгарылган идиштер эки негизги топко бөлүнгөн: жөнөкөй көрүнүшү жок, бирок чарбачылык иштерине ыңгайлуу идиштер жана кооз идиштер – келишимдүү кооздолуп, тышы «басма» оймо-чиймелер менен көркөмдөлүп, "Кыргыз вазасы" деген ат менен белгилүү болгон бир топ идиш аяктар жасалып, башка элдерге таралган. Социалдык түзүлүшү. Жазуу маалыматтар жана археологиялык материалдар Энесай кыргыздарынын общинасында мүлктүк теңсиздик жагынан кескин айрымачылык болуп, өтө татаал уюмдашуу болгондугун билдирет. Кыргыздар патриархалдык чоң үй-бүлөлөр болуп жашашкан. Көп аял алуу адаттагы көрүнүш болгон. Колукту үчүн мал менен калың төлөшкөн. Кийимдери ар кандай кездемелерден, ошондой эле ан терилеринен тигилчү. Дөөлөттүүлөр кырлары жогору ийилген шоңшогой, саймаланган ак калпактарды, чепкендерди кийишкен. Орто Энесайда мамлекеттик биригүү мезгилинде көп сандагы мал, айдоо жерлер жана асыл буюмдар (кымбат баалуу буюмдар) сыяктуу эбегейсиз материалдык байлыктарды өз колдоруна топтогон байыркы кыргыздардын коомунун жогорку жана башкаруучу катмары көчмөн ак сөөктөрдөн турган. Көчмөн ак сөөктөрдүн түрдүү даражадагы согуш жетекчилеринен –талоончул согуш жортуулдарынын жетекчилеринен тургандыгын жазуудагы кабарлар далилдейт. Энесай кыргыздарынын мамлекетинин башында алтай түрктөрүндө каган титулуна барабар даражадагы – ажо титулуна ээ болгон, жогорку башкаруучу турган. Адат боюнча ажонун ордосунда орнотулган мамыга туу сайылуучу. Ажо айланасындагы башка акимдерден кийим боюнча айрымаланып, кышында кундуздан жасалган өзгөчө баш кийим, жайында –алтын менен жээктелген, төбөсү шоңшойгон, кыры кайрылган баш кийим кийген. Калган кыргыз акимдери кундуз жана сүлөөсүндүн терисинен тигилген кийимдерди жана кийизден жасалган ак калпак кийишкен. .
Акимдердин кийимдери карапаыйм көчмөндөрдүн кийимдеринен өтө айрымаланган. Энесай кыргыздарынын мамлекетиндеги кызмат адамдары алты бөлүккө бөлүнүшкөн «Министирлер (алар үчөө), башкы жетекчилер ( үчөө), башкаруучулар (он), иш башкаруучулар( он беш) ошондой эле колбашчылар жана дагандар. Бул адамдар кыргыз акимдеринин жогоркуларынан болушкан. Жана жоокерлерге жетекчилик кылуу функцияларын да граждандык административдик функцияларын дагы аткарышкан. Кескин түрдөгү мүлктүк теңсиздик айрымачылыктын болгондугу жөнүндө Энесай кыргыздарынын мүрзөдөн табылган эстеликтери билдирет. Ак сөөктөрдүн мүрзөлөрү жана көрүнө коюлган эң көп баалуу буюмдарынын болгондугу менен айрымаланат. Энесай кыргыздарында кулчулук жетишерлик кеңири масштабда болгондугу жөнүндө айтууга негиздер бар. Кулдар согуш туткундарынан же Саян-Алтай тоо жакаларындагы токойлук этникалык топтордун өкүлдөрүнөн болушкан. Мисалы дубо уруусун жайлашкан областарына аларды кармоо жана кулга айландыруу максатында атайын экспедициялар жиберилген. Кулдардын күчү сугат системасын курууда жана тоо кен иштеринде өтө кеңири колдонулган. Энесай кыргыздарынын коомунда үстөмдүк кылуучу социалдык катмардын башкы таянычы болгон көчмөн калктын орточо катмары-көчмөн аристократтардын төбөлдөрү дружинниктер өзгөчө ролң ойногон.
.
Энесай кыргыздарынын мыйзамдары өтө катуу болгон: согушуунун алдында «дүрбөлөңдөө», ажого туура берилбеген кеңештер сыяктуу, уурулук үчүн болгон күнөөлөргө бир гана жаза – баш алуу аркылуу өлүм жазасы каралган. Энесай кыргыздарынын адаттагы укук эрежелеринде, жазага тартылган уурунун атасы баласынын башын өзү өлгөнгө чейин мойнуна тагып жүрүүсү каралган.
Энесай кыргыздарынын коом турмушунда согуш өзгөчө роль ойногон. Талоончул жортуулдар мүлктүк теңсиздиктин натыйжасында чыккан, курч проблемаларды убактылуу басуучу ишенимдүү каражаттар болуп эсептелген. Ошону менен бирге, Борбордук Азиянын тарыхы негизинен уруулардын акимдеринин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн согуштар кол салынуучуларды да, талоончул согуштук иштерге катышкандарды да жакырланткандыгын көрсөтөт. Уйгурлардын өрттөлгөн шаарлары, Тувада өлүшкөн Энесай кыргыздарынын эбегейсиз мүрзөлөрү буга ачык мисал болот.

#8 15 March 2014 - 05:11
КЫРГЫЗДАР МОНГОЛ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА
.
Чыңгыз хандын бийликке келиши жана кытай тарыхый маалыматтарында белгилүү болгондой, ошол аймактар да IX - X кк. чейин эле монгол, татар элдери жана аларга тектеш бир нече уруулардын жашаганы белгилүү. Кийинчерээк татарлар көбөйүп, онгут, меркит, огу ж. б. чон урууларды бириктирген татар уруу бирикмеси тузулген. Алар туштугундогу коншусу Син империясы менен бир аз убакытка ынак байланышты тузо алган ли к. башында татар уруу бирикмеси бузула баштан, анын ичин- деги монголдор менен татарлардын арасында карама-каршылык- тар кучойт. Ошол мезгилде керей, конурат, ойрот, найман ондуу уруулар өз алдынча күчөй баштайт. Монгол уруусунун башчысы Эсугей баатыр керей ж. б УРУУлар менен биригип, татарларга уламдан-улам оор сокку берип турат 1155-ж. (кээ бир маалыматтар боюнча 1162-ж.) Эсугей- ден Темучин торолот. 1164-ж. Эсугей татарлар тарабынан олтурулген сон Темучин жетим калып, кыйынчылык менен чонойот. Темучиндин энеси Алан-Гоа беш баласынын экөөнү монголдордон, учөөнү түн ичинде түндүктөн жарыктын шооласы менен кошо түшүп келген сары кишиден торогону жонундо миф бар. Темучиндин озунун да, укум-тукумдарынын да чачтары кызгылт-сары, коздору кок болгон. Ага окшош кишилер Эне-Сай кыргыздарынын арасында коп кездешкен. Ошону учун Алан-Гоа озунун кийинки уч уулун кыргыздардан торогон деген божомолду орустун белгилүү изилдөөчүсү Березин өткөн кылымда эле айткан Бул пикирди немец окумуштуусу П. Рачневский да ырастаган Ал кереиттерди (керей уруусу) кыргыздардын бир болугу деп эсептеит, анткени алар мурда Ыртыш дарыясыгы енен Алтайда жашашкан. Кереиттер кийин монголдор менен синишип кетет Наймандар дагы адегенде кыргыз жергесинде, кийинчерээк Алтайда, Ыртышта, Обь дарыясынын башында жашашкан Кытай тарыхчысы Хан-Жулин наймандарды кыргыз уруула- рынын бири деген. П. Рачневский болсо наймандарды монголдорго эмес туркторго кошот да, алардын «Найман» деген монголчо аты турктордун «сегиз огузун» тушундурот дейт. Демек, Чьнгыз хан кийин монголдошуп кеткен байыркы кыргыз тукумунан деген божомол бар Монгол уруусунун башка тайпалар менен болгон согушунда Темучин өзүнүн баатырдыгын көрсөткөн. Акырында ал бүткүл 1206-ж. буткул монгол феодалдарынын курултайында мамлекетти империя деп, Чыцгыз хан титулун алат. ишентип, 51 жашка келген, монголдордун боржигин уруусунан чыккан, акылдуу, куу, каардуу жана арамза Чьнгыз хан кьнк этпей уккан колдоочуларына таянып кучтуу жана бекем тартиптуу аскер тузо алган. Ал жеринин аймагын кенейтип, кошуна элдердин баарын озуно баш ийдирет.
.
Чынгыз хан, Темучин (1155-1227-жж.)
- УлУУ Монгол мамлекетинин негиздөөчүсү, колбашчы. Онон дарыясынын боюндагы Долпун-Болдан деген жерде туулган. Монгол урууларынын кол астында бириктируу учун курошто татарларды жана алардын союздаштарын талкалаган. 1206-ж. буткул мон- голдордун курултайында «Чынгыз» (турк тилдеринде «тениз», «дениз» деген ысымды алып, өзүн каан(«хан») жарыялаган. 1206-1207-жж. бир нече түрк монгол элдерин каратып, 1211-1218-жж. Түндүк Кытайды, 1218-1220-жж. Орто
Азияны басып алган.1219-1224- жж. Түндүк жана Чыгыш Иранга, Афган- станга жортуул жасап, кыйраткыч сокку урган. Ошол эле жылдары Кавказ аркылуу Чыгыш Европага аскер жиберип, 1223-ж. Туштук орус княздарынын кошуундарын жана кыпчактарды Калка озонундо тал- калаган. Басып алган өлкөлөрдө монгол феодалдарынын катаал эзуусун орноткон, бирок эч бир элге диний жактан кысым жасаган эмес. Чыгыш- тагы Эне-Сай кыргыздары 1207-ж. Чыңгыз ханга баалуу тартуу менен келип баш ийип беришкен, бирок 1218-ж. кайра меркитерге кошулуп которулушко чыгышкан. Чынгыз хан уулу Жучинин кошуунун жиберип бут кыргыздарды биротоло караткан. Кучлук наймандын бийлигине каршы курошкон батыштагы (Тенир-Тоодогу) кыргыздар 1218-ж. Чыңгыз хандын бийлигине өткөн.
.
Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын тушунда Саян-Алтайдан Енисейден Тенир-Тоого кыргыз- дардын дагы бир жоон тобу журт которгон. Чыңгыз хандын буйругу боюнча бардык монгол уруулары, ошондой эле татарлар да, турк уруулары да жортуулга чыгууга тийиш болушкан. Аскерлери ондуктарга, жуздукторго, миндик- терге жана он миндиктерге (тумвндвр) белунген. Ар бир бвлуктун башында бийлиги чектелбеген башчысы болгон. Бир жоокердин коркоктугу учун бардык ондукту, бир ондук учун жуздукту олум жазасына тартышкан. .
Жортуулдарында урой учурган коркутуу жана журоктун ушун алуу Чынгыз хандын тактикасы болучу. Согушта, басып алган жерлерде ондогон, жуздогон, миндеген адамдарды эч куноосу жок эле кырып салуу, орттоо, талкалоо анын адаты эле. Орто кылымдардагы мусулман маалыматтарында жуз миндеген киши кырылган отуздай учур белгиленет. Иш жузундо мындай окуялар Борбордук Азиянын талааларынан Чыгыш Европага чейинки басып алган аралыкта андан да коп болгон. Бул орто кылымдардын чон трагедиясы эле. 1207-ж. Чынгыз хан Туштук Сибирь элдерин багындырууга буйрук берет. Ошол кезде озунчо ар кайсы жерде чакан ээликтерге болунуп калган бытыранды кыргыздар куч катышын туура тушунушкон. Ошону учун кыргыздар Чынгыз ханга уигурлар менен карлуктар сыяктуу эле ыктыярдуу түрдө баш ииип беришет.

#9 15 March 2014 - 05:12
Енисей кыргыздары 17 – кылымдын башында.
.
Орустардын Сибирди ,анын ичинде Енисей кыргыздарынын ѳлкѳсун каратып алышынын тарыхына борбордук жана сибирдик архивдерден алынган кѳп эмгектер жана ушул документтер боюнча жазылган изилдѳѳлѳр арналган. Енисейде орустардын таламы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан 17- кылымдагы кыргыздардын тагдырын изилдѳѳ орус- ойрот мамилелерин изилдѳѳ менен байланыштуу. Профессор Котвичтин «17-18 кылымдарда ойроттор менен карым- катнаштар боюнча орустар архивдик документтери» деген жакындагы изилдоосунон корунгондой бул меселеге тийиштуу материал али толук белгилуу боло элек. Сибирди таратып алуунун тарыхы боюнча эн илгерки жана баалу изилдѳѳлѳрдун бири Герард Фридрих Миллердин «Сибирь падышачылыгынын жана анда болгон бардык иштердин сурѳттѳмѳсу « деген китеби болуп саналат. Эн сонку изилдѳѳлѳрдун арасында енисей кыргыздары жѳнундѳ прфессор Н.Н. Козьминдин «Хакастар» деген атайын эмгеги бар. Жогоруда айтылгандардан Козьминдин китебинде сѳз болгон тѳрт хандыктын ичинен Тува хандыгы башка учѳѳнѳн айрым каралган жана ал обочо турмушта жашаган деген корутунду чыгарууга болот. Буткул кыргыз жеринин улуу торосу катары орустар алтыр ханын эсептешкен. Биз озубуз кѳруп тургандай , башкаларга караганда орустар менен мурдаарак карым- катнаш тузгѳн Номча алтысардыкххан, демек кора- езердик хан болгон. Бутундой алганда кыргыз элинин маданий денгээли ал убакта анчалык жогору эмес, 13-кылымга караганда бир кыйла тѳмѳн болгон.. Енисейск жана Красноярск негизделгенге чейин эле кыргыздар орустар менен суйлѳшуулѳрду жургузуу учун 1604-жылы негизделген Томскиге келип турушкан. Бир маалыматтар боюнча 1606- жылы , башка бир маалыматтар боюнча 1608-жылы Томскиге кыргыз хандары Номча менен Кочебай ѳзунун кызмат адамдары менен бирге келишкен алардан ант алып , барымтага Номчанын аялы,менен Кочебайдын уулун Томскиде калтырып, ѳздѳрун коё беришкен. Номча «Алтын –падышага жана Кытай мамлекетине барууга» тапшырма алган,, бирок ал аны кийин аткарган эмес, ал эми Кочебай «Кыргыз хандары : Ноянды , Комкуну жана Обрайды падышага баш ийдируугѳ» тийиш болгон. Коп убакыт ѳтпѳй араздашуу болуп, Томскинин жаны воеводасы Номчанын аялынын суусар ичигинин тартып алганю мунун натыйжасында Номча ачууланып орустарга кас болгон жана ѳзунун кастыгын Россиянын букаралагындагы чулымдык татарларга кол салуу менен кѳрсѳткѳн. Кыргыздар менен согуш башталып , бул согуш келишимдер менен кыска убакытка гана токтолуп турган. Г. Ф. Миллердин сѳзунѳ караганда , «россиялык тараптан канчалык аракет болсо да, кыргыздарды таптакыр баш ийдире алган эмес»
1614- жылы кыргыздардын Томск уездине кол салгандыгы, 1615- жылы орустардын кыргыз жергесине биринчи, ордунан чыкпаган жортулуу жонундо баян бар. Ошого карабастан Василий Тюменец менен Иван Петров 1616- жылы , Иван Петлин 1618- жылы кыргыз жергеси аркылуу Монголияга эч бѳгѳтсуз жиберилген, мында Немек хан, Петлиндин айтканына караганда, ошол убакта ээле «улуу падышанын кол астында» болгон. Тюменецтин алдында Томскинин воеводалары ошол эле. 1616- жылы кыргыздарга в. Ананьин деген кѳпѳсту жана Лука деген тилмечти жиберишкен. Ананьин Алтан- ханга кргыздын ханы Кораны жиберген. Алхан –хан ал убакта жардам кѳрсѳтуу жѳнундѳ кыргыздардын ѳтунучун четке кагып, тынчы жок кыргыздарды басууга орустардын алдында милдеттенме алган. Ошондуктан кыргыздар баш ийуугѳ аргасыз болгон. Петлиндин элчилиги Кытайдан кайткан сон Алтан- хандын элчилери менен кошо кыргыз элчилери да жѳнѳтулгѳн, алар 1619- жылы Тобольскиге жана 1620- жылы Москвага келишкен. 1620- жылдын октябрында гана ларды Томскиден «кыргыз чегине» чейин узатып коюшкан.

#10 15 March 2014 - 05:17
9 жана 10 кылымдар. Улуу Кыргыз мамлекети
.
Кыргыздардын Моңголияны жеңип алышы Орто Азия тарыхында басып алуу кыймылы батыштан чыгышты көздөй багытталган сейрек учур болуп саналат, анткени бардык басып алуу кыймылдары чыгыштан батышты көздөй жүрчү. Кыргыздардын ханы, сыягы, өзүнүн борборун уйгурлардын Орхондогу шаарына көчүрбөсө керек; өзү жеңишке жеткенден кийин ал уйгурлардын мурунку борборунан атчан жүргөндө он беш күндүк жолдогу «Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына өткөн»; кыязы, Танну-Ола тоосу жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыздардын согуш иштеринен кумдуу талаадан түштүктү карай 70 000 жоокер катышкан жортуулу гана белгилүү, мында кыргыздардын ханы жеңишке жетишкенден кийин уйгурлардын бир бөлүгүн өзү менен кошо алып, түндүк жакка кайра кайтып кеткен. Кытайга улам кол салып келген уйгурлардан жана алардан мурдагы огуздардан айырмаланып, кыргыз хандары башынан эле Тан сулалеси менен достук мамилелерди түзүүгө аракеттенишкен. .
Уйгурлардын борборун алгада алар ал жерде Кытай падышасынын кызы Тайхэни жолуктурушкан жана кошуундун коштоосу менен аны кайра Кытайга жөнөткөн; бул кошуунга уйгур каганы Уге1 кол салып, падышанын кызын кайра туткунга түшүрүп алат, ал уйгурлардын туткунунан 843-ж. гана бошотулган.
Кыргыз каганы кытай Ли Линдин тукуму катары өзүн ошол эле Ли тукумунан чыккан Тан сулалесин туушканы катары эсептегенднгнн көрдүк. Кытай императорлору адегенде жаңы туугандарын таанымакчы болушкан; бирок император Сюань-цзунду (847—859) «Хягас Тан тукуму менен теңтайлашууга кудуретсиз чакан уруу» экендигине ынандырышкан. Бул маселе жогорку даражалуу төбөлдөрдүн жыйынынын чечимине коюлган; жыйын «уйгурлар кубаттуу мезгилде мындай грамоталар аларга берилип турган, азыр болсо алар кулады, болочоктогу бейкуттук үчүн кыргыздарды күчөтүп жиберүүнүн кереги жок»2 деген чечимге келген. Мындай чечимге карабастан кыргыздардын кытай менен ала- касы улантыла берген; кийинки император И-цзун (860—873) падышалык кылган убакта кыргыздардын үч элчилиги барган. Уйгурларды жеңип чыккан хан 847-ж. эле, башкача айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы эле өлгөн; Тан-шуда анын эң жакын ордун басуучусунун ысымы жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки кыргыз хандары жөнүндө башка эч кандай маалыматтар айтылган эмес. Дегеле кыргыздардын улуу державалык доорундагы Орто Азия жөнүндө кытай маалыматтары өтө аз. Жогоруда айтылган котормолордон тышкары кыргыздар жөнүндөгү Тан-шунун маалыматтары В. Шоттун «Über die ächten Kirgisen» (1865) макаласында чогултулган; бул кабарларда өлкө менен эл сыпатталган, бирок 847- жылдан кийинки кыргыздардын тарыхы боюнча эч кандай маалыматтар берилген эмес. .
Тарыхчы эмес илимпоздордун арасында кеңири тараган эмгек бул Клапроттун «Tableaux historiques de l’Asie» (1826) деген китеби; ушул китеп жөнүндө Шоттун пикири кыйла эле тескери жана атактуу географ Риттерди дүйнөнүн географиясы боюнча («Erdkunde») көлөмдүү эмгегин жазганда аны көпчүлүк учурда туура эмес пикирге алып келген Клапроттун ушул эмгеги деп далилдейт. Клапроттун китебинин таасирлери Риттердин эмгеги аркылуу Радловдун «Aus Sibirien» (1884; экинчи басылышы 1893-ж., биринчи басылышынын эч өзгөрүүсүз кайра басылышы) аттуу белгилүү китебинин тарыхый баптарынан да орун алган. IX жана X кылымдардагы Орто Азия жөнүндө маалыматтарды кытайлардан башка мусулман авторлору да айтышат.
Орто Азия аркылуу өтүүчү жолдорду, ошонун ичинде кыргыздарга баруучу жолдорду абдан толук баяндап жазганда ошол мезгилдеги даректерден бир топ мурдагыларды пайдаланган XI кылымдагы перс автору Гардизинин баянын которуп, «1893—1894- жылдары Орто Азияга илимий максат менен барганым жөнүндөгү отчётто» жарыялагам. Орто Азия, ошонун ичинде кыргыздар жөнүндө мусулмандардын маалыматтары талданган эң соңку эмгектердин ичинен Маркварттын эмгектери, айрыкча анын коман (кыпчак) эли жөнүндөгү эмгеги (1914) өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Бул эмгектин баалуу жактарын жана кемчиликтерин мен өзүмдүн «Орус тарыхый журналында» («Русский исторический журнал», кн. VII, 1921) басып чыгарылган рецензиямда көрсөтүүгө аракеттендим.
.
Кыргыздар менен мусулмандардын ортосундагы алакалар жөнүндө кытайларда да маалыматтар бар, алардын айткандарына караганда, кыргыз мамлекети дашилер (тажиктер ал убакта арабдарды ушундай атаган), туфандар (тибеттиктер) жана гэлолулар (карлуктар) менен дайыма достук байланышта болгон. Арабдардын өлкөсүнөн3 кыргыздарга ар бир үч жылда түр салынган (Шоттун котормосунда: алтын менен саймаланган) жибек кездеме жүктөлгөн 20 төөдөн турган кербен келип турган; кээде төөлөрдүн саны 24кө жеткен.
Кыязы, Таншуда бул кербен кандай жолдор менен баргандыгы айтылбаса керек. Клапротто арабдардын кербенине тибеттиктер жөнүндө Тан-шуда айтылгандар таандык кылынган: уйгурлардын талап-тоноосунан корккон тибеттиктер карлуктардын өлкөсүнө барып, ал жерде узатуучуларды күтүшкөн. Иакинфтин түшүндүргөнү боюнча, бул коштоочуларды аларга карлуктар, ал эми Шоттун түшүндүрүүсүндө кыргыздардын өздөрү берип турган. Кыргыздардын арабдар, тибеттиктер жана карлуктар менен достугу жөнүндө айтылган сөздөр кыргыздар ал түгүл өзүнүн улуу державалык доорунда да Орто Азиянын батыш бөлүгүндө болуп жаткан согуштарга кийлигишпегендиги жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Белгилүү бир мезгилге чейин алардын душмандары уйгурлар гана болушу ыктымал, анткени алар 860- жана 873-жылдардын ортосундагы мезгилде азыркы Кытай Түркстанынын бөлүгүн Кара-Кожо (азыркы Турпанга жакын) жана Бешбалык (кытайларда Бейтин, азыркы Гучэнге жакын) шаарлары менен кошо ба- сып алган болчу. VIII кылымда бул жерде алардан мурда башка түрк элдери, адегенде басмылдар, андан кийин арабдар тугузгуздар (түркчө токуз-огуз, огуздардын тогуз урууга бөлүнүшү боюнча), кытайлар шато (алар бир канча мезгил жашаган чөлдүн аты боюнча) деп атаган түрк-огуздар жашаган.
794-ж. бул аймакты тибеттиктер басып алган жана ал жерде жашаган түрктөр IX кылымдын башында Кытай аймагына сүрүлгөн; демек, уйгурлар келгенде бул жерде түрктөр эмес, тибеттиктер болгон. Кыязы, бул жер менен ал огуздарга таандык учурда таанышкан арабдар кийинки өзгөрүүлөр жөнүндө билбеген- диктен, жергиликтүү калкты тугузгуздар деп атай беришсе керек; араб тилинде жазган авторлордун ичинен Орто Азия жөнүндө китептер боюнча эмес, өлкө менен өзүнүн тааныштыгынын негизинде гана айта алган бирден бир автор Махмуд Кашкари гана XI кылымда «тугузгуз» дегендин ордуна бардык жерде «уйгур» деп жазган.
.
Моңголияда уйгурлар менен огуздардын ортосундагы күрөштөн кийин огуз элинин бир бөлүгү уйгурлар менен аралашып кеткен; жазуусун Рамстедт басып чыгарган VIII кылымдын ортосунда жашаган уйгур ханы өзүн он-уйгурлардын жана тогуз-огуздардын ханымын деген, кытай маалыматтары боюнча уйгурлар тогуз урууга бөлүнгөнү менен, моңгол мезгилиндеги тарыхчы Рашид ад-дин он-уйгурлар менен катар тогуз-уйгурларды да билген. Жок эле дегенде Рамстедт басып чыгарган жазуу уйгурлардын ханы, баарыдан мурда өзүн уйгур элинин акими катары сезгендигин көрсөтүп турат; эгер арабдар Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгү менен уйгурлар жашап жаткан убакта биринчи жолу таанышкан болсо, анда арабдардын географиялык адабиятына тугузгуз деген эмес, уйгур деген ат кирген болоор эле. Мунун натыйжасында, деги эле жалпысынан алганда деле географиялык мусулман адабиятындагы Орто Азия жөнүндөгү тиги же бул маалыматтардын кайсы мезгилге тиешелүү экендигин аныктоо кыйын болгондой эле, кээде тугузгуздар жөнүндөгү араб маалыматтарынын кайсынысы уйгурларга жана кайсынысы алардан мурункуларга тийиштүү экендигин аныктоо да кыйын.
Мусулман географтары өз маалыматтарын китептерден алышкан, көп учурларда кайдан алганын көрсөтүшпөгөн, азыркы учурдагыны эмес, качандыр бир убактарда, ал түгүл бир канча кылым мурда болгон нерсе жөнүндө айтып жатканын окурмандарга эскертип коюшкан да эмес. Бул, албетте, кыргыздар жөнүндө сөз болгон маалыматтарга да тийиштүү (дегеле ал кездеги түркчө артчыл «к» тыбышын «х» тамгасы аркылуу беришкендиктен ошол убактагы араб жана перс авторлору хирхиз деп жазышкан; маселен «харлук» деп, перс авторлорунда карлук дегендин ордуна харлух деп жазылган). Эгер бизге чыгарма канчанчы жылы жазылгандыгы так белгилүү болгон күндө дагы, анда баяндалган фактылар кайсы мезгилге тийиштүү экендиги жөнүндөгү маселе эч чечилбейт. XI кылымда жазган Гардизиден тышкары, перс тилинде хижранын 372-ж., башкача айтканда, биздин доордун 982- же 983-ж. жазьшган «Дүйнөнүн чектери» (Худуд ал- алат) деген автору белгисиз эмгек кызык маалыматтарды берет.
.
Бизге жалгыз гана кол жазма түрүндө жеткен бул чыгарманы маркум А. Г. Туманский үчүн 1892-ж. Бухарадан табышкандык- тан, эмгек орус илимий адабиятында адатта «Туманскийдин кол жазмасы» деген ат менен белгилүү. Бул дарекке караганда кыргыздар тугузгуздарды түндүктөгү гана эмес, батыштагы коңшулары да болгон. Ошол эле автор Пенчула шаары жөнүндө (анын айтылышы толук аныкталбаган; кытай транскрипциясы боюнча Выньсу4; жайгашкан орду боюнча азыркы Үч-Турпанга туура келет) жана ал карлуктардын жергесинде экендигин кабарлайт; анын акими мурда тугузгуздарга көз каранды болгон, «эми» бул шаарды кыргыздар ээлеп тургандыгын айтат. Арабдар тугузгуздар менен карлуктардын ортосундагы согуштар жөнүндө айтканда эң мурда артыкчылык тугузгуздар тарабында болгондугун, кийин, тугузгуздар манихей динин кабыл алгандан кийин (балким, бул дин Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндө Моңголиядагы уйгурларга караганда мурда кабыл алынышы мүмкүн) ийгилик карлуктар тарабына өткөндүгү баяндалат.
Бирок Туманскийдин кол жазмасынан тугузгуздар карлуктардын жерлеринин бир бөлүгүн тартып алгандыгын, тугузгуздардан чыккан ягма элине Кашкар жана Жети-Суу аймагынын Нарындын түштүгүндө жаткан бөлүгү таандык болгондугун билебиз. Кашкар жөнүндө, ал ягма элинин, кыргыздардын, тибеттиктердин жана Кытайдын ортосундагы чек ара экендиги айтылган. Туманскийдин кол жазмасынын орто азиялык элдердин ортосундагы чек аралар жөнүндө кабарлары анчалык так эмес; кыргыздар жөнүндөгү бапта тугузгуздардан башка да карлуктардын бир бөлүгү алардын түштүктөгү коңшулары болгону айтылган, бирок карлуктар жөнүндөгү бапта бул элдин коңшуларынын арасында кыргыздар эскерилбейт. Ошентсе да кыргыздар жети-суулук башка эки элдин — чигилдер менен тухсилердин коңшуларынын катарында айтылат; чигилдер Ысык-Көлдүн күңгөйүндө, түргөштөрдүн бир бөлүгүн (түргөштөрдүн башка канаты жогоруда аталган аз эли болгон) түзгөн тухсилер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган. Мына ушулардан кыргыздар өздөрүнүн улуу мамлекет болуп турган доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен деген корутунду чыгарууга болот; бирок мунун качан жана кандайча ишке ашкандыгы жөнүндө дарек- терде эч кандай маалыматтар жок.
Туманскийдин кол жазмасындагы «эми» деген сөз жок эле дегенде, андан кыйла мурдагы даректен алынган жана кыргыздар өзүлөрүнүн кыска мезгилдеги кубаттуулугун жоготкон учурдагы автордун мезгилине туш келтирилиши мүмкүн эмес. Кыргыздардын башка элдер менен болгон мамилелери жөнүндө эч нерсе айтылбайт.
.
Тан-шунун маалыматына караганда кыргыздарга арабдардан гана эмес, Куча менен Бейтинден, башкача айтканда уйгурларга таандык Бешбалыктан да кездеме алып келинип турган, мындан уйгурлар менен да келишим түзүлгөн деген корутунду чыгарууга болот. Муну Гардизинин айтканы боюнча жогоруда келтирилген «тугузгуздардын» аймагынан Енисейдеги кыргыз каганынын ордосуна чейинки Кёгман тоолорунан же Саян тоо кыркаларынан түндүккө карай 7 күндүк жол да ырастап турат. Бул— мусулман адабиятында жазылып калган кыргыздарга баруучу бирден бир жол; дегинкиси, арабдар кыргыздарды тугузгуздардын жана анча-мынча карлуктардын түндүктөгү коңшусу жана четки түндүк-чыгышта жашаган эл катары гана билишкен.
Арабдардын элестетүүсү боюнча кыргыздар ээлеген жер чыгышта океанга чейин жеткен. Ислам аймактарынан түндүк-чыгыштагы талааны көздөй эки жол—бирөө Сыр- Дарыянын төмөнкү агымы ченден, кеткен. Эки жол тең борбору Иртыштан түндүк жактагы жердеги кимак элинин аймагына алып келген. Кыргыздардын батыштагы коңшулары кимактар кытайларга таптакыр белгисиз бойдон калган жана биринчи жолу мусулман адабиятында гана эскерилет. Кимактар өлкөсүнөн кыргыздар өлкөсүнө ислам жергесинен кимактарга кеткен жолдун уландысы катары соода жолу болгон- бу жана бул эки элдин ортосундагы мамилелер дегеле кандай болгондугу таптакыр белгисиз. Кыргыздар сыяктуу эле кимактар тили жагынан түрктөр болгон; кимактар өлкөсүндөгү бир жер жөнүндө Туманскийдин кол жазмасында ал жердеги адамдар кыргыздардын салтын жолдойт деп айтылган6. Кимактар кыргыздардан мурда өздөрүнүн саясий биримдигин жоготкон бо- луш керек, бирок Туманскийдин кол жазмасында кимактардын каганы (араб жана перс авторлору ар дайым хакан деп жазышкан) жана элдердин башкы массасынан эрте бөлүнүп кеткен болсо да, кимактардын, кыпчактардын батыш канатынын акими кимак падышасынын букарасы деп эсептелген.
.
11 кылымда, Махмуд Кашкаринин убагында, кимактар болгон эмес; Иртышта ал убакта кимак урууларынын арасында кыпчактар сыяктуу Гардизи соз кылган йемек эли жашаган. Кыпчактар кийинчерээк саясий бир бүтүндүктү түзбөсө да өзүнүн атын Түркстандын батыш бөлүгүндөгү жана Россиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү талаалардын аталышына калтыргандыгы белгилүү. Моңголдордон кийинки мезгилде ошол эле кыпчактар казак элинин уюткусун түзгөн, XVIII кылымда калмактар (ойроттор) жана орустар аларга «кыргыздар» деген жаңылыш ат беришкен. Кыпчактардын бытырашына алардын чыгыштагы коңшулары көмөк бергендиги жөнүндө маалыматтар жок. Туманскийдин кол жазмасына караганда, кыргыздардын өлкөсүнөн көптөгөн жыпар (мускус) жана аң терилери (кыргыз жыпары жөнүндө башка даректерде да айтылган), ошондой эле кайың жыгачтары (кабыгы болуу керек) жана бычактын сабы жасалуучу хуту мүйүзү сыртка чыгарылып турган; булар суу жолборстордун (морж) жана нарвалдардын алыскы түндүктөн алынып келинген азуулары деп далилдеп жүрүшөт. Кыргыз падышасы кыргыз-хакан (каган) деп аталган. Ошол эле автордун айтканына караганда кыргыздардын мүнөзү жапайы айбандарга кыйла окшош; өңдөрү серт, чачтары суюк; адилет- сиз, мерезирээк болушат. Алар жоокердиги менен айырмаланышат, бардык коңшулары менен согушуп, касташып турушат. Алардын арабалары (же кайыктары), кой, уй жана жылкылары бар; алар суу, жайыт, жагымдуу аба ырайын жана шалбааларды издеп көчүп жүрүшөт.
.
Алар отко сыйынышат жана өлгөндөрүн өрттөшөт, чатырларда жана кепелерде жашап, мергенчилик кылышат. Алардан чыгышты карай кыргыздардан чыккан фури деген эл бар; алар башка кыргыздар менен аралашпайт; алар таш боор киши жегичтер; алардын тилин башка кыргыздар түшүнбөйт; алар жапайы айбандарга окшош. Кыргыз каханы жашаган шаар Кемижкет аталат. Тоолордо кыргыздардан чыккан кесим деген эл бар: алар да чатырда жашап, аң терилерин, жыпар, хуту жана башкаларды жыйноо менен кесип кылышат. Кыргыздардан чыккан башка эл бар, алардын тили карлуктардын тилине жакын, ал эми кийимдери кимактардын кийимине окшош. Кыргыздардын бир дагы канатында кыштак да, шаар да жок; хакан жашаган жердегилерден башканын баары чатырларда жашайт. .
Бул текстте Тан-шудагыга караганда кыргыздар бир кыйла жапайы эл катары көрсөтүлөт; бул учурда, сыягы, кытай маалыматтары бир кыйла так болуу керек. Кытайлардын кыргыздардын башка элдер менен бейкут алакалары жөнүндө айтканы менен перс авторунун кыргыздардын бардык коңшулары менен согушуп тургандыгын баяндагандыгынын ортосундагы айырмачылык бөтөнчө көзгө урунат. Өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөгөндөрү тууралуу маалыматты кытайлар ырастайт; кытайлар мындан тышкары өлүк өрттөлгөндөн кийин калган сөөктөрдү бир жылдан кийин жерге көмүшөрүн айтышат; түрктөрдөн айырмаланып, кыргыздар киши өлгөндө беттерин тытпайт7. Өлгөндөрдү өрттөө жөнүндө маалыматтарга Гардизи кыргыздардын ою боюнча от эң таза нерсе жана ар кандай ыпыласты жок кылат деп кошумчалайт, ошентип өлгөн адам да ыпыластан жана күнөөлөрүнөн от менен тазаланган. Башка кыргыздардан айырмаланып, фури эли өлгөн адамдарды тоого алпарып, чиригенче дарактарга коюп коюшкан.
Кыргыздардын жапжалгыз шаарынын же кыштагынын аталышы жөнүндө болсо, анын кытайча транскрипциясы (Иакинфте—Мидичжы, Шотто — Мидичжита) перс текстинде Микиджкет (акыркы муун— шаарлар менен кыштактардын аталыштарына көп улануучу иран сөзү, маселен Ахсикет, Пянжикет д.у.с.) деп окулат деп болжоого мажбурлайт. X кылымдагы автор Абу Дулеф кыргыздардын турмушун бир кыйла жагымдуу маанайда сүрөттөйт. Кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар бул автордун сөзсүз апыртылган саякатын сүрөттөөлөрдүн ичинен орун алган; анда географиялык көп так эместиктер бар, өзү жазгандай катар менен Абу Дулеф ал элдерге бара алмак эмес. Ал элдерге дегеле барбаган болуу керек жана өзү көргөн окуялар катары китептерден алган маалыматтарды келтирет, бирок ал пайдаланган даректердин арасында так маалыматтар болушу да ыктымал. Кыргыздар жөнүндө алар таруу, күрүч жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгы айтылган; алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар; алар токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө аны өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонулуучу өзгөчө кыраат менен сүйлөнүүчү тили бар. Жыпары бар. Жылына үч майрам өткөрүшөт. Алардын асабасы жашыл түстө. Алар сыйынганда жүздөрүн түштүккө багышташат.
.
Планеталардын ичинен Сатурн менен Чолпонго табынышат. Марсты жамандык кабарлоочу жылдыз катары карашат. Жырткыч айбанаттар көп. Түнкүсүн жарык чыгара турган таш бар, ошондуктан алар жарыкты колдонушпайт; ушул таштан буюмдарды алар гана жасашат. Алардын падышасы элдин камын көрөт, алар да аны урматташат. Падыша барда жашы кырктан ашкан адам гана отура алат. .
Бул баянда кыргыз жазмасы жөнүндө эскерилгендиги кызык, бул жөнүндө Тан-шуда да айтылган, кыргыздардын «жазмасы жана тили уйгурлардыкына абдан окшош»8 деп белгиленген. Кеп ошол убакта уйгурлардын арасында таркай баштаган жана кийин моңголдор кабыл алган алфавит жөнүндө эмес, андан кыйла байыркы жазуулар жөнүндө болуп жатат, орхон жазууларын ачуунун аркасында аларды окуу үчүн ачкыч табылар эле.
.
Ошол эле алфавит кыргыздарга белгилүү экендиги Енисейдин алабындагы көп сандаган жазуулардан көрүнүп турат, бул жазуулар орхон жазууларына караганда илимге бир кыйла мурда белгилүү болгон, бирок тарыхый орхон жазууларын ачуунун аркасында гана териштирилген, орхон жазуулары илимге алгачкы берген материалдын негизинде табышмактуу жазууларды териштирүүгө киришүүгө мүмкүн болгон. Енисей жазууларын которууга Радлов аракет жасаган.
Жазуулардын бардыгы мүрзөдөгү жазуулар; аларда тарыхый маалыматтар жок, кыргыз деген сөз аларда жолукпайт; тарыхый маалыматтар боюнча Енисейде кыргыздар жашагандыктан, Радлов жазуулардын көпчүлүк бөлүгү кыргыздарга таандык деп болжойт. Жазуулардын эч биринде, жок дегенде айбанаттар циклинин доору боюнча да даталардын жоктугун белгилөөгө болот, ал эми Тан-шуда дал кыргыздар жөнүндө аларда жылдар он эки жылдык циклден турары жана айбанаттардын аты менен белгиленери айтылган; мына ушунун негизинде Абель-Ремюза 1820-ж. айбанаттар циклин ойлоп чыгарууну кыргыздарга таандык кылгысы келген. Тамгаларынын формалары орхон жазууларынын мезгилине караганда бир кыйла байыркы мезгилди көрсөтүп турат; ошондуктан, Радлов Еннсей жазууларын VII кылымга, көбүнчө анын экинчи жарымына таандык кылууга ынтызар. Жазуулардын биринде бул маркум жети жаш курагында Кытай императоруна баргандыгы айтылган; Радловдун пикири боюнча бул Тан-шу боюнча кыргыздардын биринчи элчилиги Кытайга жиберилген 648-жылдан мурда болушу мүмкүн эмес. С. Е. Маловдун Енисей эстеликтери «орхон-селенга эстеликтеринен да эки-үч кылым мурда болгон» деп айтканы (1926-ж. 28-февралда Бакудагы түркологдордун курултайында жасаган докладында) да кыйла күмөндүү9. Мүрзөлөрдөгү ар кандай жазуулар сыяктуу эле Енисей жазуулары да эл- дин түшүнүктөрү жана дини жөнүндө ой жүгүртүүгө айрым бир материалдарды берет.
Бирок тексттин жана анын котормосунун оңолгон жаңы басылышы жарыкка чыкмайын бул материалды илимий жактан пайдалануу мүмкүн эмес. Дини боюнча кыргыздар сөзсүз шаманисттер болушкан жана алардын сыйынуулары, сөздөрдү кыраат менен сүйлөшөрү жөнүндө Абу Дулефтин айткандары ушул динге тиешелүү. Кыргыздарда, ошондой эле башка түрктөрдө шамандарды кам деген сөз менен билдиришкен. Енисей жазууларында (орхон жазууларындагыдай эле) бул сөз жок, бирок ал Тан-шуда кыргыздар жөнүндөгү баянда айтылат. Буддисттер (тибеттиктер) жана мусулмандар менен соода боюнча алакалаш болгондугуна карабастан, будда же мусулман динин үгүттөөлөрдүн кыргыздар арасында кандайдыр бир ийгиликке жетишкендиги жөнүндө эч маалымат жок. Мусулман өлкөлөрүндө кыргыздардын өлкөсүнөн сыртка чыгарылган товарлардын ичинен жыпар көбүрөөк бааланган болуш керек. Бул товар менен, ошондой эле Ыраакы Чыгыштын өлкөлөрүнөн сыртка чыгарылган башка товарлар менен соода жүргүзүүдөн деңиз аркылуу соода жүргүзүү менен кургак жол аркылуу соода жүргүзүүнүн атаандаштыгы көрүнүшү мүмкүн; деңиз соодасынын өнүгүшү бул жагдайда кыргыздарга зыян келтирүүгө тийиш эле. Азыркы убакта жыпар көбүнчө деңиз аркылуу Кытайдын портторунан, бөтөнчө Шанхайдан ташылып чыга тургандыгы белгилүү. Географ Ибн Хаукал X кылымда баасы жана сапаты боюнча эң мыкты жыпар Тибеттен жана кыргыздардын аймагынан кургак жол менен ташылып келерин айтат; бирок андан мурдагы географ Я’куби (891-ж. жазган) баарынан жогору Тибет жыпарын баалап ( мында к ыргыз ж ыпары ж өнүндө с өз ж ок), а ндан к ийинки о рунга с огда жыпарын (Зеравшандагы жер боюнча), үчүнчү орунга гана Кытай жыпарын коюп, ал жыпардын эң мыкты сорту Ханфу (Кантон) гаванынан чыгарылып кетерин кошумчалайт. Жыпар кийин Кытайдан Аденге алынып келинген товарлардын арасында эскерилет.
Тышкы соодага карабастан, кыргыздарда өздөрүнүн металл өндүрүшү болгон, балким алар аны качандыр бир убакта мурда Енисейде жашаган, азыркы кезге чейин алардын кайсы этнографиялык типке кирерин, кайсы мезгилге таандык экендигин аныктоо мүмкүн болбой келе жаткан коло маданиятынын элдеринен мураска алып калган болушу мүмкүн. Темир, сыягы кыргыздарга эчак эле белгилүү болгон10, Тан- шуда кыргыздар ханышага11 темирден курал жасап бергендиги айтылган, алар мурда түрктөргө салыкты темир менен төлөп келген; Темир буларда кяса12 (Kja-sa) деп аталган. Шотт бул сөздү самоеддердин kues, vese, jesea сөздөрүнө жакындатат, бирок алтайлыктардын jäs — ‘жез’ жана командардын (кыпчактардын) jâs — ‘сары жез’ деген сөздөрү менен жакын болушу да мүмкүн экендигин көрсөтөт. Кыргыздардын жана жалпы эле түрктөрдүн металлдар менен тааныштыгы жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бул маселеге тиешелүү тилдик маалыматтарды толугураак салыштыруу зарыл болор эле. Жергиликтүү элдик уламыштарга ылайык Радлов Абакандагы жана Енисейдеги соңку темир дооруна таандык буюмдар табылган мүрзөлөр кыргыздарга тиешелүү деп эсептейт.
,
Маданиятынын өнүгүү деңгээли боюнча кыргыздар өзүлөрүнүн түндүк жана чыгыш тараптагы коңшуларынан бир кыйла жогору турушкандыгы шексиз, ал жөнүндө биз кытай жана мусулман даректеринен айрым маалыматтарды кезиктиребиз. Жогоруда Туманскийдин кол жазмасында кыргыздардын чыгыш тарабында жашаган фури эли жөнүндө маалыматтар келтирилген, анда бул эл ал түгүл киши жеген деп күнөөлөнөт. Фурилер жана алар менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер жөнүндө Гардизиде анча-мынча айтылат, анын айтымында кыргыз ханынын ордосунан фури элинин аймагына чейинки аралык үч айлык жол болгон. Фурилер сазда жашаган жапайы адамдар катары сүрөттөлөт; эгер аларды ал жерден сүрүп чыгара турган болсо, суудан сууруп алган балыкка окшоп калышат. Эгерде алардан кимдир бирөө кыргыздарга туткунга түшүп калса, тамак ичпейт жана мүмкүн болсо эле качып кетүүгө аракеттенишет. Башка кээ бир даректерде кыргыздардын батыш тарабын кун жана кай (же кайи) эли ээлейт, бирок анын үстүнө кун деген менен бирге кури деген жазуу да кездешет; булар — ошол эле фурипер (араб алфавитиндеги к жана ф тамгаларын көп чаташтырып алышат) болушу толук мүмкүн. Кытай даректерине салыштыруу кури деп окуу туура деп ойлоого мажбурлайт. Биз Тан-шуда жана Орхон жазууларында Тан-шу боюнча Байкалдын жанында жашаган курыкан эли эскерилээрин көрдүк; бир кыйла кийинки кытай чыгармасында (Юань-ши, моңголдор тарыхы) Ангаранын жанында жашаган кули13 эли айтылат; ошол эле эл XIV кылымдын башында жазган перс тарыхчысы Рашид ад-динде Байкалдын жанындагы аймакта кури деген ат менен эскерилет.
13 кылымдын башындагы автор Ауфиде кури (же кун) элине чыгыш тарабындагы коңшусу— кай эли кол салгандыктан, алар батышка журт которуштуруп, ал жердеги башка элдерди сүрүп чыгаргандыгы жөнүндө маалымат бар; бул элдердин ичинде кыргыздар эскерилбейт, ошондуктан, Маркварт чоң маани берген Ауфинин бүт аңгемеси (Маркварттын пикири боюнча жогоруда эскерилген кимактардын бытырап кетиши ушул журт которууларга байланыштуу) башка даректер менен көп ырасталбайт. Ошол эле Ауфинин бир кыргыздын дарыя кайда куярын билүү үчүн Енисей аркылуу төмөн карай жасаган саякаты тууралуу кызык баяны уламыш мүнөзүндө экени шексиз. Ауфинин баяны боюнча кыргыздар өлкөсүндө бир дарыяга төрт дарыя кошулат; андан кийин алардын дарыясы капчыгай-тоолорду аралап туңгуюк аркылуу агат. Ал кыргыз чакан кайык менен төмөн карай сүзүп жөнөгөн; үч күн, үч түн бою ал жарыкты, жылдызды, айды жана күндү көргөн эмес; акыры ал кең жайыкка келип, кайыктан түшкөн. А ттардын д үбүртүн у гуп, а л д аракка ч ыгып к еткен ж ана к им к елээр э кен д еп күтүп отурган; чоңдугу уйдай болгон иттерди ээрчиткен узун бойлуу үч чабандес (алардын бою найзанын узундугу менен салыштырылат) келген. Алар кыргызды көрүп, аны аяшкан, дарактан түшүүнү өтүнүшкөн жана иттер Талабасын деп өзү менен бирге аттарынын бирине мингизишкен; андан кийин аны өзүлөрүнүн чатырына алып келишип, тамак беришкен жана мурда кичине киши көрбөгөндөй аябай таң калышкан; акыры алар ага ө зүнүн ү йүнө кетер жолду көргөзүп коюшкан; алардын ким болгондугун жана кайсы элден экендигин эч ким билбейт. Ушул баянга байланыштуу Енисей Минусинскиге чейин жана кайра Ачы уездинин чек арасынан Красноярскиге чейин тоолор аркылуу өтөөрүн эске салса болот. Уйгурлар талкаланып, кыргыздардын улуу мамлекети түзүлгөндөн жүз жыл өтпөй эле бул улуу мамлекет да жашоосун токтоткон. 10 кылымдын башында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө биринчилик бир канча кылым бою саясий турмуштун окуяларына катышып келген кытайларга, моңгол тегиндеги элге өткөн14; 7 кылымда эле кытайлар түрк-огуздардын кайта калыбына келтирилген кагандыгына каршы түзүлгөн коалициянын курамына кирген жана жалпы душманга чыгыш жактан кол салууга тийиш эле.
Эми кытайлардын акими (анын аты кытай транскрипциясында А-бао-чжи же (Араокi) Түндүк Кытайдын бир бөлүгүн каратып алып, 917-ж. кытай императору титулун алат жана жаңы Ляо сулалесин негиздейт. Кытайлар бүткүл «Орто империяга» эч к ачан э э б олгон э мес, а нын т үндүк б өлүгүнө г ана а кимдик к ылышкан; о шондой болсо да алардын аты ар түрдүү өзгөртүлүп, Моңголиядан Индияга жана Батыш Европага чейинки көп элдер тарабынан Ыраакы Чыгыштын байыркы маданий мамлекетин атоодо колдонулуп кел- ген. Орусча «Кытай» деген ат ушундан келип чыккан. Ляо сулалесинин негиздөөчүсү Кытайдын кээ бир маданий аймактарын басып гана албастан, 924-ж. Моңголияга да жортуул жасаган, уйгурлардын Орхондогу мурдагы борборунун урандысында болгон, мурунку кагандардын жазуулары бар таштарды көрүп, ө зү д а ж аңы э стелик о рноткон ( сакталып к алган э мес). С ыягы кыргыздарды каратып алуу ушунун алдында болууга тийиш эле, ошентсе да ушул убакка чейин белгилүү болуп келген даректерде мындай жеңиш жөнүндө түздөн-түз маалыматтар жок өңдөнөт. Моңголияда кыргыздардын улуу мамлекетине чейинки тартиптерди калыбына келтирүүгө умтулуу Ганчжоу шаарынын уйгур акимине Орхондогу уйгурлардын мурунку ээликтерине кайтышын сунуш кылганынан16 көрүнүп турат. Уйгурлардын акими уйгурлар Моңголиядан кеткенден бери он муун өтүп кетти деп жооп берген дешет, бул өтө апырткандык болор эле, акыйкатта, кыргыздар уйгурларды жеңген убактан бери 80 жыл гана, башкача айтканда, үч муун да өтө элек эле; бирок уйгурлар ушул мезгил ичинде өздөрүнүн жаңы мекенинде дыйканчылыкка жана шаар турмушуна көнүп калууга үлгүрүшкөн жана Моңголиядагы конуштарга кетүүнү каалашкан эмес. Радловдун китебинде кыргыздардын ханы Енисейдеги өзүнүн мурунку ордосуна 970- ж. гана кайтып келген деп айтылган.
.
Бул кабар Риттер аркылуу Клапроттон алынган (андагы 670 ката экени ачык көрүнүп турат); Шотт өзү пайдаланган даректерден бул датаны таппаса керек, аны Клапроттун кайдан алгандыгы да белгисиз. 924-ж. кытайлардын Орхонго жортуулу жөнүндө баян кыргыздар Моңголияда же эч болбосо анын бир бөлүгүндө 970-жылга чейин болушу жөнүндө күмөндөнүүгө мажбурлайт. Кыргыздар Моңголияда үстөмдүк кылган акыркы түрк эли болгон; алар жеңилгенден кийин Моңголия азыркы убакка чейин сакталып калган кытайлардын Моңголиядан түрктөрдү кууп чыгарууга жана алардын жерлерин өздөрүнүн туушкандары — моңголдорго берүүгө атайылап умтулбагандыгын көрсөтөт. Уйгурлар баш тарткандан кийин Моңголияга барып жашай турган башка түрк эли болгон эмес жана түрктөрдүн жоктугунан моңгол тектүү элдер пайдаланып кеткен. Кыргыздардын чыгыштагы коңшулары фури (же кури) эли да моңголдор болушу өтө ыктымал; муну Туманскийдин кол жазмасындагы «фури» тили башка кыргыздар үчүн түшүнүксүз экендиги тууралуу сөздөр д а к өрсөтүп т урат.
Түрк тилинен башка тилде сүйлөгөн элдер жөнүндө айрым маалыматтарды Махмуд Кашкари да баяндайт; тилекке каршы, бул маалыматтар анчалык так эмес жана алардан алыскы түндүк-чыгыштагы өлкөлөр менен жекече таанышкандыктын белгилери да байкалбайт. Махмуд Кашкари кыргыздарды таза түрк диалектинде сүйлөгөн элдердин катарына адилеттүүлүк менен кошкон, бирок алар четки түндүк-чыгышты жердейт деп эсептейт; түрк эмес кайи жана татар элдери анын сөзү боюнча, батышыраак жакта жашаган; бирок ошол эле убакта татарлар Өтөгөн деген жерде жашаган делет, Орхон жазууларында дайыма айтылып келген тоо кыркалары ушундай аталат (жазуулардын авторунун айтымында бул түрктөрдүн чыныгы мекени болгон) жана бул жер Хангайга туура келиши ыктымал17. XI кылымда бул жерде татарлардын (Чыңгыз-хандын убагында жана андан кийин дайыма азыркы моңголдорду ушундай аташкан) жашагандыгы орхон жазууларынын мезгилинен бери калктын курамында болуп өткөн өзгөрүүлөрдү ачык көрсөтүп турат.

Супер-Инфо
super.kg
видео