Дагы кошумчалай кетчу нерсе.
Биздин жайлоого жеткичекти ото катуу шаркылдабасада шынгырап акчу дарыяны бойлоп кетет. Чар тарабынан тоолор менен курчалган жолдо баргычакты сууну бойлоп барабыз. Жанада ошол бойлоп барчу суунун так башына барып олтурчубуз.
Биз тээ башта аттар менен барчубуз кийинрээк машинада барып журдук. Негизинен чон машина жолу деле бар. Бирок ал машина жол так биз олтурчу конушка карай барбайт болчу.
Машинанын акумляторуна телевизорду коюп алып кино корчу элек тээ машинабыз токтоткон жерге барып. Ошондо корей кинолорун озбекстан которуп телеканалдарынан укмуш берчу эле.
Жайлоо жөнүндө бир нерсе жазгыла жайлоо жөнүндө жазгыла
#182 16 Июль 2015 - 23:24
Эхх жайлоо кандай керемет.Кичине чагыбызда эки уч жыл катары менен жайкы дем алууда барып журдук.Салкын абасы кок шибери,шаркырап аккан суулары,эрте менен сайраган улар,кекилиги тим эле укмуш.Жада калса арча отунга кайнаган чайы озунчо бир керемет даамы озгочо.Эхх ошол кундорду аябай сагындым.Мумкунчулук болсо кана эми.Барып дем алып келсен.
#184 16 Июль 2015 - 23:55
Jailoogo chikan kandai jakshy abasi taza syysy taza . Kyrgyzstandi olo sagyndym.
#186 17 Июль 2015 - 07:51
Эми ысыкта журуп жайлоону энсеп атасынарда.
..
А озунор ошо жайлоого барып бир кунда тирилик кыла албайсынар!
Бир кун шамал,бороон чапкын,мондур жаасын минге коюп качасынар.
А кереметин айтып тугото албайм менда.
Айрыкча уйларды музоолору ээм кеткендеги таенемдин урушканычы. ..эхей ошо кундор кана артка кайтса...
Бир чолдук болом жайлоого барып,таенем бар мына каймакты чарага куюп кел десе иттин тепшисине куюп коюп ит жеп салганычы...

#187 17 Июль 2015 - 14:03

Жайлоонун терс жактары меене синип калган окшойт э...шамал,мондурдон башка да жакшы аба ырайы болот жайлоодо
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#189 17 Июль 2015 - 14:20
Эхх жайлоо кандай керемет.Кичине чагыбызда эки уч жыл катары менен жайкы дем алууда барып журдук.Салкын абасы кок шибери,шаркырап аккан суулары,эрте менен сайраган улар,кекилиги тим эле укмуш.Жада калса арча отунга кайнаган чайы озунчо бир керемет даамы озгочо.Эхх ошол кундорду аябай сагындым.Мумкунчулук болсо кана эми.Барып дем алып келсен.
Улар демекчи биз башта чыгып журчу жайлоодо аябай бийик зоокалар бар эле. Ошол тоолордо уларлар коп болчу. Эрте менен уйкудан турсан аябай соонун сайрашчу. Эн кызыгы жамгыр жаай турганын уларлардын унунон билчубуз. Ал эми кекиликтер озубуздун айылыбыздан аарыраактагы эле дончо тоолорубузда бар болчу.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#190 24 Июль 2015 - 11:06
Иий Жайлоо, балалыктын бал мезгили отту го...
Байкуш энем неберенин баарын чогултуп алып чыкчу эле, азыр ойлосом кантип карады экен дей берем, берекелуу заман эле да анда...
Жумуш болуштуруп келгенде мага эчкилерди айдоо, улактарды кайтаруу туш келип калды, жакшы эле эчки аттунун баарын аркы жээгине айдап шаркыратманын, улактарды бул жээктеги тошко айдап анан кеткем оюнга, кечинде мал келген мезгилде чогу келсе болобу шармандаааа. .. Энем саап баштаса бир тамчы сут жок, эмип коюптур)))) Энем урушуп соз кетирбейин дедиби, же чарчаганбы айтор унчукпай жаныма келди да сузмо илген жыгачка мени илип койду кийимдеримди туруп туруп, журттун так ортосунда турам го илиниииип)))
Азырга чейин айылдагылар коргондор аксакал кемпирлер: аа бул жанагы туркукко илип койгон кызбы деп таанышат)))) анысына деле макулмун, бар болушса болду

#191 24 Июль 2015 - 12:53
Балалыгымды эстегенде таенемди анан жайлоону эстейм. Уй кайтарчым, тушто бирдеме чакчы эле аларды ошондогу алардын аркасынан кууп чуркоо. Таза аба, каймак, сут, балчайтып он колунду сузмого малып алып курут жасоо))))))) бирде жамгыр бирде кун. Эн кызыгы салкын боз уйдо уктоо, жамгыр жокто жылдыздарды карап, жылдыз тушсо кыялынды катып ичине. Ошондо ошо кыялдар балалыктагы болбогон кубаныч деп айтпаптыр да эч кимиси. Азыр ошентип эс алып келсек кана?
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
#192 24 Июль 2015 - 19:51
Сыртта сыдырым жел согуп,таңкы шүүдүрүм жашыл шибер,көк майсаңдын жүзүн аймалап жууп койгондой.Сыртта самоорлор бурулдап түтөп,таң супада оокатын кылчу чымын-чиркейлерге алда канча тоскоолдук кылгансыйт.
Жылкылар кишенеп үйүр-үйүрү менен турушат.Желедеги кулундардын кээ бири тайраңдап энесине эркелегендей жатса,кээси жаш баладай энесинин желинине тутугат.Сыртта ак боз атты имип,оңго-солго камчыланып,
бир короо майда туяктарды тээтиги капчыгайдын кырын коздой айдап боз улан жөнөдү.Жеңелер болсо челектерин кош билегине илип алып,белдемчисин бекем бууган бойдон уйларды саамакка жөнөдү.Аздан соң көңдүн бурулдаган жыты каңырыгымды жарды.Аны менен кошо калама көмөч нандын жыты келип жатты.Көрсө,
боз үйдүн алды жагында элечегин оронгон энекем чачпагын чечпестен биздин кардыбыз үчүн даамдуу нан жаап жаткан экен.Бир бээ саам убакытка көзүм илинип кетиптир кайра.Мени уктасын дедиби,айтор өзүм ойгондум.Боз үйдүн түндүгү эми гана тартылып жатыптыр.Өзүмчө кыялга батып жаттым.Түндүк ачылып,көгүлтүр асман көрүнгөн сайын жан-дүйнөм арууланып,аны менен катар уйкум да кошо ачыла түштү.Боз үйлүн эпчи жагындагы сүт машиненин кыңылдап жатканын эч туйбай уктапмын.Үстүмдөгү ичикти алып,жаздыгымдан эми гана баш көтөргөндө жеңенин сүт тартып жатканын байкадым.Баары менен таңкы жылмаюм менен амандашып,түз эле шараккан сууну көздөй сай тарапка жөнөдүм.Жүзүмдү муздак суу менен жууп,бир сыйра сергип алдым.Мени аңгыча чайга чакырып калды.Барып эле дасторкондун четинен жай алдым.Сакалы куу тарткан,токсондон ашкан ата дасторконго бата тиледи.Мен болсо каймак менен ысык нанды малып жей салдым.Дасторкондогу дүйүм даамдын даамы оозундан азырга чейин кете элек го,чиркин!
Ошондогу каймак,сары май,тыбыт,ысык көмөчтүн нан,самоордун чайы,ак ала уйлардын сүтү эңсеген сайын эргитет го.Эхх өңүмдө барбасам дагы,кыялым менен жазып койдум...)))
#194 28 Июль 2015 - 23:57
Жайлоо менен Тоонун кандай айырмасы бар?
Жайкалган кок шибери,ичсен тандайды какшаткан муздак суусу,таза абасы бар жана жаратылышы кооз жерди жайлоо дейт...
А тоо болсо ар кандай болушу мумкун,кооз жаратылышы менен да,такырайган боз топурактуу добо болушу да мумкун.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#195 29 Июль 2015 - 13:59
Мен дале жайлоого тоё элекмин,жайлоо эмей тоонун арасындагы айылды да көп көрбөдүм.Тайларым чөлдүк болушса,энем менин бир жашымда көз жумган.Ошентип,
жакын туугандарыбыздан эч ким жайлоого чыкпайт.Өзүбүз болсо шаардын четиндеги айылда турабыз,тоо эмес дөңсөө да жок.2-классты бүтүп каникулда жүргөндө гана жайлоону көргөм."Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" дегендей,коңшум алып барып,1 айга жетпей ыйлап баса бергем.Эми машинадан түшүп жөө кетип жатабыз,коңшумдун улуу кызы менен.Эч эле жетпейбиз да,ал мени алдап баратат "тигине,жетейин деп калдык" деп.Араң жеткенмин го,чиркин.Ал жакта күндүзү күн ачык да,кечкисин жамгыр,түнкүсүн мөндүр жаачу.Жарык жок болгондуктан,
эрте эле жатчубуз.Кошунабыздын менден 3 жашка чоң кызы "поезд"
болуп жатабыз десе,бири-бирибизди кучактаган бойдон уктачу элек.За то жылуу жатчубуз да.Эрте менен кой десе болбой,чоңдор менен жарышып саат 4-5 дин арасында ойгонуп алчу элем.Саат 6-7ге чейин уй саашып,анан аны тартышчу.Машинанын темир табактарын мага тазалатышчу,
каймактарын.
Анан чай коюшчу.Менин тамактанганым өзгөчө эле да.Атайын мен үчүн кичинекей дасторкон жайып,алдыма сүт,каймак,чөөгө,
сары май,айран коюп коюшчу.Ошолорду түгөтмөйүнчө турчу эмесмин.Казанга нан жабышчу,айран уютуп,флягаларды сайдын ортосуна,таштардын үстүнө коюшуп сүзмө куюшчу.Курут жасачу элек.Анан арчага селкинчек жасап,ойночу элек.Уйларды башка жакка айдап жиберишет эле.Торпокторду бир аке эшек менен айдап баратса,артына учкашып алат элем.Келе жатып кыя жолдон гүл терип келчү элем.Бул жакта шаркыратма бар десе,барам дечүмүн.Бирок,
барган эмес элем.Анан эшек минем,ат минем деп ыйлачумун.Түшкө маал тезек терчүмүн.Ойлоп көрсөм,өзүнчө эле "Любопытная Варвара" экен элем ошондо эле,ар ишке мурдумду тыгып."Үй жасамаш" дейбиз го,ошондой ойноп жатып,коңшунун кызынын мурдун чымчып коюп,ыйлатып алгам.Анан,ал апама айтам десе,үйдөгүлөрдү сагынып турган жаным,ошону шылтоолоп,качып баса бергем коркуп.
Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
#196 29 Июль 2015 - 15:22
Биз жакта аябай кооз жайлоолор бар."Кош-Добо"
,"Ничке-Суу"
,"Кочкорчу"
ж.б корсонор окунбойсунор.
Апамдар илгери чыкчу экен,акыркысы мен оо, 4-5 жашымда,элээс-
булас билем.Андан бери норм жайлоо коро элекмин.Бая куну апама туугандардыкына барып келейн десем ынабады"Ал жерде элдер тан атпай уй саайт,сени бир нерсе бастырып кетсе да турбайсын"
-деп
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#197 29 Июль 2015 - 16:57
]Экинчи жолу айтылуу Нура тарапка,алыс туугандарым менен бардым.Биринчи барган жайлоодо тоо-таш,арча,
карагай деген дегеле көп болчу.Экинчини ошондой элестетип барсам,жолдон 2-3 километр алыс жерде экен.Эки машине катарлаш эле түүз жерге кирип барганбыз.Арттагы машинедегилер биздин эле туугандар экен,көрбөгөн жаным,же алар мени,же мен аларды тааныбайм да.Барып жайлоодогуларга жеңемдин агасына куран окутабыз дешкен.Анан куран окутуп бүтүп(3 күндөн кийин),"сен кимдин кызысың?"
дейт,"Шарафидиндин"
десем,"Ийй,
Шараңдын кызысыңбы?Мен акаң болом." деп,өллө башкача учурашканбыз да.Биринчи барган күнү,машинадан түшүп эле дарыяга баргам да,элдер тыпырап конок тосуп жүрөт.Мен болсо дарыяын ортосуна барып алгам,же чыга албайм.Чыга турган жерди араң тапкам,же бирөөнү чакыргандан уялам,суу болсо муздак.Аз жерден уят болоюн дегем.Айланамды карасам,мөңгүлүү зоолор,оо алыста тоолор,жаныбызда адыр бар экен.Дарак,жадакалса 2 карыш чөп жок.Кир жууганда да кирди чөпкө эле жайып коюшат экен.Телефондо сүйлөшкөнү алыс жолго чыкчу элек.Кызык экенмин,атайын ошол жолго чыгып,апама чалып,бирдик салдырып,анан агентке кирчү элем.Агент модада эле да.Ошол маалда телефонумдун заряддай турган жери иштебей калган да,машина келсе баары телефондорун толтуруп алышат.Мен эле томсоруп кала берем.Анан зарядын өчүрүп албайын деп этияттап 12 күнгө жеткиргем
.Ошол маалда чоңоюп калгангабы же ал жакта ошондойбу,эч эле тиричилик бүтчү эмес.Бир күнү койлорду айдап келгенин көрүп калдым,барсам менин бир көк коюм жүрөт.Көрсө,
кой баккан киши биздин чабан экен.Эля дедим анан,баары эле тааныш экен.Анан эки үйдүн ортосунда эркелээп уй саап,көң ташып,кулун тосушуп жашап келгем.Айтмакчы,
кымыз бышканды да ошол жактан көрүп,ошол жактан үйрөнгөм.Суур көргөм.Жайлоонун ошонусу жакшы экен да.ТВ жок,музыка жок,телефон жок,абасы таза,кечки саат 8-9 дарда эле уктайсың.Айтор,
баары сонун.
Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
#198 02 Август 2015 - 23:18
Быйыл жайлоого барам дедим эле,уйдогулор жон0тп0й койду.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#199 15 Январь 2016 - 21:05
Эээххх жайлоо, жайлоо кандай сонун керемет, кооз жаратылыштын белеги, ушул жайлоого баратканда,
барганда баардык проблемаларды унутам го чиркин .
#200 06 Январь 2019 - 07:07
Окуучулук кездеги каникулда жайлоого барып эс алган кундор эстен кетпейт го

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия