Ассаламу алейкум, бул:
"Эң чоң күнөөлөр:
Аллага шек келтирүү;
Акыйкатсыз кан төгүү;
Ата-энеге ак болуу;
Жалган күбөгө өтүү. "
хадис маанисиндеги "ата-энеге ак болуу" деген кандай маанини берет?
Маанисин түшүндүрүп бергилечи Тилди жакшы билгендерге сураныч
#2 02 December 2013 - 21:49
Сынган кылычта Нүзүптүн атасы Нүзүпкө "ак кылдым эле ак кылдым" деп кыйкырган жери бар беле? Ак кылдым дегени кечтим дегени го дейм.
#3 02 December 2013 - 22:11
Сынган кылычта Нүзүптүн атасы Нүзүпкө "ак кылдым эле ак кылдым" деп кыйкырган жери бар беле? Ак кылдым дегени кечтим дегени го дейм.
Бул жерде "Эң чоң күнөөлөр:" деп туруп, анын ичинен "ата-энеге ак болуу" делип жатат. Ошондо "ата-эне кечкени" чоң күнөө болбойт калат го?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#4 02 December 2013 - 22:16
Менин түшүнүгүм боюнча "ак болуу" деген "таза болуу" деген мааниге жакын болуп жаткан, анан бир тааныш мусулман бала ушул хадис маанисин келтирип жатпайбы ""ата-энеге ак болуу" эң чоң күнөөлөрдөн делиптир, бул кандай болуп калат?" деп. Ошондон маанисин түшүнө албай сурап жатам.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#5 02 December 2013 - 22:45
#6 02 December 2013 - 23:41
Hadiste arabchasynan jazylgan. Bul dagy chon kunoolordun kataryna kiret. "'aakul vaalideyni" dep kelet. Ar daiym ata enesine akarat kylgan,alardy uruwup sogup naraazy kylgan adamga aitylat. Mumkun dosunuz "aakul vaalideyni" degendi tuura emes kotorup algandyr. Allah biluuchu.
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
#7 03 December 2013 - 00:41
Hadiste arabchasynan jazylgan. Bul dagy chon kunoolordun kataryna kiret. "'aakul vaalideyni" dep kelet. Ar daiym ata enesine akarat kylgan,alardy uruwup sogup naraazy kylgan adamga aitylat. Mumkun dosunuz "aakul vaalideyni" degendi tuura emes kotorup algandyr. Allah biluuchu.
Бул нерсени ал бир сайттан тааптыр, ылдыйда ошол сайттагы скриншотун жайгаштырдым, же бул хадисти кыргызчалап жаткан адам жанылып калганбы? Себеби орусчасында мындай делген экен:" Абдулла ибн Амр ибн аль-Абас (р.а.) передал, что пророк Мyхaммaд . сказал: «К грехам первого порядка относятся: почитание с Аллахом наравне другого божества; непослушание по отношению к родителям; лишение человеческой жизни и лжесвидетельство (на суде). (передал аль-Бухари)" же "ак болуу" деген мага маалым эмес "ата-энесине акарат кылуу", "ата-эненин тилин албоо", "аларды тилдөө" деген да маанилерди камтыйбы кыргыз тилинде?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#8 03 December 2013 - 03:29
Оба ак кылдым дегени сенден кечтим дегени.ата-эне ак кылат.Кудай озу сактасын ак болгондон.бир киши жаштыгында ак болуп атасынан.калган омурун орозо менен откоргон экен.
#9 05 November 2015 - 18:04
Кыргызча так которулбай калган. Мүмкүн котормочу көпчүлүккө белгисиз диалектикалык сөздү колдонгондур.
> Mен эл менен <
#10 05 November 2015 - 19:38
Кыргызча так которулбай калган. Мүмкүн котормочу көпчүлүккө белгисиз диалектикалык сөздү колдонгондур.
Диалектика - философиялык термин, диалект- территориялык жактан чектелген тилдик бирдик. Экөөнүн ортосунда асман менен жердей айырма бар. Ал эми "ак" сөзүнө келе турган болсок, кыргыз тилинде бир нече мааниси бар, б.а., айтылышы, тыбыштык турпаты окшош болгону менен, маанилери ар башка. Араб тилинен кабыл алынган "ак" деген абстракттуу зат атооч сөз бар, ал "балалыктан кечүү, каргыш, баласына тескери бата берүү" деген маанилерди билдирет. Кыргыз тилиндеги өңдү-түстү билдирген сын атооч "ак" сөзүнө омоним болот.
#11 06 November 2015 - 13:38
Ооба, туура эмес жазып алыптырмын,
каран калгырдыкы десе. "Диалекттик"
деп жазайын дедим эле. Неси болгон күндө да "Ата - энеге ак болуу" дегенди, мактанганчылык болбосун, кыргыз тилиндеги көп эле китептерди окуганым менен мындай сөздү кезиктирбептирмин.
Же көз жаздымында калып кеткенби?
> Mен эл менен <
#12 11 November 2015 - 17:24
Туура эле которулган го, менимче. Ата- энеге ак болуу- ата-энеси тарабынан кечилген же ата-энеси кечип жиберген деген сөз. Ал эмне үчүн чоң күнөөгө кирбесин, албетте кирет. Атасын же энесин катуу нааразы кылганда гана ата- энеси кечип жиберет да. Ошондо ата-энесин катуу нааразы кылуу чоң күнөө эмей эмне...
#13 17 December 2015 - 23:40
Ата энеге ак болуу деген ата энең сени балалыктын кечип, сага нааразы болуусу. Бул чоң күнөөлөрдөн.
Ата-эне ыраазы, Аллах ыраазы. " Ата - энең сенин бейишиң же тозогуң! "
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.

Супер-Инфо
super.kg
видео














