СУПЕР ИНФОНУН ФОРУМУ! ЖҮРӨК СЫРЫ БӨЛҮМҮ!
Жүрөгүндөгү сырын силер менен бөлүшүптүр!
Окуп, колдоо жазып койгула, болбосо унчукпагыла!
Жөн гана жан дүйнөсүндөгү сырын бөлүшүп, арманын төгүп, жеңил тартып отурган чагы экен. Мынчалык таш боорлукка алдырбагыла демекчимин. Намысынды, уятынды, "эл эмне дейтинди" четке койуп туруп, жүрөгүн менен ооо ички көөдөнүңдөгү адамгерчилигин, сезимге багынган, алгачкы сүйүүңө ишенген, аруу тунук түшүнүгүңөр менен окуп койгула.
Автор, биринчи чыгарманызда жазгам сизге менин стилимде баштадыныз деп. Мисс Эркеша деген ник мага таандык болчу. Балким купуянызга деле барган чыгар кээбирлери. Өзүмө да ушу менен үчүнчү адам "Сен жаздынбы?" деп жаткан чагы.
Сизге айтаарым, сиз өз арманыныз менен миңдеген адам менен бирдей бөлүштүңүз. Ар бири ар башкача. Ар бири өзүнчө индивид. Демек кабыл алуусу да, түшүнүк деңгээли да ар бириники ар башка. Сиз бул билдирүүлөрдөн, өзүңузгө эмес жазып жаткан адамга карата жыйынтык чыгарын "Аа демек мунун акылы, элеси ушуга гана жеткен тура" деп. [Фантазиялары деле иштебейт окшойт,
Эч кайгы капа тартпаныз. Буйруса баары жакшы болот.
Өлөм дептирсиз, бешенеге жазылган, бүт баарыбыз өлөбүз. Бирибиз бүгүн, бирибиз эртең. Андан коркуунун кажети жок. Күтүүгө да убакыт кетирип отурбан. Азыркы моменттер менен жашан демекчимин. ЭРТЕҢ ӨЛЧҮ БОЛСОНУЗ, БҮГҮН ЖАШАҢ. Наалыганга убакыт жок. Бакыт даамын татып калың...
Көңүлүңүз тартса, купуяма келиң, жакшы ой тилектер менен мотивация берүүгө аракет кылайын...
П.С. "Өлөйүн деп калдым" деп турса деле, жаман айтууга дитинер жете берет экен эй, молодцы. Мен андайга чыдабайм. Көп эле боорукер окшойм))
Билдирүүнү түзөткөн: Surotchu-kyz: 04 Январь 2019 - 21:42