Суперстан: Жапайы карагаттар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жапайы карагаттар Жапайы карагаттар

#1 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Январь 2019 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жапайы карагаттар.

(автордон)

Ушундай бир учурлар болот,ичиндеги нерсени кимдир бироо менен болушкун келет. Мындайда, жазуудан откон ырахат жок чыгар. Чиймелегенден кадимкидей женилдеп калганымы байкайм.
Мен козум коргонду, кулагым укканды, озум кубо болуп, аралашып жургон окуяларды да жаза берем. Далил катары, маалымат деле издеп отурбайм, китептерди деле кууп окубайм. Балким, бул менин озгочолугум, же болбосо, эн чон катачылыгымдыр. ..
Ооба, катачылыгым дейинчи, ушунусу туурадай...


Жапайы карагаттар.
(жан дуйно буктомунон)

Той деген жакшы нерсе э? Бирок, азыркы учурда "той"дегенде суйунбой, тескерисинче ушкуруп калдык. Айтайын дегеним баарына эле белгилуу болсо керек. Ашыкча ысырапкерчиликтин айынан, тапканыбыздын тен жарымы той'аштарга кетип жатат. Бербейин десен дагы болбойт,бере берсен кыйналып кетти адам.
Айлык алаарда жолдошум экообуз бир сыйра урушуп, кайра жарашабыз. Ачыгын айтканда олкобуздо болуп жаткан аша чапкан тойлор, бизди аябай эле жудотту.

Бугун да жумуштан чарчап келсем, жолдошум ашканада журот, "омуру казан тарапка жакындоочу эмес эле,буга эмне болгон?"деп ойлогончо акырын баш бактым.
Мени коруп бирдемени айтуучудай башын ийкеди:
-Ии келдинби?
-Ооба, эмне болду?
-Тамак жасап жатат деп суйунбо, эт алып келген элем, ошону майдалап койдум сени кыйналбасын деп.
-Озум деле ошентип ойлогом .
Кийимимди алмаштырып, тамак асууга кириштим. Дагы бирдемени айтаарын сезип, жолдошуман сурадым:
-Дагы эмне болду?
Ал кулуп жиберди:
-Дагы той ...
Башымды чайкадым, бирок ашыкча суйлогум келбеди, бирдеме десем урушуп кетчудойбуз.
-Кхм, тиги, Москвадагы досум Азамат уйлонуп жатыптыр, тоюна бизди да чакырган.
-Кошумчан бар беле?
-Ооба, ал деле биздин тоюбузда берген да.
-Анда жон эле которуп жибер, баруунун кереги деле жок болсо керек?
-Атайын чакырып жатат, барбасак уят го?
-Мен баргым жок, аябай чарчап турам.
-Сен барбасан мен деле барбайм, кантип жалгыз бармак элем?
Дагы унчукпай кутулуп кеттим.
Баарыбир анын айтканы болмок да , эки кундон кийин кошумчабызды чонтокко салып, поездке билет алып жоноп калдык.
Оруссиянын токойлорун аралап, темир тулпар шакылдап кетип баратат. Ойлуу терезени тиктеп,"качан бизде да жумуш орундар тузулот, качан биз да башка улуттун окулдоруно окшоп оз мекенибизде иштейбиз, качан ысырапкерчиликти токтотуп, качан онолобуз?" - деп ойлонуп, мен баратам.
Бизден Москвага чейин жол аралыгы 8 саат экен, бат эле жетип бардык. Суйлошулгон жерде жолдошумдун достору кутуп алышты. Наркы'беркини суйлошуп, чайлашканча отурдук.
Той кечки саат 20:00 го белгилениптир. Шумдугун кургур, Кыргызстандагы тойлордон ашса ашат, кем эмес, ресторандын ичи тимеле укмуш жасалгаланган, столдо толтура дуйум тамак. Кыз'куйоо отурган жерде 3 кабат торт турат. Ушунча даярдыктын кимге кереги бар тушунбойсун, тойдун эртеси да жашаш керекпи акыры? Анын устуно чет жерде журсок, баарыбыз эле жыргаганыбыздан журбосок керек?
" Капыраай, озубуздо эмес бул жакта деле ошол корунуш"деп, ичимден суйлонгондон башкага жарабадым.
Той башталды. Бизге уйлонуп жаткан эки жаштын кесиптештеринин жанынан орун тийди.
Озара таанышымыш болуп отуруп калдык. Бироосу озунчо эле чалкалай отуруп, ичин улам кармап коет. Бироосу ага жагалданып сурап жатат:
-Эмне ичин кысып жатабы, кенен койнок кий десем укпадын.
Мен да кызыгып кетип, сурап жибердим:
-Эмне ичиниз ооруп жатабы?
Тиги болсо оозун чормойтуп, кабагын бырыштырды:
-Жоок, боюмда бар.
-Канча айлык?
-Бир жарым айлык.
-Аа десе.
- Сенин боюнда болгон эмеспи эмне?
-Эже менин эки балам бар.
Тиги унчукпай калды.
Ичимден кулкум келди, биз 8,9ай болсо деле кадимки халатты,топчусун зордоп эле бучулоп, чуркап эле журчу элек чалкалаган мындай турсун.
Тообо!
Озу нарагыман мындай той'топурга конулум жок болгону учун, зорго эле отурдум.
Данкылдаган музыка, адамдардын суйлогондору кошулуп, ызычуу болуп эле башым ооруп чыкты. Бири бийлеп аткан, бири каалоо'тилек айтып жаткан, айтор башаламан.
Эртерээк эле бутсо экен деген тилекте отуруп, бет мандайымдагы сулуу жуздуу, коздору мундуу тиктеген аялга козум тушту.
Жанымдагы, ичин сылап олтурган "чормойгонго" кызыгуу менен тиктеп туруптур.
"Болду болбоду, балалуу боло албай жургон бироо го?"деген ой келди биринчи эле.
Бирок андан да кызыгы, анын каректеринин артында жашынып турган мун болду.
Эмнегедир тиктеши башкача эле, эптеп созго тартууга аракет кылдым.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Январь 2019 - 19:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   sumaika   14 Январь 2019 - 19:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Сонун!Сиздин жазганынызды ото кутуп,берилип окуйм..Уландысын узартпай,тез- тез жазасыз деп умуттоном.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Январь 2019 - 20:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Бир жагынан жанымдагы "чормойгондон" алыстагым келип турат эле, эптеп бир шылтоо таап "сулуу аялдын" жанына жеттим:
-Эже жанынызга отурсам болобу?
Мени карап, жарк эте кулду:
-Ооба, ооба, кел олтурагой!
Кулгондо да башкача болуп кетет экен, анча'мынчага танкалбаган жаным, анын оозун тиктеп эле отуруп калдым.
Менин тартынганымы сезди окшойт, озу кепке тартты:
-Азаматка ким болосунар?
-Аа, мындай эле жолдошумдун досу болот, ошого... а сизчи?
-Менби? силерге дос болсо бизге кесиптеш болот.
-Тушунуктуу. .
Созду эмне деп улап кетээримди билбей далдырадым. Озумо жиним келип "дагы адатын туттубу, керектуу жерде соз таппайсын, кереги жок жерде тантыйсын" деп, ичимден озумду жемелеп жаттым.
Негизи адамдар бар го, бир карашта козуно жылуу учураган, ошол сыяктуу эле эмнегедир ушул "сулуу эжем" менен баарлашкым келе берди.
"Каерден болот элен, кимдин кызы элен?"деп отуруп, "Кыргыз сураша келсе тууган чыгат" болуп, бат эле тил табыштык андан ары. Тойду болсо унутуп деле калдык окшойт.
Жолдошумдун "кеттик" дегенин укканда гана,тойдун аягына чыгып калганын байкадым.
Азыр деген техниканын, интернеттин доору эмеспи,"Сулуу эжемдин" номерин алып, кээде акыбал сурашып турмак болуп коштоштук.
Сыртка чыкканыбызда, ал да бизден кийин эле чыкты. Жанында келишимдуу мырза бар эле.
Экоо колтукташып , унаалардын бирине олтуруп узап кетишти. Улам кылчактап мен тарапты карап коюп кетип баратканын, мен кантип байкабай калайын?
Жолдошум болсо мурду менен бир тийди:
-Эмне эле козунду ала албай калдын андан?
-Ал эмне дегенин, таанышып , суйлошуп олтурдук, аябай жакшы аял экен.
-Койчу ушул адатынды, кимди корсон эле "жакшы экен"дей бересинби эмне? Мен сени оо жанындагысын карап жатасын го деп жатам да?
-Сага озу айла жок дечи?
-А эмне?
-Эч нерсе болду токтот!
Суйлой берсен соз чыга берет эмеспи, "Унчукпасан, уйдой балээден кутуласын" дешет го, башымды чайкап тим болдум. Адамдар ар турдуу, канча турдуу болсо, ошончо турдуу пикири бар да, ар бир адамдын пикирин сыйлай билуу керек.
Мен учун азыр бул нерсе маанилуу эмес болчу, коздогонум, эжем тууралуу дагы кобуроок билуу эле.
"Той болду, анын эртеси да болду"дегендей, эртеси кечинде кайра артка кайттык. Сыртынан билибегени менен "ой досум эле"деп , акчаны болушунча эле сапырди тигиним. Эмне демек элем, дегенде эле эмне келет эле колумдан, аны менен кошо башымды зордоп ийкегилеп, "ооба, досун эле да"деп коюп келе жаттык.

Жолдон эзилип, чарчап келип, эртеси эле жумушка чыктым. Кеткен чыгымдарды жаап, андан аркысы белгилуу эле нерселер да.
"Уй жумуш"болуп журо берип, достордон, тууган'уруктан деле алыстай тушупмун акыркы убактарда. Анан эмне, чарчап келип эле уктап калам, эртеси каалайсынбы, каалабайсынбы жумушка барышын керек.
Бирок, кундо азыраак убактымды болуп, эжеме чалып суйлошуп турууну адатка айландырдым.
Суйлогондоруно караганда , турмушта коп нерсени коргондой, салмактуу сезилет. Ал ансайын кызыгуум артып, усту'устуно суроолорумду берип, озумду "чыгаан журналисттей" сезип, укмуш болуп кетем. Эжем ага конул бурбайт, кайра ар бир суроомо толук турдо жооп берет.
Ошентип журуп эжем экообуз жакын болуп кеттик, сырларыбыздан болушуп дегендей. Ичимде эч нерсе жашыра албаган мендей адамга табылбай эле калат да мындайда, "дартымды дасторкон кылып"жая салам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Umka..00   14 Январь 2019 - 20:52

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ооо Суши азаматсын :достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   sumaika   14 Январь 2019 - 21:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Чанкоом кана тушту.)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ramina-malina   14 Январь 2019 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 09 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 20:27

Ушундай журоко жагымдуу теманы кутуп жургом...(тияк уже фантастика болуп кетти)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   15 Январь 2019 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

Ийгилик :достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Mydearzh   15 Январь 2019 - 00:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Азаматсыз. Кутуп жургом...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Январь 2019 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Эжем менин айткандарымы угуп отуруп,кээде аргасыздан кулот:
-Сен озу жакшы эле адамсын, бирок кадырыны билген адам азыраак да бул жашоодо.
-Баары жакшы бир мен жаманмын эже, болбосо жакшы болууга аракет кылып эле келе жатам.
-Андай дебе, адам баласы озун'озу сыйлабаса башканы да сыйлай албайт, сен озунду барктаганды уйрон!
-Сиз да ушундай кыласызбы?
Создун учугу озу тарапка бурулганда ар дайым кепти айландырып отуп кетчу, бул жолу да ошондой болот го деп ойлодум эле эмнегедир эжем копко унчукпай туруп калды да :
-Мени сыйлаган адамдар аябай коп болчу деди.
Бир нерсеге кызыксам, билип алмайынча жаным кыйнала берчу, "ушул бойдон созду бурбай баарын айтып берсе экен"деп, ичимден кыпылдайм.
-Эже, туура эмес суроо берип алдымбы?
Эжем дайымкысындай жылмайды:
-Сенден кутулбайт экенмин го?
Экообуз тен кулуп жибердик.
Ал эмнеге кулду билбейм, бирок мен чын дилимден кубанып кулдум. Коптон бер ойлоп жургон максатым ишке ашчудай туру бар.
Ошол кундон тарта менде экинчи жумуш, "ой эки деймда, озу эки жумушта иштейм го", учунчу жумушум башталды.
Колум бошоор замат, эжемдин айтып бергендерин кагазга жазууга кириштим. Ал суйлосо "жомок уккан жаш баладай" болуп, озумчо эле башка ааламга кирип кетем.
Кээде суйлоп жатып кыйналып кетет, кээде ыйлагысы келет, менимче откон кундорун эстеп айтып беруу ага оор болуп жатты.
"Эскеруу, - ошол кундорду дагы бир жолу жашап отуу" эмеспи. Андай убакта мен да кошо кыйналып алам:
-Чарчадынызбы эже?
-Айтчы, мунун баарын эмне кыласын? Эжем алдымдагы кагаздарды жансай суйлоду:
-Бир чыгарма жаратсамбы деп журом.
-Пфф, менин айткандарымыбы?
-Ооба, а эмне сиз каршысызбы?
-Каршы болсом деле сен чечек бирдемени баштоочудайсын го?
Кулуп жибердим:
-Жоок, андай эмес, болгону оз алдымча бирдемелерди жазганды жакшы кором да.
-Ии, андай болсо жонун бар экен.Баарын созмо'соз кочуросунбу?
-Тупку маанисине тийбейм, бирок бираз коркомдобосо болбойт го?
-Ооба ошент, болбосо окуган адам деле качып кетет менин айткандарыман.
-Аракет кылам.
-Данек?
-Оув?
-Кандай деп ойлойсун, менин турмушум кимдир бироого сабак болоор бекен?
-Албетте, ал эми менин тушундуруп бере алышыма коз каранды го?
Бул созду айтаары айтып алып, ынгайсыз боло туштум:
-Озумду укмуш сезип алдым го э эже? Албетте чон жазуучулардан менин айырмам "ат менен тоодой" эле кеп денизчи..
-Сен чындыгында жакшы адам экенсин, ылайым сени дайым ийгиликтер коштоп журсун!
-Ырахмат!
"Жазып жаткан" киши болуп, ал кундон тарта кулк'мунозум да озгоро тушту, мурдагыдай суйлобой деле калдым эси'дартым "жазганым кандай чыгаар экен?" деген гана суроонун тегереги болуп калды.
Муну биринчи эле жолдошум байкады:
-Ии эмне болду чарчадынбы?
-Ооба.
-Анда иштебей эле кой.
-Иштебей эмне кылайын?
-Айылга кет.
-Чындаппы?
-Ооба.
-Макул кетсе кете берем,сенин созун мен учун "уч кун майрам" да?
-Тилин жаман ээ?
- Озун сурап аласын да баарын.(айылга жонотпосун билип турам да)
-Анан эмне озгоруп жатасын?
-Баары жакшы эле.
"Озгоруунун" себептерин ага айтып отурсам, ооуу канча аракет текке кетет, акырында "куноолуу" деп табылып, "жазага" тартылам, ошондуктан унчукпай коюу гана жетиштуу.
Копко чейин чогултуп журдум жазгандарымы, бул жакка кочурууго чейин арадан коп убакыт отуп кетти.
Акыры чыгынып жазууга кириштим.
Урматтуу окурман, мындан ары "сулуу эжемдин" атынан, баарын баяндап берем.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Январь 2019 - 12:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   sumaika   15 Январь 2019 - 13:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Тойбой калдым))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Alinatka   15 Январь 2019 - 17:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 05 Май 17
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2019 17:02

Кутобуз эжеке
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Январь 2019 - 18:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Мен уйбулодо улуусумун, менден кийин 5 иним бар.
Копчулук бекенбиз?
Апам мага шерик тороп берем деп, жылда кош бойлуу, жылда бирден уул торойт.
Байкуш апам! Инилерим менен жаш аралыгыбыз 1жаш, андан кобу 2,5 жаш, катары менен тизилсек, бойлорубуз тепкич сыяктуу болуп калат. Эн кичинебиз гана кийинчерээк торолду, мен жетинчиде окуп жаткан учурум болчу.
Атам уйдо эн кичуусу болгондуктан чон атам, чон энем да биздин колубузда. Атамдын бир туугандары да аябай коп, алардан да жалан уулдар тараган. Тууган'урук баарыбыз чогулганыбызда озунчо эле чон уруу болобуз да калабыз. Карысы бар уй берекелуу болот белем, уйдон киши узулбойт, бири кетсе бири келет. Ошондуктан дасторконубуз жыйылбайт. Жайдын куну абаларым бала'чакасы менен келишсе уйго батпай , короодогу чарпаяга орун салып беребиз.Айтор, озунчо базарбыз.
Апамдын ошончо туйшугу коп болсо да бир да кабагын буркогонун коргон жокмун, чекесиндеги терин улам аарчып коюп, ар дайым очок башында.
А мен болсо бир кыздай болуп апама жардам бербептирмин ошол кезде, эркек балдарга кошулуп ойноп,мушташып' тиштешип эле кунум отчу. Мектепте инилериме болушуп, кызбы'эркекпи дебей урушуп кетчумун. Жургон жерим ызычуу. Ушунчалык кок бет, ушунчалык ожор элем. Менин айтканым айткан, дегеним дегендей аткарылчу. Балким, ошончо шагыраган эркектин арасында бир мен кыз болгонум учун козумду карап остурушкондур? Чон энем айтмакчы "козго сурткон" небересимин. Чон атам болсо "жыттоочум, дары кызым" деп эркелетет. Коколотуп эле турушса,озумду дуйнодо "жалгыз жаралгандай" сезем да. Мени пикиримден кайтаруу "сууну тетири агызуу" менен барабар. Беттегенимен , эмне кылып жатышса да кайтпайм, ошол себеп жон гана "сенин айтканын туура" деп кутулушат.
Бирок атамдан аябай корком. Сыртынан жумшак суйлоп, оюм менен болгону менен, жини келгенде, кирээрге тешик таппай калам. Ар убак кабагына карап турам, маанайы жакшы болсо эркелеп керегими алам, андай болбой калса акырын апам аркылуу угузам.
Уйбуло туусу атамдын колунда, анын уруксатысыз бир да иш кыла албайбыз,кичинебизден апам бизди ошого уйроткон. А апамчы?
Апам аябай жумшак, ак конул, мен ашыкча эркелесем да катуу айтпайт, баарын акырын тушундургонго аракет кылат, ошондуктан аны кобуроок жакшы кором. Анан да акылдуулугу жанда жок . Уйдо эт тугонуп баратса, же башка азык'тулук азайып калса, "иий бул жок эле, тиги тугонду" деп суйлонбойт, тамакка этти майдараак туурап, башка азыктарды азыраактан кошуп калат, бул " жакында баары тугонот"деген белги. Атам да муну тушунот, 1,же 2 кундон кийин уйго которунуп келет. Жашообуз, элдин алды болбосо да ортосунда эле, албетте, ар бир баланын озунчо туйшугу бар болот да, баарыбызга тегиз жеткириш кыйынчылык жаратса керек ал учурда.
Жай мезгили болуп, каникулга тараганыбызда атам бизди жайлоого алып барат. Мен учун мындан откон ырахат жок. Эртеден кечке эркек балдарга тенелип ат чабам деп, канча жолу чекем сыйрылып, бутум кайрылды. Ошентсем деле токтоп калбай ожорлонуп журуп, жылкы баласын башкарганды уйрондум.
Кечке ойноп, кечинде боз уйго келем саксайып. Кебетемди коргон атам акырын башын чайкап, эрдин кымтып коет, бул дегени, "кызым, аша чаап баратасын" дегени. Дароо тушуном. Бети'колумду жууп, чачымды тарап, кийимдерими тазалап калам, анткени белгилуу, атамдын, созун экинчи ирет кайталабастыгы. Бирок канчалык катуу болбосун, атам мени баарынан да кобуроок жакшы короорун билем.
Убакыттын отушу менен мен бой тартып чоное баштадым, кокурогум билинип, жамбашым чыгып дегендей, бирок бул мени анчалык деле ойлондурбайт, тарс'турс басып, уялуу, тартынуу деген жок. Кыздарга кошулуп ушакташып, бироонун кийимин сынап, дагы бироонун баскан'турганын сынап, каткырып кулуу деле оюма келбептир, ашыкча курбу деле кутпогом. Сабактан алдынкы окуучулардын катарындамын, уяла турган, кысына турган эч нерсе жок мен учун. Быйылкы жылга эмне мода болсо, элдин алды болуп мен кийем, жокчулук эмне экенин деле билбей остум.
Апам катуу айтып урушпаганы менен , "уйбуло бул ыйык очок, аны сактоо аялдын да, эркектин да милдети, аял ар дайым эркектен бир кадам артта турушу керек, бул соз кобуроок сага тийешелуу, тарбиян начар болсо биринчи бизге соз тийет" деп кулагыма кумдай куя берчу.
Апам соз баштаганда мен улап кетем:
-Уйбулону сактап калуу экоонон тен коз каранды!
Менден кийинки иним мени улайт:
-Балдардын татыктуу тарбия алуусу учун, уйбуло бекем болушу керек, ынтымакта болушу керек!
Учунчу иним ордунан турганда апам таарына тушот:
-Силерге кулку экен да э менин создорум?
Конулчоок апам ай!
Баарыбыз тегеректеп отуруп заматта конулун жайгарып коебуз.
Бирок бул создор мага кийин'кийин барып таасир этти, убагында бул создорго анчалык маани бербеген экенмин.
А баса, эн негизги нерсени унута жаздапмын. Биздин бир кошунабыз боло турган, эсимди тааныгандан бери алар менен жакшы мамиледебиз. Менден 2 жаш улуу кызы бар, аты Зарина. Экообуз жакынбыз, аны "Зари"деп атайм мен, кээде "Зариш" айтор ардеме кылам, эч нерсе дебейт, кулуп гана коет. Уй жумушун да аябай жакшы жасайт, мага окшоп эч ким менен урушпайт. Эмнегедир мен аны озумо жакын адамдай кором, колума эмне тийсе да ал менен болушуп турам, бир'бирибиздин уйубузго кирип'чыгып беймарал журо беребиз. Кыскасы жакын "доспуз" .
Эсимде, алгачкы жолу суйуу катын алганым. Бир классташ бир бала бар эле, ошондон келген экен кат.
Адамдар да кызык элебиз да, мага окшогон эркек чалыш немеден" жакшы жооп чыкмак беле?"деп ойлонбойбу десен тиги?
Эртеси эле жазган катын майдалап бетине чачкам,ал кезде катты жыртып, бетине чачуу бизде "эрдик" деп эсептелчу. Тиги ошончо коп окучуулардын алданда уят болгонуна намыстандыбы, шарт билегимен кыса кармап , ушундай бир жаман козу менен карады дейсин:
-Сени адам экен десе?
Колумдун оорутканына ызаланып, бар кучум менен тизесине тептим:
-Кое бер колумду!
Колумду силке кое берип, артына бурулуп кетип калды, жарданып тургандар кулуп жатышат жыргап. А мен болсо "жоону сайып алгандай" уйго тарттым.
Апам менен анчалык сырдаша алчу эмесмин, тагыраагы, менде экообуз жекече суйлошчу койгой деле жок болчу. Туура эле Зариге барып айттым. Ал кулуп койду адатынча:
-Жиндисин го, озун чакырып эле айтсан болмок да?
-Озунон корсун, аны бироо кат жаз дептирби?
-Ай келесоосун сен кыз, ал мумкун сени жактырып калгандыр?
-Койчу ай каяктагы нерсени айтпай, сомтуроп алып суйуунун эмнесин билет ошонун?
-Билеттир балким?
-Мендей ажыдаардын куйругун баса электе ойлонуш керек болчу, менден баары жаа боюу качса, мунун кылыгын кара эми?
Экообуз болбой эле калдык аны шылдындап.

Эртен менен уйкулуу козуму ушалап сыртка чыксам, апам короодо уй саап жатыптыр:
-Турдунбу кызым?
-Ии.
-Чайынды даярдап койдум, ичип кет.
Ушунча жумушка кантип жетишет болду экен апам, баары оз ордунда, тыкан, таза. Кичуу иним бешикте болонгон, калгандары ордуларынан туруп, кезек менен бети'колдорун жууп жатышат.
Мектепке келсем баары эле мени тиктешет, аркаман кубур'шыбыр болушат. "Буларга эмне болгон"деп класска кирдим. Кыздар менен андай эле мамилем жок да, ошого эч кимиси унчукпайт, коздору менен мени ымдап коюшат. Чыдабай кеттим:
-Эмне болду бугун баарынарга?
-Сен укпадынбы?
-Эмнени?
-Тиги Эдил ооруканада экен.
-Эмне болуптур анан, менин ага кандай тийешем бар?
-Кечээ аны уят кылбадын беле, ошого намыстанып, тамырын кесиптир.
Журогум шуу дей тушту:
-Эмнеге, эмне учун ал ал... Ой жиндиии, тамырын да кесеби адам?
Оюма эч нерсе келбей калды, ушундай да адамдар болобу?
Мугалим эжей кирип эле мени козунун тобосу менен карады:
-Нурдинова, тез директордун кабинетине жоно!
Андан аркысы белгилуу, анысы аны айтты, мунусу муну айтты, башымды оорутуп, болушунча жемелеп сыртка чыгарып коюшту.
Мектептен келип эле ооруканага бармак болдум, кудай жалгап атам уйдо жок экен.
Апамы, курбумдукуна барам деп алдадым. Омурумдо биринчи жолу апама жалган айттым. Ооруканага жеткиче муундарым титиреп, зорго бардым.
Палатага акырын баш баксам, жатат менин "суйуу курмандыгым" , колу танылуу экен:
-Кхм, кхм.?
Мени кутпосо керек, коздорун алайтып туруп берди. Унчукпай орундукка отурдум:
-Абалын кандай?
-Жак, жакшшы , сен кайдан?
-Угушумча менин айымдан ушул кундорго туш болупсун, сага анчалык катуу тийерин билгенимде андай кылбайт элем.
-Эч нерсе эмес отуп кетти го?
Мындай эрки жок адамдарды жактырчу эмесмин:
-Эркексинби?
-Ооба!
-Анда неге тамырыны кестин, эсин жайындабы сенин?
-...
-Суйлобойсунбу?
-Эмне ушуну сураганы келдинби?
-Баары сенин айынан деп мугалимдер менен апан мени жеп коюшту, ошого атайын алдына келдим, эркек экенин чын болсо ошого татыктуу бол! Кыз башым менен , мен да бул жолго бармак эмесмин.
-Сен тушунбойсун?
-Тушунгум да келбейт, аман бол, батыраак айыгып кет, туйшукторуно мени аралаштырба суранам.

Уйго келсем атамын кабагы буркоо. Апам башы менен жандап " болмоно кир" деп ишаарат кылды.
Экоо копко кункулдошуп калышты, мектепте болгон окуяны инилерим эбак эле жеткирген сыягы. Коркконуман бир бурчта тыгылып олтурам, качан гана апамдын " кечки тамакка келгиле " деген унун укканда ордуман козголдум.
Тамактанып буткондон кийин атам мага карады:
-Кызым?
-Оув ата?
-Сага ушу мезгилге чейин катуу айттыкпы,капачылыгын болсо айтчы?
-Жжо , жоок ата..
-Анда мени ук кызым. Эми секелек эмессин, бой жетип калдын, алдагинтип бетке чабар адатынды ташта, кыз деген созулуп, назик болуш керек.Ожорлук кыз балага жарашпаган адат.
Мени билесин, экинчи кайталап отурбайм, эми бизди капа кыла турган иш кылсан, менден жакшы соз кутпо, уктунбу?
Атамдын мындай олуттуу суйлогонун мурда укпагам, чындап эле туура эмес кылганымды тушундум:
-Уктум ата!
-Баракелде кызым, эми ойлоносун деп умут кылабыз, бар, жатып эс алагой?
Шылкыйып болмомо кирип кеттим. Биринчи жолу атамдан, апамдан уялдым.
Кузгуго карап, ал жерден мени , оттуу коздору менен тиктеп, узун бойлуу,бойго жетип калган, кызыл жуздуу кыз мени тиктеп турганын кордум.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Январь 2019 - 19:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Январь 2019 - 19:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Бул окуя мага чон сабак болду.
Атам айткандай "созулуп" жургонго аракет кыла баштадым. Уй жумуштарына жардам берип, инилеримди карап. Бирок,бетке чабар ожорлугум калган жок.
Андан коп отпой апам дагы кош бойлуу болуп калды. Атам унчукпайт, "кылгылыкты" кылып койгондон кийин эмне десин, мен апама боорум ооруйт:
-Алдырып эле салынызчы, жашыныз да кыркка келип калды, кыйналасыз?
-Кой ботом, ошол кантип болсун, сага шерик болот да.
-Жалгыз эмесмин го, инилерим бар?
-Кыздын орду башка болот да баарыбир.
-Дагы уул болуп калсачы?
-Буйруса ушунусу кыз болот, мен сезип турам.
Чындап эле апам кыз тороду, кубанганыбызды айтпа. Жерге койбой кезектешип которобуз, бирок апам кыйналып тороду. Тороттон кийин да озуно келе албай кыйла убакыт биздин жардамыбызга муктаж болуп жатты, баарынан да мага кыйын болду, апамдын ооруганын коруп журогум эзилет.
Бардык нерсенин оз кезеги болот тура, ал кундор деле отту.
Капыстан кошунабыз Зариналардын башка шаарга кочуп кетиши мага кутулбогон жанылык болду. Жароокер досум кетип, жалгызсырап калаарымды ойлосом ыйлагым келет. Ооба мендеги дагы бир чон кемчилик бат ишенип, бар нерсени журогумо жакын ала беруу. Мен тургай апамдар да жаман болуп жатышты, "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" болуп, эмне жардам болсо кол кабыш кылышчу да.
Кетээрде ыйлап коштоштук, себебин толук тушундурушкон жок, Заринин атасына ошол жактан жумуш чыгыптыр, биротоло кочуп кетпесе, барып'келуу кыйын экен, кыскасы ушундай.
Алар кеткенден кийин томсоруп эле калдым, кундо уй тарабын карап коем, адам жашабаган уй , бат эле козго комсоо корунуп калды .Досумду копко чейин унута албай кыйналып журдум.
Мен ошол бойдон Заринаны коргон жокмун.
Быйыл мектепти аяктайм,Жогорку окуу жайга тапшыруу учун даярданып жургон убагым.
Эдил ошол бойдон мага карап суйлогон жок,жон гана классташ катары бутуп кеттик.
Атамдын бирден бир тилеги мени чет элге окутуу болчу, ошондуктан атамдын умутун акташ учун жакшы окушум керек.
Болушунча аракет кылдым, жыйынтыгында Оруссиянын Новосибирск шаарындагы педагогикалык окуу жайлардын бирине оттум. Жок дегенде Москвада окусам деп тилек кылчумун, барына шугур,каерде окуганым эмес, кандай окуганым маанилуу эмеспи. Атамдын мээнети куч болду мени менен, акырына чейин кошо чуркап журду.
Уйдон алыс биринчи жолу кетишим. Алдыда кандай кундор кутуп турганынан кабарым жок жолго чыктым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Январь 2019 - 20:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Студенттиктин ары кызыктуу, ары туйшуктуу кундору башталды. Алгач коно албай жакшы эле кыйынчылык кордум, башка эл, башка жер. Каалаганча уктай албайм, эркелеткен адамдарым жок,башка чойро. Кундо эрте туруп сабакка жономой, сабактан келип жатаканадан чыкпай, кайра эртенки сабакка даярданмай. Чорт кыялымды ата'энем гана котороорун аз'аздан баамдай баштадым.
Атам ар жумада акча жиберип, акыбалымды сурап турат, акча жактан кыйынчылык болбосо деле баарына жеткире албай убара боло берем.Орус улутундагылардын жакшысы аз болот дегенге да ынана туштум, анткени группада ар улуттун окулдору бар болгону менен, копчулугу орустар. Алардын дээрлик бардыгы менен тил табышуу кыйынга турду.
Биринчи кундон эле Айганыш аттуу кыз менен жакын болуп кеттим, озу Нарындын Кочкор деген жеринен болот экен.
Шайыр, тамашакой, жургон жери кулку, эч кимибизди зээриктирбейт. Анан да аябай дилгир, сабакты жакшы окуйт, коп нерсеге кызыгат. Бош отурганын корбойсун, созсуз бир нерсе менен алектенип отурган болот.
Баарыбызды дурботуп, бирдемени баштай койгон да ошол, кече уюштуруп, нарыдан'бери бир балекеттин устунон да чыга калат. Бир эки кыялымы коргоздум ага да, ал болсо колун шилтеп, "сенин айтканында жан бар"деп коет, конулуно да албайт. Кайра озум ынгайсыз боло тушом.
Бугун да сабактан келээри менен Айганыш колун чапкылады:
-Кана баарын мага конул бургула, бугун кайда барабыз?
Аны баары билип буткон, колдорун шилтеп басып кетишти, олжосуна дагы мен калдым.
Конулсунбой жооп бердим:
-Дагы эмнени баштаганы турасын,мен барбайм эч кайда?
-Барбай эмне кыласын?
-Сабак окуйм.
-Ай койчу , мурункудай "бутунду сууга салып, коздоруно ширенкенин данын коюп алып" окуган заман откон.
-Азыр кайсы заман?
-Эми андай окуган адамдар калбады да арабызда, калса да жалгыз сенсин!
-Ооба, эмне экен?
-Ай башкасын койчу, элестетсен, 120 грамм пирогун 5мин рубль экен, ошону жеп келсек кантет ыя?
-Озун жеп келе бер.
-Ии, журсон эми журсоооон, менин курбумсунбу?
-Акыбалына карасан, озу зорго окуп журсок, ата'энен ал жактан сага акча жиберип жатышса, кызым окусун деп?
Айка колун шилтеди:
-Бул жашоодо , кызыккан нерсенин баарын байкап коруу керек, журо берчи эми акылдуусунбай, озум толойм .
Ой'боюма койбой жетелеп чыкты.
Конулум жок аран басып келе жаттым:
-Деги сен желмогуздан кутулбадым.
-Ха ха, менсиз жашоон кызыксыз болуп калат курбум!
Каерге алып келди билбейм, ого эле коп бастык:
-Мына келдик!
Бир имараттын тушуна келдик.Имарат дегеним, коп кабаттуу уйлордун бири. Ал жакта коп эле кафе'ресторан майда'чуйдолору ошол коп кабаттуу уйдун, биринчи кабатында жайгашат экен.
-Ушубу?
-Ушул, басчы эми, эмне бир укмуш жайга алпарат дединби ?!
Эшиктин туткасын кармай бергенимде , эшикке жан кирдиби, айтор ичкериден куу менен бери коздой ачыла тушту. Кутпогон элем, буйтаганга улгурбой калдым, эшиктин кыры так мандайыма тийип, козумдон от чагылыша тушту:

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Январь 2019 - 21:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sumaika   15 Январь 2019 - 21:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Сонун!!Дагы жаза калыныз.(Жаман ач козмун да,ушуга да канаат кылбай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   sumay2015   15 Январь 2019 - 21:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 16:28

Класс
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sushi_wok   16 Январь 2019 - 12:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Козумду басып отура калдым, жанымдын ооруганына чыдабай, жер тепкилеп жибердим.
Айганыш менден артта келе жаткан.
Ичкериден чыга калган караан жаныма келип куйполоктоп калды:
-Чон кыз кечирип коюнузчу, деди орусчалап.
-Кечириминди бышырып же!
Билген создоруму кошуп,инилеримен уйронгондоруму да кошуп, ашатып согуп да алдым.
-Сиз кыргызсызбы?
Жалт карадым.
Коз алдымдагы адам да кыргыз экенин байкадым, болгондо да озгочо кыргыз!
Жакасы кайрылуу кара пальто кийип алган, бир караган адамга, бизге окшогон студенттей корунбойт.
Куноолуу коздору менен кулмундой карады:
-Мен байкабай калдым карындашым, кечирип койчу ?
Оозуман ак ит кирип, кара ит чыгып жаткан мен, жооп табалбай туруп калдым, козумду сыйпалап коем улам.
Айка эмне болуп кеткенин тушунбой эле карап турдуда, мен бирдеме дегиче оозумдан созумду жулуп кетти:
-Оо озубуздун байкелер тура, таанышуунун башка жолун таппадынарбы?

Тиги "кыргыз" да жалгыз эмес экен, жанында шатыдай болгон бироо турат.
Шакылдаган курбум экоонун тилин бат эле тапты.
Менин козумду "когорто" койгон "кыргыз" мага колун сунду:
-Улан.
-Жаннат.
-Сонун ысымыныз бар экен. Жаннат...
Башымды ийкеп койгонго аран жарадым.
Курбум аларды, жакын жердеги дарыканага жонотуп, козумо дары алдырганга да улгурду.
Алар айыбы учун бизди коноктоп, сыйламай болушту.
Сыртынан кичине корунгону менен, ичи кенен кафе экен. Мындай жерге биринчи жолу киргендиктен, озумду чоочун адамдай сезип, коомай олтурдум. Курбум болсо аларды созго тартып, ортодо эки тарапка копуро болуп жатты. Озу айтып жаткан ошол кымбат таттууну да алып жеди. Соо козум менен тигилерге билгизбей, окшурая карадым:
-Муйуз чыктыбы?
-Шактап кетти.
-Сени менен анан суйлошом.
Айканын мунозу сонун да , эч нерсени билдирбей олтурду.
Улан аябай маданияттуу экен, байкашымча мындай отуруштардын далайын башынан откоргондой. Созго орду менен жооп берип, токтоо кыймылдайт. Улам мен тарапты тиктеп коет, мен карасам коздорун алакачат.
Кызык элебиз, алар коноктосо унчукпай ыраазы болуп олтурганбыздычы? Же, ал мезгилде ошондой , эч нерсени байкабаган откоол курагыбызбы, деги билбедим.
Башыма тээп чыккан ачуум да, козумдун ооруганы да кайдадыр житип жоголду. Бетим дуулдап ысып, озумду таптакыр башка ааламга келип калгандай сездим.
Бул жагы куду кинодогудай болду. Экоо унаасы менен бизди, жатаканага алып келип таштап коюшту.
-Жакшы жетип алгылааа!
Курбум аларга кол булгалап жатты. Менин ачуум келип кетти:
-Болду да эми, бир таттуу алып берди деп куло бересинби?
-Кулбоюн десем да болбой кулунуп кетет да, эмне кылайын эми?
-Оозунду жыйчы жайылбай.
-А эмне экен, кордунбу деги жолу бар адаммын да, таттууга деген акчам чонтогумдо калды.
-Акысына мен козумду бердим го?
Мени бир карап алып Айка каткырып жиберди:
-Коз эч нерсе эмес, табылат досум, эн негизгиси конул!
Мени кучактап, бетимен опкулоп жатып, заматта ачууму таркатып жиберди, бар болчу курбум!
Тундосу бир оокумга чейин уктай албай, тошогумдо ооналактап жата бердим. Озумду озум тушунбойм.
Козумду жумсам эле "кыргыздын" карааны корунот, же уктап кетсемчи?
Бул мага жат, таптакыр тааныш эмес сезим болчу.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Январь 2019 - 12:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Sushi_wok   16 Январь 2019 - 17:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Эртеси кунго дем алыш болчу, тушко чейин уктапмын. Айганыштын орду бош, тынбаган неме дагы бир жагына кеткен окшойт.
Кузгудон озуму карап чоочуп кеттим, кеч уктаганыма коздорум шишип, кечээгиден калган так чоноюп, когоро тушуптур. Ыйлагым келип кетти, бул акыбалда сабакка кантип барам?
Жуунуп чыгып, чай коюп жатсам, курбум кирди сырттан:
-Тан атпай кайда кеттин?
-Ээ сураба, андан коро эшикке чык, сени бироо кутуп жатат?
-Ким?
-Чыксан коросун.
Терезеден карасам, унаасына жолонуп, кечээги "кыргыз" турат. Бугун башка тусто пальто кийип алыптыр:
-Дагы эмнени баштап келдин, эмнеге мени кутуп жатат тиги?
-Мен кайдан билейин, анынды кирип келе жатып кордум мен.
Талашып'тартышып отуруп, баарыбир чыгууга туура келди.
-Кайдан адашып?
Мени коро сала, жаныма басып келди:
-Кандай эс алдын,козун жакшы болуп калдыбы? Баса , сага дары ала келгем.
Жообумду кутпой эле унаасынан бир баштык алып чыгып карматты:
-Мен эч нерсе суранбадым эле ээ адашпасам?
-Сени жон эле коргум келди!
Кечээ башка, бугун болсо дагы башка адам болуп калыптыр, же адамдын баары ушундай кубулма болушабы?
Муну укканда менде жан калсынбы, тимеле сыйкыр соз болуп угулду да мага?
Ичимде кобуроок баарлашкым келип турганы менен, бат эле коштошуп кирип кеттим.
Бирок, бул жолугушуу акыркысы болгон жок, мындай кундордун далайы башыбыздан отту.
Улан озунун чакан ишкерлиги менен алектенет экен, кээде досторунун чакыруусу боюнча, же болбосо иши зарыл болсо ушинтип чет жактарга чыгууга туура келет экен, анысын чагып деле сурабадым, мен учун анын кызыгы деле жок болчу.
Жашы отузга жакындап калган,так жашын айтпаган, мен да сураган эмесмин, бирок атынан айтып эле "сен" деп кайрылам.
Биз сузушуп кеткен куну да , ишинин ийгиликтуу бутконун бир аз белгилеп коелу дешип, досу экоо ошол жерге баш багышкан экен.
Балким тагдыр дейинби, балким кокустук дейинби,же Айганыш себеп болуп калдыбы, айтор, биз табышып калдык.
Бул сезимди, тагыраагы бул адамды мен башында анчалык элес албаганым менен, бара'бара Улан мени озуно арбап алды.
Кун алыс эртен менен, анын караанын корбосом, кадимкидей сагынып, куса боло тушом. Озумдогу озгоруу баарынан мурда курбума байкалды. Ал мага жамандык кааламак беле, кайра кубаттап, жолугушууга барсам, колунан келишинче мени "аттап,тондоп" жонотот.
Мен да озгоруп баратканымды сездим. Кыз экениме кубанып, чачымы остуруп, озумо карап калдым.Албетте, сабакты да таштап койгон жокмун.
Мен анын эмнесин жактырдым билбейм, ар дайым коргум келет да турат.
Ошол кичинекей шаарчада экообуз баспаган жер, экообуз кирбеген эшик калбады. Кол кармашып алып , айланып журо беребиз, таман алдыбызда кар кычырт'кычырт. Эмне кааласам, бардык талаптарымды аткарат.Озумду жомоктогу ханышадай сезем.
Ал кобун эсе Кыргызстанда боло турган, андай убакта мага кундун отмогу азап, сааттын жебеси да демейдегиден жай айланып жаткандай сезилет.
Кээде кок беттикке салып,дем алыш кундору чакырып алам, жинди эле экенмин корсо. Эки жактын аралыгы базар менен, менин уйумдогудой болгонсуп?
А бирок жок дебейт, кандай айла кылып болсо да , белгиленген убакытка жетип келет.
Экообуз жолуккандан кийин убакыттын зымырап учкандыгы ай!
Бат эле коштошуу муноттору жетип келет.
Мына айтпадымбы?
-Акырын басалычы, эмне шашып жатасынбы?
-Мен эмне, тентушунмунбу сага?
-Сен дей берейин, озунду жаш сезип журосун да?
-Ээй, мен деген, жапжаш жигит бойдонмун!
-Ии де, коруп турам, качан келесин эми?
-Билбеейм Жанка, дагы суйлошобуз го?
-Анда бугун да кал, эртен кетесин.
-Жанкоооу, тушун, бугун кетпесем болбойт.
-Эмнеге болбойт?
-Апам урушат.
-Негизи мени деле урушат апам, сени менен жетелешип жургонуму билсе.
-Сен апана айтпа да?
-Сен деле айтпа анда?
Улан аргасыз башын чайкап кулду:
-Уксан мени?
Жинди кыялым тутуп, кежирленип туруп алдым, кетиргим келбеди:
-Азыр кетсен, башка келбе!
-Эмне мени коркутуп жатасынбы?
Анын кабагын коргондо, чындап азыр кетсе кайрылып келбоочудой болуп, коркуп кеттим, бирок жузумо чыгарган жокмун:
-Ооба, кааласан ошондой тушун!
Басып бараткан жеринен токтой калып, коздорумо карап:
-Эгер ошондой болсо..
Журогум туйлап, ичимден кетип калбастыгын мин кайталап,Жараткандан суранып жибердим, эгер кетип калса , кандай абалга тушоорумду элестете да алган жокмун. Озу мага чала, баарын мен айткандай аткарса да нааразымын:
-Ошондой болсо..?
-Калдым анда, сен жендин!
Уугх!
Улан козунон жаш чыкканча кулду:
-Коркуп кеттин ээ?
-Корккон жокмун.
-Коркконунда коздорун коендукундай бакырайып калат экен го ?
Заматта кар атышып, кубалашып ойноп кеттик. Ошол аз кунчолук бакытка да ыраазы элем.
Улан, билетин бир кунго аркага алышын, досуна чалып дайындады.
Козум тумандап, же жаштыкка алдырдымбы , анын бары мен учун бардык нерсеге тете болуп калган эле..
Ал куну лыжага бардык , кечке ойнодук.
Аябай сонун кун болду.
Жолдо келе жатсак, бир орус кемпир алма сатып отуруптур:
-Мен алма жейт элем.
-Азыр.
Улан чонтогун сыйпалап, капчыгын таппай калды, ойноп жургондо бир жерге тушуруп алган окшойт. Кайра артыбызга барып издедик. Жок эч жерде. Бироо корсо алып кетти да?
Акыркы тыйындарына мага алма алып берип, автобуска акчабыз жок, бир топко чейин жоо басып келдик. Менин бутум ооруп калды:
-Автобуска отурбасак болбойт,мен чарчадым.
-Мен дагы, бирок..
-Мен толойм.
Автобуска чыктык, бизден кийин эле бир кош бойлуу орус чыкты, ага орун бошотуп берем деп мен ордуман турдум. Тиги ыраазычылыгын айтып отуруп алды. Улан отуруп, менин тике турганымы коруп, башын чайкап ордунан турду:
-Отур бул жака!
-Ырахмат, сен мыктысын!
-Сага жолкиренин жарым акчасын гана берем, туруп кеткеним учун.

Мындай кызыктуу кундордун далайы отту.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Январь 2019 - 17:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nurnur08   16 Январь 2019 - 19:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Январь 19
  • Соңку аракети: 30 Апр 2019 11:57

Кызыктуу экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sushi_wok   16 Январь 2019 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Уйго кетуучу кундор жакындаган сайын кубанам. Анткени, ата'энемди, инилеримди, синдимди аябай сагынгамын.
Озумчо толкунданып, атам жолума деп берип жиберген акчага алардын баарына белек алдым, себеби Улан озу келип алып кетмей болгон.
Курбум экообуз кудундап жолго чыктык, жаныбызда Улан да бар.
Ал мага аябай камкор, кереги жок десем да болбой, апамдан бетер куйполоктой берет. Ошондуктан мен да ага конуп бутком, кабыл албай койсом капа болот.
Бир чон ишти бутуруп койгондой, 1нчи курсту аяктап келип калдым.
Поездден тушуп, айылга кетуучу унаалардын бирине жайгаштык, Айка менен ошол жерден коштоштук, алдыда жай узун го, созсуз менин айылыма бармак болду ал.
Улан кыйылып жатып коштошуп кетти, мындан ары озум эле кетмек болдум.
Айылга кеч куугум кирип келдим. Менин келгеними коргон бир туугандарымдын чечекейи чеч. Баарынан да атамдын кубанганын айтпа!
Апам болсо башымдан суу тегеретип чачып, кагылып журот. Чагылгандай чартылдап турган кызынын жибектей созулуп, уян тартып, бой жетип калганына кубанган го менимче.
Бир жылдан бери корушпогонго инилеримдин бойлору да осо тушкондой. Эн чону мектепти бутту быйыл.
Келгеним озгочо майрам болду уйдо . Бирдеме боло калса эле чогула калышчу туугандарыбыз заматта жыйналышты.
Атам короодон коюн алып чыгып союп, женелеримден бири боорсок жасап журот.
Ушунча аракеттин баары мен учун болуп жатканын коруп, жакындарымдын жанында отурганыма чексиз кубанычта элем.
Анткени мен бул жашоого бактылуу болуп жашаш учун гана келгемин, мынтип чон энем айткан.
Короодон айланып отуп, Зариналардын уйу жагына оттум, уйдо алардан кийин эч ким келип жашабаптыр. Короосун от басып, аткулактардын боюу менден узун. Зари болгондо мындай абалга келбейт эле. Курбумду сагынган экем.
Улутуна артыма кайттым.
Айылдын абасы кандай сонун! Уйдо черим жазылганча эс алдым, апам байкуш, "сыртка коп чыкпа, денен карайып кетет" деп, мени эч жака чыгаргысы жок жанынан.
Ата'эне, бала учун эн чон байлык тура!
Келгенимен 4 кундон кийин, суйлошконубуз боюнча Улан менен шаардан жолуктум.
Копко чейин кучагынан чыгарбай, чачымдан жыттап турду:
-Уйундогулорду коруп кубанып калгандырсын?
-Ооба, сураба.
-Мени сагындынбы?
-Сагындым.
Кичинекей синдимдин кылыктарын айтып берсем, чын дилинен кубанып кулду. Жаш баланы аябай жакшы корчу озу. Мен болсо анын кобуроок жанымда болушун каалап, убакытты созо берем.
Эмнегедир мен ошондо козундогу тынчсызданууну байкабапмын, "жумушум бар эле" деп да айтпайт, мени капа болбосун деп отура берген го?
Буйруса "жай боюу кенен, бат'баттан жолугушуп турабыз" деди , мени жайгарып. Ойлосом, бардык нерсе менин каалоомо жараша гана болуп келген экен, азыр эстесем. Бир да жолу " сага эмне болду" деп сурабаптырмын.

Келгенимен бир жумадан кийин жайлоого жонодук, инилерим менен.
Жайлоону жан дилим менен жакшы кором, кубанып кеттим. Баштагыдай саксандап, эркектер менен тен тайлаша албасам да, тоонун чокусуна чейин жоо чыгып, кооз гулдорду терип, озумчо эле ырахат алдым.
Мен учун ошол жылдар, омурумдогу бактылуу коз ирмемдер катары,копко чейин эсимде сакталып журду.
Бир эле сырткы корунушум эмес, жан дуйном да башкача боло тушконун, кыраакы апам билди. Ошол куну телефонума Уландан чалуу келген, аны "Кыргыз" деп сактап койдум эле, мен жеткенче апам коруп коюптур:
-Кыргызын ким эле?
-Аа, эч ким, курбум..
-Аа .
Озу айтсын дедиби, айтор такап эч нерсе деп сураган жок, ушул сапаты жакшы да апамдын.
Козум илешип , уктап бараткан экенмин, телефондун дагы "чырр" эткенинен ойгонуп кеттим.
Улан экен:
-Жанка, эшикке чыкчы, мен келдим?
Уйкум умачтай ачылды:
-Эмнеге келдин ?
-Коргум келди сени?
Ордуман тура калып, чачымды деле жыйнабай, женил курткамы желбегей жамынып жоноп калдым. Атамдар уктаган окшойт, жарыктар очурулуу экен, бутумдун учу менен басып баратсам, жарыкты бироо куйгузду:
Мандайымда апам турат:
Уурулугум кармалып, апамды карай албай бутумдун башын тиктедим :
-Кайда бу, тун бир маалда?
-Апа?
-15 минута убакыт берем, кайра киргенинде ашканада болом.
Демек суйлошуп алуубуз керек.
Ошончо алыс жерден тун катып келген "махабатым" 15 минутада создорун чала'була айтып эле кайра кетууго мажбур болду. Ичим ачышып, узатып кала бердим. Ал учурда мен Уланды баш'отум менен жакшы коруп, жанымдан бир карыш алыстаткым келчу эмес.
Апама биринчи таанышкан кунубуздон баштап, тугол айтып бердим, бул биздин эне'кыз катары биринчи ирет сыр чечишип олтурушубуз эле. Апам копко унчукпай калды:
-Окуун эмне болот?
-Окуйм да, эмнени айтып жатасыз, мен ага турмушка чыгайын деген оюм жок азыр?
-Качан анан?
-Апа азыр эрте да?
Чындап эле апаман уялдым.
-Кандай дейсин Жаннат, биз менен тааныштырып коросунбу?
Ойлонуп калдым:
-Билбесем, атам эмне дейт экен?
-Атана озум айтам. Эгер мамиленер олуттуу болсо, эми алыс жакта журосун, сенден кабатыр болобуз да кызым?
Ошентип Уланды, кайра жаны окуу жылы башталганча ата'энем менен тааныштыра турган болдум.
Апама убада берип койдум, эми тиги "кыргызыма" кантип айтам?
Укса адатынча бир кашын которуп, толкунданганынан колдору титирейт го байкушумдун, же "жок" деп айта албай.
Анын корунушун элестетип, таттуу уйкуга жетелендим.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Январь 2019 - 20:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 05:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: