Суперстан: Тунгуюк сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тунгуюк сүйүү Таякемдин уулун сүйүп калдым

#121 Пользователь офлайн   zhesika   14 Январь 2019 - 23:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Эшик акырын ачылып апам бөлмөмө кирип келди. Кантсе да эне жүрөгү баласын аяп турат экен. Көзүмдөгү жашты сүрүп "ортонордо эч нерсе болбосо болду , кызым, силер жөн гана жаштык кылдынар, сен баягыда квартирага чыгып кетем дегенде макул болсок болмок экен деп өзүмдү жеп атам. Сага эмнеге бакма бала экенин айтканын төркүнү ушунда тура. Болду эми аны унут. Кыздар менен квартирага чык. Мындай болбойт. Ал менин жалгыз иним. Эл эмне дейт" деп жатты. "Апа мен аны жакшы көрөм" деп жибердим. "Жаш кезде андай жакшы көрүүлөр боло берет." деди апам ойлуу. Чындап ара жолдо калганымды эми сездим. Бул учурда Амандын чечкиндүүлүгү да эч нерсеге татый алган жок. Эми ал кайда жүрдү экен. Бир гана өзүнө эч нерсе болбосо экен деп тиленип жаттым. Ангыча апамдын телефону шынгырап калды. Тааженен чалып жатат деген апам шашылып ала койду. "Эже, уулум дагы деле кайтып келе элек. Атасы издеп кетти. Мүмкүн Албинага жазгандыр. Суранам эже баламан айрылып калгым келбейт." деп сүйлөп келе жатканда апам кулак төшөп турган мени карады да эшикке чыгып кетти. Андан ары эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн уккан жокмун. Бирок тааженемдин сүйлөгөнүнөн биздин бирге болушубузга өтө деле каршы эместей сезим калтырды. Телефонду ача калсам "Мен сага бара жатам" деген Амандан келген жазууну көрүп бир чети кубансам бир чети коркуп жаттым. Антсе да Аманга болгон сүйүүм ого бетер күч алып, ал мени чындап сүйөөрүнө көзүм жетип турду. "Өзүнө сак бол жаным, мен сен менен бирге болууга акырына чейин күрөшөм деп кантип жазып жибергенимди билбей калыпмын. Айлананда кандай туман бурганак болуп жатса да сүйгөнүндүн сени менен бирге болууга кылган далалаты канчалык бактылуулук тартуулай тургандыгын сезип жаттым. Эгерде сүйгөндөр бири-биринен мүлдө ажырашпоого аракет кылган болсо анда турмуштагы оор сыноосу эч качан майыштыра албайт. Жаным биз сөзсүз бирге болобуз . Сен жана мен деп кайталап жаттым ичимен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Janum84   14 Январь 2019 - 23:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 525
  • Катталган: 18 Апрель 17
  • Соңку аракети: 17 Окт 2019 22:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Нарын+Чуй

Суйуун менен каражерге кир.Былыктын баарын кылып алып,ызычуу кылып алып чуйооом деп озунду чойбой эле койчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Mydearzh   15 Январь 2019 - 00:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Эми бирге болгула ушунчалык болгон сон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   zhesika   15 Январь 2019 - 00:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Апам " Тааженен көз жашын көл кылып ыйлап жатат. Сага жаздыбы деги ал неме"-деди. Ооба, жазды апа, биздикине келе жатыптыр, - дедим. Апам чоочуп кетти. -Кайсы бети менен келет экен. Келсин босогомду аттатпайм. "Апа мени өмүр бою азапка салам десен анда аны киргизбей эле кой" дедим. Ушул сөздү кандайдыр бир күч менен кантип айтып жибергенимди билбей калыпмын. Апам үндөбөдү. Тааженеме телефон чалды. -Ай балан Аман соо биздикине келе жатыптыр...
Бир күн бир адамдын бүтүндөй өмүрүн өзгөртүп коеру чындык экен. Мен үчүн да ошол күн эн маанилүү күндөрдөн болуп калды. Айтмакчы атам мага карап эч нерсе деп бир сөз айткан жок. Анын унчукпай түнөрүшү менин жүрөгүмдү эзип турду. Мен болсо Аман келсе баары өзгөрүп кетчүдөй күтүп жаттым. Көрүшпөгөнүбүзгө жылдар өткөндөй ан сайын сагынып турдум. Бөлмөмдүн терезесинен улам сырт жакты карап коем. Аркы үйдө отурган апам менен атам телефондо сүйлөшүп жатышты. Кыязы таекемдер чалып жатышты көрүнөт.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   zhesika   15 Январь 2019 - 00:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Кечке маал Аман да келип калды. Бир аз чарчанкы көрүнгөнү менин анын көз карашынан бийик ишенимди көрүп турдум. Мойнунан кучактап өпкүлөп жибергим келип өзүмдү кармап турдум. Ата-энем мен күткөндө ызы-чуу кылган жок. Кантседа баласы эмеспи таекемдер суранышса керек өтө катуу кетишсе керек. Бир гана атам "Эгерде кызымдын да көнүлү болбогондо сени үйүмө жолотмок эмесмин. Бул жолду экөөн тандадын. Жанылыпмын деп эртенки күнү айткан болсонор өз убалын өзүнөргө" деди. Аман болсо жолдо карата даяданып келген көрүнөт. "Мен Албинаны бактылуу кылам. Кам санабаныздар деп жатты. Кыскача айтсам эртеси күнү таекемдер да келишти. Ата-энем ак батасын берип мени узатышты. Биз үйлөндүк. Ушундай бактылуумун. Бекер эле башында тунгуюк сүйүү деп атапмын. Ал кезде мен эч нерсе билбей жан сырымды силер менен бөлүшө баштагам. Заманбап тоюбузду да жаз айларына пландап жатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Ramina-malina   15 Январь 2019 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 09 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 20:27

Аягы хеппи энд менен бутуптур,бактылуу болгула!Эми каалаганча онорунду корсото бер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Kalla   15 Январь 2019 - 11:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Силер учун кубанычтамын. Бактылуу болгула." озум бышырган Аш" деп жей бересин эми.Турмушта ойдо ылдый болот,ошондо сабыр кылып оз ашыны сугунуп-сугунуп жешке туура келет.Мени тушундун даа ээ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   sumay2015   15 Январь 2019 - 11:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 16:28

Уххх, журогум сыгылып кетти эле албай койсо эмне болот деп. Бактылуу омур сургуло, кармашкан колунар эч качан ажырабасын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Zaatulilm   15 Январь 2019 - 11:52

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 19 Июнь 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 17:31

Бактылуу болунуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Samat777   15 Январь 2019 - 14:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 12 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2019 19:59

Көзүндү чоон ачып жаша эми. Дагы багын бар экен. Болбосо канчалаган кыздар кор болгон абалда калып жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Nurnur08   15 Январь 2019 - 15:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Январь 19
  • Соңку аракети: 30 Апр 2019 11:57

Кубанычтамын бактылуу болгула
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Mydearzh   15 Январь 2019 - 15:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

1 айда баары оң жагына чечилгенине кубанычтамын. Башында эле ушинтпей))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Bulak25   15 Январь 2019 - 16:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 04 Июнь 17
  • Соңку аракети: 18 Фев 2021 08:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Лондон

бактылуу болгулаааааа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   altyshak   15 Январь 2019 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 201
  • Катталган: 12 Май 11
  • Соңку аракети: 10 Авг 2020 17:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жогорудагылар айткандай озун бышырган ашты жакшылап демдедин эми жакшылап омур бою сугунуп же. Эмне болсо да ичинде катып, чыдамкай бол. Апандын жалгыз иниси бар экенин унутпай жаманын жашырып, жакшысын ашырып жаша. Менин синдим да бакма эмес озунун эле тагасынын баласына суйом куйом деп тийип алган. 3 ай жоголуп кетип атышып. Коп эле кыйынчылык корду. Бирок чыдады. 13 жыл дегенде оз алдыларынча болунуп чыгып эми тынч жашоого жетти. Сен да чыда болушунча, женил ойлуу болбо. Эртенки куну арманым тунгуюк суйуум деп тема ачпашына тилектешмин. Суйуунор чыныгы суйуу болуп эле туболук бирге болгула.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   zhesika   15 Январь 2019 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Чон рахмат баарынарга. Ооба, түшүнөм алдыда турмушта ар кандай, ар түрдүү кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Мен аларга чыдоого даярмын. Апамды кайрадан ыйлатып жүрөгүн ооруткум келбейт. Ар бир жанга сүйүү, бакыт, ден-соолук каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Water   16 Январь 2019 - 04:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 02 Июль 18
  • Соңку аракети: 02 Янв 2022 23:09
  • Жынысы:Белгисиз

Молодец! Ылайым суйуунор туболукко болсун! Эгер суйуу болсо жашоо болот, канча кыйынчылык болсо деле, таарынышуу, араздашуу, капачылык болсо деле суйуу очпойт экен. Бул ушундай улуу сезим. Конулун убактылуу калат, бирок кайра эле суйуу, ошо эле сезимдер. Очпос суйуу, кооп балалуу болуп, суйуу, мээрим менен чонойсун балдарынар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   nura_01192   16 Январь 2019 - 07:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 29 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 12:48

Салам бактылуу бол!Келечек алдыда деп ишенем!

Билдирүүнү түзөткөн: nura_01192: 16 Январь 2019 - 07:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Leksys570   29 Январь 2019 - 08:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 06 Январь 18
  • Соңку аракети: 29 Янв 2019 08:48

Аябай кубанычтамын бактылуу бол ,бир туугандарды уруштурбай кайра анданда жакындаштыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Arinsa   02 Февраль 2019 - 22:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

2-3 күн мурун "Миң кыял FM"радиосунан ушул теманы угуп калдым.Анда да элден кеңеш сурапсыз.Өзүңүз бердиңизби же кандай билбедим.
Сюжетти бир аз "сыпайыраак" экен.
Таагырыгы Амандын сизге сезими барбы,жокбу өзүңүз так билбейт экенсиз.
Элдер ошондо эле таптакыр каршы болушту тайке-жээн үйлөнбөгөнү жакшы деп.
Бул жактагы толук окуядан алар кабарсыз да.
Анда не дешмек деп койдум.

Сурайын дегеним өзүңүз бердиңиз беле радиого?

Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 02 Февраль 2019 - 22:12

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   zhesika   06 Февраль 2019 - 15:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Просмотр сообщения Arinsa (02 Февраль 2019 - 22:09) жазган:

2-3 күн мурун "Миң кыял FM"радиосунан ушул теманы угуп калдым.Анда да элден кеңеш сурапсыз.Өзүңүз бердиңизби же кандай билбедим.
Сюжетти бир аз "сыпайыраак" экен.
Таагырыгы Амандын сизге сезими барбы,жокбу өзүңүз так билбейт экенсиз.
Элдер ошондо эле таптакыр каршы болушту тайке-жээн үйлөнбөгөнү жакшы деп.
Бул жактагы толук окуядан алар кабарсыз да.
Анда не дешмек деп койдум.

Сурайын дегеним өзүңүз бердиңиз беле радиого?


Саламатсызбы, көптөн бери бул жакты карай элек элем. Мен "Мин кыялга" берген эмесмин, бермек да эмесмин. Балким мага окшогон бирөө жазгандыр. Эгер чындап эле бул жактан алып жарыялап жиберген болсо анда айтаар сөзүм жок. Бирок радиодо жаныруусун каалабайт элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Июл 2025 18:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: