Билдирүүнү түзөткөн: Chyngyz_kg: 30 Январь 2019 - 13:31
Баракча 1 - 1
Кантип ата-эне өз баласын таштап кетет? Акыркы учурда балдарын таштаган ата-энелер тууралуу көп маалымат чыгуу
#1 30 Январь 2019 - 13:30
Акыркы учурда балдарын таштаган ата-энелер тууралуу өтө көп маалымат чыгып жатат. Кандай ата, кандай эне өз кан-жанынан жаралган балдарын таштайт? Канча үй-бүлөө балага зар болуп жүрүшөт. Ошто бир эне, эки кызын бир бөлмөлүү батирде калтырып кеткение 10 күн болуптур. 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аял аман сообу, же чындап эле таштап изин жашырып кеттиби? Жашоо шартка байланыштуу балдарын таштап, өздөрү башка мамлекетке иштеп кеткенге аргасыз болгон ата-энелер канча... Аларды балдарын туугандары жакшы карап жатканына кепилдик жок. Аны да акыркы маалыматтар далилдеп жатат. Мындай көрүнүштөргө силердин оюнар кандай?
#2 30 Январь 2019 - 14:36
Биринчи себеп - мээримсиздик,
экинчиси - көр тиричилик!
Мээримсиздик эмнеден улам келип чыгат?
Бул жоопкерчиликтин жоктугу, жан үрөп "балам" дебей, өзүнүн камын ойлоп, куру наамысын ойлоп, күйөөсү унчукпай койбой же аялы тыйылып калбай бир бири менен ажылдап урушуп, жинин баладан чыгарып, чыдабай ажырашып... Айтор бала толук кандуу мээрим ала албай калат. Уруш талашта, мээрим көрбөй өскөн бала, кийин да эч кандай мээрим төгө албайт. Уяда көргөнүн кылып, кааласа таштап кетет же ур токмокко алат. Албетте бүт баары ушинтип кетет деп айтпайм, тескерисинче "Мен балама, өз ата - энемдей болбой татыктуу мээрим берем!" деп тырышкандар деле жок эмес. Эми бул жагы "Ак менен кара бирдей кетет" дегенге барып такалат.
Көр тиричилик дегенибиз эмне?
Бул "Элден кем калбайын, эл эмне дейт, уят, балдарым башкага заарыкпай өтсүн, мен да элдей кылып үй курайын, элдей жашап калсак экен" Бул деле ойлоп көрсөң мээримсиздикке келип такалгандай. Себеби колуңда болуп турса, кошунаң кыйналганын көрүп 5 литр майын, бир кап унун алып берип койо албай мэрэзденип турганын мээримсиздигин болсо керек деп ойлойм. Бир жагынан Мамлекет башчыларын күнөөлөгүң келет. Окууну бүтүп, дипломун колго алгандар жөн барып эч жерге ишке кире албайт, "шапке" сурашат, "тааныш - билиш" керек болот, жумуш орун жок. Жөлөк пулду (Пособие) деле эптеп бир айласын таап "жеп" калып жатышкан, пенсия да шылтоо таап кыркып койуп жаткан,эбин таап "жеп" калуу максатында. Анан кетет да байкуш энелер, жүрөгүн тең жаарымын жулуп алып, таштап калтырып, жумуш издеп, акчанын артынан. Кыскасы мамлекет башчыларын деле ыймансыз, мээримсиз деп жыйынтыктап салгым келди.
Жогоруда айтып өткөнүмдөй эле, акты кара коштоп жүрөт! Жакшы адамдар жок эмес, бар. Ошол үчүн дүйнө өз нугунда! Баарына ынсап, абийир, ыйман, мээрим берсин жараткан!

#5 03 Февраль 2019 - 01:33
Менин оюмча ошол таштаган эне өзү ата-энесинен жетиштүү мээрим албаган.
Ал эми жетиштүү мээримде чоңойсо деле дээринде таш боорлук бар.
Сын таккым келбейт,жашоо кыйын түшүнөм.
Бирок кантип өз баласын таштап бакыт табат?
Баласын таштап кандай жашоону арзуу кылат.Энеге баладан артык кандай бакыт керек өзү.Таң калам...
Баланы дүйнөгө алып келдиңби жоопкерчиликти ал мойнуңа.
Кандай учур болбосун балаңды таштап,башка жашоону тандаганың балаңыз түккө арзыбайт.
Акыр аягы сөзсүз ошол күнөөсүз периштени таштагандардын жүрөгүндө эң чоң өкүнүч болооруна шегим жок.

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#6 03 Февраль 2019 - 16:59
Жумуштан чыгып балдарыңды сагынып үйгө жеткиче шашасың, кандай адамдар 10 күндөп өмүр бою балдарын таштап кетет түшүнбөйсүң.
#7 04 Февраль 2019 - 11:55
Бироого зар,бироого кор деп бекеринен айтпайт да.Билбейм кандай адамдар таштайт.Мен балалуу болгондон бери,жашоом озгорлду,балдарымсыз жашоомду элестете албаймын!
Кичине оорушса,ыйлап алам,журогум ооруп.Балдарымсыз олуп калсам керек.
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
#8 04 Февраль 2019 - 12:21
Chyngyz_kg (30 Январь 2019 - 13:30) жазган:
Акыркы учурда балдарын таштаган ата-энелер тууралуу өтө көп маалымат чыгып жатат. Кандай ата, кандай эне өз кан-жанынан жаралган балдарын таштайт? Канча үй-бүлөө балага зар болуп жүрүшөт. Ошто бир эне, эки кызын бир бөлмөлүү батирде калтырып кеткение 10 күн болуптур. 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аял аман сообу, же чындап эле таштап изин жашырып кеттиби? Жашоо шартка байланыштуу балдарын таштап, өздөрү башка мамлекетке иштеп кеткенге аргасыз болгон ата-энелер канча... Аларды балдарын туугандары жакшы карап жатканына кепилдик жок. Аны да акыркы маалыматтар далилдеп жатат. Мындай көрүнүштөргө силердин оюнар кандай?
Ооба, өзбек аял экен. Чалып, неге балдарыңызды таштап кеттиңиз десе оогруп калуудум таа дейт балдарын курортко жайланыштырып кеткенсип камырабай.
Баракча 1 - 1