Суперстан: Уулумдун мугалимине - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уулумдун мугалимине Эжекеси

#21 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   06 Февраль 2019 - 14:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Союз маалында айылда бир окуучу жаман ишке себепкер болсо, мектептин директору класс жетекчиси ошого жооп беришет болчу, керек болсо иштен кеткенге чейин барышат эле. Ал убакта ата-энелер мугалимдерге "сөөгү меники, эти сеники" деп тапшырышкан. Мугалимден таяк жеп келип үйгө арызданышкан эмес эч ким, арыздана турган болсо ата-эне кайра балдарын урушкан, "сен бир нерсени туура эмес кылгансың, анан таяк жедиң" деп.

Азырчы азыр, азыр болсо ата-эне көр тиргилик деп талаалап жүрүшөт, балдары менен чатагы жок, алардын оюнда "мугалим баардык жагын тарбиялайт" , бирок андай эмес да, мугалим тарбияны берет, сабатсыздыкты жоёт. Ата-эненин мээримин мугалим бере албайт да.


Ата-эненин балага бөлгөн убактысы аз болуп калды. Атасы кечке жумуш менен алектенсе үйдө олтурган апасы интернет менен алек( азыркы келиндер)


Ата-эне менен мугалимдер бири-бирин жакшы түшүнүп, милдеттерин толук билишсе, бири-бирине төңкөбөй!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   06 Февраль 2019 - 15:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Просмотр сообщения atai9292 (05 Февраль 2019 - 23:03) жазган:

Азыркы окуучуларды үйүндөгү ата энеси эле тарбия бербесе мугалим бере албай калды. Анткени мугалимдер окуучуларга катуу сүйлөштөн коркуп калды. Биздин жаш кезде шоктонсок агай эжелерибиз кадимкидей урчу эле. Азыр урмак түгүл катуу кыйкырып койсоң апасын же атасын ээрчитип келет анан кантип мугалим тарбия берсин.
Биздин кезде шиш така бираз кыскараак юбка кийгендерди линейкада тизип алып шыйрагыңды көрсөтпөй жап деп урушчу эле экинчи кийгис шерменде кылып. Азыкы окуучу кыздардын фартугу өзү мини юбкадан айырмасы калбай калыптыр. Ошону ата энеси алып берет кызым бул кыска экен уят болот деп тыйып койсо болот

Былтыры 25-май күнү акыркы коңгуроо деп көчөдө толгон окуучулар. Бир мектептин жанынан өтүп баратып көзүм чалып калды, 11-класстын окуучу кыздары болуш керек баардыгы бирдей кыыыска юбка кийип алышкан, Астагфирулла! Мектепте ушул иш болуп жатса.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Sarinakg   06 Февраль 2019 - 15:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 12 Апрель 17
  • Соңку аракети: 18 Дек 2020 15:03

Просмотр сообщения Jan-tumarym2017 (05 Февраль 2019 - 22:50) жазган:

Биздин билим беруу системасы кайсы тарапка кетип жатканын билет бекен??? Кеминде 30 , ашыгы сиз айткандай 45-50 окуучуну Бир класска камап койду. 45 муноттук сабакта 7-8 окуучу менен аран пикир алышканга болот. Калганы комускодо кала берет. Мындай темп менен кетсе, озундо бар, аракетчил Гана окуучулар окуйт.
А автор уулу менен ОЗУ Гана алектенгени жакшыго ... Мугалимдер болгону багыт берип, жол корсотуп турушат.

сенин темаңда чаң басып калдыго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Osh.city95   09 Февраль 2019 - 20:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 135
  • Катталган: 30 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 09 Май 2019 17:48

Просмотр сообщения Lukman-Hakim (06 Февраль 2019 - 14:58) жазган:

Союз маалында айылда бир окуучу жаман ишке себепкер болсо, мектептин директору класс жетекчиси ошого жооп беришет болчу, керек болсо иштен кеткенге чейин барышат эле. Ал убакта ата-энелер мугалимдерге "сөөгү меники, эти сеники" деп тапшырышкан. Мугалимден таяк жеп келип үйгө арызданышкан эмес эч ким, арыздана турган болсо ата-эне кайра балдарын урушкан, "сен бир нерсени туура эмес кылгансың, анан таяк жедиң" деп.

Азырчы азыр, азыр болсо ата-эне көр тиргилик деп талаалап жүрүшөт, балдары менен чатагы жок, алардын оюнда "мугалим баардык жагын тарбиялайт" , бирок андай эмес да, мугалим тарбияны берет, сабатсыздыкты жоёт. Ата-эненин мээримин мугалим бере албайт да.


Ата-эненин балага бөлгөн убактысы аз болуп калды. Атасы кечке жумуш менен алектенсе үйдө олтурган апасы интернет менен алек( азыркы келиндер)


Ата-эне менен мугалимдер бири-бирин жакшы түшүнүп, милдеттерин толук билишсе, бири-бирине төңкөбөй!

+++++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   uhti.sister   09 Февраль 2019 - 21:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 30 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Мар 2020 16:07

Бала тунуктуктун, тазалыктын, жакшылыктын символу. Бала уккан, коргон, кыскасы ага уйротулгон нерселердин баарын кокурогуно жана эсине дароо туйуп алат . Бир нерсени эн бат уйронууго боло турган убак балалык кез . Бул учурда баланын алгачкы мугалими жана тарбиячысы - анын энеси.
Аял табиятынан эле мугалим, тарбиячы болот. Аллах Таала аялзатына мээрим, сезимталдык берген. Аялзатына берилген бул озгочолуктор бала тарбиялоодо чон мааниге ээ.
Бала -бакчалар баланын кийимин жууп, убагында тамактандырып, таза абага чыгарып сейилдетип, парктарда кыдырдып, конулун ачышы мумкун (ошондой эле мектептерде ж.б билим беруучу мекемелерде коп эле нерселерди окутуп, уйротушу мумкун), бирок эч убакта ал баланын энеси, атасы боло алышпайт жана ал ото муктаж болгон мээримди корсото алышпайт.Бала мээримди энесинин жузунон, атасынын кучагынан гана сезе алат.
Аялзатынын эн негизги милдети- энелик милдети. Баланын таалим-тарбиясында эненин ролу чон.
Бир хадисте "аял куйоосунун уйуно жана баласына козомолдоочу жана жоопкер"деген мааниде баяндалат . Бул хадисте аялдын куйоосуно жана балдарына карата жоопкерчилиги бар экендиги эскертилип, уйун колдон келишинче тыкан тутуп, куйоосунун укуктарына конул буруусу, мал байлыгын сакташы жана куйоосуно ар кандай кыянатчылык кылуудан сактануусу керек экендигин баса белгилеген. Ошону менен бирге аялдын эн негизги милдеттеринин бири- балдарын жакшы адам жана мусулман кылып тарбиялап чыгарууга аракет кылуу , илим-билим , маалыматка ээ кылууну коздоо.
Эне -балдарынын алгачкы мугалими жана алардын алты жашка чыкканга чейинки акылынын калыптанышына эн таасирдуу инсан. Аял канчалык акылдуу болсо жана балдарын ийгиликтуу тарбияласа , коомдо таза уй-булолордун саны кобойот жана жакшы тарбияланган адамдардан куралган мыкты коом пайда болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Asoni   18 Февраль 2019 - 01:16

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 142
  • Катталган: 12 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2023 15:10
  • Жынысы:Аялзаты

Автордун отунучун лицей, гимназияда жатаканасы менен болгон билим беруучу жайдагы уулунун тагдырын айтып жаткандай сезилди. Албетте, ал учурда баласы ата - энесинен караганда кобуроок мугалим жана тарбиячынын колунда болот экен. Ошон учун мунун баарын озу кыска убакытта айтып жетише албай жаткандай. Башкаларга билбейм(мага сезилет) , ата энесинен болок, жатак гимназия, лицейде окуган балдардан айылда ата энеси менен чогуу жашап бой жеткен балдардын айырмасы болот экен. Бул жерде айтаарым "Мээрим" жонундо болду. Баланын энеге болгон, эненин балага болгон мээрими толбой калат окшойбу....... Себеби :бала коруш керек деп ойлойм, ата энесинин кулгонун, кыйналганын, деги койчу ата эне кандай кундорду башынан откоруп балдарды чонойтконун. Баары баланын эсинде калат. Балага эн биринчи ата эне колдоо корсотуу керек. Эгерде, автор айылда өз балаңыз менен чогуу күн кечирип жаткан болсонуз сиздин айтып откондорунузго толук кошула албайм. Себеби :мугалим сабат ачат, билим берет, ал эми тарбия үй булодон. Үй булодо туптолгон тарбияны мектеп курагынан баштап ата эне менен мугалим биргеликте бекемдейт. Ошол эле убакта мугалим теориясын гана айтат, уй булодо бала анын практикасын ата энеси аркылуу коруш керек. Демек, мындан чыкты бала ата эненин кузгусу. Акыры бала мугалимдин колунда 6 саат гана болот, калган 18 саат ата эненин козомолундо. Уулунузга кең келечек қаалайм автор.
Дайыма жакшы нерселерди гана ойлонуу......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Tansuluu09   18 Февраль 2019 - 01:48

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 23:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Анчалык талапты жогоору койгунуз келсе тандап, издеп журуп жакшы мугалим, жакшы психолог жалдап окутунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   nurdaana   18 Февраль 2019 - 11:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 04 Мар 2019 00:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мейкиндик

Баланын 1-мугалими ким?-деген суроого баарынар эле мектептеги же бала бакчадагы мугалимдерин айтсаныздар керек.
Бирок 1-мугалими бул ата-ЭНЕ. Кобуроок баланын тарбиясына эне жооптуу. Бардык кесиптерге окутулат, даярдалат, бирок ата- эне деген кесип жок болгондуктан, жаштар даярдыксыз турмуш куруп, балдарды тарбиялоодо аксап жатабыз.
Балдар уйдо мээримге болонуп чоноюш керек. Келечекте балдарыбыздын бизге кайрымдуу болушун кааласак, анда бугун мээриминизди баладан аябаныз!
Балдар болгону 45муноттон 5-6саат гана мектепте болушат. Жогорто айтышкандай, мугалим классты тынчтандырабы, тарбиялайбы же жаны нерсени уйротобу? Демек, бала 4/3болугун уйдо откоргондуктон, баланын тарбиясына ата-эне жооптуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Edenova66   19 Февраль 2019 - 13:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 29 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 09 Мар 2020 11:42

Ошон учун жакшы иштеп частный жакшы мектебке бериш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   NIkalike   06 Март 2019 - 12:09

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Бизде "Бала оз ырыскысы менен торолот." деген созго таянып, турмуштун сабактарын, оош-кыйышын корбой, бала тарбиялоого толук мумкунчулугунон сырткары, моралдык жана материалдык жактан эч кандай даяр болбой туруп, "СУЙУУ" деген иллюзияга азгырылып, уй було кутуп алгандар бар. Ошол уй було кураардан мурун, озунду эмес, келечектеги балдарын, ата энесин ойлоо керек. Азыркы балдар башкача, биз озубуздон улуулардын кийимин кийип, алардан улгу алып чонойдук. Азыр андай эмес, арбир балага индивидуальный подход керек. Бул замандын талабы. Таш доору менен коло доорун салыштырып болбойт, Союз мезгили менен азыркы мезгилди салыштырып болбойт. Заманга жараша калыптануу учун эмне керек? Жалкоолукту таштап, иште! Баланды жакшы кара.... эхх... чон энедей болуп кооп соз жазгым келет, болгону тушку тамактанууга берилген убакыт бутуп баратат. Кой, иштейли....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   tynara81   08 Март 2019 - 14:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Ойлору жакшы эке. Бирок башын эле окудум бир аз. Ал нерселер ата-энелер кыла турган нерселер. Муналим ошончо баланын кайсы бирине сиңдирет бул ойлорду. Же жеке мугалим жалдадыңар беле..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 18:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: