Унуталбайм... Сезим сырлары
#81 06 Январь 2018 - 20:43
Менин "кичинекейим"
... Сени унутуу үчүн, баш сөөктүн ичиндеги муштумдай болгон мээни алмаштыруу керек го дейм, флеш картаны алмаштырган сыяктуу эле.
Студент учурум. 1-класста мектепке чогуу барган досум үйлөнүп, достор тойго кам көрүп жатышты, а мен, атамдан ажырап, күйүт үстүндө элем. Тойго, шаан-шөкөткө көп аралаша албай жүргөн учурум эле ошондо. Кантсе да досум эмеспи, кечинде досумдун үйүнө барып (ал учурда анча мынча эле адамдар рессторанга той өткөрүшөөр эле) куттуктап койдум. Ошол жерден сени көргөм, апакай жүзүң, өзүңө жарашыктуу кызыл көйнөгүң, жагымдуу жылмайганың. ..
- Досум, алдагы кызыл көйнөкчөн кыз кимиң болот?
- Балдызым. А эмне болду?
- Эч нерсе, жөн жай эле.
- Досум, ал аябай жакшы кыз. Колунан баары келет, тандырга нан жабат, тамакты түрлөнтүп жасайт, тигүүчүлүктү да жакшы өздөштүрөт. Болгону, бир аз жашыраак да, мектепте окуйт. Болбосо тааныштырып коймокмун.
- Жаш болсо эмне болуптур? Чоңоет да. Өзүм эле таанышып алам азыр.
- Өзүң билесиң, жоош момун эмессиң го өзүң деле (жылмайып).
Ошол күнү таанышып, номериңди алгам (анда телефон деле анчалык жетиштүү эмес болчу, сенде билайн, а менде фонекс)
Телефондо бир аз сүйлөшүп койчуубуз. Жашоо шартка байланыштуу, окууну таштап, Орусияга иштегени кетүүгө туура келди элге окшоп. Бардым, бир топ убакыт жүрдүм, сен жөнүндө ойлогон жокмун, себеби иш оор, жан үрөп иштейт болчубуз. Анын үстүнө сенден үмүт үзүлгөн болчу. Сени Москвадан кезиктирем деп ойлобогом. Балким "мой мир" ге "гости" болуп катталбасаң ошол бойдон көрүшпөй да калаар белек, себеби сени ойлобой да калган болчумун. Москвадан эле кыз таап, анан ага үйлөнүп, Москвада эле көп эле жыл жүрөм деп ойлоп жүргөм да. Капилеттен кайра табыштык, Москвадан. Андагы керемет сезимдер, дүйнөм түгөл, эч арман жок эле менде... Себеби жанымда сен бар болчуң. Сен менен бирге жашоонун баардык шарттарында жашоого болот эле... Мейли катаал болсун, мейли жыргал болсун... Жашоонун кемтик жерин сен менен толтурууга болоор эле. Сен менин эң жакын адамыма айландың. Апамдан кийинки эле боорукерим, камкордугу чексиз, мээримдүү аял заты мен үчүн сен болуп чыга келдиң. "Үшүгөн жоксузбу?" , "Курсагыңыз ачпадыбы?" , "Маанайыңыз жакшыбы?" , "Сизди сагындым" , " Тамактаныңыз" , " Жылуу кийиниңиз" ... Эххх... Чын дилден жасалып жаткан мындай мамиле кышты да жай кылаар эле го чиркин. Сен менен кандай гана бактылуу элем...
Эсиңдеби, мен убактылуу Питерге которулдум, анан сен менин туулган күнүмө Москвадан келгенсиң. Тим эле эжемдей болуп, мага жылуу кийимдерди (ал кийимдер азыр да бар, сакталуу), ич кийимдериме чейин белекке алып келгенсиң. Мүчөл жылым болчу, кызылгыч түстөгү кийим белек кылгансың. Экөөбүз Питерди түрө кыдырдык, Ростик'сте (азыркы KFC) жакын отуруп алып тамактанганбыз. Элдердин арасында кол кармашып, кучакташып жүргөндөн, кееде өбүшүп кетүүдөн деле уялбай калчуубуз,балким катуу берилгендиктен токтоно албай калат белек... кыскасы эң бактылуу түгөйлөрдүн катарын толуктаар элек. 5 жыл сүйлөштүк, бир жолу да атыбыздан атап бири-бирибизге кайрылбадык ( бири-бирибиздин атыбызды атоо орой мамиледей туюлаар эле). Сен мени жөн гана "ЖАН" деп коёр элең, а мен "Коляля" дечүүмүн (кичинекей кыз, сенин атыңа тили келбей, коляля деген болчу, ошол бойдон мен үчүн "Коляля" болдуң да калдың).
Коляля, мен сүйүүнүн биринчи даамын сенден таткам, сабырдуулукту мага сен үйрөттүң, боорукерлик сага жолуккан күндөн баштап пайда болгон менде, сен аябай боорукер адам элең. Сенин жылуу колдоруң, мээримдүү көздөрүң, эч кимге зыян бербеген акылдуу, аяр мамилең, мени жашоого жакшы көз караш менен кароого үйрөттү. Адатта сүйүшкөн жандарда түшүнбөстүктөр болот кееде, а бизде эч качан андай болбоду, эч качан талашып-тартышпадык, ар күнү, ар саат, ар минута жаңы таанышкан адамдардай сый-урматта болоор элек, ар убак. Кеңешип иш кылуу биздин иш эле.
Кечир жарыгым, балким күнөө менден кеткен чыгаар. Азыр, күнөөлүү ким экенин териштирүүдөн эч кандай пайда жок. Өттү кетти. Болгону, мени сендей эч ким сүйө албас, а сени менден артык сүйүп жаткан чыгаар, балким жок.
Кошуна көчөгө келин болуп түшпөгөнүңдө балким сени унутуп калаар белем, же жокпу билбейм. Сага болгон сый-урматым чексиз, сенин элесиң ар бир ырда, жана биз жактырган кинолордо, мен аларды укканда, көргөндө албетте сени эстейм, сени эстебей коё албайм.
Бир уул, бир кыздын энесисиң. А мен бир кыздын атасы...

#82 07 Январь 2018 - 14:35
Bilesinbi emnege menin tuwumon ketpeisin ar daiym seni izdep tappai kyinala berem. Azyr men baktyluumun birok seni oilobosom dele tuwumo ar daiym kire beresin an saiyn seni sagynam. Saga chalam telofondon gana unundu ugam kelchi dep suranam jetpei kyinalam oigonsom tuwum bir jolu gana senin jyluu sozundu ukkum kelet seni tabyp sezimimdi aitkym kelet birok bàary kech. Senin baktyluu bolgonun maga jetiwtuu birok men seni unutkanym mn tuwumon ketpeisin suranam tuwumo kirbechi sensiz dele baktyluumun tuwumo kirbechi senin juzundu onumdo korgon emesmin korgumda kelbeit bir gana beitaanyw bolup tuwumo kirbechi. Rysbek abishov ekenindi bilem. Sen syrduusun bir jolu tuwumdo seni internetten uwintip izdegem.
#83 09 Декабрь 2018 - 18:00
Унуталбадым деп айтсам эч нерсе деп айтпаган менен Барабар болуп калат го. Унутпайм кучум эрким жетпейт. Жетсе эмдигиче унутмакмында 10жыл кетип баратат Андан бери .Азыр ойлосом жаштык болгон экен менде. А сизчи менден 10жашка уулу элениз мени чон кишидей коруп койгонунузчу кулкум келет азыр .Башынан баштайын ээ. Сиз мага мен 8кл окуп жатканда смс жаздыныз. Нооруз болчу.Таанышып албайлыбы деген смска келди.Тан калдым бирок шок кызмынго дароо макул болдум.Бирок шартым бар дедим ошо шартым менен периштелер оомин кылып койгонго деп ойлоп кетем. Ал шарт дос катары болобуз деген элем.Сиз макул болдунуз. Тааныштык мен отоле общительный болчумун. Бат эле суйлошуп кеттик. Оо канча тун сизди кыйнадым экен уктатпай.Бат эле кондум сизге бирок коргон эмесмин.Ё твоё тарифы мода болчуда. Анан бир куну чык дединиз. Кантип чыгам деп айла таппай курадым 6 келдиниз мен дагы деле билбейм не кылышты. Анан иниме айттым сиз туралуу 10м чыктым сизди коргондо сурдодумго дейм.Баягы быдылдак тилим байландыда калды.Сиз деле тушундунуз окшойт суйлошкон деле жокпуз шашып качтым сиз мени коштошоордо аябай жыттап алдыныз. мен машинадан тушуп иниме бардым калтырап.Оо дагы далай жолуктук кечинде. Коп айтар элениз жытып башкача деп мен маанисин деле тушунчу эмесмин чынында.Ошентип бир куну смс келди Я тебя люблю деген. Жооп жазбадым .корксом керек мен али 9кл болчумда.Анан дайыма келечектеги пландарымды айтчумун сизге.Анан ортодо уй булоосу бар деген дагы создор чыкты.Ошентип убакыт ото берди .Бир куну союз баштадыныз мени уклон деп атышат сен окуунду бутуп анан окууйм десен кутоо А лбайм деп. Чынында таарындым кутто А лбайм деген озунузго таарындым.Кайдан билейин сиз менден10жашка уулу экенинизди.
Сиз мени чон кордунуз окшойтда.Тушунот деп тушунбодум.
Жоок окууйм деп туруп алдым.дос бойдон калдык кыскасы.Сизге таарынып очошуп эмне кана кылбадым экен. Бир жигит таап алдым аны деле ойлободум сизди ыза кылгым келди .менде баары жакшы деп коргозгум келди.Бирок сиз менен суйлошо бердим Ошондой кундордун биринде жигитиме чыктым турмушка айла жок оз колум менен кылганды моюнум менен тапттым.Сизди унута албадым баары бир номеринизди жатка билчуум. Бир куну чалдым сиз мени тааныдыныз ало дегенде эле суйлошуп коюп аттым анда санда куса болгондо.Мени куто албайм деген сиз 8жылдан кийин аран уйлондунуз.
эмнеге деп тан калбайм деле.баарына озун куноолумун мага турмушка чык дегенинизди макул болбогон озум куноолумун.
Мен сизди сизди сагынган бойдон журом.....
#84 09 Декабрь 2018 - 20:29
Бул теманы 4 жыл мурун окуп мен дагы унуталбайм деп жазсамбы деп ойлочумун))
Сага өтө көп убактыт кеттирип койгон экенмин.Чынында ошол кеттирген убактыма өкүнөм.Башкалардан эч кандай өзгөчөлүгүң жок эле жигит экенсиң,азыр ойлосом.Бул жигит менден сулуу бийкечтерди караса керек деп кызганчуумун. ..
Отуз жашка чыгайын деп калганда үйлөндүң,анча кимди күттүң билбедим.
Карындашыңан үйлөнгөнүңдү уктум.Ал убакта мен үчүн үйлөнгөнүң баарибир болуп калган.Себеби ортобуздагы байланыш таптакыр үзүлгөн болчу.Анан да менин жүрөгүм башка жигитке бүчүр ала баштаган.
Аа сен сүйлөшпөй эле ата-энең жактырган кызга үйлөнүпсүң.
Бир күнү интернеттен жазып калдың,жубайыңдын сүрөттүн көргүм келип сурасам жибердиң.
Көрсө жубайың мендей эле жымшыйган жөпжөнөкөй кыз экен(балким мүнөзү менден жакшыдыр,жакшы эле болсун).
Ии сулуу экен дедим кашыктап.Ойлогом бир чүрөктү жиберет го деп.
"Сага жетпейт"- деп мени сооротуп койдуң( же какшыктадың)
Бул биздин акыркы байланышыбыз болду.
Бир жолу соц.тармактан балаңын сүрөттүн көрүп калдым.Мурду сага эмес апасына,түсү сага,көздөрү туптунук капкара болгонбир ширин бала экен.Мен бир убакта сага айткан элем,сенин балдарың өзүңө окшош кашы көзү капкара сулуу болсо керек деп.Так мен айткандай болуптур.
Ошол менен кээ бир сезимдердин калдыгы шамал учургандай жок болду.
Баарибир биринчи балалык сүйүүм болгонсуң.Сени канчалык ошол убакта сүйгөнүмдү сезбегендирсиң, себеби өтө намыскөй элем.Сага жөн гана чалып коюу же жазып коюу мен үчүн өлүм болчу.Жөн гана алыстан сүйдүм сени,алыста туруп кызгандым)) Кызыктай кыз элем.Келсең качат элем,алыстасаң сагынат элем...
Айтаарым сен унутулдуң,бирөө сени унуттурду.
Мен чыныгы сүйүүгө,чыныгы турмушка кадам таштап баратам.
Бир өкүнгөнүм өзү ашыкча сүйлөбөгөн түнт мүнөзүм,сага болгон сүйүүм ого бетер түнт мүнөзүмдү күчөтүп жиберген экен.Менин билимиме,дүйнө карашыма,убакытыма тес таасирин тийгизиптир.

Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 09 Декабрь 2018 - 21:03
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#88 07 Февраль 2019 - 10:31
Ал кундорум кечегидей эсимде ооба экообуздун таанышканыбызга 10 жылдын жузу болоюн деп калыптыр. Ал кезде эми гана 1-курсту аяктап курбу кыздарыбыз менен биргелликте сессияларыбызды ийгиликтуу тапшырып алганыбыз учун отурганбыз.
Бир убакта топ балдар кирип келишти ал атайын уюштуруллган беле аны тушуно албадым. Туура эле биз олтурган столго келип жайгашканда гана курбу кызыбыз булар менин классташ балдарым деп таныштырды.
Ошол убактан баштап мен тарапты карап отурган бир коз карашты байкам жаттым ал жигиттин аты Канат озун таныштырып копко чейин эски таныштардай суйлошуп олтурдук. Кечебизди аяктап коштошуп кышкы бир айлык каникулга тарап кеттик. Ошол убакыттан ошол коз караштан баштап менде жашоонун жаны барактары ачылгандай.
Туулган айылымда ата-энемдин жанында убакыттын отконун байкабай деле калдык, кайрадан эле окуу жылы башталды Канат менен телефондон суйлошуп журдук. Биздин группада жалан кыздар ал эми Канаттар жалан балдар болгондуктан алар менен сабактан кийин эс аллуучу жайларга барып ырдап озубузчо жаштыктын сонун коз ирмемдерин откоруп жаттык. Айлана жашыл койногун кийип тим эле коргон козду суктандырып жадырап жазда келди. Канат экообуз суйлошпогон создор биз аралап баспаган кочолор айтор озубузчо болочоктогу балдарыбыздын аттарына чейин таап койгонбуз. Анын эркелетип бетимден чымчып алып кечирим сураганы кайда калды.Ошондой кундордун биринде Канат аскерге кызмат отоп келем бул ар бир эр жигиттин милдети, менинда кичинемде койгон планым жаан мени кутосунбу биздин пландарыбызды жолго таштап кетпейсинби деп бетимден чымчып коюп окуусун сырттан тапшырып жоноп кетти. А мен ыйлап алганымчы бир жыл качааан отот десем тез эле отот деп мени адатынча эркеллетип бетимден чымчыган боюнча кызматына жоноп кете берди. Бир эле шаарда болсокда алыста жургондой сезилип сабактан кийин жолугуучу кундорумду сагынып журдум. Барганына бир ай болуп ант беруучу аземине чакырып келишимди суранды бирок бара албадым жайкы сессия башталгандыгынан ал айткан убакытка бошой албадым. Экзамендерди тапшырып Канатка берген убадамды аткара албай кыжалат болуп ойлуу чыгып келе жатсам алдымда гулун кармап алып бир аскердик кийимчен жигит туратко суйнунгонумдон козумдон жашым чыгып кеткенин билбейм калдым. Аз эле убактысы бар экен анан да сыртта апасы менен эжеси кутуп турганын айтканда уялганымчы.
Убакыт учкан куш дегендей моонотун аяктап кайрадан биздин бактылуу кундорубуз башталды ал аралыкта Канаттын эжеси менен таныштым. Ортодо таарынышкан кундорубуз болбой койгон жок андайда ар дайым Омардын Кош журок ырын смс кылып жаза берчу адаты бар эле. Убакыттын отушу менен курстан курска кочуп окуубуз уланып жатты Канаттын окуусу сырттан болгондуктан иштеп да окуп да журду. 5 жыл аралыгында эгиз козудай кайда барсак да кол кармашып жургон кундор артта калып мен озубуздун районго таныштар аркылуу эсепчи болуп иштеп калдым. Мекенибизде кесибин боюнча жумуш жок анын устуно эмгек акысы да аз болгондугуна байланыштуубу Канат бир куну Москва жергесине барып иштеп келсемби деген оюн айтты келген сон тоюбузду откоруп ар качан бирге болобуз деп эптеп мени алдап жатып кетти. Мен болсо баягы эле ишемде иштеп жургонумдо айылыбыздагы мектепте мугаллим жетишпей жаткандыктан келип иштеп беруумду айтканда макул болдум себеби районго келип кеткен жол акыны эсептегенде ошол эле болуп калмак. Канат барып жетип алдым жаан сени сагынып жатам деп кундо телефондо суйлоошсок да создорубуз бутпочудой сезилчуу. Мектепте озумду окуткан мугалимдер менен кесиптеш болуп иштеп жаттым айылда ошондойго бирине бирин табыштырганды жакшы корот эмесбизби андай кундор менин башымдан отуп жатты. Биринин да айтканына конгон жокмун анткени Канаттан башканы элестете алчуу эмесмин. Окшошкон кундор катарынан отуп жатты бара бара Канаттан телефон чаллуу азайып копко жоголлуп да кетет, ал учурда агенттен суйлошчубуз.
Агентке да кирбейт кирсе да жазбайт бир куну чалды айттым озгорулдун баштагыдай суйлобойсун эмне болду деген суроомо жай гана баары жайында сага ошондой сезилип жаткандыр деп койот. Жок баары тескерисинче кетип жатты жок жок суйлошпогонубузго 2ай дай болуп калдыбы эсимде жок Канат чалып жургон номерден чалуу келди алдым бирок мен куткон адам эмес эле ал мен аларым менен эле сен кимиси болосун Канаттын а мен болсо келинчеги болом кош бойлуумун биз жакында уйлондук аны кутпо башка сен жонундо биллгим келбейт деп коюп салды. Ошондогу абалымды соз менен айтып жеткириш кыйын буту колум калтырап муздак тер бут денемди каптап кетти ыйлаган жокмун турган жеримде каттып тура бердим. Тундосу жатып алып Омардын Кош журок ырын коюп алып ыйлап чыккан кундорум коп эле болду. Жок ошол боюнча мага Канат тараптан чалуу болбоду бир куну агентке кирсем онлайн экен жазганга колум барбады озу жазып жатканын кордум чыгып кете албадым озу эмес жанагы мага чалган келинчеги жазды коптогон жаман создорду жазды аягына жетпестен чыгып кеттим кийин мени кара тизмеге киргиздиби айтор коро албадым. Ыйлаган кыйналган эч нерсеге конулум болбой ишим менен эптеп алаксып келем. Убакыт баарына даба дегендей бара бара Канатсыз жашоого да конуп баштадым. Алдыга койгон пландарыбызды жолго таштап кетпейсинби деген Канаттын озу таш талканын чыгарып таштап кетти .Убакыттар отуп жатты таптакыр дайынсыз кеткен Канаттан акыры умутум узулгон кундордун биринде, туштон кийинки сабагымды отуп бутуп уйго келип апамдын жанында отургам таныш эмес номерден чалуу келди журогум сезгендей башкача согуп туруп алды алдым чалууну Канат экенин билдим унчукпай турам мен Канат деп атын атады билем мага капасын мен силердин мектебинерде журом жолугалычы номеринди алмаштырып жок болуп кеттин таба албай кыйналдым дейт биздин айылдан бир бала менен дос экенин ошол аркылуу тапканын айтып жолугууну суранды мен жолуга алайм деп туруп алдым. Кеч да кирди куз айлары жакындап калгандыктан жамгыр да жаап жаткан дагы чалуу келди жамгырда уйундун жанында турам аз убакытка чыкчы баарын тушундуруп айтып берем десе да чыга албадым чыккым келди коргум келди бирок ага кучум жетпеди. Себеби кошуна айылдан уйго куда тушуп келишип баласы менен суйлошуп коруумду апама айтканынан макул болуп жолуктук суйлоштук кайра кайра келе беришкенинен апамда айтып калды жалгыз кызыбызсын алыска кетпей жаныбызда болсон жакшы деп кеп кенешин айтып калганынан кошуна айылга келин болууга макулдугумду бердим. Каада салты менен сойко салып тойду белгилеп кетишти. Ошол себептен чыга албадым баарын айттым Канатка тоюбуз белгиленгенин да айттым уккусуда келбеди бат эле унутуп таштап кетиш онойбу сага деп жиндегенгеничи озунукун билбестен. Той кунуда келди Канаттан чалуулар смстер келип жатты номеримди алмаштырып дайынсыз кеттим. Той болот тойдун эртеси да болот дегендей жакшы тилектер менен жашап жатабыз буйруса. Ошол боюнча байланыш узулду мындан туп тура бир жыл мурда туулган кунум куну ок сайтынан смс келлди бугунку туулган кунун куттуу болсун ар дайым ден соолукта бактылуу омур сурушунду каалайм. А мен болсо сенден кийин канчалаган кыздар менен суйлошуп бири да сага окшободу сендейди таба албадым журогум сени деп кана туруп алды азыр деле уйлонбогонун айтып жазыптыр. Менда унутпаймын бирок Кудайыма чексиз шугур куйоом жакшы чыкты ортодо бир балабыз бар бактылуумун.
.. Ар бириниздердин жазганыныздарды окуп менда жазгым келип кетти. Баарыныздарга бактылуулук суйгонунуздор менен бирге болунуздар демекчимин.
#89 07 Февраль 2019 - 10:53
Унуталбайм..
.....чынында эле унуталбайм сенин мага кылгандарыңды бир күн келет каныңды ичип, жашооңду будуң чаң кылам!
#90 07 Февраль 2019 - 11:21
Кекчил деле эмесмин.Бирок күлгөнгө күлө жетем деген сөз бар го.
#91 20 Октябрь 2019 - 19:36
Сени чындап сагынамын. Жашоомдогу кыйынчылыктар,
жай турмушум дээгеле баары жонундо баяндап бергим келет. Бирок ортобузда эч урабас дубал бар. Билем сага да оор эмес кыйналып журосун жон гана билгин мен сени унуталбайм.
...
#92 20 Октябрь 2019 - 21:49
Мен да сагынам.Бирок акыркы сөздөрүң,андагы башка кыздарың,акыркысы жөнүндөгүң кадимкидей эле үстүмдөн суу куйду.Муздатты.
Блокировать этип отурбадым ,ашыкча сүйлөбөдүм.
Акыркы сөздөрүмдү эстеп калсаң деп калам эстегенде.Мен сага сүйлөбөйм,жазбайм,
кайтпайм дегим келет.Балким унута албасмын,бирок сени деп өлүп да калбайм.Сенден башка жашоодо канча кызык бар...
Билдирүүнү түзөткөн: Aishiteru: 20 Октябрь 2019 - 21:50
#93 22 Октябрь 2019 - 13:59
Издеп карайм.ушул жактан жазып ийчудой.журок кургур унутууга жол бербейт...мээси жок акылсыз окшойм
#94 17 Декабрь 2019 - 02:52
Унуттум... журогумдо башка адам)
Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz-jigit.com: 17 Декабрь 2019 - 02:56
#95 17 Декабрь 2019 - 07:02
Мен кыйналып турганда колу жетсе да кош конул караган адамдарды кечире албайм. Гекчилмин. Туура баардык чыккынчылар менен кол узуп кете албайсын..кудум оздорундой кылып колдонуп анан анга туртом. Унута албайм отконду!!
!
#96 17 Декабрь 2019 - 21:31
Сагындым унутпадым сени ойлобогон кунум болбоду арадан канча жылдар отсо сага болгон суйуум дагы эле ошо бойдон.Сени ойлогондо журогум башкача бир туйлап кетет ушунчалык сагындым эстеп ыйлап ыйлап алам
#97 26 Декабрь 2019 - 09:17
Сен жагып сен тандаган колуктуна
Бакытка батканын чын болушунча
Эх менсиз жашап кетем десен эгер
Эстетем кундо келип коз алдына
Сен менин кулкум элен аран тапкан
Кайгымды унуткарып конул ачкан
Узулуп калган биздин суйуубузду
Улашсын кызым менен сенин балан
Г.Кудайбердиева
Бакытка батканын чын болушунча
Эх менсиз жашап кетем десен эгер
Эстетем кундо келип коз алдына
Сен менин кулкум элен аран тапкан
Кайгымды унуткарып конул ачкан
Узулуп калган биздин суйуубузду
Улашсын кызым менен сенин балан
Г.Кудайбердиева
#98 29 Декабрь 2019 - 21:14
Баары "Сени унуталбайм"
деп отурушса, мен "Мени унутуп калбадын бекен?"дейм го))) Сени унутуш, унутпашым маанилүү эмес окшойт, негизгиси мени унутпа))))) эгоизм...)
#99 06 Январь 2020 - 05:41
2 ай эле бир кыз менен суйлошкон элек 2018, ошол кызды эстей берем негедир. Вообще сулуу эрке сонун кыз эле деп эстеп коем))