Суперстан: Мамлекетибиздеги коррупция - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мамлекетибиздеги коррупция

#1 Пользователь офлайн   erikkuba   20 Май 2018 - 14:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 28 Август 14
  • Соңку аракети: 10 Ноя 2018 07:46

Дыйкан кыштак айылындагы жергиликтуу кенешке депутаттарды шайлоо учурундагы коррупция


2018-жылдын 13-май күнү Ош облусунун, Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жергиликтүү кеңешке депуттарды шайлоо болуп өттү. Шайлоо бардык шайлоо участкала
рында толук таза өттү деп айтуу жаңылыштык. Себеби, 11 000 өзбек улуту жашаган Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн “Дыйкан-Кыштак” айылында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн жасаган иш-аракеттери шайлоонун таза өтүшүнө тоскоолдук кылды. Депутаттыкта талапкер Базарбаев Отабек Одилжонович шайлоо өтүп жаткан күнү шайлоочуларга акча таратып жүргөндүгү байкалды. Талапкерлердин мындай иш-аракеттери жоопсуз калабы? Алардын бул жоруктары Президентибиздин Коррупцияны менен күрөшүү жарлыгына шайкеш келбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   fantomas   08 Июнь 2018 - 13:57

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Соке, сот системасын реформалайм деп алып кайра эле адилетсиз сотторду Жогорку Соттун курамына корсотуп чыкты.

Жакында Фин.полдун аракети менен Казакмыс компаниясынын (учурдагы аты Каз.минералс Бозумчак) директору камалып, кайра эле бок курсак соттун чечими менен кое берилди...

Корсо казактар 10 тонна алтын кошулмасын жез кошулмасы деп алып чыгып кеткен экен олкодон..

Ал эми Кыргызстандагы алтын ондуруучулор ассоциациясынын директору Алмазбек Жакыпов деген неме Каз.минералс Бозумчактын адвокаты болуп кайра элди коркутуп жатат, силер инвесторлорду уркутуп жатасынар деп...

Эмнеге ошого окшогон, олконун саткындары чон кызматтарда отурат турмодо эмес, тушунуксуз! !!

Анан 10 тонна алтын кошулмасын мыйзамсыз чыгарылып кеткени учун эмнеге Казакмыстын жетекчилери камалбай эркиндикте? !! Ошолорду бошоткон сотту кошо камаш керек эле...

Соке келди, озгоруу башталды дейсинер,кана озгоруу?!! Баары эле мурдагыдай уурдап-тоноп келет элди, эл байлыгын...

Билдирүүнү түзөткөн: fantomas: 08 Июнь 2018 - 13:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 03:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Бизде торолгондон олгонго чейин корруппция качан токтошун бир гана кудай билет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   vikidiki   06 Январь 2019 - 10:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бизде коррупция каныбызга синген да. Чондорду кой, озубуз эле мисалы врачка кезек куткубуз келбей кичине колуна акча кармата коебуз. Бюрократияга канча акча беребиз, ошол эле кезектин айынан.Мектепке, балдар бакчана балабызды жакшы карасын деп акча чачабыз. Анан тиякты элестетпей эле кой. Озубуздон башташ керек, ар бирообуз оолак болушубуз керек коррупциядан. Мына эми жаны мыйзам кирди 1-январьдан тартып ээ? Аякта да башталат. Тукуруп алып же ремень такпай коюп"кыргызча эле бутурбойлубу" дешет элдер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   CEO1   12 Февраль 2019 - 18:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 09 Сен 2020 19:10

АША кетип Соке келип орун алмашуудан сумма озгоргон жок. Тиги да ууру эле, мунусу да ууру, Атамбаевдин коррупциялык кочу уланууда. Казынаны тономой, бажыда, кен тармагында ж.б.корруупция, уурулук, контрабанда, ал да аздай акыры келип тентип жургон карапайым элди тономой...

Соке акыры мигранттардын чонтогуно коз артыптыр да, 300 сомдон чогултам деп. Сага да Кудай бардыр Соке. Элдин каргышы корундо тынч жаткырбайт, ошону унутпа Сооронбай! !!

Билдирүүнү түзөткөн: CEO1: 12 Февраль 2019 - 18:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   CEO1   15 Февраль 2019 - 04:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 09 Сен 2020 19:10

Бишкек ЖЭБди ондоого бюджеттен ар жылы 400 миллион сом болунот дейт. Мына силерге ачык эле коррупция...

Эй Соке, ошол 400 миллионго какап калба... Атамбаевдин "аппетити" аллигатордун аппетитинен болуучу, сен андан ашып тушмой болдун го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   CEO1   15 Февраль 2019 - 04:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 09 Сен 2020 19:10

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилген. Аткаруучу ТВЕА компаниясыбы? " - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев сурады. Ал материалдардын кымбат алынышы боюнча ТВЕА компаниясын жоопко тартса болобу деп сурады. "ТВЕА компаниясынын күнөөсү жок экени айтылды. Алар аткаруучу болсо, материалдардын кымбат алынышы боюнча аталган компанияны жоопко тартса болобу?" - дейт депутат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Аларды жоопко тарта алабыз деп так айта албайм. Тергөөчүлөр аныктап, укуктук баа берилгенден кийин жыйынтыгын билдиребиз" , - дейт ал.
https://www.super. kg...ar/news/262859/

____________________________

Жамшитов деген немени (Сокенин ляппайбек кадры) 8-9 айдан бери эшек такалап журосунбу деген жан табылбаганы кызык... Тергоочулор иштеп жатат, анан укуктук баа берилет деп дооруйт...

Подрядчик ТВЕА болгон сон, 386 миллион доллар ТВЕАга которулуп, Бишкек ЖЭБди ошолор жанылаган сон, эн биринчи куноолуу Кытайдын ТВЕА компаниясы болуусу керек эле. Бирок Сокенин куурчак прокурор менен УКМКсы бир жылдан бери ТВЕАнын жоопкерчилигин карабай эшек такалап журдубу деген суроо бар...

Мен Сапар Исаков баштаган коррупционерлерди актагым келбейт. ТВЕА менен келишим тузууго кызыкдар болгондор ошолор эмеспи. Булардын катарында тышкы иштер министри болгон Эрлан Абдылдаев да орун алышы керек эле, эмнегедир ал за бортом калды суудан кургак чыгып... Анан да ТВЕА менен олко кызыкчылыгына каршы келишим тузгон депутаттар камалышы керек эле, ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков баштаган, аны Соке калкалап отурат...

Бирок номер биринчи куноолуу Сапар Исаков же Асылбек Жээнбеков эмес, ТВЕА компаниясы экенин эмнеге баары билмексен болушат ыя?!! 600 сомдук аттиштерди 600$, 1500 сомдук огнетушителдерди 1500$ деп корсоткон ошол ТВЕА эмеспи?!! УКМК менен Башкы прокуратура 1 жылдан бери ТВЕАнын жоопкерчилинин карабаса анда бул кандай тергоо болду ыя?!! Бийликтеги Сапар Исаков баштаган уурулар ошол 111 миллион долларды ТВЕАнын "колу" менен уурдап отурганы калппы?!!

Эмнеге баары бужуройт ыя, Кытайдын козун карап?!! Же Кытай ошол депутат, министрлерди сатып алып койгонбу?! ! Эмнеге ТВЕАнын жоопкерчилиги каралбайт, эмнеге андагы кытайлар соттолбойт ыя?!! Же Соке Кытайдын адвокаты болуп Кытайга жан тартканы учунбу?!! Сокенин атасы/чон атасы Кытайга бекер качпаган корунот, бугун Соке Кытайдын камчысын чаап отурат.......

Билдирүүнү түзөткөн: CEO1: 15 Февраль 2019 - 04:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Chagylgan2   12 Март 2019 - 15:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 14 Апрель 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 12:41

Шейшемби, 12-март, 2019 Бишкек убактысы 15:02

КОРРУПЦИЯ

«Канадалыктар 14 жыл бир тыйын төлөгөн жок»

«Бийлик сырлары» программасында мурдагы вице-премьер- министр Базарбай Мамбетов Кыргызстандын Кумтөр жана башка алтын кендерине жайылып кеткен жемкорлук тууралуу айтып берди.

Базарбай Мамбетов:
- 1997-жылдан 2017-жылга чейин канадалыктар Кумтөрдөн 385 тонна таза алтын казып алышты.

Расмий түрдө «ушунча казылды» деп эч ким айтпайт. Алынган алтындын наркы 8,8 миллиард долларды түзөт. Ошол казылып алынган 385 тонна алтындын 11 пайызы гана Кыргызстанга тийди.

14 жылдан бери эң бай кенден алтынды күргүштөтүп казып аткан канадалык компания Кыргызстанга бир тыйын да которгон жок. 2009-жылдын 24-апрелинде сатылган алтындын 13 пайызына ээлик кылышы тууралуу келишимге кол койгондон кийин 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи ирет канадалыктар таптаза 38 миллион долларды Кыргызстанга которуп беришкен.

Кумтөр кенинде алтын казып алуу - бул өзү дүйнөлүк масштабдагы көрүнүш. Жылына 18-20 тонна казылып алынат. Бир жердегидей көп алтын же Орусияда, же Өзбекстанда, же Индонезияда ушунчалык көлөмдө казылып алынбайт. Маселен, 2011-жылы 19 тонна алтын сатып, канадалыктар 941 миллион доллар акча табышты. Андан Кыргызстанга 13 пайыздын эсебинен 130 миллион доллар которушту. Ушундай келишимге кол койгон президенттердин уяты жок эле болуш керек?


---

1997-жылы Кумтөр алтын каза баштаганда аны менен бир убакта америкалык «Ньюман» компаниясы Өзбекстанда Мурунтоо кенин өздөштүрүүгө киришкен. Ошондо эле Каримов ага мындай шарт койгон: бул жерден казылып алынган алтындын 70 пайызы Өзбекстанга берилет. Он жылдан кийин ошол инвестор 30 пайыз үчүн Каримовго кабат-кабат рахматын айтып, бир жарым жыл ичинде насыяга алынган 270 миллион долларды төлөөгө жетишип, калган убакта таптаза кирешеге гана иштешкенине ыраазы экенин билдирди. Акаев менен Бакиевдин кантип ушундай келишимге кол коюуга бети чыдады экен?

Мен эрикпей чет элдик алдамчы компанияларга берилип кеткен 27 кен боюнча эсеп жүргүзүп келдим. Көрсө алар буга чейин 39 кенди берип коюшуптур. Алардын бирөө менен да өкмөт ошол кенди иштетүүнүн шарттары боюнча келишимдерге кол коюуга аракет кылбаптыр. Дүйнөлүк практикада чет элдик компания киргенде аны менен сөзсүз «ушул кенди иштетүүнүн шарттары тууралуу» башкы келишимге кол коюшат. Анда мына булар сөзсүз көрсөтүлөт: иштетилчү кендин ээси – өкмөт, шарттары макулдашылат, өкмөт кайсы бөлүгүн алат да компания канчасына ээ болот – ушулар так жазылат. Мынабу 39 кендер боюнча мындай келишимдерге кол коюлган эмес.

Биздин бюджеттин абалы мышык ыйларлык. 2 миллиард доллар. Ошол эле мезгилде Грузиянын, Молдованын, Армениянын бюджети 4,5 миллиард доллардан ашат. Жада калса Тажикстандын бюджети азыр 4,5 миллиард долларга жетип калды. Ушуну карап туруп кантип капа болбойсуң?

Кумтөр маселесине келгенде премьерлердин баары - Сариев да, Оторбаев да, Сатыбалдиев да - Атамбаевдин тактекеси болуп беришти.

Талды-Булакка келсек, Атамбаев премьер-министр болуп турганда, 2006-жылы ал жерге казак компаниясы келген. Ал «Кыргызалтын» менен келишим түзүп, ошо боюнча кендин 60 пайызы казактын компаниясына бекер эле берилип кеткен. Ит бекер! Ал болсо жети жылдын ичинде кен казууну баштоого, ага акча салууга убада берген. Ал компания убадасынан башка эч нерсеси жок, алдамчы неме экен, эч нерсе жасаган жок. Анан ал жети жылдан кийин өз үлүшүн кытайлык компанияга 76 миллион долларга сатып жиберди. Сатыктан бир тыйын да бюджетке которулган жок.


Бермет Букашева: - Бул эми дапдаяр кылмыш иши экен го!

Базарбай Мамбетов: - Былтыр Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында чыгып сүйлөгөндө мен ушуну жаздым, «келиңиз, кылмыш ишин козгойлу» деп. Ал муну ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырган. Алар мага майнапсыз жооп жазышты, ошону менен токтолду, эч нерсе жасала элек. Азыр Талды-Булактан алтынды Кытайга алтын кошулма катары жөнөтүп атышат. Ал жерде болжолдонгон алтындын теңинен көбүн казып алышты.

Вице-премьер Тайырбек Сарпашев 2015-жылы депутаттардын катышуусунда (ал жерде Отун ресурстары жана кендерди пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев да бар болчу) кытайларга алтын кошулмасын ташып чыгып кетүүгө уруксат берген, алар болсо 120 миллион долларга алтын бөлүп алчу комбинатты куруп салышты.

Биздин Кара-Балтадагы аффинаж заводун иш менен камсыз кылуунун ордуна ушуну жасап отурушат. Жок дегенде биздин Экономика жана Финансы министрликтерибиз ал жерде 3,5 жылдан бери алтын казып алуудан Кыргызстан кандай пайда көргөнүн көрсөткөн маалыматты жарыялап коюшпайт. Пайда албаса эмнени көрсөтмөк эле! Мунун баары канадалык компаниянын Кумтөрдөгү жосунунан кийин болуп жаткан нерселер.

Бермет Букашева: - Менимче, биздин алтын кендерибиз боюнча «Нюрнберг процессин» баштоонун кези келип калды окшойт, өкмөттү соттош керек го.

---

Базарбай Мамбетов: - Сегиз жылдан бери Лондондогу баалуу металлдардын дүйнөлүк биржасынын монитору Тянь-Шандын «алтын кемерин» ачыкка чыгарууда. Ал жерде биздин бардык алтын кендерибизди сатып жатышат: Бозумчак да, Талды-Булак да, Иштамберди да, Андаш да, Макмал да – баары ошол жерде сатылды. Мени менен сүйлөшкөн адамдардын баары ошол жерде иштешет, алар такай маалымат берип турушат. Ал жерде баарын сатышты. Мына, Андаш кени иштей элек, анын 80% кайсы бир австралиялык компания сатып алып коюптур. Бекеринен дүйнөлүк окумуштуулар «Тянь-Шандын алтын кемери» деп айтышпайт да.

Бермет Букашева: - Бул эми Жибек жолу да эмес, ашык-кеми жок «алтын кемер». Биздин жаркылдаган «алтын кемерибиз» болсо Жибек жолунун эмне кереги бар? «Кара май жок» деп кабакты чытып капа болгонубуз менен канча алтын жатат... Нукура алтыныбыз турса «кара алтындын» кандай кереги бар дейм да, же андай эмеспи?

Ал эми Жерүйдө эмне болду?

Базарбай Мамбетов: - Бул дагы бийликтин эң жогорку кабатындагы жемкорлуктун үлгүсү. 2015-жылы тендерди орусиялык олигарх Муса Бажаевдин «Восток добыча» компаниясы утуп алганда бонус катары 100 миллион доллар төлөп берип, ошондон бери Жерүйдүн бардык алтынын «өзүмдүкү» деп ал отурат. Ал жерде 100 тонна алтын, наркы 3,2 миллиард долларлык байлык жатат.

Бермет Букашева: - Ал жерде да биздин үлүшүбүз болбой калабы?

Мамбетов: - Болбойт. Биздин үлүшүбүз жок. Мен Таластан болом. 1995-жылы Чеченстандын мурдагы президенти Жохар Дудаев «Манас» эпосунун миң жылдыгына келгенде так ушул «Жерүй» турган жерди өпкөн. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда 1944-жылы чечендерди жер которткондо алардын бир тобу Талас районуна жайгашкан. Ошон үчүн ал биздин жерге келген. Чечендер жашап кеткен беш айылды көрсөтүштү. Азыр болсо чечен жигит Муса Бажаев ал жерде каалаганын жасап жатат. Интернетке минтип жаздым: «Сенин минтишке акың жок, Талас жери чечендер үчүн ыйык жер, Талас кыргыздар үчүн да ыйык жер, Манастын жери. Согуш маалында айдалган чечен калкынын көбүн ачарчылыктан кыргыздар сактап калышкан, атам биздин үйдүн бир бөлмөсүн аларга бошотуп берген болчу, мектепте мен чечен балдар менен чогуу окугам».

Букашева: - Анын жообун алдыңызбы?

Мамбетов: - Жок, алганым жок. Мен ага айттым: «Биздин башкаруучулар ушундай бай кенди 100 миллион долларга сатып ийишине биздин, кыргыз элинин эч кандай күнөөсү жок». Мен жөн гана өтүнүч жибердим: «Келиңиз, биздин өкмөт менен келишим түзүңүз, казылып алынчу алтындын жок дегенде 49 пайызын өкмөткө бюджетке бериңиз» дедим. Ал тараптан жооп болбоду.

____________________

Билдирүүнү түзөткөн: Chagylgan2: 12 Март 2019 - 15:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Takesha87   12 Март 2019 - 18:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 10 Февраль 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2025 08:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык-Кол, Каракол

"Кыргызстан - страна чудес" деп бекер айтышпайт. Эч тан калбаш керек. Бийликте ОПГ, Коммерсанттар башкарып турса кайдан онугобуз.
Здесь зверски было убито время !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Chagylgan2   13 Март 2019 - 00:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 14 Апрель 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 12:41

Соке Акаевдин "мектебинен" таалим алып сугарылып, Бакиевге "ини", Атамбаевге "дос" болуп бийликтегилердин камчысын чаап жагынып журуп эптеп бийликке келип калды...

Жогорудагы дуйнолук масштабдагы коррупция, афералардан Сокенин кабары бар, бирок билмексен, кормоксон болуп отурат... Анан дагы коррупция менен курошуп жатам деп ооз коптурот... Соке озу ууру-каракчылардан куралган шайкасы менен бийликте туруп башка кайсы корпупционерлерди камамак эле?!!

Коррупция менен курош Акуй менен Кумтордон башталат... Ал экоону тен коргон жерибиз жок, анткени Сокенин айткан убадасы лапшагон...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   MIRlan   27 Март 2019 - 14:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Айла жок, колубуздан эч нерсе келбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   alibekova94   09 Июль 2019 - 12:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Просмотр сообщения Chagylgan2 (13 Март 2019 - 00:13) жазган:

Соке Акаевдин "мектебинен" таалим алып сугарылып, Бакиевге "ини", Атамбаевге "дос" болуп бийликтегилердин камчысын чаап жагынып журуп эптеп бийликке келип калды...

Жогорудагы дуйнолук масштабдагы коррупция, афералардан Сокенин кабары бар, бирок билмексен, кормоксон болуп отурат... Анан дагы коррупция менен курошуп жатам деп ооз коптурот... Соке озу ууру-каракчылардан куралган шайкасы менен бийликте туруп башка кайсы корпупционерлерди камамак эле?!!

Коррупция менен курош Акуй менен Кумтордон башталат... Ал экоону тен коргон жерибиз жок, анткени Сокенин айткан убадасы лапшагон...



Эн туура, озуно жакпай калгандарды эле камап койбосо башкалары тайрандап эле журушпойбу. Зеленскийге окшоп бир нерсени озгортом деген адамга аз эле убакыт талап кылынат, Сокенин олтурганына канча убакыт болду , элдин пайдасына чечилген бир нерсе жок. Эгер бир нерсе чечилсе элдин ызы чуусу менен чечилип калып жатат и то ал убактынча токтотулуп. Иши кылса коррупция менен курош жок бул жерде.

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   09 Июль 2019 - 14:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Коррупцияны жок кылбай эле кайра көтөрдү, кымбаттады. Бир эле мисал мурда гаиге 100 сом берсең азыр 500-1000 сом бермей сайын коё беришпейт. Коррупция менен күрөшүп атабыз деп алар дагы ставкасын көтөрүп алышты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   XATSAN125   03 Август 2019 - 19:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 663
  • Катталган: 27 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 12 Дек 2024 21:23
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Lukman-Hakim (09 Июль 2019 - 14:29) жазган:

Коррупцияны жок кылбай эле кайра көтөрдү, кымбаттады. Бир эле мисал мурда гаиге 100 сом берсең азыр 500-1000 сом бермей сайын коё беришпейт. Коррупция менен күрөшүп атабыз деп алар дагы ставкасын көтөрүп алышты!

Туппа тууру айттың шаар ичинде бүт камера анысы жакшы дечи а тигилерге шаарда МЕСТО НЕТУ болуп калгандыктан шаардын четине чыгып алышып каалаганын токтотуп алып капчыгын кампайтып жатышат ашып калган камераларын кычык кучука коюп алышты өздөрү көлөкөдө бекиниииииип туруп шап чыга калып тосмой болушту паланчанчы статянын негизинде 5000 айып пул дейт дагы үнүн акырыын чыгарып 1000 ди таша да кете бербейсиңби деп ачык эле айтып калышты.Мобилниктер таза эле айтат 700 бер же Эшмат экөөбүзгө же тагасына эд салып кой деп
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 01:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: