Суперстан: Өз өлүмүмдү өзүм күтүп жатам - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өз өлүмүмдү өзүм күтүп жатам Тиешеси жоктор эч нерсе деп жазбай эле коюнуздарды отуном)

#21 Пользователь офлайн   izdeim_seni   11 Февраль 2019 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения sumay2015 (10 Февраль 2019 - 21:44) жазган:

Менин да омурлук жолдошум,бейиши болгур, откондо ушундай депрессияга кабылгам. Кичинекей наристемди да эмгизгенге калоо жок болчу, бирок Аллахка мин мактоолор болсун,ата-энемдин, бир туугандарымдын колдоосу аркылуу жашоонун таттуулугун сездим. Кичинекей наристемди апам карап мени жумушка чыгарып жиберген. Азыр баары жакшы,Аллахка шугур. Намаз окунуз келечекке умтулунуз.

Кыргызда бекеринен "өлүм ак" деп айтылбайт да. Өлүм ак-дегени өлүм чындык дегени. Ооба, тирүүлүктөгү мейли жан-жаныбар, мейли өсүмдүк, мейли адамзаты баарыбыз өлүм даамын татуучуларбыз. Бул Куранда дагы жазылган. "Тирүү жандын баары өлүм даамын татуучулар" деп. Эртели-кеч ичер суубуз түгөнсө биз дагы бул Жалган дүйнө менен кош айтышабыз. Бул Аллахтын да мыйзамы. Бул табияттын дагы мыйзамы. Индияда, Багам, Филиппин аралдарында адамдар өлсө, жакын адамдарынын көзү өтсө сүйүнүшөт экен. Бул алардын көз карашына туура келген нерсе. Бирок, биз үчүн өлүм жоготуу, ачуу ый. Ооба, жакыныңдан айрылуу оңой эмес. Бирок, өлгөндүн аркасынан эч ким өлбөйт ажалы келмейин. Жашоо үчүн күрөшүш керек. Өмүрүң барда ибадаттарыңды кылып, эки дүйнөнү тең татыктуу жашап өтүү үчүн алпурушуш керек. Тирүүлүктүн мыйзамы өлүм. Психикасы алсыз адамдар, жакынынын өлүмүн, жоктугун кабыл алгысы келбеген адамдар депрессияга түшүп кетишет. Өлүмдүн бар экенин унутпашыбыз керек. Диний, илимий, руханий жактан күчтүү адамдар бул көйгөйдү жашабайт. Биз кандай гана кырдаал болбосун руханий жактан күчтүү болушубуз керек. "Руханий" деген сөздө көп нерсе камтылган. Жолдошуңуздун арты кайырлуу болсун! Эч качан депрессияга өзүңүздү алдырбаңыз. Атасыз калган козуларыңыз сиздин абалыңызды көрүп ого бетер шалдая түшпөйбү. Белди бекем бууп, эки дүйнөнүн бактылуулугу үчүн күрөшүңүз!)

Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 11 Февраль 2019 - 18:02

Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   karyshkyr-booru   11 Февраль 2019 - 22:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Май 2020 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ordoluu Osh

Сабыр каниет кылыныздар урматтуу мекендештер шугур кылып намаз оку чын дилден жолун ачылат озунуз тан каласыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   sumay2015   11 Февраль 2019 - 23:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 16:28

Просмотр сообщения izdeim_seni (11 Февраль 2019 - 18:00) жазган:

Кыргызда бекеринен "өлүм ак" деп айтылбайт да. Өлүм ак-дегени өлүм чындык дегени. Ооба, тирүүлүктөгү мейли жан-жаныбар, мейли өсүмдүк, мейли адамзаты баарыбыз өлүм даамын татуучуларбыз. Бул Куранда дагы жазылган. "Тирүү жандын баары өлүм даамын татуучулар" деп. Эртели-кеч ичер суубуз түгөнсө биз дагы бул Жалган дүйнө менен кош айтышабыз. Бул Аллахтын да мыйзамы. Бул табияттын дагы мыйзамы. Индияда, Багам, Филиппин аралдарында адамдар өлсө, жакын адамдарынын көзү өтсө сүйүнүшөт экен. Бул алардын көз карашына туура келген нерсе. Бирок, биз үчүн өлүм жоготуу, ачуу ый. Ооба, жакыныңдан айрылуу оңой эмес. Бирок, өлгөндүн аркасынан эч ким өлбөйт ажалы келмейин. Жашоо үчүн күрөшүш керек. Өмүрүң барда ибадаттарыңды кылып, эки дүйнөнү тең татыктуу жашап өтүү үчүн алпурушуш керек. Тирүүлүктүн мыйзамы өлүм. Психикасы алсыз адамдар, жакынынын өлүмүн, жоктугун кабыл алгысы келбеген адамдар депрессияга түшүп кетишет. Өлүмдүн бар экенин унутпашыбыз керек. Диний, илимий, руханий жактан күчтүү адамдар бул көйгөйдү жашабайт. Биз кандай гана кырдаал болбосун руханий жактан күчтүү болушубуз керек. "Руханий" деген сөздө көп нерсе камтылган. Жолдошуңуздун арты кайырлуу болсун! Эч качан депрессияга өзүңүздү алдырбаңыз. Атасыз калган козуларыңыз сиздин абалыңызды көрүп ого бетер шалдая түшпөйбү. Белди бекем бууп, эки дүйнөнүн бактылуулугу үчүн күрөшүңүз! )

Рахмат чон, айтканыныз келсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   altyw555   13 Февраль 2019 - 17:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 19 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Май 2021 11:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БишКЕК

Автор арак менен достошуп кор..только абайла))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   mma_fighter   13 Февраль 2019 - 17:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 12 Июнь 16
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2020 23:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Rita00 (09 Февраль 2019 - 18:33) жазган:

Бул кээ бирлерге кызык угулушу мумкун бирок ушундай)Менин жашоомду сырттан караган адамга аябай тогорогу топ келген жашоодой сезилет Бирок андай эмес Бардык нерсе кызыксыз эч нерсенин кереги жок Жана эч кимдин да кереги жок уйго да университетке да жумушка да деги эле Эч кайда эч Жака баргым келбейт кайда баргым келээрин озум да тушунбойм (Мени жакындарын жоготуп же Бузулуп же суйуудон азаптанып журуптур дебегиле баары жайында Баары оз ордунда)Бирок акыркы кундору ушундай болуп жатат жакында каза болуп калчудай сезим туюм келип жатат жакында бул дуйнону таштап кете тургандай болуп атам келечегимди таптакыр элестете албайтам супердин козурлору кенешиниздер керек

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   13 Февраль 2019 - 17:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Просмотр сообщения altyw555 (13 Февраль 2019 - 17:07) жазган:

Автор арак менен достошуп кор..только абайла))

Өзү максаты жок немекен, арак менен достошсо бомж болот, гарантия.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   cholpon119966   13 Февраль 2019 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Просмотр сообщения Lukman-Hakim (13 Февраль 2019 - 17:51) жазган:

Өзү максаты жок немекен, арак менен достошсо бомж болот, гарантия.


Ошону айтсаныз.. биз жургон айлуу тун кайда деп журсо)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   General.kg   13 Февраль 2019 - 18:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Просмотр сообщения Lukman-Hakim (13 Февраль 2019 - 17:51) жазган:

Өзү максаты жок немекен, арак менен достошсо бомж болот, гарантия.

+++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Sushi_wok   13 Февраль 2019 - 18:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Олумду кутсон да кутпосон да ырыскын тугонгон куну келип, жанынды алып кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Elaman_Arypov   13 Февраль 2019 - 18:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 574
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 14 Фев 2020 01:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Баткен

Намаз Оку, жакшы иштерди коп жаса, анан олумду чыдамсыздык менен кут эртен алып кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   meDaline   13 Февраль 2019 - 21:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

.

Билдирүүнү түзөткөн: meDaline: 13 Февраль 2019 - 21:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   meDaline   13 Февраль 2019 - 21:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   meDaline   13 Февраль 2019 - 21:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Тирүүлөй көмүлдүм.
********************************
Коңшу Казакстандагы белгилүү блогер жана жапон маданиятынын сүйгөн Nazym Osaka Mukaiyamaнын окуясы көпчүлүк адамдарда пайдалуу болот деген ишеничтебиз:
“Бир мезгилде Жапонияда жашап калдым. Себебин билбейм,бирок депрессияга кабылдым. Өзүмдү таштап салып,салмагым 75 кг ашты, үйдө пижамачан эле жүргөнгө көнүп,2-3 күндөп жуунбай да калдым. Жадагалса тишимди да жуубай калганмын. Акыр аягы жашоо учунчалык кызыксыз болуп, мындан ары жашагым да келбей калды.
Абалымды байкаган жапон улутундагы курбум жеке клиникалардын бирине барып келүүнү сунуштады.Бул клиникадагы өзгөчө бир процедурадан соң адамдар кайрадан төрөлгөн сымал жашоого болгон кызыгуусу артат деп ишендирди.Курбу кызым үйгө келгенде,үйдөгү пижама жана тапичкечен эле көчөгө чыгып кеттим. Шаар борборундагы метродо ушул абалым менен эле баратам.Чачымды деле эптеп эле түйүп алганмын. Бирок Жапониянын бир жакшы жери,адамдар башка бирөөгө көңүл деле бурбайт.Жылаңач жүрсөң деле,ар ким өзү менен алек.Коомдук транспорт же көчөдө бирөөнү тигилип кароо жапондорго жат көрүнүш.Адамдар ушунчалык эркин.Акыры клиникага да келип, кагаздарын толтурдук. Бөлмөгө кирген соң, ортодо турган жыгач табытка(гроб) көзүм түштү. Дарыгер бир канча суроолорун берген соң, өлгөн адамдар кийчү кийим берди. Кийимимди котордум, жатыңыз деп акырын табытка жаткызышты.
-Эч коркпоңуз,болгону өлгөн адамдар кандай эмоцияларга дуушар болгонун өз жон териңиз менен сезип көрүңүз,кандайдыр бир ыңгайсыздык жаралып,процедура жакпай баратса,бул кнопканы бассаңыз жетиштүү болот.Дароо токтотуп,сизди табыттан чыгарабыз,- деп ишендирди.
Жатканда эле жагымсыз бир жытты сездим.Астымда түсү ачык болгон жумшак атлас. Табыттын ичи шурулар менен кооздолгон. Жатып алып табытты изилдемей.Бир маалда жагымсыз жаназа музыкасы угула баштады.Үлбүрөгөн жарык шооласы табыттын тешиктери аркылуу көрүнүп-көрүнбөйт деле.
Бир маалда,менин табытымды көтөрүп,машинеге жүктөй башташты. Дароо кнопканы бассам, араң турган кнопка да сынып калып ит кылды.Кыйкырып ,акчаны бул үчүн төлөгөн эмесмин деп нааразычылыгымды билдирип жаттым.Энеңди урайын жымшыктар,эмне эле кылып жатасыңар?! Угайын деген бирөө жок. Кымырабастан машинеге жүктөп салышты. Он мүнөттөй жүргөндөн кийин, табытты чыгаргыла деген үн угуп калдым. Дем жетпей баратат.Жип менен атайын казылган орго сала башташты.Үстүмдөн улам топурак ыргыткан сайын,сырттагы үндөр угулбайт.
Болушунча кыйкырып, орусча сөгүнүп жатам.Башымда миллион деген ойлор. Мээси айныган бир сектанттардын колуна түшүп калганмын го сыягы.Тирүүлөй эле өлтүрүп жатышат. Аум синрикё деген балакети ушул окшойт. Келгиндерди жек көргөн топтун курмандыгы болдум го. Жапон курбум да булар менен бир иш алып барат окшойт. Өлтүрөм,акмакты. Дос деп жүрсө! Чындап эле көмүп жатышат,эшектер. Кудум касапчыны көргөн чочкого окшоп чыйылдай баштадым.Болгон күчүм менен табытты тебем, кыйкырган сайын дем жетишпейт.Өңгүрөп ыйлап, көзүмдөн жаш,мурдумдан суу агып,кулактарымды толтурчудай болуп калды. Коркконуман сийип жибердим.Табыт ичиндеги тардыктан улам же бетимди арчый албайм. Жыгачтай катып жатам. Эки колум аскердин колундай болуп түз. Табыт тар. Ичи болсо сийдик сасып кеткен.О,Кудайым, мен өлгүм келбейт!
Кислород да азайып баратат.Негедир башым айланып, үшүй баштадым.Балким сийип алып,сийдиктин үсүтүндө жаткандыгым үчүнбү, билбейм. Жер муздак экен го деген ой келди. 20 мүнөттөй ыйладым.Акыры эсимди жогото баштадым. Өтө жаман абал экен. Өлөт деген ушул го! Уктап калып,кайра ойгонсо эле табытта жаткан Гоголь бечараны эми түшүндүм.
Жашоомдогу маанилүү сүртүмдөр көз алдымдан өтүп жатты. Мына жаңы эле кызымды төрөп,өз колума алып жатам. Анын биринчи кадамдары. Ар күн сайын чачын өрүп жаткан көз ирмемдер.Болбогон бир депрессия деп,өз кызымды да унутканымды карасаң.
Көптөн бери апама да чалбай калганымды эстедим. Жашоо кандай гана керемет. Мен болсо бул жерде табыт ичинде өлүп баратам.Анан дагы мен суктанып жүргөн жапондор мени өлтүрүп жатат.Мен аларды тимеле периштедей көрчүмүн го. Эх,жапондор десе!Даана эшек экенсиңер... .!
Ушул нерселердин баарын ойлонуп жатсам эле,табыттын эшиги ачылды.Карасам баягы эле кирген бөлмөмдө экенмин. Көрсө табыт толугу менен компьютерге туташып, ичиндеги жыт,үн, температуранын баары өлүм иллюзиясы экен.Дагы 10 мүнөттөй жаш баладай ыйладым.Араң сооронуп,улам тигилерди сөгүп-шилеп коем.
Жанымда болсо курбу кызым ыкшып күлүп жатат. Чыгып баратканда колума менин “өлүмүмдүн” видео-дискин карматты. Көрсө табыт ичиндеги баардык аракетиң камера аркылуу жазылып турат экен.
Бул процедурадан соң бир топ арыктап,өзүмө келдим.Жашоону сүйүп, өлүм жөнүндө такыр ойлобос болдум.Же депрессиям жок болуп кеттиби дейм. Экинчи ал табытка жаткым келбейт.Мен бул жерде жана азыр жашагым келет.Ушундай! Силер да учуруңарды сүйүп жашагыла демекчимин! ”
Кызык! Адамдар жашоо баркын көп учурда сезишпейт,барктабайт. Бул практика тээ илгертен эле мусулман аалымдары ,падышалар тарабынан тажрыйба кылынып келген. Бир Кудайдын кулу адамдарга орой мамиле кылганын,байлыгына менменсингенин сезгенде эле үйүнүн короосунда казылган көргө жатып,үстүн тактай менен жаптырып коет экен. Жарым саат жаткан соң,жарым жылга чейин адамдарга мээрим менен карап,кичипейил ,март болуп калчу экен. Кайра напси семиргенин сезгенде жер астына кирип,улам напсин тизгиндеп тураар эле.
Учурда мурункуга караганда курсагы токтордун саны көбөйсө да , бактылуу адамдардын саны азайды! Дүнүйөсү түгөл болсо да,бир нерсе жетпегендей нааразы,жашоого капа. Мусулман болбосо да,мусулмандардын тажрыйбасын колдонгон Жапондор сымал биз да табыт менен дарылоого өтсөк кантет?!
Которуп ,даярдаган: Nuriet Abdulaziz
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   meDaline   13 Февраль 2019 - 21:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Жогорудагы окуяны сайттардын биринен окуп калдым. Мүмкүн сага таасир этет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   shirin11   26 Февраль 2019 - 22:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Февраль 19
  • Соңку аракети: 24 Май 2019 17:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ноокат

коп жашайсыз али, Аллахымдын жолунда болсонуз. озуеузду окутуп корунчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   elya95   27 Февраль 2019 - 02:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

[quote name='Rita00' date='09 Февраль 2019 - 05:33' timestamp='1549715614' post='3789219' ]
Бул кээ бирлерге кызык угулушу мумкун бирок ушундай)Менин жашоомду сырттан караган адамга аябай тогорогу топ келген жашоодой сезилет Бирок андай эмес Бардык нерсе кызыксыз эч нерсенин кереги жок Жана эч кимдин да кереги жок уйго да университетке да жумушка да деги эле Эч кайда эч Жака баргым келбейт кайда баргым келээрин озум да тушунбойм (Мени жакындарын жоготуп же Бузулуп же суйуудон азаптанып журуптур дебегиле баары жайында Баары оз ордунда)Бирок акыркы кундору ушундай болуп жатат жакында каза болуп калчудай сезим туюм келип жатат жакында бул дуйнону таштап кете тургандай болуп атам келечегимди таптакыр элестете албайтам супердин козурлору кенешиниздер керек
[/
Менде да ушундай боло берет, жакын арада оло тургандай болуп сезиле берет тооба. Уйдон чыкпай жата берем жумушкада баргым келбей, кочого чыккым келбей, эч ким мн суйлошкум келбейт. Эмнеге мындай болуп калдым тушунбойм (
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 21:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: