Суперстан: Каргыш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Каргыш Детектив, триллер, мистика, мелодрама.

#41 Пользователь офлайн   Baichechekey   09 Февраль 2019 - 22:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 30 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Янв 2025 15:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек убактылуу Москвадамын

Чыдамсыздык менен кутуудобуз! Зарыктырбаныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Ferdews   10 Февраль 2019 - 04:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2022 00:42

Качан жазасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Zaika4   10 Февраль 2019 - 19:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 19 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 23 Ноя 2020 04:52
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргыстан.

Кутуп калдык жаза коой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   vip.aidan96   11 Февраль 2019 - 00:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 14 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 23:52

Чыдамсыздык менен кутуп жатабыыыыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Dimedra   11 Февраль 2019 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

"Оо бул жанакы теледен тушпогон, бир сөзүн экинчи кайталабаган, чоң кресло ээлерин өзүнүн баласындай коргогон, тергоочтордун түшүнөн кетпеген айтылуу жактоочу Акжигит эмеспи. Канча жолу бул адам менен суроо жооп курабыз деп артынан жүгүрүп жетпей каалга артында калды эле. Ооба ал атайын даярдалган гана суроо жоопко катышат, жолдон чыга калган кабарчыларды көрбөгөн укпагандай басып кете берген адаты бар. Кайсы акчасына эле теледе жүрөт десе маселе бул жакта тура, өзүнө кенен капчык таап алган экен да. Ооба муну дагы бир жерден көргөн, жанагы резиденцияда жайгашкан чоң үйгө кирип биринчи көзүн чечкенде өзүнө копоол мамиле жасап жапайы атаган да ушул эмеспи. Так өзү, ал учурда мунун жүзүн байкаштырып караганга убактысы болбогон экен. Ошондо эмне бул атактуу өзүнөн атактуурактарга айдоочу болуп да кызмат көрсөтөбү. Мага айырмасы жок, акча төлөсө болду дегендерден го кыязы. Мындай адамдардан жакшылык кутуп болбос эле. Акбаров жалгандан эле көрөгөч болгону менен адамдарды ылгай албайт көрүнөт, жанына жалаң бизге окшогон жалганчыларды жыйып алып", деп көп ойлорду ойлоп баратты. Балким тиги да таанып жаткандыр кызды, бир жерден көргөндөй болуп, бирок кубанычка карай эстей албай жатканга окшойт улам күзгүдөн артка карап коюп. Айперидей артынан жүгүргөн кабарчылар кем беле, алардын кайсы бирин карап отурду дейсиң. Ушул ой кызды жоошутуп турду, антпесе эгер таанып калган болсо ундобой кете бермек эмес.
-Куттуктап койбойсузбу, бүгүн биздин эл алдына чыгуу кечебиз болот болочок үй булоо катары, деди бир убакта Азат тынчтыкты бузуп мазактуу үн менен.
Акжигит жолдон көзүн албай баратып,
-Куттуктайм, деди жай гана.
-элдин баары билип бүткөн маалыматты кеченин ээси акыркы угат деген эмнеси ээ?
-а ким угуптур? деди Акжигит дагы деле ошондой жайбаракат үн менен.
-сиз кабар тапкан турбайсызбы.
-сизден угуп жатам.
Азат ал тарапты таң кала карап калды, кантип эле? дегендей. "Анда эмне ал баарынан кабардар болгондой жайбаракат куттуктап жатат, кечээ эле күйгөндой түр коргозуп жатпады беле, же жалгандан мени алдап ушуга кондуруп жатканбы. Ах Акжигит унутупмун, өзүңдүн айткан кебинди. Атаң тирүү турганда андан өтүп сени жакшы көрүү мүмкүн эмес дебедин беле. Демек ошондо сенин эмес атаңдын кызыкчылыгын көздөйм деген экенсиң да" деп башын чайкап алды. Ал үчүн азыр айланасындагынын баары келишип алып ага каршы оюн куруп жаткандай туюлуп.
Бул учурда Акжигит да өз ойлору менен алек болуп бара жаткан. " Демек таанышуу кечеси. Жанагы чондору келет. Мени алардын катарына кошуп конок кылып чакырбаганы, өз ордунду бил, сен мага кызматчы ганасын дегени да Акбаровичтин. Шашпа али көрө жатаарбыз. Мен өзүмдүн келечегим үчүн азыр ундобой турууга мажбурмун. Келечек көргөзөт кимдин ким экенин, сенин да күнүн бүтөт. А бул кучугун менин айтканымдан чыкпай мага гана кызмат кылат. Кайдагы бир селсаягын бүгүн дайынсыз жоголот. А балким өзүңдүн да күнүн бүгүн эртең бутоор. А жакшысы бүгүн эң онтойлуу учурга окшойт. Таанышуу кечеси менен сенин оюнун аяктайт, тойго камынбай эле кой" деп кекенип бара жатты.
Эшекти такалап кастарлап баксан да баары бир жалындуу жылкы болуп бербейт экен, анын энеси эшек болгон соң. Болбосо Акжигит ким эле Тагдырды өзүнө тенегидей, кече эле эч ким болуп жүрүп анын жардамы менен ушул орунга жетпедиби. А Тагдыр дегендин урук тукуму алтын, албетте ал кимди кайсы катарга кошсо өз эрки, анткени эч кимге карыздар эмес кысына турган жайы жок. Эми бул эшек тойсо ээсин тебет болуп жатпайбы.
-качан башталат экен кече? деди ал Азатка суроо салып.
-Акбарович качан баштаса ошондо башталат да.
Азат өтө кайдыгерлик менен жооп берди, мага айырмасы эмне дегенсип.
Алардын сөздөрүн тындап бара жаткан Айпери бул экөөнүн ортолорунда кызматчы менен жалдоочудан айрымаланган башкача алака бер экенин байкады. Акжигит өзүн токтоо тутуп, аралыкты сактаган болуп сиз деп отурганы менен мындан алдын да бир топ ирет Тагдыр тууралуу уулу менен ачык сүйлөшкөнгө окшойт, Азаттын атасы тууралуу кайдыгер сүйлөгөнүно көңүл бурбай угуп баратканына караганда. Албетте ата бала арасындагы согуш үчүнчү адамдын катышуусусуз жүрбөйт эмеспи, ал адам же жараштырууга аракет жасайт же арбытууга. Ырас ал токтомок тургай арбып бара жатканына караганда үчүнчү адам терс корунушто. Ал ким болушу мүмкүн булардын учурунда? Азаттын башын айландырып атасынан бөлүп турчуу келинчеги жок, эгер андай болгон ченде да ал акмакчылык болмок, бай атасынан ажырата турган болсо. Атасын баласына каршы коюп аны мурассыз калтырууга аракет кылчуу огой эне да жок. Экөөнүн урушу кимге пайдалуу болушу мүмкүн? Эгер Тагдыр уулун мурассыз калтырууну чечсе бар байлыкка эге болуучу жакын тууганы же жөн эле Тагдыр баалап анын атына өткөрүп койчу жакын адамы. Ал ким? Ушул ойлор туйшолтуп жатты Айперини. Ал адам ата бала экөөнү тең жакшы тааныган, экөөнө тең бирдей жакын ишеничке кирген, жана аларды ишендире алган бирөө. Азат мунун жанында бейкапар атасы тууралуу мындай сүйлөп турганына караганда так ушул адамга ал толугу менен ишеним арттырат. Андан башкадан күмөн санайын десе, булардын чөйрөсүнө эрксиз кошулуп калгандан бери мындан артык эч кимди көрө албады алардын жанынан. Уулуна жар издегенди тапшырып ага кол көтөрүүгө уруксат бергенине, уулун алыскы жолдо жандап жүрүүгө буйруганына караганда Тагдыр да буга катуу ишенет көрүнөт. Ал өзүнчө тыянак чыгарып ролду башкарып бара жаткан Акжигитке ишенбестик арттыра баштады, бирок анын оюн ким сурап отурмак эле, ал ооз ачуусуна тыюу салынбадыбы.
Ар ким өз ойлору менен алек болгону менен ойлору ушул унаадагылардан алыс кетпеген үчөө түшкө жакын айтылуу хан сарайга жетип келишти.
Бул айылдын четинде ушундай кооз үй болушу мүмкүн деген ой келбептир эч эле Айперинин оюна. Эмнеге эле айыл аралап бара жатышат, кантип эле шаарда болгондо да резиденцияда гилтейген үйү турса ушул бир айыл ичинде жалгыз уулунун кечесин откорсун деп ойлоп келген эле, ал ойлорунун жообун дароо түшүндү үйдүн босогосун аттаганда. Бул деген өзгөчө жай тура, дүйнөдө жалгыз кайталанбаган курулушка ээ, деп суктанып карап жатты. Анын бул турушун экинчи кабаттан түшүп келе жаткан Бародон башка эч ким байкаган жок. Ким эмнени көргүсү келсе ошону гана көрөт эмеспи. Акжигиттин көзүнө үйдүн ичиндеги баалуу заттар дароо урунса, Азат бир гана муздактыкты сезе алды апасынын жанын алган жайдын. Эч нерсе күтпөгөн Айпери гана бул жайдын чыныгы кооздугуна баа бере алды. Ар биринин кыймылына көз салып келе жаткан Баро дароо түшүндү бул жайдын чыныгы ээси ким болоорун, бул үй өзүн сүйө алгандарга гана таандык болуп келген кылымдар бою.
Ал конокторго жакын келип өтө сылык учурашып, Айпериге кадимки ханыша айымдай өзгөчө салам узатты, оң бутун артка таштап тизесин ийип колун суна. Көп күндөн бери өзүнө адам катары кайрылып жаткан биринчи инсанды көргөн кыз апкаарып калды. Азат аларга көңүл бурбастан эле ашкана тарапты көздөй басып кетти, өзүнө тааныш жузду издеп жатса керек. Кудай жалгап ал издеген аял өз ордунда экен, көп аялдарды тизип алып чоң бөлмөнүн ичин дуйум тамакка толтуруп жатыптыр.
-жетип келдинерби. Жолдо кыйналып калбадынбы? деп дароо адатынча Азаттын үстүнөн уйруло түштү ал.
-ай койсоңузчу, мен боюнда бар аял белем кыйналгандай, деп жылмая барып кучактап калды Азат. Андан көрө айтынызчы, бул жерде эмне болуп жатат өзү?
-биринчи кардынарды тойгузгула. Мен да саатты карап силерди күтүп жаткам, деп столго карай баштады аял.
-сиз чындап эле азыр менин тамагымдан бир деме өтөт дегени турасызбы?
-сен жалгыз эмессин да, жанында айым бар экенин унутпа, анын карды ач болушу мүмкүн.
-ток, деди Азат кесе. Анын карды ток, ал кырк күн ач болсо да өлбөйт.
Ашпозчунун өзүнө караган түшүнбөгөн көз карашынан чым этип да койбой сөзүн улады.
-эмне андай карайсыз, ал ошондой жашоого көнгөн да.
Аял сөз сүйлөгөндүн ордуна колун силкип чоң залга чыгып кетти.
Акжигиттин өтө эле жайбаракаттыгынан шекшип келген Айпери эми Баронун өтө эле сыпайычылыгынан кумондонуп турган, жанына башка караандын келгенин байкабай калган экен.
-Кош келдинер, деген кулак туптон чыккан ундон селт эте доош чыккан тарапты карап аялды көрүп жылмайып алды.
-Саламатсызбы.
-Саламатчылык. Биз силерди күтүп жатканбыз, журу азыр тамактануу убагы келди, деп ашкана тарапка баштай жүрдү. Баро да алар менен бирге басты алардын жанында болгондугу үчүн, а Акжигит эчаак көздөн кайым болуп кеткен экен.
Алар үчөө отуруп тамактанышты, Азат аларга кошулуп отурууну туура көрбөгөнго окшойт, чыгып кетиптир. Тегерегинде эч ким калбай өздөрүнчө калышканда аял сөзүн баштады.
-кардынды жакшылап тойгуз, коноктор алдында даам татпагандай бол, суусундуктан аз маз татсан болот, ашказанын толуп ичин чыгып калбагандай болсун. Башка нерсени оозуна алба, кичинекей малина болсо да оозуно жолотпо. Кичине сөөктөрү тишиндин арасына кирип калса ынгайсыздык жаратып көркүндү кетирет, деп даярдалган даамдардын атын түзүлүшүн айтып тааныштырып жатты. Бири болбосо бири албетте сурап калышы ыктымал, билип алганын оң. Мындай чөйрөдө билсе деле кайталап уккусу келген анкоолор көп. Бири сени сынайт, экинчиси сага жакын болууну көздөйт, баары менен аралыкты сакта, деп божурап отурду.
Айтпасаныз да билем деген сөз тилинин учунда турса да ундобой башын ийкеп угуп Айпери да эми эле ал айткан чөйрөнүн адамдарына окшоп олтурат, билсе да кайталап угуп, Тагдыр айткан башкасын үйрөтчүү ашпозчу аял ушул экенин түшүнө.
Мына Кудай жалгап Баро куткарып кетти аны тугонгус узун кенештен. Чынында Айпери, аял айткан даамдардын биринин да курамын эстеп кала албады, өзү эч мындайга кызыкпагандыктан, тамак жасоого да аны татып көрүүгө да куштар эмес эле ал. Башынан эле туюп жүргөн го, ал үчүн даам даярдоочу атайын адамдар болоорун. Бул да кожоюну менен уулунун бирден бир ишенген адамы көрүнөт, бул аялдын да арадагы согушка катышы жок деп айтууга болбойт, деп ойлоп койду.
-Эми биздин учур келген көрүнөт, эгер кааласаныз сизди бул хан сарай менен тааныштырып чыгууга даярмын, деп кызматын сунуштап калды маңдайында отурган биринчи көргөндөн бери өзүн өтө сылык тутуп жаткан Баро.
Анын кыймылы өзүнө аябай жарашып турганы менен, ал сүйлөгөндө өзүн ыңгайсыз сезип жатты Айпери. Же ага тануулап жатышкан орунду өзүнө моюндай албай жаттыбы. А бул киши аны эми эле ханышадай орунга коюп сүйлөп жатканы жагымсыз туюлуп жаткандыр. Ал кайдан билсин бул цыган кишинин сезгичтигин, адамдардын башкалар көрө албаган сапаттарын баамдап баалай алаарын.
-жан дилим менен, деди Айпери ордунан туруп жатып, анын бул өзүнө жакын эмес бейтааныш сөздөрдөн куткарып жатканына ыраазы боло.
Экөө чоң залдан башташты таанышууну. Баро зерикпей бул үйдүн тарыхынан баштап, өз колу менен оюлуп жасалган мраморлордун кай жактан кантип алынып келгенине чейин айтып жүрдү. Башын ийкеп гана ундобой угуп жанында бараткан кызга карап,
-даамдардын курамын кандай кабыл алсаныз менин кептерим деле ошондой кабыл алынып жатабы акылга, деди жылмая.
Сырын алдырып койгонуна чын дилинен уялганга кызара түштү кыз.
-билем. Мен дагы болсо ошентмекмин. Атайын эле сөздү узаткан баштабадымбы, керек эмес маалыматты кандай кабылдайт экен деп.
-а сиз айткан маалымат керек эмес деп ким айтты, болгону сиз сүйлөгөн акылдуу сөздөрдү түшүнүүгө менин акылым даяр эмес болсо керек, деп кишини актай кетти Айпери. Антпесе сөзүңүз маанисиз деген болбойбу.
-албетте ал сөздөр өтө маанилүү жана кызыктуу бул кесипти тушунгондорго ашкана адамдары үчүн даамдардын курамын изилдегендей эле кеп, деди Баро күлө тамашасын улай. Кыз да аны коштоп күлүп калды.
-сиздин кесиптеги адамдардын да кызыктуу баяндары болот эмеспи.
Айпери жанылыш угуп алдымбы дегендей ал тарапты жалт карай салды. Цыган болсо кудум эч нерсе болбогондой кадамын ирети менен таштап алдыга карай баратат.
-үйдүн эң кооз бөлүгү кайсы деп ойлойсуз? деп кийинки суроосун узатып.
Бул табышмактуу кишинин кайсы сөзүн кандай кабыл алышты аңдай албай калды кыз. Же ал Айперини селсаяктардын арасынан таап келишкендеринен кабары жокпу. Кантсе да өтө этият болбосо бул жөнөкөй адам эмес экендигин түшүнүп, керек болсо өзүнөн да өткөн тастыккан кабарчы катары кабыл ала баштады.
-үйдүн баардык бөлүгү кооз, чынында мунун барын жалгыз адам жасаганына ишене ала турган эмесмин. Үстүнкү кабаттарын көрө элекмин денизчи балким адашып жаткандырмын, кантсе да мен архитектураны тушунгондор катарына кирбейт эмесминби, бирок менимче бул жогору которулчуу тепкичтер өзгөчө.
-керемет! Сен туура таптын, бул тепкичтер чындап эле өзгөчө. Билесинби анын кооздугун аз гана адамдар баалай алды, сен учунчусун.
-экинчи ким? деди Айпери.
-биринчи кызыктырбайбы?
-аны өзүм да билгенге окшойм, ал албетте сиз өзүңүз.
-баракелде. Мен ойлогондон да акылдуу коруносун. А мен ойлоп жаткам да экинчи жактырган инсанды атайт го деп. Андай болсо экинчисин да билесиң да жөн эле, же сени тиги ашпозчу аял айткандай анкоо чөйрөгө катуу даярдап коюштубу.
-Тагдыр Акбарович?
-кийин сен, деп толуктап койду, кыздын суроосуна жооп берүүнүн ордуна. Жообун билген эле суроону бере бербе дегенчелик кылып.
-Ханыша айым! Анда мен да сизди келечектегидей атап даярдана берейин.
-койсоңузчу, мага ыңгайсыз туюлат экен андай десеңиз. Кийин келечекти ким билди дейсиз, бул үйлөнүү той эмес жөн гана таанышуу кечеси эмеспи. Эртеңки күнү ким бар ким жок, бир түндө эмнелер өзгөрбөйт .
-Ошондой. Бир кечеде баары өзгөрөт, ошол бир эле кече бутун өмүрүнду чечип коёт, бүгүн сенин өмүрүн чечилчуу сыңары. Акбарович көрөгөч адам, өзүнүн көтөрүп жүргөн аты жөнүнө татыктуу келин тандаган экен.
-сиз билбегенге окшойсуз, мен кайдан келип калганымды.
-билбейм, мага эч ким айткан жок. Бирок эми билебиз да ээ өзүңүздон.
-мени көчөдөн сел-селсаяктардын арасынан таап келишкенин айтам.
-а сиз ал жерге кайдан келип калдыңыз эле?
-суроонузга тушунбодум, жөн эле мен көчөдө жашайм.
-сиз көчөдө туулбагансыз да, жана өмүр бою ал жерде журбогонсуз. Балким аз күндөрдөн бери жашоону сынап, тажрыйба арттырып көчөнү түнөк кылып коргондурсуз, мен башка учурду айтып жатам.
Айпери мунун жөнөкөй сөзгө ишенип калчуу Азат эместигин, жада калса коркута тиктеп ток этээр жерин сүйлөгөн корккондон татыктуу жооп айта албай калгыдай Тагдыр да эмес, түз эфирде көп элдин ичинде таамай суроо берип жарга такаган кабарчыдан да өткөн митайымдыгын, күтүүсүз суроо берип шаштынды алган жаш балага салыштырып акыркы суроосуна жооп таба албай акылында тегеретип жаткан учурда сырттан ачуу кыйкырык үн чыгып калды.
-Өлтүрдү! Карышкыр тытыптыр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   ASA79   11 Февраль 2019 - 12:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Оооох деги канча калды буторуно
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   asefsa   11 Февраль 2019 - 18:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Чыдамсыздык менен кутобуз!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Bazana   11 Февраль 2019 - 20:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Уландысыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Ferdews   12 Февраль 2019 - 13:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2022 00:42

Биринчи кооп жазып алып анан ,Бул жака чыгарынчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   vip.aidan96   12 Февраль 2019 - 15:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 14 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 23:52

Журогубуз ооруй турган болдуго качан жазаткен дей берииип
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   sumay2015   13 Февраль 2019 - 20:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 16:28

Жаза коюнузчу, автор, сураныч.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Dimedra   13 Февраль 2019 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Катуу чыккан үндөн экөөнүн маеги үзүлүп унго кулак төшөй сыртка жугурушту. Ашпозчу аял үйдүн алдында жүгүрүп келе жаткан экен.
-Баро ал ке-лди, тигине, өл-түрдү! деп үзүл кесил сүйлөп артына колун жансай берди. Баро ал коргозгон тарапты карай басып жерде тоокчо тытмаланып, ичи жарылып жаткан өзүнүн жаңы багып баштаган кучугун көрдү. Анын жерде чубалжып жаткан ичегисинен "өлүм" деген жазууну окууга болот эле. Бир азга нес боло карап туруп Айпери жетип келгенде, шашыла аны жерден ала койду чубалган ичегилерин чогултуп.
Ал үчүн атайын жер казып жатып өзүнчө оозун кыбыратып бир демелерди сүйлөп көмүп койду да ордунан жылбай бир аз отуруп анан шашыла үйдү тегерене басып кетти. Анын артынан ээрчип алууну ыңгайсыз көрүп ордунан жылбай туруп калган кызга кайрылып келип колунан жетелей үйгө баштап ашканага киргизгенде, тиги ашпозчу аял дагы да унулдоп ыйлап отурган экен. Ага жетип келип,
-Токтот. Баары сен ойлогондой эмес. Кожоюн келгенче аман сакта бул кызды, жарым карыш жанынан жылба деди да өзү чыгып кетти.
Эмне болуп кеткенин түшүнбөй эки жагын элендей караган Айпери мына азыр чыныгы коркунучту сезип, Тагдырдын батыраак эле келишин тилеп жиберди Кудайдан. Бул жайда кимден кандай күмөн санашты билбейт, баары эле табышмактуу адамдар. Өзүн кудум карышкырлар арасында калып кеткендей сезип кетти кыз. Айпери ал аялдын жанында калганы менен өзүн коопсуз сезе албай жатты, бул каарыган аялдын эмнеге күчү жетмек эле, кийин ким кепилдик берет кудум ушул аял ага зыян өткөрбөйт деп. Али да жүзүн жаап титиреп отурган аялды бир карап алып билинбей ал бөлмөдөн чыгып кетти. Баро кире бериштеги кең айбанчада жүргөн экен, шыпты тиктеп тегеренип, дубалдын ар бир кышын сылап санап жаткансып.
-Эмнени издеп жатасыз? деди кыз жанына басып келип.
-али бүтпөй калган жерлери бар үйдүн, ошолорду карап жатам. Самсаалап чыгып калбаптырбы деп.
Азыркы эле көргөн окуяны болбогондой кабылдап камырабай шыпты тиктеп жүргөн кишиге таң кала денеси титиреп кетти Айперинин. "Бул адамда жүрөк барбы өзү. Айбан болсо да байкуш кучук кичинек экен эле, ал жөнүндө эч ойлонуп койбойт" деп.
-туура кыласыз, деди Баро ага карабай туруп.
Оозумдан сөз чыгып кеттиби дегендей ойлоно калып кайра ага суроо узатты кыз.
-эмнени?
-эч кимге ишенбей дегеним. Чын эле ал же мен сиздин өмүрүнузго кол салбайт деген кепилдик жок да. Кожоюн жакшылап кулагынызга куйган болсо керек ээ, "өмүрүнду сакта" деп.
Айпери артка кетенчиктей берди, жасалуучу кадамды эсептеген адам эң коркунучтуу болоорун билип калган аз болсо да коркунучтуу чойродогулор менен иш алып барып жүрүп.
-сиз корко турган адам так мен эмес. Мага сиздин өлүмүнуздөн эч кандай пайда жок. Кожоюн мени анчалык эле жакын эсептебейт өзүнө. Анан калса кучукту олтуруп эскертүү берген мен эмес экенине өзүңүз күбө болбодунузбу.
Бул эмне менин ар бир оюмду окуп жатабы? Же менин коркконум сыртымдан даана билинип турабы? деп эки жагын карап кай тарапка качуу ыңгайлуу экенин көздөп жатты Айпери.
-менин жанымдан жылбаныз, же тиги аялдын жанында болунуз. Сиздин коопсуздугунуз үчүн ал аял бул жерге жиберилгенин билиниз. Байкуш баары бир аял да сезимдерине алдырып жатат, болбосо ал өтө күчтүү адам, сизди коргоого күчү жетет. Сиздей күчтүү бул байлыктын туздон түз ээси аталып кала турган аялдарды сактап отурат мында. Бирок сиз корко турган адамдар да алыс эмеске окшойт, эскертүү берип жатышкандарына караганда. Эне баласын жамандыкка кыя албагандай эле ал байкуш да жамандыкты алыстан издеп жатпайбы, деп андан аркысын аста гана ооз учунан шыбырап басып кетти, өзүнө өзү сүйлөп жаткансып. Артынан калбай жүргөн Айпери араң кээ бир сөзүн угуп жетишип, бирок ал сөздөрдүн маанисине түшүнө албай жатты. "Демек каргыш тууралуу угуп калган экенсиң, аны өздөрүнө каршы колдонуп көрөйүн дединби, дагы кандай оюнду баштаганы жатасың, кимсин, эмне каалайсын, кайсы тешиктен кирдин, кайда жоголдун" Бул сөздөрдү өзүнө карай айтылгандай кабылдап алды көрүнөт, чыдабай кетип кыйкырып жиберди.
-кайдагы каргыш! Эмне оюн! Менден эмне каалайсынар?
Баро башын бийик көтөрүп эки жагын аярлай карап, сомойун оозуна тактап, - чышш, деп анын колунан тартты.
-мен сизди айтып жаткан жокмун. Баары бир мага сырынызды ачпасынызды билем. Бирок эсинизде болсун, сиздин ким болгонунуз азыр өтө маанилүү. Кожоюн кантип көрбөй калды сиздеги жалганды билбейм, ал көрөгөч адам эле. Менимче шашылганга окшойт, белгиленген убактысы келип калып. Ал сизди чыныгы селсаяк деп ойлоп жатат, а мен көрүп турам андай эместигин. Жакшысы бул оюнга чекит коюп өзүңүздү да башкалардын жанын да сактап калыңыз. Маселе оор, бул сиз аралаша турган иш эмес, деп каргыш тарыхын баяндап берди.
Бир ишенип бир ишенбей, бир туруп чоң эле адамдар мындай жомокко ишенип алгандардына күлкүсү келсе, бир туруп Тагдырдын жасап жаткандырын бул жолдон башка менен түшүндүрууго болбостугун ойлоп туруп калды Айпери.
-бүгүн бул үй бүлөнун тагдыры чечилчуу түн. Анткени Азат жөнөкөй гана тукуму эмес бул үй бүлөнун, ал жетинчи саптагы адам. Так ушул жигиттен өзгөрөт баары, алардын тукуму уланаары же жер менен жексен жоголоору. Бир сиздин кадамыныздан көз каранды, анткени мен да так айта албайм, каргыш ээси сегизинчи чурпонун жаралышын кутобу же жетинчи чурпонун тандоосу менен эле бүтөбү.
-ал тандаган адам кандай болуусу керек? Айпери мындан ары жашырынып отуруу кажети жок экенин түшүндүбү, бул киши чын эле зыян бербестигине ишендиби акыры сөзгө келип ушундай деди.
-ата тегин билбеген, цыгандар сымал туулган жерин эстей албаган, байкуш, каргыш ээси сымал адам болуусу шарт, деп кызга жакын келип көздөрүнө кадала берди.
Кишинин көздөрү тереңдеп, өзү ал көздөрдун ичине сунгуп бараткандай сезилип көздөрүн бекем жуумп алды кыз. Бул өзү угуп жүргөн цыгандар сыйкыры эмеспи? Андайга кабылган адамдын эрки өзүндө болбой каршысындагынын айтканы менен кыймылдап калат дешчү эле, ошондон коркту.
-сиз баарын токтото аласыз!
Көзү жумулуу туруп Баронун үнүн угуп, өзүнүн эркин текшерип ага каршы чыгып көрүүнү чечти кыз.
-адашасыз бүгүн чечилчуу күн эмес, бул кече жөн гана таанышуу кечеси.
Өх, деди ичинен, каяша айтууга жарап жатат демек сыйкырга кабылбаган.
-балким ошондой болуусу да мүмкүн. Бирөөнүн акылындагыны эч качан толук билип болбойт. Бирок адашпасам мен билген адам экөөбүздон алда канча акылдуу. Ал колундагы картасын эч качан алдын ала ачпайт. Ойлоп көрүнүзчү анан кантип эле жашоосундагы негизги маселесин баарына алдын ала жар сала койсун. Анын көздөгөнү башка.
-мисалы?
-так мына бүгүн ал Азат экөөңөрдү никелейт.
-кандайча? Уккан кебинен Айперинин көздөрү умачтай ачыла түштү.
-ушундайча эле. Же ал бизге жасай турган кадамы үчүн эсеп берүүсү керекпи?
Кантип эле? Кантип уулун кабарсыз коюп никелеп коймок эле? Бирок ал киши ойлогонунун баарын эч кимден сурабай эле ишке ашырып коюусу толук мүмкүн эмеспи. Эмне же өзүнөн сурап койдубу, муну кааларын же каалабасын. Демек туура деп эсептесе уулунан да сурап олтурбайт. Айпери артка бурулуп жөнөп калды.
-Өкүнүчтүү, деди Баро ага карап артынан.
-эмнеге өкүнүчтүү? Кыз басып баратып токтоп калды ага кайрылып.
-Алдыдагы өмүрдү биле албаганыбыз өкүнүчтүү. Сиз мага жагып турасыз, акылыныз бул инсандарга төп келчүү айым экенсиз. Бирок маалым, сиз азыр кандай жол тутсаныз да өмүрүнүз коркунучта. Өзүңүздүн чыныгы жузунузду жашырып тагдырга моюн сунсаныз да коркунучтасыз, себеби сиз өзүңүз коргозуп жаткандан такыр башка инсансыз. Жакшысы кожоюнга ачык айтып эле чечилгениниз оң, ал киши катуу бирок өтө адилеттүү, а карышкырлар сизди аяп койбойт.
-көрдүм адилеттулугун. Адамдын каалоосу менен эсептешпеген.
-сиз болгону анын ордуна жашап көрбөгөнсүз, сүйлөш оңой түшүнүү кыйын. Сиздин да тандоонуз ушундай болгондо башка жолду тутат элем деп айта албайсыз. Жолдо анын уулунун жана келечек тукумунун тагдыры турат.
-андай болсо шашылбай баарын ойлонуп тыянак чыгарса болмок. 2 аптада баарын чечип койбой.
-Ким айтты сага, ал эки аптада чечим кабыл алды деп.
-мени көргөнүнүнө ошончо гана болду.
Баро кыздын жанына жай басып келип, шыбыр сүйлөп сөзүн баштады.
-Жоок, ал киши шашылыш тыянак чыгарбайт. Бул күн, бир же эки жыл алдын белгиленип коюлган. Анын күн тартиби өтө тыгыз, ошондуктан баарын алдын ала пландайт.
Болгону ортодо оюн өзгөртүүчу бир себеп болсо керек. Туура айтасыз, келини ким экенин башында өзү да билбеген болушу мүмкүн, балким азыр да билбейт, билсе да эч кимге айтпаган. Андай адамды башкалар алдын ала билип калса жапа чегип калышы мүмкүн эле да. Ошондуктан оюн акырына чейин жабык кармаган. Мен аны акыркы көргөнумдо сезгем мындай чечимин, бирок сизди көрбөгөндөн кийин мындай болуп кетээрин билбегем. Тескерисинче ал оюнан айнып кетеби деп корккон элем. Карабайсынбы эмне болуп кетээрин эч ким билбейт экен да алдын ала. Ал каргышты жандырам деп далбастап жаткан мезгили. Анын себеби сиз же уулу эмес, бул кишилер сүйүүгө бекем инсандар, өз сүйүүсүн куткарам деп жатат өңдүү. Кана эле андай болуп калса, бирок бул ою ишке ашпай калабы деп корком. Ошол сүйүүсүн бир мүнөткө да унутуп коюштан чоочулап мында келбей жаткан болсо керек. Жана мен айтып бергендей бул жайдын ээсинин үйгө болгон сүйүүсү баарынан күч болот. Ал киши ушул нерсенин үстөмдүк кылышын каалабай жатат өңдүү, демек тамдын кожоюнун алмаштыруу менен алек, жанагындай катуу сүйүү менен байланбаш үчүн. Менимче тамды сизге өткөрөт көрүнөт, андай болсо бул жерге жипсиз байланасыз да каласыз.
-мен? Эч качан. Мен жансыз дүйнөгө берилбейм.
-андай эрк сизде калбай калат учуру келсе. Бүт омурунузду берүүгө даяр болуп каласыз бул хан сарай үчүн. Жада калса өз каныныздан жаралган баладан кызганасыз, деп Азаттын апасы менен болгон окуяны айтып берди.
-сиз эмнеге мунун баарын мага айтып жатасыз. Кожоюнунузга айтып коюумдан коркпойсузбу?
-сиз айтпайсыз, себеби ал киши сизге андай укук бербейт. Ал эч кимдин баянын угуп отурбайт бул бир. Экинчиден мага тыюу салынган эмес бул окуяларды сизге айтпашым тууралуу.
-а сиз эгер менин селсаяк экенимден күмөн санасаныз эмнеге азыр мени кетирип жибербейсиз, ошону менен бирге кожоюунунузду сактап калмаксыз, эгер чындап ошону кааласаныз.
-ал мен үчүн каалап жана чечип коюшу мүмкүн бирок мен эмес, мага андай эрк берилген эмес. Кийин сиз бул жайдан кожоюндун уруксатысыз жана анын жеке коштоосусуз эч кайда кете албайсыз, сизди кетиришпейт. Эми сиздин жалгыз коргоочунуз кожоюн, андан көрө азыр ал менен сүйлөшүүгө даярданганыныз оң. Эгер ал сизди тандаган болсо, демек мунун бир себеби бар. Кожоюн сизден мен же башка көрө албаган сапатты байкаган жана ага байланган. Ишенип коюнуз ал бир эле көңүлү түшүп калган инсанды оною менен жек көрө албайт, ошондуктан сиздин жалганынызды да кечирет деген ойдомун.
-а мен жалган айткан болбосомчу, бул сиздин гана жеке пикириниз. Кожоюнунуз мындай ойлобойт сыңары.
-адашасыз, а мен эмне себептен сиздин жанынызда жүрөт деп ойлойсуз. Же өзүм эле бул ойго келе калды дейсизби?
-Тагдыр Акбарович?
-так ошондой. Менин тапшырмам ушул. Мага тике караныз! деген буйрук үнүн укканын билет Айпери андан кийинкиси эсинде жок. Качан тепкичтен ылдый түшүп келе жатканда өзүнө суктана тиктеп турган көздөрдүн арасынан Азаттын сүйүү толгон көздөрүн көргөндө эсине келди. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, өзүнүн үстүнө бир карап апакай көз уялткан жылтырак таштар менен токулган көйнөкту сылап, ал таштарга чагылышкан өзүнүн сулуу жүзүнө кадала тиктеп туруп калды. Бул мен эмес деди ичинен. Кантип бул жайда болуп калдым? А баса түшүм болуш керек, окуянын эмнеден башталганын билбеген учур бул түш болот эмеспи. Түшүмдө эмне кааласам ошону жасоомо болот деп артына карап жогору көздөй качмакчы болуп ылдыйда өзүн караган жалындуу коюу кара көздөрдүн ээси "керек эмес" дегендей баш чайкап турганына көзү түштү. Бул ким эле? Ооба эсинде калган акыркы көздөр. Бул Баро. Түшүндө болсо да болуп жаткан көрүнүшүтүн жообун алып калуу үчүн артка чегинбей алдыга карай кадам таштоону чечти. Ылдыйда өзүн караган көздөр өтө эле көп, алардын арасында эң өзгөчө эки адамдын карашы эле. Биринин көзүндө ал алдын көрбөгөн кызыгуу экинчисинин көздөрү сыймыктануу менен карап турушкан. Атасы го мейли өзүнүн жасаган ишине сыймыктансын, эмнеге Азат мындай карап жатат, ал аны сүйбөт эмеспи. Аа деди, бул түшүм эмеспи, түштө боло берет, деп өзү да жигитке карап келе жатты. Канча караган сайын ага арбалып, жүрөгү башкача бир жылуу сезимге толуп баратат. Аңгыча Азат көпчүлүктон суурула чыгып тепкич менен кызга карай көтөрүлүп келе жатты. Ал кызга жетип колунан алганда Айпериге ушунчалык жагымдуу сезилди, алдын дегеле мындай сезимге кабылып көрбөгөн экен. Бул эмнеси, эмне болгон керемет сезим? Көзүн жуумп, деги ойгонуп кетпесем экен деп тиленип жатканда Азат андан колун тартып алып ылдый көздөй жүгүрүп кетти. Көзүн ачып эмне болгонун түшүнбөй туруп калган Айпери, оозго жетип калган кызыл көйнөкчон укмуштай сулуу кыздын элесин көрүп калды. Бул ким эле? Оо жанакы өзү угуп жүргөн ушактагы Азатты жандап журчуу ырчы кыз эмеспи. Ал кайдан келди? Азат болду болбоду аны көрүп чуркап кетти. Айпери азыр эле сезип жаткан сезимдердин алыстап баратканына ичи ачышып ордунда катып туруп калды, ылдыйды карап тизилген көздөрдон жардам сурай жалооруй карап. Бирок адамдар Азатты кармагандын ордуна эки тарапка бөлүнүп ага жол бошотуп карап турушту. Бул көрүнүштү түш деп эсептеген Айпери өз түшүндө өзү гана башкы каарман болоорун эстеп жигиттин артынан жугурду. Ал Азат чыгып кеткен тарапты көздөй жүгүрүп баратып кире бериштеги айбанчага жеткенде анын кайда кеткенин таппай туруп калды. Көзүнө дубалдагы мрамордон оюлган сүрөттөр кыймылдап жаткандай сезилип, анын бирин колу менен кармап көрсө сүрөт буралып ичкери кирип башка жайга эшик ачыла түштү. Карап турууга убакыт жок экенин аңдап ал эшикке кирип - Азаат! деп кыйкырып чуркап баратты.
Бирок жигит анын сөзүн укпачуудай алыстап кызыл көйнөкчон кыздын артынан жүгүрүп ал кеткен жалгыз адам араң батчуу, жер төлөөгө кетчүү жолдой болгон узун коридордо бараткан. Өзүнөн бир аз эле алдын ал мрамордун кыймылдап турганын көрүп кыздын бул жакка киргенин билип артынан келген, эми анын дайынын таппай калды ал. Айлана болсо көзгө сайгыс караңгы. Турган ордунда катып ал өзүнө тааныш жытты сезип ал жытты ээрчий жүрдү эми. Жолдо утуру буту бир нерсеге чалынып жүрүп отуруп алыстан бир жарыкты көрүп ал тарапка жүрдү. Ал жакта бир караандын көлөкөсүн көрүп "Айкера" деп кыйкырганы баратып токтоп калды. Жанагы бир караандын экиге бөлүнүп ажырап жатканын көрүп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Bazana   13 Февраль 2019 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Ой ботом кызды эмне кылышты ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Koenek93   14 Февраль 2019 - 01:06

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 06 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2024 04:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад шаары

Бул кызга аян туш берилип жатса керек. Калганын качан жазасыз эми?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   sumaya   15 Февраль 2019 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кутуудобуз автор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   ASA79   16 Февраль 2019 - 10:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Улантыныз эртерээк
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Julien1212   17 Февраль 2019 - 00:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2021 15:59

Уландысы качан чыгат?

Билдирүүнү түзөткөн: Julien1212: 17 Февраль 2019 - 00:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   asefsa   17 Февраль 2019 - 01:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Ааууу автор каяктасыз, кутуудон эки козубуз торттоо болойун деп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Julien1212   17 Февраль 2019 - 14:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2021 15:59

Саат сайын кирип карап коём
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Julien1212   17 Февраль 2019 - 17:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2021 15:59

Дагы жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 04:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: