Мекенибиздин кадырын данктаган, анын сулуулугун барктаган ырлардын тексттерин,
эн кеминде ырдын аталышын томондо жазыныз. Биз да озубуздун казынабыздагы ырларды эстеп, журокто жургон ырларды тактайлы.
Мисалы, булардын ана башы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГИМНИ.
Калганын сиз уланыз.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргызстан тууралуу ырлар...
#2 25 October 2007 - 10:51
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГИМНИ.
Кыргыз жери.Апас Жайнаковдуку.
Кыргыз жери.Апас Жайнаковдуку.
Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#3 25 October 2007 - 14:53
Туулган жерди сагынуу-Гулнур Сатылганова
Кимге ыр керек болсо ыр дуйного шилтеме жазып коём, ал жерден кочуро аласынар
Кимге ыр керек болсо ыр дуйного шилтеме жазып коём, ал жерден кочуро аласынар
Ушел в себя, вернусь не скоро!
#5 26 October 2007 - 09:23
Темир Назаров "Туулган жер"...
Султан, Акбар, Мирбек, Чынгыз - КЫРГЫЗЫМ
Ушел в себя, вернусь не скоро!
#6 26 October 2007 - 12:43
Султан,
Акбар, Мирбек, Чынгыз - КЫРГЫЗЫМ
"Мен сенин кыраанынмын Кыргызстан" - Бек Борбиев
Ата-
журт кыйын кунго кабылганда,
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
#7 26 October 2007 - 13:18
"Мен сенин кыраанынмын Кыргызстан"
- Бек Борбиев
Ала-Тоо - Саламат Садыкова
Ушел в себя, вернусь не скоро!
#8 26 October 2007 - 13:20
Ала-
Тоо - Саламат Садыкова
"Кыргызстаным" Жанетта Бобкова
Ата-
журт кыйын кунго кабылганда,
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
#9 26 October 2007 - 13:44
Туулган жерди сагынуу-Гулнур Сатылганова(Супер ыр)
Ушел в себя, вернусь не скоро!
#10 26 October 2007 - 14:06
Туулган жерди сагынуу-Гулнур Сатылганова(Супер ыр)
"Бишкек" Кылым тобу
Ата-
журт кыйын кунго кабылганда,
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
#11 26 October 2007 - 14:12
"Бишкек"
Кылым тобу
Мирбек Атабеков - Таласым
Ушел в себя, вернусь не скоро!
#14 28 October 2007 - 17:41
"At Bashim" Toktobek Asan-v
Деги эле Арманым аттын башындай деген ыр болсо керек эле?
+++ Жакында болот!
#15 19 January 2008 - 10:52
Деги эле Арманым аттын башындай деген ыр болсо керек эле?
Омар & Ислам - Кыргызстан
Алдыга үмүт, артка шүгүрчүлүк,
өйдөгө ишеним, айланага сүйүү менен карагыла...
#16 06 November 2010 - 15:57
Тата Улан "Кырргызстан"
Тата Улан "Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат"
Тата Улан "Барыскан"
Тата Улан "Баары Бир"
Тата Улан "Байрак"
Тата Улан "Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат"
Тата Улан "Барыскан"
Тата Улан "Баары Бир"
Тата Улан "Байрак"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#17 24 February 2011 - 13:47
саламатсыздарбы.
... мага Гулнара Тойгонбаеванын Мен кыргызмын деген ырынын тексттин жазып берип коесуздарбы мумкун болсо
#18 24 March 2011 - 02:04
Аман болчу, Кыргызстан!
Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.
Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.
Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да
Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк. .
Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.
Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска – тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.
Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.
Кыргыз болгум келет
Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.
Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.
Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.
Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.
Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын – насилин качырбаган.
Арамдыкты сындырып түзочүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.
Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!
Улутпуз биз!
Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.
Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.
Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!
Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы ,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эми эч чачылбасын!
Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!
МЕНИН БАБАМ
Менин бабам мендей эмес башка эле,
Катаалдыкты каптап өткөн чегинбей.
Ашпай турган ашууларды ашты эле,
Азуусу миз мезгилдерге же илбей.
Кыя жолдон чубап улуу күчтөрү,
Кылымдардай кырка тарта өтүшкөн
Тоону көздөй көчүп жүрүп өздөрү,
Тоодой бийик, ыйык болуп кетишкен.
Бар өмүрүн ат жалында сүрүшүп,
Айга чейин алып учуп жарышкан.
Анан баары чексиздикке тунушуп,
Асман болуп, Теңир болуп калышкан.
Бийиктиктин билип эмне экенин,
Биз билбеген эчен сырды ачты эле.
Мен негедир өзүмдү ичтен эземин,
Менин бабам мендей эмес, башка эле.
АТА-ЖУРТКА ЖОЛУГУУ
Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,
Амансыңбы, балалыгым калган жер.
Асыл боюн коюнуңа сиңирип,
Амансыңбы, атакемди алган жер.
Эсиңдеби, күндөр сага калтырган,
Баео кезим тазалыкты жактырган.
Азыр башка, башка… болуп жүрөм мен,
Көңүл калып көптү күткөн тагдырдан.
Текке чачпай келген өмүр кезегин,
Боломун,-деп, -намысң да, беделиң.
Кеткем сенин үмүтүңдү артынып,
Кечиктимби… кечир мени Мекеним!
Жашоо татаал, бирок жакшы жагы бар,
Жаркыраган улуу үмүт шамы бар.
Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт,
Келечектин дагы атар таңы бар…
Мен – КЫРГЫЗМЫН!
Мен – кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен – кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.
Мен – кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!
Мен – кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен – кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен – кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.
Мен – кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!
Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.
Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.
Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да
Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк. .
Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.
Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска – тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.
Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.
Кыргыз болгум келет
Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.
Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.
Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.
Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.
Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын – насилин качырбаган.
Арамдыкты сындырып түзочүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.
Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!
Улутпуз биз!
Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.
Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.
Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!
Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы ,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эми эч чачылбасын!
Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!
МЕНИН БАБАМ
Менин бабам мендей эмес башка эле,
Катаалдыкты каптап өткөн чегинбей.
Ашпай турган ашууларды ашты эле,
Азуусу миз мезгилдерге же илбей.
Кыя жолдон чубап улуу күчтөрү,
Кылымдардай кырка тарта өтүшкөн
Тоону көздөй көчүп жүрүп өздөрү,
Тоодой бийик, ыйык болуп кетишкен.
Бар өмүрүн ат жалында сүрүшүп,
Айга чейин алып учуп жарышкан.
Анан баары чексиздикке тунушуп,
Асман болуп, Теңир болуп калышкан.
Бийиктиктин билип эмне экенин,
Биз билбеген эчен сырды ачты эле.
Мен негедир өзүмдү ичтен эземин,
Менин бабам мендей эмес, башка эле.
АТА-ЖУРТКА ЖОЛУГУУ
Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,
Амансыңбы, балалыгым калган жер.
Асыл боюн коюнуңа сиңирип,
Амансыңбы, атакемди алган жер.
Эсиңдеби, күндөр сага калтырган,
Баео кезим тазалыкты жактырган.
Азыр башка, башка… болуп жүрөм мен,
Көңүл калып көптү күткөн тагдырдан.
Текке чачпай келген өмүр кезегин,
Боломун,-деп, -намысң да, беделиң.
Кеткем сенин үмүтүңдү артынып,
Кечиктимби… кечир мени Мекеним!
Жашоо татаал, бирок жакшы жагы бар,
Жаркыраган улуу үмүт шамы бар.
Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт,
Келечектин дагы атар таңы бар…
Мен – КЫРГЫЗМЫН!
Мен – кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен – кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.
Мен – кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!
Мен – кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен – кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен – кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.
Мен – кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#19 03 May 2011 - 23:56
Таласымдын суусу шар аккан,
Душмандар нечен талашкан.
Кыргызга буйруп Манасты,
Кырааны кылып жараткан...
Көгүлтүр биздин Ысык-Көл,
Кооздугуна көңүл бөл.
Көрбөй калып өкүнбө,
Бир келген бул өмүргө...
Нарыныбыз кең тоолу,
Кооз көрүнүш соң-көлү.
Тоо боорунда таш-рабат,
Көргөн жаның таң калат...
Жашылданган жашыл төр,
Жалал-Абадка келип көр.
Жан дүйнөңдү кубантат,
Жангак токойуна барып көр...
Сулайман тоолу Ош жерим,
Сыйлашып турат өз элим.
Сыйлагын сенда коногум,
Ырысты чачып көппөгүн...
Өрүк зарлуу Баткеним,
Өз ойун айтсын болсо ким.
Өзүң келип даам таткын,
Өзгөчө жемиш анткеним...
Сары өзөндүү Чүй жерим,
Буралып өзөт гүлдөрүң.
Бурана калып атадан,
Бул өзү ыйык билсе ким...
Баш калаабыз Бишкегим,
Барктап турат бүт элим.
Барктагын сенда коногум,
Бакытты тепсеп көппөгүн...
Биз Кыргызбыз, момундукту жанданган.
Биз Кыргызбыз, жоодон көздү жумбаган.
Биз Кыргызбыз, душман келсе качпаган.
Биз Кыргызбыз, конок келсе сыйлаган! !!
Душмандар нечен талашкан.
Кыргызга буйруп Манасты,
Кырааны кылып жараткан...
Көгүлтүр биздин Ысык-Көл,
Кооздугуна көңүл бөл.
Көрбөй калып өкүнбө,
Бир келген бул өмүргө...
Нарыныбыз кең тоолу,
Кооз көрүнүш соң-көлү.
Тоо боорунда таш-рабат,
Көргөн жаның таң калат...
Жашылданган жашыл төр,
Жалал-Абадка келип көр.
Жан дүйнөңдү кубантат,
Жангак токойуна барып көр...
Сулайман тоолу Ош жерим,
Сыйлашып турат өз элим.
Сыйлагын сенда коногум,
Ырысты чачып көппөгүн...
Өрүк зарлуу Баткеним,
Өз ойун айтсын болсо ким.
Өзүң келип даам таткын,
Өзгөчө жемиш анткеним...
Сары өзөндүү Чүй жерим,
Буралып өзөт гүлдөрүң.
Бурана калып атадан,
Бул өзү ыйык билсе ким...
Баш калаабыз Бишкегим,
Барктап турат бүт элим.
Барктагын сенда коногум,
Бакытты тепсеп көппөгүн...
Биз Кыргызбыз, момундукту жанданган.
Биз Кыргызбыз, жоодон көздү жумбаган.
Биз Кыргызбыз, душман келсе качпаган.
Биз Кыргызбыз, конок келсе сыйлаган! !!
#20 11 May 2011 - 11:51
Сөзү: Жумали Сопуевдики
Обону: Жумали Сопуевдики
Гүл жайнаган Ала-Тоомдун,
Салкын, таза абасы.
Көз уялтат көк шиберлүү,
Көркөм жайлоо, талаасы.
Кыргыз элим мекендеген,
Берекелүү жеримди.
Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад,
Чүй, Ысык-Көл, Таластын.
Кайырма:
Бакыт нуруң чачырап,
Жаралгансың жылдыздан.
Жарык чачып дүйнөгө,
Жаркырай бер, Кыргызстан.
Пейили тунук, дили таза,
Баатыр кыргыз элимдин.
Тарыхы бай ата-бабам,
Мурас кылган жеримдин.
Мекенисиң кен байлыктын,
Алтын, күмүш, темирдин.
Ыйык жерсиң дүйнөдөгү,
Нуру түшкөн Теңирдин.
Кайырма:
Берекеңди, Жараткан,
Аябагын кыргыздан.
Жашай берсин түбөлүк,
Кең мекеним, Кыргызстан.
Ала-Тоо – жерим,
Кыргызым – элим.
Ыйык мекеним,
Жашай бергин, Кыргызстан!
Мөңгүлөрдөн агат шыңгыр,
Мөлтүр тунук суулары.
Тынчтык тилеп кыргыз элге,
Учат көлдө ак куулары.
Көргөн сайын көргүң келип,
Кеткиң келбейт алыстап.
Комуз күүдөн таркабай эч,
Адамзаттын кумары.
Обону: Жумали Сопуевдики
Гүл жайнаган Ала-Тоомдун,
Салкын, таза абасы.
Көз уялтат көк шиберлүү,
Көркөм жайлоо, талаасы.
Кыргыз элим мекендеген,
Берекелүү жеримди.
Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад,
Чүй, Ысык-Көл, Таластын.
Кайырма:
Бакыт нуруң чачырап,
Жаралгансың жылдыздан.
Жарык чачып дүйнөгө,
Жаркырай бер, Кыргызстан.
Пейили тунук, дили таза,
Баатыр кыргыз элимдин.
Тарыхы бай ата-бабам,
Мурас кылган жеримдин.
Мекенисиң кен байлыктын,
Алтын, күмүш, темирдин.
Ыйык жерсиң дүйнөдөгү,
Нуру түшкөн Теңирдин.
Кайырма:
Берекеңди, Жараткан,
Аябагын кыргыздан.
Жашай берсин түбөлүк,
Кең мекеним, Кыргызстан.
Ала-Тоо – жерим,
Кыргызым – элим.
Ыйык мекеним,
Жашай бергин, Кыргызстан!
Мөңгүлөрдөн агат шыңгыр,
Мөлтүр тунук суулары.
Тынчтык тилеп кыргыз элге,
Учат көлдө ак куулары.
Көргөн сайын көргүң келип,
Кеткиң келбейт алыстап.
Комуз күүдөн таркабай эч,
Адамзаттын кумары.
Карегин жылдыз болуп жанып турса,
Журогум сагынып,зарыгып куса...
Журогум сагынып,зарыгып куса...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео
















