Дуйнодо номер-1финансист наемник роберте кийосаки анын денежный поток деген сонун китеби бар , алып окуусагар аябай жакшы жазган
Бай атам, кедей атам. Бай ата-эне балдарын эмнеге уйрөтөт? Кедеі ата-эне эмнени үйрөтпөйт?
#202 21 February 2019 - 17:25
Кээ бир чөйрөдөмындай идеялар көпкө жашайт. Адам өзүнүн бизнесин жасаса болоорун эсепкеалбайт.
Мындай идеялар “киреше” графасына көңүл бурат. Кошумча акчалар активгесалынса – киреше берип турган, адамга каражат коопсуздугунда болууга жардамбермек.
Көпчүлүк кедей жана орто жашаган адамдарда акча тартыш болгондуктунсебеби төмөнкүчө: “Мен акчаны иштетиштен корком”. Мындайча айтканда, алардакаражат билиминин пайдубалы салынган эмес. Демек, жумушуна байлангандан бөлөканын башка айласы жок.
#203 21 February 2019 - 17:30
90-жылдары жумушорундары массалык кыскартылып жатканда, бизнесте да кыйынчылык башталды.Миллиондогон адамдардын актив деген эң чоң салымы – үйү, аларды тирүүлөйжегендей болду. Алардын “үй” деп аталган активи чоң чыгымга алып келди. Алардынмашинасы (дагы бир актив) – чоң чыгым болду. Гараждагы 1000 долларлык гольфтаякчасы,
бир тыйын да турбай калды. Жумушунан колдоо көрсөтүлбөгөн адамдаржарга такалгандай эле болшту. Актив деп аталган нерсеси каражат кризисимезгилинде,
акча тартыштыгынан чыгып кетүүгө жардам бере алган жок.
#204 21 February 2019 - 17:33
Кредитке үй жемашина алыш үчүн, банкирге бланк толтурган болушуңар керек. Ошол документтеги “Ѳздүккапитал” деген пункту кызыгуу менен карайм. Кызыкканымды себеби, эмнени банккүрөөгө койгонго уруксат берет?
#205 21 February 2019 - 17:50
Мен ссуда алышым керек болчу. Бирок, менин каражат абалым жакшы эместей көрүнүп турган. Ошондо “актив” колонкасындагы буюмдарымдын баасын көтөрүш үчүн – өздүк капиталды, жаңы гольф таякчамды, чыгармачыл коллекциямды,
китептеримди,
телевизор, “Армани” костюмумду,
кол саатымды, бут кийимдеримди жана башка буюмдарымды кошуп салдым. Бирок, мага ссуда бергенден баш тартышты. Эмнеге дегенде, мен кыймылсыз мүлк алыш үчүн чоң акча салышым керек эле. Банктын ссуда берген бөлүмүнө мен көп квартиралуу үйлөрдү алып-сатып, көп акча иштегеним жакпай калды. Бөлүм, эмне үчүн менин жакшы жумушум жана туруктуу маянам жоктугун билгиси келди. “Армани”костюмум,
гольф таякчам, чыгармачыл коллекциям жөнүндө сурашкан жок. Башкаларга окшошпой турсаң, кээде жашооңдо кыйынчылыктар болот. Кээде бирөөлөрдүн “өздүк капиталы” миллиондогон долларлар турганын уксам, жүрөгүм ооругандай болот. “Ѳздүк капиталдын” так белгиленбегендин себеби, саткан буюмуңардын кирешесинен салык алынаары болуп саналат. Ошентип элдер киреше жок болуп калганда, өздөрүн чоң каражат көйгөйүнө түртүшөт. Бул нерсе азыркыга чейин кайталанып келет. Кирешесин өстүрүш үчүн элдер өздөрүнүн активин, мүлкүн сатып келген жана дагы эле сатат. Алардын мүлкү сатып алган баасынын жарым акчасына эле туруп калат. Эгерде, буюмдарыңызды сатканда ал киреше алып келсе, кирешесине салык салынат. Бул жерде карызынан кутулайын деген акчасынан өкмөт салык катары өзүнүн энчисин алып коëт. Мына ошондуктан “өздүк капитал” болжолдонгон баадан аз турат деп айтам.
#206 21 February 2019 - 17:57
Ѳзүңөрдүн бизнесиңер жөнүндө ойлоно баштагыла.Негизги иштеп жаткан жумуш орунуңарды сактап, пассив, сатып алгандан кийин баасын жоготкон буюмдарды эмес, актив ала баштагыла. Алган машинаңыз сатып алынган жерден чыккандан кийин эле өз баасынан 25 пайыз түшөт. Бул чыныгы активби? Менин жаңы, узун 400 долларлык гольф таякчам, биринчи жолу колдонгондон кийин эле 150 долларга түштү.
#207 21 February 2019 - 18:03
Калайык-калк,
чыгашаңарды азайткыла, пассивиңерди кыскарткыла,
тырышчаактык менен ишеничтүү актив пайдубалын кургула! Урматуу ата-энелер, эгерде балдарыңар чоңоюп калган болсо,актив менен пассивдин айырмасын үйрөткүлө. Yйлөнүп, өздөрүнчө бөлүнүп, үй алып, оор каражат талабына кабылгыча ишеничтүү, туруктуу “актив” колонкасын тургуза башташсын. Ѳздөрүн аңга түртүп, көп жылдар бою карыздан чыга албай, иштеп жүргөн жаш жубайларды далай кездештирем.
Мындай да болот: эң кенже баласы үйүнөн чыгып кеткенден кийин, ата-энеси пенсия алып, пенсияга жашаганга даяр эмес экенин түшүнүп, акчасын үнөмдөп жашай баштайт. Ата-энеси ооруп калса, балдарына дагы кошумча жоопкерчилик артылат.
#208 21 February 2019 - 19:46
Силерге жана балдарыңарга актив алганга кеңеш бере алам. Менин жашоомдо чыныгы активдер төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнөт.
1)Менин катышуумду талап кылбаган бизнес. Бул дагы менин менчигиме кирет, бирок, башка адам менен иш жүргүзүлөт. Эгер, мен ал жерде иштесем, анда бул бизнес эмес. Ал жумуш болуп саналат.
2) Акциялар.
3) Облигациялар.
4) Каражат тибиндеги инвестиция фонддору.
5) Киреше алып келген кыймылсыз мүлк.
6) Автордук акылар: музыка, кол жазмалар, патенттер.
7) Жана башка киреше бере турган – баалуу, тез өтө турган нерселер.
Бала кезимде менин илимдүү атам, мени “ишеничтүү, келеги бар жумуш тап” – деп айтчу. Ошол эле мезгилде менин бай атам, мага “актив ал” – деп насаат берчү. Экинчи атамдын сөздөрү мага көбүрөөк жакчу. Ал мага минтип айтчу: “Эгерде, бул ишти жакшы көрбөсөң, анда сен эч нерсе кыла албайсың”. Мен кыймылсыз мүлктү коллекциялайм. Эмнеге дегенде мен имараттарды, жерди жакшы көрөм. Мага аларды сатып алуу жагат. Ѳзүмдүн кыймылсыз мүлкүмдү кечке карап олтура бергим келет. Эгерде, адамга кыймылсыз мүлк жакпаса, анда аны сатып алыштын кереги жок.
1)Менин катышуумду талап кылбаган бизнес. Бул дагы менин менчигиме кирет, бирок, башка адам менен иш жүргүзүлөт. Эгер, мен ал жерде иштесем, анда бул бизнес эмес. Ал жумуш болуп саналат.
2) Акциялар.
3) Облигациялар.
4) Каражат тибиндеги инвестиция фонддору.
5) Киреше алып келген кыймылсыз мүлк.
6) Автордук акылар: музыка, кол жазмалар, патенттер.
7) Жана башка киреше бере турган – баалуу, тез өтө турган нерселер.
Бала кезимде менин илимдүү атам, мени “ишеничтүү, келеги бар жумуш тап” – деп айтчу. Ошол эле мезгилде менин бай атам, мага “актив ал” – деп насаат берчү. Экинчи атамдын сөздөрү мага көбүрөөк жакчу. Ал мага минтип айтчу: “Эгерде, бул ишти жакшы көрбөсөң, анда сен эч нерсе кыла албайсың”. Мен кыймылсыз мүлктү коллекциялайм. Эмнеге дегенде мен имараттарды, жерди жакшы көрөм. Мага аларды сатып алуу жагат. Ѳзүмдүн кыймылсыз мүлкүмдү кечке карап олтура бергим келет. Эгерде, адамга кыймылсыз мүлк жакпаса, анда аны сатып алыштын кереги жок.
#209 21 February 2019 - 20:10
Чакан компаниялардын акциясын жакшы көрөм. Айрыкча жаңы баштап жаткан компаниялардын.
Эмнеге дегенде мен ишкермин. Качандыр бир кездери мен “Стандарт Ойл оф Калифорния”,
“Ю. С.Марин Корпс”, “Ксерокс Корпорэйшн” деген чоң уюмдарда иштечүмүн. Ал жерде өткөргөн убактыма өкүнбөйм, бирок, мен компаниянын адамы эмесмин. Мен компанияны башкаргым келбейт. Мен компанияларды ачууну жакшы көрөм. Мен көбүнчө чакан компаниялардын акциясын сатып алам. Көп акча алып келе турган жаңы акцияларды сатып алып, кайра сатканды жакшы көрөм. Ишеничтүү эмес деп көптөрү чакан компаниялардан коркушат. Ошондой болот, бирок, инвестиция кылганды жакшы көрсө,инвестиция эмне экенин түшүнсө, иш жүргүзүүнүн жөнүн билсе, жакшы киреше бериши да мүмкүн. Чакан компанияларды инвестиция кылган стратегиям мындай: алардын акциясын бир жыл кармап, кийин сатып жиберем. Кыймылсыз мүлктү да ошондой кылам. Кичинеден баштап, мүлктү аз-аздан чоңойтуп, өнүктүрө бериш керек. Аздан өсүп баштаса, кирешеден алына турган салык артка жылат. Бул нерсе мүлктүн баасынын көтөрүлүшүнө алып келет. Эреже боюнча мен кыймылсыз мүлктү 7 жылга чейин кармайм.
#210 01 March 2019 - 17:30
Мурда чоң уюмдарда иштеген мезгилдерде,
менин бай атам айткан кеңештерди жасачумун. Ѳзүмдүн негизги жумушумда да иштечүмүн жана жеке бизнести да өнүктүрчүмүн.
Активимди өстүргөнгө аракет кылчумун. Кыймылсыз мүлк, чакан компаниялардын акциясын сатчумун. Бай атам каражат боюнча билимдүүлүк өтө маанилүү экендигине басым жасачу. Канчалык акча эсептөөнү жана жумшоону жакшы түшүнсөм, ошончолук инвестиция жасоону жакшы түшүнө баштадым. Акыры өзүмдүн менчик компаниямды ачтым. Адамдар өздөрү компания уюштурууну кааламайын,
мен эч качан аларды үгүттөбөймүн.
Компанияны башкаруу кандай экенини билбей, мен ким бирөөлөргө шашылыш түрдө баштоону сунуш кылбаймын. Компанияны ачаары менен көйгөйү чечилип калбаасын билем. Баардык компаниялар иштеп кете бербейт. 10 компаниянын ичинен 9у 5 жылдан кийин жабылып калышы мүмкүн. 5 жылдан өтүп иштеген 10 компаниянын ичинен 9у бары бир жабылып калышы ыктымал. Эгерде, чын дилиңер менен өзүңөрдүн компанияңарды ачкыңар келген учурда гана баштасаңар болот деп кеңеш берет элем. Башка учурда негизги жумушуңарда иштеп, өзүңөрдүн бизнесиңер жөнүндө ойлонгула демекчимин.
#211 01 March 2019 - 17:36
Ѳзүңөрдүн бизнесиңер жөнүндө ойлонгула дегенимде – “актив” графасын куруп, бекемдөө керек экендигин айтып жатам. Эгерде “актив” графасына 1 доллар түшсө дагы, аны 2 доллар кылып чыгарганга аракет кылгыла. Мындайча ой жүгүрткүлө:
“актив” графаңарга 1 доллар түштүбү, ал силердин жумушкериңер болуп калсын, силер үчүн иштесин. “Жумушкер акчанын” эң сонун жери, ал 24 саат бою, көп жылдарга чейин чарчабай иштеп берет. Жумушуңарда иштей бергиле, жакшы иштеп, жакшы жумушкер болгула, бирок, “актив”графасын кургула!
#212 01 March 2019 - 17:43
Активден түшкөн киреше өсө баштаганда өзүңөргө жаккан буюмду сатып алсаңар болот. Белгилеп кете турган нерсе, кедейлер менен орто жашаган адамдар баалуу буюмдарды биринчи кезекте алганга аракет кылышат. А, байлар болсо эң акырында алышат. Кедей жана орто жашаган адамдар көпчүлүк учурда чоң үй, алтын, шуба, машина сатып алгандын себеби, алар бай адамдай көрүнгүсү келет. Алар бай көрүнөт, бирок кокосунан кредитке батып калат. Көптөн бери акча кармап, көп мезгилге чейин бай болуп жүргөндөр, башында активин түзгөндө, “актив” графасы киреше алып келгенде гана буюмдарды сатып алышат. Кедейлер менен орто жашаган адамдар кымбат буюмдарды сатып алышат, кийин балдары да ата-энесинен көргөнүн кылышат.
#213 11 February 2020 - 14:09
Сонун нерселер бул – шуба, машина, кымбат эмеректер, алтын-күмүштөр эмес. Сонун нерселер – бул инвестиция жасагандан кийин түшкөн киреше, ишеничтүү актив. Көп квартиралуу үйдү саткандан кийин түшкөн ашыкча акчадан аялым барып “Мерседес”машинасын сатып алды. Ал эки жумушта же кошумча жумушта иштеп машина алган жок. Мындайча айтканда көп квартиралуу үй аялыма машина сатып берди. Инвестиция кылынган кыймылсыз мүлктүн баасы өсүп, пайда алып келе баштаганча,
аялым 4 жыл күттү. Бул “Мерседес” аялыма белек сыяктуу болуп калды, эмнеге дегенде ал актив курууну билгендигин далилдеп берди. Башка “Мерседестерге” караганда бул “Мерседес”аялым үчүн баалуу. Кымбат нерсени сатып алыш үчүн аялым өзүнүн каражат боюнча акылмандуулугун пайдаланды.
#214 11 February 2020 - 14:30
Башкалар жөн эле барышып, кредитке жаңы машина сатып алышат. Сонун буюм! Машинаны кредитке алганда, буюмдун кызыгы кете баштайт, анткени машинага төлөй турган карыз мойнуна байланган оор жүк болуп калат. Убакытты туура колдонуп, инвестиция жасап, өзүңдүн бизнесиңди курганда гана силер, байлардын эң чоң сырын билүүгө даяр болосуңар. Бул сыр, башкалардан алдыда болгонго, байларга жол көрсөтөт. Убакытты туура колдонгондорго,
өзүнүн бизнеси жөнүндө ойлонгондорго– бул сыр аягында силерге сыйлык даярдап коёт.
#215 11 February 2020 - 14:50
5-бөлүм.
4-сабак.
Салыктын тарыхы жанакорпорациянын күчү
Мектепте Робин Гуддун жана анын шайыр достору жөнүндө айтып бергеним эсимде. Байларды тоноп, тартып алган байлыктарын кедейлерген таратып берген, романтикалык Кевин Костнерге окшогон каарман жөнүндө болуп жатат деп менин мугалимим эсептеген. Менин бай атам Робин Гуддун эч кандай эрдигин көргөн эмес. Ал Робин Гудду алдамчы деп атачу.
Салыктын тарыхы жанакорпорациянын күчү
Мектепте Робин Гуддун жана анын шайыр достору жөнүндө айтып бергеним эсимде. Байларды тоноп, тартып алган байлыктарын кедейлерген таратып берген, романтикалык Кевин Костнерге окшогон каарман жөнүндө болуп жатат деп менин мугалимим эсептеген. Менин бай атам Робин Гуддун эч кандай эрдигин көргөн эмес. Ал Робин Гудду алдамчы деп атачу.
#216 11 February 2020 - 14:55
Робин Гуддун көзү өтүп кеткеннине көп жыл болду, бирок, анын жолун жолдоочулар азырга чейин ,бар. “Эмнеге байлар бул үчүн төлөбөйт?” же “Байлар салыкты көп төлөш керек, ал акчалар кедейлерге жардам болот” деп элдердин айтканын көп угам. Робин Гуддун идеясы, кедей жана орточо жашаган адамдарга көп кыйынчылыктарды алып келет. Анын идеясын, көп салык төлөгөн орточо жашаган адамдар, жашоодо ишке ашырат. Так ошол билимдүү, чоң кирешелүү орто жашагандар кедейлерге төлөшөт.
#217 11 February 2020 - 15:21

Эмне болуп жатканын толук түшүнүш үчүн, салыктын тарыхына көз жүгүртүшүбүз керек. Менин жогорку билимдүү атам билим тарыхынын адиси болсо, бай атам өзүн салык тарыхынын экспертимин деп эсептөөчү.<
/font>

br>
Бай атам Майк экөөбүзгө мурда Англия менен Америкада салык болгон эмес деп түшүндүрүп берген. Кээде мезгил-мезгили менен, согуштагы аскерге төлөш үчүн салык салынчу. Король же Президент билдирүү жасоочу. Британияда акчалай салык 1800-1816-жылдары Напалеонго каршы согушуу үчүн топтолгон. А, Америкада1861-
1865 – жылдары жарандык согуштун чыгашасын жабуу үчүн топтолгон.<
/font>

br>
1874-жылы Англия өздөрүнүн жарандарына,
табышана карай, туруктуу салык киргизген. 1913-жылы табышына карай салык, Конституцияда 16-өзгөртүү киргизилгенден кийин Америкада да дайым төлөй турган болуп калган. Америкалыктардын салыкка каршы күрөш жүргүзгөнү да тарыхта бар. Чай сатканына тапкан киреше салыгы – белгилүү “Бостондогу чай ичүү” – жөнүндө сөз болуп жатат. Ошол инцидент америкалыктарды,
өкүл кылган Англияга каршы революциялык согуш баштоого түрткү берди. Англия менен Америкага кирешеге жараша салык төлөө идеясын жүзөгө ашырыш үчүн 50 жылдай убакыт керекболду.

Америкада кирешеге жараша салыкты киргизип жатканда, байлардан көбүрөөк алуу максатында жасалганы көрсөтүлгөн.
Бул окуяны Майк экөөбүз билип алышыбызды бай атам каалаган. Салыкты байларды жазалаш үчүн киргизип жатат деп кедейлер менен орточо жашаган адамдардын мээсине куюшкан. Ошондуктан салыкты киргизгенге алар көп деле каршы болушкан эмес. Көпчүлүк салык жөнүндө мыйзамга добуш берген. Салык конституция тарабынан күчүнө кирген. Салык байларды жазалайт деген жомок. Ал кайра, ошол добуш бергендерге – кедей жана орточо жашаган адамдарга муш болуп тийди.

font size="3">
-Акчанын даамын таткан өкмөттүн, табити өсө баштады, - деди бай атам. – Сенин атаң менен мен бири-бирибизге окшобойбуз.
Ал –өкмөттүн адамы, мен капиталистмин.
Акча дүйнөсүндө экөөбүз эки башка деңгээлде жүрөбүз. Сенин атаңа адамдарды жалдаганы үчүн төлөйт. Канчалык көп адам жалдаса, ошончолук көп акча коротушат. Атаң иштеген уюм ошончолук өнүгөт. Ѳкмөттө, ушундай уюм канчалык көп болсо, ошончолук анын жол башчысын сыйлайт. Ошол эле мезгилде менин уюмумда, канчалык аз адам жалдап, канчалык аз чыгаша алсам, ошончолук менин инвесторлорум сыйлайт. Мына ошол үчүн мен өкмөттүн адамдарын жактырбайм.
Алардын максаты бизнесмен адамдардын максаты менен дал келишпейт. Ѳкмөттүн аппараты чоңойгон сайын, чиновник аппаратын кармап туруш үчүн көп-көп салыктар керек болот.

font size="3">

#218 11 February 2020 - 19:25
Кызыгып бир демде окуп чыккан китебим ушул Роберт Кийосакиники эле болду окшойт)))

Супер-Инфо
super.kg
видео