Бир тууган да ушундай болобу. Кудай озу сактасын.
Бакыт издеп Мен суктанган эженин тагдыры
#45 28 Февраль 2019 - 20:00
#46 28 Февраль 2019 - 20:07
Бул журок сыры экенго автор, ошондо башыныздан откон окуябы,мумкунчулугунуз болсо тез тезден жазып койсонуз жакшы болот эле,кийинки турмушунуз кандай болду,кызыныз эмне болду, чыдамсыздык менен кутуучулордун катарындабыз!
#47 28 Февраль 2019 - 20:17
Адам жамандык кылса озуно жамандык кылат, жакшылык кылса, озуно жакшылык кылат. Бул жесирге да бир кун тан атты да.Байакы женеси жазасын, жашоодо аяабай алып келе жаткандыр.
#48 28 Февраль 2019 - 21:21
Албетте!. Таба эмес тооба гоо. Бирок мына куноокор коздор мындайлардын далайын корду.Оз жолубуз менен тынч гана жургонго эмне жетсин.
#49 28 Февраль 2019 - 21:32
Канча от жаксам да эч жылыбады, эптеп кызым экообуз мештин тубундо тан атырдык, куйоо болумуш тан эрте бизди айран тан кала карап коюп кочого Кетти, кыязы бул адамдын акыл- эсин арак жеп бутсо керек, чынын айтыш керек, кулак-мээм тынчып, кызым экообуз кенен эркелешип калдык, бирок кара курсактын да камын ойлош керек , кышкысын кантип курсак тойгузаар экенбиз деп ойлонуп жаттым, ушунча жашка келип курбу-курдаш да кутпогон экенмин, агамдар канча кордосо да кичине жегенге бир нерсе берчу, азырчы, жегенге эчнерсе жок, кызым тимеле эмчекти тарткылайт.
Айласыз отурдум, кызым ыйлайт, эшик ачып кошуна эже кирип келди, мени коруп танкала, ким эле ыйлап жатат десе деп, агамдын уйу алыс эле, эжени тааныбайт экенмин, мени тааныйт экен, ал жайды сурап окуяны тушундурдум,
боорукер жан экен карызга акча берди, кызымы ага тыштап бирнерселерди алып келдим, бекитип кой деди эже, тиги корсо сатып иет деди, кундо тиги Эр болумуш кочого кеткенде келет, копко суйлошуп отурабыз, башымда толтура биттерди терип берген ошол эже, тамак берет, куйоо болумушту алдап арак берип уктатып кунум айга алмашты. Мени куйоого тийип кетти деп женем айылга жайып салды, бул кабар акыры айыл аралап шаарга да жеткен окшойт, улуу агам келди тан агарып калган эле, мени коруп бир ыйлайт, жетелешип жоноду женем экообу , кызымы алып, эчнерсе албадык, барып тиги агамы аябай урушту, ал мага шылтап койду озу ээрчип кетти деп, агам дар уйго да кирбеди, сенин да кызын бар деп коюп шаарга жонодук. Агам менен женем алтындар мени тузук эле багышты, омур боюу ыраазымын ушул чон женеме, ал тургай азырга чейин кабар алып рахматымы айтып келем. Айылдан 3 куйоодон чыкты деген соз бойдон калдым, женем торой албай журот, кызымы акырындап талаша баштады, озу карап, ыйласа сен отура бер деп озу сороотуп, мага карап менин кызым бул деп, менден да кызгана баштады, бербейм деп айта албай ичимен мунуйм. Олбогон жанга жазда келди, адам бир жылдан сон жашоосу эмнеболоорун билбейт экенда, бир жыл мурун кандай бактылуу жан элем, Мамат менен эркелешип талаада жургон кундоруму сагынып, эстеп коз алдыма келтирем. Жылдыгына ата-энем, агам болуп барып келдик, кызымы алып Барбадык женем экоо калды, алар да кызым жонундо сурашпады, мен дагы айтпадым.
Атам агама карап озун билип алып келип алыпсын, жаман ушак создон алыс кыл бул кызды деп кетишти. Ата-энем биротоло мал менен журо берип, мээрим деле бербей калса керек бизге, аз суйлогон , жоош момун жандар эле, озулору менен озулору болчу, дагы жакшы ушул агам окуп калып Оз кучу менен женеме жоолугуп калганы, женем мени окутту, менден кийинки эки иними, синдими бая борбордо журушкондо алып кетип окууга откоруп келген, болбосо алар деле тоодо журушуп ичип кетишсе керек эле деп калам. Женемин туугандары да жакшы адамдар, агамды кызматка койгон да ошолордон. Шаарда калдым, райондон кочуп келе беришкен экен, кичинекей шаар болгону менен, орустар коп жашаган шаар экен. Мени баягы женемин эжесинин баласы складда иштейт экен ошол жерге жумушка орноштурду. Кызымы женем карамай болду, женемин жакшылыктарын эстеп кызымы талаша албай, алардын козунчо эркелете албай журдум, ал тургай бизге коно берсин деп кечинде да мага беришпей коюшту. Озун чечкиндуу болбосон ото кыйын экен, бир крышада жашап кызыма Куса болом. Жумуш уй деп озуму алаксытып журуп, жаны жашоомо да конуп бараттым.
Атам агама карап озун билип алып келип алыпсын, жаман ушак создон алыс кыл бул кызды деп кетишти. Ата-энем биротоло мал менен журо берип, мээрим деле бербей калса керек бизге, аз суйлогон , жоош момун жандар эле, озулору менен озулору болчу, дагы жакшы ушул агам окуп калып Оз кучу менен женеме жоолугуп калганы, женем мени окутту, менден кийинки эки иними, синдими бая борбордо журушкондо алып кетип окууга откоруп келген, болбосо алар деле тоодо журушуп ичип кетишсе керек эле деп калам. Женемин туугандары да жакшы адамдар, агамды кызматка койгон да ошолордон. Шаарда калдым, райондон кочуп келе беришкен экен, кичинекей шаар болгону менен, орустар коп жашаган шаар экен. Мени баягы женемин эжесинин баласы складда иштейт экен ошол жерге жумушка орноштурду. Кызымы женем карамай болду, женемин жакшылыктарын эстеп кызымы талаша албай, алардын козунчо эркелете албай журдум, ал тургай бизге коно берсин деп кечинде да мага беришпей коюшту. Озун чечкиндуу болбосон ото кыйын экен, бир крышада жашап кызыма Куса болом. Жумуш уй деп озуму алаксытып журуп, жаны жашоомо да конуп бараттым.
#52 01 Март 2019 - 22:26
Атадан алтоо болсон да башында болор жангыздык деген ушу экен да.Ага алганча,жене жегенче демекчи колунда болсо кор болмок эмес да.Атан кору ата эненин козу туруп женеге кор болгонун кара.Тагдырын таштан буткон беле демекчи тагдырын мынча оор эле....
#54 02 Март 2019 - 00:27
Baikenizdi Kudai jazalasyn akmak.Ata eneniz bar turup uwuncha kyiyn kundu koruptursuz avtor,ne dewti da bilbeim,balkim tagdyrynyz uwundai jazylgandyr.Den sooluk kaalaim.
#55 02 Март 2019 - 02:02
Канчалык кызыма козум кыйбай турсада бербейм деп айта албадым, куз айларында женемин боюна бутту, аябай суйундук, анан эле таксикозу катуу болду, ашкананы корсо кусуп жатып калат, капельница алып жашап калды, кичине эле суу уурттайт, кызыма эмес, озуно акыбалы калбай калды. Агам ошондо кызымы мага берди, суйунгонуму айтпагыла, аман-эсен женем тороп алса экен дейм. Коп отпой агам кызымы бала бакчага жайгарды, тан эрте тыштап жумушка кетем, кечинде алып келем, мына менин бактылуу кунум деп коем озумчо. Кыш келди. Бир куну басып баратып тайып кеттим, бир жигит чуркап келип тургузду, биз ушинтип жолуктук. Кун алыс бала бакча алдында пайда болуп кызыма таттуу ларды берип коет, мага суйлобойт деле, мен деле конул болбодум башында, бирок бара-бара конуп бараттым. Жаз келди, кызым кадимкидей аны издеп калган, ал тургай менделе издейм телмирип, канчалык озумду женгеним менен журок, акыл-эс баш бербей баратты. Кийинчерээк магазинде жардам берип калып атты, бара-бара кызым менен сейилдоого чакырды, Сагын экен аты боюу кичине келген, тамашакой , тын жигит экен. Суйлошуп калдык, откон турмушуму айтым, бирок качпады, кайра жакындай берди. Колуму сурады, кызым экоо беш тимеле. Агама да озу барды, ата-энеси отуп кеткен экен, 3 карындашы турмушта, иниси экоо жашайт экен. Агам баарын сураштырып,
мени н турмушуму да ачык айты, эч ойлонбой макул болду, ошентип мени куйоого узатты. Кызым аны эбак эле Ата деп калган, коп отпой боюма бутуп Кыз тородум, атын атасы Мээримге уйкаштырып Сезим койду. Женемда кыз торогон. Кайними уйлоп, мал-жандарын болуп берип, башка уйго болунуп кеттим, Мээрим, Сезимден кийин дагы 4кыз тородум. Бирда жолу Сагын кыз тородун деп айтпады, ар дайым гул которуп барып, жакын жерге деле машина жалдап чыгарып келчу. Кайынсилерим да жене кызыл этке зарбыз, омурлорун берсин деп коп айтышчу. Бироо уул тороду десе, шарт эле ошол келинге жоолугуп баласынын кийимин алчумун, уул торойм деп канча деген ырым-жырымдарды кылганмын. Айрыкча бешинчи кызымы торогондо авысыным экообуз чогуу тородук, анын учунчу баласы, уйдо эки эркек баласы бар, ал учунчусун, мен бешинчими кыз тородум, фамилиябызды айтып медайым эшикте бироодун жолдошун неге кыз торойт деп жанжал салып атат айнектен карагыла деди, авысыным жене сиздикиго деди, чын эле 5 кыз тороп атсам деп коркуп карасам кайним, сеники экен десем, айнып калган эмеспи, мен кыз торобой отомбу деп авысыным айнектен карап калды, ашатып согуп кайним Кетти, ошол-ошол келбеди, Сагын экообузду чыгарып Кетти, жолдо баратып сиздей жалан кыз торосом олтурмокго деп коет, Сагын авсыныма капа болбо баланын баркын билбейтта деп айтты. Кайним ошол кызын эч жакшы корбоду, жалгыз кыз болсо деле, турмушунан коп жапа чекти ошол Кыз. Кыз бала учун атанын эркелетип остуруусу да жашоодо коп роль ойнойтго деп калам, андан кийин да кыз тородум. Кыйынчылык заман болуп баратты. Кыздарымы Мээрим эле чонойтуп жатты, базарга чыгып кеттим. Сагын барган сайын аракка берилип баратты.
#59 05 Март 2019 - 19:30
Кутуп окуган адамдарды сыйлагыла да, теманы ачып алып беш кун жоголбой,куннуго аздан жазып болсо дагы.
#60 05 Март 2019 - 23:46
Kaif mn okup kelip etegine chygyp oturup kalsak ee,Takalyyyyyp ele tormoz bolboi.
Билдирүүнү түзөткөн: Aiymkunumjyldyzym: 05 Март 2019 - 23:48