Айла барбы
◆◆◆
Кечирээк келгин дедиң кечте бардым
кечикпей айтканыңдан эрте бардым
Кечөөкү күндөр кайра кайталанды
Кечөө да чыкпаганың эстеп алдым
Кейидим а бирок айла барбы
Келген менен өзүмдү жектеп алгым
болду барбайм деген менен өзүмдү алдап
А бирок келет менин күндө баргым
Билгим келет
♡♡♡
Ич койнуңа суу,абадай киргим келет
Мен сага керекминби билгим келет
Жөн гана пайдаланып жүргөн болсоң
Айтчы анда аныңа эмне себеп
Сен айткандын баарын кылдым асман күбөө
Ээми айтчы менден даагы эмне керек
сен үчүн мен ар дайым элеп-желеп
Же жөн гана махатка себеп белек.
Түшүнбөйм
◆◆◆
Мен сени жүрөгүмө келгем багып
Сүйүү отун өчүрбөстөн күүндө жагып
Түшүнбөймүн бирок сенден көрө албадым
Махабатка кете турган туура багыт
Каанча убакыт өткөрдүм ушаланып
Карап турган көздөрүңөн көрбөй жарык.
Убакыт
◆◆◆
Убакыт сен шуулдаган шамал болуп
убактымды сапырсаң саман болуп
Саатымдын жебеси чык чык этип
Сооротууда калп эле караан болуп
А мен казыр кармагычың издеп таппайм
Сени алып калууга аяр болуп
Жылмайып кой
•••
Ыйлаганда кайгыга батканыңда
жылмайып кой бир жолу арт жагында
каанчалык будаланып турсаң дагы
ого бетер азапка батпагын да
каанчалык көп жылмайсаң кайгы качат
булутту үйүп албай асманыңа
а бирок кайгы дагы эриш аркак
жылмайуу аралаштыр саптарына
жылмайгын көөп жылмайсаң тыгылбайсың
кайгынын азаптардын баткагына
*Эртең Жаз*
Суукту да жаман дейбиз жазды күтүп,
Жаз келди мына эртең.
Жол тандап көлчүнтөргө далай түшүп,
Анда сен не дээр элең.
Шалбаалап жамгыр жааса турсаң үшүп,
Жайды да күтөт белең.
А бирок сүйүүсүн күткөндөргө
Жаз келди мына эртең.
………………...
...
1998 2006 аралыктар
*Келдиң кайтып*
•••
Гүл кармап күлүмсүрөп турганыңды
Карабай турсам дагы туйбадымбы
Байкатпай эшик ачып келгенинде
Терезе көөпкө тиктеп турбадымбы
Билгемин кайра кайтып келээриңди
Сезгемин кечикпесин жыргалымды
311208 5:20
Чакырык таштачы
***
Төшөп алып жаздыгымдын оордуна
Күтүүп жатам сенден келчү чакырык
ЗЫң эткенде жанталашам алгыча
өмурүмдө ушуунчалык шашылып
Аттигиң ай бөлөк экен сүйлөсө
Кечирип кой кетти деди басылып
Түн бир оокум чала турган түрүң жок
Уктайынчы арманыма жашынып
июль 2009
Унутпачы
•••
Күткөнүмдү жамгырга карабастан
Текке кетсе убактымды аябастан
Бүт баардыгын сага гана арнап койуп
Мен өзүмдү сенчелик баалабастан
Күдөрүмдү үзбөстөн күүндө барган
Күндөр өткөн боштука аралашкан
Эске салып койдуң бекен ошол күндү
Ай жыл өтүп чаң басып баражаткан
051010ж
Бет келүү
***
өткөн кетти а сен болсо жаңылып
Чындыгына жете албадын таарынып
Дайыныңды айтпай кеттиң
Билсең дагы жүргөнүмдү сагынып
Түшүндүрө албай койдум
Айткан менен күкүм болду таарылып
Бырыш түшүп кеткенсиди
Жүрөгүмө кадагансып каарылык
Азыр ээми маңдайымда турасың
Карт жаратым калганында айыгып
140210
Баракча 1 - 1
Сериалымсың сен Сериалымсын сен
#4 28 Июнь 2018 - 10:27
Элес
•••
Андан бери мезгил өткөн саналып
Артта калып алыстады аралык
Сагындырып өткөн сайын убакыт
Аттигиң ай кандай сонун балалык
***
Көлчуктөргө шапшынганым киринип
Дөңгөлөктү ойногон кез чимирип
Жебе болуп учкан сайын убакыт
Сезилүүдө азыр баркы билинип
өткөн чакты өзөк кылган сезимге
өзү сонун бул жашоодо тирүүлүк
250618 7:19
•••
Андан бери мезгил өткөн саналып
Артта калып алыстады аралык
Сагындырып өткөн сайын убакыт
Аттигиң ай кандай сонун балалык
***
Көлчуктөргө шапшынганым киринип
Дөңгөлөктү ойногон кез чимирип
Жебе болуп учкан сайын убакыт
Сезилүүдө азыр баркы билинип
өткөн чакты өзөк кылган сезимге
өзү сонун бул жашоодо тирүүлүк
250618 7:19
#6 03 Июль 2018 - 19:09
"Ич койнуңа суу,абадай киргим келет
Мен сага керекминби билгим келет
Жөн гана пайдаланып жүргөн болсоң
Айтчы анда аныңа эмне себеп"
♡Озгочо саптар)))
Мен сага керекминби билгим келет
Жөн гана пайдаланып жүргөн болсоң
Айтчы анда аныңа эмне себеп"
♡Озгочо саптар)))
#9 01 Октябрь 2018 - 09:09
Ак көйнөк кара шымчан.
Фартукчан ак бантик байланышкан.
Кечөө мен көрдүм өзүм улгайынкы.
Уядан учтук дешип кубанышкан.
Уялып карап турам куса болуп.
Унуткан кундөрдү эстеп узаак учкан.
Шыңгырын коңгуроону эстегенде.
Көздөн жаш тегеренди сууланышкан.
Фартукчан ак бантик байланышкан.
Кечөө мен көрдүм өзүм улгайынкы.
Уядан учтук дешип кубанышкан.
Уялып карап турам куса болуп.
Унуткан кундөрдү эстеп узаак учкан.
Шыңгырын коңгуроону эстегенде.
Көздөн жаш тегеренди сууланышкан.
#10 09 Март 2019 - 08:44
*Апамдын майрамы*
Сиз бар үчүн таңдар атат башкача
Сиз бар үчүн айланабыз таптаза
Сиздерди биз опол тоо деп билебиз
тозуп турган жамандыктар каптаса
Сиз бар үчүн ушул дүйнө өтө кооз
дем күч берет сиздер берген ак бата
майрамыңыз менен апаке
Калык 030819
Сиз бар үчүн таңдар атат башкача
Сиз бар үчүн айланабыз таптаза
Сиздерди биз опол тоо деп билебиз
тозуп турган жамандыктар каптаса
Сиз бар үчүн ушул дүйнө өтө кооз
дем күч берет сиздер берген ак бата
майрамыңыз менен апаке
Калык 030819
Баракча 1 - 1