Менин оюмча аял менен эркектин ортосунда тендик болуш керек. Азыр заман башка. Илгеркиии заман артта калган. Мисалы мен азыр бир үйдун келинимин. шаарда турабыз ошого карабай түйшүгүм көп. Эртен менен туруп баарына завтрак даядамай, анан идиштерди жуу, анан үйдөгүлөрдүн баарынын кийимин мен жууйм.(Стирка бар, ошентсе деле жок дегенде кайын энем кайын атамдыкын өздөрү жуушса болмок.) . Анан кечкиге тамак төрт кишиге. Кайынэнем бир чыныны өйдө алып койбойт. Мурун жасап эле жүрчү. Бир жакка кетсем да мен келгенче турат идиштер жуулбай. Эртеден кечке убакыт жетпейт. Окууга эптеп барып келип атам. Күйөөм болсо эч нерсе менен иши жок. Тамак барбы, муну жазачы, тигини жазачы анан кийимимди үтүктөп кой, анан бүтпөйт. Мен бул үйгө кулчулукка келгенби???? Бул митингди мен ичимден колдоп жаттым. Сыртка айтпасам да. жанылыктар болуп атканда үнүн катуу чыгары көрүп отуруп алдым. Тигилер уксун деп. Эн азындан тамактан кийин кайненем өз идишин өзү жууп турсун деп. Коноктор да көп келет жинге тийип аларга салат жасаш керек. Болбойт мындай. Эгерде ушинтип улана берсе мен күйөм менен бөлүнүп кетем. жалгыз бала болсо да. Келинизм рабство деген ушул экен. Кыргыз элим эмне мынча келиндерди кордойсунар.
Жиним келип атат.
Айылга тийип калсаныз точно ажырашып кетмексизго анда эээ!?
Торт киши болсонор норма элего,анчалык кыйын иштер болбосо керек.Кээ бирлер кайын ата ,кайын эне небере чеберелери менен кошо багып эле журот.Ошолор менен сыймыктанат окшойбуз,кээ бирлер жумушка барып жетишет.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















