Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#81 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ХАН КӨТӨРҮҮ

Таштагы жазуу:
«Жакшы болсоң, жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагын болбосо,
Алдыңдан таяр алтын так».
( Калыгул.)
Кара-Ой

1842-жыл, баш оонанын ортосу. «Алда кандай жай болот, орус менен кокондун кимиси бизге бай болот» деген кооптонуу лакапка айланып, эл тагдыры аразатта турган кез. Айланага боз түшүп, асман мунарыктап, Көл башынан көтөрүлгөн күндүн нуру боз мунарыкка жуурула аптабын төгүүдө, жел жүрбөй, аба үп тартып турат. Жыбыраган майда толкундарында күн нуру ойногон көл бети чалкайып, жээктери көздөн уча ак чокулуу тоо этектерине жалгашкансып мунарыктайт. Көл аягы Көтмалдыда, Чүй суусунун оң жээгиндеги түзөңгө казганактай конгон айыл демейдегиден өзгөчө көрүнөт. Тогуз канаттуу тандалма боз үйлөр беш-ондон топ-тобу менен катарлай тигилген. Ар биринен бир аз обочо керилген кермелерде байлануу аттар турат. Анда-санда айыл арасына каттагандардын карааны кылаңдайт. Айыл курултайга келүүчү конокторду күтүүдө.Конокторго мал союп, аш бышырып, ат көлүктөрүн кайтаруу үчүн өз үйлөрү менен көчүп келип, төмөнүрөөк конгон көөнө айылдан түтүн булайт. Кемеге баштарында кыймыл көзгө илинет. Бул жолку курултайды күтүү милдети Кылжырдын эки уулуна — Сарыбагыш менен Бугуга — тиешелүү. Камылга көрүү, күтүү даярдыктары Ормон менен Боронбайдын көз кыры астында жүрүүдө. Ар бир уруунун өкүлдөрү туруучу тогуз канат жасалгалуу ак боз үйлөрдүн ичине адеми туш кийиздер, жабык баштар тартылган, өрө кийиздер үстүнө кара саксак көлдөлөңдөр салынып, жаңы капталган жууркандардан эки-үч кертим жүктөр жыйылып, жаздыктар тирелген. Эпчи жаккы улагадан өйдөрөөк кийим илүүчү ала бакандар коюлган. Ар бир үйгө конокторду тейлөө үчүн сөөгү таза, тарбиялуу жаш жубайлар дайындалган. Төшөнчү-орун, майлык, суулук же тейлегендердин жүрүм-турумунан кенедей кынтык табылса, конок күткөн тарап уятка калат. Бири-биринен өйдөсүнгөн бийлер, манаптар ырчыларына жамактатып топко жар салдырса, конок күткөн тараптын баркы түшөт. Даярдыктын ушул жагына өзгөчө көңүл бурулууда. Саза баш болгон Ормондун көрөр көз жигиттери ар бир үйдүн даярдыгын колмо-кол текшерип, тейлөөчү жубайлар менен көзмө-көз сүйлөшүп, жагдайды ар кечте Ормондун өзүнө баяндап турушат. Ормондун өзү үчүн ичи-тышы жасалгалуу он эки канат ак үй тигилген. Эшигинин оң ыптасына — эр жагында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, эпчи жагына түпөктүү найза жөлөнгөн. Келим кетимди тейлеген эки жигит дайыма эшик алдында турушат. Кокон ордосунда бийик мансап ээлеген Анжиян, Алай кыргыздарынын билерманыАлымбек датка жан-жөкөрлөрү менен туруучу үйлөр жыйын айылынын баш жагына өзүнчө тигилген. Алымбек датканы күтүү «сегизбектин» кенжеси Ырыскулбекке дайындалган. Тейлөөчү жубайлар Ырыскулбектин өз келин, уулдарынан. «Сегизбектин» ар бирине кадырлуу уруу бийлерин күтүү вазийпасы тагылган. Уруу башчылары туруучу үйлөрдү «сегизбектин» ар биринин өз уул, келиндери тейлешет. Алыскы Анжиян, Алайга, Талас, сары өзөн Чүйгө, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкорго чын куранда эле кош аттуу чабармандар салам дуба жеткиришип, курултай ордун, өтө турган күнүн кабарлап келишкендиктен, мурда күндөн бери уруу башчылары удаа келип түшүүдө. Акыркысы болуп Алайдан Алымбек датка жигит-жалаңдары менен кечээ кечинде келип түшкөн. Аны Ормон чоң үйүндө тосуп алып, сый көрсөтүп, баарлашкандан кийин, атайын көтөрүлгөн өргөгө узаткан.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көл башы тоо кыркасынан күн көтөрмө бою көтөрүлгөн. Бүгүн курултай башталуучу күн. Айылдын өйдө жагындагы суу бойлой төш таянган түзөңгө эл агылууда. Теребел даана көрүнө турган дөңгө өрө кийиздер төшөлүп, үстүнө килемдер салынган. Эл дөңдү курчай уй мүйүз тарта жайланышууда. Бапылдаган сурнай үнү тоо арасындагы бейкуттукту жаңырта өзгөчө жаңылык болорунан кабар бергенсийт. Көптөн бери угула элек Манас бабадан калган салтанаттуу чакырык үнү элдин көңүлүн эргитип турду. Эл чогулуп бүткөндө дөңсөөдө элди бет ала айтылуу Ныязбек бий, Калыгул акылман, Ормон, алайлык Алымбек датка, Cарт аке, Боронбай, Муратаалы бийлер, Ажыбек датка, черик Ажыбек бий, саяк Качыке, Кожоберди, Жантай, Миназар, жетиген Медербек, тынай Жантай, солто Жангарач бийлер; жаш болсо да датка наамын алган кадимки Тайлак баатырдын уулу Осмон, чукугандай сөз тапкан чечен жигит Тилекматтар отурушат. Сурнай үнү басыла, быйылкы курултайды башкаруунун кезеги тийген черик Ажыбек бий: — Оо, эл-журт, калайык-калк, айдан аман, жылдан эсен жүрөсүңөрбү? Аллага канимет. Мына бүгүн ар кайда көчүп-коно күн көрүп жүргөн кыргыз баласынын өкүлдөрү дидарлашып масилет курганы отурабыз. Бул жалган дүнүйөдө Алла таала чачкан ырыскыны терип жеп, оомал-төкмөл тагдырды пенделери башынан кечирип тур. Биз да ошолордун бирибиз. Эл ичинде доосу өнбөгөндөр, адилетсиз запкы көргөндөр, жетим-жесир сагиранын акысын доолагандар бардыр. Биздин вазыйпа ошолордун датын угуп, ой калчап, жети өлчөп бир кесип дегендей, Кудай алдында калыс бүтүм чыгаруу болор. Кана, эсеби, ирээти менен уга берели, — деп сөзүн бүтө жан жагын карады. — Бий аке, эп көрсөңүз мен айтып көрөйүн, — деп калдая ордунан тура сөз улады Ормон. —Албетте, бүтпөгөн доо, жетим-жесир сагира акысы жөнүндө кесим бүтүм болоор. Ага өз кезегин берерсиз. Менин айтайын дегеним башка. Туш тарабыбыз да коңшулардын кырдаалы кычап турат. Калайык-калктын жалпы абалына, атпай кыргыз келечегине көз чаптырсак кантет. Мындан ары эл-журт кандайча күн көрөт, кылычын алып жоо келсе алыбыз канча, кыйырды куруткан жут келсе камыбыз канча. Биригип курал алып, элди коргой алабызбы, эгин эгип, дан алып, элди бага алабызбы, шариат жолун туттуруп тазарта алабызбы, окутуп, өнөр үйрөтүп агарта алабызбы, ар кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча түтүн булата алабызбы. Ушулар тууралуу акылмандардын ойлорун уксак деймин, — деп ордуна отурду. Иштин башы мындай болушун күтпөй, жесир-жетим, доо-дооматтарды коюуга даярланып отургандар түйшөлө кобурашып, жыйын дагы сөз күтүп турду.Тик жака жеңил кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото, бет аарчысы менен бети-башын сүртүнүп, ойлуу отурган Боронбай бий: — Ормон баатырдын сөздөрү кулакка кирип турат. Байыртадан уюткусу бузулбаган, кезегинде ордо күткөн эл элек. Уюткубузду сактап, ынтымак күтөлү. Эл-журтубуздун бүгүнкү абалы кооптуу. Кыйырыбызда кылычын ичинен байлана кытмыр жылмайып кытай турат. Кожолорду ойрондоп, Үрүмчү, Турпан, Кашкарды колуна алып, биз жакка көзү кызарып турган кези анын. Кокон дейбиз, Кокондун өзүндө шай жок. Дин исламды туу туткан мусулман эли ошол туу тегерегинде болсо, атаганат. Мурда эле ичинен ирип, тартиби начар эле. Сыпайлары эл арасына чыгып оюна келгендерин жасашчу эле. Азыр Кокондун түндүгү түшкөнү тургансыйт, — деп тамагын кыра сөзүн улоо үчүн демин жыйганда, эл ичинен: — Түндүгү түшкөнү эмнеси? — Хан тагынан кулаган го, — деген кобур угулду. — Кокондун өз башына күн түшүп турат, — деп сакалын сылай сөзүн улады Боронбай бий.— Эмир Насрулла Коконду басып алыптыр деп уктук. Кадеми каткан Мадали ханды ата безер, шариат жолунан чыккан деп тагынан кулатып, ордонун алдында койдой мууздатыптыр деген кабар келди. — Яа, Кудаа, эмне алаамат болор экен? — Күнөөсү эмне бечаранын? — Тагын тартып алгандан кийин өзүн соо койчу беле... — Мыкаачы, кишини койдой мууздаган... — деген кобур чыга бул суук кабар жыйынды бир тынымга түйшөлтүп турду — Тагдыры ушундай го, бечаранын. Напсиси куруп, Омор хандын жесирине — кичи энесине— нике кыйдырып алган тура. Ата безер, дин безерлиги ошо да. Насрулла эмир сулуу жесирди да киши оозго алгыз кыйнап өлтүрүптүр, — деген Боронбай бийдин сөзүн үзө: — Алда бечара ай... — Чала болот андайга... — Кокондун түндүгү түшкөнү ушул да... — Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма, — деген үндөр угула, жыйын алагды боло калды. — Ушундай калайык, азыр Кокондо хандын жактоочулары жазаланып, кан төгүлүп турат дейт. Коконду убактылуу башкарганга Насрулла эмир өз өкүлүн коюптур. Акыры Букарага кошуп алат го. Кокон жайы ушундай. Орус жайына келсек, Орунбор, Омбудан бери жылып келаткан түрү бар. Падышалуу калың журт экен. Казактын кичи жүз, орто жүз уруулары, ал эмес улуу жүздүн кээ бир султандары да орус букаралыгына өтүп алышыптыр дейт. Угуп турабыз орус букарасы болгон казактар жамандык көрбөгөнүн, мына Байсылда абсий тирүү күбө, — деп Боронбай бий дөңдөгү кадырмандардын четинде көзүн кыбыңдата сөз тыңшап кытмыр отурган, соодагер кейпинде жүргөн орус тыңчысы Файзулла Ногаевди көрсөттү. —Мына, айтып отурат абсий, — деп сөзүн улады: — Аблай хандын уулу Уалы хандын жана башка казак султандарынын небере-уулдары Битирбор, Маскөөдөн, Омбудан окуп, билим алышып, орус төрөлөрү менен теңме-тең жүрүшөт экен. Уалы хандын жесири Айганым байбичеге эки кабат ак сарай там салып берип, жылына жүз күмүш теңге маяна берип турат дейт. Көчмөн казактар орустун окуусун окуп, өнөрүн үйрөнүп жаман болушпаптыр, — деди да, айткандарым жагып атабы дегендей, эки тарабына көз кырын жибере, сөзүн дагы улады. — Менин баамымда орустардан опа көрөбүзбү деп ойлойм, — деп оюн толук айта албай, ордуна отурду Боронбай бий. — Бий орустар жөнүндө айткандарыңыз кызык экен. Бирок аларың букараларына доңуздун этин жедирип, чокунтат дейт го, — деди жыйын башы Ажыбек бий. — Кимдир бирөөлөрдү зорлап чокунтканыны көргөнүм тугул, — деп сөзгө кыпчылды Файзулла Ногаев.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Мен дагы кеп айтайын, — деп калдая ордунан турду бүркүт кабак, алагар көз, мурду коңкогой, эрди түйрүк, жээрде сакалы төшүн жаба, муруту калкая кулактарына жеткен, боз пиязы чепкен, эндей калпак кийген саяк Кожоберди. — Орусуңду билбейм, Коконду билгеним бар. Тайлак баатыр өлгөнү алар эсирип турушкан. Биз улам желин чыгарып турчубуз. Ормон баатыр да ошентти. Кокондун пейли бизге башынан түз эмес экен го. Ана, көрөлүчү. Мындан көп жылдар илгери Эшкожо, Канай бийлерди Олуя-Атада коргонго камаган эмеспи. Мына ошондо, эсеби мына бийдин көзү турат, — деп Ныязбекти карай сөзүн улады. Тайлак баатырды кол башы кылып өзүбүзчө биригели деген сөз болгон. Тайлак баатыр о дүйнө кетти. Ага Кокондун кесири тийди деп ойлойбуз. Кокондон жакшылык жок, жана Ормон баатыр айтты го. Ырас айтты, «жоо келсе найза алып тосоор алыбыз барбы» деп дурус айтты. Тоссо тособуз. Эгин эгип, шариат угалы, өз алдыбызча биригип түтүн булаталы деп, бар сөз. Баса чин кытайдан да жакшылык жок. Аларды да Тайлак баатыр, Атантай экөө чээндерине киргизбеди беле, — деп ордуна отурду. — Калайык-калктын келечеги жөнүндө сөз болгону туура болду, аты уйкашым, — деп курултай башы Ажыбекке кайрылган болуп сөзүн улады саруу Алчикен уулу Ажыбек датка.— Боронбай бий, Кожоберди баатырлар орус жөнүндө, Кокон жөнүндө айтышты. Ооба ошондой, Кокондун үстүнө түн түшүп турат. Нарбото бий көтөргөн ордонун келечеги кандай болору күүгүмдөп турган кез. Мына, Алымбек даткага белгилүү, Коконго Ыбырайым Хаял дегенди башчы койду Насрулла эмир. Кудай билбесе, айтуу кыйын. Албетте Кокон жакшы болсо, динибиз бирге, дилибиз бирге — бизге жаман болбойт эле. Кокондо мактоого арзыбай турган иштер болгону ырас. Ал Аллах таала амиринен тайыгандардын иши эле. Аларды Кудай өзү жазалап туру го. Дин ислам үчүн биз мусулман пенделери бир болсок, Кудай акы,жакшы болот эле го. Бирок абал өтө кыйчалыштап кетти. Ар ким өз арбайын өзү соккону дурус болгону турат. Мурдагы жылы ордодон хан вакили Бишкекке келип, Ормон баатырга ордонун жогорку бийлик наамы парваначы ченин тапшыргандан кийин, Жантай, Жангарач, Ормон баатырлар болуп масилет курганбыз. Мына бүгүн аман-эсен дидарлашып, ошол масилетти ортого салганыбыз оң. — Эми бир бирден айтсак, орус жайын Боронбай бий айтты — орус букарасы болгондор жыргап жатышыптыр деп. Биз да кабардарбыз, жыргаганынан жылас болгону арбын экендиги боолголонот. Кичүү жүз казактары Абылкайыр хандын тушунан бери орус букарасы болушкан. Аблай хан тукуму, төрө султандар жыргап атышы ыктымал. Бирок казак жерине ичкериден мужуктарын көчүрүп келип, асылдуу жерлерге отурукташтырып, жергиликтүү элди мекенинен сүрүп чыгарып, мужуктарын коргоо үчүн чептерди куруп атканын угабыз. Бий, сиздин ногоюңуз кимдин сөзүн сүйлөп турганын Кудай өзү билет, —деп Боронбайды карай сөзүн улады Ажыбек датка. — Ушундан улам, орустар казактарды жыргатуу үчүн жылып келатпаса керек деп ойлоого болот. Акыры орус падышасы кыргыз жерин да көз жаздымында калтырбасын бөркүңүздөй көрүңүз. Бул боло турган иш. Казактарда орус кысымына чыдабай, Аблай хан небереси султан Кенесарыны хан көтөрүп, өзүбүзчө күн көрөбүз деп орустар менен согушуп атат деп угабыз. Согушкандын жүзүн Кудайым ары кылсын деңизчи, ошентсе да өз боюңа сак бол, коңшуңду кас тутпа дегендей, өз камыбызды өзүбүз көрүп, өз корообузду өзүбүз кайтарганыбыз оң. Ушул жөнүндө Ормон баатырдын өткөн курултайда айткан кайраттуу сөздөрү дайыма менин жадымда. Кайрат кыла бел байлап, «тобокел Алла» дечү кез келип турат калайык. Ынтымак күтүп биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Ой калчап, акыл токтотолу. Менин баамымда кыргызда элге туу болуучу уул бар, сөз угалы, бар бололу, бир бололу, — деп сөзүн аяктап ордуна отурду датка. — Улгайса да сөздөрү таасын. — Сөөгү тунук киши да. — Калк камы үчүн күйүп турбайбы. — Коконго да жаны ачып турат го, — деген кобур-күбүргө аралаш ордунан турган Жангарач бий: — Жыйын башы баатыр Ажыке, урматтуу бийлер, даткалар, жалпы калайык. Кудаа кааласа, Иншалла, бүгүн жакшы сөздөрдү угуп турабыз. Эмесе кепке кошулууну мен да эп көрүп турамын. Чүй боору казак туугандар менен танапташпыз. Ордодон да кабардарбыз. Орус жайынан да оңдон имиштер келип турат. Эли-журтубуздун келечек тагдыры жөнүндөгү акылман бийлердин сөздөрүнө кулак төшөп отурдум. Ойлоп көрсөк чынында жагдай оор, устаранын мизинде оошуп тургансыйт. Эч кимден кыргызга келүүчү ырайым туюлбайт. Аллахи таала алдындагы биримдигибиз мусулманчылык эле. Уктуңуздар го, Ислам тиреги болуучу Кокондун абалын. Орусия болсо казакты жапырып берилеп келатат. Орустар билимге жакын эл. Алардан көп нерсени үйрөнүүгө болор эле. Бирок алар казак, кыргызга өнөр-билим үйрөтөйүн деп келаткан жок, аларды жер-суу байлыгы кызыктырарын казак окуялары айтып турбайбы. Датка акебиз айтпадыбы казактын асылдуу жерлерине мужуктарын көчүрүп келип атканы жөнүндө. Чокундурганга да көңүлдөрү бар сыяктанат. Ушундай деп угабыз. Өткөн жылы Алаш хандын Кара-Кенгирдеги бейитинде үч жүздүн өкүлдөрү чогулуп, султан Кенесарыны хан көтөрүштү деп укканбыз. Кенесары хан казактардын өз алдынча хандыгын түзөм деп үч жылдан бери орус аскерлери менен согушуп турат деген кабар бар. Эл ынтымагы болбосо кыйын экен да. Ошол эле Аблай хан насили Уалихандын балдары, Абылкайыр тукуму, Самек Бөкөйдүн уулдары орус букарасы болууну жактап, Кенесары менен согушкан орустар жагында турушат. Алар Кенесарынын келишпес душманыбыз дешет. Казак эли ичинен жиктелип душмандашууда. Кенесары султан өзүнө баш ийбеген казак айылдарын чаап, өрттөп, өз элине кыргын салып турат дейт. Мусулман бирдигин да сыйлачудай эмес. Азыркы Кокон ордосундагы маанайдын пастыгынан пайдалангысы келген Кенесары Кыйва ханы Аллакул менен жашыруун сүйлөшүп, анын душманы Букарага каршы согушууга убада берген имиш. Бир таяк менен эки коён чапкысы келген Кенесары азыр Сыр-Дарыя боюндагы казактарды өзүнө кошуп алуу үчүн айласы кетип турган Коконго каршы согуш ачыптыр. Ушул кезде Кокондун Ак-Мечит, Жаңы-Коргон, Жөлөк чептерин басып алып, Сөзөктү камалап жаткан кези деп угабыз. Ушинтип алтоо ала болуп турганда, мусулман биримдигин ойлогон киши жок сыяктуу көрүнөт экен. Келечек баамдалбай турат, иши оңолсо да, оңолбосо да Кенесары хан кыргызга тынчтык бербейт го деп ойлоймун. Өзүнүн казагын аябаган киши кыргызды аяйбы? Эмесе кеч боло электе өз камыбызды өзүбүз көргөнүбүз оң болуп турат. Биз да уюткулуу элбиз. Биздин айылдагы масилетте Ажыбек датка, Дуулат, Жантай бий, Ормон баатыр болуп эл тагдыры, урпактардын келечеги жөнүндө ой бөлүшкөнбүз. Көчүп-коно, мал менен күн көрүүдөбүз. Мал дегениң ышкырса жуттуку, айкырса жоонуку экен. Эгинканалуу асыл жерлер ээн жатат. Жатакта калып эгин эгип, дыйканчылык эткендерди «ороочу» деп жериген болобуз, кайра күзүндө келип ошолордон эгин сурайбыз. Бир беткей болсок, мүмкүн болушунча кыштоолорду, айыл айылды чогултуп, түзгө эгинканалуу жерлерге жакындатсак, ар ким жок дегенде өз малына жем-чөптү өзү камдап алганга үйрөнсө деп масилет курганбыз, мечит, медресе курдуруп, балдарды окуталы дегенбиз. Акыры биргелешип бир кишини туу туталы дегенбиз. Менин оюм, бул иштерди жолго салуу үчүн биз да хан көтөрүп, өз алдыбызча бир эл болууга тийишпиз. Чеп курулгандан бери Чүйгө oрyс келип, жер ээлей башташты. Албетте бир тууган элбиз — каршылык жок, бирок ошолор менен ымала күтө өзүбүз да жертырмалаганды үйрөнбөсөк, орус келсе тоо-таштын арасында калабызбы деп чочулаймын. Мына ушул жагдай жөнүндө да сүйлөшкөнбүз Ормон баатыр болуп. Биримдик күтүп, бир жакадан баш чыгарсак деген ой бүгүн келип бизди кыргызга хан күтүү зарылдыгына такап отурат. Көптүн оюн угалы. Бир пикирге келсек кыргызга хан болуучу кишинин атын мен айтамын, — деп Жангарач бий сөзүн бүткөндө:

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 16 Март 2019 - 15:02



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Баракелде, жакшы айтты. — Айтса айтпаса төгүнбү, мал ышкырса жуттуку, айкырса жоонуку экени. — Капырай, Букар Коконду чапса, Кыйва Букарды чапса, мусулман эли кайда барат. — Кенесары өз элин да, өзгөнү да чапса... — «Кайда барсаң Мамайдын көрү» деген ошол. — Уу-дуу кобур-собур көлдөй кылкылдаган жыйын ичин ээлеп турду. Бир тыным өтө бийлердин катарынан он тогуз жашында элине баш болгон, өткүр жана чечен жетиген Медербек бий ордунан турду. Отузду оё барып калган, шыңга бойлуу, субагай кызыл жүздүү, кыргый кабак, кырдач мурун, сурмалуу кара көздөрүнөн акыл учкуну жанган, чокчо кара сакалы, сыйда муруту сыпаа серпилген, көк кыюулуу ак калпагын көтөрө кийип, кара нооту кемселине күмүш кемер курчанган салабаттуу киши көрүнгөндө: — Жетиген Медербек чечен чыкты. — Өткүр, тайманбаган эр дейт. — Ошол үчүн Канай бийге акарат көрсөткөн да, — деген кобур аралады эл ичин. Кобурдун өзүнчө жөнү бар. Он тогузга чыгып-чыкпай Таласта айтылуу Бүргө бий менен уруу намысын талашып, ынтымакташа албай, Чүйгө солто Канай бийге келип жер сурап алып, эл болуп турганда, бир жыйында Канай бий «кушчуларга батпай келген жетигендерди биз батырып турабыз» деп колко кыла сүйлөйт. Он тогуздагы Медербек жалтанбай ордунан туруп: Колко кылган бирөөдөн аш жебеймин, Тең талашып кармашсам муш жебеймин. Атаным бар, төөм бар — көчсөм элге жетемин, Кетменим бар, чотум бар, чапсам сууга жетемин, — деп Канай бийге сес көрсөтүп, эртеси эле элин көчүрүп, Ормон тарапка ооп кеткени эл ичинде аңыздала айтылып келатат. Тайманбаган жүйөөлүү калыстыгы эл ичинде кадыр барк туттуруп турат. — Кадырлуу курултай башы ак сакал, урматтуу бийлер, калдайган калың эл, — деп шаңк эткен бийик үн элдин назарын өзгөчө бурду. — Учуру бышып жетилген керектүү кептерди угуп курсант болуп турабыз. Учуру келип турганда бир жаңсыл кылбаса иш өтүп кетет, аягы өкүнүч болуп калышы мүмкүн. Эл болуп биригүүнүн ич жана тыш жактары бар. Мен ич жагынан кеп баштайын деп турамын. Менин оюмча уруу-уруу болуп бөлүнө бири-биринен өйдөсүнгөн маңги намыс кыргыздын кендирин кесип, бириктирбей турат. Атпай кыргыз бир атанын балдарыбыз. Тиричилик шартына жараша ар кайда көчүп-коно жашасак да түбүбүз бир. «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат» деген акылман осуят ата-бабаларыбыздан бери келатат. «Бир үйдүн мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, бир уруунун кайгысы бүткүл кыргыздын кайгысы эмеспи. Бир уруу экинчисин чаап мөгдөткөнүн койсо. Болор болбос иш үчүн бир уруу экинчисин кызыл уук кылып чаап, кан төгүп, жаш төгүп турган учурлар канча. Мындай каргашалуу окуяларга өзүбүз күбө болуп жүрбөйбүзбү? Туугандар ойлонолучу. Ушул бойдон бири-бирибизди чаап алып, бирикпей жүрө берсек, акыры күчтүү элдердин ирегесинде калабыз го деп корком. «Алтоо ала болсо, алдыдагы кетет, төртөө түгөл болсо төбөдөгү келет» деген бабалардын осуятын туу тутуп, бириксек деп ойлоймун. Мунун айласын ушул курултайда тапканы турабыз. Эл жүгүн аркалап, караңгыда жол табуучу, карайлап турганда акыл табуучу, кайраттуу билерман эрди туу тутуп, өзүбүзчө ордо күтпөйлүбү. Ордого туу болуучу айкөл акылман уул элибизде бар. Учуру келсе мен да анын атын айтамын. Ажыбек, Жангарач бийлерди түйшөлткөн ойлор элди дыйканчылыкка аралаштыруу, кыштоолорду болушунча топтоштуруп, эгинканалуу жерлерге жакындатуу, коңшу элдер менен алакалаш болуп өнөр-билим үйрөнүү жөнүндө акылдуу ойлор айтылды. Аларды ишке ашыруунун жолу — биригүү, башка жол жок, — деп сөзүн бүттү Медербек бий. — Бали, чечен экен. — Жаштайынан көй кашка чыккан эр, - деген үнгө удаа бийлердин катарынан сарыбагыштын тынай уругунун билерманы Карабектин Жантайы сөз алды: — Кудай кааласа ар бирибиздин көңүлүбүздө багып жүргөн ойлорубуз ортого салынып жатат. Илгерки ата-бабаларыбыздын мурасын улап, өз алдыбызча түндүк көтөрүп, кыргыз болуп түтүн булата турган кез келип турат. Медербек бий айткандай, учуру келгенде иштелбеген иш айрандап калат. Карап көрсөк, мен Жангарач бийдин сөздөрүн кайталоочудай болуп турам. Дин ислам тиректери болуучу Букара Коконду чаап алса, Кыйва Букараны чаап алганы казак ханы Кенесары менен кутум түзүп жатса мусулмандардын айласы түгөнгөнү турат го. Кенесары өз казагын бириктире албай элинин канын төгүптурганы аз келгенсип, Кокон менен Букаранын ортосуна шынаа урганы бул кишиден жакшылык күтүү кыйын го деген ойго салат. Жангарач айткандай, ал бул тейи менен эртеби кечпи кыргызга чабуул салуусу ыктымал экенинен кабар берип турат го. Кокондун абалы бул болсо, Кытай да бекер отурган жок — ал да бери ыктытып турат. Көргүлөчү, кандай абалда турабыз?! Мен көптөн бери ойлоп жүрөмүн, өзүбүзчө бийлик күтүп, колго курал алып, ирегебизди коргойлу, жерибизге ээ болуп, там салалы, бак тигели, малыбызды да багалы, эгин да эгели. Катуу жаза колдонуп, ууру-кескилердин жолун бууйлу. Шариат тутуп, тазаралы, билим алып агаралы, өнөр үйрөнүп, алга жылалы деп. Ормон баатыр да ушундай ойдо. Биз экөөбүз көп сүйлөшөбүз. Медербек айткандай, ушул иштердин башында туруп, кыргызга туу болор эр бар. Бир бүтүмгө келсек аны мен да айтамын, — деп сөзүн бүттү. — Кантсе да Атаке баатырдын насили да, таамай сөздөрдү айтты. — Эл камын ойлогон эр да, — деген үндөр угулду...
Курултай башы Ажыбек бий: — Иншалла, жакшы санаалуу ойлор ортого салынып турат. Эми көптү көргөн көсөм Миназарбийди угалы, — дегенде, жашы улгайса да эр сымбаты кете элек, орто бойлуу, кең далылуу, кызыл чийкил чап жаак, кабагы бийик, куш мурун, көк ала сакалы жайкалган, эндей кийиз калпакчан, боз пиязы чепкенинин ичинен кийген кара нооту кемселине ак мата кур курчанган, салабаттуу карыя ордунан турду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Эртеден бери айтылган сөздөрдү мен да кыбам кана угуп отурамын. Калайык-калктын бүгүнкүсү, эртеңкиси, урпактардын келечеги менин да тынчымды алып жүрчү эле. Калмактардан кутулганыбыз менен бир четибиз чиндерге, бир четибиз caрттарга, бир четибиз орустарга ооп кетчүдөй болуп турабы деп чочуймун. Кенесары хан да, бийлер айткандай, эртеби-кечпи кыргыздын кыйырын басып келүүчүдөй го, орус менен кармашканын бүтө албай туруп, Коконго кол салышы ушул жагдайдан кабар берип турабы деп ойлоймун. Жоо жакадан, бөрү этектен алып тургандай абалдабыз. Ормон баатыр айткандай, кылычын алып жоо келсе шамыян кайтарар алыбыз барбы? Алсызбыз, анткени биримдигибиз жок. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» дегендей, орой көз чарай отурганда көзгө эле айтышалы. Көзү жок көгөн, башы жок бака сыяктуу эле абалдабыз. Медербек туура айтты. Кыйратып койгонсуп бирибизди-бирибиз чаап алабыз. Өзүбүздүн жилигибизди өзүбүз чагып отурбайбызбы, туугандар. Ата-баба бизге мураска биримдикти калтырбады беле. Байыркы ата-бабалардын ынтымакты туу тутуп, уюткусун коргогонунан бир мисал келтирейин. Ордо оюнун алалычы: тегерете чийилген чийин эл чеги, ортосунда кут болуп хан жатат. Элин коргогон эки тарап элестейт. Ханды ордодон черттирип жиберген тарап жеңилет. Ойлоп көрсөк бул ата-бабанын: “элиңерди коргой билгиле” деген мурасы тура. Бул осуят бизде азырынча оюн боюнча гана калды, — дегенде эл ичинен: — Оо, капырай, ойго келбеген таасын сөздү айтты. — Ошол үчүн Миназар көсөм дешет да, — деген үндөргө аралаш бий сөзүн улады. — Оюнду хан күткөнсүп ойнойбуз. Жашоодо бытырап өзү башпыз. Үй ээсине баш ийбесе үй бүлөөдө ырыс болобу. Бир мыйзамды тутуп, бирөөгө баш ийбес элде ырыс болобу, биримдик күч, журт уюткусу болобу. Мен жоруптабай так эле айтайын, хан көтөрүп, шариат жолунда мыйзам тутпасак бир бүтүн эл боло албайбыз. Баары үчүн милдеттүү мыйзамдар керек. Алык-салык, жаза-айып баары акыл ченеминде болуу керек. Жети өлчөп бир кесип, качырата катуу кармоочу кол, акылга жуурулган ак албарстай курч кайрат керек. Ушул сапаттарга ээ кайраттуу адам бар деп айтышпадыбы алдыда кеп урган бийлер. Андай кишини мен да көрүп турамын, — деп сөзүн аяктады. — Жарыктык кимди айтат? — Ормон баатырды айтат го. — Анда жөнү бар. — Боронбайчы? — Жок, ал киши оомараак деп угабыз, — деген сөздөргө аралаш бий ордуна отурду. Эл ичинде уу-дуу басаңдай түшкөндө курултай башы черик Ажыбек бий: — Алыскы Анжиян, Алайдан атайы ат арытып келген, Кокон ордосунда овозгер вазийпасын туткан айтылуу Алымбек датканын сөзү биздин курултайга өтө лаазим болуп турат, — депоң жагында ойлуу отурган сыйлуу конокту карады. Эр ортонунда, бою да, ою да толукшуп турган буудай өңдүү, тегерек жүздүү, бийик кабак, үрпөгөйүрөөк кара каш алдындагы бакыракай сурмалуу көзүнө акыл уюган кырдач мурун, эриндери калыңыраак, сыпаа серпилген сыйда сакал-муруту чырайына төп келген, төбөлүү ак алпак, ак суп чепкен ичиндеги тик жакалуу кара кемселине күмүш кемер курчанган Алымбек датка ордунан тура: — Ассалоому алейкум, Ала-Тоо, Арка жергесиндеги боорлош туугандар, алыскы Алай, Баргана, Анжиян чөлкөмүндөгү туугандардан салам дуба алып келдик. Биз бүгүн жуда курсант болуп турбуз. Бүгүнкү жами кыргыз үчүн маанилүү курултай жыйынга бизди атайылап чакырган Ормон баатырга, жана жами Ала-Тоо, Арка билермандарына ыраазылык билдиребиз. Башыбыз Чүй, аягыбыз Алай болсо да жами кыргыз жөнү бир. Жашоо тиричилигибиз, алдыда күткөн максатыбыз бир. Ушул азыр жами Түркстан эли башынан кыйын кезең күндөрдү өткөрүп туру. Айтып өтүштү го акылман бийлер, Түркстан чөлкөмүндөгү үч мусулман хандыгы Букара, Кыйва, Кокон бири-бирине душман болуп турат. Букара Кокон хандыгын кулатып бийликти убактылуу колуна алып турат. Түн жактан орус жылып келатат. Казак туугандарды түшүнүү кыйын. Кенесары султан орус менен эле согушпастан өз элине да кол салып, анысы аз келгенсип, Кокон жергесин басып кирип СырДарыя боюндагы айрым чептерди ээлеп турат. Мына ушундай оор абалда кыргыз эли да өз аргасын издегени оң. Жашырганда эмне, Нарбото бий көтөргөн ордого ишенимибиз чоң эле. Акыры дин мусулман Түрк насили бир болобузбу деген ойдо жүрчү элек. Эми ордо башсыз, Букаранын тепсендисинде турат, келечеги күүгүм. Алтын бешик мураскорлорунан баш көтөргөндөрү бар. Бирок азыр болжоо кыйын. Ошондуктан кыргыз эли өз тагдырын өз колуна алганы дурус. Эртеден берки айтылган сөздөргө көңүлүм уюп турат. Миназар бий таамай айтты хан ордосу жөнүндө. Иншалла, Кыргыз ордосу болсун. Арабыз алыс болсо да, тилегибиз бир. Эми акыркы сөз, масилетте бийлер хан ордосу көтөрүлсө, хандын бийик вазыйпасын аткарар акылман, кайраттуу көсөм киши арабызда бар дешти, бүтүм болсо ысмын айтабыз дешти. Мени кечиргейсиздер, алыстан арзып келген укугумду колко этип, оюмду айтайын, андай эрди мен да көрүп турамын. Балким ойлорубуз, Иншалла, бир чыгып калар. Ормон баатыр Ныязбек уулу кыргызга хан болуучу эр, — деп сөзүн бүткөндө, эл ичинен



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Айтпадым беле Ормон деп. — Өзүн хан болуп бер десечи? — Кайдагы, Алайдан көчүп келмекби. — Ормонду туура айтты. — Башка киши да бар, — деген үндөргө удаа курултай башы Ажыбек бий: — Оо, калайык, Кудай алдында эл мүдөөсү козголуп, келечек жөнүндө олуттуу кеп болуптуру. Атпай кыргыздын жүгүн көтөрүп жүргөн лөктөр ойлорун ортого салышты. Эми менин баамымда Калыгул акылмандын оюн уксак, — деди. Caрт акеден кийин Ныязбек бийдин оң жагында сөзгө кулак төшөй ойлуу отурган, таасын ой, нускалуу сөздүн ээси катары оң-солго таанымал Калыгул Бай уулу ордунан тура, сакалын сылай, тунжурап, жыйынга көз чаптырып турду да: — Алла тааланын ырайымы алдында бар болгула калайык, башыңар бүтүн, бооруңар эсен болсун, — деп демин бир жыя сөз улады. — Замана которулуп, салт-санаа өзгөрүүчү кыйын кезеңде турабыз. Мезгил учат закымдап, биз билбеген өнөрлүү заман келет такымдап. Байыртадан көрөңгөсүн сактап келаткан азгантай элбиз. Мына эми тобокел Алла деп заман толкунуна туруштук берүүнүн камында бололу. Дин ислам, Атпай түрк биримдигине доо кетип турганын айтышты. Казак туугандар жөнүндө да айтылды. Мен кайталап отурбайын, айтышпадыбы — абал өтө оор. Орус жөнүндө айтарым, өнөр-билимдүү калың эл экен, ымала болсо элге өнөр-билим жугар беле. Бирок азгантай элдин тили, дилине, динине күч келер дейм. Келечек бүдөмүктөп, даана болгоолонбой турат. Кандай болсо да Аллага тобокел деп кыргыз өз тизгинин өзү кармар кез келип турат. Бул жөнүндө акылман бийлердин сөздөрү орундуу. Алымбек баатыр туугандык жакшы санаасын билдирди. Ырыс алды - ынтымак. Ынтымагың болбосо, Алдынан таяр Алтын так, — деп сөзүн бүтүрө ордуна отурду акылман. — Бали, акылмандын сөздөрү кандай орундуу. — Бар сөздөр го. — Олуя да. — Айтса, айтпаса төгүнбү, ынтымак болбосо ырыс качат да, — деген колдоо сөздөр угулуп турду. Курултай төрүндө отургандардын баарынан жашы улуу айтылуу акылман Caрт акеАжыбек бийге бурулуп бир нече сөз айтып, күлө бага ордунан турду. Жашы жүзгө таяса да карыя сымбаттуу да, кайраттуу да көрүнөт. Ак суп чепкенчен, башында төбөсү учтуу тепчиме ак топу, жазы маңдай, өскүлөң ак каштуу, курчу кайта баштаган сурмалуу көзү ойлуу тунжурайт, сыпаа серпилген ак сакалы төшүн жаба жайкалат. — Бар болгула, калайык, мен жашымдын улуулугун колко кылып, курултай башыдан уруксатсыз сүйлөйүн дедим, — деп күлдү да, — андай эмес, башсыз иш жылбайт эмеспи, Ажыбек баатыр уруксат берди, — деп сөзүн улады. Оо, мындан көп жыл илгери Ныязбек бийдин үйүндө сый үстүндөгү субхатта жаңыдан эл аралап келаткан Ормондун «кайтарыксыз үйүрдү бөрү бөлөт, ууру алат* — деп капыя айткан сөздөрү жадымда жүрөт. Ордо күткөн эл элек, азыр Миназар бий айткандай, дөөлөтүбүз ордо оюнубузда гана калды. Элибиз чачырап ээсиз турат. Алыскы Энесай, Алтайды, Манас доорун айтпаганда, Бабабыз Тагай бийдин тушунда эле кыргыз ордосу өйдөкү Барскоондо турган экен. Желдей сызып, кумдай куюла жылдар өттү. Тагдырдын оош-кыйышы, Алла тааланын жазуусу экен ордо бузулуп, эл чачыраганына көп болду. Ар иштин бышып жетилген убагы болот. Учур өтүп кетсе, иш айрандап, өкүнүп калышыбыз ыктымал. Калыгул айткандай, заман өзгөргөнү турганы го. Кандайча өзгөрөрүн бир Кудай өзү билет. Не болсо да ушул кыйын кезеңде биригип, баш кошуп бирге бололу. Узун сөздүн кыскасы, келечекте өсүүнүн нускасы. Жараткан Аллатаалага сыйынып, хан ордосун көтөрөлү. «Аллохи Акбар», — деп касиеттүү карыя алакан жайганда, «Аллоху Акбар» деген курултай толкуну аба жарды. Батадан кийин ак селдечен молдо Курани каримден узун сүрөө окуп, фатва жасады, курултай төрүнө ак айчыктуу кызыл туу көтөрүлдү, сурнай үнү бапылдап, Кыргыз коомунда улуу бурулуш болгонунан кабар бере, элдин жан туюмун дүрбөтүп турду. Сурнай үнү басыла, курултай башы Ажыбек: — Алхамдулиллахи шүгүр, Алла тааланын атынан Курани каримден фатва түшүрүлдү. Кыргыз хандыгы жөнүндө эл вакилдери курултай батасы менен бүтүм болду. Эми хан көтөрүү ырасмиси калды. Ага Кудай буюрса эртең киришели. Бүгүн конок үйлөрдөн сый көрүп, эс алгыла, — деп жыйынды таратты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Асман чайыттай ачык. Күн тоо кыркасынан аркан бою көтөрүлгөн Орто-Токой оозунан соккон сыдырым желге курултай төрү дөңгө сайылган ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, жанына түпөктүү найза сайылган хан көтөрүү аземин күткөн жыйын толкуп турат. — Ак айчыктуу кызыл туу,
Аба жарган ызы-чуу.
Ата-журтун коргогон,
Айкөл Манас кеби бу, — деп туу алдында манасчы күпүлдөйт. Манасчынын эргүүсүн коштогонсуп бапылдаган сурнай үнү курултайда хан көтөрүү аземи башталарынан кабар берди. Курултай башы Ажыбек бий ордунан туруп: — Алхамдулиллахи шүгүр калайык, ордолуу журт болдук. Ата-бабабыздан калган туубузду жайдык, түпөктүү найзабызды сайдык. Хан ордобуз көтөрүлгөнү ушул. Эми, калайык, байыркы бабалардын салтын улап, жами кыргыз үчүн кам көрүп, кара кылды как жарган калыс боло турган, кашкая калк камын ойлоп, кара өзгөйлүктөн алыс боло турган, кылычын алып, кыйырды бузуп жоо келсе кол баштап, эл сактай турган, кылкылдаган мал бактырып, кызылын күрөп дан бастырып, эл бага турган, шариат жолун туттуруп, ууру-кескилерди жоюп, мечит, медресе курдуруп, балдарды окутуп, элди агарта турган, өнөр-билим үйрөтүп алга сүрөй турган, аттанып чыкса ак жолтой, алышкан жоого сан колдой эрендердин бирин хан көтөрүп алалы. Кана, сөз силерде, калайык, — деп элге кайрылды.

Эл ичи дымып курултай бир тынымга үнсүз турду. Саруу Алчикен уулу Ажыбек датка ордунан тура үнүн бийиктете: — Оо, калайык, элибизде эрендер арбын, Кудаага шүгүр. Ошентсе да биринин чечендиги, жоомарттыгы жетишсе, көсөмдүгү төп келбейт. Камбылдыгы, чукугандай сөз тапкан, чукул жерден жол тапкан амалы жетишсе, кашкая чыкчу кайраты жетишпейт, жоо качырып колбаштаар айбаты жетишпейт. Биринин кайраты, жоого каршы айбаты жетишсе, акыл калчаган кыраакылыгы жетишпейт, кашкая жара тарткан катаалдыгы жетишпейт. Албетте бул жалганда телегейи тегиз, кемчиликсиз киши жок дечи, ошентсе да караңгыда жол таап, карайлаганда акыл таап эл баштоочу, тайманбай тосуп жоо майтарчу кайраты, айлакер кыраакылыгы, кашкая жара тартчу катаалдыгы, кара кылды как жарган калыстыгы төп келген эрен арабызда бар. Эсенгул баатырдын небереси, Ныязбек бийдин уулу Ормон баатырды кыргызга хан көтөрүп алалы, калайык, — деп жыйынды айланта карап бир аз турду да, ордуна отурду. — Туура айтты. — Коконго көрсөттү го кыргыздын азуусун. — Көк мелтей, көйкашка. — Андан мыкты да бардыр, — деген үндөргө удаа Карабек уулу Жантай бий ордунан тура сөз алды: — Ажыке датка таамай баалады Ормон баатырды. Бала кезинен жоого аттанып, эл коргогон,жаш кезинен эл аралап, акыл калчап эл ишине аралашкан, адилетсиздикке кашкая каршы туруп, ханга каяша берген эрдигин эли баалап турган, көк мелте эрдиги, эч нерседен жалтанбас шердигине талаш жок. Баарыбыз эле тебетейди кырданта кийген менен Ормондон өтөрүбүз жок. Кара кыргыз үчүн каруусу казык боло хан даражасында кызмат өтөп өткөн айтылуу Эсенгул баатырдын небереси кажарлуу эр, хандыкка башы жаралган Ормонду хан көтөрөлү, — деп ордуна отурду. — Кайран бийдин сөзмөрлүгү. — Атаке баатырдын тукуму да, — деген үндөр коштоду бийдин сөзүн. Саяк Дуулат курултай башыга карап: — Ажыке баатыр, бул кутмандуу окуяга калың саяк элинин атынан сөз кошпосом айлымды аралай албай калам го, — деп күлдү. — Оо, баатыр, сиз сүйлөбөсөңүз курултайдын куржуну толобу, — деп күлө бакты Ажыбек. — Кадырман калайык, өйдөгү сөздөр айтылып, менин да кыбам канып, жетине албай отурам. Бүгүн кара кыргызга тобокел Алла деп хан шайлоочу касиеттүү күн болгону турат. Коңшулардын абалы, бизге мамиле жөнүндө бийлер айтышты. Үч тараптан кысып турушпайбы, биз муштумдай түйүлүп, кайраттуу туралы. Ормон баатыр жөнүндө төп сөздөр айтылды. Тайлак баатырдан кийин, эл четинде жоого сес көрсөткөн кимибиз барбыз Ормон баатырдан башка. Чычалабай эле коёлу, көбүбүз үйдө баатыр жоодо жок дегендей элебиз. Жантай бий туура айтты. Ормондон өтөрүбүз көрүнбөйт. Саяк элинин атынан колдойбуз, —деди Дуулат. — Саяк элдин тыңы. — Бийи да тың көрүнөт. — Тукуму мыктылардан эмеспи, — деп жактырган үндөр. — Эл тагдыры таразага түшүп турган маанилүү курултайда солто элинин атынан ой кошоюн деп турамын, датка аке, — деп Ажыбекке кайрыла ордунан турду Жангарач бий. — Арийне, урматтуу бий, сүйлөңүз, — деди Ажыбек. — Кечээтен бери эл тагдыры, жер тагдыры жөнүндө оюмду айттым эле, бүгүн хан көтөрүү жөнүндө бир-эки ооз сөз сураймын. Омоктуу ойлор айтылып турат. Хандыкка көтөрүлүүчү кишинин тагдырына суктанууга болбойт. Мындай оор жүктү көтөрүү эбегейсиз зор машакат. Аны көтөрүү үчүн Ормон баатырдыкындай кебелбеген сабырдуулук, кашкайган катаал кайрат, кыраакы айлакерлик керек. Күчтүү коңшулардын курчоосунда хандык жүргүзүү үчүн чукулунан эп тапкан айлакерлик, ийкемдүүлүк, акылга жуурулган катаал кайрат, ыгы келсе душманды адаштырып, айласын кетире турган бардаш, ыктуу опуза да керек. Кыйынчылыкта жанды оозго тиштеген сабырдуу тобокел керек. Мына ушул сапаттары бар Ормон баатырдан өткөн хандыкка жарачубуз жок. Ормон баатыр хан болсун, — деп ордуна отурду Жангарач бий.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Айтылчу сөздөр толук эле айтылды. Байыркы ата-бабалардын салтын улап, мен азыр карыялардан бата сурагым келип турат. Ак суп чепкенчен, ак топучан, ак сакалы жайкалган карыя каалгый ордунан турду. Бул касиеттүү кары айтылуу Caрт аке туу алдына келди. Күн нуру чайыган күздүн булутсуз асманы шаңкая мелтирейт, ак айчыктуу кызыл туу айдарым желге желбирейт. — Алхамдулиллаи, — деп демин жыя сөз баштады үнү дирилдеп, көңүлү көлбүп турган карыя. — Оо, кудурети күчтүү, ырайымы чексиз, мээрбан Алла таала, кул пенделериң кыйын кезеңде жол сурап, алкоо күтөт. Чачылганыбыз жыйылып, өзүңдүн амириңди, чачкан ырыскыңды насип эткен бир бүтүн ордолуу, уюткулуу эл бололу, деп мунажат кылып турабыз. Эл тилегин кабылдай көр Жараткан. Хандыкка Кудаанын кулу, Мукамбеттин үмөтү Ормон Ныязбек уулунун аты аталды. Аны өзүңдүн атыңдан калайыктын батасы менен хан көтөрүп бүтүм кылалы. Оо, Жараткан, өзүңдүн кулуң, Мукамбеттин үмөтү Ныязбек уулу Ормон кара кыргыз элинин бул жалгандагы жүгүн аркалап, анын убал-сообун мойнуна алып, кыямат күнү өз алдыңда жооп берүүчү, кара кылды как жарган калыс, калкына алымдуу, карып-мискин бей-бечараларга кайрымдуу, шариат жолун тутуп, элди тазарткан, окутуп өнөр үйрөтүп, элди агарткан, кыйынчылыкта элине жол баштаган, кыйырды бузган жоо келсе кол баштаган, элине камкор болуп, өзүңдүн жардамың менен бейкутчулук, береке алып келген, өрүшүн кеңейтип, өркөнүн өстүргөн ак жолтой хан болсун, оомийин, Аллоху акбар, —деп алакан жайды, «Аллоху акбар» деген демдүү дуу абаны толкутту. Курани каримден сүрөө окулуп, фатва түшүрүлдү. Боз пиязы чепкен, ак калпакчан, кара сакалы жайкала төшүн жапкан, узун бойлуу, кең далылуу, Ормон туу алдына келгенде ханды куттуктаган сурнай, керней үндөрү кыргыз коомундагы олуттуу окуядан кабар бергендей, жыйын үстүндө жаңырып турду. Төшүн басып, элге таазим эте жаңы көтөрүлгөн кыргыз ханы: — Оо, элим, чоң ыракмат, чексиз ыраазымын. Кудай таала алдында менин башыма сыймык кондуруп, эбегейсиз оор жүк жүктөдүңөр. Хан болоюн деген оюм жок эле десем Кудай алдында жалганчы болормун. Мартаба, мансапты ким эңсебесин. Көңүлдө жүргөн иш эле. Көңүлдө жүргөн иш эле дегеним, эртеден бери эл башындагы бийлер, кыраакы карыялар айтып олтурушкан элибиздин учурдагы кыйчалыш абалы, келечек тагдыры мени да кыйладан бери миң толгонтуп түйшөлтүп, атаганат ушундай кезеңде чачыранды элибиздин башын бириктирип, анын тагдырын тайманбай мойнуна алган бир азамат болсо, а мүмкүн,Алла таала буюруп, эл ишеничи мага берилсе элди кандай жолго баштоо керек, кантип элдигин, биримдигин сактоо керек, өзгө ордолуу элдерге канткенде тең ата болобуз, деген жүрөк өйүгөн ойлор көңүлдө уялап жүрөр эле. Жана «мансап» дегенде мен керт башымдын ыңгайын эмес, мына ушуну айткан элем. Ооба, хан болгон кишинин жашоосунда жеке жыргал болбой турганын билемин. Өмүрү кооптуу экенин да билемин. Ушул кыйын кезең учурда өмүрүмдү кара кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн арнадым. Калыс, адилет болсом алкабагыла, — ал менин хандык вазыйпам, катаал, ырайымсыз болсом каргабагыла, — ал да менин хандык вазыйпам. Бул үчүн Кудай алдында, ата-бабанын туусу алдында, курултай эл сенин алдыңда ант беремин, — деп Ормон ордуна отурганда, курултай башы Ажыбек ордунан туруп: — Антыңды Алла таала өзү, атпай кыргыз эли кабылдасын. «Аллоху акбар» дегенде, курултай үстү дагы бир ирет бата добушуна жаңырды. Caрт аке, Ныязбек бий, Калыгул акылмандын коштоосунда туу алдына келип, Ормондун башына таажы ордуна кызыл тыштуу кара көрпө тебетей кийгизип: — Таксыр ханыбыз, таажың башыңдан түшпөсүн, таажы ордуна кызыл тебетей кыргызда жалгыз сенин башыңда болсун, калкың үчүн аткаруучу хандык вазыйпаңды Жараткан Алла таала өзү жолдосун, — деп алакан жайганда,жыйын үстүндө үчүнчү ирет Алла тааланын ысмы жаңырды. Карыялар ордуна отурары менен жыйын башы Ажыбектин: — Хан көтөрүү аземин байыркы ата-баба ырасмиси менен аяктайлы. Кана, алып чыккыла ортого ай туякты, ак сарыбашылды, ак кийизди, — деген бийик үнү заңк этти. Чөйчөгү чуңкур акбоз бээ ай туякка, ак төбөл кара ирик ак сары башылга чалынды. Сурнай, керней үндөрүнүн коштоосунда кара койдун канын ак дагырага тосуп, кас-душмандын каны төгүлсүн деп хандын оң колун малдырды. Төрт бүктөлгөн калың ак кийизге кызыл тебетей, боз чепкенчен, кара сакалы төшүн жаба жайкала, бүркүт кабак алдындагы ирмебей тиктеген сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган Ормонду отургузуп, төрт тарабынан экиден сегиз жигит көтөргөндө керней, сурнай үнү жаңыра



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

жарчы: — Мына эми башталды,
Ормон хандын заманы.
Ормон хандын максаты,
Ордолуу кыргыз аманы.
Кара кылды как жарган,
Калыс болсун ханыбыз.
Кара өзгөйдүн саатынан,
Алыс болсун ханыбыз.
Кыйын күндө элиңе,
Жол баштай көр, ханыбыз.
Кылычын алып жоо келсе,
Кол баштай көр, ханыбыз.
Шариат жолун туттуруп,
Дил агарткын, ханыбыз.
Өнөр-билим үйрөтүп,
Эл агарткын, ханыбыз.
Кылкылдап жайыт толтура,
Малын көбөйт элиңдин.
Кырмандан кызыл суздуруп,
Данын көбөйт элиңдин, — деп Орозбак жарчы калайыктын каалоосун ханга билдире жар чакырып бүтө, жигиттерОрмонду ак кийизге көтөргөн бойдон курултай төрүнө баш бийдин жанына алып келишти.Курултай башы Ажыбек ичке кырчын талды колуна ала ордунан турду. Боронбай,Муратаалы, Жантай, Жангарач, Медербек, Качыке, Ажыбек, Миназар бийлер анын жанынакелип талды тутамдап турушту. Ак сакал [moderated] аке кырчынды ортосунан кесип: — Кыргыздын кыйырынан чыккан ушул талдай кыйылсын, — дегенде жыйын жапырт бататиледи. Жыйын үстүндөгү уу-дуу басыла түшкөндө Ормон хан ордунан туруп, коңур бийикүн менен: — Алла тааланын атынан жардам тилеп, биринчи хан жарлыгымды билдиремин. Хандынкеңешчилигине Калыгул аке, Жаманжээн, Сергеян, Шамен дайындалат. Элдин урууларарасындагы өз ара доосу, жесир, жетим акысы, кун төлөө, баш ачуу, ууру-кескилерге айыптөлөтүүнү чечүү үчүн баш бийлик вазыйпасы Минназар, Медербек бийлерге жүктөлөт.Уруунун өз ичинде бул иштерди уруу бийлери өзүлөрү чечишет. Уруулар арасындагыбайланышты, хан жарлыгынын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Саза баштаганжигиттер тобуна жүктөлөт. Кокон, Кытай, Букар, Кыйва, Казак, Орусия бийликтери менентышкы мамилелерди менин көзөмөлүм алдында Байсерке бий жүргүзөт. Аскер курап, колбашчы болууну Төрөгелдиге тапшырамын. Атка минген эр бүлөнүн баарынын үйүнүнтушунда найзасы сайылуу, аты кермеде байлануу тургандай болсун. Кетирекей уулу Алыбек,Субан уулу Адыл Төрөгелдинин аскер ишиндеги жардамчылары болушат. Курал-жарак согууүчүн устакананы кеңейтебиз. Үрүмчү, Кашкар, Омбу, Кокон, Букар жактардан курал-жарак, мылтык, кылыч сатып алууну колго алабыз. Шариат жолун үйрөтүп, мечит, медресеачтырууга кам көрөбүз. Бул үчүн Наманген, Анжияндан аалым молдолорду чакырабыз.Мечит, медресе ачуу уруу билермандарына, оокаттуу байларга жүктөлөт. Эми кыргызга башбий болгон Миназар, Медербек бийлердин сөзүн угалы, — деди Ормон сөзүн аяктай, экижагын карана. — Биз кечээтен бери жыйынга келген акылман бийлер менен кеңешип, ар кандай кылмышүчүн жаза ченемдерин белгиледик. Медербек бий айтып берсин, — деди салабаттуу Миназар.Илбериңки ордунан турган Медербек бий: — Уруулар арасында болуучу айрым калабалуу кылмыштарга: эр өлтүрүүгө 300 жылкы, аялзаты өлтүрүлсө 150 жылкы кун төлөнсүн. Бирөөнүн никелүү аялын бузгандарга 40 жылкыайып салынат, уурулар уурдалган малдын башынан үч эсе көп айып төлөшөт, эң аз болсо биртогуз төлөйт. Хан жарлыгы ушундай, — деп сөзүн бүткөндө: — Оо, калайык, Кудаага шүгүр, курултайыбыз максатына жетип, кара кыргызга ханшайладык. Эми уруулар ичиндеги арыздоолорду кароого өтөлү. Кезеги менен уга берели, —деп бийлерге кайрылды.Жесирдин башын ачуу, жетим акы, кун төлөө жөнүндөгү арыздарды караган курултай эртесикечинде бүтүп, келгендер хан сыйын көрүп айылдарына тарашты.Хан көтөрүү ырасмиси бүткөндөн кийин Ормон хан айылында түлөө да өткөрбөдү. Ордоүйүнө байырлабай, таң саардан ат үстүндө мал-тегесине көз салат, айылдарды аралай эшик алдыларына токтоп, ат жалынан даам сыза, ал-жай сураган болот. Кеч кыстай үйүнө кайтып,эч кимди кабыл албай, түнөрүп отурууну өнөкөттөп жүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 16 Март 2019 - 15:45



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бүгүн да кечке ат үстүндө айыл аралай жүрүп, кеч кыстай ордо үйүнө келип түштү. Атын алып, салам берген жигиттер үйдө атасы Ныязбек бий баштаган меймандар отурушканын айтып, эшик ачышты. Төрдө Ныязбек бий, Калыгул акылман, алардан төмөн Жаманжээн, Сергеян, Шамен кеңешчилери, Байсерке бий, Саза дасторкондон даам сызышууда. Бөйрөктүү самоор шуулдап, чайчы жигит бошогон чыныларга чай куюп, илбериңки узатууда. Төшүн баса салам айта кирген Ормон ханды көрө баары орундарынан турушту. — Алейкума салам, таксыр хан, келиңиз, — деп күлө бага атасы Ныязбек бий орун жаңсады. — Оо, жарыктыктар, орунуңардан турбасаңар боло, мени кыжалат кылганыңар кандай? —деп кол алыша, атасы менен Калыгул бийден төмөн орун алды. — Мен сага ата болсом, сен кара кыргыздын ханысың. Мен сага уулум катары ымала санасамда, кара кыргыздын ханы катары сыйлоого милдеттүүмүн, — деп сакалын сылай, ичинен келме келтирип, тобо кылды Ныязбек бий. — Бар кеп, өз жакындарың сыйлап хан тутпаса, калайык-калкка кайдан кадырың болмок, —деди салабаттуу Калыгул бий. Чай ичиле дасторкон жыйылып, бата тиленип, үсүр-масир аңгеме жүрдү. — Хан болгондон бери кабагың бүркөө, ордо үйүңө байыр албай, ат үстүндө талаалап жүрөсүң. Эл арасынан тартуу менен келгендерди да кабыл албадың. Алар өзүңө жолуга албай,бизге келип куттук айтып кетип атышат. Бу хан каадасын күтпөгөнүң кандайча? — деп Ныязбек бий уулуна суроолуу карады. — Байым, — деп атасына жылуу ырай менен жүзүн бура сөз улады Ормон хан. Хан көтөрүү кыйын эмес экенин көрдүңөр. Эми мага хандыктын жүгүн аркалоо эбегейсиз оор экени туюлуп турат. Бул калың элдин убал-сообу го. Ушул оор жүк нык басып, уйкум үч бөлүнүп, өзүм менен өзүм кеңешип, машакат тартып жүрөм. Бир чети пендечилик кылып өзүмдү алаксыткан болом. — Албетте, хан болуунун сөөлөтүнөн мээнети күч экени байыркылардын өмүрүнөн көрүнүп турат го. Сөөлөт күтпөсө мээнетти көтөрө албайт го, журт ээси хан, — деди Ныязбек бий. — Сөөлөт эби менен болсо, мээнет чеги менен болор. Сөөлөт бийликке жөлөк болгондой чекте болсо, ал хандын кадыр-баркы үчүн керек. Бирок бийлик адилет болбосо анда барк болобу, сөөлөт бир сөлөкөт болуп калат да, — деди Калыгул аке. — Кебиңиздин төркүнүнө кулдугум бар, Калыке, — деп акылмандын жүйөөлүү сөзүнө тан бере сөзүн улады Ормон хан. — Кеп ошол сөөлөт менен мээнеттин менде айкалыша албай турганында болуп турат. Туш-туштан курчап турган кошуналарга көз жиберсем, баарынын курал-жарактуу, машыккан көп аскерлери бар, алтын, күмүш толо казыналары бар, кампалары толо эгини бар. Биз болсок көчүп-коно чар жайыт күн көргөн, өнөр-билимден артта турган азгантай элбиз. Кыйырды бузган күн келсе кандайча туруштук беребиз деп ойлойм. Өз ара жай мамиледе биз аларга эмнебиз менен теңеле алабыз деп ойлойм да, арга издеп, алп урушуудамын. — Айткандарың орундуу, бирок баары эле бир күндө шайма-шай болуп калбайт да. Элди жалпы ынтымакка бириктирип, адилет бийлик жүргүзсө, ынтымакты туу тутуп, элди адал эмгекке үндөгөн өкүмдарды Алла таала максатына жеткирет. Албетте элдин жүгүн көтөрүү оор жүк экени талашсыз. Ошол оор жүктү көтөрө алат деп элкөп ичинен сени тандабадыбы. Тагдырың ошол — көтөрүүгө туура келет. Ойлонуп,кыйналып жүргөнүң жакшы жышана, жүктү көтөрүп ашуудан ашарыңдын белгиси, — деп жылмайды ойлуу отурган Калыгул аке. — Алла таала башыңа бак кондуруп, өзүң айткандай, калың элдин тагдырын, убал-сообун мойнуңа жүктөдү. Жүктүн оордугун туйганың жакшы. Калыкең айткандай, эл ынтымагын туу тутуп, сабыр күтүп, аракеттенгин. Мен көп жашадым, көптү көрдүм, өмүрүм кылыч мизинде, найза учунда дегендей кырдаалда өттү, кара таандай калмак менен каруулашып. Ал кезде иш бир беткей өңдүү эле. Азыр шарт башка болуп калды, заман өзгөрдү. Замана жол айрылышына келип такалган сыяктуу, туш тарап кысыла баштагансып, элдин келечеги бүдөмүктөп турат го, — деп сакалын сылап, бир тынымга үнсүз тунжурай түштү да, башынан көптү кечирген Ныязбек бий сөзүн улады. — Жумуру баштуу пендеге бир келүүчү өмүр өтөлгөлүү болгону дурус. Ошол мүмкүнчүлүктү сага Алла таала берди, уулум. Өмүрдүн өтөлгөсү ушундай кыйын кезеңде толот. Эми, бактың чоң, жүгүң оор, учуруң кыйчалыш, Кудайдан кубат тиле, — деп сөзүн бүттү.

Үй ичи сөзгө уюп,бир азга тынч боло калды. — Ырас келипсиңер чакырып келтире албай турган керектүү кишилерим, — деп обдула санын таяна сөз улады Ормон хан. — Көптөн бери калайык үчүн тобокелге бел байлап жүрдүм эле. Тобокелдин салмагын башка бак конгондо ашкере туйдум. «Арстан алсыздыгын билгизбей жүнүн түктүйтөт», деген накыл биздин азыркы абалга дал келип тургансыйт. Хандыктын шайы ичинен жупуну болсо да, сыртынан аны салттуу, сүрдүү жана катаал кармоо зарыл дейм. Бул үчүн оюмду силерге билдирип койгонум жөн болор. Сырттан келген кербенчи, соодагерлер, календер, дербиштер ордо күткөн айылга жакын жолотулбасын. Кимде-ким мындай кишилерге ордонун ички абалынан маалымат берсе аёосуз жазаланат. Тескерисинче андай кишилерге ордонун абалын көтөрө чалып, ханды сүрдүү, каадалуу, катаал деш керек, андай жолоочуларга жолугушу ыктымал кишилер аяр жана сөзгө даяр болуулары зарыл. Мында Тайлак баатырдын тагдыры бизге сабак болууга тийиш, — деп кеңешчилерине астыртан көз жиберди. — Айтмакчы, Коконду Аксылык Нүзүп бий баштаган кыргыз колу Насрулла эмирдин өкүлүнөн тартып алып, Алтын бешик урпагы Шераалыны такка отургузуптур деген кабар угулду. Бирок азыр Кокон баш-учун жыя элек шекилдүү, кабарың бардыр, — деп Ормон ханга сылык кайрылды Калыгул аке. — Кабарым бар, Калыке. Букар өкүмүнө караганда, бул бизге бир аз жагымдуу болор деп ойлойм, — деди Ормон хан. — Шераалы хан бу биздин Таластык Ажыбек датканын бир тууган жээни болот тура. Так талашуучулардын көзүнөн далда эр жеткизген даткага ыракмат, — деп сөзгө аралашты Жаманжээн кеңешчи. — Туура айтасың, атасын так талашат деп чочулаган Алим хан өлтүрүлгөндөн кийин датка энеси экөөнү өзү асырап, Шераалыны эрезеге жеткирген тура. Бул кабар менин көңүлүмө толду. Эми элчи жиберип, Кокон менен мамиле түзөбүз. Коконго элчиликке Байсерке бий сиз барасыз, — деп Ныязбек бийдин сол жагында отурган салабаттуу бийди карады да, — Ормон хан сөзүн улады: — Арстан жүнүн кандай түктүйтөрүн билесиз да, коңшулук мамиленин шарттарын сүйлөшөсүз, Кокон чептеринин келечегин макулдашасыз. Бизге ак ниеттүү аалым молдолор керек. Бийлик менен, ордо менен байланышы жок Кудай момун аалымдарды иликтеңиз. Биз шариат, мыйзам тууралуу элге түшүнүктүү «Жооп наме» китеп жаздырабыз. Ага жарачу аалымды урматтап тосуп алабыз. Акыны өзү каалагандай төлөйбүз. Бул иштер азыр өтө зарурат. Даярдансын бий, кандай дейсиздер, — деп отургандарга кайрылды. — Түзүк ойлор экен. Шариат жолун терең билген ак ниет аалымды ордоңузда такай кармаганыңыз абзел болот. Идиректүү балдарды окутуу керек ошол Кокон медресесине жиберип. Ал жөнүндө да бий макулдаша келер дейм. Кыргыздарга түшүнүктүү китеп жаздыруу өтө керек, — деди Ормон хандын сөзүн ынтаа менен угуп отурган Калыгул акылман. — Жакшы кеп, ири айылдарда балдарды окутуу да дурус болор эле. Молдо аз. Кокон, Букара медреселеринен, Калыкем айткандай, идиректүү балдар окуп келишсе, иншалла, бир аз жылда иш оңолуп кетер, — деп чайын уурттап дасторконго коюп, колун жаңсай ыраазылыгын билдирди Ныязбек бий.

— Эмики ишемби күнгө Төрөгелди, Адыл, Балбай, Алыбектерди чакырткың, аскер иштерин сүйлөшөбүз. Бир жерге жыйып кол күтүүгө чама жок. Ар бир түтүндөн бир эр бүлө аты, найза,кылыч жана башка болгон курал-жарагы менен күн десе күнү, түн десе түнү даяр тургандай болуусун камсыз кылуубуз зарыл, — деди да, оюмду колдошобу дегендей Ормон хан отургандарга көз жиберди. — Арийне, аскерди дайыма чогуу кармоого кайдан күч жетсин. Айтканың туура, уруу билермандарын жыйып келишесиң го, — деди Калыгул аке. — Курултайда патба кылынбады беле. Эми жигиттерди жиберип орундаттырабыз да. Үч айдан кийин добулбас урдуруп, аскер жыйноонун даярдыгын көрөбүз, — деди хан. — Жоокерлерди курал-жарак менен жабдуу жагы дароо бүтпөйт го, кошумча чара көрүлбөсө, - деп сөз кыстарды Шамен кеңешчи. — Ансыз иш болобу. Чоюбай устанын устаканасын кеңейтип, ага жардамга элден чебер усталарды чогултуп, курал согууну күчөтөбүз. Аны менен да иш бүтпөйт. Букара, Кокон, Кашкар жактарга эстүү кишилерден мал айдатып, курал-жарак, курч болот, темирлерден саттырып келүүнү колго алуу керек. Ал жактардан бизге өтүүчү жолдорду мерчемдүү жерлерден тостуруп, туяк пул ала баштообуз керек. Бул ишти Сазага тапшырамын, — деди Ормон хан ойлуу отурган жигит башыны карап. — Бул иш жакшы колго алынса арбын пайда алып келер эле, хан казынасын түптөө үчүн, —деди эртеден бери унчукпай отурган Сергеян кеңешчи. — Туура айтасыз, «Үйдө отуруп эсептеп, кулундуу бээ, ботолуу төө, музоолуу уй, мал аламын, жыя келсем сайда саны жок дегендей, бул өтө машакаттуу иш — деп Сергеянга сала-сал кыла Ормон ханга сөз кыйытты аяр Саза



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 16:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Сөзүңдө калет жок, Саза мырза. Куру кыял курсак тойгузбайт, курулай эсеп короо толтурбайт. Торугарт, Көк-Арт, Бедел, Боом жактан каттоочу жолдордун мерчемдүү жерлерине тосот койдурулуп, бир-эки жума ичинде ишенимдүү кишилер көчүрүлүп барып, көзөмөлгө алгандай болсун. Өзүң такай көз салып турарсың, — деди Ормон хан. — Салык, зекет жыйноодогу баш аламандыкты токтотуп, шариат жолуна ылайыктоо зарурат болуп тургансыйт. Шариат боюнча зекет жалаң гана бей-бечара, карып-мискиндердин муктаждыгына жумшалууга тийиш, — деди Калыгул. — Кокондун көп салыгы менен элди кыстоонун кажаты жок. Биз аскер иши, курал-жарак үчүн гана малдуулардан алабыз салыкты. Жалгыз аттуу, жалгыз уйлуу эмнесин берет. Зекет шариат жолуна ылайык жыйналуу менен молдолордун, бийлердин, айыл билермандарынын колунда калбастан, колунда жок жетим-жесирлерге, балдарды окутууга, арык казып, суу чыгарууга жумшалууга тийиш. Бул маселе уруу бийлеринин жана биздин көзөмөлүбүздө болот, — деди Ормон хан. — Канча суу бош агып кетип жатат. Мен Кочкордун тескей тоолорунан түшкөн сууларды буруп, алыш каздырсамбы деп турамын таксыр, буюрса боз адырлардын алдындагы талаага эгин эгемин, — деди жашынан сарамжалдуу Шамен. — Баракелде, кеп эмес бекен. Ишиң илгери болсун. Иншалла. Сенин ишиң элге өрнөк болгусу бардыр. Биздин курсакты да тойгузат экенсиң, — деп борс-борс күлө инисин эркелете карады Ныязбек бий. — Боронбай бий мыкты экен. Кызыл-Жардын ичине Жуукунун суусун буруп, эгин эгип, мөмөлүү бак-дарактарды тигип, там-тарак куруптур. Кышкы жашоосу да бакубат, ысык үй ичинде. Балдарды окутуучу жайы да бар экен. Ушундай жашоо керек, — деп отургандарды тегерете карады Калыгул акылман. Башын төмөн сала, айтылгандарды ойлуу угуп олтурган Ормон, боюн серпиле түзөп: — Боронбай бий көсөмдүн ишин иштеп атат. Короо-жайы, мөмөлүү багы, там-тарагы көңүлгө толот. Биз дагы Кудай буюрса Сан-Ташка чеп куруп, үй-жай салабыз. Конуш майлоочу күн алыс эмес. Шамендин өрнөгү менен элди жер тырмоого көндүрүү керек. Ар ким мал-тегесине чөп-жемди, үй-бүлөсүнө ун, талканды өзү камдап алгандай болсун. Кыргызга дыйканчылык үчүн жер жөнүндө көңүлүмдө багып жүргөн ойлорум бар. Убагы келгенде көрөбүз. Эми чогуу чара отурганда ички тартип жөнүндө ойлорумду да билдирейин. Мен силердин уулуңар, иниңер, агаңар, жакын жолдошуңар гана эмес, кара кыргыздын баарына бирдей кароого милдеттүү хан экенимди билесиңер. Хан ордосунда ырасмий күзөт болот. Шам-шаркыт каттоого тыюу салынат. Уруу бийлери чече албай турган маселелерди атайын өргөөдө Жаманжээн, Сергеян, Шамен, Сазалар кезеги менен кабыл алып, муктаж болсо мага жолуктурушат. Ашынган кесеп ууруларга, киши өлтүргөндөргө аёосуз жаза колдонулат. Ордодон обочо көрүнөө жерге дарга орнотулсун, зындан казылып, үстүнө үй тигилсин. Булар элди канабайран кылып кыруу, өлтүрүү үчүн эмес, коркутуп, кылмыштан алыс кармоо үчүн керек. Эл ичиндеги ууруларды жоюу үчүн бакан басылат, чылбыр толготулат, зынданга салынып, мал-мүлкү таланат. Уурудан чочуп, жакшы аттарга кишен салуу тыйылсын. Атына кишен салган киши айыпка жыгылат. Эмики аптанын бейшемби күнүнө бийлердин жыйынын курабыз. Бул оор жана ыйык иште мен элден жана баарыңардан колдоо күтөмүн.Эми хандын сөзүн токтотоюн. Дасторкон жайылсын — даам сызышалы. Жарлык, буйруктарым менен силерди тажатып жибердим окшойт, ошентсе да байым, менин жарлыктарыма ак жол, ийгилик каалап, бата берип коюңуз, — деп күлө бага атасына карады Ормон хан. Ныязбек бий алакан жая: — Аллохуакбар, калкыңа алымдуу, кара аламанга кайрымдуу, өзгө, жатка бирдей кара кылды как жарган калыс бол, кара өзгөй адилетсиздиктен алыс бол, душманга ак албарстай курч бол, калкыңа ак олпоктой тынч бол, карааныңдан карып, мискин, жетим, жесир бана тапсын, Кудай колдоп, Кызыр жылоологон касиеттүү хан бол, — деп бата тилегенде баары Алла тааланын атын атап, батага кошулушту. Хан үстүндөгү чакырылбаган жыйын ушундай аяктады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Disappear   16 Март 2019 - 16:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КЕКЭЭР

«Ханды Кудай урарда, калкын чабат».(Эл оозунан)

1846-жыл, чын курандын ортосу. Жаз эрте келип, төл тез ирдене, мал көк уулап жайытта, элчыңыртып кулун байлап турган кез. Жаздын булутсуз асманында Көл башынан көтөрүлгөн күн балкый нурун төгүп, жан-жаныбар жаз мээримине бой сала, бейкут тирүүлүк камында.Ордолуу айыл тоо этеги өндүрдө суу бойлой конгон. Хан ордосу — он эки канат ак үйдүн эшикалды оң ыптасында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, эпчи жагына түпөктүү найза сайылган. Туу түбүндө туулга кийип, кылыч байланган эки жигит күзөттө турат. Ордо үйдөн обочороок тогуз канат эки ак өргөө тигилген. Бири атайын конок үйү: ханга четтен келгендерди хан жигити кабыл алып, хан кеңешчилерине жолуктуруп, хандын кабылдоосуна даярдайт. Кечээ кечинде казак ханы Кенесарынын элчиси Сайдак кожо эки жигити менен келип түшкөн. Элчини Саза тосуп алып, кеңешчилер Жаманжээн менен Шаменге жолуктурган. Эртең мененки чай дасторкону жыйылып, кымыз куюлууда. Төрдө кара көлдөлөң үстүндө кайырма жакалуу ак кемселине жашыл белбоо курчана, жеңил ак чалмасын алчыланта оронгон, жүзү субагай, маңдайы жазы, коңкогой куш мурундуу, коюу сары кашалдындагы көк көздөрү кытмыр тиктеген, жээрде сакал, муруту сыйда тегизделип серпилген элүү жаштар чамасындагы кагелес Сайдак кожо отурат. Кожо аталганы: насили казак аксөөктөрүнөн, Казандагы медреселердин биринен таалим алып, ислам негиздери, чыгыш тарыхын, поэзиясын үйрөнгөн аалым киши, акындыгы да бар. Кенесарынын «эл боштондугу»деген чакырыгын жан-дили менен колдоп, анын кыймылынын алгачкы күндөрүнөн бери кеңешчиси, катчысы катары кызмат өтөп келаткан өз кишиси. Сунулган аякты колуна ала: — Бисмиллахир рахманир рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, — деп бир жутуп, алдынакойду да: — Алхамду лиллахи шүгүр, дурус кымыз экен — ичкиле, — деп жолдошторуна карады.Сунулган аяктар бошоп, экинчи кайталанганда эшик ачылып: — Ассалоому алейкум, азиз меймандар, — деп салам айта узун бойлуу, кең далылуу хан кеңешчиси Жаманжээн кирди. — Алейкума салам, — деп ордунан козголбой алик алды элчи. Жанындагы экөө жана чайкуйган жигит тура калып, алик алышты. Кеңешчи Сайдак кожо жана аны менен отургандардын баары менен кол алыша орун алып: — Жакшы жатып, жай турдуңарбы, урматтуу меймандар, — деп сылык жай сурады. — Кудаага шүгүр, биз өз үйүбүздөгүдөй, ээн-эркин эс алдык. Үлкен рахмет. Кыргыз, казакэлдеринин каада-салты, үрп-адаты айырмасыз окшош экен го. Ушундай жиксиз биримдиктитуюп, бизди жиберген хан Кенесарынын айкөл, көсөмдүгүнө таң кала ыраазы болуп отурабыз, — деди кымыздан татып алдына койгон элчи. — Айтканыңызда калет жок. «Казак, кыргыз карлыгачтын кош канатындай бир тууган эл»деген накыл кеп бар. Карлыгачтын канаттары кагылышпайт эмеспи, ал эми биздин эки элде ушул жагдай бир аз төп келбей турганы гана өкүндүрөт, — деди кеңешчи билинер-билинбес жылмая, мындан мурдараак Кенесарынын инилери Норузбай, Эржандар баштаган жортуулчулардын кыргыз айылдарын чаап, бирок жолдору болбой, куугунтук жеп качып кетишкенин кыйыта. Бир аз ыңгайсыздана түшкөн элчи малдашын копшой сакалын сылап: — Ойбай тусканым, бул тириликте казан-аяк да кагышады гой. Шыны-аяк сынып калышы этимал гой. Ага эш ким кайгырмайды гой. Арты жаксы болсын деп тиленеди гой. Сонын сыңары казак, кыргыздын ынтымагы болсын деп тилегенимиз оң болар, — деп жымсалдады сөзмөр элчи. — Айтканыңыз дурус, казан-аяк кагышканда чыны сынса канча айтса да зыян да. Казан аякты да этият кармаган оң болор, — деди сөз нөөмөтүн кетиргиси келбеген кеңешчи. — Сынмаганы дурус деңизши, сынса ага кайгыруу төлөө болмайды го, тусканым. Одан көрө Орман хан таксыр бизди кабыл алса, жүз көрүшүп, дидарлашсак, касиеттүү Аблай ханнын насили, алты сан казак үч жүзүнүн ханы Кенесары жахангердин салам дубасын тапшырсак деп тиленип турмыс, — деди элчи. — Шашылбай даам сызыңыздар. Ар иштин өз убагы болот эмеспи. Кымыздан ичиңиздер, көктөмдөгү байтал бээнин кымызы. Урматтуу коноктор үчүн атайы жасалган, — деп сылык өтүндү Жаманжээн. Аңгыча эшик ачыла кирген жигит Жаманжээнге кайрыла: — Аке, конокторду хан күтөт, — деп көкүрөгүн баса таазим этти. — Жакшы болот, даамга бата тилейли, — деп алакан жайды Жаманжээн. — Оо, жараткан, жалгай көр пенделериңди. Казак, кыргыз бир тууган эки элге ынтымак берекөр. Ушул эки эл бир болсун, баштарына бакыт консун, кас душмандарына бирге аттанып, жолу болсун. Бейкут, берекеде бирге жашап, өркөндөрү өсүп, өрүштөрү кеңейсин. Ынтымактуу эл болсун, Аллахи акбар, ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, — деп бата тиледи Сайдак кожо. Батадан соң илбериңки жигит эшик ача, меймандар тышка чыгышты. Күн чоң шашке, асманда сейрек ак булуттар жай каалгыйт. Тоо жактан соккон сыдырым шамалга ордоүйдүн эр жагында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, оң ыптасына түпөктүү найза сайылган, туу түбүндө туулга кийип, кылыч байлана, кыска найзаларын кесе кармаган жоокерлер какайышат. Коноктор ордого бет алганда, алдыда бараткан Жаманжээн: — Таксыр хан элчи сизди гана кабыл алат, жолдошторуңуз өргөөдө болушсун, — деп Сайдак кожону ээрчите ордо үйдүн эшик алдына келгенде, туу түбүндөгү жоокерлер найзаларын кесе кармап, зыңкыя бой түзөп элчиге, кеңешчиге ызаат көрсөтүштү. Жандап келаткан жигит алдыга өтүп, эшик ача Жаманжээн алдыга Сайдак кожону киргизди.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 16 Март 2019 - 16:08



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   17 Март 2019 - 09:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Чыгарма коркомдолгону сонун,бирок тарых менен салыштырса шайкеш келбеген факттар да арбын экен. Ошентсе да чанкаган кишинин чанкоосун кандырган кымыздай эле чыгарма болду. Улант автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Аземдүү ордодон мансабына манчыркаган казысы кучак кыргыз ханын көрөм деп келаткан кыяр элчи селт этти. Төрдө кызыл тебетейчен, ак пиязы чепкенди желбегей жамына кебелбей отурган олбурлуу карасур кишинин ирмебей теше тиктеген сургулт көздөрүнөн акылга ширелген кайрат учкуну жанат, жазы маңдай чап жаак субагай кара сур жүзүнө коңкогой кырдач муруну, коюу каштуу терең кабак алдындагы ирмелбей тиктеген курч сургулт көздөрү, сыпаа серпилген узун муруту, төшүн жаба жайкалган кара сакалы бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр да, салабат да берип турат. Ак пиязы чепкенинин ичиндеги тик жака кара кемселине күмүш кемер курчанган, эки санын таяна кебелбей отурат. Эки кадам шилтей сыңар тизелеген элчи колундагы түрмөктөлгөн кагазды суна:

— Ассалоому алейкум, касиеттүү кара кыргыз элинин өкүмдары, кадырлуу хан сизге асманды титиреткен амири күн чыгыш, күн батышка жеткен, Улуу Чыңгыз хандын насили, Жоочу хандын небереси, Аблай хандын небереси, башына теңирим хандык мартабасын кондурган, касиеттүү Алаш хандын атынан калың казак элинин үч жүзүн баш кош турган Кенесары хандан салам дуба, — деп сөзүн аяктай, башын жерге сала таазим этти. Ормон хандын оң жагында Калыгул кеңешчиден төмөнүрөөк отурган хан катчысы Махмуд молдо элчинин колунан катты алып, түрмөгүн жандырды. — Окуңуз, — деди Ормон хан кебелбеген калыбында. Махмуд молдо тамагын бир «кхи» деп жасап алды да, катты окуй баштады.
«Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Ормон Ниязбек углына казак үч жүзүнүн касиетти ханы, Улуг Аблай хан туысын көтөргөн Кенесары кара кыргыз калкынын басына бакыт кондуруны каалаймын. Каптап келаткан апааттан сактап калуу максатында акылман элчи Сайдак кожону аттандырдым. Омбудан каптап орус келатады. Эдилди, Жайыкты кечип, Оралдан өттү. Сарыр-Аркадагы сан казакты алып, Эртиштен чыга Илеге жакындап калды. Андан ары Ала Тауга Чүй боюна ат кояды. Арыны эң катты, аскери көп. Казак, кыргыз эзелтен эл четинде, жау бетинде бирге эдик. Жыргал-куралымыз тең, мал-жанымыз аралаш эди. Биригип жауга карсы күресейик. Казак, кыргыз бириксе Ташкен, Кокон, Самаркан бизден алыс кете алмайды. Мен жауласу ушин эмес, элдесү ушин келатамын. Кан төгүсмейли. Арада өйдө-төмөн жагымсыз иштер болып өтти. Оган салават жарыялаймын. Сендердин акылдан адашуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигити мен бошоттум. Бул катты алган соң жүрегиңердеги коркунучту тастап, мага келип, ханга бас ийип, улы бактыга жетиңер. Эгер менин суныстарым көниңерге жакпаса, анда өз убалыңар өзүңерде. Сендерге ырайым этүчи Хан Кенесары Касым оглы.
мөрүмдү бастым.1244сана, мамыр айы»/


Кат окулуп бүтө үй ичи бир тынымга тынчтыкка бөлөндү. Махмуд молдо катты түрмөктөп, жанына коюп, малдаш уруна отурду. — Элчиде жазык жок, отурсун, — деп аны карабай, мелтиреген калыбында жай унчукту Ормон хан. Сайдак кожо Жаманжээнге катар жай алып отура, алакан жая бата жасаган болду. Кенесары хандын катын ынтаа коюп угуп, ойлуу отурган Калыгул кеңешчи: — Эли-журтуңуз эсенби, урматтуу элчи? Алты сан казак араздашып, өз ичинде кан төгүлүп турат деп угабыз. Кенесары хан өз элин тынчытып, ынтымак күттүрүп коюп, кыргызга ырайым кылайын деп келаткан го? — деп элчиге капыя суроо узатты. Жүйөөлүү жооп табуу кыйынга турган суроого кыстала түшкөн Сайдак кожо: — Кудаага шүгүр, эсенчилик. Мал ичинде да ала бар го акылманым. Кене хандын ыгына көнбөй бөлүнүп, капырларга бой салгандар акыры түбү кайра кошулады гой. КасиеттүүАблай хандын небереси Кене хан Аллахи таала бак берген калк өкүмдары гой, — деп элчи оңтойсуз абалдан чыгууга аракеттенди. — Айтпаса жүрөктө, чаппаса билекте калат дегендей, элчиге оюбуздагыны айтып коёлу. Катка жооп кийинчерээк болор, — деп уруксат сурагансып, Ормон ханга көз жибере сөз улады Жаманжээн кеңешчи. — Катта айтылган сөздөрдөн улам Кенесары хандын ырайым кылганынан коркутканы күчтөй туюлат. Биздин элде: «Какайганга какайгын —байгамбардын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин, — энең тапкан кул эмес» деген накыл бар. Бул жакта ээн жаткан эл жок, чачылып жаткан мал жок экенин Кене хан эстей жүрсө экен. — Эстейди гой, эстүү киши. Кене хан айкөл адамгой. Катта коркутуу эмес, туускандык доомат айтылып тур гой. Хурметли кеңесши ону сиз да куп билип турсуз, — деп жайкаган болуп, Жаманжээндин тизесине колун таяп, күлгөн болду элчи. Ормон хан үн дебей мелтиреп ойлуу. Элчинин сөзгө жүйрүк аракетин байкап отурган Калыгул: — Урматтуу кожо, сизди илимдүү аалым киши деп угабыз. Бул жалганда чындык бирөө эледа. Кайсы жагынан айланбаңыз андан буйтап өтүүгө болбойт эмеспи. Казак, кыргыз теги бир эл. Биринен биринин артык кеми жок. Дини да, тили да бир, кою короолош, айлы аралаш дегендей, бир жамаат эл. Элчи эки элдин ынтымагына данакер болууга тийиш. Кыргыз туугандарыңыздын мүдөөсүн угуп алыңыз. Алдыда ынтымак күтүп биригүү үчүн өткөндөн таалим алганыбыз оң болор. Зордук бар жерде ынтымак болучу беле. Бири-бирибизге өйдөсүнбөйлү. Чөптү кордосо көзгө зыян дегендей, калмак коогалаңынан арыла электе, тынч жаткан кыргызга Аблай хан кыргын салып, Садыр, Жайыл баатырларды шейит кетирип,жазыксыз кан төгүп, элди канабайран кылган эле. Акыры эмне менен бүттү? Эсенгул, Белек баатырлар каршы аттанып, миңдеген казактын да каны төгүлдү. Алардын убал-сообу кимге,— деп башын ийкей, сакалын сылап турду да, сөз улады: — Эки бир тууган элди бириктирип, ынтымак күтүү үчүн өткөндөн сабак алуу керек. Бири бирибизди опузалап, тез артканда ынтымак болобу? Сиз Кенесары хандын алдындагы билимдүү, аалым киши буларды хандын эсине сала жүргөнүңүз оң болор. — Акылманым сөзүңүздө калет жок. Арийне, күч менен ынтымак болмасы ырас гой. Оны Кене хан да куп биледи. Сонын ушин ынтымак сурап отур гой. Катта өткөндү унуталы деп тургой, — деп Сайдак кожо Кенесарынын оркоюп турган текеберлүү опузасын жымсалдоого аракеттенди.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Биринин алдында бири кулдук уруп турган эки элде ынтымак эмес зордук, зомбулук өкүмсүрөт. Ушул сөздөрдүн мааниси биздин баамыбызга жетпей турат, — деп сөзгө кошулду төмөнүрөөк отурган, баарынан кичүү Шамен кеңешчи. Кенесары хандын кыргыздарды опузалап, кыр көрсөткөн катын алып келген элчи мынчалык сөз каабына туш болорун баамдабаган эле. Анын туюмунда Кенесарынын замбиректүү, тез атма мылтыктуу орус аскерлерине моюн бербей салгылашуусу, өзүнө баш ийбеген казак айылдарына кыргын салган катаал ырайымсыздыгы кыргыздардын үшүн качырып койгондур, анын каардуу айдыңы, анын үстүнө дини башка, тили башка каапырлардын каптап келатышы ишти оңунан чыгарчудай көрүнгөн эле. Көптү көргөн кыяр элчи эми ушул жүйөөнү бетине кармады. — Ойбай, туысканым, жас турымын мен сөзгө жүйрик экенсин гой. Айткандарыңдын жөнү бар. Бирок эки элдин тең түбүнө жететин каупырлар каптап келатканда бири-биримизге өпкөлөп отырамызбы. Биригишип жаумызды жеңип алган соң өпкөлөгөнүмизни жасамыздеп ойлойм, — деди элчи. Кенесарынын жакын кишисинин үшүн ала түшүшсүн деген сыяктуу Ормон мелтиреп үнсүз. — Өпкөлөөнү убакыт созбой жасып алуу абзел болор. Элдин жону бирге болгону менен ар кимиси жыргал-кууралды өзүнчө тартат эмеспи, урматтуу элчи. Жамангара, Болот баатырларды конокко чакырып барып, тирүүлөй бөйрөгүн сууруп алып, кескилеп өлтүргөн мыкаачылыктын карасы баатырлардын үй-бүлөсүнөн эмгиче алына элек. Жарашып эл болуу үчүн алардын үй-бүлөлөрүнө кун төлөө керек. Кенесары хан жазган катым эле кыргызды бактылуу кылып, баарына төлөө болот деп ойлойт окшойт, — деп сөзгө аралашты Ормон хандын акылдаш кишилеринин бири Сергеян бий. — Ойбай, кыргыз туыскандар, хан алдында казак элчисин жарга камадыңдар гой. Элчинин тилегени, аңдаганы жаксылык гой. Алды мен туыгандасып, жарасып алсак, сонан соң шешиледи гой олай-булай дауласу, өпкөлесү. Абалы Алла таала насип этсе жарасып алайыкшы, биригип алайыкшы, — деди шаштысы кетип, жүйөөсү түгөнүп турган Сайдак кожо.«Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт», деп айтылат биздин элде. Дүпөйүл болуп, ортодо ондогон кишилердин жазыксыз куну турса, аларды жайгарбай кайдан ынтымак болсун. Чындап эл болууну кааласа Кенесары хан элчи менен кошо кунду күнөөлүү кишилери менен да жиберсе болмок экен, — деди Жаманжээн.—Туура, жүйөөлүү сөз гой. Кене хандын катына жооп болсо, айтылган таарынчылар ордунтабады гой. Сендердин тускандык дооматтарыңдар хандын хабарына жеткириледи гой, —деди элчи. — Жооп он күндөн кийин болот, элчи күтсүн, — деп бурк этти Ормон хан эч кимге карабай, мелтиреп отурган калыбында.
Хандын сөз бүттү деген тейин түшүнгөн Шамен кеңешчи: — Урматтуу элчи, жүрүңүз конок өргөсүнө, эс алыңыз, — деди. Кабыл алуу учурунда сөздөрү Ормон хандын назарына илинбегенине маанайы пас болгон элчи Сайдак кожо ордунан тура төшүн баса ийилип, ханга ызаат көрсөткөн тейде, Шаменди ээрчип, конок үйүнө жөнөдү. Алканча болсо да жоопту күтүүгө аргасыз эле. Кечээтен бери ордо үйдүн айланасы катуу кайтарыкта турат. Үйдөн жүз кадам алыс төрт тарабында төрт жоокер найзаларын кесе кармап, жан каттатпай какайышат. Кош аттуу чабарман жеткирген хан чакырыгына ылайык Талас, Чүй, Кемин, Жумгал, Ат-Башы, Нарын, көл айланасынан келүүчү бийлердин акыркысы кушчу Бүргө бий кечээ кечинде келип түшкөн. Өргөдө багымдат намазы окулуп, чайланышкандан кийин бийлер хан ордосуна өтүшкөн. Саруу Ажыбек, саяк Дуулат, черик Ажыбек, саяк Качыке, бугу Боронбай, Муратаалы, сарыбагыш Жантай, солто Жангарач бийлер, Ормон хандын кеңешчилери Калыгул акылман, Жаманжээн, Шамендер жаш курагына ылайык хандын эки жагынан орун алышты. Жай сурашып, амандашкандан кийин Калыгул акылмандын жанында отурган Махмуд молдо алакан жая: — Аллохи акбар, ва баракатуху, ва рахмати Аллохи. Оо, жараткан, элге-журтка тынччылык, береке-бейпилчилик бере көр, — деп бата тиледи.

Үй ичинде бир тынымга өкүм сүрө калган тынчтыкты Ормон хандын салмактуу коңур үнү бузду. — Калың кара кыргыздын убал-сообун аркалап жүргөн журт аталары, сиздер менен айрым дидарлашканда иштин чоо-жайын учкай баяндаган элем. Кыргыз жергесине көз арткандар көп экенин билесиздер. Анын сыңары казак ханы Кенесары дооматы күч кекээрлүү кат жазып, Сайдак кожо деген элчисин жибериптир. Элчинин сөзүн угуп токтоттум да, «кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, силерге акылдашууну туура көрдүм. Кенесарынын катын окутуп, чогуу угалы. Казак ханынын кесири башынан ашып турган тейи бар. Окуңуз, — деп Ормон молдо Махмудга карады. Молдо Махмуд чөк түшүп отурган калыбында турмөктөлгөн катты жандырып, тамагын жасай: — Бисмиллахи рахмани рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатухи — деп өз алдынча күбүрөй, үнүн созо чыгарып:
«Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Орман Ныязбек углына, бизги казак үч жүзүнүн касиетти ханы, Аблай хан туысын көтөрген жахангер, улук даражалуу Кенесары Касым оглы,кара кыргыз калкына ырайым этип, бактылуу кылып, кырсыктан сактап калуу ниети менен кат жолдоп, акылман элчи Сайдак кожону жиберемин. Түн жактан каптап келаткан апаат, алааматтан сактап калайын деген оюм бар. Ойткени... Омбудан каптап орус келатады. Орыс деген көп эл болады. Сары-Аркадагы сансыз казакты алып, Эртиштен чыга Илеге жакындап калды. Арадагы Ала-Тауга Чүй боюна ат кояды. Арыны эң катты, аскери өте көп, тез атар мылтыктары, замбиректери бар. Сендердин күлүңдөрдү асманга сапырады, доңыз этин жедирип, шокундурады. Кыргыз эли жок болады. Сендерге баурым ашыйды. Казак, кыргыз эзелтен эл шетинде, жау бетинде бирге болатын эди. Жыргал, куралымыз тең, мал-жанымыз аралаш эл эдик. Биригип жауга карсы күресейик. Казак, кыргыз бириксе, Кокон, Ташкен, Самаркан бизден алыс кете алмайды. Мен сендер менен жауласу үшин эмес, элдесү үшин келдим. Кан төгисмейли. Арада бирер өйдө-төмөн жагымсыз истер болуп өтти. Оган салават жарыялаймын. Сендердин акылдан адасуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигити мен босоттум. Бул катты алган соң көңилүңердеги коркунушту тастап, мага келип, ханга бас ийип,улы бактыга жетиңдер. Эгер менин сунысым журегиңдерге жакпаса, анда өз убалыңдар өзиңерде. Сендерге рахим этиши казак үч жүзинин ханы Кенесары Касым оглы.
Мөөрүмдү бастым.1244-сана мамыр айы»




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кат окулуп бүтө, отургандардын кээ бирлери кекээрлүү жылмая сакалын сылай, айрымдары жакасын кармай тобо келтире, үй ичи бир тынымга тынчтыкта мемирей калды. Ормон хан кебелбеген калыбында: — Мына ушундай дептир өзүн кыргызга бакыт алып келүүчү улук жахангер санаган Кенесары хан. Кан көксөгөн ырайымсыздын обу жок опузасынан, ынтымак демиш болгон анткор эки жүздүүлүгүнөн жаңжалдын оту жанып тургансыйт. Бул кат кызыл кыргындан кабар берип турат го, — деп отургандарды кепке тарткысы келди. — Жараткан Алла өзү сактасын кара өзгөй хандын дооматынан. «Ханды Кудай урарда калкын чабат» дегендей, үч жүздү бириктирем деп хан болуп алып, орус менен урушуп, алы жетпей өз элин чаап, анысы аз келгенсип эми бизге көз артып калган экен да. Кыргыз да кылым кыйырынан келаткан Кудай деген элбиз. Кенесары орустардан тумшугу канжалап келаткан жаралуу көк жал. Ырайым күтүүгө болбойт. Биригели дегени канкордун анткорлугу. Кеңешели, ой калчайлы. Туш-туштан кысым күчөп бир алаамат жакындап келатабы деп чочуймун, — деди ак сакалы жайкала төшүн жаба, үрпөгөй ак каш алдындагы курчу кайта баштаган көздөрүн ачып-жума ойлуу отурган Ажыбек датка. Ар ким өз ою менен алек болгон сыяктуу үй ичи бир тынымга тунжурап турду. — Саруу уруусу менен жамаатташ жашаган калың кушчунун башын кармаган Бүргө бий малдашын копшой ордунан козголо:
Коңшум датканын сөзүнө дыкат көңүл коюп угуп отурдум. Кантсе да Алаш хандын, Аблайхандын туусун көтөрүп, арбактарын оозанып, эл биримдиги деп падышалуу журт Орусияга акарат көрсөтүп чыккан Кенесары Кудай акы көйкашка эр экен го. «Эрдин эрдигин билбеген Кудайдын бирдигин билбейт» дегендей, ойлонолу. Кенесары калың казактын эле эмес, жамы мусулман журтунун таламын талашып тургандай туюлат. «Эсери болбой эл болбойт» дегендей, кээ бир эсерлери эл биримдигине жолтоо болсо, Кенесары аларды теске салып тургандыр дейм. «Түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат» дегендей, калың казак бөлүнүп, жарымы кайда бармак эле. Акыры Кенесары ханга баш ийет да, — деп сөзүм жагабы кыязында эки жагын карана сөзүн улады. — Күн жүрүштө кумурскадай жайнаган капыр кытай турса, түн жактан тигинтип казакты жапырып орус келатса, мусулман түрк баласы бирикпесе бир-бирден сай сайлатып бөлүп кетет го, ойлонолу, — деп эки жагын карана сөзүнүн отургандарга жага бербегенин туйдубу, оюн толук айта албай токтоду. — Оо, Буке, жарыктык, сиз Кенесарыны жалпы түрк журтуна хан шайлап алалы дегени турасыз го, — деди да, Ормон ханды карап, сөзүн улады Жангарач бий: — Хан ага мен да өз оюмду айтайын. «Бийлик кумары, мансап кумары кишинин көөмөйүндө уктаган кара чаар жылан, ал ойгонсо уу чачат» деп карылардан укканым бар эле. Кенесарынын көөмөйүндөгү Жоочу тукумуна тиешелүү кара чаар жыланы ойгонгон тура. Анын ою казактын үч жүзүн эле эмес, түпкү атасы Чынгыш хандын жолун жолдоп, бүткүл ааламды бириктирем деп турушу ыктымал. Өзүн «жахангер» деп атаганы бекеринен эмес. Биз солто эли казак туугандар менен жамаатташ, үймө-үйбүз деп айтсамда болот. Казак ичиндеги окуялардын өкүнүчтүү жагы, Ажыбек датка ак сакал айткандай, орус аскерлерине алы жетпей, өз элин канабайран кылып кырып турганында. Эми ал аз келгенсип кыргызды көздөп алган тура. Туушканбыз дейт тура, анткор, билебиз, Жамангара баатырга көрсөткөн «туугандык сыйын» унута элекпиз, жыландай ышкырган кесепет колуна тийсе кыргызды кырып мүңкүрөтүп, кул, күң кылууну каалайт. Арийне, «жок» деген жооп Кенесарыны тынчытпайт. Күчүбүздү жамдап, күтүнүүбүз абзел. — Таксыр хан, — деп кудасына карап сөз баштады сейрек сакалын сылай сөзгө кулак түрүп отурган Боронбай бий. — Бүргө баатыр менен Жангарач бийдин сөздөрүнүн төркүнү эки башка чыктыбы дейм. Ырас, Бүргө бийдин уулу баштаган эки жүз кишинин бошогонуна ыраазы болсо болор эле. Бирок биздин баамыбызда, алардан арбыныраак мөөсүл алуу үчүн жасалган, арам айлалуу митайымдык деп түшүнүүгө болот, — деди ынтыга демин жыйгыча.
«Туура айтат! Митайым канкордун алдап жем таштаганы да», деген үндөр отургандар арасынан угулганда, сөзү колдоо таап, эргий түшкөн Боронбай бий: — Кенесары орусту мокочо көрсөтүп, кыргызды коркутайын деген экен. Корко койчу кыргыз жок. Кара таандай каптаган калың калмактын баштары да тоголонуп, сай-сайда жатат. Аларда келишкен кирген буурадай чамынып. «Акты, караны ылгабай, алдастагандын акыры аягы асманды карайт» делет эмеспи байыртадан бери эле. Кенесары өткөндөн таалим алса болмок. Угуп турабыз казакты кандайча бактылуу кылып турганын, ошонусу эле жетишмек. Кыргызга Кенесары эмес, Кудай таала өзү ырайым кылат... — Иншалла, бий таамай айтты. — Ойдогуну айтты, — деген үндөр коштогон бий сөзүн улады: — Эми орусту айтсак, падыша күткөн уюткулуу, өнөрлүү журт экен. Ырас, дини башка, дили башка, ошентсе да мокочо эмес. Тиги илгери катын падыша тушунда эле букарасы болгон кичүү жүз казактарын деле курутуп ийбептир. Балдары Битирбор, Маскөөдон окуп, өнөр билим үйрөнүп, элдин көбү ысык там, короо жай салышып, кышкысын анда, жайкысын кадимкисиндей эле көчүп-коно жайлоосун жайлап, күн өткөрүп турушат дейт, — дегенде: — Бий, сиз, кыясы, татарыңыздын сөзүн сүйлөп турасыз го, — деп жылмая сөз кыстарды черик Ажыбек бий. — Айтса эмне экен, Ажыбек бий, Байсылда абсий да көргөнүн айтат. Анын кыргызга кенедей жаман ою жок, такыба киши. Дагы айтайын, Кенесары бизге орустарды көрсөтүп «бөө» дейт. Өзүнүн эле орто жүзүнөн Жоочу насили Самеке, Бөкөй султандардын балдары орусия амирин тутуп, төрө чендерин алышып, Кенесарынын өзүнө каршы орус жанында турушат. Аны Жангарач бий да айтпадыбы. Биз дагы ойлонуп көрүшүбүз абзел. Улукман деген казагыбыздын тейи бул болсо, өзүнчө кан көтөрүп алган кыргызга Кокондун ичи ысып турбаса керек. Акыры азгантай кыргыз Орусия менен ымалага өтүп, ошону арка тутсак кандай болор. Ушул ишке акыл калчап көрсөкпү дейм, — деп бир аз толкундана сүйлөп, демиге түшкөн эткел бий жоолугу менен бети-башын сүртө сөзүм жактыбы деген таризде, эки санын таяна мелтиреп ойлуу олтурган Ормонду карады. Ормон мелтиреп кебелбейт.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Таксыр хан, Ормон баатыр, — деп сөз баштады, жашы да улуу, ымаласы да жакын черик Токтобай уулу Ажыбек бий. — Бизди куп жыйнадыңыз. Улагабызды Кокондон бөлүп, хан көтөрүп алдык. Иншалла, кеңешип иш жасасак Кенесарыга берүүчү жооптун да жөнү табылар. Ой бөлүшкөнүбүз абзел. Ар ким өз оюн айтып турат. Орус, Кокон, Кытай үч жактан тооруп турганда тууганыбыз Кенесарынын муш көрсөткөнүнө жол болсун. «Муш койгонго —муш кой, кыш койгонго — кыш кой» дегендей, биз да мушка муш десек болор эле. Бирок бээнин эки эмчегиндей эгиз эл жоолашып кан төгүшүүгө барбасак болор эле. Кенесары хандын каардуу кабарынан, кан төккөн айдыңынан коркуп, тизе бүкпөйлү. Тең ата атсалышып, бири-бирибизди коргоп жоо бетинде бир болууну көздөйлү. Бүргө бийдин сөзүнөн Кенесарыга ийигип турганы байкалат. Макул ийигели дейли, бирок тең бололу да. Күнү кечээ эле инилери Норузбай, Эржандар алты тыйын аласасы жок, бейкут жаткан кыргыз айылдарын канабайран кыла чаап, бейкүнөө кан төгүштү. Ырас, ошол колум ушул дегендей алардын жасасын колдоруна бергенбиз, аны унутушкан го. Кепке келишсе айта турган дооматтарыбыз бар. Мыкаачылык менен өлтүрүшкөн кыргыз баатырларынын каны моюндарында турат. Жарашуучу элдердин арасында жазылбаган таарыныч болууга тийиш эмес. Боронбай бийдин орус деген ойлорун да ортого салып көрөлү. Орусуңду ким көрүптүр. Айдыңын угабыз өнөрлүү эл, падышасы бар деп. Калыгул акылмандын айтканындай узун чөптү оруп, кыска чөптү коруп келатат. Андай болсо жут элби деп ойлоймун. Түмөндөгөн көп элге аралашып кетсек, азгантай эл жоголуп кетебизби дейм. Бул жагы бүдөмүк. Бий айтты: татарым айтты, орустар букарасына үй куруп берет экен деп. Ай ким билет, ошол татар жайы-кышы үйүнөн безип, соо жүргөн неме эмеспи деген ойго кетүүгө болот. Балким ал элдин абалын, жердин танабын тартып жүргөн орустун узун кулагы болуп жүрбөсүн бий? — Омбуга каттап турат деп угабыз. Өзүбүзчө болуп, иншалла, хан көтөрүп алдык. Эми, намысыбызды сактап, Кенесарыга ылайыктуу жооп берели. Жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда, өз боюбузду чактап сак туралы деген, Ажыбек бийдин орус жөнүндө, казак жөнүндө айткандары көңүлүмө толду, — деп сөз алды саяк Дуулат баатыр. — Кудаа кааласа өз алдыбызча Кокон менен ирегелеш, казак туугандар менен жамаатташ түтүн булатып турабыз. Алхамдулиллахи боосу бек болсун. Орус болсо өзгө эл, казак туугандардын бизге сес көрсөтө турган жөнү жок эле. Ар кимдин өз жери өзүндө, талаша турган нерсе жок эле. Бирок бу Кенесары кыргызды каакы ордуна көрбөй, өйдөсүнүп турганына жол болсун. Баарынан да ага барып баш ийсе «кыргыз бактылуу болот» деген кесири Кудайга жакпас. Мына кызык Кенесары Кызыр алей саламмын деп ойлойт го өзүн. Кудайды караса боло, шиши толгон экен. Бирок калдайган казак эли бизге жоо эмес. Кенесары жөнгө келсе эки элдин ынтымагына ким каршы болсун. Оруска каршы бирге согушалы дегени кыйын иш. Орус дегениңди өнөрлүү көп эл деп угабыз. Казак, кыргыз бириккен күндө да ага кайдан шаасы жетсин. Андай жаңжалдын кыргызга кереги жок. Ушундай жооп берели Кенесары ханга, — деп Дуулат мелтирей сөзгө кулак төшөп отурган Ормонго көз кырын жибере сөзүн улады.
— Боронбай бий орустун этегин кармасакпы деген ойду кыйытып өткөндөй болду. Орустан казактын тумшугу жылып, эми кыргыз калыптырбы? Биз дагы өзүбүзчө элбиз. Казактын, же орустун ирегесине кирип берели деп хан көтөрдүк беле. Кокондун ирегесинен жаңыдан чыгып отурабыз го. Бирөөлөргө киренди киргенден көрө, өз кошунубузду түзөлү. Кенесары «бөө» деп койсо эле анын койнуна кирип берүүчү кыргыз жок. Кудай берген жанды Кудай алат. Чамабызды чактап, капсалаңдуу окуяларга даяр туралы. Кандай жооп берсек да Кенесарынын коогалаңы каптаганы турабы дейм. Жообубуздун сырты сыпайы, өзөгү кайраттуу болор, — деп дагы бир жолу Ормон ханга көз жибере сөзүн аяктады Дуулат. — «Ийри отуруп, түз кеңешели» дечү эмес беле бабаларыбыз, — деп малдашын түзөй бир аз обдула отуруп кеп улады жетиген Медербек бий. Кыйын кырдаал башка түшкөнү турганын туюп, кеңешке чакырганыңыз ырас болду, таксыр. Эл башынан нечен кыйын кезең күндөр өткөн эмеспи. Калмак каптап, казак кайың саап, кыргыз Гысар Көлөпкө тентиген алааматты да башынан кечирип, уюткусун бузган эмес элибиз. Ал кезде казак, кыргыз бири-бирине дөгүрсүп кыр көрсөтпөй эле, тең ата ат салышып, калмакты сүргөн экен. Ошол ынтымакты эске албаган экен Кенесары. Кантсе да өз өлүктөрүн тепсеп такка отуруп жүргөндөрдүн насили да. Ал эми биздин эл бирөөлөрдүн жерине, малына көз артпаган момун эл. Эч кимге катылбайт, катылгандын катыгын колуна берип коёт, берип да келген. Аны да Кенесары унутса керек. Өзгөнү коюп, бабасы Аблайдын кыргыздан көргөнүн эстесе болмок. Кенесарынын айтканына көнүп, орус менен кагылыша турган кыргыз жок. Орус деген өкүмү Кырым, Урум, Шыбырга жеткен чоң эл. Аны менен кармашып жүргөн Кенесарынын «жылкысына ченеп ышкырбай, мурдуна ченеп бышкырбай» көпкөн текеберлиги да. Болбосо өнөрлүү орус ким да, түркөй казак, кыргыз ким — ушуну ойлосо болмок. Кенесарынын көпкөн желин Кудай таала өзү чыгарып коюшу ыктымал. «Кыргыздар айтканыма көнбөдүң, айдаганыма баспадың» деп кол салса, азбыз деп айбыгып турбайлы. Көпсүнгөн көөдөктүн күчүн майданда сынайлы. Кылыч, найзабызды камдап, күч жыйнайлы, — деп меселдете Медербек сөзүн бүттү, жаштайынан элге төбөсү көрүнүп, жетиген уруусунун, жамы кыргыз журтунун намысын коргоп жүргөн, сөзгө чечен, ишке чебер бий. — Медербек бий меселдетти го, — деп жылмая, сакалын сылай чечен бийге ыраазылыгын билдирди саруу Ажыбек датка. — Айтса, айтпаса төгүнбү, Кенесарыдан колоп калат белек, — деп мурутун жаный копшоло сөз кыстарды Муратаалы бий.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Арийне, колоп калбайбыз го. Бирок «эрегиштен эр өлөт, кагылыштан хан өлөт» деген байыркыдан калган накыл сөз бар. «Канжарыңа кылычым» деп эрөөлдөшүү эч качан эч кимге жакшылык алып келбептир. Ханга, баарыңарга эп келсе, бериле турган жооп, сөз артынан кууп, куру намыс козгобой, элдешип, ымала күтүү жагын көздөсөк, — деп сөз улады жыйын башталгандан бери сөзгө кулак төшөп, ойлуу отурган Калыгул акылман. — «Из кууган талаага, сөз кууган балаага» дегендей, Жамангара баатырдын жана башка эрендердин куну жөнүндөгү доону азыр коё туруп, жүйөөлүү ынтымак жөнүндө жооп жазуу абзел Кенесары ханга. «Ачуулунун алдынан чыкпа» деген эмеспи байыркылар. Аблай хандын мураскорумун деп дөгүрсүп турган текеберлүү хан менен тең ата, жүйөөлүү, мамилеге келүүгө аракеттенип көрөлү. Туура айтышты чечендер, казак, кыргыз, өзбек бириккен күндө да орустун кылын кыйшайта албайбыз. Өнөрү ашынган көп эл, «көпкө топурак чачпа» деген кеп калган бабалардан. Орус менен да кан төгүшпөй мамиле күтүүгө болор эле деймин. Бирок көшөрүп алган жахангир Кенесары акыл калчап, орус менен эрөөлүн токтото алабы — кеп мына ошондо. Ага кошулуп оруска аттанууга эч ким барбайт дечи, ошондой болсо да жооп жымсал болор дейм. Кенесары жахил, кара мүртөздүгүнө алып, каптап кириши да ыктымал. Медербек чечен айткандай, «азбыз деп айбыгып турбай» азирленип туралы. Ханыбыздын ою кандай болду экен, — деп Ормонго карады. — Уктук журт атасы бийлердин, чечендердин жүйөөлүү да, омоктуу да ойлорун, — деген Ормон хандын бийик коңур үнү үй ичин ээледи. Кебелбей, мелтиреген калыбында отургандарга сереп сала сөз улады: — Текебери да, дооматы да күч Кенесарынын сөздөрүн уктуңар. Менин баамымда насилиндеги бийлик кумарына азгырылып турганда орустан тумшугу сынып, ызасы кайнаган кези экен. Жарадар болгон көк жал сыяктуу кабыланга тиш салганы турат го кыясы. Калыкебиз айткандай, ачуулунун алдынан чыкпай аярлайлы. Намысыбыз колубузда болсун, биригебиз десе бизден бийлик кетпегендей болсун. Казак, кыргыз биригип, оруска каршы күрөшөбүз деген ойдун опасыздыгы жөнүндө таасын ойлор айтылды, ага кошоорум жок. Жаралуу көк жал капыстан качырып кириши ыктымал. «Жарактуу күнү жоо келбейт» дегендей болбойлу. Курал-жаракты шайлап, күтүнөлү. Чүй боору, Талас, Жантай, Жангарач, Бүргө, бийлер азырланып туруңуздар. Аттар суутулуп,кермеде, найза тушта сайылуу тургандай болсун — сактыкта кордук жок. Алаамат ошол жактан башталары ыктымал да. Шек-шоорат туюлары менен күн мурунтан кары-картаң, катын-балдарды тоо таянтып жиберип, жигиттерди азырлантып тургандай болгула. Жангарач бий, сиз Супатай, Үрүстөм султандар менен тилдеш болуп туруңуз — куда-сөөк, карым-катнаш бир тууган элбиз, караламан калктын убалына калбайлы деп. Кенесарынын элчисин күттүрүп койгонума он күн болду. Мындан ары зарыктырбай жообун берели, кандай дейсиздер? — деп отургандарга кайрылды. «Он күн болсо көп күтүп калган экен, жообун берип узатуу керек», — деген үндөр коштоду. — «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, катты кеңешип жазалы. Кана, Махмуд дамбылда, кагаз, калемиңизди алып,мындай келиңиз, — деп жыйын ортосун жаңсады Ормон хан. Башына жеңил селде оронгон, бозомук суп чепкенчен, маңдайы жазы, куш мурун, субагай жүздүү, коюу кара каш алдындагы алагар көздөрү уяң тиктеген, көк ала сыйда сакалчан,кагелес, орто бойлуу Махмуд молдо «Алхамдулиллахи» деп ордунан тура, калемин кулагына кыстара, жыйын ортосуна келип, кат жазууга ыңгайлана, сыңар тизелей, кагазды тизесине коюп, калемин колуна алды. — Жазыңыз.
«Касиеттүү казак үч жүзүнүн кадырлуу ханы, урматтуу Кенесары Касым уулуна, Атпай кыргыз калкынын ханы бизги Ормон Ниязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын жолун жолдоп, ордолуу журт болгон үч жүз казак калкына тынччылык, бейкуттук, байгерчилик тилээрибизди билдирүү бактысына мүмкүнчүлүк берген урматтуу хан Кенесары Касым уулуна ыраазылык билдиребиз. Илгертеден эле ирегелери бөлүнбөй, айылы аралаш, кою короолош, тойду бирге тойлоп, кайгуулда бирге болуп, жоого бирге аттанып жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген сиздин кеменгер оюңузду колдойбуз. Бул эки элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын кадырлап, кичүүсүн ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк эл бийлиги улуусунун колунда болуп, кичүүлөрү эл башкарып, кол башкарып, тышкы, ички жоонун мизин кайтарыпкелген эмеспи. Биригип бир бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги жашыбыз улуу бизде болсун, калк бийлиги, кол башчылык сизде болсун. Ымалабызды бириктирип алсак, Иншалла, Орусия, Кокон менен болуучу мамилелерди да бирге акылдашып, чечип аларбыз.Кыргыз, казак эки элге Аллахи таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту тилейбиз.
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу.Мөөрүмдү бастым.
1244сана, Бугу айынын, онунчу күнү»



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ормон хандын Махмуд молдого шашпай жаздырган сөздөрүнүн ар бирине ынтаа коюп угуп отурган бийлер кат купулдарына толгонун билдирген таризде, баштарын ийкей, бири бирине жылмая карап турушту. — Кандай дейсиздер, кат ушундай болсунбу? Айтыңыздар, ийриси болсо чогуу түзөтөлү, кыскасы болсо чогуу узарталы, узуну болсо чогуу кыскарталы, — деп отургандарга саласал этти Ормон хан. — Туура, эч өөн таба албай турамын, — деди Ажыбек датка. — Кенесарыга аз-маз кыр көрсөткөн сөздөрдү кошсок кантээр эле, — деди Медербек бий. — Жөнү бар, — деди Муратаалы бий. — «Хандыкты бизге бер» дегенден да кырдуу сөз барбы? Көп сөз каттын маанисин түшүрүп коёр, — деп Ормон ханды карады Жангарач бий. — Менимче да ошондой. Алып келиңиз, мөөрдү басалы. Элчини келтиргиле, — деди Ормон хан катка мөөрүн басып боло. Үйдүн ичинде өкүм сүрүп турган сүрдүү тынчтыкты катка Кенесары кандай жооп берээр экен деген божомол кобур ээлеп турду. Элчи Сайдак кожо Шамендин коштоосунда салабаттуу кирип, ханга таазим эте отуруп катты алып, эки элге ынтымак, биримдик, хандарга ден соолук, бийик мартаба тилей турганын билдирип, жөнөп кеткенден кийин, үй ичинде алдыда күтүп турган кооптуу жагдайлар жөнүндө ой бөлүшүү уланды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Disappear   20 Март 2019 - 13:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КЕНЕСАРЫ ХАН КЕКЕНДИ

Казак үч жүзүнө хан көтөрүлгөн Кенесары Касым уулунун аземдүү он эки канат ак ордосу. Кыргызга кеткен элчи келгенден кийин чакырылган хан кеңеши казак улуу жүзүнүн билермандары Кенесары хандын жакын кеңешчилери жашына, мансабына жараша орун алышкан. Төрдө, чыканак жөлөнгүчтөрү алтындалган, арка сүйөнүчүнүн баш жагына Аблай хандын бийлик белгиси түшүрүлгөн орундукта орто бойлуу, тулкусу чымыр, жоон моюн, жайык төш, жазы маңдай, бүркүт кабак, кырдачынан келген куш мурундуу, күрөң коюу каш алдындагы ирмелбей тиктеген сүрдүү сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган, сүйрүлөнгөн күрөң жээрде сакал, муруту сыйда серпилген Кенесары хан отурат. Башында кырбуусу тайкы кызыл макмал тышталган тебетей, тик жакалуу сургулт нооту кемселине күмүш кемер курчанган, колдорун отургучтун сүйөнүчтөрүнө жөлөп, кебелбей отурат. Эки тарабында уй мүйүз тарта чубуртмалуу Агыбай баатыр, ак койлуу Байет, Чымыр Байзак, ботпай элинен Супатай бий, Султан Үрүстөм, инилери Норузбай, Эржандар отурушат. Бөлтүрүк ырчы, элчи Сайдак кожо, Төлөңгүттөр башчысы Мырза төмөнүрөөк отурушат. Кебелбей отурган Кенесары отургандарга бир сыйра көз жибере: — Кыргызга кеткен элчим келди. Наадандардын дымактары күч окшойт. Сендер да угуңдар.Кана, оку, — деп Сайдак кожого карады. Каадалана салабаттуу кыймылдаган кожо жанынан түрмөктөлгөн кагазды алып жандыра: — Бисмиллаахи рахмани рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатухи.
«Касиеттүү казак үч жүзүнүн кадырлуу ханы, урматтуу Кенесары Касым уулуна, атпай кыргыз калкынын ханы бизги Ормон Ныязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын жолун жолдоп, ордолуу журт болгон үч жүз казак калкына тынччылык, бейкуттук, береке, байгерчилик тилей турганыбызды билдирүү бактысына мүмкүндүк берген урматтуу хан Кенесары Касым уулуна ыраазылыгыбызды билдиребиз. Илгертен эле ирегелери бөлүнбөй, айылы аралаш, кою короолош, жылкысы өрүштөш, тойду бирге тойлоп, ойду бирге ойлоп, кайгуулда бирге болуп, жоого бирге аттанып жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген сиздин кеменгер оюңузду колдойбуз. Бул эки эгиз элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын кадырлап, кичүүсүн ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк бийлиги улуусунда болуп, кичүүлөрү эл башкарып, кол башкарып, ички, тышкы жоонун мисин кайтарып келген эмеспи. Биригип бир бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги жашыбыз улуу бизде болсун, калк бийлиги, кол башчылык сизде болсун. Ынтымак күтүп биригип алсак, Иншалла, Орусия, Кокон менен болуучу алака мамилелерди да бирге акылдашып, чечип аларбыз. Казак, кыргыз эки элге Аллахи таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту тилейбиз.
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу.
Мөөрүмдү бастым.1244сана, Бугу айынын 10күнү».

Кат окулуп бүтө, кебелбей отурган Кенесары: — Хандык мен косо катыныңды да бер демегени оң болгон экен, баччагардын. Кана, кимиңдер не дейсиңдер, — деп отургандарга кыдырата көз жибере, — Сайдак кожо, сен айтып көршү кыргыз жайын көзүң мен көрүп келдиң гой,—деди. Катты түрмөктөп жанына коё эркин отурган Сайдак кожо: — Таксыр, кыргыздар бир кыйла жыйнактуу халк сыяктанат. Аскери канша биле алмадым. Ар бир үйдүн жанында найзасы жерге сайылуу, кермеде аттары байлануу турганын көрүүгө болады, жоокер халк оксайды. Хан тартиби өтө катаал, ашык сөз сүйлөнмөйдү. Ормон өзү өтө зор, албеттүү, көзүнөн акыл да, каар да жанган сүрлүү киси экен. Көз карасы шилиден өтөт, көп сөйлемейди, айтканы эки эмес. Кол бастай турганы Төрегелди деген, жолборс шапкан, болумдуу эр экен, дагы да жолборс чапкан Балбай, кос Түлкү, Адыл деген баатырлары бар экен. Айтор ким менен болсо да кармасуга даяр туратын халык көрдим, — деди



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 28 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 28, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: