"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#1801 05 Март 2019 - 20:36
#1802 17 Март 2019 - 13:23
Онлайн книга - Тысяча сияющих солнц.
Автор книги - Халед Хоссейни окуп жатам. Кызыктуу экен, сунуштайм.
Киносу "О, Марьям, Марьям" деп аталат экен, киного жазылган отзывтардан улам, китебин эле окуп чыгууну туура көрдүм. Киного тойбой калып эле жүрө берем, китеп болсо чексиз ойго жетелейт. Окуп бүткөн соң, эки-үч күн ойумду бүт ээлейт. Жагат ошол убакыт, элестетиип жүрө берем))
Билдирүүнү түзөткөн: Surotchu-kyz: 17 Март 2019 - 13:43
#1803 17 Март 2019 - 21:52
Же мен окуганымы койбодум, же кыйратып кыйын болуп кетпедим.
Хел Элродтун «Магия утра» китебин окудум. Кичине бир жерими которуп кыймылдаганы жардам берет, болбосом эч нерсе кылгым келбейт. Бирок дагы деле эрте турганды уйроно албай жатам. Главное туну жатканда «уфф эртен да эрте турам, 4-5 саат эле уктап кечке сонная болуп журом» деп жатпай калдым.
Библиотекага барсам бул жума медицинская литература коргозмодо экен. Арасынан «Между процедурами. Записки слишком занятой медсестры», «Хирург» деген китептерди алгам.
Испаниялык медсестранын запискалары экен, в целом баардыгы эле Россиядагыдай, болгону графиктеринде бир аз айрымачылык бар экен, жакшы эле окуп аткам, анан бул коллегамын корунушу кандай болду экен деп коруп коеюн десем, автору медсестра эмей эле бир эркек бала болуп чыкпадыбы... Как я была разочарована. .Озум да ошол сыяктуу китеп жазсам болот окшойт деп ойлоп койдум, жаны деле эч нерсе таппадым, балким башкаларга кызыктуу болоттур.
#1804 17 Март 2019 - 21:55
Билдирүүнү түзөткөн: Begai_kg: 17 Март 2019 - 21:57
#1805 17 Март 2019 - 22:00
Nurbelek. (03 Март 2019 - 14:21) жазган:
Пс. Бул темада Систер айжан Шансон, ушул үчөөсү любой китептерди окуп, талкуулашып, бир-биринен сурашса аябай жарашат, бул үчөөнөн башкасы калп эле намыс үчүн китептердин аттарын "окудук" деп жазып, аралашымыш болуп коюшат, алардын билдирүүсүн окусаң күлкүң келет

Оздору китеп бетин ачпаган “карангы» адамдар ошентип ойлошот.))
#1806 27 Март 2019 - 18:04
brother
#1807 27 Март 2019 - 20:58
Аны китеп текчеге коёр менен Роза Айтматованын "Тарыхтын актай барактары" китебин окуй баштадым. Окуп бүтө элекмин. Бирок андагы окуялар, китеп өзү өтө чоң тарыхый мааниге ээ . 38-жылдардагы репрессия, андагы Бүбүйра апанын айтып бергендерин ММК каражаттарынан окуп, угуп, көргөнгө караганда китепти окуган өзгөчө таасир калтырчудай. .
Билдирүүнү түзөткөн: Mydearzh: 27 Март 2019 - 20:59
#1808 27 Март 2019 - 23:39
sister (04 Март 2019 - 18:11) жазган:
Пайгамбар кандай жол корсотуптур. Эринбей жазып от, анан оз пикиримди билдирейин. ..
Эркек, эгер катыны соз укпаса, чектен чыкса бир канча кун катыны менен чогуу жатпай кою керек же катынын андай учурда саман (буудайдын сабагы) менен сабаш керек деген абсурд нерселерди дин корсоткон туура жол деп таануудан баш тартамын. Каалагандар ишене берсин, ошол жолду тута берсин, катыны каяша суйлоп оз билген б***н жеп жатса саман менен сабасын же чогуу жатпайм деп наздансын эркек башы менен...
Ал эми балдарды туура тарбиялоо боюнча жазылган толтура китептердин баары туура дегенден алысмын. Аларды сага, мага окшогон адамдар жазган. Убагында Макаренко да толтура педагогикалык китептерди окуп, бирок ошончо теориянын практикада ишке жарабаганын айткан жери бар эле... Макаренко улуу педагог, бирок анын педагогикалык идеялары ар дайым туура дегенден да алысмын. Анан калса, мин турдуу адамда бир бирине окшобогон мин турдуу каалоо бар, бири мисалы балдарын келечекте тартиптуу, элпек болуусун кааласа, башкасы балдарын эркин, шок осуусуно каршы эмес... Ошол себептуу балдарды тарбиялоо боюнча педагогикалык жана психологиялык китептерди барактай берсенер, хотя бы 10-20 китеп арасынан силерге аздыр-коптур пайдасы, туура кенештери тие турган бир же бир канча китеп табылып калса ажеп эмес...
#1809 28 Март 2019 - 13:33
CEO1 (28 Март 2019 - 00:39) жазган:
Эркек, эгер катыны соз укпаса, чектен чыкса бир канча кун катыны менен чогуу жатпай кою керек же катынын андай учурда саман (буудайдын сабагы) менен сабаш керек деген абсурд нерселерди дин корсоткон туура жол деп таануудан баш тартамын. Каалагандар ишене берсин, ошол жолду тута берсин, катыны каяша суйлоп оз билген б***н жеп жатса саман менен сабасын же чогуу жатпайм деп наздансын эркек башы менен...
Ал эми балдарды туура тарбиялоо боюнча жазылган толтура китептердин баары туура дегенден алысмын. Аларды сага, мага окшогон адамдар жазган. Убагында Макаренко да толтура педагогикалык китептерди окуп, бирок ошончо теориянын практикада ишке жарабаганын айткан жери бар эле... Макаренко улуу педагог, бирок анын педагогикалык идеялары ар дайым туура дегенден да алысмын. Анан калса, мин турдуу адамда бир бирине окшобогон мин турдуу каалоо бар, бири мисалы балдарын келечекте тартиптуу, элпек болуусун кааласа, башкасы балдарын эркин, шок осуусуно каршы эмес... Ошол себептуу балдарды тарбиялоо боюнча педагогикалык жана психологиялык китептерди барактай берсенер, хотя бы 10-20 китеп арасынан силерге аздыр-коптур пайдасы, туура кенештери тие турган бир же бир канча китеп табылып калса ажеп эмес...
" ыйман Аллахтан, тарбия ата - энеден"- деген пайгамбардын созунон баштайын. Ар бир ата - эне балдарына ыйман сураганы милдеттуу турдо, андан кийин :" балана Куранды уйрот, Куран ага баарын уйротот". Булар фундамент, пайдубалын, чатырын озунуз таап окуп алынызчы, жазып отурсам бир китеп жазгандай эле болуп калам. Интернеттен " хадисы о детях", " ребенок в исламе" дагы ушундай кылып караштырып корунуз, сизге дагы пайдасы тийип калса ажеп эмес... А тигил сиз айткан китептерди барактап окуп, озумо пайдалууну тапкыча балдарым чонойуп кетчудой. Орустар айткандай:" воспитывай ребенка, когда он лежит поперек лавки, а не вдоль". Ошондуктан канчалаган кылымдар текшеруудон отуп, эффективдуулугу тастыкталган ыкма - ислам ыкмасы менен эле тарбиялап атам.
brother
#1810 28 Март 2019 - 19:39
sister (28 Март 2019 - 13:33) жазган:
Биринчиден ар турдуу, анын ичинде корком адабият китептерин таап окууга убакыт тапкан адамдын балдарды тарбиялоо темасына арналган педагогикалык китептерди барактоого убакытым жок дегени абсурд.
Экинчиден Куран менен хадистерде тарбиянын маани-манызына токтолгону менен, бала тарбиялоо боюнча жетиштуу маалымат табыларына кумонум бар. Эгер ата-эне Куран жана бир канча хадис менен чектелип калууну каалашпаса. ..
Хадистер болсо коп учурда бир-бирине карама каршы келет же ар турдуучо айтылат. Мисалы наристеге ысым ыйгарууда кайсы бир хадис бала торолгон куну ысым ыйгарылышы керек десе, башкасы жети кундон кийин деп айтылат. Ошондо ким каалаган хадисине ишенсин дегениби?! !
Мен шарият жолундабыз деп 5 убак намаз окугандардын да балдарына болгон таалим-тарбиясын коргомун. Эгер тарбияны балага Куран окутуу, мечитке барып намазга жыгылуу, интернеттен хадистерди угуу деп тушунуучу болсо, анда андай ата-энеге соз жок. Диний фанаттар да диний сабаты жоюлбаган же динди туура эмес трактовка кылгандардан чыгат, чала молдо дин бузар болушуп...
Мен дин жолунда бала тарбиялоогорго каршы эмесмин, бирок аны жетишсиз деп билемин.....
А баса, кылымдар карытып эффективдуулугу тастыкталган ыкма болсо, болушо кетпейсинби, кайсы кыргыз дин жолунда тарбияланып, укмуш болуп кеткенин?! ! Илгерки молдо-кожолорду айтып кереги жок го дейм, жер огуздун муйузундо илинип турат, Жер кунду эмес, Кун жерди айланат деп дооругон... Азыр деле ойдон-тоодон дооругон молдолор коп, мисалы Озубек ажы, Турсунбек Бакир уулу, Чубак дегендей.......
Билдирүүнү түзөткөн: CEO1: 28 Март 2019 - 19:45
#1813 03 Апрель 2019 - 00:24
Билдирүүнү түзөткөн: Mydearzh: 03 Апрель 2019 - 00:24
#1814 08 Апрель 2019 - 14:07
#1815 15 Апрель 2019 - 16:11
#1816 17 Апрель 2019 - 16:07
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmatova.: 17 Апрель 2019 - 16:08
#1817 17 Апрель 2019 - 16:17
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmatova.: 17 Апрель 2019 - 16:19
#1818 17 Апрель 2019 - 20:52

Пейзбукта бир китеп окуп алып эле мактангандардын тобу бар


#1819 17 Апрель 2019 - 20:58
1. Хайнлайн. "Гражданин Галактики" . Жаш кезинде кулчулукка кабылып, кийин бир мунжу тыңчынын жардамы менен эрезеге жетип, ийгиликке жетишип, анан өз үйүн тапкан бала жөнүндө. Жанры атынан эле билинип тургандай - фантастика.
2. Ле Карре. "Шпион вернувшийся с холода". СССР менен Батыштын ортосундагы муздак согуш доорундагы болгон окуя.
3. Стругацкийлер. "Благоустроенная планета", "Малыш" деген эки чыгармасы. Бул ага-инини убагында окубаптырмын. Көптөр мактаганынан бир окуп көрөюнчү дедим. Өтө жагып кеткен жок. Дагы башка китептерин окуп көрөм го. Эгер окугандар болсо кызыктуу чыгармаларын тизмектей кеткилечи.
4. Азыр Дж. Ле Карренин "Звонок покойнику" дегенин окуп атам.
#1820 18 Апрель 2019 - 12:07