Айымдын айтканын угат, убагында тамактанат. Бирок ал эжесин кутуп жатканын Айым тушунду. Короодон ким кирсе да умуттуу карайт. Чон кишидей улутунуп жиберсе, Айымдын журогу ооруп кетет.
Эжесинин келбей коюшун эле тилеп жатты, эгер келсе Азыкты алып кетип калуучудай коркту. Алып кетсе балага жакшы, бирок Айым андан аркысын ойлогусу келбеди.
Бугун да базардан Нур экооно окшош кийим сатып алды. Азыкка кок тусун, кызына кызыл тусун тандады.
Жумушка келип эле Азыкты издеди. Болмосундо жок, короодо ойноп жаткан балдардын жанында да корунбойт.
Журогу шуу дей тушту. Тарбиячыдан сурап жиберди:
-Азык кайда?
-Сенин болмондо, сени кутуп отурат эжекеси менен!
-Эмне?
Азыкка деп алган кийимин артына бекитип, болмого кирди.
Экоонун божурашып, суйлошуп отурганын коруп ичи тызылдады. Озунчо баланы бир тууганынан кызгануу сезими пайда болду. Анысын жузуно чыгарбай, озун колго ала ордуна отурду.
Умутай Айымды куноолуудой карап, ордунан турду:
-Эже кечирип коюнуз мен келип алдым.
Айым кызды баштан'этек, сыдыра тиктеди. Мурдагыдай эмес, жузуно кызыл жугуруп, онуно чыга тушуптур, узун койнок, башында аппак жоолук:
-Келээрин келип алып, эмне кечирим сурап жатасын?
-Азыкты сагындым, коруп кетпесем болбойт эле?
-Турмушка чыктынбы?
Умутай колдорун ушалап, сурак берчудой болуп, аябай сурдоду.
Айым да ынгайсыз боло тушту:
-Эмне болду сага, жон эле айта берчи байболгур?
-Ооба эже, турмушка чыктым.
-Жашоон жакшыбы?
-Ооба.
-Азыкты алып кетесинби?
Умутай унчукпады. Анын конулундо эмнелер болуп жатканын озунон башка жан билбейт эле:
-Эже, апамдын акыркы тилеги менин ак жоолук салынып , келин болгонумду коруу эле, бирок улгурбой кетти. Чон апамдар да туртку болду, анан озум да эмнегедир быйылдан калбай турмушка чыгып кетем деп ойлодум.
-Туура кылдым деп ойлойсунбу, али жаш элен го ?
-Билбейм, мен алдымдан мындан башка жол корбодум.
-Азыкты алып кетесинби дедим?
Айым катуурак суйлоду:
-Жок эже, жолдошумдун жумушу борбордо, эртен кетебиз, ошол бойдон качан кайрылабыз билбейм. Ошондуктан. ..
-Анда эмнеге келдин?
-?
-Мен сенден сурандым эле го?
-Сизге эмне болду, мен анын бир тууганымын, кантип келбей кое алам?
Айым эмнеге антип суйлогонун тушуно албай, албай койду. Умутайдын эми келбестигин билип, ичинен кубанды.Бирок бир кезде озу да умут кылган жашоону эстеп, бир кызыктай абалга туш болду."Ылайым арты жакшы болсун" деп кубуроду.
Экоону алмак'салмак тиктеген Азык, Умутайдын дагы таштап кетээрин тушунуп,эзилип ыйлап кирди. Эжеси эмне кылаарын билбей, инисин соорото албай убара.
Айым Азыкты жетелеп чыгып баратып,Умутайга ээк жансады:
-Отура тур, азыр келем.
Азык чырылдап, "кетем" деп тополон салбады. Айымдын кокурогуно башын жолоп, солуктап жатып уктап кетти.
Умутайдын деле абалы андан отот. Атасы да, апасы да удаа кете беришпедиби?
Азыр озунон башка беш бир тууганы болсо, журогу беш болукко болунуп, оорудан зыркырап турат.
Бирок кантсин, азыр жаш, баарын озу багууга кудурети жетпейт.
Айым кайра киргенде, коз жашын колдотуп, баарын айтып берди:
-Атам орган кызматкери болчу, анын тапканы уйбулобузго кенен жетчу. Атам биздин коргоочубуз болчу эже .
Ал бар учун биз эч нерсени ойлонбой жашадык, бир кундо эле чачылган шурудай, ар бирибиз ар кимдин колуна тушуп калабыз деп ойлогон жокпуз.
Атамдын жумушунда коро албас адамдар аябай коп болчу, эмне болгонун биз деле толук андап жете албадык, атамды "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен , 5 жылга кесип жиберишти.
Ызычуу тушуп эле жатып калдык. Апам жаш балдары менен, Азык эмчекте болчу.
Кимден жардам сураарыбызды билбейбиз.
Атам да бизди ойлоп, ал жакта жатып оорукчан болуп калды.
Акыры аяш атамдын жардамы менен атамды,"акыл' эсинен ажыраган,кылган ишине жооп бере албайт" деген дарыгерлердин корсотмосу менен абактан чыгарып келдик.
Ал аябай комкор киши болчу.
Кыштын куну мектептен бутубуз суу болуп келсе, ар бирибиздин бут кийимибизди кезеги менен мешке кактап, тан атканча баарын кургатып койчу.
Озуно эч нерсе албай, бизге деп которунуп келчу. Байкуш атам!
Умутай мурдун шырр тартып алып, жоолугунун учу менен козун аарчып алды.
Айым бир чети Умутайга кызыгып карап турду. "Эн жакшы атанын кызы экен, бизге болсо ушул бакыт да берилбегенин кара" деп ойлогонго улгурду.:
-Абактан чыгарып келгенибизден кийин жумушу жок уйдо эле болуп калды. Эртели'кеч мал карап, короо тазалап журо берчу. Баарыбыздын конулубузду алганга жетишчу. Ошол жылы мен тогузунчуну аяктап, шаардагы кесиптик лицейге окууга оттум, атамдын кубанганын сурабан!
Жума сайын уйго барсам, апам экоо тен жетине албай, бар тапканын мага беришет. Атам куржундун эки козуно толтура тамак'аш шыкап, автобуска чейин озу артып келет. Мен тушкон автобустун карааны узулгончо тиктеп тура берет.
Корсо ошондо озунун олумунун жакындаганын сезип жургон экен.
Оорубады, тошок тартып да жатпады, жон гана баарыбыз кечки тамакты конулдуу жеп, анан "мен бираз кыйшая турайын" деп, жаздыкка чыканактаган бойдон кайра ордунан турбай калды.
Биз заматта эле атабыздан айрылып калдык.
Чыркыраган жетимдерди кучактап, апам жесир калды. Жер'сууну бузуп, боздогон биздин унубуздон, баарынын козуно жаш келди.
Бирок олумго айла жок экен, жашообуз ото берди.
Бул жашоодо кимге жамандык кылсан, созсуз озуно кайтат эмеспи.?
Атамдын камалып кетуусуно, озунун эле бир тууган иниси себепкер экен эже, ушу кантип болсун, озунуз ойлосонуз, ушул акылга сыя турган ишпи?
Атамдын жетишкендиктерин коро албай коюптур. Атам откондон кийин, ал инисинин келиштире салган эки кабат уйу тыптыйпыл орттонуп кетти, кудай сактап оздоруно эч нерсе болбоду.
Кудай бар экен, бизден бетер ыйлап, уйу жок талаада калышты.
Эгер атам камалбаганда, ооруга чалдыкпайт эле, жок дегенде дагы 15,20жыл жашамак да, ал мезгилге чейин биз да турмуштан озу ордубузду табат элек. Жок дегенде мен окуумду ийгиликтуу аяктаганын корсо болмок.?
Апам болсо "кудайга салдым" деген бойдон катташпай койду, бизди да ашыкча суйлогондон тыйды. Мени болсо окуудан оксутпой окутту. Кундузу оорукананын полун жууп иштеп, тундосу балдары менен болуп.
Атамдын кара ашын бере элегибизде капыстан апам ооруканага тушуп калды. Мен сабакта элем. Кабар айтып келген адамды ээрчип эле кошо чыктым. Таэжелерим каршылык корсотушту, "апан жакшы эле, жуманын аягында барсан коросун" дешти. Шаарда, алардын уйундо турчумун да.
Бирок менин ички туюмум "жолго азыр чык" деп жатты. Эч кимдин айтканына конбой кошоруп жолго чыктым.
Уйго бурулбай эле ооруканага келдим. Догдурлар апамы корууго уруксат беришпеди, суранып жатып аран кирдим. Онгуроп ыйлап да алгам.
Дарыгерлер "инсульт" деп диагноз коюшуптур.
Апамдын сол тарабы бутундой иштебей калыптыр. Козунон жашы чууруп, мага бирдеме айта албай жалдырайт. Энкейип, кулагымды оозуна алып бардым, бирок укпай койдум эмне дегенин.
Ангыча башкы дарыгер келип, мени сыртка чыгарып жиберди.
Анан эле тууган'урук топтоло башташты. Мен эмне болгонуна тушунбой, "апама киргизгилечи" деп кайрадан жалдырай баштадым, же макул болушпайт.
Анан акыры кондурдум, "ыйлабайм, унумду да чыгарбайм" деп соз берип, аран кирдим кайра. Апамдын колдорун кармалап отура бердим .
Бир топтон кийин бир топ дарыгерлер келип, сырттан апамдын абысыны кирди:
-Умут, журогой эшикке, апанды башка , жаны дарыгер текшерет экен?
Чон апамды ээрчип коридорго чыктым. Биз эшиктин алдында кутуп отура бериптирбиз, апамды арткы эшик менен чыгарып, уйго жонотуп жиберишиптир.
Корсо мен биринчи киргенимде эле апам узулгон экен, бизди коркуп кетпесин дешип, жон эле аппаратты кийгизип коюшуптур.
Мына ошентип, апабыздан да кол жууп, томолой жетим болуп отуруп калдык.
Апам атамдын кайгысын которо албады окшойт менимче. Эмнеси болсо да арманы ичинде кетти, биздин бир да жакшылыгыбызды корбой кетти!
Умутайдын создоруно чыдабай, Айым да унсуз ыйлап отурду.
Ал да апасын бугун жоготкондой, ошол кунду эстеп алып,канырыгы тутоду.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Март 2019 - 20:16