Суперстан: "Тагдырлар" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Тагдырлар"

#21 Пользователь офлайн   nice.love   20 Март 2019 - 09:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 461
  • Катталган: 06 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения raia (20 Март 2019 - 08:13) жазган:

Баланын атасын келинин аяштыбы эч ким деле соз кылбайт эле кандайдыр бир жаман адам,зоокур го дешет эле.Антени келиндин жаман журум туруму жок болгон.Учоо чогуу журсо эгиз дешер эле бирок Айтпас апасына окшоп ак жумал, узуун бойлуу болгон.Оздорунон айырмаланып турса да эч ким даап башкача дебеген.Анткени чон атасы айылда кадыр барктуу,белдуу киши болгон.Чон энеси да бир айылдын акылман байбичеси болгон.Келин да эстуу жан болуп элге алынган.Эл аны Зарылбекти омур бойу зарылып кутконуно,ата энесинин колунда оз кызындай болуп жашаганына тан берип сыйлашат эле.
Асан менен Усондон 20 жаштай улуу болгон,алар да козу откончо оз апасындай сыйлашат эле.Энесине эмне алса женесине да кошо алат.Аялдарын женесине ойдо каратпайт.Алар да апа деп сыйлап турушат деп калышат эле.Асандын аялы тамашокой эле.
- Уйдун босогосун ататпай туруп,жангыз женем бар ошол женемдин кабагы бурколгон куну торкунго жоо кеттим дей бер деп эскерткен.Энемен ада апаман корком.Иштен келип энемен мурун жене деп астына эркелеп,жанына отуруп бир куйум чайын ичип,эми курсагым тойду деп уйго кирет деп калат дешер эле.
Асан менен Усонду которуп журуп оз баласындай бакан дешет эле.Кайната канча каардуу болсо да канчалык намыстуу болсо да келинин куноосун кечирип.
- Каап болбостур,каран калгыр ай согушун менен деп озун озу жеп ото жаман болсо да келинге сыр бербей ойлонуп,ойлонуп ушул бала келиниме азык атар деп озун баскан дешет.Канча адам келинге куда болуп келип,колун сураса да келин эч кимге макул дебей,кутту босогомду таштабайм,Зарылбектин коломтосун очурбойм,Зарыпбек келет деп кетирчуу дешет.
Кайнатасы да талаа туздо колхоздун ишинде ушундай болду деп торогондон кийин баласын байбичесине каратып,озун окутуп мугалимдикти бутургон дешер эле.Жангыз кызын окутпай куйого берип наны бутун болсун,колхоздун ишинде кыйналат деп шылтоо кылып окууга жоноткон дешет.Балким ошояктан бироого жолугуп бактысын табаар десе да туз журуп окуусун бутуп оз уйуно келгенде ата жетине албай дипломун элге жууп,элге тойчук откоруп барбаландап мектепке киргизип бул да менин кызым деп тан алган дешет эле....

Уландысы барбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   raia   20 Март 2019 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бул теманын аягы болду.Бул согуш учуру менен кийинки жылдаркы окуя.Озумун апам тен ,ата энемин замандашы.
Озумун таэнем тууралуу жазгым келет. Ал кишинин тагдыры уркунго туш болуп.Кытайга барып коп азап коргон экен.Бирок тишим отобу,келтирип жаза аламбы кеп ушунда.
Ошон учун да ойлонуп,толгонуп жазуудан коркуп турган кезим...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   20 Март 2019 - 17:22

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Жангыз эмес жалгыз деп жазсаңыз. Күтөбүз эже. Кадам деген эже дагы таасирлүү окуялардан баяндап берсе жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Jan-tumarym2017   20 Март 2019 - 19:05

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:10

Просмотр сообщения raia (20 Март 2019 - 16:36) жазган:

Бул теманын аягы болду.Бул согуш учуру менен кийинки жылдаркы окуя.Озумун апам тен ,ата энемин замандашы.
Озумун таэнем тууралуу жазгым келет. Ал кишинин тагдыры уркунго туш болуп.Кытайга барып коп азап коргон экен.Бирок тишим отобу,келтирип жаза аламбы кеп ушунда.
Ошон учун да ойлонуп,толгонуп жазуудан коркуп турган кезим...

Сиз келтирип жазасыз эже. Сиздин колунуздан келет. Мен ишенем Жана кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   karakoz2017   20 Март 2019 - 20:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 31 Май 17
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 18:34
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Kyrgyz-jigit. com (20 Март 2019 - 17:22) жазган:

Жангыз эмес жалгыз деп жазсаңыз. Күтөбүз эже. Кадам деген эже дагы таасирлүү окуялардан баяндап берсе жакшы болмок.

Менде суроо эмнеге Рая эже "жалгыз" деген сөздү дайыма "жангыз" деп жазасыз?Ушул нерсени көп байкап калам да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   raia   20 Март 2019 - 20:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Озум да байкабайт экем суйлогондо да,ойлонгондо да жазганда жа жангыз дейт окшойм.Бул соз озумун катам болсо керек.Же колдуктор жангыз дейт бекен билбедим..Эгер андай болсо диаликтикага кирип кетеби ? Эгер кол жакта болсо кимдир бироо ун катмак,колдо ушундай деп демек менин бала чагман кеткен катам болсо керек.Эч ким байкабаган. Анткени жаш кезимде да жангыз деп жазчуу экем,Атайын бугун текшерип кордум,менде эски дептерче кундолугум бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   raia   20 Март 2019 - 20:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эми ондошко аркет кылам го бирок конгон адат калабы демекчи жангыз десем опа эжебизден ката деп жалгыз деп окуп койо бергиле...
Букурду мурзо тузойт деп айтмакчы оноло албай калдым го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   raia   22 Март 2019 - 19:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бала кезде козун корбой калган чон ата чон энене,тайэнен тууралуу билгим келип.Алар кандай кишилер болгонуна кызыгып сурар элем.Апам тайэнем тууралуу коп соз айтат эле бирок мага кызыксыз эле.Анткени мен озум деле классташтарымдыкына барып калсам кимдин кызы экенимди сурап.Мен атамын атын айтканда эле.Атам тууралуу жакшы соз айтышып анан тайэнем тууралуу соз кетет эле.
- И Калыйдын небереси турбайсынбы билесинби тайэнен жакшы киши болгон.Улуу согуш жылдарында атан фермабашчы болуп иштеген.Ошол жайлоодон айран уйутуп,чанач чанач айранды жакага жонотот эле.Курут жасап кышында колунда жокторго,балалууларга таратат эле.Ал жылдары ачкачылык кобун кыйнап турган.Ошол жайда айран,кышта курут кадимкидей бизге азык болот эле.Ал учурда сутту тартып,каймакты сызгырып согушка жонотулот эле.Башка элдегилер кок сут деп сууга токчуу экен.Биздин колхоздо Калый женем кок сутту токтурбой айран уйутуп,элге берчу эле.Бир эки эле адамдарда саан уй болбосо баар колхоздуку эле.
Тайэнен ошол жайлоодо да тынч отурбай согуштагыларга ичик тигип,мээлей, байпак согуп жонотот эле.Иштерман бир айылдын ууз эле...
Ал созду тентуштарымдын козунчо суйунуп дердейип калар элем.Уйго келип апама тайэнемди бир эже ушундай деди деп мактанып кетээр элем.
- Апа айтсаныз тайэнем сулуу аял болгонбу?
- Оба тайэнен бала кезинде сулуу болгондур кийин улуу уркундо улуу тумоо ( чечек ) элге тийип энеме да жугуп ажаалы жок экен тируу калыптыр.Ошон учун беттери тырык,тырык тактары бар эле.
- Тайэнем уркунго катышканбы? Анда кытайга да барып келгенби?
- Оба балам,тайэнендин корбогон азабы калбаган.
- Атамчы ?
- Атамдын энеси татар болгон учун карындашы,иниси учоону татарлар жашырып калган.
- Агасынчы ?
Ал авам уйлонуп бир кыздуу болуп калган экен.Кач кач болгондо чонапам бешиктеги баласын унутуп качып кетиптир.
- И анан.эмне болуптур.
-Качып барып бир коктуда эс алышып токтогондо.
- Сайраке бала кана десе ошондо чынырып чычып ыйлап,унутуп калганын айтат.Эр жигитерден 2-3 барса орустар айылга кирип тинтишип,бешиктеги баланы айрыга сайып кетишиптир. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   raia   22 Март 2019 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Тайэнем ошондо канча жашта болгон экен ?
Энем бечара ошондо 7 жашар кыз экен.Тайятамдын балдары токтобой журуп уул корушот аркасынан апам торолот.Апам тайэнемдин курсагында экенинде аяш тайятамдын эки жашар уулу бар экен.
- Кел досум аяш оор бойлуу экен уул болсо балама аккан достордон болсун,кыз болсо уулума колукту болсун келин кылып алайын деп суранат.Ошонтип энем торолот.Энемдин кыркы чыга элек эле тогуздатып мал айдап келип баласына кулагын тиштетип куда болуп кетишет.Эл уркот экен деген создор тарап эл тынчыбай калат.Ошондо тайятам мойнумда карыз болуп калбасын булоосун берип аманатынан кутулайын деп 7 жашар энемди кудасына берип келет.Эл менен уркуп кытайга барышат.Оздору менен малдары,байлыктары менен кошо кетет.Булар орустар аркасына тушо электен мурун ооп кетишет.Кытайга барышып,чондоруна тартуу беришип шаар чексине жайгашып калышат.Бирок жат эл,жат жер турмуштан кыйналуу башталат.Элге улуу тумо тийет.Биринчи эле энемди ала турган бала ооруп жыгылат.Ал кайтыш болот.Кайда болсо кыргыз элим салт санаасы менен журот го.Баласын жерге беришет 8 ге чыгып калган энеме кара кийгизип,тескери карап отургузуп койот.Бала неме зерикпесин деп мандайына куйосунун эр токумун илип эл жокто колуна узонгуну карматат.Энем бечара узонгуну бири бирине уруштуруп ойноп отурат.Эл келе атканда узонгуну жыйнаштырып, жанын оорута жамбашынан чымчып алат.Жаны ооруган энем чынырып ыйлап калат.Канчага созулат эле ким билет коп отпой энеме да бут денесине чечек чыгып тошоко жатып,эс учун билбей жатып калат.Канча жатканын ким билсин кайын энеси кыйын аял болот,эптеп айыктырып алат бирок озуно жугуп ал киши да курман болот..Коп отпой кайын атасы да ооруп калат.Ажаалы жетип калганын сезип келинине.
- Балам менин астымда ороо бар,мен каза болгондон кийин аны казып катып ал.Жакшы адамдарга жолугуп Колго кет.Жерин Саруу,атандын аты баланча деп коз жумат.
Ошонтип бир атанын тукуму калбай коломтосу очот.Жердештеринен бири мен жакын тууганмын деп каза болгонду жерге берип,кызга ээлик болот.Жаш нерсени алдап,атана алпарам атанын алтындарын кайда катканын айтсан Колго тезирек кетет элек деп башын айлантып,катылган ороодогу алтынды алат.Небересинен кичине кызды токолдука никелеп алат.Олгондон калган жесир меники деп эч кимге соз бербейт.Ошол кундон энемдин шору кайнайт.Бул жаш эле дебестен куну катын иттин кунун корсотот.Баягы алтындын жук жубуру менен Кыргызстанга келишет.Бирок Кол тарапка эмес Чуй тарапка ооп келишет.Энем Кол кайда экенин билбей ар кимден сураштырат. Жашыруун атамдын аты Садырбай,бай киши болгон экен.Саруу урусунан жолуксанар кызын Калый тируу,коргон куну азапта экен деп койгула деп жолдон откон жолочуудан айтырат.Бир куну кокусунан айтып атканын угуп калып олорчо камчы менен сабатат.Ошондо да коркуп турса да
- Кол кай жакта байкебай мен Колдун кызы элем деп атканын угуп какбаш чал чычырканака болотуп,жигитерине ургузат.Апам эси ооп калганча урушат да сарайга ыргытып таштатып койот...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 22 Март 2019 - 20:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   raia   23 Март 2019 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Апам байкуш канча кун жатканын деле билбейт.Бир билгени больницадан озуно келет.Корсо Советтер доору башталып.жаныдан больница ачылып.Уркуя заманы деп Кол тараптан аял киши атанып чыгып эки уч катын алган чалдардан жаш кыздарды боштондука чыгарып калган заман экен.Апамдын кабарын кимдир бироо жеткирип барат.Ишенип ишенбей келсе уйддон таппай калат.Коншулардан бироо козун ымдап сарай жакты корсотот.Сарайга кирсе ырбайган арыктан арык болуп чала олук болуп тикенге кердиртип болонуп жаш кыз жатат дейт.Жигитерге чечтирип арабага салдырып Бишкеке жонотуп.Чалды тикенден кыйдыртып туруп озун кердиртип тикенге болоп,чочкодой чаныртып камчы менен саббаткан экен.Апамы Бишкектен врачтар коруп кадимкидей акыбалына ыйлашыптыр. Бут денесине тикен кирип,ириндеп анысы аз келгенсип чымын чычып куртап кеткен жерлери да болгон экен.Врачтар жакшы кылып карап,балдар уйуно откоруп берет.Ал жерден кыздар мектебинде билим алат.Комсомолго отот.Ошонтип апамын азаптуу кундору токтойт.
- Бишкектен атамы кантип жолуктуруптур?
- Ал мезгиде атам да билимдуу болуп,комсомолго отуп иштеп жургон болот.Экоо тен партияга бир отуп.чогулуштарда бирге журуп анан баш кошушкан экен.
-Эмнеге Бишкекте жашашпай калган,
Ал учурда заман башкача болгон.Чон кызматагылар репереция деп камалышкан ошолордун катарында атам да камалып,апам колго балдары менен келе берген.Атам камалгандан кийин жакшы заман келип атам акталып чыкан ошол ошо болду Колдо иштеп,жашап калышкан экен.Апам кийин деле турмушта коп кыйналган тороп балдары токтобой 20 баладан жетообуз калганбыз.Ошол учурда жалан уул балдары чарчап калчуу экен.Бир инимди мен деле билип калдым.Учко чыгып уул той откоруп атканбыз.Бир жагында жылкы,бир жагында кой,бир жагында боорсоктор бышып,той камылгасын коруп атканбыз.Хан столго чыгып ойноп турган иним жыгылып тушуп эле чыркырап ыйлап туруп чарчап калды.Той азага айланды.Тай жасалгалап келе аткан тааныштар тайын жетелеп кирип келип тайын ката албай,бир шумдук азаа болгон.Тойго деген нерсе кара ашы болуп,ыйлабаган адам жок апамын бир уну жерде бир уну кокто болуп жаман чыркыраган. Апам ошондон кийин оорукчан болуп тез карыды....

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 23 Март 2019 - 00:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Bazana   23 Март 2019 - 03:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Кудай сактасын ото окунучтуу окуя экен, Рая эже жакшы жазасыз, сизден коп сабак алса болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   raia   23 Март 2019 - 09:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Тайэнем ата энесин таптыбы анан ?
- Оба атасы жолдо кырылуудан каза болуп,апасы Кытайга кош бойлуу болуп барып коз жарып,кыз торойт.Тууган уруктары коп болуп жардамдашып Кытайдан аман эсен чыгып жолдо апасы каза болот.Атасы менен бир тууган байкеси кичине кызды койнуна салып,инисинин колунан жетелеп эсен аман Колго жетишет.Бирок ал байкеси да жолдогу азаптардан оорукчан болуп,коз жумат.Эки томолок жетим ар кимдин колунда калып иштеп,жаш кунунон ар кимдин ишин кылып карындашын жетелеп кун кечиришет.Жакшы заман келип,окмот жардам берип оздоруно чакан там салып,карындашын окутуп,озу уйлонуп калган кезинде бир туугандар жолугушат.Апам ошондо эки кыздуу болуп атам экоо бакубат турмушта жашап калган кези болот.Жаны заманда жетимдерге конул бурулуп,аларды окутуп турмуштун атаал жолунан он жолго салы жардам берилет.Ошолордун ичинде тайэкем да болот.Жатарга жатакана берилип,ичкен жегени бекер болуп жедеп турмуштун оор кунун коргон тайэкем жакшы билим алып,акылдуу киши болуп чыгат бирок уркундун кесепетинен ага да карындашына да оор жугушту тумоо тийип,олбогон менен балалуу болуу бактысынан айрылып экоо тен балалуу боло алышпайт.Апам байкуш экинчи кызын агасына берет ошол кызды багышып ошол кызды эрмек кылышып,белине бекем бууп ошого канимет алып жашашкан экен.Синдисине да бир кызын берип,ал да ошол кыз менен жашап калат.Бирок синдиси митаам болуп кызын корсотпой алыс жашап,эжеси менен каттоосун узуп кызды жат кылып тарбиялайт. Ага чейин атам реперецияга туш болуп камалып кетет.Турмуш кыйгачынан кетип апам кыйналып калганда татар тайэкелер жардам берип Колго келип,кайын журтунда жашап калат.Атам акталып келгенде бир туугандары Бишкеке барышына каршы чыгып оз элинде кызмат кылып иштеп калат.Атамын мурунку аялынан уул болот.Ал учурда уулду аялга берген эмес,эки кызы энеси менен кетет.Бирок ал кыздар эки ата откон агасынын кыздары болот.Агасы олгондо эки кызы болуп жененди бойдок сен аласын деп зордоп уйлоп койушат.Атам ал жапайы салтка макул болбой бир аз жашап туруп Бишкеке кетип калат.Кайрылып келбесине козу жеткенде жене катын аксакалдардан жооп алып торкунго кетет.Уул баланы ата салты деп биздин бала нокетек болбосун деп алып калышат....

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 23 Март 2019 - 09:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Topchubai   27 Март 2019 - 10:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Рая эже улантыныз кутуп журом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 17:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: