sister (12 Март 2019 - 10:23) жазган:
Мисалга бир эле рак оорусун алалы... Азырынча рактын отушуп кеткен стадиясынан айыгып кеткендерди уга элекмин. Ал тургай миллиардерлердин миллиарддаган долларлары жардам бербей калып жатат...
Анан калса умут кылуунун да чеги болот. Менмин деген докторлор умут жок деп баш чайкаган сон айыгып кетуунун озу ЧУДО. Бирок андай чудо ото ото сейрек болот, болгон болсо...
Рак менен катуу ооруган адам, жан чыдагыс катуу ооруп жатса, ушундай кыйналгандан коро эртерээк олуп калууну самайт, жан мин таттуу болгондо да, олумдон корккон кундо да, анткени оорунун азабы ошого туртот...
Кудайдын бул сыноосуна таарыныппы же согунуппу, айтор "за что мне это" десе дейт чыгаар жаны кашайганда. Ал эми куноолорун ойлойбу жокпу, куноокорбу же такыбабы, айтор оору адам ылгабайт. Илгери рак 40-50дон жогорку жашта кездешсе негизинен, азыр бул оору жашарып, куноосуз наристелер да рак болуп жатканын угуп жакамды карманып турган чагым.....