Кандайсынар мага тез арада бир маселени чечууго силердин кенешинер керек болуп турат .Бир ай мурун тентуш бала бир селки менен таанышып мамиле куруп башташкан,тааныштырып койуу максатында тиги кыз уйуно кичине дасторкон дярдап коноко чакырыптыр жоро жолдоштор болуп бардык.Озгондун куручунон нак кылып аш баскан экен жакшы маанайда отуруп тааныштык,тиги кыз болосу менен турат экен озунон бир жаш улуу,билишимче кыз озу тикмечи ал эми болосу чакан бизнес кылат экен.Таанышкандан баштап эле болосу менен жакшы суйлошуп кеттик,коптон бери тааныш адамдардай эле шынкылдап бири бирибизге тамаша аралаш тийишип отуруп кантип кеч киргенин байкабай калдык.Меймандаганына ыраазы болуп болосунун номерин алдым дагы уйду коздой сыздым.
- (2 )
-
- 1
- 2
Туура чечим.
#2 21 March 2019 - 08:39
Ошондон тартып телефон менен суйлошуп журдук жакшы кыз экен жакты мага,суйлогон создору орду менен бирок тее ар жагында журок ойугон койгойу бардай сезилчу.Бир куну жоолугуп отурганба сурадым эмне болду деп копко чейин унчукпай отуруп менин бойумда бар кесир деп туруп басып кетсе болобу.Эчнерсени тушунбой далдырап отурган бойдон калдым,эсиме келип чалсам албайт смс жазсам жооп бербейт,чыдабай бардым уйуно анткени башта суроолор ттлуп кеткен болчу.Копко чейин ыйлоган окшойт коздору шишип калыптыр,аста учурашып журу сейилдеп басып келели деп калды,жолду катар бара жатып токпой чачпай айтчы баарын десем оор улутунуп созун баштады.Корсо мурунку жигити алдап таштап кеткен экен,айтышына караганда бутундой туугандары дин жолунда жургон адамдар,эгерде бул кылыгы билине турган болсо анда жашап кереги жок экенин айтты.Аборт кылдырып салууга дити барбаптыр.Курсагы анча мынча билинип калыптыр,чонойгон сайын чый пыйы чыгып соолуган гулдой эле кебетеси кетип баратат.
#3 21 March 2019 - 08:51
Ал эле бул эле кылбай ток этээр жерин жазайын,кыскасы эмне жардам керек десем бир вариантын айтты.Ай кунуно жетип коз жарганча мен жанымда болуп турушум керек,борбордо жашаган туугандарынын алдына барып нике кыйдырып жашап курсактагы бала меники экенин айтуум керек,коз жаргандан кийин тез арада Россияга жылып кетем деди.Бир туруп жардам бергим келет,кебетесин корсон журок ооруйт,бул турушунда элге уят болгончо олуп эле берчудой.Бир туруп менде туугандар бар жоро жолдоштор бар,боюнда бар кызды алып алды деп соз кылышса кантем,аларга билдирбей койойун десем бет чыдабайт анткени башкасын алдасам да апамды алдай албайм.Азырынча бул сырды эч ким билбейт,эртеден кечке ушуну ойлой берип тункусун уйкум дагы тынч болбой калды.Эмне кылам?Кандай чечим чыгарсам?Макул мен ошондой курманчылыка барсам кийин далыга бычак жеп калбаймынбы кайра?Айтор мындан башка дагы суроолор коп.
#4 21 March 2019 - 09:40
Урматтуу автор! Ал кызга жардам берип, сооп иш кылгыныз келди дейли бирок, ал кыз накта эле жигити менен ойноп коюптур озунун каалоосу менен. Эгер зордуктап же бир ушундай кыйноолор болсо анда макул боор ооруганга. Ушу бир жерин кыса албай калган кыздын айынан, сиздин ата энениздин, бир туугандарындын,
озунуздун ар намысты садага чапканга татыйбы? Эгер суйуп калсаныз айла жок. Маа демектен ошол болгула деп "суйуунун козу сокур"болуп ошол ишке бармаксынар.
Бирок кийин окунуп калышыныз мумкун. Кийин таза суйууго кабылсанар,
кантип дитинер барат, ошол таптаза кызды жагымсыз отмушунор булгабайбы?
Айтор, сооп иш кылам десенер ак жол. Бирок кийин бармакты тиштебегендей болуш керек. Эгер ар намыс, дос-туугандардын арасында жузум жарык болсун десенер, анда тынч эле отура бергиле. Мумкун ал ушундай боорукер, сезимтал адамды издеп жургондур куйругун жабайын жеп. Ошол бойдон айткан созуно турбай андан ары шантаж кылып, жашоонон кетпей койсочу? Ар тарап ойлонуш керек. Ото опурталдуу маселе бул. Ийгилик сизге. Анан кандай чечим чынардынар биз менен болушо кеткиле.
#5 21 March 2019 - 10:49
Андан коро тиги ата соройду издегин, тапсан коркут, айт, иш кылып кондур, жыргалын ал жигит коруп, азабын сен тартасыңбы?
#6 21 March 2019 - 12:19
#7 21 March 2019 - 13:25
#8 01 April 2019 - 01:16
Эркекче, эгер колундан келсе жардам берип кой, адамдар суйлоп'суйлоп кала берет.
#9 04 April 2019 - 00:06
#10 04 April 2019 - 14:45
#13 06 April 2019 - 12:05
Ал эле бул эле кылбай ток этээр жерин жазайын,кыскасы эмне жардам керек десем бир вариантын айтты.Ай кунуно жетип коз жарганча мен жанымда болуп турушум керек,борбордо жашаган туугандарынын алдына барып нике кыйдырып жашап курсактагы бала меники экенин айтуум керек,коз жаргандан кийин тез арада Россияга жылып кетем деди.Бир туруп жардам бергим келет,кебетесин корсон журок ооруйт,бул турушунда элге уят болгончо олуп эле берчудой.Бир туруп менде туугандар бар жоро жолдоштор бар,боюнда бар кызды алып алды деп соз кылышса кантем,аларга билдирбей койойун десем бет чыдабайт анткени башкасын алдасам да апамды алдай албайм.Азырынча бул сырды эч ким билбейт,эртеден кечке ушуну ойлой берип тункусун уйкум дагы тынч болбой калды.Эмне кылам?Кандай чечим чыгарсам?Макул мен ошондой курманчылыка барсам кийин далыга бычак жеп калбаймынбы кайра?Айтор мындан башка дагы суроолор коп.
Эгер кийин бала 18 жашка чыкканча алимент толотсо толой берем десенер баштай бергиле жардамынарды.
Коз жарган аял кантип "жылып кетет"? Торотко, балага, андан сон тыныганча ага аябай эле жардам керек болот. Финансы жактан да, моралдык жактан да. Баласын кайда жылдырывирет? Силерге таштайбы? Туугандарга таштап сенин атынды жаманга чыгарабы? Кошо ала кетеби? Кандай? Москвада иштесе ымыркайды кантип карайт?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 09 April 2019 - 08:40
Кутман тан.Баардык кенеш бергендерге чон Рахмат.Тилекке каршы акыбал курчуп турган маал,тиги таштап кеткен жигити жонундо сураштыргандан пайда чыккан жок,Баткенде имиш азыркы тапта.Курсагы чонойгон сайын чый пыйы чыгып бир жума мурун дары дармекти коп олчомдо ичип алып ооруканага тушту.Мен дагы жарытып жооп берген жокмун,озумдун иш жагымда да анча мынча койгойлор чыкканына байланыштуу каттабай калсам ушундай кадамга барган экен.Азыр Ден соолугу жакшы болгону менен моралдык жактан олук.
#16 09 April 2019 - 08:57
Сен озунду ойлочу садагасы. Ата эне, тууган урук, дос душмандын алдында. Озу кылган ишти моюну менен тарта берсин. Ата энен сени да жакшы ой, жакшы тилек менен чонойткон. Алыс эле бол шайтан ойногон жерден. Таба эмес тообо
#17 09 April 2019 - 09:03
Ага кошулуп мен дагы кыйналдым,ушул нерсени ойлоно берип жудоп кеттим.Аны бул маалда таштап кете албайм,жардам берем.Билем кандай тобокелге барып жатканымды,
балким кийин окуноормун бирок азыр бул маанилуу эмес.Ымыркай аман эсен жарыкка келсе,анда эмне куноо?Бугун выходной,барып конулун котором.Колунан кармап мен сени мененмин деп айтам.
#18 09 April 2019 - 11:14

Ошондой кылыныз
#19 10 April 2019 - 11:08
Ага кошулуп мен дагы кыйналдым,ушул нерсени ойлоно берип жудоп кеттим.Аны бул маалда таштап кете албайм,жардам берем.Билем кандай тобокелге барып жатканымды,
балким кийин окуноормун бирок азыр бул маанилуу эмес.Ымыркай аман эсен жарыкка келсе,анда эмне куноо?Бугун выходной,барып конулун котором.Колунан кармап мен сени мененмин деп айтам.
Кийин окуносун.
#20 11 April 2019 - 02:50
Ойноп эле ачылган темадай, билгенин кылгын иничек жети ойлонуп анан кескин бирок эгер чындык болсо айткандарың,
жалаа жабылып туугандары тарабынан ак жериңден караланып кетпе)
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео