Суперстан: Өксүк көңүлдөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өксүк көңүлдөр

#21 Пользователь офлайн   Sushi_wok   18 Март 2019 - 20:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Айым убакытынын коп болугун Азыкка арнады. Жакшы коруп эркелетип, кечке жанынан чыкпайт. Бул балага эмне мынча байланып калды озу да тушунбойт. Болпоюп, баштагыдай ыйлабай калды.
Айымдын айтканын угат, убагында тамактанат. Бирок ал эжесин кутуп жатканын Айым тушунду. Короодон ким кирсе да умуттуу карайт. Чон кишидей улутунуп жиберсе, Айымдын журогу ооруп кетет.
Эжесинин келбей коюшун эле тилеп жатты, эгер келсе Азыкты алып кетип калуучудай коркту. Алып кетсе балага жакшы, бирок Айым андан аркысын ойлогусу келбеди.
Бугун да базардан Нур экооно окшош кийим сатып алды. Азыкка кок тусун, кызына кызыл тусун тандады.
Жумушка келип эле Азыкты издеди. Болмосундо жок, короодо ойноп жаткан балдардын жанында да корунбойт.
Журогу шуу дей тушту. Тарбиячыдан сурап жиберди:
-Азык кайда?
-Сенин болмондо, сени кутуп отурат эжекеси менен!
-Эмне?
Азыкка деп алган кийимин артына бекитип, болмого кирди.
Экоонун божурашып, суйлошуп отурганын коруп ичи тызылдады. Озунчо баланы бир тууганынан кызгануу сезими пайда болду. Анысын жузуно чыгарбай, озун колго ала ордуна отурду.

Умутай Айымды куноолуудой карап, ордунан турду:
-Эже кечирип коюнуз мен келип алдым.
Айым кызды баштан'этек, сыдыра тиктеди. Мурдагыдай эмес, жузуно кызыл жугуруп, онуно чыга тушуптур, узун койнок, башында аппак жоолук:
-Келээрин келип алып, эмне кечирим сурап жатасын?
-Азыкты сагындым, коруп кетпесем болбойт эле?
-Турмушка чыктынбы?
Умутай колдорун ушалап, сурак берчудой болуп, аябай сурдоду.
Айым да ынгайсыз боло тушту:
-Эмне болду сага, жон эле айта берчи байболгур?
-Ооба эже, турмушка чыктым.
-Жашоон жакшыбы?
-Ооба.
-Азыкты алып кетесинби?
Умутай унчукпады. Анын конулундо эмнелер болуп жатканын озунон башка жан билбейт эле:
-Эже, апамдын акыркы тилеги менин ак жоолук салынып , келин болгонумду коруу эле, бирок улгурбой кетти. Чон апамдар да туртку болду, анан озум да эмнегедир быйылдан калбай турмушка чыгып кетем деп ойлодум.
-Туура кылдым деп ойлойсунбу, али жаш элен го ?
-Билбейм, мен алдымдан мындан башка жол корбодум.
-Азыкты алып кетесинби дедим?
Айым катуурак суйлоду:
-Жок эже, жолдошумдун жумушу борбордо, эртен кетебиз, ошол бойдон качан кайрылабыз билбейм. Ошондуктан. ..
-Анда эмнеге келдин?
-?
-Мен сенден сурандым эле го?
-Сизге эмне болду, мен анын бир тууганымын, кантип келбей кое алам?
Айым эмнеге антип суйлогонун тушуно албай, албай койду. Умутайдын эми келбестигин билип, ичинен кубанды.Бирок бир кезде озу да умут кылган жашоону эстеп, бир кызыктай абалга туш болду."Ылайым арты жакшы болсун" деп кубуроду.
Экоону алмак'салмак тиктеген Азык, Умутайдын дагы таштап кетээрин тушунуп,эзилип ыйлап кирди. Эжеси эмне кылаарын билбей, инисин соорото албай убара.
Айым Азыкты жетелеп чыгып баратып,Умутайга ээк жансады:
-Отура тур, азыр келем.
Азык чырылдап, "кетем" деп тополон салбады. Айымдын кокурогуно башын жолоп, солуктап жатып уктап кетти.
Умутайдын деле абалы андан отот. Атасы да, апасы да удаа кете беришпедиби?
Азыр озунон башка беш бир тууганы болсо, журогу беш болукко болунуп, оорудан зыркырап турат.
Бирок кантсин, азыр жаш, баарын озу багууга кудурети жетпейт.
Айым кайра киргенде, коз жашын колдотуп, баарын айтып берди:
-Атам орган кызматкери болчу, анын тапканы уйбулобузго кенен жетчу. Атам биздин коргоочубуз болчу эже .
Ал бар учун биз эч нерсени ойлонбой жашадык, бир кундо эле чачылган шурудай, ар бирибиз ар кимдин колуна тушуп калабыз деп ойлогон жокпуз.
Атамдын жумушунда коро албас адамдар аябай коп болчу, эмне болгонун биз деле толук андап жете албадык, атамды "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен , 5 жылга кесип жиберишти.
Ызычуу тушуп эле жатып калдык. Апам жаш балдары менен, Азык эмчекте болчу.
Кимден жардам сураарыбызды билбейбиз.
Атам да бизди ойлоп, ал жакта жатып оорукчан болуп калды.
Акыры аяш атамдын жардамы менен атамды,"акыл' эсинен ажыраган,кылган ишине жооп бере албайт" деген дарыгерлердин корсотмосу менен абактан чыгарып келдик.
Ал аябай комкор киши болчу.
Кыштын куну мектептен бутубуз суу болуп келсе, ар бирибиздин бут кийимибизди кезеги менен мешке кактап, тан атканча баарын кургатып койчу.
Озуно эч нерсе албай, бизге деп которунуп келчу. Байкуш атам!
Умутай мурдун шырр тартып алып, жоолугунун учу менен козун аарчып алды.
Айым бир чети Умутайга кызыгып карап турду. "Эн жакшы атанын кызы экен, бизге болсо ушул бакыт да берилбегенин кара" деп ойлогонго улгурду.:
-Абактан чыгарып келгенибизден кийин жумушу жок уйдо эле болуп калды. Эртели'кеч мал карап, короо тазалап журо берчу. Баарыбыздын конулубузду алганга жетишчу. Ошол жылы мен тогузунчуну аяктап, шаардагы кесиптик лицейге окууга оттум, атамдын кубанганын сурабан!
Жума сайын уйго барсам, апам экоо тен жетине албай, бар тапканын мага беришет. Атам куржундун эки козуно толтура тамак'аш шыкап, автобуска чейин озу артып келет. Мен тушкон автобустун карааны узулгончо тиктеп тура берет.
Корсо ошондо озунун олумунун жакындаганын сезип жургон экен.
Оорубады, тошок тартып да жатпады, жон гана баарыбыз кечки тамакты конулдуу жеп, анан "мен бираз кыйшая турайын" деп, жаздыкка чыканактаган бойдон кайра ордунан турбай калды.
Биз заматта эле атабыздан айрылып калдык.
Чыркыраган жетимдерди кучактап, апам жесир калды. Жер'сууну бузуп, боздогон биздин унубуздон, баарынын козуно жаш келди.
Бирок олумго айла жок экен, жашообуз ото берди.
Бул жашоодо кимге жамандык кылсан, созсуз озуно кайтат эмеспи.?
Атамдын камалып кетуусуно, озунун эле бир тууган иниси себепкер экен эже, ушу кантип болсун, озунуз ойлосонуз, ушул акылга сыя турган ишпи?
Атамдын жетишкендиктерин коро албай коюптур. Атам откондон кийин, ал инисинин келиштире салган эки кабат уйу тыптыйпыл орттонуп кетти, кудай сактап оздоруно эч нерсе болбоду.
Кудай бар экен, бизден бетер ыйлап, уйу жок талаада калышты.
Эгер атам камалбаганда, ооруга чалдыкпайт эле, жок дегенде дагы 15,20жыл жашамак да, ал мезгилге чейин биз да турмуштан озу ордубузду табат элек. Жок дегенде мен окуумду ийгиликтуу аяктаганын корсо болмок.?
Апам болсо "кудайга салдым" деген бойдон катташпай койду, бизди да ашыкча суйлогондон тыйды. Мени болсо окуудан оксутпой окутту. Кундузу оорукананын полун жууп иштеп, тундосу балдары менен болуп.
Атамдын кара ашын бере элегибизде капыстан апам ооруканага тушуп калды. Мен сабакта элем. Кабар айтып келген адамды ээрчип эле кошо чыктым. Таэжелерим каршылык корсотушту, "апан жакшы эле, жуманын аягында барсан коросун" дешти. Шаарда, алардын уйундо турчумун да.
Бирок менин ички туюмум "жолго азыр чык" деп жатты. Эч кимдин айтканына конбой кошоруп жолго чыктым.
Уйго бурулбай эле ооруканага келдим. Догдурлар апамы корууго уруксат беришпеди, суранып жатып аран кирдим. Онгуроп ыйлап да алгам.
Дарыгерлер "инсульт" деп диагноз коюшуптур.
Апамдын сол тарабы бутундой иштебей калыптыр. Козунон жашы чууруп, мага бирдеме айта албай жалдырайт. Энкейип, кулагымды оозуна алып бардым, бирок укпай койдум эмне дегенин.
Ангыча башкы дарыгер келип, мени сыртка чыгарып жиберди.
Анан эле тууган'урук топтоло башташты. Мен эмне болгонуна тушунбой, "апама киргизгилечи" деп кайрадан жалдырай баштадым, же макул болушпайт.
Анан акыры кондурдум, "ыйлабайм, унумду да чыгарбайм" деп соз берип, аран кирдим кайра. Апамдын колдорун кармалап отура бердим .
Бир топтон кийин бир топ дарыгерлер келип, сырттан апамдын абысыны кирди:
-Умут, журогой эшикке, апанды башка , жаны дарыгер текшерет экен?
Чон апамды ээрчип коридорго чыктым. Биз эшиктин алдында кутуп отура бериптирбиз, апамды арткы эшик менен чыгарып, уйго жонотуп жиберишиптир.
Корсо мен биринчи киргенимде эле апам узулгон экен, бизди коркуп кетпесин дешип, жон эле аппаратты кийгизип коюшуптур.
Мына ошентип, апабыздан да кол жууп, томолой жетим болуп отуруп калдык.
Апам атамдын кайгысын которо албады окшойт менимче. Эмнеси болсо да арманы ичинде кетти, биздин бир да жакшылыгыбызды корбой кетти!
Умутайдын создоруно чыдабай, Айым да унсуз ыйлап отурду.
Ал да апасын бугун жоготкондой, ошол кунду эстеп алып,канырыгы тутоду.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Март 2019 - 20:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Umka..00   18 Март 2019 - 22:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Эххх.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   shirin11   18 Март 2019 - 23:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Февраль 19
  • Соңку аракети: 24 Май 2019 17:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ноокат

Ушул сериясын менда тушунбой калдымго)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Sushi_wok   19 Март 2019 - 12:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Умутай?
Кыз жаштуу коздору менен Айымды карап калды:
-Сени толук турдо тушуно албасам да, сезип турам. Чындыгында ото оор абалын,бирок чыйрал, жакшы жашоо учун курош, жашоо ушуну менен эле токтоп калбайт го?
Айым ичиндеги кызгануу сезимин жашыруу учун, ар создун башын айта берди. Умутай аны тушунгон жок, болгону ал инисине камкордук кыла турган адам бар экенине ишенди.
Чындап эле ал ошо бойдон кайрылбады.
Азык да жол карап кутконун койду. Ал акырындан Айымга конуп бараар эле. Озу уктап калмайынча, Айымды бучкактап кое бербей айласын кетирчу.
Башка балдар бир тен болсо, Азык озу бир тен.
Анын алгачкы жолу ак жака кийип, окуучуларга кошулуп сабак окуганына,кээ кундору ысытмалап ооруп, туну менен уктабай чыккан тундоруно, кыйналганда жоолуп, ата'энесинин атын айтып ыйлаганына, Айым озу кубо болду. Кокурогундо пайда болгон бир сокур сезим, аны баарынан кызганчу болду. Апасынын мээрими бир гана озумо тийиштуу деп ойлогон Нурда апасынын жумуштан ото кеч кайтып жатканына коно албай журду.
Акыры Айым кесиптештери менен кенешип, Азыкты озуно каттатып алууну чечти. Себеби, эми Умутай келбейт, андан башка сурап алаар адамы деле жок.
Айым . "жалгыз озум эле жондоп алам жашоомду, мындан артык эмне керек?" деп ойлоочу.
Бул анын эн чон катачылыгы эле.
Журогунон отуп жаткан сезимдерди сыртка чыгарып, буркан'шаркан тушуп, керек жерде бакырып ыйлоо керек болсо да, бир чекитти тиктеген бойдон телмирип, баарын ичине жута берчу. Ушул сапатын ал "баатырдык" деп эсептеп, эмоциясын женип кетчу. Бул сапаты, озуно гана зыян алып келээрин билсе да билмексен боло коз жумуп коет.
Ар бир баланын озуно жараша туйшугу болот, мурда бир гана Нурду ойлосо, эми ага Азык да кошулду. Жалгыз жанына эмне азап десен?
Озу'менен озу болуп, озунон башка адамдарды унутуп койду.
Нур экинчиге кочкондо Азыкты ошол эле мектепке биринчи класска берди. Уйдогу бул озгорууну Нур тушуно албады, апасына караса, ал мурдагыдай эле мээримдуу!
Кундор ото берди.
Азыктын уйго келиши менен, бир адамга болсо да кобоюшуп, Нур жалгызсырабай калды. Чогуу мектепке барышат, чогуу келишет.Бирге ойношуп, суйлосо создору тугонбойт.
Мектептеги мугалимдер да, жумуштагы кесиптештери да Айымды колдору менен корсотуп, оз'ара кубур'шыбыр болушат. Анын Азыкты багып алганын оз алдынча талкуулашат.
Бирок Айым ага конул бурган жок, бир жолу ашпозчунун:
-Эмнеге андай кылдын, эки бала менен кыйналасын го? деген суроосуна:
-Жок дегенде бир оксук конулдун ордун толтургум келди! деп жооп берди.
Анын оюнда эмнелер бар экенин озунон башка жан билбеди.

Айымдындын, озунон устунку кабатта жашаган кошунасы боло турган, алар жаш келин, куйоосу менен турушчу. Куйоосу курулушчу болуп иштейт, келин уй кожойкеси. Алардын ынактыгы, ынтымактуу жашагандыгы бардык кошуналарга улгу, бир да жолу экоонун унун катуу чыгарып урушушканына эч ким кубо боло элек.Келиндин акылдуулугун айтпа, куйоосунун кабагынан баамдап отурат эмне болгонун. Жасаган тамактарынын даамдуулугучу?
Айым менен корушуп калса да, жылуу учурашып, абалын сурай кетет, мамилеге да абдан жакшы.
Бирок Кудайым да бир жеринен кесип коет окшобойбу, ортолорунда беш жылдан бери перзент болбой, тырмакка зар болуп жашап келишет.
Бугун да экоону мектептен жаны эле алып келип, уйго киргенде эшик тыкылдап калды.
Ачса ошол кошунасы экен,колунда бети жабылган идиш:
-Аа Жайна сен белен?
-Убактынызды албадымбы?
-Ал эмне дегенин, азыр эле келдик биз деле сырттан.
Келин колундагы нерсени стол устуно койду:
-Жолдошумду кутсом кечикти, жумушу дагы кеч бутот го, жалгыз озумо коптук кылды, анан балдарды ойлоп алып келдим эле?
Айым кулду:
- Жакшы кылыпсын, биз да аябай ачкабыз!
Келин балдарды карап, кулмундоп отурду:
-Балдар бары жакшы ээ?
-Жакшы эмей, бироо болсо жакшы, экоо болсо андан да жакшы! Убактындын кандай отуп кеткенин билбей каласын!
-Биз да балалуу болуп алсак жакшы болот эле?
-Болот да, экоондун тен саламаттыгынар жайында, буйруса болот да..
-Ооба денизчи, жолдошум деле эч нерсе дебейт, болгону озум эле ойлонуп сыгылып кетем .
-Кой андай дебе!
Айым келинге карап туруп, бир нерсе эсине тушкондой,тиктеп калды:
-Баса Жайна, сага бир сунуш айтсам конулуно албас бекенсин?
-Айта берин эже?
-Бала багып алсанар кантет?
Келин коздорун бакырайта карап туруп калды:
-Бала багып?
-Ооба, мына менделе багып албадымбы, туйшугу коп болгону менен, баарыбир бала да?
-Билбесем эми, жолдошум...
-Албетте, аны менен да кенешип кор!
Келин ойлонуп калды:
-Эже чындап эле ошентсек болобу?
-Озунордун шартынарга карагыла , мен эми айласыздыктан айтып койдум да, мумкун бираз алаксыйт белен деген ой?

.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Март 2019 - 12:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Sushi_wok   19 Март 2019 - 17:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

****

Умутайдын жашоосу да ото деле конул жылытаарлык болбоду.
Ата'энеси жок жетим дештиби, айтор жакшы соз айтышпады. Баарынан да озунон улуу абысыны жок жерден каралап,айтпаган созун айтты деп, жолдошу менен да , кайненеси менен да мамилелери солгундап, ортолорунан кара мышык аралады.
Деги адамдага тушунбойсун, конулу жарым адамдарды басмырлоодон ырахат алышабы, же кандай?
Умутай артына кайрылып бараар жери жок болгондуктан, баарына чыдап журо берди.
"Эл эмне дейт, барган менен кимдин козун карайм" деп ойлоду. Жерден эми боорун которуп калган бир туугандарын сагынып ыйлады. Баарынан да Азыкты эстегенде, ичи туз куйгандай ачышат.
Бул тубун тушкур жашоо дегенин, тагдыр дегенин адамды оз каалаганындай калчайт экенда.
Кайда барсан ушул корунуш, арабызда жакшы адамдардын азайып баратканы кейитпей койбойт.
Болбосо Умутай ушундай тагдырды озу сурап алыптырбы? Ал деле элчилеп жашагысы келди го?
Тилин тишине катып турмуштун запкысына чыдоого аракет жасады.
Куйоосу колунда жумушу бар, ата'эненин козун карап чонойткон баласы.
Умутайды алгач жакшы коруп,айтканын жасап журду, кантсе да аялы эмеспи.?
Бирок "ээрден кочук бир кыйшайгандан" кийин, баарыбир онолбойт тура!
Умутайдын жашоого болгон коз карашы , умуттору,заматта талкаланып жатып калды.
Ал куну жумуштан кеч кайткан куйоосу Умутайды ойготпой эле тамактанып алайын деп ашканага кирди. Анткени кош бойлуу болгондон бери, келинчеги бош боло калганынан ар жерге жата калып эле, уктай койгонун билип жургон.
Эмнегедир апасы да, женеси да ойгоо экен . Уулунун казан'аякты калдыратып жургонун коруп, устуно кирди:
-Келинчегин кайда?
-Уктай берсин, мен озум эле тамактанып алам!
-Иий тимеле куйумдуу болуп кетишкенин карасан, эмне ордунан туруп бир сага дасторкон жайыш оор келиптирби?
-Апа койчу эми?
Женеси коштоп кетти:
-Ай бала, ал сен тургай апамдарга деле жарытарлуу кызмат кылбайт, кечке болмосунон чыкпайт, энем урушайын десе мен "коюнчу эми жаш неме" деп, далай ирет токтотуп калдым.
-Коюнчу ?
-Ооба, эмне бир эле ошонун боюнда бар бекен,тыныраак болбойбу кичине?
Абысынын мынтип коро албастык кылганынын деле жону бар, келгенине коп жылдап болсо да балалуу боло албай куйугуп жургон маалы.Анан кечээ эле келген келин кош бойлуу болуп, уйбуло мучолору наристе кутуп жатса, кантип ичи орттонбой койсун?
Умутайдын куйоосу да аргасы кетип,аран эле жургон, бул окуя биринчиси эле эмес, же апасынын жанын ала албайт, же келинчегине боор тарта албайт.
Кундо келсе ушундай уруш'жанжалдын устунон чыгат.
Бугун да ошол себептен атайын жумуштан кеч чыккан. Оз апасына катуу айта албай, уктап жаткан Умутайды ойготуп, чыркыратып сабап калды. Ошону менен ичиндеги бугун чыгарып алгысы келди чамамда.
Келин ичин калкалап, оозун басып ыйлап туруп берди. Аны карап турган абысынынын, табасы кана жылмайып турду.
Эртен менен унуройгон куйоосу Умутайды карап:
-Жообунду бердим, кетебер! деди.
"Айыбым эмне?" деп жулкулдатканга, адилеттуулукту талап кылганга , Умутайда ашыкча дарман жок болчу. Кичинекей туйунчогун кармап, жолго чыкты.
Ыйлабады, тагдырына деле таарынган жок, болгону ичинде тепкилеп жаткан наристесине боору ооруду.
Умутайдын келгенин уккан туугандары шыпшынып койгондон башкасына жарабады. Ал апасынын бур туугандарынын арасына баш калкалады. Бир эжеси "олгондон калган" деп, уйуно батырып, торогончо камкордук кылды.
Ай'куну жетип, аман'эсен уулдуу болду. Торотканада жатып, жолдошунан умут узо албай кутту. Уулдуу болгонун укса келээр деди.
Бирок ал келбеди.
Умутай ошондо да аргасыздан атасын эстеди. Тун небересин корууго антандап, жетине албай кубанып, жетип келмек эле го кайран атасы!
"Кыйналбадынбы, эмне жегин келип жатат садага болоюнум" деп, чекесине тушкон терин аарчууга да улгурбой апасы келмек!
Карачы, аларсыз азыр эч ким аны жоктобой турганын?
Наристесин кучактап, жалгыз чыгып келди.
Баласына кошуп, эжесинин да балдарын кошо бакты. Ал да коп энелердин катарында, перзентин оору'сыркоодон алыс, аман'эсен чонойтуп алгысы келди.
Кундо эжеси менен жездеси жумуштан кайтканча аларга тамак жасап , уйун жыйып, короосун тазалап коет.
Ошентип кундорун откорот.
Убакыт деген учкан куш сымал ото берет экен. Умутай кыйналган мезгилдерин аз'аздан унутуп,ал кайгылуу кундорунун ордун, ымыркайынын таттуу тили, конгуроо кулкусу толтура баштады.
Бугун да кечки тамакты жаны эле казандан чыгарганда эжеси'жездеси, анан бир бейтааныш мырза кошо киришти эшиктен.
Ал кирээри менен Умутайды жалт карады.
Келин кысынып, тамагын салып берип коюп, уулун которуп чыгып кетти.
Келген адамдын ысымы Максат болчу.
Акырын, уй ээсин чыканакка туртту:
-Досум, бул периште ким эле?
Умутайдын жездеси камырабай жооп берди:
-Балдызым.
-Силер менен коптон бери турабы?
-Ооба, жолдошу алыска жумушу боюнча чакыруу алып кеткен, ошондон бери биз менен бирге турат. Эжеси да "жалгыз кыйналат" деп, мында чакыртып алганбыз.
-Ии, жолдошу алыста дегин..
Ошондон кийин ал адамдын бул уйго келгени кобойду. Болбогон шылтоолор менен досун ээрчип келе берет. Куру кол келбей, ар дайым Умутайдын баласына оюнчук, таттууларды которуп келет. Бала да ким кобуроок мээрим берсе, ошого жакын болууга аракеттенет го, Максатты короору менен ага талпынат.
Жатыркабай тизесине отуруп алат.
Алгач анын Умутайды жактырып калганынан эч ким шек санаган жок. Карым'катнашы кучтуу , жакын досу болгондуктан, качан келсе да тамагы даяр, жадырап тосуп алат уй ээси.
Акыры чыдабай кетти белем, бир куну озу жарылды:
-Деги мени алдаган эмес белен, жолдошу болсо эмдигиче алып кетпейт беле балдызыны?
Умутайдын эжеси да, жездеси да бирин'бири тиктеп туруп калышты.
Досуна болгонун болгондой айтып берди. Максат коп ойлонбой, бат чечим чыгарган адам болчу. Досу менен ачык эле суйлошуп, маселени кабыргасынан койду:
-Эмнеге жашырып журдунор?
-Умутай ошону каалады,биз деле каршы болбодук досум.
-Ким адашпайт бул жашоодо, эгер силер ыраазы болсонор, Умутайга озум камкордук кылайын, анын деле оз алдынча жашаганга акысы бар го?
-Максат?
-Мени бугун коруп жаткан жоксун го досум, менин эркекче созум бул!

Ал ошентип бат эле келиндин тагдырын чечип койгон. Ал кезде Умутайдын уулу да ал адамды, "ата" деп чакырып калган болчу.
Умутай коркоктук кылган жок. Бир чети баласынын келечегин ойлоп , жаны жашоого бет алды.
Максаттын берешен пейли, келинди оз уйуно алып келгенден кийин, бир да жолу кайгырып ыйлаганга жол койбоду. Баласына мээримдуу ата, Умутайга болсо, куйумдуу жар болуп берди.
Жашоо ушунусу менен кызык тура!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Март 2019 - 18:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Sushi_wok   19 Март 2019 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Азык Нур менен бирге чоное баштады. Ал чонойгон сайын абдан тентек болуп баратты. Бирге окуган балдарды, озунон бир жаш улууларды да сабап койчу болду. Сабагын жакшы окуганы менен, анын тентектигине мугалимдер да нааразы болуп, Айымды далай ирет ата'энелердин чогулушуна чакырышты.
Айым жакшы да айтып корду, какыс'кукус кылып, коркутуп да корду,бирок бала оз билгенинен калбады.
Мектептен келген сон, уйдо Нурдун айласын кетирет. Бакырайган коздору менен, Нурдун колун карап, танкалганын жашыра албайт:
-Мама, эмнеге Нурдун колу андай, эмнеге ал мага окшоп он колу менен жазбайт?
-Сол колу менен жазууга уйронгон да кичинесинен балам?
-Анда эмнеге менин колум которулот, анын колу которулбойт?
-Сенсиребей, эже деп айтып журсон Азык?
-Эмне учун, анын боюн менден кыска да?
-Бирок сенден жашы чон!
-Анын колу чолокпу мама?
Нур бул создорго арданып кетет, унулдоп ыйлап, апасынын этегине оролошот:
-Апа, Азыкты жон дечи, эмнеге андай дейт, мен чолок эмесмин!
Айым экоонун ынтымакка келтире албай, абдан кыйналды.
Жатаарда келгенде да экоо, бир ирет дагы жанжалдашышат. Талашканы апасынын он тарабы, себеби билишет апасы кобуроок он тарапка карап жатаарын.
Чоноюп калышты эми деп, апасы экооно оз алдынча орундук салып берип койду да, бул талаштын алдын алды. Бирок экоо муну менен чектелип калбады, бирин жайгарса , экинчиси арызданып келет.
Жашоодо жалгыз экенин мойнуна алды Айым.
Албетте, бала тарбиялоо, аны багып остуруу базардан кийим сатып алып беруу менен гана чектелбейт эмеспи.?
Болгондо да ботон эле бироонун баласын багуу, андан да кобуроок куч'кубатты талап кылат.
Экоонун эки жерде уктап жатканын коруп, терен ойго батты эне!
Чындап эле адашты бекен?
Канчалаган таттуу умуттор менен багып албады беле?
Эч кимге ыраа корбой кызганып, оз уйуно алып келгенче канча шашты эле?
Же "Бору баласы ит болбойт" деген соз,оз чындыгын далилдеп жатабы?
Же кайра алып барып тапшырып салсачы?
Анда деле баарыбир озунун карамагында болот да?
"Атамды менин уйумо келип жаша десем да конбой койбодубу, жок дегенде мага караан болмок?" деди ичинен.
Далай жолу айтса да атасы бул уйго келуудон баш тартты, балким ал деле кызына ашыкча туйшук болууну каалабаган чыгар?
Айымдын жалгыз озу турмуш арабасын кылдыратып жургонун билген Уулкыз да :
-Атамды озум карап турам, сен кабатыр болбо! деген.
Эмнеге башында шашылып чечим кабыл алды экен?
Мындай жашоо качанкыга чейин уланмак, эгер ошол кунку окуя болуп кетпегенде?
Бул окуя Айымдын жашоосуна чон бурулуш алып келди.

Айым конумуш адаты боюнча жумушунан шаша чыгып, мектепке жоноду.
Чуркап чыккан Азык суйлой албай, ону купкуу болуп туруп калды:
-Уулум эмне болду, эжен кайда?
-Тиги, тиги эжемди..
Айымдын журогу опкоолжуп кетти:
-Айта салчы, Нурга эмне болду?
-Мама, эжемди деген, сен келээрден алдында "Тез жардам" келип алып кетти!
Айым андан аркысын угууга чамасы келбей, Азыкты жетелеп ичкери кирди. Класс жетекчиси да Айымды чыдамсыздана кутуп турган экен:
-Сага кабар берейин деп жаткам озу, Нур бугун сабактан эрте чыккан, озум кете берейин дегенинен макул болдум эле, сен кеч келет эмессинби?..
-Кайсы ооруканада, эмне маалкатасын, эмне болду деги?
-Чон жолдон ото берээрде катуу келе жаткан унаа коюп кетиптир.
Айым коркконунан оозуна соз келбей туруп калды. Озу да аран жан кызына, ушул эле жетишпей жатты эле:
-Мени кутпой шашканын карабайсынбы, байкушум!

Бугун Нурдун ооруканада жатканына тортунчу кун. Оор операциядан кийин,эми озуно келди. Аксаган буту сынып, дарыгерлер гипс салып, бутун ойдо кылып илип коюшуптур.
Айым Нурду жоготуп алуудан ошондо биринчи ирет коркту.
Жанында куноолудой коздорун ирмеп коюп отурган Азыкты карап, андан бетер журогу эзилди.
Уулкыз жетип келди элден мурун. Эжесине сабыр айткандан башка эмне келсин анын колунан да?

Айым озун таштап койду.
Оорудан алсырап, андан бетер арыктаган кызынын абалына журогу чыдабай сыртка качып чыкты.
Озунун жалгыздыгына, жанында озуно кайрат айтаар бир да адам жок экенине кейиди.
Ыйлабайын десе да козуно келген жашты ичине жута артына бурулду.
Нурду уруп кеткен айдоочу да ушул жерде жургон. Дарылоого кеткен чыгымдарды озу толоп, ал да оорукананын эшигинен кетпей сагаалайт.
Айым артынан басып келе жаткан добуштан улам токтоп калды,артында унаанын айдоочусу турган:
-Сиз?
-Мени кечирип коюнуз, мындай болушун каалаган эмесмин!
Айым ал адамдын жузуно тигилди. Мурда бул адамды коргон. Бирок эстей албай , бушуркой карады:
-Биз жолуктук беле?
Тиги да шыр жооп берди:
-Ооба. Анда да кызынызды алып келууго шашып келе жаткан болчусуз, мен сизди алып келгем.
Айым эми эстеди:
-Аа ошондойбу?
Эч нерсе эмес, мен эртерээк келгенимде балким кызым мындай абалга тушмок эмес?
-Ал кучтуу кыз, мына коросуз ал созсуз бутуна туруп кетет!
-Ылайым айтканыныз келсин!
-Сиздин атыныз ким?
-Айым!
-Мен Жоомарт!
Нур айыгып, ооруканадан чыкканча Жоомарт алардын жанында болду.Бирок Нур оз алдынча баса албай,коп убакытка чейин Айымдын тыкыр козомолуно муктаж болуп калды. Айымдын кобунчо Нурдун жанында болуп жатканына Азыктын ичи куйуп жатты. Андан бетер шоктугу кучоп, Айымдын айласын алты кетирди. Же катуу айтканга кулак салбайт, экоонун ортосунда Айым суй жыгылды.
Азыр да Азыктын мектептелигинен пайдаланып, азык'тулук алуу учун базарга келди.
Оор баштыгын которуп уйго жакындаганда алдынан Жоомарт чыкты:
-Келин жардамдашайын?
Айымдын колунан баштыгын алды:
-Нур жакшыбы?
Айым башын жерге салды:
-Ал жакшы , бирок Азык мени коп ойлондуруп жатат.
-Жигит кыйнады го ээ сизди?
-Билбейм эмнеге мындай, оюу менен болуп, каалаганын аткарганы аракет кылып эле жатам?
-Ал сизди кызганып жатат го?
-Эми Азыктан да, Нур азыр мага кобуроок муктаж да?
-Тушуном сизди. Айым, келин мындай кылалы, жигитти караганга мен жардам берейин?
-Кантип?
-Эгер кааласаныз мага кошуп бериниз, эртели'кеч козомол кылып турам.?
-Ал менден алыс кетпейт го?
Жоомарт кулду:
-Анда мен сиздикине келейин, баарыбир мени уйдо куткон жан жок, анын устуно менин айымдан ушундай болуп жатат,жок дегенде кыз айыгып кеткенче жок дебениз?
-Ыя?!

Жоомарт Нур жакшы болуп кеткенче Айымдын уйуно келип жашамак болду. Айым каршылык корсоткону менен, анын да башка аргасы жок эле.
Эки болмолуу уйдун бирин Жоомартка бошотуп берип, Айым кызы , Азык менен бир болмого жайланышты.
Жоомарт кочуп келгенден бери Айымдын туйшугу женилдеп калды. Адатынча жумуштан чыгып, куйугуп чуркап келбейт.
Тарбиялап жаткан балдарына да кенен убакыт болуп калды.
Корсо Азыкка эркек кишинин тарбиясы эле жетишпей журуптур. Жоомарттын келээри менен биринчи кылган жумушу, Азыкты кошумчо сабактарга, машыгуучу жайга жаздыруудан башталды.
Айым эртеден'кечке жумушта болуп, уйундо болуп жаткан окуялардын кобунон кабары жок эле.
Жоомарт жумушуна да, Азыкты караганга да жетишти. Ал тургай Нурдун сабактарына да каралашат.
Мумкун ушул жол аркылуу бул жалгыз бой аялга жардам берсе, "озум кылган куноом бир аз болсо да женилдейт беле?" деген оюу бар анын.
Ал Айымды биринчи кундон тарта эле , ага болгон кызыгуусу пайда болгон, анын устуно ал дагы каармандар сыяктуу эле бир конулу жарым инсан болчу!.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Sushi_wok   19 Март 2019 - 21:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Айым бугун уйго маанайы жакшы жоноду. Бугун Нурдун туулган куну!
Эртен менен, кызы жактырган таттууну алып келем деп убада берген. Анын устуно эми акырындан айыгып, озу басууга жарап калды.
Бул жерде Жоомарттын жардамы чон болду.
Мындай кен пейил адамдар жашоодо кобуроок болсо экен!
Азык да чыргоолонбой, бир топ кыялы онолуп калган. Мектептен кийин машыгууга кетет, ал жактан келип чарчаганынан тамакты деле толук ичпей тошокко кулайт.
Нурдун ачуусуна тийип, козуно жакшы корунгон нерсесин тартып алууну да унутту.
Жоомарттын чыныгы эркектик сапаты, бул уйдогу уйбуло мучолорун абдан кубандырды.
Кобуроок Азыкка чон пайдасын тийгизди. Ал озун жигит сезип, кадыресе чоное тушкондой.
Айым подьезден кире берээрде кошунасы менен сузушо тушту:
-Оой сен кайдан, айылдан качан келдин?
Жайна кулуп эле Айым менен учураша кетти:
-Эже сиз менен суйлошчу создорум бар, ошондо айткан кенешиниз мага чон жардам берди.
- Макул, кененчиликте чыгайын сен жака, азыр шашып баратам?
-Мейлиниз эже!
Жайна ошондогу Айымдын сунушун жолдошуна айтканда, ал чоочуп кетти. Бирок келинчегинин коздорундогу каалоону коруп, жок дей албаган.
Экоо кенешип, бир жаны торолгон кызды асырап алышкан. "Кандай болот кандай жок" дешип, убактылуу айылга кочуп кетишкен. Коптон бери корунбогонго Айым да кабатыр болуп журду эле,азыр мандайынан чыга калса кубанып кеткени ошондон улам.
Апасын коруп эле Нур кубанычтуу кыйкырды:
-Апам келдиии! Апа карасаныз, Жоомарт байке бизге эмнелерди алып келди?
Айым коргон козуно ишенген жок , уй толо белек'бечкек, стол усту жасалгаланган.
Азык менен Нур кубанычтуу кулмундошот.
Дасторкон четинен орун алышып, Нурдун туулган кунун белгилешти.
Белектерге сонуркаган балдар копко чейин уктабай отурушту.
Айым ашкананы жыйнап, идиштерин жууп ордуна койду.
Жоомарт эртен оз уйуно кетмек. Ооба, эми кайта берсе да болот, Нурдун буту толук бутуп, буйруса мектепке бара баштайт.
Азык да жакшы жигит болуп калды.
Балдардын алаксыганынан пайдаланып, экоо балконго чыкты:
-Жоомарт рахмат сизге!
-Эмне учун?
-Менин, балдарымдын жарым конулун улаганыныз учун!
Жоомарт жылмайып койду:
-Силерге да рахмат! Тескерисинче, силер мага жашоонун таттуу экенин сездирдинер?
-Эмнеге андай дейсиз?
-Билесизби Айым,сиздин жашоонуз менин жашоомо салыштырмалуу алда канча маанилуу!
Себеби, эмне учун жашап жургонунузду билесиз, мен сыяктуу максатсыз жашагандан жаманы жок.
Айым Жоомарттын созун болбой угуп турду:
-Мага айта берсениз болот, кантсе да бир уйбулодой болуп калбадыкпы?
Жоомарт ойлуу, кечки шаарды тиктеп суйлоп жатты:
-Аялым менен жети жылдан ашуун бирге тутун булаттык. Коз тийбесин жакшы жашадык. Казан'аягыбыз кагышып турса да , ото ашыкча кетпедик. Бири'бирибизди сыйладык. Бирок акыркы жылдарда баланын айынан коп тартышчу болдук. Дарыгерлерге баруудан мен баш тарттым, ал байкушум ар жерге барып эле корунуп журду, бирок пайдасы болбоду. Мен учун бала маанилуу эмес болчу, болгону аны менен тынч эле жашоону каалайт элем. Ал кээде эки козун тоодой кылып ыйлап, менин да журогуму кысып жиберет. Ынтымагыбыз кете баштаганда уйдон кача баштадым. Башында аз'аздан ууртап жургонум менен, кийин коп иччу болдум. Мен аялдардын сабырдуулугуна башымды ийбей кое албайм, эмнеге мынча чыдамдуу келесинер?
Мен деле ал сыяктуу чыдап койсом балким бирге калаар белек?
Акыры кое берууго мажбур болдум. Топтогон байлыгым, кенен жашоом, келишкен дене'тузулушум аны кармап кала албады. Ал "бала"дегенде ак эткенден так этчу. Корсо бала жашоонун эн бир сонун жыргалдарынын бир экен. Менден кетип, коп отпой эле турмушка чыкты. Жыл айланбай уулдуу,анын артынан кыздуу болуптур деп уктум. Мындайын билгенде башында эле кое бербейт белем?
Ошондо гана дарыгерге кайрылып жатпаймынбы? "Балалуу боло албайсын" дегенди укканда, бироо устумдон муздак суу куюп жибергендей туруп калдым. Оо башта эле барсам болмок экен го, анын да жаш омурун уурдабай?
Ошол ошол болду, жалгыз жашап калдым. Мен учун жашоо оз кызыгын жоготту. Тентуштарымдын торттон'бештен балалуу болгондорун коруп, озумду таптакыр эле таштап койдум.
Сизге жолуккан кунум, Нур экоонуздорду бирге баратканынарды коруп,"жок эле дегенде майып болсо да балам болбойбу?" деп арман кылдым. Сиз бул создоруму конулунузго албаныз, мен муну сизге суктанганым учун айтып жатам. Ата'эне болуу сезими, чындыгында абдан жагымдуу экен Айым!
Мен муну Азык аркылуу сездим, мурда неге бала багып алуу жонундо ойлобогонума окуном!
-Эми деле кеч эмес, сиздей атам болсо деген балдар толтура!?
-Бирок мен балдарымы таптым деп ойлойм!
Жоомарт Айымдын коздоруно тигилди.
Акырын колдорунан кармап, бооруна тарта берди:
-Мени кет дей корбонузчу Айым!
Канча убакыттан бери эркек аттууга жакындай элек Айымдын денеси титиреп, колдорун тартып кете албай туруп калды. Жоомарттан келген, эркекке тийиштуу болгон конур жытка магдырай коздору жумулуп баратты. Ушунчадан бери жыйылып, кокурогунун тубуно катып койгон каалоосу ашып'ташып, Жоомарттын белинен акырын кучактады.
Илебине тийген жылуу эринден озун жогото, денесин бийлеп алган кучтуу сезимге багынып берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Umka..00   20 Март 2019 - 22:23

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Данеееееек күтүп атабыыыыыыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Март 2019 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Оз жашоосу бир калыпка тушкондон сон, Умутай Азыкты коруп келууго жоноду. "Баланы багып алышкан, бизде бардык маалымат сыр сакталат" деген жоопту угуп, шалдырап отуруп калды.
"Эмне учун алып кетип калышат, анын деген бир тууганы, мен бар экенимди Айым эже билет эле го?" деп кубуронуп, дарбазага жолонуп тура берди.
Айым да акыркы бир жумадан бери жумушка келе эле экен .
Бирок Умутай кудорун узбой келе берди. Бир кун болбосо бир кун, жок дегенде Айымга жолугуп калууну умут кылды.
Адашпаган экен, жумушка келе жаткан Айымды коргондо энеси кайра тирилип келгендей кубанды:
-Айым эже.?
Айым бет мандайындагы келинди коруп, же кубанаарын, же кайгыраарын билбей туруп калды. Умутай уулунан кийин Максаттан кош бойлуу болуп, ай'кунуно жетейин деп калган эле. Бетиндеги тактары билинип, анын бир топ кыйналып калганынан кабар берип турат:
-Ии кел синдим?
-Келдим эже, эмнеге жумушка келбей журдунуз?
-Журу ичкери!
Экоо мандай'тескей отура, откон кундорду эскерип отурушту. Айым себеби жок эле журогу дукулдоп, Азыкты азыр колунан сууруп кетуучудой болуп коркуп турду:
-Эже мен Азыкка келгем?
-Билдим...
-Тарбиячылар аны жок дешти, эмне болду озу?
-Эмне бир тууганынды алып кетейин дедин беле?
Умутай мукактанып туруп калды:
-Жон эле аны сагынып....
Айымдын журогу ыйлдыйлай тушту. Демек келиндин мумкунчулугу жок:
-Азык жакшы журот.
-Ал кайда?
Айым дилинде даярдап турган созун айта албай кыйналды. Эгер баланын дайынын айтпай койсо, озу да кыйналмак:
-Азык мени менен!
-Сиз менен..кандайча?
-Азыкты мен уйго алып кеткемин, ал мага биротоло конуп калган, бул жерге жалгыз таштай албадым.
-Анда эми ал.. Азык..
-Ооба, эми аны алып кетем деп убара болбо, бул жерге да келбе!
-Сизди мындай адам деп ойлогон эмесмин!
Умутай жаш толгон коздору менен Айымга карады:
Айым каамырабады:
-Мен сага башында эле айтканмын, мени ташбоор деп ойлобогун деп. Мындай чечим баарыбызга тен жакшы. Мен сен тууралуу унуттуруп койбоймун. Эр жетилип, турмушту тушунуп калгандан кийин, ал сени созсуз издеп табат. Баарыбир деле сен азыр аны алып кете албайсын, сенин да оз турмушун бар.
-Кандай болгон кундо деле, эгер ушул жерде жашап турса, аны коруп турсам болот эле го? Же "бул мекемени мен башкарам,каалаганымды жасайм " дегенинизби?
-Эгер билсен, Азыкты асырап алуу мага деле онойго турган жок.
Анын кыялы канчалык оор экенин билесинби сен, ага деген азыр биронун такай мээрими, тарбиясы керек , мен да жыргаганымдан алып кеткен жокмун. Муну менен мени милдет кылып жатат деп ойлобо, болгону тушун, энесин го сен деле?!
Умутай Айымдын создоруно ичи куйуп, колунан келсе ушул аялды тытып жеп койгусу келди, бирок анын создорундо жан бар болчу, азыр анын айтканын аткаруудан башка аргасы да жок.
Ордунан туруп, коштошууга да чамасы келбей, эшикке бет алды.
Тутканы кармай берээрде, аласынан жылуу суу кетип, бели туйулуп, жерге тизелей калды. Айым учуп жетти:
-Эмне болду сага?
Оорудан эрдин кесе тиштеген келин,Айымдын колдорун катуу кармады:
-Менимче башталды.
Айым дароо "Тез жардам"чакырып, озу да кошо жоноду.
Умутайды торотканага кийирип жиберип, эмне кылаарын билбей башы катты, же таштап баса бергенге журогу чыдабайт. Озу аран турган жанга катуу айтып алдым го деп, ичинен бушайман жеди.
Бир топтон кийин медайымдардын бири чуркап чыкты:
-Куттуктайбыз, келин аман'эсен коз жарды, эгиз кыздардын башы таштан болсун!
-Ыя, аа болсун болсун!
Айым Умутай берген дарек боюнча барып, Максатка кабар берди. Муну уккан Максат уулун жетелеп дароо жолго чыкты:
-Эч кайда чыкпай эле турчу десем кулак салбай койбодубу?
Умутайдын жанында озуно камкордук кыла турган жакшы адамы бар экенин коруп, Айым чын дилинен кубанып, андан улам Жоомартты эстеп ууртунан жылмайып алды.
Нурдун туулган куну болгон окуядан сон, Айым эч нерсени ойлонбой туруп эле Жоомарттын сунган колун кармаган. Анын сунушу менен нике окутуп, балдары менен анын кенен уйуно кочуп келишкен.
Мурдагыдай жалгыз жашоо, бир тараптан балдардын туйшугу кыйнабай, кенен уктап, кенен басып, бир топ озуно келе тушту.
Озу аялзатына бираз гана камкордук керек тура!
Кимгедир керек экенин сезип, артында жолой турган адамы бар экенин билип жашоонун озу, аялга чон бакыт!

***
Умутай Айым менен акыркы жолуккандан бери озгоро тушту. Бир боорун канчалык сагынса да , эми аны тынч коюуну чечти. Биринин артынан бири бой жетип келе жаткан синдилери менен алаксып калды.
Эн негизгиси Азыктын ишеничтуу колдо экенин билип, ал татыктуу тарбия алып чоноеруна козу жетти.
Айым эгер чындап эле айткан болсо, созсуз бир кун жолугушат, бир гана, ага чейин сабыр кылып туруу керек.
Эгиздери да коз алдында чоноюп келе жатты. Максат озу айткандай эле уулуна эн жакшы ата болуп берди. Кайда барса да колунан жетелей, ээрчитип алат. Умутай учун мындан артык эмне бар?
"Ата'энесиз калдым, эми эч кимге керегим жок экен" деп оксубой, белин бекем бууп, балдары учун, Максат учун жакшы жашоого бел байлады.
Бугун эжесиникине бармак. Балдары менен болуп журуп, кабар ала элегине да коп болуп кетиптир. Максат аларды таштап, озу жумушуна кетти.
Эжеси да Умутайдын алдына туура максат коюп, жакшы жашап жатканын коруп, чын журогунон суйунду.
Аба ырайы сонун, жайдын толукшуп турган убагы!
Умутай эгиздерин уктатып коюп, уулун жетелеп сыртка чыкты.
Айыл четинде чон сууну коздой бет алды. Откон кундорун эстеп баратты. Ойлосо ушунчалык алсыз болгон экен, эгер ошондо азыркы акылы болгондо башкача жашоо болмок беле? Уулу эч нерседен капарсыз гулдорду сабагынан узо, айланага сонуркап келе жатат.
Чоптун шыртылдап, артынан бироо келе жатканынан чоочуй артына жалт карады. Коздорун чон ача,тиктеп туруп калды.
Бул уулунун атасы эле. Коркконубу же ким билсин айтор тамагы кургап кетти:
-Сен?
-Ооба,мен!
Ал деле турмуштан коп запкы жегендей туру бар. Чекесине бырыш тушуп, мандай чачын ак аралаптыр. Ошондо Умутайдын кетип калганда, ушул эжесиникине кеткенин билгени учун, коптон бери акмалап журуп, бугун мынтип артынан тушкон:
-Кутподун беле?
Умутай уулун колунан кармап, этегинин артына жашырды:
-Эмнеге келдин?
-Уулумду короюн деп...
-Эми эсине туштубу уулун бар экени?
-Умутай мени кечир!
-Сени алда качан кечирип койгом, бул создорун эми эч нерсени озгорто албайт!
Уулу апасына карады:
-Апа, бул киши ким?
Атанын башы шылк эте, кокурогундогу ыза заматта жашка айланып,коздоруно чыга тушту:
-Эч ким балам!
-Умутай, уксан...
-Укпайм, сенин создоруно каалоом да, муктаждыгым да жок. Менин баламдын бир эле атасы бар! А сенин болсо бул балада кымындай да акын жок!
Ээрчишип бара жаткан, бири узун бири кыска солокотту тиктеген ата, жерге тизелей отурду .
Окунуу эч кандай пайда бербейт, муну унутпа кор пенде!
Жашоодо мындай окуялар болуп келген боло бермекчи, анткени жашоо да ушундай кайгылуу окуялар, жоготуулар, чекен жарыла кубанган коз ирмемдер менен кызыктуу!
Себеби, эч кандай кемчилик болбосо, сен каалаган нерсенин баары эле боло берсе, кайгырбасан, ыйлабасан, анда жашоонун манызы эмнеде?
Эгер телегеи тегиз жашоо болгондо,ким билет адамзаты кайда бармак?
Ошондуктан да "Бири кем дунуйо" дешсе керек да!?

***
Биздин кундор.
Туркия!
Борбордогу эн заманбап деген ооруканалардын бири!
Узун коридордо Айым, Жоомарт экоо бир нерседен тынчсыздангандай нары'бери басышат. Бул абал бир нече сааттан бери уланууда. Айым Жоомарттын женинен тартты:
-Ай, эмне мынча кечикти булар ыя?
-Сабыр кылчы бир аз, азыр чыгып калышаар?
-Эгер ойдогудай болбой калсачы ?
-Азык менин уулум, мен ишенем ага!
-Жоке, чындап эле ийгиликтуу болоор бекен?
Жоомарт аялынын чекесинен ооп койду:
-Ишен, мына коросун баары жакшы болот!
Убакыт отуп, чекесинен тери чыпылдап,бирок ошол эле учурда кубанычтан коздору жайнаган Азык корунду:
-Ата?
Жоомарт уулунун козунон эле баарын коруп турду:
-Жарайсын уулум!
Айым чыдабай, баласын утурлай жугурду, баарыбир аял эмеспи:
-Эмне болду уулум, эженин абалы кандай?
Азык Айымды кучактады:
-Апа, мен муну жасай алдым, жасадым апа!
Айым кубанганынан коздорунон буурчак жаштар тогулду. Азыкты мойну'башынан опкулоп, ыраазы болуп жатты:
-Рахмат сага Азык, мен эки дуйнодо тен сага ыраазымын!
-Койчу эми Айым, жаш бала болуп кетесин да.
Артынан келген Жоомарт аялынын далысынан таптады:
-Мен айтпадым беле сага!
Айым менен Жоомарттын бугун кубанычында чек жок. Канча жылдан бери коксогон тилеги бугун мынтип кабыл болуп отурат.
Бар тапканын Азыктын келечегине жумшап, аны менмин деген окуу жайларда окутушту. Козунун кареги менен тен айланып, айтканын айткандай аткарышты.Азык мектеп маалында шок болгону менен, оспурум курактан отуп токтолду. Окууга дилгир, башкаларга улгу болгон студенттердин катарын толуктады.
Ага мээрим берип чонойткон ата'энесинин умутун актап, окуусун ийгиликтуу аяктап, жылдар бою тажрыйба топтоп, жумуштан баш которбоду.
Мына бугун, озунун бала кезинен бери алдына максат кылып коюп келе жаткан тилеги орундалып отурат.
Нурга жасалган оор операция, ийгиликтуу отту.
Бул операцияны, Нурдун бир тууган иниси Азык жасады!
Эртеси Нурду палатага откорушкондон кийин, Айым кызынын устуно кирди. Нур терезени тиктеп ойлуу жатыптыр, апасын коруп коздорун кулмундото ордунан обдулду:
-Апа?
Айым Нурдун колдорунан кармап алып, токтоно албай оксуду:
-Кызым, сенин ушу кундорунду корууну насип кылганы учун Жаратканга ыраазымын, чексиз ыраазымын! .
Артынан кирген Азык апасын кучактады:
-Апа, мен озумо берген созумдун устунон чыктым!
-Созундон айланайыным!
Айым айтаарга соз таппай уулун бооруна бек кысты. Анын бир кезде "жок дегенде бир оксук конулду толтурайын дедим" деген созу акыйкат жузундо далилденип отурат.
Корсо, жашоодо туура багыт берген адамын болсо ийгиликтин эрте'кечи жок экен да?
Нур бир айдан сон ооруканадан чыкты. Он колунун кадимкидей иштеп, калем кармап жазууга уйронуп калганын коруп, озу да коргон коздоруно ишене албайт.
Арийне, бул да болсо жашоодо жакшы адамдардын бар экенинин далили!
Айымдай энелердин, Жоомарттай аталардын балдарга болгон мээриминин кучу! Бар болгула жакшы адамдар!
А Азык менен Умутайдын да жолугушуу кондору алыс эместир...

Аягы!

(автордон кайрылуу)
Мен бул жазганымды, бир конулу жакын эжемдин сунушу боюнча жаздым. Башталгандан баштап эмнегедир кыйналдым,далымда оор жук тургандай озумду абдан оор сездим. Адатта жазганым сайын эргуу келе берчу, бул жолу таптакыр тескериси болду. Мындан жыйынтык- мен бироонун жандуйносун ачып бере албайт экенмин, бул да болсо менин чабалдыгым.
Эже, эгер окуган болсонуз мени тушунуу менен кабыл алын билем, сиздин купулунузга толгон жок, себеби озум да кубанып отурган жокмун.
Айтайын дегеним, ата'эне баа жеткис байлык, бирок ажалга арга жок. Жараткан кимди керек десе алып кете берет, кимге жашоо бергиси келсе берет, бирооно узун омур, дагы бирине кыска.
Мен да ата'энемден ото эрте ажыраганмын, мага караганда сиз бактылуусуз себеби, жок дегенде "ата'эне" эмне экенин сезип калууга улгургонунуз учун. Мен эне катары балага кандай мээрим беруу керек экенин билем, бирок бала энеге кандай мамиле кылаарынан кабарым жок.
Андай дейин десем бир окурманым айтат,"сен менден бактылуу экенсин,а мен ата'энемди элестете да албайм, коргон да эмесмин" деп.
Эхх!
Ошондуктан, озунон бактылууларга карап эмес, сага караганда бактысы азыраак адамдарга карап жашоо керек экен, ошондо гана озунду чыныгы бактылуу экенинди туя алат экенсин адам.
"Олгондун озунун шору"," Олгондун артынан олмок жок" дейт. Бир тируулор жашообузду улап кете беребиз. Мандайга эмне жазылса, андан качып кетууго биз пенделер алсызбыз!
Туура, олгонго айла жок, бирок тируулой конулу оксук балдар да арабызда жок эмес. Ошол себеп тируулорго кайрылаарым, "Кандай кырдаал болбосун оз мээриминерди жарым конулдордон аябагыла, балким бул силерге берилген сыноо, же зор мумкунчулук! "
Окуган ар бир окурманга оз ыраазычылыгымды билдирип кетуу менен бирге, кечирим да сурап кетем! Жазат десе эле жаза беруу да туура эмес экенин дагы бир жолу сездим.
Бирок мындан ары да изденип, озумду тарбиялаганга аракет жасай бермекчимин. .

Урматым менен Данек Момошева!
:dh: :sorry:

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 22 Март 2019 - 11:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Stervamyn   22 Март 2019 - 13:08

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 14 Февраль 16
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда

Sushi_wok (22 Март 2019 - 11:16) жазган:

Жакшы жазыпсын.Буюрса мындан да жакшы чыгармалар жазылат деп ишенемин сага.
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Umka..00   22 Март 2019 - 15:27

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Молодецинда мындан арыда өнөрүң өркүндөй берсин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   suluusha   22 Март 2019 - 17:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 12 Январь 18
  • Соңку аракети: 02 Май 2019 17:27

Чыгармага тойбой калдыык.. Ошентсе да рахмат аягына чыгарып бутургонун учун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Sagyn.91   03 Апрель 2019 - 02:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Конулдор оксуп кетти. Каяктан да окудум...

Данек, калемин курчуй берсин. Азаматсын! )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Aiymkunumjyldyzym   04 Апрель 2019 - 00:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 690
  • Катталган: 08 Октябрь 18
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 00:46

Kandai jurok oorutkan chygarma.Ech kachan konuldor oksubosunchu,,,,,,Oksugon konuldu toltura turgan adamdar kop bolsun.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Perihka92   05 Апрель 2019 - 13:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 23 Январь 19
  • Соңку аракети: 13 Апр 2020 12:20

Сонун жазылган, тагдыр экен да, откон кундорду эстеп бир сыйра ыйлалым, жеткизип суротоп жазыпсын, молодец.дагы да кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Atisha   11 Апрель 2019 - 03:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 27 Февраль 19
  • Соңку аракети: 28 Окт 2019 19:04

Ыйлап отуруп окуп буттум,эхх жашоонун татаалдыгы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   kyrgyzstan00   18 Апрель 2019 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 691
  • Катталган: 19 Апрель 15
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2019 01:38

Суши воок соонун жазып жатасын бул озун жазып жаткан чыгармабы же??????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Ayimka   24 Апрель 2019 - 23:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Atisha (11 Апрель 2019 - 02:26) жазган:

Ыйлап отуруп окуп буттум,эхх жашоонун татаалдыгы

Менда аябай ыйладым,ыйлаганымды эч ким корбодубу деп эки жагымды карап койуп кайра ыйлап.Сонун жазылган.коптон бери ушул автордун чыгармасын кутуп журдум эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 22:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: