Эрк озунуздо.
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#3502 30 April 2019 - 14:18
Форумду коруп алып журогум ооруучу болду. Бири бирин андымай, таламай, сый-урматтан кетмей адатка айланды. Мен жаны катталган кезде бири бирибизди форумдан кутуп, сыйлап, 1 саат кирбей калсан бир нерседен кур калчудай болуп жанталашып (чын эле форумчулардын коптугунон 1 сааттын ичинде эле коп нерседен артта калчусун),бирообуз ооруса баарыбыз переживать этип... эх... бат баттан жоолугушуп,
форумдан суйушуп, дос табышып айтоор ушул форум менен эле жашап калганбыз. Андан бир орусча соз жазып койсок эле банга кетчуу элек. Азырчы... оруча жазмак тугул тамтыгын чыгарса деле эч нерсе болбойт экен го. Журогум ооруйт...
Мен эмнеге ошол доордо келбеген экенмин а?
Аттин кылып кетем да....
#3503 30 April 2019 - 21:22
Мен эмнеге ошол доордо келбеген экенмин а?
Аттин кылып кетем да....
Аттин кылып кетем да....
Ар нерсенин озунун буйруган убактысы бар болсо керек. Ал кезде super.kg форуму жаны ачылып жаткан. Балким.... Сиз деле динозавр форумчулардын катарын толуктап жургондурсуз. Албетте бул менин жеке оюм. Сиздин жазгандарынызды ото баалап, кутуп окугандардын катарындамын
P.s. Админ кечир, болду флуддабайм.
#3504 01 May 2019 - 08:32
Айымдар Ейвондо ким бар мени регистрация кылып бериниздерчи сураныч...
Сайттан регистрация кылалбай жатам
Сайттан регистрация кылалбай жатам
#3505 01 May 2019 - 11:37
Мени сени дагы эле жакшы кором ,жашоодо мындан кучтуу нерселер коп . Асылым ,жарыгым ...... кооу менин асылым сенин ордун башка мен сени омур бою жакшы коруп калам .(и) Мынча таттуу тилин)) , биз ушунтип баарын бутуруп акыркы жолу корушом деп ойлогон элем , кайра эле сени коргум келип жатат . Биз такыр башка адамдарбыз бирок ойлогон ойлорубуз бир ,мен корушуп турганы каршы эмесмин ... Кучагына кысканда баарын унутуп бир саамга бактылуу болуп алганы . Сен мени жузумдон суйгондо менден бактылуу Адам жок . Умут деле эмес ,сен учун да мен учун да бирок ошол боюнча калат деп именем...
#3506 01 May 2019 - 20:09
Билбей калдым. Бир кем дуйно деген ушул да. Билинбей мынкей ушунусунда созсуз деп журуп почти 4 жыл отуп кетти. Эхх убакыт зымырап жатат менчи мен кечигип жатамын. Балким быйылдыр. Сабырым тугоп сабыр деле кылбай калдым. Айла жок. Айланада баарында озгоруш болуп жатат а мен де ошол ошол боюнча. Чарчап да калдым. Мен чындап чарчадым. Эч нерсе сурагым да келбей калды.
#3507 01 May 2019 - 20:18
Эмнеге бироого бироо жамандык кылса,убакыт отуп,ошол жамандык башына келээрин кобу тушунбойт?Жашоо-
бумеранг,Кудай бар!Кудайдан коркпогон адамдар коп экени окундурот.Мага жамандык кылган адамдын,соссуз жазасын алааарына ишенемин.Мен каргабайм,жамандык каалабайм,Кудайга салам,бирок ото нараазы болом.Буюрса аман болсом,коромун эмне болоорунду.
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
#3508 01 May 2019 - 21:53
Сен колокодойсун токтосом токтойсун басып кетсем артымдан калбайсын мени дайыма кыйнайсын.Бугунда ошентип кыйналып олтурам эчтеке жакпай журогум сыгылып уххх кыйналдым
#3509 01 May 2019 - 23:28
Жашоо -ото кызык))...
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.
#3510 02 May 2019 - 05:35
Бугун тун ортосу Аллахтан мага "мээримдуу,
мага куйгон жар бере кор Аллахым" деп суранып турам. Анткени мен оз уй-буломдон,
оз ата-энемден татыктуу мээрим ала алган жокмун. Кээ бирлер айтышы мумкун "ата-энен бар экенине суйунсон"
деп. Ооба Кудайга шугур, ата-энем бар, бирок эмнеге алар мага мээрим беришпейт? Эмнеге убагында мээрим беришпеди? Ооба жаштык кезде ойлочумун, бул кундор отуп кетет, азыр переходный возрасттамын деп. Бирок переходный возрасттан деле оттум, жашым бир топко келди. Бирок ата-энемдин мага болгон мамилеси озгоргон жок. Эн эле оор келген жери, алар озумдун ата-энем, багып алышкан эмес. Башка бир туугандарыма жакшы мамиле кылышат дагы, эмнеге мага эле мындай мамиле жасашат? Эмне куноом учун? Ата десе копчулук камкор, коргоп турчу инсанды тушунушот. А менчи? Атам туура мени окутту, жедирди, ичирди. Бирок аталык мээрим бере албады. Кичине бир нерсе болсо эле "мен болбогондо сен ЖОЖдо окубайт элен, кааласам окутпай коем, башынды жулуп коем, кок мээ, башын иштейби?"
деп согунгон создорду айтканда жашагым келбей кетет. Кичине болбогон нерсе учун адамдын ушунчалык конулун ооруткан туурабы? Мен кыз баламын го, мен деле башка кыздардай атама эркелегим, жакшы соз уккум келет го? Неге Аллахым неге мынчалык журогум ооруп жатат, мындан коро торолбой эле койсом болот эле го. Эмнеге мындай мамилени эн жакын адамдарымдан корушум керек? Алар мага мындай мамиле кылса, анда башкалар кандай мамиле кылат? Журогумдогу арманды дагы эч кимге айта албаймын, канчалык жалгызмын...
жададым баарынан жададым...
#3511 02 May 2019 - 14:20
Тоңуп барат эт жүрөгүм муң толуп,
Бүтүп барат биз жашаган күн толук.
Ошондуктан кеч калбастан өмүрдө,
Акыркы ирет суранаарым бир жолук!
Бүтүп барат биз жашаган күн толук.
Ошондуктан кеч калбастан өмүрдө,
Акыркы ирет суранаарым бир жолук!
#3512 02 May 2019 - 14:21
Эх сырымды айтайын десем эч ким жок, ичим куйуп атат ыссып куйубатат ишенесинерби тошумон ылдый ыссык температурасы которулгон адамдай, кечоо эле мен уйкуга тойбойм деп аттым эле, ошон учун ойлонуп суйлош керек экен, тан аткыча кирпик ирмеген жокмун тушто да уктай алюадым, нервтен корсо уктай албай калат экенсин. Жашоонун таттуусун эле коруп журупмун ачуусу эми келди окшойт, Козумон жаш тегеренет тынбай,
аркаман бычак сайгандай эле болду, оксп оксуп ыйлап алгым келип атат, Журок сыры баары жакшы болсо экен, эмкиде сага бактылуумун деп сырымды токкондой болоюн.
#3515 04 May 2019 - 22:14
Азыркы учурда баардык жерим ооруп турат.Кыштан бери бир оору жабышкан,ошол менен алышып жатам, Орозодо чоң үмүтүм бар, ушул оорудан кутулсам экен деген. Кечээ бир акмак жүрөгүмдү да оорутту. 2 жыл мурун оорутуп кеткениң аз болго эми дагы оорутуп койдуң. Койнунда аялың бар туруп, кантип мага уялбай чалдын? Кудай алдында деле күнөө болорун билсең керек. Кылгылыкты кылып коюп, кайра мени азаптайын деп жатасыңбы?. Сен таксист болуп чыкты, эмнегедир үн, сөздөр тааныш, бирок эстөө кыйын болду. Качан гана экинчи жолу кайра чалганда эстеп кетип, тааныбаган адам болуп урушуп койдум. Сураныч, жабылган эшикти каккылаба!
Аялыңа мээрим төк!
#3516 04 May 2019 - 22:32
Бакыт келет, аны кутуу керек, убагында андай алган сегичтик керек. Бакыт келет УМУТ узбоо керек. ثق بالله فلا تياس
#3518 06 May 2019 - 18:38
Хе хе, айда жылда бир абал сурап коесун. Рахмат, менде баары Кудайга шүгүр жакшы. Сенде да жакшы болсун!
#3519 06 May 2019 - 21:40
"Ким орозо тутту?" десем
"Апа, мен орозо туттумбу?" дейт кичине укам
Анан менден сурап коёт:
"Эже, орозо козго корунобу? Каерден тутат аны?" деп
Сагынып кетем да ушу баланы.
"Апа, мен орозо туттумбу?" дейт кичине укам
Анан менден сурап коёт:
"Эже, орозо козго корунобу? Каерден тутат аны?" деп

Супер-Инфо
super.kg
видео










