Суперстан: Сезим курмандыгы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сезим курмандыгы. Сезим курмандыгы.

#1 Пользователь офлайн   Sushi_wok   03 Май 2019 - 16:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Сезим курмандыгы.


***

Адам баласынын, ал курсакта туйулдук болуп жаткан мезгилде эле, эки периште келип анын торолоор кунунон баштап, ичээр суусу тугонгонго чейинки тагдырын жазат дешет.
Ошондуктан да "тагдырдан эч кайда качып кутула албайсын" дешет окшобойбу?
Бирок Улуу Жараткан пендесинин алдына, оз алдынча кадам таштаар мезгилде "тагдыр тандоосун" берет экен. Бул дегени, "кандай жашоо сенин колунда, кайсы жолду туура коруп жатасын?" деп, озунун чексиз мээриминин кучун корсотуп, дагы бир ирет айколдугун далилдейт экен.
Аттин ай!
Бирок ошол туура жол, ар бир инсанга деле дал келе бербейт тура!
Ал жолду кимдир бироо адашпай тандайт, а кээ бири айласыздан ал жолго тушот, ал эми дагы бирине болсо, чындап эле курсакта жатканда эле жазылып коюлгандай тагдыр насип этет.
Жашоодогу кээ бир урунттуу учурлар, сыноолор, кыйынчылыктар , адамдын озунун каалоосуна гана жараша болот. Анткени ал тагдырды, инсан озу тандап алган.
Балким Жараткан ал пендесинин ошол жолго бараарын алдын'ала билип туруп тандоо таштагандыр алдына, албетте аны билуу учун биз алсыздык кылабыз. Себеби биз инсанбыз!
Эртен эмес, бир сааттан кийин эле эмне болуп кетээринен кабарыбыз жок.
А бирок башыбызга тушкон ар бир сыноого сабырдуулук менен чыдап, акыр'аягына чейин курошсок, абийирибиздин алдында таза болсок, анда ошол адамдык сапатыбыздын эн жогорку даражасын сактап калган болобуз.
Бирок, дагы бир баса белгилей кетуучу бир нерсе бар. Ал, улуу суйуу сезими!
Бул сезимдин алдында, нечендеген адамдар баш ийишкен, ханды тактан кулаткан, бечараны улуу адамга айландырган да, дал ушул сезим.
Суйуу доор тандабайт, ал инсандарды да даражасына карап,"сен жакшы,сен жаман" деп болуп, "сенин суйууго шартын барбы жокпу?", аны да сурап отурбайт.
Ал сезим келгенде коркок журоктор баатырга, ал эми "менмин" деген кыйындар, анын тескерисине айланат.
Дегеним, менин бул каармандарым да, ушул улуу сезимдин курмандыгына айлангандар.
Балким курмандык, балким жениш, же женилуу, аны коро жатаарбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 03 Май 2019 - 16:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Sushi_wok   05 Май 2019 - 12:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Сыртта жамгыр. Тим эле коноктоп куюп жатат.Муздак тамчылар терезе тубундо оскон алма дарагынын жалбырактарын жууп, андан сарыкккан суу айнектен ылдый сызылып агууда. Кен болмонун олуу тынчтыгында, ушул жаандын шыбыраган добушу гана тируулуктон кабар бергенсийт. Турмоктолгон капкара булуттар самсаалайт. Бул абал ансайын журогунду сыгып, абалынды оорлоштуруучудай кейиптенет. Туноргон асмандан, кундун кайсы убак экенин да болжоп болбойт. Терезе чон болгонуна карабай болмо кунгурт тартып турат.
Тээ тордо эки бутун кучактап, ээгин тизесине жолоп, бир чекитти телмире тиктеген адамдан башка, болмодо мыдыр эткен жан жок.
Сыртты суктануу менен карап отурган ал, коз ачырбай жааган жамгырдан , ичиндеги мун'кайгынын жууп кетерин суранып жаткандай сыягы.
Кайдаан?
Эгер андай болсо, бул жашоодо кайгырган адамдын озу калбай калбайбы?
Эшиктин тыкылдаган унун кутуп отургандай эле, ордунан "дик" эте туруп, каалганын алдына келди.
Эшик мурдагыдан катуурак такылдады.
Колдорунун титирегенинен кулпуну да ондуу бурай албай, бир жагынан узун чачы туш келди чачылып, озунчо эле калдандай берди.
Тиги да чыдабай кетти корунот,каалганын такылдаганына, конур ун кошула чыкты:
-Аруу, бул мен, аччы эшикти?
Эшик эки тарапка ачылып, босогодо турган узун бойлуу караан , кызды озуно тарта берди:
-Сагындым.
Жооп болбоду.Аруу да унчукпай эки колу анын мойнунан кучактап алды:
-Эмнеге кеч калдын?
-Билесин го, кечирчи?
-Мен куттум!
-Шашып келгеним ушул болду, эмне карангыда олтурасын, журу!
Ал сырт кийимин чечип, кийим илгичке иле, болмонун жарыгын куйгузду. Ортодо жасалган стол, устундо турдуу даам, мойну узун ботолко чекеде койкоет. Турушуна караганда бул адамды коптон бери кутуп тургандай сезилет:
Аруу жылмайып жанына келди:
-Туулган кунун менен!
Жигит акырын коздорун жумуп, башын кашып туруп калды:
-Муну кара, заматта отуздан алыстап баратканымды ,ай ушул кунду белгилебей эле откоруп жиберсек болбойт беле?
-Эмне сага жакпадыбы?
-Жо, жоок, эмнеге андай дейсин, тентек десе, сенин барын мен учун чоон белек да жаным?
-Бул жон эле корунушу, мен сага белек кылып ырдап берем.
Жигиттин козу жайнай тушту:
-Чын элеби?
-Ооба.
Экоо бет мандай отуруп, Аруу жигитти карап отура берди. Анын берилуу менен тамактанганын карап отурганды адат кылып алган. Жигит кою кашын улам которуп, кызга козун кысып коет:
-Аябай даамдуу болуптур, рахмат сага!
Столдон турушуп, дивандан орун алышты. Аруу жигитке ыктай отуруп, жагымдуу уну менен, кенен болмону жай терметип кирди:
Ошол кеч, сен экообуз таанышкан,
Алгач эле каректерибиз чагылгаан... ..

Чын эле жагымдуу уну бар болчу. Бул обондон экоо кайда отурганын унутуп, кайдадыр кезип жоношту.
Аруунун ыры токтоп калды. Жигит акырын саамайынан сылады кызды:
-Аруш?
-Оув?
-Билесинби,сенин жанындагы бейпилдик, тынчтык учун баарынан кечип жиберууго даяр болуп кетем. Бутун адамзатты кечирип, аларды бек кучактап, "мен баарынарга ыраазымын, болгону ушул жагымдуулукту менден тартып албагылачы? " деп айткым келет.
Кыз адатынча ун дебеди. Жигиттин кокурогуно башын жолой, магдырап уктап баратты. Анын оюнда толгон'токой суроо, создор бар болчу, бирок акыркы кундору ичине катууга уйронуп калгандай, коп учурда жооп бербей кутулат. Болгону, жигит келмейинче кирпик какпай тандарды атырып жибергенин кантип танат? Ошол ойдон улам, анан томонку, кыска гана суроону узатты:

-Бугун каласынбы? деди уйку'соо аралаш:
-Ооба жаным, сен уктай бер, мен жанында болом!

Бул бейпилдик эч кимде жок бейпилдик. Ушундай учурду кутуп эле тургансып, уйку да дароо келип кыздын коздоруно чап жармашты.
Аруу мемиреп баратты.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 05 Май 2019 - 12:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Sushi_wok   05 Май 2019 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Аруунун бирден бир душманы уйку боло турган.Кичинесинен эле уйкуну жакшы корчу. Баарына дилгир болгону менен, бир уктаса ордунан турмагы бир азап десен?
Азыр да тандын атканына далай убакыт болсо да , жаздыгынан башын которо албай жата берди. Козун акырын ачып, болмону айландыра тиктеди. Бери оодарылып, жигиттин жаткан жерин сыйпалап корсо, мупмуздак. Эчак кеткен ондонот.
Оор онтоп алды. Бул абал нечен ирет кайталанды, "ушул акыркысы, эми келбе" деп айтам деп дилинде мин жолу кайталайт. Бирок андай болбойт. Аны коргондо бардык азабы унутулуп калат.Жадырай кулуп, аз убакытын болсо конулдуу откоргусу келет.
Саргая куткон кундорун заматта эсинен чыгарат. Жашоо кызык десен?
Же бул улуу сезимдин алдында бардык адамзат эле ушундай алсыз болобузбу?
Ордунан аран козголуп, жуунучу болмону карай жоноду. Бугун апасы уйго чакырган.
Качан чакырса да ар шылтоону айтып, аркага жылдырып журо берип, мунусунда буйтай албай калды. Эне байкушка деле кыйын.
Эрке кызынын мындай тагдырга туш келип, "адам болуп санда жок, олуу болуп кордо жок" дегендей абалда, баарынан алыстап, жалгыз жашап жургонуно кейип кетет. Же айтканын кылдырып, перзентинин озунун жолуна салып алайын десе, ага да тили кыска. Колунан келгени бат'баттан уйго чакырып, кызынын жалгыз эмес экендигин эстетип тургусу келет.
Аруудан чон байкеси бар, ал келинчеги менен , апасы болуп бирге турушат. Жашоолору деле жаман эмес, эл катары.
Короодон кирип келе жаткан кызын коруп, эне этегине чалына алдынан утурлай чыкты:
-Барсынбы алдына кетейин, деги караанынды корсотпой койдун го, апандын тируу экенин таптакыр унуттунбу?
Аруу кулуп эле, апасын кучактап, бетинен опту:
-Мен бир чет жерде жургондой болосуз да, ушул эле жердемин го апа, жумуштарым коп, келе албай жаттым.
-Билем жумушунду, дагы деле журосун санаа тартып, ошол туркоюндун айынан. Карачы арыктап кеткенинди?
-Апа?
Аруу апасын нааразы боло карады.
Эне унчукпай, кызын уйго баштады. Озу жашаган уй, ошол'ошол бойдон. Байкеси жумушта корунот, илберинки кыймылдаган женеси, алдыларына дастаркон жайып, бар тапканын койду. Козунун кыйыгы менен, улам кызга карап коет. Бирок батынып бирдеме дегенге жарабады. Эне'бала озунчо суйлошуп алсын дегендей, бешиктеги баласын чечип алып, сыртка чыгып кетти.
Аруу апасы менен жалгыз калды. Эненин азыр эмне деп соз баштаарын сезип турду. Анткени апасынын оюу айтпаса да белгилуу эмеспи:
-Бир жансыл болгудайбы деги?
-Эмнени сурап жатасыз апа?
-Качанкыга чейин камалып, торт дубалдын ортосунда жашай бермекчисин?
-Ал жашоо озумо жагат.
-Жалган суйлобо, мени билбейт деп жатасынбы, андан умут кылып олтуруп, гулдой омурун соолуп баратканын сен билбесен, мына мен билем!
-Эмне кереги бар бул создордун эми?
-Кереги бар кызым. Анын озуно жараша чойросу бар, жеке жашоосун болсо сенин козунчо куруп алды, сен болсо дагы деле андан эмнени кутуп журосун?
-Билбейм, анда да мен сыяктуу сезимдер жашайт чыгар, бир кун болбосо бир кун кайрылып келеттир?
-Келсе эмдигиче келбейт беле, сенин жузунду ачып, озунун ак никелуу аялы кылып алат эле го?
Аруужан чыдабай кетти корунот, чарт эле жарылды:
-Ууфф, силерге эмне кылсам жагам озу айтчы? Деги менин озу алдымча жашаганга акым барбы же жокпу?
Эс тартканымдан эле сенин айтканын менен болом деп, карачы абалымды?
Ким куноолуу? Ага тен болуп, озум учун жашайын десем, "ал жигит, сен жубансын" дединер, дагы унчукпадым. Алдынарга озу мени сурап келгенде эле этегин кармап, ээрчип кетейин дедим, ага да конбодунор. "Ал сенин тенин эмес, ал таптакыр башка чойродон" деп туруп албадынарбы?
Ал го мейли эле, негизи башында мени эмнеге зордоп эрге берип койдун эле , айтчы апа?
Мен го турмуш эмне экенин биле элек секелек болчум, а сенчи?
Сен акылман, баарына козу жеткен даанышман эмес белен?
Эмнеге кыйнайсынар мени,эмнеге ? Эми эч кимге зыянымы тийгизбей, комускодо жашайын десем да тынчынарды алып жатамбы?
Жаш бала эмесмин го, мени жайыма койсонор болбойбу, болду да эми?
Аруунун козунон мончок жаштар куюлуп, озун кармаганга дарманы келбей, шолоктоп ыйлап жатты. Эненин болсо, кызына жообу жок болчу, шалдырап отуруп берди.
Айтса'айтпаса тогунбу? Кызынын бул абалга тушуусуно эненин акылы кыскалыгы, атасынын каардуулугу себеп.. Же кайра эле озубузду актап, баягы эле тагдырга шылтай салалыбы?
Тамактын бышканына карабай Аруу кетууго кам урду. Байкесинин козунчо козун кызартып, ыйлаганын корсотуп отургусу келбеди. Ансыз деле женесинин алдында абдан уялып отурган. Эне ээрчий чыкты:
-Балам бейбак эненди кечир, сенин убактындын бекер эле отуп жатканына кейип,айтор. .
-Макул апа мен басайын, дагы келем.
Ушуну менен соз токтоду.
Дарбазадан чыккан кызынын унаасы, чон жолго бурулуп корунбой калганча апасы босогодо тура берди. Ичинен кимди куноолорун билбей, баласына боору ооруду.
Аруунун кандай гана шайыр мунозу бар эле, жургон жери кулку болчу. Адамдын оюна келбеген турлуу суроолорду берип, уйдун ичи ал барда аябай шандуу корунчу.
Азыр алардын бири да жок, тунт болуп, озунун дуйносундо гана жашап калды. Коом менен да иши жок, ал тургай жакындарынан да таптакыр алыстап кетпедиби?
Эне козуно келген жашты акырын шыпырып алып, ичкери кирди.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 05 Май 2019 - 18:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sushi_wok   06 Май 2019 - 18:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жолдон козун албай, унааны акырын башкарып бара жатты. Бирок жандуйносу жанчылып, ичиндеги бурганактан озун карманууга шайы келбей, ошол эле, баягы эле мончок жаштар, озунон'озу чууруп жатты.
Ары жок жаштар десе.
Жол чырактын тушуна келип токтоп калды. Ошондо гана телефонуна чалуу келип жатканын билди.
Ошол экен. Конулсуз тиктеп койду да, жолун улады. Ушул кандай жан экенине озу да тушунбой кетет кээде. Журогу эмнени каалап жатканына да акылы жетпейт. Болбосо ушунча откон убакыт, аккан коз жаш, уйкусуз тундор бир гана ушул адамга арналбады беле?
Эми озун жоктоп, акыбалын сурайын десе конулсуз карап койгонун карасан?
Тынымсыз келе берген конгуроодон чарчагандай акыры колуна алды:
-Кыял?.
-Аруш, озунсунбу?
-Ооба?
-Эмне которбойсун трубканы, кабатыр болдум?
-Укпай калыптырмын.
Саамга жымжырт боло тушушту экоо тен. Телефондун ары жагынан конур ун тынчыздангандай сурап жиберди:
-Ыйладынбы Аруш?
Аруш жооп берген жок, тек гана унсуз ыйлап турду:
-Мени угуп жатасынбы, эмне болду, эмнеге ыйладын,каердесин?
-Жолдомун.
-Кайда бардын, мага эмне айтпадын, озум алып барып келет элем го?
-Сенин колуну кармабайын дедим!
-Ал эмне дегенин?
-Мен уйго келип калдым, анан байланышалы?
-Укчу жаным? Бугун мени кутпо ээ, эртерээк жатып уктай бер! Эшикти эч кимге ачпа, кечинде кочого чыкпа. Бейтааныш номур болсо жооп бербегин.
-Ошону айтайын дедин беле ?
-Ооба, зарыл жумуштар боюнча бир жумага камондировкага баратам, жетип алсам анан сага байланышам, ага чейин сени бироого дайындап коем, мен келгенче уйду козомолго алып турушат, кийин...
Созунун акырына сыга электе эле телефондун ары жагынан "туут, туут" деген добуш чыкты.
Аруш трубканы коюп салды.
Кыял башка чапкандай эле, эмне кылаарын билбей, аркы'терки баса берди.
Ал деле сезди, Аруужандын абалына да тушунуп турду. Бирок жардам бере албай, коптон бери кыйналып жургон. Эки от арасында калып, кайсы жолго тушоорун билбей башы катты.
Же коюп жибере албайт,же ар дайым жанында боло албайт.
Колунда баары бар, мумкунчулук дегенди кайсы жерден болсо да табууга болот. Бирок эмнегедир ордунда тушалып калгандай.
Биз пенделер озу ушундайбыз, козубузго сая корсотуп турса да тетириленип, туура эмес жолго тушобуз. Кетирген кымындай гана каталык учун, жылдар бою жаныбызды азапка салабыз. Балким биздин адамдык денгээлибиз ушудур?
Кыял тепкичтен бироонун басып келе жатканын угуп, телефонун очуруп чонтогуно салды. Келинчеги экен. Заардуу коздору менен, Кыялды атып ийчудой тиктейт:
-Эмне тигининди кыялбай турасынбы, тушко чейин кетем дебедин беле?
Ансыз да сиркеси суу которбой аран турган Кыял кыйкырып жиберди:
-Табалап турасынбы, ооба кыялбай жатам, алыстай албай жатам, жанынан бир карыш чыккым келбей турат! Болдубу, ыраазысынбы жообума?
-Ыраазы эмесмин. Мени жалгыз калтырып, анын жанында откоргон убактын учун да ыраазы эмесмин.
-Сен ошого кайыл болгонсун да башында, же андай эмеспи,же намысын ойгонуп калдыбы?
-Мени ойлобосон да келечектеги баланды ойлосон боло?
Кыял мыскылдуу жылмайды:
-Билсен, ошол баланы ойлогонум учун да азыр жанында турам, сен баланын артына жашынып, мени менен жашынмак ойногонунду токтот!
-Шордуусун сен!
Кыял ачуусунан коздору кызарып, Бийкенин жанына келип, жаагынан карыштыра кармады:
-Мен шордуу болсом, сен менден откон шордуусун! Эгер билсен ушунун баарына сен куноолусун, тушундунбу?
Мага дагы бир жолу козунду ойдо которуп, дагы бир жолу ушундай суйлогонунду уксам, менден капа болбогун!
Анын атын экинчи оозуна да албагын!
Жаагынын ооруганына чыдабай, каректерине жаш каканактай тушкон келинчеги, ашыкча суйлободу. Ал Кыялдын эч качан мындай жаалдуу абалын коргон эмес. Томпоюп чыгып калган ичин сыйпалап, артка кетенчиктеди.
Кыял костюмун шарт колуна ала сыртты коздой бет алды.
Жинин кимден чыгараарын билбей, унаасына отура калып эле бет келди айдап жоноду.
Ызаланды. Турмушунда бардык нерсе жетишерлуу болгону менен, кичинекей гана бакыт жетпегенине кейиди.
Бугун бара турган сапары да калды, кол телефонуна тынбай чалып жаткан жардамчысынын аракети да текке кетти.
Эсине келсе, Аруу экоонун жакшы коргон ордуна келип калыптыр:
-Тообо, келген жайымды карасан? деп кубуронуп унаасынан тушту.
Эл аз экен. Бакты аралап отуруп, Аруу экоо отурууну адат кылып алган тектирчеге келди. Коргон коздоруно ишенген жок.
Ал тектирчеде , бет алдын телмире тиктеген Аруужан отурган эле.
-Байкушум! деп алды ичинен.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 06 Май 2019 - 19:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Sushi_wok   06 Май 2019 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жанына отуруп, далысы менен кызга жолоно кетти.
Аруш алгач чоочуп кеткени менен, кайра тушунгондой , ал да акырын жигитке жолоно башын чалкалата отурду:
-Эмне келип алдын, бугун кутпо дебедин беле?
-А сен эмне кутуп олтурасын?
-Мен кутподум.
-Калп айтпа?
-Чын.
-Олуп кетейин дечи?
Кыз кулуп койду:
-Ушул созун эч калбады да.
Кыял ойлуу, созду бурду:
-Жон эле сени коргум келди.
-А сен кайдан билдин, мен да сени менен жолугууну каалап жатканымды?
-Сезсем керек.
-Мени кудай алат беле, зарыл жумуштарын болсо, мага каралабай эле кете бербейт белен?
-Жалгыз кыйналасын го?
-Мен жалгыздыкка конуп калдым...
Жигит оор курсунуп алды:
-Сени кыйнадым ээ Аруш?
-Эн жаманы ошол кыйноону озум каалап жатканым?
-Баарыбир мен кобуроок куноолумун!
-Андай дебе, Жараткан каарына алып жазаласа , тозок отунда куу жыгачтай эле куйот чыгаармын мен. Себеби озум ушундай жашоону тандап албадымбы?
-Бирге болуу насип этээр бекен?
-Ким билет?
-Журу качып кетебиз?
-Чыдайбызбы?
-"Акыл эси ордунда эмес, эмне кылып жатканына жооп бере албайт" деген документ жаздырып алабыз да?
Аруу кулуп жиберди:
-Ансыз деле жиндибиз десен?
Жооп ордуна Кыял кызга дагы ыктай тушту:
-Болду, коп суйлоп баратасын, ушул абалында отуруп турчу бир аз, мен эс алып алайын?
Жанын магдыраткан бейпилдик учун, журогу Кыялга ыраазыдай, турсул согуп жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Sushi_wok   07 Май 2019 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Бир топтон кийин Аруу акырын жигитти ийнинен турткулоду:
-Кыял?
Кыял жактырбагандай суйлоду:
-Эмне дейсин дагы?
-Кетели?
-Кетпейбиз!
-Учакка кеч каласын, мен уйго озум бара берем.
-Сенин акылдуулугун отту баарынан.
Жигит да аргасыздан козголду.
Ооба, барышы керек, кыздан алыстап кетиши керек, кеч калбастан жумуштарын бутурбосо болбойт.
Азыркы эле баарына кайыл боло жайнаган жузу суздаша тушту.
Ээрчише басышып, бактан чыгышты. Жигит кыйылып турду:
-Уйуно таштап коеюн?
-Мен жоо эмесмин, озум жетип алам, сен бара бер!
-Макул анда..
Создору туюк бутту. Артына бурулган кыз жигиттен алыстап баратты. Ар дайым ушундай, акырында созсуз коштошууга туура келет.

Аруужанды ошол томсоргон уй тосуп алат, Кыял болсо ошол бутпогон жумуш, азгырган акчанын артынан кууп кете берет.
Бирок Аруу бул жолу эмнегедир уйуно баргысы келбей турду. Же кайда барып озун алаксытаарын билбейт. Кыялды деп журуп,курбу' курдаш дегендерден деле алыстап , таптакыр эле адамдар арасында озун чоочун сезип калыптыр. Озунун азыркы абалына арданып кетти. Качан болсо жалгыз болчу.
Ойго алдырып отуруп, уйуно кетчу жолдо ото эле алыстап кеткенин сезип, шашып калды. Кайра , "Кете берейинчи,мени бироо урушмак беле?" деген ой мээсине келе тушуп, андан ары жолун улады.
Шаардын ызылдак жашоосунан тажап калган экен, мелтиреген узун жолдон козун албай айдап баратты.
Унаа башкарганды аябай жакшы корчу, азыр унаалар аз болуп, жол кенен болгондуктан ылдамдыкты ашырып, озунчо ырахаттанып кетип баратты. Айнекти тушуруп, колун чыгарды. Муздак жамгыр жылуу алаканына тийген сайын конулу эргийт. Сыдырым жел саамайынан улам эркелете сылап отот.
"Мурда эле келбей" деп кубуронуп алды озунчо. Бирок багытын билбегендиктен, эки айрылыш жолго келгенде, кайда бурулаарын билбей, жолду жээктеп барып токтоп калды.
Озунчо конулу эргип, ырдагысы келди. Майда жамгыр улам катуулап жаап жатты. Мындай сонун аба озун аябай жагып турду, себеби жамгыр жааса, ошол кундун эртеси кандайдыр бир жакшылык келуучудой боло берет.
Ооба, Кыял менен да так ушул жамгырлуу кундун эртеси таанышкан. Дагы ошобу?
Карасан, тимеле аба ырайы жа ошого байланып калганын?
Катуу ойго батып кеткен экен, унаанын айнегин бироо катуу черткиледи. Чоочуп кетип, башын которо караса, мандайында кирпигинен бери суу болуп, бироо туруптур:

-Кечиресиз, менин унаам бузулуп, жарым жолдо калдык, жанымда оорулуу адамым бар эле, кичи пейилдикке жардам берип коюнузчу?
Аруужан шашкалактап тушо калды:
-Аа мейли, мен эмне кылайын?
-Устасыз ондой албайт окшойбуз, же нары'бери откон адамдар токтобойт, аны ооруканага жеткиришим керек?
-Мейли, мен жеткире салайын, журунуз.
Аруу тиги чоочунду ээрчий басты. Анын унаасынын арткы орундугунда жаш, акжуумал келин бар экен. Байкуш, жаны аябай кыйналып, оорудан коздору жалдырай тиктейт. Аруу коркуп кетти:
-Айий, толготуп жаткан турбайбы?
Тиги айласыз калгандай кункулдоду:
-Жакшы эле келе жатканбыз, капыстан башталаарын билген жокпуз да?Пайдасыз, мунун да ушундайда бузулуп калганын кара!
Келин да Аруунун колун кармап:
-Сизди Кудай озу жиберген окшойт эже, суранам жардам бериниз!деди.
Экоолоп келинди Аруунун унаасына салышты. Аруу колдору титиреп, ачкычты бурады. Айдоочу болсо анан байланышаарын айтып кала берди. Шашылышта, унаасынын эмне болуп бузулуп калганын да сурабады кыз. Оюнда келинди аман'эсен ооруканага жеткируу гана турган.
Кузгудон улам келинге карап коет. Ал да чекесинен тер мончоктоп, тиштенип баратат:
-Сабыр кыл, аз калды азыр жетебиз!
Жолдун узарганын сураба ушундай кезде.
Келинди ичкери кийирип жиберип, чарчагандай отуруп калды. Озу кошо кыйналып, тердеп да алган. Бир чети, бир аз убакыттан кийин эне болчу келинге кызыгып да коет.
Озу болсо эмнегедир бала жонундо, коптон бери ойлонбой калганын туйду.
Жашоонун баарын бир эле адамга байлай беруу туура эмес экен го?
Тагдырын Жараткандын колунда болсо, анын бир учугу озунун колунда экенин билбей журо берет турбайбызбы?
Же кетип кала албай, же ичкери кире албай, оорукананын алдында тура берди. Эмнеге турганын озу деле тушунгон жок.
Бирок кун да кечтеп бараткан, айласыздан уйуно жоноду. Эртен менен келип кабар алмак болду.
Аруунун ушундай бир жаман адаты боло турган, капкайдагы адамдар учун деле кайгырып, кочодон жупуну кийимчен бироону коруп, же кайырчылык кылып отургандарды учуратып калса, ошол куну кечке ошолорду ойлоп бушайман жей берчу.
Ошондуктан да "Сен Асанкайгынын ургаачысысын" деп, Кыял коп айта берет.
Тундосу деле ондуу уктай алган жок. Женил кийимчен сыртта журо бергендигинен дене табы которулуп, башы салмактанып ооруп калыптыр. Ошого карабай кечээги келинди коруу учун ооруканага жоноду.
Дарыгерлерден аман'эсен коз жарып алганын угуп, чын дилинен кубанып алды.
-Корушууго уруксат бекен?
-Макул, бирок батыраак чыга корунуз, башчыбыз келип калса урушат.
-Мейли, мен бат эле.
Аруужандын келгенин коруп келин аябай суйунду:
-Сизди келбесе керек дедим эле эже?
Аруужан жылмайып койду:
-Ага чыдай албадым.
Ангыча медайым баш багып калды:
-Сизди корууго келишти, эже сиздин убактыныз бутту!
-Азыр.
-Жолдошум келди окшойт, сизге дагы бир жолу рахмат, кечээ сиз болбогонунузда эмне болмокмун ким билет?
-Андай дебе, мен жон эле себепкер болуп калдым, мейли мен басайын?
Аруу эшикке бет алганда мандайынан узун бойлуу, адам менен беттеше тушту.
Бушуркой карап, коздоруно ишене албай кетти:
-Сен, сен кайдан...
Ал да кызды тааныды окшойт:
-Аруш, сенби?
Бир кездерде "Аруу" десе ичкен ашын жерге коюп, тундолору терезесинен кетпей, нечендеген ашыктык каттарын жазган, ошол адам турган эле. Арууга болушуп, ким болсо да уруша кетчу, жогорку курстун балдарынан далай жолу таяк жеген.
Азыр эми зынкыйган мырза болуптур, кийиминин тазалыгын айт ! Баягы арык, жудогон студенттен дайын да жок, каруусуна куч толуп,коргон козду кубандырат.
Аруу жердин тоголоктугуна кулкусу келип, бир чети таныркаганын жашыра албай убара:
-Адис, сени менен жолугуп калам деп тук ойлободум эле.
Ал да дилинде ушул ойлорду ойлоп турган сымал, Аруудан козу ото тиктеди:
-Мени ойлоду дейсинби?
Керебетте жаткан келин, эч нерсени тушунбой, экооно алмак'салмак карайт.
Эми гана эсине тушкондой, Адис энилип келиндин бетинен ооп койду:
-Эне болушун менен куттуктайм!
-Рахмат. Адис, бул ким эле?
-Сага анан кенен тушундуруп берем, азыр болсо кечирип кой!
-Кечиримдуу, деди келин да кулмундой.
Адис Арууну карады:
-Журу сыртка чыгып суйлошолу, же адатынча тоготпой турасынбы?
Аруу эмне дээрин билбей, келинге ээк жансады:
-Ал эмне дегенин, мейли суйлошолу, бирок сен тиги..
Адис камырабай, Арууну баштап, узун каридорго чыгышты:
-Андан кабатыр алба, Адистин кандай экенин ал жакшы билет.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 07 Май 2019 - 20:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sushi_wok   08 Май 2019 - 02:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Экоо каршы'терши отуруп, кепти эмнеден баштаарын билбей, улам бирине'бири карап коет. Адис болсо кыздын мурдагыдай шок болбой, эмнегедир ойлуу тартып калганын байкады.
Кыз куло карады:
-Кандай журосун анан, канча кыш, канча жай дейт беле?
-Озун коруп турганындай, менде жашоо сонун!
-Сен учун кубанычтамын Адис.
-Рахмат, озундо жашоон кандай?
-Менде алынча, журом...
-Сенин турмушка чыкканынды укканда озумду коерге жер таппай калдым ишенсен?
-Эми ал создордун эмне кереги бар?
-Жок дегенде бир корсом дедим эле ошондо?
-Коргонундо деле пайда жок болчу?
-Кантип эле моюн сунуп жашап калдын экен ошондо, мунозундон, онойчулук менен баш ийгидей корунбойт элен?
-Турмуш экен, же тагдыр дейинби, айтор озум деле каалаган эмесмин, бирок конууго туура келди.
-Мезгил адамдарды озгортот тура?
-Туура айтасын, башка тушсо коз корот экен.
-Бактылуусунбу?
Бул Аруу учун оор суроо болчу. Коодонундогу созду айтуу керекпи? Ал эмне соз? Ал эмес озу да, азыр бактылуу же бактысыз экенин билбейт го? Кыйсыпыр тушкон ойлордун кучагында, озун канчадан бери кыйнап жургонун кантип тушундурот?
Балким жооп бербей эле койсочу?
- А сенчи?
Жигит жылмайып койду:
-Бул суроого сен жооп берген куну жооп берейин анда.
-Озун бил, сен эми кир ичкери, мен кетейин.
Экоо тен дилдеринде эмне болуп жатканын туйгандай болушканы менен, созду андан ары улантуудан Аруу баш тартты. Озунун жанчылып жаткан ички сезимдерин билдирип алуудан коркту.
Коштошуп, уйуно келди.
Бозоргон торт дубал кадимкидей журогун кысып жиберди. Баш ооруга каршы дарысын ичип, тошогуно кулады. Бирок адатта озун жыккан уйкудан дайын жок, тун ортосу болсо да коздору жумулбай койду.
Кайрадан Адисти эстеп, эрксизден ууртуна жылмаюу келди. Чачы урпоюп, козуно килейген чон коз айнек тагып алып, баштыгы толо китеп болоор эле. Окууну анча'мынча кыздардан да жакшы окуйт болчу.
Аруунун эсине , эч нерседен капары жок, ошол ойноп'кулгон студенттик кундору тушту. Баары коз алдынан тасмадай тизилип отуп жатты.


***
Окуу жылы аяктап, студенттердин баары каникулга таркашты. Айылга кеткени айылга жоношту, шаарда калып, кузго чейин иштейм дегендери андан коп.
Аруу да коптон кутуп, сагынган айылына сапар тартты. Чон жоону сайып алгандай, биринчи курсту ийгиликтуу аяктап, жузу жарык. Ата'энесин короюн дегенде эки козу торт болуп, эртелеп эле жолго чыгууга камынды.Кийимдерин салыштырып жатса эшик тыкылдап, коншу болмодогу кыздардын бири баш бакты:
-Арушка, кете элексинби?
-Жоок, эмне болду?
-Сени жатакананын алдында Адис кутуп турат, айтып койчу дейт.
-Азыр чыгат экен деп кой?
-Меейли.
Аруу тепкич менен жугуруп эле ылдый тушту. Анын Адиске деген эч кандай сезим деле жок болчу,бирок курсташы катары жакшы мамиле кылчу:
-Адис?
Адатынча оор баштыгын ийнине аскан Адис коздорун бат'бат ирмегиледи:
-Эмне бугун кетип жатасынбы?
-Ооба
-Качан келесин?
-Окуу жылы башталганда да?
-Сени сагынам го?
-Мен да сени сагынам Адисбай.
-Созду бурбачы?
Аруу башын чайкап кулду:
-Анан эмне кыл дейсин, жанында журойунбу эч кайда кетпей?
-Билесин го сени жакшы короорумду?
-Ай койчу, мен деле сени жакшы кором, анын эмнеси бар экен?
-Аруш?
-Билем. Мени деп башын балээден чыкпай, ар кимден мени коргоп журо берээринди да билем. Бирок айтып коеюн, мени азыр ал сыяктуу нерселер кызыктырбайт. Тигинде менин колокомо эле тон бычып, сырттан багып жургондоруно да жеткирип кой, мен эч киминерди жакшы корбойм.Азыр суйууго жаштык кылабыз, келечегибиз алдыда эмеспи, дагы коп окушубуз керек.
Таарынба э, мен кетейин, бир аздан сон жолго чыгам.
Арушту узата тиктеген Адистин оюнда ошол мезгилде эмнелер болгонун ким билсин? Кыз баладан мындай терс жооп укканына намыстана тушту. Кайда барса артынан калбай, кызга имерчиктеп эле басып журчу. Оор деген тамшырмаларын аткарышып, кээде тун жарымына чейин сабагына жардам берчу.
Тиштене артына бурулуп кетип калды. Ошол бойдон алар корушподу. Бирок жигиттин журогундогу умут отун, кыздын текебер жообу очуро алган жок.
Аруунун оюнда жаман нерсе жок, бугун таарынса эртен кайра жазылат деп ойлоду.
Адис болсо, анын айылга барган бойдон кайра кайрылбай, андан ары дайынын таптырбай кетээрин билген жок ал убакта.
Аруунун айылга келгенин уккан айылдаш курбулары уйго чогула калышты. Анткени кыз, баары менен жакшы мамиле кылаар эле.
Ал курбу кыздары аркылуу, Арууну сырттан билген, кошуна айылдагы бала да кабар тапты. "Колго тушкон коенду, кое берген онобу?"деген сымал, ошол эле куну кечинде айылдык бир'эки досу менен, Арууну эшик алдынан эле которо качышты.
Бактыга каршы уйдо да эч ким жок болчу, апасы да кошуна кемпирдикине басып кеткен окшойт. Уну кудайга жеткидей кыйкырып, колунан келишинче муштаганын' муштап , тиштегенин тиштеп каршылык корсотту кыз. Бирок эркек деген эркек да, анын устуно бир чымчыктай кызга алдары жетпей эмне болуптур, учоолоп унаага салган бойдон баса беришти.
Аруунун уч уктаса тушуно кирбеген окуя болуп кетти. Коптоп ичкери алып киришип, бироо жоолугун которо артынан чуркады. Эч кимисине баш бербей кыйкырган Аруунун айтпаган созу калбады. Бир жанды да жанына жолотпой,буркан' шаркан тушту. Ар кимиси менен бирден алышып олтуруп, кыздан дарман кете баштады.
Коп отпой Аруунун ата'энесинин алдында куйоо болумуштун жиберген кишилери отурду. Аруу уйдо кокурок кучугу болгондуктан, атасынын ичи аябай ачышты:
-Кызым али жаш, окуусу да бар?
-Кыжаалат болбонуз куда, жаш болсо озубуз аярлап багып алабыз, окусун да окутабыз. Биздин бала да жалгыз, караганыбыз эле ошол. Анан кантип эле окутпай коелу? Балабыз да "Ушуну алып бересинер" деп аяк тиреп туруп албадыбы?
-Ошондой дартынар бар экен, алып качаардан мурда алдыма тушсонор болбойт беле?
-Коюн эми, "Ачуу душман акыл дос" дейт, ак босогобузду аттап калды, батанызды бериниз!
"Жылуу жылуу суйлосон,жылан ийнинен чыгат"дегендей, келген кудалардын создору, ата'энени жибитип, убаданы эч аябастан эле берип салышты.
"Кыздын апасы келиптир" дегенди угуп, Аруу эшикке жулунду:
-Кое бергиле мени?
Апасын коро сала эреркеп ыйлап да жиберди:
-Апа, мени алып кетегор!
Апасы кызынын саамай чачынан сылап, озундо бар акылын айтып, акырында атасынын айттырып жиберген саламын угузду. Атасы:
-Куттуу уйун аттап кирип калды,эми татыктуу келин болсун, ал уйдон соогу чыксын. Уйундо болуп жаткан созду эч качан мага ташып келбесин,мен ак батамды бердим, уучу узарып, озу менен озу кобойсун! дептир. Устунон бироо муздак суу куюп жибергендей ичиркене тушту кыз.
Алдына койгон максаттары, элестетип алган жашоосу,кыялдары заматта талкаланып отуруп калды. Анткени ал атасынын кыялын беш колдой билчу.
Ыйлады, тагдырына таарынды, бирок алсыз болчу, турмуштун агымына каршы сузууго кучу жетпеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 08 Май 2019 - 02:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Sushi_wok   08 Май 2019 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жашоо ушунусу менен кызык тура!
Адамзатты кээде кубандырып, бирде кутуусуз аласалдырып, омурун ото берет экен.
Аруунун башаламан турмушу да ушундайча башталды. Устуртон эле анын тагдырын чечип коюшпадыбы?
Уйундо чак тушко чейин бейкапар уктап, ойгонсо да тамагы даяр болуучу. Эч качан бироодон кысынып, же болбосо "дагы эмне деп жиберээр экен" деп айбыкчу эмес. Атасы катуу кармаганы менен, дилинде жумшак адам. Ал Аруунун эрке оссо да акылы тетик экендигине ынанып, озу каалаган окуу жайына откорду. Бирок азыр кыз атасына тушуно албай койду, тушунууго аракет деле кылып корду, баарыбир пайдасы жок. Анткени ал ушундай жол менен эле, заматта бироого було болуп калам деп тук ойлобогон. Кантсе да атасы эмеспи, коодонундо азыраак таарыныч болгону менен, жаман коро албады. Чындап эле ушунусу жакшыдыр?
Шайыр, ар бир куну шандуу , коп адамдардын курчоосунда журуп конгон кыз учун, бул уй башка планетадай эле сезилди.
Тан эрте ойгонуп, келиндик кызмат, уйбуло мучолоруно эртен мененки чай даярдоо, айтор бутпогон туйшук.
Дээринде барбы, же темирдей тартиптин таасириби, Аруу жашоонун бул шартына деле конду.
Жолдошу уйдо козго басаар жалгыз уул, озунон улуу эжеси бар, ал озунчо турмуш куруп, очор'бачар болуп кеткен.
Айылдагы кадимки эле карапайым уйбулонун катарын толуктап жашап калышты. Аруу учун коп нерсе тушунуксуз болчу, бирок ошого карабай жакшы жашоо учун тырышты. Жолдошу да ала качып алганына уялгандай, Арууга аяр мамиле жасайт. Турмуш деген эмне экенин билууго экоо тен жаш болчу. "Жашоо ушундай болот, баарында тен ушундай болгон, конуп кетесинер! "деген улуулардын созу менен эле чектелип калышты.
Биринчи кундон эле кайненеси экоо келише албай, келин аябай кыйналды.
Кытмыр кулуп, башында эле ал, келген келинин жактырган эмес.
Ошол куну берилген убадалардын бири да жок, окуу тууралуу бир'эки соз башталып кетти эле :
-Окуп эмне кылат, бизде бардык нерсе жетишерлуу, келиндин орду уйдо, муну окутуп алып,тастандатып кочого кое берип коюп, уйдогу жумуштун баарын мен жасайынбы? деген кайненесинин созу менен бул тема кайра ачылгыс болуп жабылган.
Кечээ да элдин акыры болуп жаткандыктан, эртен менен уктап калыптыр.
Болмонун эшиги шарт ачылып, кайненеси кирип келди. Экоо тен чоочуп ойгонуп, Аруу уялганынан кийимдерин издеп, жоолугун башына сала калды:
-Аталуулар алты, энелуулор эки тойду, ботом ушул убакка чейин да уктайбы адам?
Уулу нааразылана тетири бурулду:
-Апа койсон эми, мени жаш бала коросун да?
-Ооба да, сен эми чоноюп, озум билем болуп калбадынбы?
Аруу шашыла кийинип сыртка чыкты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Jeleza1   08 Май 2019 - 15:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 21 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 01 Окт 2019 16:35

Эгер бул чыгарма болсо эмнеге "Адабият жана поэзия" бөлүмүнө жазбайсынар? !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sushi_wok   08 Май 2019 - 17:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Аруу омурундо мындай шумдукту корбоптур. Оз уйундо апасы,байкеси менен женеси жаткан болмону ачып кирмек тургай, алар менен иши деле жок болчу.
Уялганынан эки бети кызара тушту. Эртен мененки чайга отурган кайненеси адатынча мурдун чуйруду:
-Келе чайнекти, мен чайды озум куям, сен барып жумушунду жаса?
"Курсагын ачкандыр, сен да отуруп чай ич" деп айтпады. Эне болсо оюнда, "туура кылып жатам, азыртадан менин тартибиме консун" деп ойлоду.
Чоочун адамдай эле корушту Арууну. Жолдошун тиктесе, ал башын жерден албай шылкыят. Жашын жута, буйрулган жумушту аткарууга киришти. Тирилигинен бошоп, эми эле куйоосу экоонун башы бириге калса, ошол жерден эле кайненеси пайда болот. Кайдан жетип келгенин билбей каласын адам.
Кылган ишинен кыйкым таап, кайра жумшаганга отот:
-Сага уйду кантип шыпырганды уйроткон эмеспи апан,барып озун карачы шыпырып чыккан уйунду?
-Эми эле жыйнап чыккам, тиги кичине кыздар ойношту го?
Коп учурда жолдошунун эжеси, балдары менен келип,уйдо журушо турган. Кой деген кожо жок, каалашынча чачышаар эле алар. Эми бала да, оюнкараактык кылып тогуп'чачып койсо, унчукпай артынан барып тазаламай.
-Тигини, кайра мага каяша суйлойт,мэ кайра тазалап чык!
Колуна да бербей, жузуно карап шыпыргыны ыргытты. Бетин тосо берип, Аруу ушунчалык ызаланып кетти. Эч кимге корунбой ыйлап'ыйлап алат.
Кайнежеси келип калганда, кайненеси андан бетер озгорот. Экоо бириксе, келинден арга кетет. "Секин басса аксак,катуу басса таскак"дешип, бир топ кылышат.
Бир куну жатаардын алдында, сырттан эми кирген келин, кайненесинин оздору жаткан болмонун эшигин тыншап турганын коруп калды. Эмнени уккусу келгенин Аруу кайдан билсин? Кайра "Уялбагандан озун уял" болуп, кормоксонго сала , кайненеси чыгып кеткиче далдоодо кутуп турду.
Мындай окуялардын далайы болуп отту. Кимге барып арманын айтууну билбей, келин да кыйналып кетти. Апасына айта албайт, козун жаштап уйуно баргандан коркот. Албетте, эгер озуно карата болуп жаткан мамилени айтса, жакшы соз укпашы турган эле кеп. Озунон'озу чунчуп, тунт тартып баратты. Апасынын созуно кирип, кээде жолдошунун да колу тийип журду. Оздорунчо калганда жакшы эле суйлошушкондой болушат, анан кайра эле ошол корунуш.
Максатсыз эле кундор отуп жатты. Арадан бир топ айлар откондон кийин, Арууну торкундотуп апарышмак болушту. Уйуно бараарын угуп, Аруу аябай кубанды. Ата'энесин , бир тууганын, чогулган тууган'урукту коруп, жашып кетти. Бирок эч нерсе деп айта албады.
Апасы кызынын коздорунон кандайдыр бир белгисиз кусалыкты коруп, "бизди сагынып кыйналган го кызым байкуш" деп, аны ошого жооруп койду. Тикеден тике суроодон айбыкты.
Жылмайып барып, кайра ошол жалган кулку менен келе берди Аруу. Бирдеме деп айтууга журогу чыдабады. Эмне деп айтат?
"Мени адам ордуна корушпойт" деппи?
Канча создор айтылды, аны ичине жута берип, баш ооруга да кабылды. Мындай корунуштор турмушта боло берет окшобойбу.

Өңүнүн кер'сары тартып, жудоп калганын байкаган жолдошу да ичинен жубайын аяп кетет.
-Бир жерин ооруп турабы?
-Жоок, жакшы элемин!
-Айтсан?
-Мен уйго барып келсем болобу?
-Макул,сагындынбы уйунду?
Булардын суйлошкон создору,терезенин тубунон отуп бараткан кайненесинин кулагына шак дей тушту. Тамагын кыра ичкери кирди:
-Эмне бири'биринерди бугун кордунорбу?
Аруу ордунан тура калды.
-Ботом , биз кайынжурттун козунчо куйообузго эркелемек тургай, башыбызды которуп кароодон тартынчу элек, азыркыларга тушунбойсун, эмне болду дагы?
-Апа Аруу уйго барып келейин дейт?
-Ошону бул жака сени алып келип алып шыбырабай, мындай ортодо эле айтса болбойбу?
Кезектеги кептерин айтып жатып аран уруксат берди. Куйоосу келип таштап, эки кундон кийин алып кетээрин айтып коштошту.
Аруунун кебетесин коруп, атасынын ичи сыйрылды. "Каш чыгарам деп коз чыгарып"алганын тушунгондой эрдин тиштеди. Аялына ымдап, "сура кызынан" дегендей ишаарат кылды.
Апасы Арууну кепке тартты:
-Эмне болду кызым, бир нерсени жашырып журосунбу?
-Жок апа..
-Айт балам, бизге айтпасан, кимге айтат элен?
Озу да санаасы жыйылып, кокурогун тиреп, сыртка чыгууга даяр болуп, аран турган Аруу агынан жарылды:
-Апоов, мен кыйналып кеттим.
Ыйлап'сыктап жатып аран тушундурду. Бул создорду уккан атанын журогу ооруп турду.
Эне эч нерсе дебей, солуктаган перзентинин далысынан таптап отура берди.


Эки кундон кийин, Арууну алып келууго камынган баласын коруп, апасы жанына келди:
-Ии кайда аттанып?
-Арууну алып келейин?
-Эмне шашып, келет да озу?
-Озум алып кетем деп койдум эле.
-Тимеле, сен жумушундан калба, мен озум алып келем.
Уулу башын чайкап эле кала берди. Апасынын кыялына деги тушунуп болбойт, айтышса туура эмес болуп калат, аргасыз жумушуна жоноду.
Эшиктен кирип келе жаткан кайненесин коргондо, Аруунун денеси дуркуроп кетти. Азыр эле чачтан алып жулмалап, уйунон судуроп чыгып кетуучудой журогу зырылдады. Ал жолдошун кутуп жаткан эле.
-Келин кудагый?
-Келдим, жакшы турасынарбы?
Конок келсе тогулуп'чачылмай биздин каныбызда бар эмеспи, сыртынан билдирбей Аруунун апасы тасмал жайып, келинине казан астырды. Дасторконду толтуруп, бакта эзилип бышып турган жемиштерден таза жууп алып келди:
-Дасторконго караныз кудагый?
-Мынча убаракерчиликтин кереги жок эле, мен келинимди алып кетейин деп келип калдым?
-Убарасы бар бекен анын, кетесинер да шашпай?
Аруу конок болмого чыгууга даабады. Ата'энелер эмне деп суйлошконун да уккан жок.
Тамак бышып, эт тартылып, создору да тугонгондой отуруп калышты. Эми кепти уйдун ээси баштады:
-Ыя кудагый, кызым жакшы эле кызматынды кылып жургондур?
-Кылып жатат, кээде адашса тууралап коюп жатам.
-Жаш болсо да озунуз тарбиялап алаарсыз деп бергенбиз сизге?
-Ооба, керек болсо уруп деле тарбиялап алам да.
Аруунун апасы чоочуп кетти:
-Кокуй ошо кантип болсун?
Атасынын да кабагы бурколо тушту:
-Кокурок кучугум деп, конулуно катуу тийбей чонойттум эле кызымды. "Алып кетип тарбиялап ал"деп берген эмесмин мен,эшигимден озунор судурой качкансынар, эми урууга да оттунорбу?
Кайненеси соз таппай буйдалып калды.
-Создун кыскасы Аруу эми барбайт, болду бутту, берген убаданардын да устунон чыкпадынар, кызымды тынч койгула!
Атасы этегин кагына туруп кетти. Чамынып келген кайненеси ашыкча соз айта албай, кайра артына кетууго мажбур болду.

Апасынын жалгыз келгенин коргон баласы утурлай чыкты:
-Аруу кана?
-Жок аялын.
-Эмне болду озу?
-Мени аш менен бетиме урушту, мынчалык болот деп кутподум эле.
-Апа дейм?
-Болду унут анынды, бизге артык чыдай албайт экен, мага андай соз ташыган келиндин кереги жок!

Ушуну менен баары бутту. Жашоонун шарына эми гана аралаша баштаган эки жаштын башын кандай шартта бириктиришсе, кайра эле ошол шарт менен ажыратып коюшту. Тупку себебин билип, акыйкат талап кылууга экоо тен жаштык кылышты бекен? Суйуу,турмуш эмне экенин жакшы тушунуп жете албай, экоо эки ажырым жолго тушуп калбадыбы?.
Ал тургай чыныгы уйбуло кандай болоорун да аңдап улгурбой калышты.
Адамдар эмнеге мындайбыз?
Кечирим сурагандан коро куноологонду кобуроок жакшы коробуз, эмнеге?
Аруунун жанына бул оор батты.
Ойлоп оюнун тубуно жете албай, ортодо кимди куноолорун билбей буйдалды.
"Балким чыдап жашай бериш керек беле?" деген суроо кыттай уюп, озун' озу куноолойт бир чети. Кайсы жол туура экенин корсотуп коер адамы жок, дуйнодо жалгыз калгандай абалга кептелди.


...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 08 Май 2019 - 17:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sushi_wok   08 Май 2019 - 18:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Кээде ата'эне деле адашат,ошондо атасы алып калбай эле койгондо, кайненеси да бир аз жумшак мамиле жасаганда , балким жашап кетишээр беле ким билсин?
Ажырашууну эч кимдин башына салбасын, ар пенде кошкон адамы менен эле кошо карысын экен.
Аруунун соолуган гулдой бозоруп, болмосунон чыкпай жатканын коруп, атасы да оорукчан болуп калды. Мурдагыдай каарын да токпой, адамга деле коп аралаша албайт. Арууга болсо акыл айтуунун кереги жок. Бул кырдаалдан кантип чыгууну, ар ким оз акылында калчап журо беришти.
Аруу чындап эле озгорду, эч ким менен суйлошкусу келбейт, тамакка да табити тартпай, шалдырап кечке жата берет.
Айыл элине табылбай эле калды, оз ара кубур'шыбыр болушуп, Аруу кочого чыкса эле, соомойу менен корсотуп жаткандай сезилет. Ошондуктан да коорунуп, уйдон эч кайда чыкпайт.
Же ушак'айың кептерден тажаштыбы, же кызынын абалына боору ооруштубу, айтор ата'энеси кеңешип, уйбулосу менен шаарга баса беришти. Аруунун аз да болсо адамдарга кошулуп, озуно келсин дешти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Paprikafm   08 Май 2019 - 19:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 11 Август 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 14:37

Окуш керек экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sushi_wok   08 Май 2019 - 19:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Шаарга келгенде деле Аруу баштапкы абалына дароо эле келе койгон жок.
Озун таштап койду. Апасы суйлошуунун амалын издеп, коп убактысын кызына арнады. Эми болоору болуп, боесу кангандан кийин, эмнеге уйрулуп тушуп жатат десен?
Же "баарыбир эне эмеспи, кызынын бул абалына тим карап тура албайтат да?" деп актап койсом туура болобу?
Колуна ысык тамагын алып, кызы жаткан болмонун эшигин туртту.
-Аруу тур кызым, ысык тамак ичип алчы?
-Табитим жок.
-Баарыбир жешин керек да?
-Апа мени тынч койчу?
-Уят эми, атандан деле уялсан боло. Же турмуштан ажыраган бир эле сен бекенсин?
-Ооба, бир эле менмин, деги мага тийбечи?
-Кызым?
-Эмне кызым, эмне? Мен эмне силерге колдогу бир куурчакмынбы? Тийбейм десем озунор бердинер, "Кайра бар, жаша!" деп акыл айтып койгондун ордуна ажыратып да тындынар. Эми дагы эмне каалайсынар менден? Эмне учун озунордун канынардан жаралган баланардын тагдырын оюнчук кылганынар учун, озунор уялбайсынар?
Аруу ыйлаган бойдон эшикке чуркап чыкты. Ушул турулгон ойлордон, озун аяй караган коздордон кутулгусу келди.
Кечки шаарды аралап, улам жоолоп откондорго деле конул бурбай, багыты жок эле басып журду.Кайра, "апамдын конулун да оорутуп алдым го?"деген ой мээсин кемирип туруп алды.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 08 Май 2019 - 20:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Sushi_wok   09 Май 2019 - 14:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Ошондо эмне мынча кыйналганын азыр озу да тушунбой кетет. Бул ары жок "сезим" деген балекет, келе берет, кайра эле кете берет окшобойбу?
Бирок алоолонгон сезим келгенде баары башкача башталган.
Оо, ал учурда озун жомокко тушуп калгандай сезбеди беле? Адам аттуунун баары ага жакшы корунуп, айлана да Арууга кулуп караган.Озун дуйнодогу эн бактылуу инсан элестеткен ошондо.


Атасынын айтуусу менен, Арууну кайра Жогорку окуу жайга откорушту. Бул жолу журналистика болумуно тапшырды.
Биротоло озун жоготуп койгончо, аз да болсо коомго аралашсын , чындап эле жашоодо, мындан башка кайгыраар туйшук жокпу? Откон отту, аны эстеп муңкурогондон эмне пайда?
Ошол кундон тарта, жаш студенттердин арасында бозоргон плащчан, бутунда жапыз бут кийими бар, ар дайым тунт жургон дагы бир студент пайда болду.
Бул Аруу эле.
Сабакты жакшы окуганы менен, дээрлик эч ким менен суйлошпойт, анда'санда уюштуруулучу оюн'зоокко деле катышпайт.
Унчукпай сабагына келет, кайра кетет. Анын мындай журушуно айланадагылары деле конуп калышкан, "барсыңбы, жоксуңбу" деп сураган деле пенде табылбайт.
Кайран десең? Убагында, мындан соз талашкан адамдын оозун жаап койчу. Эмне даярдык болсо биринчи тизмеге ушул жазылчу. Эми азыр башка шаар, башка чойро.Баарынан да озу жашоодон коңулу калган сымал мелтирейт. Окууга да, уйдо ата'энесинин журогун сыгып отурганча деп эле кирип алган. Анын устуно уйдо келин бар. "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, уйуно деле батпай калган сымал, коруна берчу адат таап алды.
Окууда сырдашып суйлошкон курбу деле жок, кээде гана чогуу отуруп калышкан кыздар менен амандашып коет.
"Ажырашуу" Арууга ото эле чоң сокку болгондой сыягы, же нарагынан эле аябай сезимталдыгы таасир берди бекен?
Бирок копчулук деген, баарыбир копчулук да? Айлананда турдуу кыялдагы инсандар болот. Акырындан элге аралашып баратканын озу сезбей журду.
Ошол куну сабакта талкуу болуп,"Эл эмгектен эскерсин! " аттуу теманын айланасында соз болуп жатты. Ар ким оз оюн айтып, кызуу талаш'тартыш пайда болду. Орто жаштан отуп калган , мандай чачы жок кашка баш мугалим студенттерди кыдырата карады:
-Анда мен силерге ушул тема боюнча тапшырма берейин. Силер тааныгандардан, жакындарынар арасынан , коомго пайда алып келген, кичинекей эмгеги менен болсо да таанылып калган адамдардан интервью аласынар! Эл тааныбаса деле боло берет, негизгиси мен ошондой адамдарды силердин козуңор менен коргум келет.
Отургандардын арасынан бироо кол которду:
-Эмне дейсин?
-Агай, ал озунун бир тууганы болсо деле боло береби, айтайын дегеним, жакын болгону учун биз аны мактагандай болуп калбайбызбы?
-Боло берет, керектуу жерлерин гана аласынар. Эн мыкты деп табылгандарга ,жеке менден сыйлык бар!
-Оо!
-Сонун го?
Студенттер дуулдай тушушту. Озу бул абдан жакшы мугалим да. Кимди сабакка, кантип кызыктырууну билет.
Аруу ойлонуп калды. Кимге барат? Белгилеп корсотуучу адамды деле тааныбайт, андайлар туугандарынын арасында жокко эсе.
Анан баягы суроо берген кыздын жанына барды:
-Уксаң, сен кимден интервью алганы жатасын?
-Менин байкемдин спорт жаатында жакшы жетишкендиктери бар, ошого барсамбы деп жатам.
-А кайда барасын?
-Машыгуучу жайга.
-Мени да ала барчы, мумкун ошол жерден мага да бир илинчек табылып калаар?
Тиги кайдыгер ийнин куушурду:
-Мейли, кааласан кошо барабыз!
Сабактан чыгып экоо жоноп калышты.
Машыгуучу жайда балдар аябай коп экен. Аруу буга чейин,"жалаң гана эркектер машыгат" деп ойлоочу эле, озунчо бир болмодо жалаң кыздардын машыгып жатканын коруп, таңыркай карады:
-Булар машыгып эмне кылышат десең?
Тиги кыз кулуп койду:
-Кийин турмушка чыкканда керек болот да, жолдошунан коргонгону?
Ичкери киришип, кыз бир жигитке карай басып кетти. Аруу кимди барып созго тартаарын билбей, бир бурчта дептерин кучактаган бойдон туруп калды. Кызуу машыгып жаткан адамдар,кызга коңул деле бурушкан жок.
Кыз коз айнегин тууралап тагынып, сумкасынан ручкасын алып, озунчо даярданды. Башында "кыз'келиндердин пикирин угуп корсомбу?" деген ой турган.
Аңгыча имараттын наркы бурчундагы каалгадан , ушул жердин машыктыруучусу, анан бир топ кишилер киришти. Арасында коздору оттой ойноктогон, кен далылуу ,жигит турат. Каякадыр шашкандай улам саатына карап, кайра туруп жанындагыларга бирдемени тушундуруп жатат.
Машыктыруучу колдорун чапкылап, "бир мунотко конул бурууну" суранды. Заматта баары жыйналып, кубур'шыбыр боло тушушту:
-Балдар, бугун силерди, биздин коптогон жаш спортчуларыбызды колдогон уюм менен тааныштырайын дедим. Эртенки боло турган олимпиядабызда да ушул кишилер демоорчу болушат. Убакыт аябай тар, ошондуктан уюмдун жетекчисине соз берейин. Баягы шашып жаткан жигит суйлоп кирди.
Аруу аларды караган тейде тура бериптир.Бир маалда, "Таппасан сыйпалап кал" деп ичинен кубана тушту. Эптеп аларга жакындап, жок дегенде бироосу менен суйлошууну чечти.Создун эмне жонундо болуп жатканын билгени менен, ал кезде Аруу , озунун тагдырына карай талпынып жатканын билген жок.
Кыз жете бергенде, тиги келгендер копчулуктон суурулуп чыгып, эшикке бет алышты.Аруу артынан чуркады:
-Кечиресиз?
Улуулары унаага отурушуп, ошол жигит артта келе жаткан. Кыздын унун уга, "жарк" эте кулуп, артына бурулду:
-Сиз магабы?
Бет мандайында турган жылдыздуу жуздуу коргондо, Аруу саамга озун жогото тушту. Кыздын ичиндеги сырларын билип алуучудай, кишини тимеле антара тиктейт экен. Озун колго ала, уялганынан жузу албыра тушту:
-Ооба сизге, бир мунотко мумкунбу ?
-Айта бериниз?
-Менин сизге уюм боюнча бир аз суроолорум бар эле?
-Аа журналистсизби?
-Жок , азыр студентмин, келечекте болом!
Тиги коздорун кулмундотуп туруп, кайрадан кызды теше тиктеди:
-Мени кечирип коюнуз, бирок менин убакытым аябай аз, азыр кетпесем болбойт.
-Кап, мен аз эле убактынызды алат элем?
-Сизге бул ото маанилуубу?
-Ото.
Ал чонтогунон капчыгын сууруп, андан кичинекей карточканы сунду:
-Андай болсо бул менин визиткам, кийинчерээк байланышсаныз болот.
Кыз суйунуп кетти:
-Рахмат сизге, мен созсуз байланышам.
-А баса, атыныз ким?
-Аруу, Аруужан!
-Аруубу, же Аруужанбы?
-Аруужан, бирок Аруш дешет баары.
- Анда мен копчулукко окшобой, Аруужан дейин э?
-Боло берет.
-Кубанычтамын, мен Кыял!
Жигит колун сунду. Кыздын сунган назик манжаларын кыса кармап койду да, шайдоот басып, аны кутуп турган унаалардын бирине отурду.
Рульда отурганы Кыялга карады:
-Ким экен?
-Билбесем, "журналистмин" дейби, же газетадан келгенби, айтор тушунбодум, кеттик!
Аруу болсо анын каректеринен кутула албай бир топко бушайман болду. Кокурогундо коптон бери сенек болуп катып калган бир нерсе удургуп, ысык толкун бут денесин каптап отту.

...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 09 Май 2019 - 14:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ASALIM8   10 Май 2019 - 11:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 27 Январь 19
  • Соңку аракети: 23 Сен 2019 21:55

Автор кутуудобуз. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   altyshak   10 Май 2019 - 14:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 201
  • Катталган: 12 Май 11
  • Соңку аракети: 10 Авг 2020 17:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Автор жазгандарын жагат. Ийгилик сага.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   sumay2015   10 Май 2019 - 15:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 16:28

Бактылуу болсонуз экен. Чын журогумдон чексиз бактылуулук каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Май 2019 - 15:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Аруу эртеси куну берген номурду терип,кулагына трубканы такап копко турду.Озунчо аябай толкунданып да алган.
Узун чакыруу нечен жолу кайталанды, бирок эмнегедир жооп берген адам болбоду.
Эртеден кечке улам чалып коюп, ортодо башка жумуштарын бутуруп журо берди. Башка нерсеге алаксыйын десе деле, бирдемени унутуп калгандай конулу конултактап, бир башкача абалда журду.
Байланыша албаганынан шалдырай отуруп калды. "Конулу калбасын байкуштун" деп эле бере салган окшойт,деп ойлоп алды умуту очо. Эртен тапшырма берген агайдын сабагы жок, бурсугункуго чейин эптеп бир айласын табаар?
Эртен менен сааттын чырылдаганынан жини келе ордунан турду.Конулсуз кийинип, тамакка деле конул бурбай окуусуна жоноду.Тамактанбай эле журо берген , анын конумуш адаты эмеспи:
-Эй кыз, он мунот эртерээк туруп, жок дегенде бир кун чай ичип кетсен боло?
Апасы кабатырлана унчукту.
-Кочодон жеп алам.
Сырт кийимин кийип жатып, босогодон кыйкырып койду Аруу.
Сабакта деле конулсуз журду. Анын мындай корунушун айланадагылар, элес деле алышпагандай.
Башын шылкыйтып, уйго кетуучу жолго тушту. "Ушул акыркы чалганым болсун, албаса эптеп оюмдан чыгарып бирдемени жазып коем" деп кубуронуп, кечээги номурга чалып кирди.
Эч ким которбогонунон шаабайы сууп, эми коюп салаарда кудай жалгап, алып калса болобу? Кубанганынан, кепти эмнеден баштаарын билбей туруп калды:
-Угуп жатам? деди конур ун:
-Саламатсызбы, мен тиги ..
-Айта бериниз?
-Мен Аруужан?
Тиги саамга жоголо тушуп, кайра эстеди окшойт:
-Аа сиз белениз?
-Ооба, менин суранычым эмне болду?
-Таак, сураныч сураныч, кандай кылсак болоор экен?
-Эмне убактыныз жокпу, мен ушул жерден эле суроолорумду берем, жоопторунузду жазып алам?
-Карындашым, менин убактым жокко эсе, ошондуктан кепти кыскартайын, же азыр токтоп турунузчу,мен озум чалып жиберем?
Коюп салды.
Же ачуулана албай, же ыйлап жибере албай, аябай жаман болду кыз.
Кыялдын кол телефонуна кечээтен бери тынбай конгуроо келип жатканын байкаган жардамчысы жанына келди:
-Эмне зарыл жумуш барбы?
Алдындагы компьютерден козун албай, шашып бирдемени жазып жаткан Кыял, ошол абалында жооп берди:
-Мени мээнет чырмады.
-Мен жардам бере аламбы?
Бир нерсени эстеп кеткендей, Кыял шарт ордунан турду:
-Чын эле, эмнеге сага мурда кайрылбадым экен? Кел, моо мен баштаган жылдык эсепти озун жаап, бутуруп кой , мен кеттим!
-Кайда?
-Мактанганы.
Кыял керектуу буюмдарын сумкасына салды да, чыгып кетти.
Жардамчысы башын кашып, артынан суйлоого жетишпей калды:
-Кызык, кимге барып мактанат экен?

Арадан жарым саат откондон кийин чакан кафелердин биринде экоо бет'мандай отурушту.Кызга карап жигитте да кандайдыр бир тушунуксуз сезим пайда болду. Эмнеге анын сунушуна каршылык корсото албай, бул жерге келгенине да озуно тушуно албай турду. Бирок оозунан башка соз чыкты, саатына карап туруп:
-Сиздин толук 40 мунот убактыныз бар деди.
Аруу озун кадимки чыгаан журналисттердей элестетип, даярдап алган суроолорун бере баштады. Аябай жагымдуу маек курушту:
-Сизге чон рахмат!
-Эмне учун?
-Мага убактынызды болуп, келип бергениниз учун!
-Аа эч нерсе эмес, мен мындай нерселерге конуп калганмын.
-Баарыбир ыраазычылыгымды билдирем!
-А айткандай, канчанчы курс болуп калдын?
-Экинчи.
-Эгер окууну бутуп, кесибин боюнча иштеп калсан, сенден жакшы кесип ээси чыгат.
Аруу жылмайып койду.
Жопжонокой! Жузундо эле эмес, дилинде да эч кандай жасалмалуулук билинбейт.
Кыял да кызга кошулуп жылмайды:
-Мен эмнеге сени менен жолукканымды тушунгондой болуп жатам?
Кашын которо караган кыз да кызыга сурай калды:
-Эмнеге экен?
-Сен абдан жонокой, анан жагымдуу адам экенсин!
Аруу озуно аныктама бербей деле калган. Ал озун жашоодо эн бактысыз, жана ийгиликсиз адам катары эсептеп калганына коп болгон.
Капыстан Кыялдын бул созу, кулагына башкача угулду:
-А жонокойлук жакшыбы?
Кыял созунун аягын тамашага бурду:
-Албетте да, айрыкча азыркы маалда. Азыр адамдардын арасынан сендейлер сейрек кездешет, сен да жок болуп кетелегинде Кызыл китепке кийирип коюу керек!
Кыз чын дилинен кулуп жиберди. Жигит айткан 40 муноттон эбак отуп кетсе да, создору тугонбой отура беришти. Аруу кимдир бироо менен,мындай чечилишип суйлошпогонуно канча убактар болуп кетти дейсин? Адамга эн кереги ушул эки ооз эле жакшы соз турбайбы корсо?
Ичинде жыйылып калган сары оруусу да басандай тушту. Озун абдан женил сезип, кеч кире экоо сыртка чыгышты. Кыял да мындай маекти коптон бери кутуп жургон. Жумуш деп журуп, озунун жандуйносун деле унутуп койгон экен :
-Сонун маек болду, эгер дагы бир жолугууга чакырсан, жок дебей келээр элем?
-Жан дилим менен!
-Сенин жан дилин аябай кучтуу экен да, кечээтен бери жанымды койбодун?
Аруу кулгондон башкасына жарабады, жооп да бере албады. Бул адамдан соз качып кутулбайт экен.
Уйго кынылдай ырдап кирип келгенин коро'сала апасы утурлай басты:
-Аруу, кеч калдын го балам?
-Тапшырмам менен журдум апа, силер беймарал тамактана бергиле, мен уктадым!
Болмосуно кирип эле каалганы ичинен илип койду. Мына аял затына керек нерсе!
Анын куло караганы, орундуу суйлогону Арууну таптакыр башка дуйного жетеледи.
Бул ошол сезим! Эгер озу адашып эле калбаса, бул ошол сезимдин так озу!

Ошол жолугуу акыркысы болбоду. Биринчисинде жонокой эле себеп менен жолугушса, эми эч кандай себеби жок эле бирин'бири корууго куштар болуп, белгиленген жерге ашыгып келишчу болду. Жумушуна так, ар дайым сааты менен жургон Кыялдын жашоосу да, заматта чан'будуну чыга сапырылып калды. Анын мунайган жузун коруу учун, бар жумушун жыйыштыра салып жетип келет.
Аруунун озун кутуп турганын коруп, ичинен элжиреп кетет:
-Менден мурун келип алдынбы, келчи!
Кыял бул жолу тартынбай эле кызды озуно тарта кучактап алды.
Кен кокурок, карылуу колдун кучагынын бир бурчунда эле калган кыз аландап коркуп кетти. Бирок ал мындай жагымдуулуктун жанын эргитип жаткандыгын байкап, суурулуп чыгып кете албай туруп калды:
-Мен убагында келдим...
Кыял кыздын чачын уйпалай эркелетип койду.
-Эмне тууралуу суйлошоюн дедин эле?
-Мен бир созду сизге айтышым керек!
-Ой бир эле эмес, канча коп соз айтсан да угам сени, болгону "сиз" дебечи?
-Макул!
-Ии айт эми?
-Ушул жердеби?
-Анан кайда баралы?
-Эл коп экен го?
Кыял жакындай тушуп, шыбырай суйлоду:
-Ал эмне, эч ким билбеши керек болгон улуу сырбы?
-Дагы тамашалап жатасынбы?
-Болду койдум, айт эми ичими бышырбай?
Аруу айтуудан айбыгып, ушул кунго чейин сактап келген сырынын четин чыгарды:
-Кыял?
-Оув жаным?
-Мени таштап кетпейсинби?
-Сени эмнеге таштап кетем ?
-Айтсан?
-Таштап кеткидей сен бир буюм белен, мен ар дайым сенин жанында болом!
-Менин мурда турмушка чыгып, ажырашканымды билген учурда дагыбы?
Кыялдын жузундогу ар бир озгорууну коз жаздымдан калтырбай карап турду кыз. Журогу тыбырчылап согуп, аты жогунда салынып журчу коздуу шакегин улам кармалап коет.Бирок озу куткондой болбоду.
Себеби Кыял муну так билбесе да кыздын создорунон, боолголоп сезчу. Андыктан Арууну шаштырбай, качан озу айтаар деп кутуп журду.
Ысык алаканы менен, кыздын колун кармады:
-Ооба, аны билген учурда деле. Эмне болуптур ажырашсан, турмушта адашкан бир эле сен бекенсин?
Кыз унсуз Кыялдын далысына башын жолоду:
-Жакшы кором сени!
-Мен да Аруш!
-А дагы бир соз айтайын?
-Ии?
-Ошондо сени мн болгон жолугушуу учун, мен агайымдан эн жакшы деген баага ээ болгомун да?
-Мендей жакшы адам сага жардам берсе албетте жакшы баага ээ болосун да?
-Дагы мактанып баштадынбы?
-Мен мактансам арзыйт!
-Ооба, тушуном сени!
Кокурогун ойугон нерседен кутулуп, Аруу бакытка маарып калды. Ал бакыттын чындап эле келгенине ишенди.
Анын устуно алардын бири'бирине болгон, алоолонгон сезимин очурууго эми кеч болуп калган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Май 2019 - 16:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Кыялдын жардамы менен, Аруу жашоого башкача коз караш менен кароого уйронду.
Эртен менен эрте туруп,убагында тамактанып, озуно караганга да убакыт табат.
-Ии ошентип озуно карап журсон, карачы кандай сулуу болуп калдын?
-Мурда сулуу эмес белем?
-Озундо бар сулуулукту бозоргон койногундун ичине катып алып жургонсун да Аруш!
-Деги эстуу жансын да Кыял!
Бир куну экоо ээрчишип журуп, Кыял Арууга кийим тандап алып берди.
Эртеси ал алып берген койнок менен бут кийимди окуу жайга кийип барды Аруу. Кийимге да табити укмуш экенин ушундан билиниз, Арууну коргон курсташтары, мугалимдеринин таныркаганынан ээги тушуп калды. "Адамдын корку чупурок" деп бекеринен айтышпайт го сыягы. Денесине куп жарашкан кийими, аны абдан ажарлуу коргозуп койду.

Аруунун озгоруп калганы албетте ата'энесинин коз жаздымында калып кеткен жок. Кызынын адамдарга кадыресе аралашып келе жатканын коргон эненин кубанычы чексиз эле. Бугун да кеч киргенде Аруунун бир нерсе айта албай буйдалып жатканынан устуно кирди:
-Аруш?
-Апа менин бироо менен жолугушуум бар эле, билем кеч болду, бирок барып келсем болобу?
-Атана айтпай, озум уруксат берейин, бирок батыраак келгин!
Аруу суйунуп, апасынын бетинен "чоп"эттире ооп алып, жоноп кетти.
Ошол куну алар, азыр экоонун конумуш жайы болгон " ошол тектирчеге " келишкен.
Эн сонун кеч болгон эле! Алар омурундо кызыктуу учурду кимдир бироо сурап калса, созсуз ошол кунку жолугууну айтышмак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sushi_wok   13 Май 2019 - 17:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жашы отузга чамалап калса да Кыял уйбуло тууралуу эч ооз ачпаган. Эми убакыты келди деп ойлодубу, же Аруу менен бирге тутун булатып, бирге жашайын деп чечтиби, айтор уйлонуу жонундогу оюн ортого салды.
Бул кабарды коптон бери кутуп жургон апасы да, бир туугандары да кубанып, астыртадан тойго даярдык коро башташты.
Кыял тентуштарына салыштырмалуу, жашоодон ордун эрте тапты. Жалгыз бой апасын аядыбы, же дээринен барбы, жаш кезинен эле окуп, иштеп, алдына койгон максаттарынын баарына жетти. Кудайга шугур, жаман эмес! Озу "адамдын кыялына жараша" деп коюшат го, ошонун сынарындай, анын улуу'кичууго жасаган сылык мамилеси, анча'мынча кыйынчылыкка моюн сунбай, ардайым жаркылдап кулуп, ар бир ишти чечкиндуулук менен чечкендиги себеп, элдин алды болуп кетпесе да ортосунда журот.
Бир туугандарына да аябай куйумдуу, алар да Кыялды жандай жакшы корушот.
Бир гана ушул , конул торунон орун алган адамга кечигип жолукту. Бул да болсо тагдыр болсо керек. Эч кимден байкабаган жонокойлукту, мээримдуулукту , жанга жагымдуу бейпилдикти Аруудан сезди. Ал менен жон эле суйлошуп отуруунун озу кызык. Баарынан да тен айтышпай, женилип бергендигин сыйлайт.
Азыр да апасына анын жакшы сапаттарын санап берип отурат. Кыял уйбулодо кенжеси болгон учун эрке осуп, оз оюн тартынбай айтууга конгон. Апасы да катуу айтпай чонойтту, ал эми атасын эстей деле албайт.
-Деги мактап буто албай койдун го балам, жаман сапаты деле болсо керек дейм да?
Кыял кулуп жиберди:
-Жакшыны жакшы деп айтыш керекпи?
-Анын туура дечи. Сен азыр козун тумандап, сага кулуп эркелеп койсо эле жакшы дегенин туура эмес.
-Дагы кайсы сапатын айтпай калдым?
-Ээ балам, турмуш дегенин озунчо бир бутпогон туйшук да. Жыл айланбай балалуу болосун, анын да озунчо туйшугу бар. Казан'аяк кагышат, кээде кеч келесин, кээде эрте . Негизгиси ошол туйшуктордун баарына чыдаса анан турмуш болот.
-Ал чыдайт!
-Сен кайдан билип койдун?
-Билем, кечээ эле тааныганым жок аны.
-Ата энеси барбы?
-Ооба !
-Анда эмнеге ушул убакка чейин созуп журо бердин, ниетин туз болсо кийирип ала берели?
-Апа?
Апасы уулун карады.Кыялдын коздорундогу тынчсызданууну, кыраакы эне сезди:
-Жашырбай айта бер!
-Апа бир гана айыбы, мурда турмуштан жолу болбой ажырашкан кыз да?
Апасы кутпогон болчу. Бирок баласынын мунозун жакшы билгендиктен, бир топко ойлонуп туруп калды. Ушул убакка чейин ортолорунда катуу соз болгон эмес эне'баланын. Кандай маселе болсо да токтоолук менен чечим чыгарышчу. Азыр эми кандай жол менен тушундуроорун билбей турду:
-Кыял?
Кыял апасынын коз карашына туруштук бере албай ордунан тура калып терезеге барды:
-Апа жок дебе, андай адамдар жашоодо толтура эмеспи? Бул нерсеге анын да менин да кунообуз жок да?
-Балам, биринчиден турмуштан ажырашканды "кыз" эмес, "жубан" дейт.
-Озун ар дайым айтчусун го "Атка бергис кунан бар, кызга бергисс жубан бар" деп. Эн кереги мен озум ага конул коюп , жактырып журбоюмбу?
-Экинчиден, сен турмуш эмне экенин али билбейсин?
-Жаш бала эмесмин го?
-Ал турмуштун эмне экенин коруп, башы бышып калган, балким сени жон эле пайдаланып жаткан да болушу мумкун?
-Койчу эми апа?
-Айтчы, ушул мезгилге чейин менин айтканымды угуп, акылыма конуп келип, бир жамандык кордунбу?
-Жок.
-Андай болсо ук уулум! Ар ким оз тени менен эле жашаганы туура . Эртен турмушта эмнелер болуп кетээрин билбейсин киши. "Айтпайм" деген создорун айтылып кетет, ошол маалда бириндин тилин кыска болуп, бирин устомдук кылууга отосун. Озун айткандай жаш эмессин эми. Бир откунчу сезимди деп эле озунду отко'сууга ура бергенин жакшы эмес. Бул учур бат эле отуп кетет. Сага урпагынды улай турган, пакиза, озуно ыйлайык кыз керек.
Албууттанып, "менин айтканым болот" деп жулунбайын балам, жашоо сеники, бирок апандын айтканын жерге калтырбайсын деп умут кылам. Дуйнодо кайсы эне оз баласына жамандыкты ыраа корсун? Эжелерин, тууган'урук укпасын, тынч эле келишип алалы балам, уккан кулакка деле уят!
"Соз бутту" дегенчелик кылып эне ордунан тура жоноду.
-Дуйнодо тушунгон адамым бар деп озумду эркин сезчу элем, аттин сен да тушунбодун мени! деди Кыял ичинен кубурой.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 13 Май 2019 - 17:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 00:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: