***
Адам баласынын, ал курсакта туйулдук болуп жаткан мезгилде эле, эки периште келип анын торолоор кунунон баштап, ичээр суусу тугонгонго чейинки тагдырын жазат дешет.
Ошондуктан да "тагдырдан эч кайда качып кутула албайсын" дешет окшобойбу?
Бирок Улуу Жараткан пендесинин алдына, оз алдынча кадам таштаар мезгилде "тагдыр тандоосун" берет экен. Бул дегени, "кандай жашоо сенин колунда, кайсы жолду туура коруп жатасын?" деп, озунун чексиз мээриминин кучун корсотуп, дагы бир ирет айколдугун далилдейт экен.
Аттин ай!
Бирок ошол туура жол, ар бир инсанга деле дал келе бербейт тура!
Ал жолду кимдир бироо адашпай тандайт, а кээ бири айласыздан ал жолго тушот, ал эми дагы бирине болсо, чындап эле курсакта жатканда эле жазылып коюлгандай тагдыр насип этет.
Жашоодогу кээ бир урунттуу учурлар, сыноолор, кыйынчылыктар , адамдын озунун каалоосуна гана жараша болот. Анткени ал тагдырды, инсан озу тандап алган.
Балким Жараткан ал пендесинин ошол жолго бараарын алдын'ала билип туруп тандоо таштагандыр алдына, албетте аны билуу учун биз алсыздык кылабыз. Себеби биз инсанбыз!
Эртен эмес, бир сааттан кийин эле эмне болуп кетээринен кабарыбыз жок.
А бирок башыбызга тушкон ар бир сыноого сабырдуулук менен чыдап, акыр'аягына чейин курошсок, абийирибиздин алдында таза болсок, анда ошол адамдык сапатыбыздын эн жогорку даражасын сактап калган болобуз.
Бирок, дагы бир баса белгилей кетуучу бир нерсе бар. Ал, улуу суйуу сезими!
Бул сезимдин алдында, нечендеген адамдар баш ийишкен, ханды тактан кулаткан, бечараны улуу адамга айландырган да, дал ушул сезим.
Суйуу доор тандабайт, ал инсандарды да даражасына карап,"сен жакшы,сен жаман" деп болуп, "сенин суйууго шартын барбы жокпу?", аны да сурап отурбайт.
Ал сезим келгенде коркок журоктор баатырга, ал эми "менмин" деген кыйындар, анын тескерисине айланат.
Дегеним, менин бул каармандарым да, ушул улуу сезимдин курмандыгына айлангандар.
Балким курмандык, балким жениш, же женилуу, аны коро жатаарбыз.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 03 Май 2019 - 16:24