Суперстан: Сезим курмандыгы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сезим курмандыгы. Сезим курмандыгы.

#21 Пользователь офлайн   Sushi_wok   13 Май 2019 - 19:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Аруш?
Кыялдын ар дайым кубанычтуу уну,бул жолу демейдегиден башкача угулду.
-Оув?
-Каяктасын?
-Сабакка кирип баратам.
-Качан бутот?
-Бугун сабагым коп эле.
-Кирбей эле койчу, мен азыр сага баратам, сыртка чыгып тур?
-Кыял эмне болду, жайчылык эл..
Созунун аягын укпай коюп салды Кыял. Эми кайдан мээсине окуу кирсин?
Дептерлерин салыштырып, баштыгын ийинине арта салып эшикке жоноду.
Коп куттурбой эле Кыялдын унаасы корунду. Копчулуктун назарына илинбейин деп, Аруу бат'баттан басып, унаага жетип арткы орундукка отура калды:
-Эмнеге мени акырына чейин чыдап укпайсын?
-Ушундай болуп калды, журу мени менен?
-Кайда?
-Сураба, барганда коросун!
Эл серуунн жерге келип, Кыял унаасын таштап коюп,кечке басып журо беришти. Аруу анын ою менен болуп тим койду. Бирок Кыял эртен менен апасы менен болгон суйлошууну ойлоп бушайман болуп жаткан. Аны билдирбегендин айласын кылып, Арууну колунан бекем кысып кармап коет.
Кеч кире унаа менен Аруунун уйу тарапка эмес, шаардан чыгуучу жолго бурулушту. Дагы деле унчукпай баса бергенге чыдабай кетти Аруу:
-Кыял, айтпайсынбы кайда бара жатканыбызды?
-Бугунку кунундун баарын мага арначы, уйго шаша бербей?
-Апам кабатыр болот?
-Эми секелек эмессин го, чалып тушундуруп койсон болот да?
"Апанан уруксат сура!" дегенсип, унааны токтотуп озу тушуп кетти.
Жол боюндагы дукондордон азык'тулук алып, кайра рульга отурду:
-Эмне болду, уруксатпы эми?
Аруу акырын башын ийкеди. Шаар четиндеги кабат уйлордун биринин алдына келип токтошту. Тепкич менен бешинчи кабатка которулушту. Кыял чонтогунон кулпу алып чыгып, эшиктин кулпусун бурады.
Эки болмолуу, чакан уй экен. Уйдо коптон бери адам жашабаганы билинип турат:
-Кире бер коркпой, бул менин уйум, бизден башка эч ким жок.
Аруу коомай сырт кийимин чечип, бутунун учу менен басып уйго кирди:
-Курсагым ачты Аруу?
Аруш жылмайып алып ашканага отту. Экоо тамактанып алып ,Аруу жуунучу болмого карай басты. Анан тун бир оокумга чейин создору тугонбой отура беришти:
-Эмнени айтайын дедин эле Кыял?
-Эч нерсе, жон эле сени карап отургум келди.Карачы кандай жакшынакайсын!
-Жон айтсан?
-Ырдап берчи?
Кыз аргасыз башын чайкап алды:
-Эч кеп жебейсин!
-Бирок жакшы коросун мени?
-Ооба.
-Бол эми ырда!
-Кандай ыр уккун келип жатат, "Коштошуунубу? "
-Жок, биринчи жолугушууну ырда!
Аруунун мукам уну теребелди акырын терметип турду.
Кыялдын журогу сыгылып кетти. Жон эле бактылуу болгусу келгенин , аны айланадагы адамдардын тушунбогонуно ызаланып алды. Азыр Арууга айтса, ал эмне деп жооп бермек?
Кыз ырдап бутуп, Кыялды карап туруп калды. Жигит оюн окутуп алганына буйдала тушуп, кызды бооруна басты:
-Рахмат сага!
-Кыял?
-Мен чарчадым, уктайлы?
Аруу ордунан туруп, эки кишилик керебеттин бетиндеги чан баскан жабууну сыйрып алды да, таза шейшепти устуно салды.Костюмун чече берген Кыял, кыздын ар бир кыймылын, мандайына тушкон суу болгон чачтарын,бир саамга тиктеген бойдон турду. Анан эле эсине бирдеме тушкондой, кыз жургон болмого шаша кирди.
Ийкем кыймылдап, тошончуну даярдап жаткан кыздын дене мучосу, ого бетет делебесин козгоп жиберди. Унсуз келип Арууну артынан кучактап алды. Артына бурула берген кыз, мурду менен Кыялдын мойнуна тийди. Атыр сеппейт, тамеки чекпейт, чыныгы эркек жыты! "Шуу"эттире, кумарлана жыттап алды.
Кыял кызды белинен озуно имере тартып, анын ысып турган эрининен аймалап ооп кирди. Эркектин кучтуу колдору кое бербей, озун алсыз сезген кыз назик шыбырады:
-Кыял токтосон?
Кулак тубунон, мойнунан ооп жаткан Кыялы эми кайдан токтомок эле?
-Баарыбир аша турган чеп болчу, жаным мени кыйнабачы?
Болмонун ичин чыкылдаган жагымсыз уну менен алдейлеп жаткан саатка , "доошунду очур" дегенсип, кыздын халаты жабылды.
Адатта, ар дайым кийим илуунучу жерде чыкыя илинип турчу костюм менен ак койнок да уйпаланып жерде калды.
Арууну оодара салып, жамбашынан мыжыга кармап, аесуз , денесинин чолоо жерин калтырбай ооп'соруп жатты.
Ушул ак дене, ушул кынтыксыз жаратылган мучо учун, мейли дуйнонун бар байлыгын берсин, бирок алмашпайт Кыял.
-Периштем, жаным, Аруум озумдун!
Адамга карата канча таттуу соз болсо, ошонун баарын арнады го чиркин, ал кечте!Бул да болсо жалган жашоонун бейишидир?
Мойнунан куроо тамыры чыгып, озун чексиз бакытка болоп жаткан жигиттин бул кылыгы, кызга ооруну эмес, тескерисинче айтып буткус ырахат тартуулап турду.
Табият да кээде адам баласына тузак коет. Ал тузак бир эле адам затына эмес, бутундой жупташууга мумкун болгон жандуу заттардын баарына коюлат. Кантсин анан, табият да оз милдетин аткаруусу керек го?
Бул ушундай бироого айтып бергис ары уяттуу да, ары, эстегенде дене'боюнду балкытып жиберуучу бир сезим!
Кыз да акыркы жолу олуттуу онтоп алып, озунун бул кылыгына уялымыш эте Кыялды карады. Ырахаттын туу чокусуна чыгып, экоо тен шалдырап жатып калышты.
Кыял Арууну кучагына бекем кысып:
-Ушундай мамилемди, жандай коргон адамым менен болушконумо кубанычтамын жаным! деди.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 13 Май 2019 - 19:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Umka..00   13 Май 2019 - 19:52

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Мммм....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Май 2019 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Эртен менен козун ачкан Аруу, Кыялдын жанында бейкапар уктап жатканын коруп, кечээги тунду эстеп , ууртунан жылмайып алды. Бери оодарылган Кыял да акырын коздорун ачты:
-Кутман танын менен!
-Рахмат!
Аруу шаша ордунан турмак болду эле, Кыял ага улгуртпой кучактап алды:
-Кичине жата турчу?
-Кетели, кун бешимге жакындап калыптыр?
-Кайда барабыз?
-Сен жумушуна, мен уйго?
-Аруш, азыр экообуз тен сенин уйуно барабыз?
-Эмне учун?
-Мага турмушка чыгасынбы?
Кыз терен дем алып алды. Дилинде кутуп жургону менен, бул созду угууга бир аз даяр эмес болчу. "Жок" десе айрылып калуудан коркот.
-Мен сени жакшы кором Кыял!
-Сени бактылуу кылам, мына коросун, биз жашоодогу эн бактылуу инсандардан болобуз. Мен коп ойлондум, эгер сени менен бирге боло албасам, анда менин алсыздыгым ошол. Каршылык болбой койбойт, бир гана, сен мага ишенсен болгону?
-Мен ишенем!

Экоо ээрчишип, Аруунун уйуно келишти. Дарбазадан ичкери кире албай, кыздын журогу кабынан чыгып кетуучудой согуп, денесин майда калтырак басты. Атасынын каардуу тиктегенинен, апасынын шыпшынып, кызына нааразы боло караган коз карашынан коркуп турду, а байкеси эмне дээр экен?
Жетелешип кирип келген экоону, гезит окуп олтурган атасы алмак'салмак тиктеди:
-Аруш, келгиле кызым?
Кызы жерден башын албайт, Кыял болсо кыздын колдорун бек кармап алган:
-Саламатсыздарбы?
-Саламатчылык, кел уулум?
Апасы болсо кызын жекире карады.
-Биз атайын келдик эле, мен Арууну жакшы кором!
Канчалык токтоо коруноюн десе да болбой, Кыялдын уну титиреп чыкты.Сурдогонунон кызды кармап турган колдору тердеп да алган. Аруунун атасы баштагыдай болуп, кызынын ар бир кадамын тескебей, жайына коюп койгону менен, баарыбир жузундо билинер'билинбес нааразылык турду. Ата эмеспи канткен кундо да? Кызынын чак тушто эле ,бейтааныш бироо менен жетелешип келип, тастандап "ушуга эрге бергиле мени" деп, тигиниси менен кол кармашып турганы, албетте жакшы корунуш эмес.
"Кыз деген ыйбаа болуш керек, намыс'уят деген баалуулуктар кайда калган? Же озумду куноолуу сезип журуп, ото эле эркин коюп жибердимби? " деп ойлоп жатты ичинде. Гезитин таштап, экооно конул бурду:
-Атын ким?
-Кыял.
-Ата'энен барбы?
-Апам бар.
-Жакшы, анда оболу апанды жонотпойт белен алдыбызга, ортодо ортомчу дегендер болчу эле?
-Мен биринчи озум сиздерден ыраазычылыктарыныздарды алайын дедим?
-Биз ыраазы болбосокчу?
-Мен Арууну жакшы кором !
-Эркекче алдыма келгенин мактоого арзыйт уулум. Бирок Батыштын жаштарына окшоп, мынтип тайманбай кызымды колдон алганын туура болбой калат го?
Аруу колун силкип алууга нечен аракет кылып корду, бирок карылуу кол мыжыккан бойдон кое бербей турду. Экоо жол катар жакшы эле келишип алышкандай болушкан, бирок ата'энесинин алдында кыз уялганынан эки бети кызарып турду:
-Кызыныз деле мени жакшы корот, эгер сиздер макул болсонуздар, мен азыр алып кетем?
Ата Кыялдын коздорундогу курчтукту коруп, башын чайкап гана тим болду:
-Жаштык кылып жатасынар да. "Алып кетем" десен эле кармата бергидей, кызым эмне буюм бекен? Бир жолу жула качкандарга берип алып, азыр бактысыз болуп жургонуно кейип кетем. Ошондуктан сен шашпай чечим чыгар. Эгер чындап эле, алып кетчу ниетин болсо, кадимки каада'салт менен алып кеткиле?
Аруунун апасы да туурадан чыкты:
-Атасы туура созду айтат, "бир турмуш коргон" деп эле кызыбызды басынта бербегиле, сен турмуш курдун беле мурда?
-Жок.
Балдарынын эмнеге мынтип жетелешип кирип келишкенинин тупку себебин , бираз тушунушкондой болду ата'эне да:
-Тушунуктуу! Негизи ар ким озуно тен адам менен жашашы керек балам?
-Бири'бирибизди жакшы корсок эле болбодубу, анын кандай мааниси бар?
-Ата'эне ыраазы кудай ыраазы дейт балам, сен дагы жакшылап ойлонуп кел!
Кыял жооп таппай туруп калды. Кызга караса унсуз эле коздорунон жаштар куюлуп жатыптыр. Жигит тарапты караган да жок,акырын колун бошотуп алды да болмосуно бет алды.
Кыялдын кетуудон башка аргасы калбады. Шылкыйып кетип баратканын терезеден карап турган Аруу оор курсунуп алды.
Аруунун артынан кирген эне , бетмандайына келип, кызды жаактан ары салып калды:
-Атан али тируу го, менден болбосо да атандан уялсан боло?
Жаштуу каректери менен апасын тиктеген Аруу:
-Мен эмне кылдым?деди оксуй.
Ызакор жаны ызаланып ыйлап жиберди.
Сырттан караган адамга кулкулуу сезилет болуш керек ээ?
Бирок ката кылуу учун да, бирин'бири куноолош учун да адамдар, ойдо жок жерден, болбогон эле себептерди ойлоп таба берет экенбиз да? Азыр алар жон эле ак батасын берип коюшса, балким башкача жашоо болмок беле ким билсин? Же оздору куноолубу?

Арадан кундор отуп жатты. Кыялдын тынымсыз чалууларына жооп бербей, Аруу бир бурчту тиктеген бойдон отурганына уч кун болду. Кыял да акыры тажадыбы, айтор чалбай калды. Аруу ушуну эле кутуп тургансып, кайра озу чалып жиберди. Жинди эле?
Бир сезимдин алдында эмнеге мынча кор болду экен десен? Очошконсуп Кыял да трубканы которбой туруп албадыбы?
Чарчагандай шалдырап жата кетти.
Тортунчу куну аргасыздан сабакка жоноду. Ыйдан коздору тоодой болуп шишиген.
Окуу жайга жете берээрде, капыстан бироонун каруудан алганынан чоочуп кетип артына караса Кыял турат.
-Сен?
-Эмне суйлошпойсун, ушубу мага ишенгенин?
-Кыял, алардын айтканында деле жан бар.
-Эмне кыл дейсин мени?
-Алар ыраазы болбосо, мен эмне кылайын анан, эмне качып чыгайынбы?
-Керек болсо качып чык, эмне телмиресин?
-Кыйнабачы мени? Алардын ыраазычылыгысыз кантип бир уйбуло боло алмак элек, асмандан эле тушуп калган жокпуз го биз?
Кыял да аран турган белем, жинденип кетти.Бут алдындагы ташты да ыргата тепти:
-Токсонго чыккан кемпирдей , ушу сенин акылдуулугун отту, эмне бошошуп жатасын, же эмне менден конулун калдыбы, жакпай калдымбы, сенин табитиндеги эркек эмес бекенмин мен?
Аруу чыдабай кетип, Кыялды жаакка чаап жиберди. Жаалы чыгып турган ал, бир аз жоошуй тушконсуп Арууга карады. Кыздын жаш чайыган каректери мурдагыдай сулуу корунбой, тескерисинче, Кыялды мазактап тургандай сезим калтырды. Жигит Аруштун назик билегинен катуу кармады:
-Айтпайсынбы?
-Эсине кел, эмне жин тийдиби сага,кое бер колумду?
-Айт дейм?
-Мен сага тен эмесмин!
-Эмнее?
-Кыял?
-Мен да бироо менен жашап, аны "бири'бирибизди тушуно албадык" деп кетирип жиберсем, анан бирдей салмакта болуп калабызбы, айт, мен ошондой кылсам анан баары ыраазы болушабы? Ыраазы болушар дейм да, анткени мен да "ажырашкандардын" катарына кошулам да?
-Кое бер дедим сага!
Кыял кыздын колун силкип кое берип,шарт артына бурулду. Ачуудан тууттугуп, оюна эмне келип жатканын да андабады.
Колунун ооруксунуп калганынан, улам билегин кармалап, артында ыйлап калган кызга да кайрылып карабады. Жини менен рульга отуруп, атырылтып айдап жоноду.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Май 2019 - 13:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Май 2019 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***



Акылдуу эненин айтканы дал келдиби, же Аруудан чындап эле конулу сындыбы, айтор Кыял апасы айткан кызга уйлонууго макул болду.
Жолугуучу жерге барса акжуумалынан келген орто бойлуу кыз кутуп отуруптур. Анын да кулагына кумдай куюп, эмне деп суйлоорунон бери жаттатып жонотушкон болсо керек, озун эркин сезе албай, кысынып отурду. Кыял азыр эле бироо менен уруша кеткендей, озунчо туноруп барды. Кекете столду озуно тарта,кызга мандайлаш отурду.
-Салам чон кыз?
-Сиз Кыялсызбы?
-Ооба, сенчи?
-Менин атым Бийке!
Мыйыгынан ызалуу кулуп койду жигит:
-Айтылуу Бийке экенсиз да ?
-Тушунбодум?
-Сизди мага аябай макташкан дейм.
-Аа ошондойбу?
-Биз келишип алышыбыз керек!
-Эмнени?
-Мен башка бир жанды жакшы кором, сени да алдап, эки жуздуу болгум келбейт. Бирок улуулар айтмакчы, уйбуло курушубуз керек, аялдык'эркектик милдетибизди аткарып, тукумубузду улообуз зарыл, же андай эмеспи?
-Ошондой!
-Андай болсо сага эскертип коеюн, менден эч нерсе умут кылба! Каалагандай жаша мени менен, сени эч нерседен тыйбайм, озун жактырган нерсе менен алектен, болгону мага тийишпейсин!
-Эгер бул шарттарга макул болбосомчу?
Кыял ийнин куушурду:
-Андай болсо деле оз эркин, сени эч ким мажбурлай албайт, тандоо озундо!
Бийкенин оюнда эмне болгонун озунон башка эч ким билбеди корунот, же озун эркек кишинин басынта суйлогонуно жини келип кеттиби?
Анан ал да жигитке карап жылмайды:
-Мен макулмун!
Кыял таныркаган деле жок, ото коп суйлошуп деле отургусу келбей, бат эле коштошуп кетип калды. Которо келген гулу да стол устундо , озу кайдыгер ыргытып койгон бойдон кала берди.
Кыял Аруу менен Бийке экоонун, таптакыр эки дуйно адамдар экенин туйду. Салыштыруу да пайдасыз экенин билип турду.
Бирок эркек киши, аялзатына салыштырмалуу, кучтуу келет эмеспи? Кыйналса да ичинде азап тартып, сыртына чыгарбай, озун эрктуу корсотту.
"Башыма тушконун короормун" деп, акырында кол шилтеп койду.
Ошентип той жасап, Бийкени уйуно алып келди.Аялдарды тушунуп болбойт, эмнени умут кылып бул уйго келди экен Бийке?
Эгер мен анын ордунда болгонумда, ошол эле жерден туруп басып кетмекмин да?
Кыял айткандай, ал эч нерсе талап кылбады, ар дайым жылмайып кулуп, озунун милдеттерин так аткарып, кайненесине куйумдуу келин чыкты. Тууган уругу да, кайненеси да аны жерге'сууга тийгизбей мактап турушчу болду.
Кыял жумушта качып журо берет, качан эл жатканда гана уйго кайрылат. Андай дегени менен, адам озунон качып кайда бармак?
Арууну коргусу келип, окуу жайдан уйго, уйдон кайра сабагынан тымызын узатып журду.
Бир куну Аруу бет алдынан чыкты. Буйтай албай туруп калды Кыял. Ал да коптон бери кутуп жургон, даяр турган жаштары жузу ылдый тоголонуп бараар эле:
-Келдинби?
-Келдим!
Бир айдан бери корушпогонуно сагына тушкон экен, жетип барып, кенен кучагына баса берди кызды. Озу куса болуп жургон жытка магдырай, Аруу да коздорун жумду:
-Биротоло келбей коесун го деп корктум?
-Чыдабай кеттим!
-Эмнеге жоголдун?
Кыял айтпады. Азыр бирдеме десе, аран табышкан немелер кайра урушуп кетуучудой:
-Жумуш менен журдум!
-Сагынып кеттим!
-Журу кеттик?
Кызда "кайда?" деп сурабады. Унчукпай жетегине конуп берди. Кыял жогунда озу аябай кыйналды. Далай ирет озун да жигитти да кошо тилдеп, ичинде соттоп, экинчи корушпогонго да убада берип алат. Анан кайра эле сагынып, коргусу келет. Бугун да бет алдынан чыкканына, кубанганынан журогу жарылып кете жаздады.
Ошол жолугушуудан кийин Аруу Кыялдын эки болмолуу уйуно кочуп кетти. Апасынын тилдегенине, атасынын каршылыгына конбой кетип калды. Дагы ошол азапты башынан тартып, уйдо да алардын козуно тушкон чоптой болуп жашагандан, конулу уч кочкон журттай калган эле.
Озу туура деп ойлогон нерсе менен гана жашагысы келди. Ошол убакта окуусун да ийгиликтуу аяктап жаткан. Кесиби боюнча жумуш карап отуруп, чакан редакцияга редактор болуп орношту. Айлыгы кубантаарлык болбосо да, озун таштап койбогондун амалын кылды.
Кыял кызга керектуулорду жеткирип берип турат. Анын жанында болгонуна кубанып журо берди Аруу.
Бугун да Кыялды кутуп отуруп, анын кечиккенинен кабатыр болуп уктабай отурган. Аябай кеч болгондо келди жигит. Жаан аралаш уйго кирди:
-Ий, жамгыр аябай катуу жаап жатат?
-Эмнеге кечиктин?
Кыял коздорун алакачып, курткасын чечип, ашканага отту:
-Биз суйлошуп алышыбыз керек?
-Кулагым сенде!
-Менин озгоргонумду байкап жатсан керек?
-Ооба, сезгенсип журом!
Жигитке тигиле карап, журогу опкоолжуп кетти:
-Бир гана андай деп айтпа, жиндилик кылып, ошол куну айткан созумду аткардым дебе?! Сен сен...
-Аруш, уксан!
-Акмак, кантип дитин барды? Ортодон жон эле бироонун тагдыры менен ойногонго кандай акын бар?
Аруу эмне кылаарын билбей, колуна тийген буюм менен ургулап жатты Кыялды. Идиштер шагырап сынып,таптаза турган уй заматта тополону' тоз боло чачылып жатып калды:
-Адам эмес экенсин, корунбо козумо!
Арууну тынчтандыра албай шайы кеткен Кыял да бир кезде колун которуп барып, кайра дубалды муштап жиберди:
-Ооба, мен айыптуумун, силер таптаза периштесинер, эмнеге тушунгун келбейт мени?
-Жогол дейм!
-Ушундайбы, ушундай экен да?
Кыялдын да башка айласы калбагандай, эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Аруу бир бурчта, обоктоп ыйлап жата берди.

Тун бир оокум болсо да куйоосун кутуп отурган Бийке жугуруп алдынан чыкты.
Кабагынан кар жаап, конулуно кыл да сыйбай турган жолдошу Бийкени бир карап, козун тартып кете албай туруп калды. Аппак мойнун ,кокурогунун жарымы корсото кийип алган жука койногу, жазылган чачы, аны ого бетер сулуу корсотуп турган. Жанына келгенде андан келген атырдын жагымдуу жыты "бурр" дей тушуп, мурдун ордоду.
-Келиниз, устунуз суу болуп кетиптир го, тамак ичесизби?
-Бийке?
-Ой, мен азыр...?
Кыял аялынын колунан кармап озуно тартты. Бийке болсо кундо эле ушинтип тосуп алат болчу.
Болгону Кыял ага конул бурбаган экен .
Ал Кыялдын конулун бурууга бар аракетин жумшап, озу билген бардык айла'амалды колдонуп жургон. Негизи аялдар куу келебиз ээ? Эгер андай болбосо, бири кун болбосо бир кун созсуз, озу койгон тузакка Кыялдын мынтип тушуп берээрин алдын'ала кайдан билмек эле Бийке?
А эркектер болсо эки ооз ширин соз, жана да жакшы мамиле менен, аялга кантип алданып калганын билбей да калышат.
Конулундогу кирди ушул жол менен жууп жибергиси келдиби, Кыял Бийкени кучактап, жерден таптак алып которуп уктоочу болмону коздой басты. Келинчеги да аппак колун, жигиттин мойнуна арта салып, бекем кучактап алды. Ананчы, ал бул кунду канча кутподу дейсин?




...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Май 2019 - 18:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Май 2019 - 20:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Уйкулуу козун ушалап,ордунан ойдо боло берген Кыял, белине колу артылып уктап жаткан Бийкени коро сала, кечээги тунду эстеп, озун чекеге бир койду:
-Кара баскырдыкы!
Шаша туруп, кийимдерин издеп калды. Анын шыбыртынан Бийке да ойгонуп кетти. Кыял аны караса ыраазыдай унчукпайт. Эмне десин, озунун каалаган максатына жетип алган сон?
-Эмнеге шашып жатасын, бугун дем алуу кунун эмеспи?
-Билбейсинби, мен дем алыш куну да иштейт эмесминби?
Уну кекээр чыгып турса да, ичинен эмнегедир келинчегин аео сезими пайда болду. Оз абийири алдында, ушунчалык озун начар адам сезди. Бийкенин жадырай караган коздорунон качып, болмодон чыгып кетууго шашты.
Дем алуу кунун созсуз Аруу менен биргеликте откорчу. Бугун болсо бара албай, же барбай коеюн десе, ага да журогу чыдабай, жолго чыкты.
Уйдун алдына келээри келип алып, кире албай, копко бушайман болду.
Озу адам баласы колундагы бакыт кушун байкабай учуруп жиберет экенбиз да, анан ал бакытты башка тараптан издей берет экенбиз. Кыял болсо азыр кайсы жол менен бараарын билбей турган. Бирок баарыбир Арууга деген сезими устомдук кылып кетти.
Акыры бар кучун топтоп, эшикти ургулады. Адатта, дароо ачылып,озун зарыгып куто, мойнуна асылчу Аруудан дайын билинбейт. Бул жолу эч ким ачпады. Чыдабай кетип, озундогу кулпуну бурай салып, ичкери кирди. Кечээги бойдон чачылганы' чачылган жерде, ал тургай жарык да куйгузулбоптур. Журогу шуу дей тушту. Чуркап кирип эле жарыкты куйгузуп, терезелерди ачып жиберди. Уктоочу болмону ачып, Аруунун чумконуп жатканын коруп,жаны калган жок. Жетип эле жуурканды сыйрып алды:
-Аруу, Аруш дейм?
Кыздын денеси от болуп куйуп жатыптыр, кынылдап уну да алсыз чыкты:
-Келе турган болсон, эмнеге кетесин?
Аруунун созго келгенине журогу ордуна келе тушту жигиттин:
-Озун кет дебединби?
-Келбешин керек болчу анда, жаман кором сени!
-Келчи озумо, кечирчи мени, кечирип кой!
Кыял кызды бооруна басып, чачтарынан сылады . Чонтогунон кол телефонун алып, "Тез жардамга" чалып кирди.
Экоо кайра табышып алды. Булардын "жинди сезиминин" кучу ушундай. Урушса да , бири'бирин жек корсо да, кайра эле имериле беришет.

Бийкенин кыялы да озгоро баштады. Балким сабыры да жетээр чегине жеткендир.?Мурдагыдай ун созу жок, Кыялды кутуп отурбайт,бир аз кечиксе чалып, кайда жургонун тескеп сурап айласын кетирет:
-Эмне болду Бийке?
-Качан келесин?
-Убаданды унутуп калдынбы, же мени озуно баш ийдиргин барбы?
-Кыял сени кутуп жатам.
-Кутпо мени, мени алаксытпа, сенсиз да жумушум толтура, чалба болду!
Бугун да жумуштан чыгып, Арууга кайрылып, анан уйго келди Кыял. Дасторкон четинде уйбуло мучолору отурушуптур, эжелери да келишкен экен, Бийке ашканада журот. Туптуз болмосуно чыгып кете албай, аргасыз столго бурулду:
-Кел балам?
-Келдим, эмне майрамбы бугун?
-Сага жанылыгыбыз бар, Бийке, тамагынды сала бер, жолдошун келди!
Эне келинине буюра суйлоду. Эч нерсеге конулу чаппай турган Кыял, апасынын табышмактатып суйлогонун жактырбады, бирок аны билдирген жок:
-Эмне жанылык?
-Келинчегиндин боюнда бар экен, эмнеге коптон бери соз котор албай, зиркилдеп калды десем, корсо кош бойлуу тура? Бугун дарыгерге алып барып келдим, торт айлык болуп калыптыр!
Мына турмуш далили! Уч уктасан тушуно да кирбеген окуя, кутулбогон тагдырдын белеги!
Кыялды бироо башка чапкандай, оозуна соз келбей селейди. Кантип эле ушундай болуп калсын заматта?
Уулунун жузунон эч кандай кубанычты коро албаган эне ичинен кейип алды:
-Атаны карангун, эмне делдейесин ботом?
Сезимдери ич'ара аралашып, озунун бул турмуштагы орду кай жерде экенин андай албай жургон уулуна, бул кабар кайдан кубанычтуу угулсун? Ата болмок тургай, озу да жомок дуйносундо жашап журбойбу?
Реалдуу турмушту кабыл алгысы келбей, кай жактан болсо да буйтап отуп жатат. Эми бул кабар эч кайда жылдырбай, бучкактап кармайт окшобойбу?
-Жакшы кабарынар бар экен апа!
Эне уулун карады:
-Озуно кел балам, жетет эми!

Кыял чындап эле бул кабарды акылына сыйдыра албайт эле. Уйдон чыгып, туз эле Арууну коздой жоноду.
Азыр баарынан качып, жон эле анын жанында болгусу келди.

Бийке куйоосунун кетип баратканына жини келсе да, кайненесининен тартынып эч нерсе дебеди. Кыял отурбай койгон дасторконду жыйнап, столго алманы жууп алып келип койду. Кайненесинин алманы жакшы короорун билет. Жанына отура, алманы аарчый кетти.
Келинине ыраазы боло карады эне.
-Тиги алманын чети чирип калыптыр, ыргытып сал!
Бийке алманы тегерете карап:
-Жок апа, тазалап салса болот экен,деди.
Апасы куло карады:
-Дээринде бар экенин конудум сезген. Кыял да азыр ушул алма сыяктуу балам. Эгер азыр алманы тазалап , жууп'чайып алсан, албетте жегени болот,ыргытып жиберсен убал, таза жери да кошо кетет!
Бийке унчукпады. Ызасын ичине жутуп, эми болочок баласы учун да чыдоого тырышты.

Ошол куну Арууну "Тез жардам" унаасы келип алып кетип, ооруканада бир топ кун жатып калган. Ооруканадан чыккандан бери кыз да озгоруп калгандай. Кыялды оз жайына коюп, жалгыздыкка кайрадан конуп бараткан сымал.
Азыр кирип келгенине бир аз таныркай карады:
-Сен азыр уйундо болушун керек!
-Билем, бирок бугун ушул жерде калам, жок дебе!
Экоо суйлошуп отуруп, Кыял бугунку уккан кабарын угузду:
-Анын боюнда бар экен, торт ай болуп калыптыр дейт.
Аруунун ичин бир жалын каптап кеткендей болду.Торт ай мурунку экоонун жанжалын эстеп, ичиркенип алды. Акыры бир кун ушундай болмок.
-Куттуктайм!
-Хм.
-Эмне?
-Устумдон кулуп жатасынбы?
-Кааласан ошондой тушун!
Азыр дагы бир эки эле соз айтылса, кайра жанжалдашып жатып калышмак. Кыял да кызды долуланып ыйлап,айламды кетирет го деп ойлогон оюу ордунан чыкпай калды. Жон салды гана кабыл алганына бир чети таныркап турду. Аруунун тизесине башын коюп, бутун узун сунуп, коздорун жумду:
-Чарчадым баарынан!
Унсуз телмиришти. Бири озун уктап жатканга салса, бири ашыгын башкага биротоло откоруп бергенине озогу куйо, Кыялдын кайраттуу чачтарынан сылап отура берди.
Баш тартуу кыйын, бирок тартыш керек!


***
Аруунун эскеруу дуйносу тан агарганча уланды. Мына эмне учун кете албай жашап жургонунун себеби. Кыялсыз жандуйносу бошоп калгандай. Бирок чыйралууга аракет кылды.
Бир жума бою уйдон чыкпай жата берди. Адатынча Кыялды кутуп жаткандай. Бирок бул жолу аны кутпой, дилинде коштошууга даярданып жатты.
Эшиктин конгуроосун бироо басты. Кыялдан башка эч ким жоктобогонуна конуп калган кыз акырын эшикке келди. Оюнда жигитти сапардан эрте келген экен деп , карабай эле ачып жиберди.
Босогодо Адис турган:
-Сенби, кызык кайдан таап келип алдын?
-Артындан андууга туштум!
-Кызык экен?
-Ичкериге кое бересинби?
Кебетесинен уяла Аруу жол бошотту:
-Аа ооба, кир, мен эч кимдин келбегенине конуп калгам, кечиресин!
-Сага ынгайсыз болсо журу, сыртка эле чыгалы?
-Аа мейли ошенткенибиз деле он болуп турат!
Бойлошо басканча, Аруу турмуштан ажырашканын учкай айтып отту. Кыял тууралуу ооз ачпады, озу ал жонундо ачылып эч кимге айтып корбогон. Бул сезимдерди башка жанга ыраа корбойт, кызганат.
- Ушундай дечи, бекеринен сени издеп келбептирмин, журогум сезген экен?
-Эмнени?
-Жалгыз экенинди!
-Койчу тамашанды, арадан ушунча жыл откондон кийин эмнеге мени издейсин?
-Мен сени унутканым жок Аруш?
-Кой андай деп айтпа, мурдагы Аруу жок эми, болоор'болбос созго деле теригип кетмей жайым бар, жапжакшынакай келинчегин бар экен, кечээ перзенттуу да болдун, отконду чукугандан эмне азап?
-Кайсы келинчегим?
-Кечээ коз жарбадыбы?
Адис эстегендей кулуп жиберди:
-Ай сени десе, эмнени эле айтып жатат деп коем, ал менин карындашым болот, бир тууган.
-Ыя? Аа мен аны жубайын деп ойлогом да?
-Эми айтчы, дагы деле мени тоготпой басып кетмекчисинби, бирок мен озгордум, баягы Адис эмесмин?
-Мен азыр эмне дээримди да билбейм чындыгында Адис, кечирип кой эгер сени капа кылган болсом?
-Жонокой нерсени оорлоштурбачы, жон эле сунган колумду кабыл ал!
-Мен деген мурда турм..
Адис созун жырып кетти:
-Аай койчу, ошол да маселеби, сенден жолу болбой калган турмуш мени да бир сынап откон, аны ойлонбо!
-Жашоого эмнеге келгенимди тушунбой кетем кээде!
-Аябай оксук болуп алыптырсын ээ, кой андай дебе! Сен жашоо учун эмес, жашоо сен учун жаралган, котор башынды Аруш!
-..

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Май 2019 - 21:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Май 2019 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***

Адис келип кеткенден кийин Аруу кадыресе жаны жашоого бел байлады. Кыялдын кабарсыз кеткени да анчалык кусага салбагандай.
Жумуштан чыгып, уйдун жанындагы эле кичинекей базарчага тушту. Базар менен уйдун аралыгы ото деле алыс эмес. Бугун бир жакшы тамак жасайын деп чечти. Эки колуна тен толтура баштыктарын алып, уйго кетуучу жолго салды. Артынан бироонун талпылдап басканынан бурула калса, ушул айланадагы кайырчы экен, башта бир'эки курдай козу чалып калган болчу:
-Карындашым тамекин барбы?
-Кечиресиз, мен чекпейм!
Тиги алаканын жайып беттерин бырыштырды:
-Эмнеге элдин баары чекпейт, бир эле мен чегем, сурасам бироо да тамеки бербей койду?
Аруу саамга ойлоно калып, жакын жердеги дукондон тамеки сатып алып чыкты:
-Ушундайы жарай береби, мен айырмалай албайм да?
Кайырчынын кудундап суйунгонун айтпа:
-Балекет болсо да тамеки болсо болду,рахмат карындашым!
Ал тамекинм буркуратып тартып, улам козун аарчып коет. Аруу экоо отургучтардын бирине отура кетишти:
-Уйбулонунз барбы?
-Бар болчу!
-Эмне болду анан?
-Ээ, мен да бир акчага копкон адаммын да. Убагында айдай келинчегимдин кадырына жетпей, бир сулууга акчамды чачып журо бериптирмин. Суйуу деп ойлогон элем, бирок баары мен ойлогондой болбой калды.
-Алдап кеттиби?
-Билбейм эмне болду, мени жактырбай кууп жиберчу болгон акыркы кундору. Эми уйбулодон да башкадан да жок калдым.
-Баланызчы?
-Кызым бар, бирок келинчегим мага корсотпойт, туура кылат, мендей эркектин ага эмне кереги бар, бирок кызымды аябай жакшы кором, бат'баттан эле коргум келе берет!
Кайырчынын акыркы создору Арууну муунтуп жиберди. Анын ордунда Кыялды элестетип алып, коркуп кетти. Башын силкип алып, кайырчынын кайра'кайра айткан рахматына конул бурбай тура жоноду.
Коптон бери ойлоп жургон оюу бышылып жеткен ондонот.

Эртеси да жумушта ошол кайырчынын создору кулагынан кетпей, озун аябай жаман сезип журду. "Сени бир аял сурап келиптир" деген кесиптешинин созунон кийин сыртка чыкты. Ким экенин деле ойлонбоптур. Алдында Бийке турган эле. Кутпогон болчу, бирок аялдык амалкойлугуно сала, кашын серпип, учураша кетти:
-Келиниз?
Бийке Арууну жек коро тиктеп, экоо ишкананын алдындагы орундуктардан орун алышты:
-Кыялды ошончолук акылдан адаштырган кандай адам болду экен деп ашыгып келдим эле, элден артык сапатын деле байкалбайт!
-Туура айтасын, мени периште элестеткенин туура эмес болуп калмак?
-Ушундай жашоо озуно жагабы, бироонун бакытына коз арткандан коро, озун уйбуло кутсон болбойбу?
-Андай кылсам деле болот, бирок сенден эч нерсени тартып алганым жок мен!
-Адамдарда жуз деле калбай калыптыр, баары тегиз жылтырак. Мен сенин ордунда болгонумда. ..
-Сен менден артык да болушун мумкун, бирок сен менин ордумда боло албайсын!
-Сендей жузу кара болгонумдан коро олгонум жакшы!.
-Олум оной болсо мен алда качан бул жашоодон кетет элем, антип кесири суйлобо, сен кааласан да мендей адам боло албайсын!
-Бети жок!
-Ооба, эгер бетим болгондо азыр ушундай абалга тушмок белем, эмнеге келдин?
-Кыял менен ортобузда перзент болот, жок дегенде баланы аясан боло?. Чондор озунун маселесин чечсин, антпесе балада эмне куноо?
-Беттен албай, жон эле тушундурсон болот экен го, мен Кыялды аркандап отурганым жок, озуно тарта албасан анан мендеби куноо, экинчи бул жерге келбе!
Бийкенин акыркы создорун угууга чамасы жетпеди. Кабинетине кирип эле столго обоктой калып ыйлап жиберди.



***
Кыялдын бул жолку сапары аябай созулуп кетти. Бир жагынан кайра жакшы болду, жалгыз журуп, мындан ары кандай жашоо тууралуу да ойлонууга кенен мумкунчулук жаралганы.
Кечки учак менен учуп келди. Тосуп алган жардамчысы, ал кеткенде козомол кылып жаткан жумуштары жонундо айтып берип жатты. А Кыялдын оюу бир жерде эмес болчу. Дароо Аруунун уйун коздой айдоону буйруду. Жардамчысы айтканын айткандай кылып конгон, жай солго бурулду.
Унаадан тушуп эле уйдун терезесине карады. Жарыгы куйуп турат, ичинен кубанып да алды. Эшикти да такылдатпай, туз эле кирип барды. Аруу шымын тизесине чейин туруп алган, чачтары саксайган, эки колунда тен суу болгон чупурок.
Кыялды коруп, коздорун алайтып туруп берди.Коптон бери тынчып, бирок эмненидир коксоп турган журогу ,кайрадан дукулдоп согуп баштады:
-Келип калдынбы сен?
-Аруш, кебетен кантет?
Кыял же кулоорун, же кызды аяп кеткенин айырмалай албады.Аруу мурдагыдан да сулу кетип, арыктап кетиптир.
-Жуунучу болмонун суу тутугу бузулуп калып, бир сааттан бери убарамын, жардамчы да чакырып койдум эле? Келээринди айтпадын эле го?
-Ий, сага жарашканын? Кыял кызды кучагына алууга умтулду.
Ангыча ачык турган эшиктен Адис кирип келди. Колунда темир'тезек салынган баштык. Кыял менен Аруунун коз караштарын ичтен сезип, башка соз айта албады:
-Сантехник чакырдынар беле ?
-Оо.. ооба, бу.. бул жака!
Аруу кетенчиктеп, Адисти жуунучу болмого баштады.Саамга убакыт токтоп калгандай, Аруу да Кыял да турган жеринде катты. Кыялдын откур козу, энилип суунун бузулган жерин ондоп жаткан Адистин шилисинен ото тушуп жатты. Ал да сыр бербей оз жумушун таза бутурду:
-Болду, ондоп койдум, эми копко чыдайт!
Кыял мыскылдуу кулуп, чонтогунон капчыгын сууруп чыкты:
-Акынар канча болду?
-Биздин акыбыз акча менен бааланбайт, бул жон эле менден силерге жардам!
Кыял Арууга жетип, адатынча билектен алды:
-Бул ким айт, болбосо олбогон жерде калышам?
Аруунун ордуна Адис токтоо жооп берди:
-Олбогон жерде калышкыдай, менде кеткис кегин бар беле? Аял кишиге унунду которгончо бас эшикке, эркекче эле чечишип алабыз!
-Сен кимсин Аруунун атынан жооп бергендей?
-Кой досум, аял кишинин алдында мындай дегенин маданиятка деле туура келбейт чыгар?
Кыял озу да кучун кимден чыгараарын билбей аран турган, Адисти жакадан алды. Аруу ортого чырылдап тушо калды:
-Болбодубу эми, жаш бала болуп кетсенер да,Адис сен бара тур, кийин суйлошобуз.
Жакасын Кыялдын колунан жай чыгарып алып, колун кайтара силкип алды да Адис чыгып кетти.
-Аруш, сага эмне болду?
-Мен коп ойлондум Кыял, биздин мындай мамиле эми токтоду окшойт, качанкыга чейин эзилип журо бермек элек?
-Башка бироого конул койдунбу эмне?
-Акым жокпу?
-Акын жок!
-Сен да уйбулоолу экенинди эсинен чыгарба!
Кыял бугун эртен коз жарайын деп калган Бийкени эстеп, башы шылк дей тушту:
-Мен алсыз адам окшоймун?
-Сенден откон мен эрксиз экенмин, болбосо ушунча жылымды сени кутуу менен откорбойт элем го?
-Сен башкаларга окшобойсун!
-Билем Кыял, ошондуктан бул сезимди журоктун торуно кулпулап коелу да, ар ким оз жолу менен кетсин! Жетер ушунча кыйналганыбыз?
-Жон эле кете беребизби?
-Эми бири'бирибизден талап кыла турган деле эч нерсебиз калбады, токтотолу!
-Келчи жаныма?
Кыял отурган жеринде, колдорун алсыз жайды. Аруу да ыйлап, жигиттин кучагына бой урду.
Бирок бул коз жаштар эми кутуу учун, сезим учун тогулбойт. Эми Аруу ыйласа, кубанычтан гана ыйлайт:
-Бул уйду сага откоруп коем,эч кайда чыкпай жашай бер!
-Эгер ошону кааласан макул ошондой кыл, бирок мен айылга кетем!
-Алып кетем дедиби?
-Озум кетейин деп чечтим. Сени менен откоргон ар бир кунум, омурумдогу эн баалуу убакыттардын бири болуп калат. Кыял сен да бактылуу бол!
-Аруужаным озумдун!
Суу болгон пол, чачылган болмо, ээси жок уйдой болуп ангырап ачылган эшик, бир бурчта, Кыял Арууга деп которо келген, бирок ошо бойдон ачылбай калган белек,ушул турган сезимдин бир курмандыктары учун, акыркы элес болуп калды.



-Суйунчу балам, неберелуу болдум, уулдуу болдун сен, балан озуно куюп койгондой окшош!
Апасынын унунон чекеси жарыла кубанганы билинип турду:
-Аа болсун, болсун, мен да жетейин деп калдым!
Кыял палатага кирип, ону бозоруп, оорудан кыйналган келинчегинин жузунон ооп койду:
-Рахмат сага!
Кызыл эт ымыркайды колуна ала, жашоонун бар манызы, ушул кичинекей жанда экенин туйду ата!


***
-Аруууш?
-Мына баратам!
-Коп куттуросун да?
Унаага эниле берген жубайынын жузунон суйуп койду Адис. Уялып кеткен Аруу артына карады:
-Уят эле, апамдар корсо, батыраак кел э, кечкиге эмне тамак жасап коеюн?
-Озуно окшоп былтыйтпай, даамдуурак кылып жаса, кеттим !
Чыгып баратып, унаадан колун которуп, коштошуп койду жолдошу.

Аруунун Адистин колун кармаганына жыл айланды. Ошондон кийин эле айылга кочуп кете беришти. Аруунун Адиске карата жалындаган орт сезими болбосо да, чыныгы аялдык бакыттын даамын татты. Анын турмушта коп нерсеге кагылып, тушунуктуу тарткан токтоо мунозу, Арууну жакшы жакка тарбиялады. Кээде туруп, жолдошу эмес эле бир тууган агасындай сезилип кетет. Камкордугун сураба! Ооруса кошо ооруп, айланчыктап жанынан чыкпай карайт. Анын ата'энеси да озуно окшоп жакшы адамдар.Кабатырлана мандайында отурганын коруп,Аруу ага чын дилинен ыраазы болуп кетет. Откон жашоосун бир да кайрылып сурабады, ал учун Аруунун озуно жубай болгону баарынан маанилуу болчу. Аруу да анын отмушун эстетип отурбады, жон гана озуно берилген зор мумкунчулукту туура пайдалана алды.
Эгер Кыялды тандаганында, азыр Аруу мынчалык бактылуу боло албайт эле.
Бир кездеги курч сезимдерден из да калбаган келинде. Кээде гана эсине тушо калса жан адамга билдирбей мыйыгынан жылмайып алат.

Корсо бул турмушта баары откунчу экен, ал тургай жалган жашоонун озу деле отуп кетет турбайбы заматта. Адамга берилген мумкунчулук да кайра'кайра эле бериле бербейт. Жаныбызга кандай жабыр кылсак да, баарына озубуз себепчи экенбиз. Себеби Жараткан, бутундой жашоого тете сыноо бербейт экен, бул сыноо да отуп кетуучу нерсе экен.
Ошол менен бирге эле бактылуу жашоо эмес, бактылуу муноттор гана болот тура!

Менин айтайын дегеним окурман, адам ачууга алдырган кезде эч качан, шашылып чечим чыгарбоосу зарыл! Анткени ачуу устундо кабыл алынган ар бир чечим учун, бутундой омурубуз менен жооп берип калуубуз мумкун. Бул нерсеге Кыялдын жашоосу мисал. Анын го жашоосу жакшы бутуп калуусуна мен себепчи болдум,а бирок сиздин жашоонуз башка эмеспи?!

Жашоо бир келет, туура жашоону ар бир инсанга насип эткен болсун! Сезимди эрк менен, акыл менен башкарып, ар бириниздерге озунуздордун ыйык очогунуздар менен гана бактылуу болушунуздарды тилеп кетем!
Баса белгилей кетуучу нерсе, ата'эненин созун жерге таштабай, алардын айтканын аткарсаныздар, эч качан жаман болбойсуздар!

Аягы..

Урматым менен Данек Момошева! :dh:

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Май 2019 - 23:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Water   15 Май 2019 - 05:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 02 Июль 18
  • Соңку аракети: 02 Янв 2022 23:09
  • Жынысы:Белгисиз

Молодец, колуна береке алтыным! Акыры эн сонун бутуптур. Ар бир адам бактылуу болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   15 Май 2019 - 09:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

Молодец досум, жеткирдиң! )

Кыялкеч жансын, идеалистсиң. Ичиң кэнэн)) Дайыма каармандарын актай бересиң, жашоодо да курчап турган адамдарындын ар бир жаман сапатына шылтоо таап актап койосун. Бул сендеги адамдык сапаттын жогорулугу. Бар бол. Чыгармачылык ийгилик! Уулдарындын жакшылыгын көр. Аяш менен бактылуу бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   angel-dina   15 Май 2019 - 15:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2023 21:36

Чоон рахмат!! ! Калеминиз курчуй берсин дагы кооп чыгармаларды кутуп калабыз. Жазганыныз аябай жагат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Май 2019 - 18:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения Surotchu-kyz (15 Май 2019 - 09:51) жазган:

Молодец досум, жеткирдиң! )

Кыялкеч жансын, идеалистсиң. Ичиң кэнэн)) Дайыма каармандарын актай бересиң, жашоодо да курчап турган адамдарындын ар бир жаман сапатына шылтоо таап актап койосун. Бул сендеги адамдык сапаттын жогорулугу. Бар бол. Чыгармачылык ийгилик! Уулдарындын жакшылыгын көр. Аяш менен бактылуу бол!


:менин жүрөгүм:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Umka..00   17 Май 2019 - 18:11

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ийгилик каалайм! Дагы чыгарма күтүп калабыз. Жашоодо эч өксүк болбо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Октябрь 2019 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 15:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: