Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#681 Пользователь офлайн   Mumu1986   02 Июль 2017 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Sweet-Lika (11 Январь 2017 - 10:50) жазган:

Сизден алдын өтүп кетсем дүйнөдөн,
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..

Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..

Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…

А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…




Ушул ырды эки уч сыйра окудум...
Ийгилик каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#682 Пользователь офлайн   asi.gulum   07 Июль 2017 - 13:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Калемиңиз курчуй берсин Лика эже. Ырларыңыз абдан жакты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#683 Пользователь офлайн   sensei   03 Февраль 2019 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Лика, барсыңбы садагасы? Жазбай калыптырсың. Сенин ырларыңды окуган өзүнчө бир керемет.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#684 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   21 Май 2019 - 07:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

-||-|| Жарты жүрөк.

Канатын керип учалбас куштай энтиккен
жан дүйнөм менин, сыгылба жүрөк кемтиктен.
Буюрбас болсо жазганы ушул тагдырдын,
Жаралбас кылып чыгарып кеттиң менчиктен..

Буюгуп турам бутумдан кетип күч кубат,
Сүйүнчүм болчу күндөрүм калды күн чубап..
Эстесем карек мөлт этип жашын төккөндөн
калбады башка аргасы, дүйнөм бүт урап..

Жылытчы мени, жылытчы апа кайдасың..?
Канатын жайып куш болуп кетти 'Жүрөгүм' …


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#685 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   08 Август 2020 - 13:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Sweet-Lika (23 Ноябрь 2013 - 23:42) жазган:

Балалыгым.

Чычкандын суусу акса ойдо-томон,
Эсиме кундор келет мурда откон.
Сагынып балалыкты ширин курак,
Тайэнем эркелетип беттен опкон...

Балалыгым балдай таттуу сонун кезим,
Азыр да барбы менде андай сезим?
Бир укмуш кыялдардын кучагында,
Коколоп алга карай учкан кезим.

Балалыгым балдай ширин сонун курак,
Оюнчук жасаар элек чийден курап.
Шамалга жетебиз деп кубалашып,
Жашынмак ойноор элек кечки убак...

Апакемчи чайырдан эрикпей,
Кеме жасайт мен учун терикпей.
Титаниктей чоктуруп ойногонум,
Розасын куткарчумун Джектей...

Эжем болуп торпокторду кайтарчу элек,
Камыштан уй кылып жай тапчу элек.
Индия киносундай бийлеп, ойноп,
Каарман болуп алардай аткарчу элек.

Балалыгым качаар элем озундон,
Азыр учат элестерин козумдон.
Алчы, берем не кааласан тагдырым,
Карыз берчи балалыктан коз ирмем!...




Ушуну улагым келди. :ханыша:


Жылдыздарды кыркка чейин саначу элек,
Дүрбү менен баарын бирден карачу элек.
Айдагы караан бизге кыз көрүнүп,
Аны барып куткарганды самачу элек..


Тайэнемдин "бурама конфеттери"
Эстегенде боорумдун эзилгени,
Кандай гана баео мүнөз балдар элек
"Бурумасын" чын сезип ишенгени..)


Апакемчи ачып акыл сандыгын,
Айтып берет жомоктордун бардыгын.
Бүгүнкүсү эртеңкиге окшобос,
"Кемирчү элек" жомоктордун калдыгын..


Саратанды канатынан байлаган,
Тентек элек көңүлгө кир албаган.
"Үйдү чачпай ойногула" дегенди
Унтаар элек, кулакка сөз салбаган.


А мен болсо болуп жандуу радио,
Чоң таш менин сахнам болуп калды го..!
Тоо гүлдөрдөн букет алып сүйүнгөн,
Балалыгым тарых болуп жанды го..


Чатыр жасап одеало, пледден,
Колду салып сүзмөгө билектен,
Тоо койнунда жаратылыш жана биз
Жүрөөр элек тилеп аруу тилектен.


Шаркыратма сууга барып чөмүлүп,
Күн желеси табышмактуу төгүлүп,
"Сим-сим кана откройся! "-дегенде,
Үңкүр жактан шамал келсе коркунучтуу көрүнүп..))


Бий конкурсун уюштуруп ар качан,
Эжем жеңип, мени дайым алдаган)).
Интернетсиз кызык эле убакыт,
Балалыгым оюн-күлкү жандаган.


Огорддо чөп отойбуз жарышпай,
"Тазалыгы" бир-биринен калышпай,
Отоп бүтүп арт жагыңа кылчайсаң,
Бирин-экин чеснок калган карыштай..))


Таштан-ташка улак болуп секирип,
Жүрөөр элек буттарыбыз кесилип.
Бал аарынын уясына тийишип,
Качаар элек чакса бизди элирип..


Тоо койнунда тоонун уулу биз элек,
Өйдө-төмөн турмуш сырын сезе элек.
Чуркап-чуркап чарчап же бир чаалыкпас,
Шамал бизден, биз шамалдан тез элек…


Балалыгым качаар элем өзүңдөн,
Азыр учат элестериң көзүмдөн.
Алчы, берем не кааласаң тагдырым,
Карыз берчи балалыктан көз ирмем…
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 23:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: