Баракча 1 - 1
5 жылдан сон.
#1 25 Май 2019 - 13:19
https://www.super. kg...dpost&p=1974449 Кандайсынар , 2014 - жылы бир тууганым жонундо жаздым эле (ссылкадагы) 5 жыл отуптур билинбей, бир боорум 2017- жылы отуп кетти ,олбогон жандын куну ото берет тура , баштан отконду уланта кетейин ,,, женилдеп алайын, андан кийин да коп жолу операция болду, кетонал , тримол деген обезболевающий даарыларды пачкалап ичип жаны калчу , таблетка эмес , элестеткиле пач-ка-лап , оа жиндисинерби дешинер мумкун , бирок мандайында жакын адамын оонтоп чыдабай кудайга уну жетип турса киреерге тешик таппайт экенсин, озу катып ичип алчу, эх далылары букуройуп калган, буту чийдей, коляскада , озу акылдуу , интернетти жакшы билген, мугалимдер шоколад которуп келип презентация жасатып кетишет эле майрамдарга , ачык сабактарга, телефондорду ондочу , иши кылып бирдеке чыкса ошол братишкаман чыгат эле бешообуздон ))) , папам каракол- бишкек таксовайтетет эле, ий койчу таксини.... бишкеке кетесизби , колго кетесизби деп ар кимди жалдырап ээрчип байкуш папам , журогум ооручу жаман карап отуп кетишсе туртуп , колледжде окучум бишкекте , кашайып жалан байлардын балдары окуган жерге барыпмын, болушунча басынтышты, аракет кылып окуп жалан 4-5 деген бааларды алчум, ий же бир орусча суйлой алсамчы ))) лекцияларды туну менен жаттачум, акчадан кыйналганда папам россияга кетмей болду, 2015- жылы эле... окуу жылы аяктап калган , бааларым жакшы болуп , эрте бошодум , мен да барып жардам берем деп ээрчип алдым болбой ,17 де болчум, 18ге кузундо чыкмакмын, жайында келип кеткем ошодон беери келип иштейм , иштебеген ишим калган жок , уборщицадан ойдо , каар куроп , албетте ата-энем билбейт , ... иним кундон кунго чоноюп жатты, чуркай бердик, дарттын дабасын тапкан жокпуз, 2017- жылы ал тендуулор 9- классты бутмок, ииий ыйлаганычы, мектепке баргысы келет, балдар менен кочого чыккысы келет, январьдан баштап колдору иштебей баштады, элестеткиле анын абалы бир тен, биздики бир тен болуп жаттык, мен кундо ыйлайм боздоп, врачтар болсо коруп эле башын жерге салышат , ал комнатка эч кимди киргизбейт, алы жок тошокто жылбай жатып калды, эч нерсе, эч кимди жактырбайт байкушум, тилегени олуп калсам экен дейт, выпускной болгуча олуп калсам экен дечу , анткени ал тендуу достору 9-ду бутуп кетишмек, ий жанын сыздайт угуп отурсан, ошондо кор анан колунан эч нерсе келбейт, акча да жардам бербейт, ошентип 2- апрельде реанимацияга тушуп калыптыр, мен россияда болчум , мени даагы ыйлайт , ооруйт деп айтышпаптыр, 3 кун жатыптыр реанимацияда , анан отуп кетиптир, кичинекейим бала окшоп ойнобой оору менен алышып, больницада жашап журуп отуп кетти, 2016- жылы боолбой орозо кармаган бир кун калтырбай, жорголоп барып даарат алып жаным десе, кийинки орозого жеткен жок, мен коопко ыйладым, азыр деле ыйлайм, эч токтото албай койдум, ичим ачышат, быйыл 11 -ди бутмок бир боорум, псих больницага чейин алпарышты, папам мени бир тууганымдын жаткан жерине алып барып анан козун кол кылып ыйлады бир баламан айрылдым, сен кыйнабачы , бизге да кыйын деп ыйлаганында анан эсиме келдим окшойт, , озумду куноолойт элем аткени, себеби отконку посттон биле аласынар , кайра жазгым келбейтат )) , адам тируу болсо сагынган башка экен да, бу дуйнодо жок болсо сагынган оор экен, жытын сагынам даары жыттанган жаным, кылыктарын, биз чоогу остук , ошол кундорду сагынам, элестет жердин астында , курт жеген эбаак , элестеткилечи жакын адамынарды ошентип , журогун жарылып кетет чынбы, кун суук болсо байкуш мамам тоо жактагы мурзону карап балам ушуду го деп ыйлайт , эхх эч бир энени баласынан айрылбасынчы, силерге жук болдум го деп ыйлайт эле кичинекейим , ырыскысын калтырып кетти окшойт , папам жакшы жумушка кирди ( ага чейин балам ооруйт деп заявление жазган эле) айлыгы аявай жакшы , чоон уй баштап бутолу деп калышты, машина алды, мен турмушка чыктым жарым жыл муруун , жоолук салынгам , 5 маал намаз окуйм , 5 маал кичинекейиме куран окуйм , коз жаш менен кайрып ала алган жокмун да, ошол , айтайын десем аявай коп , кыскача эле жаздым, силер да бир туугандарынарды, ата-энелерибизди барында барктайлы, бул дуйного биз баарын берууго даярбыз, а бул дуйно бизге савандан(материал ) башка эч нерсе бербейт, ....аман болгула, убактынарды болгонунорго рахмат .
#2 25 Май 2019 - 14:33
Сабыр кыл! Жакын адамындан айрылуу чынында аябай оор. Бир тууганынды Аллахым оз мээримине алып бейиштен орун берген болсун. Калган бир туугандарын ата энен аман болушсун. Сен да аман эсен бактылуу омур сур.
#3 25 Май 2019 - 17:57
АЛЛАХЫМ бейишинен жай берсин. Үй-бүлөңөрдө жакшылыктар гана болсун.
#5 26 Май 2019 - 10:04
Бул дүйнө жалган жана убактылуу экенин, иниңиз менен көрүшчү убакыт келээрин унутпаңыз жана эң сулуу келбети менен жакшынакай буттары менен жүгүрүп кубанып жүргөнүн Кудай буюрса көрөсүз. Адамды жерге берээрде молдоке "өлдү" деп айтпайт, "акыркы сапарга узады" деп айтат. Иниңиз алыска көп убакытка кеткендей кабылдаңыз,
мезгил келгенде кучакташып көрүшөөрүбүз чын. Жараткандын берген сыноосуна чыдаганы үчүн Алла Таала бейишин берсин, кармаган орозосун кабыл кылып анын урматына кыйынчылыктардан куткарсын. Намаз окуп, жоолук салынганыңыз эң жакшы жана буга дагы иниңиздин салымы бар. Куран окуп, орозо кармап, садака берип соопторун багыштай бериңиз. Ата-энеңизди сыйлап мыкты мамиле ккылыңыз, өзүңүз да эркелеп, балдарыңызды дагы эркелеттирип туруңуз.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#6 26 Май 2019 - 11:26
Өлө ыйладым.Аллах мени кечире көр,болоор болбоско наалыганым үчүн (((Иниңиз бейишке кирсин ИншаАллах.
Баракча 1 - 1