talacskay (15 Май 2019 - 12:00) жазган:
Сиңдим 16 жашта. Айылда эки этаж үйдө мамамдар менен турат. Үйдөн болсо такыр жумуш кылбай калды, тамак жасабай, үй жыйнабай алардын баарын үй кызматкери жасап калды. Өзү быйыл 9 классты бүтөт, окуусун да таштап койду, 8 класска чейин жалаң 5ке окуп Америкага окуйм деп жаткан. 2018-жылы чет өлкөдө өткөн "Ментальная арифметикадан"
3-орунду алып келген. Эртеден кечке башы телефондон чыкпайт. Эмнеге мындай болуп калды деп мамамдан сурасам кышында сулуулук сынагына катышып гран-прини уткандан кийин ушундай болуп калыптыр. Бирок мамам папамдар ага каршы, алар сиңдимдин юрист же экономист болушун калашат. Эмнеге дегенде кийин папам "документ иштерине тың болсоң, кийин бир фирмамды сага каттатам"
- деген. Сиздерден сурайын дегеним кантип сиңдимди ал оюнан кайтарсак болот. Кеңешиңиздерди бериңиздер!