
Буулугуп ыйлагым келе берет... Неге андай?
#1 01 Июнь 2019 - 14:59
Саламатсыздарбы?
Сөзгө бай адам эмесмин,жакшы түшүндүрө албай калсам кечирим сурайм. Негедир мен өзүмдөн өзүм буулугуп,ыйлагым келе берет ар дайым эмес кээде. Мисалы азыр, күйөөм менен сүйлөшүп 1,2күндө төркүнүмө бармак болгон элем, бир таанышынан карыз бар эле ошону бер деп атат. Макул карызды бериң биз анан бара беребиз дедим бирок ушундай ыйлагым келтат,неге экенин өзүм да билбейм карызды дагы бериш керек, төркүнгө да баргым келтат. Ушундай убактарда буулугуп ыйлагым келип чыгам. Сиздерде да ушундайлар болобу ал убакта кандай кыласыздар мага да кеңеш берип коюңуздарчы,
болбосо бир күн ушундай болуп оорукчан болуп калгыдаймын

#2 01 Июнь 2019 - 16:23
Эчтекеге конул бурбай иш кыла бериниз,не иш болсо ошону кыла берин чоп жулуп идиш жууп таза болсо деле жууп ыйлагыныз келбей унутуп каласыз
#3 01 Июнь 2019 - 16:34
Сиз айткандай эле үйдү бир сыйра кагып силкип паласты жууп 1жашар балам менен, идиштерди жууп башка иштеримди да бүтүрдүм,бирок:
( дагы деле ыйлагым келип башым ооруп жүрөм
#5 01 Июнь 2019 - 18:09
Көңүлүң назик адам окшойсуң, бул кетиште ооруп калышың ыктымал кудай сактасын,өзүңү алаксыт.
#6 01 Июнь 2019 - 18:16
Ыйлагын келсе ыйлап ал, менде деле болот ушундай эч кимге корунбой ыйлап алып женилдеп калам, анан жардыларды,
карызга баткандарды,
ден соолук таппай жургондорду ойлоп алар деле наалынбай эле ыйлабай эле Кудайга шугур деп жашап жатышпайбы аларга караганда менде баары жакшы го, мен эмнеге ыйлашым керек деп озумду алаксытам. Жашоодо кулгонду уйрон ыйлаганды турмуш озу уйротот
#7 01 Июнь 2019 - 18:22
#8 01 Июнь 2019 - 19:50
#9 01 Июнь 2019 - 19:56
Рахмат кеңешиңиздерге.
Эч нерсе кылгым келбей кечкиге тамак да кылбадым, орозо кармагандар ифтарга кетишет экен жакшы. Бир нерсе ашыкча болуп калса жарыламго, жалгыз калалбай атам ыйлашка сиздер айтмакчы кыйла жеңилдейт элем. Эки балам дайыма жанымда жада калса туалетке кошо алып барам караганга эч ким жок. Кеч жатканга чейин өзүмө келбесем эми элдин баары уктаганда бошоп ыйлабасам
. Кээде ушундай убактарда бир жактарга качып кетким келет таптырбай. Кайра алты саным аман балдарым жок эмес бар, кайын журт ,күйөөм жакшы кудайга шүгүр деп алаксыйм

#10 01 Июнь 2019 - 21:06
Мындай акыбалда мага музыка(наушник мн)анан жумуш кылуу жардамга келет..
#11 01 Июнь 2019 - 21:52
Мен куйоом менен урушканда,нерв болуп уйду кырып,жууй баштайм же оло таттуу жеп аламын.Кээде эле ыйлабасам,топтолуп калганда.Сен ото назик окшойсун да)менин эжем сага окшош,кичине эле куйоосу не то суйлоп койсо,оло ыйлайт."Ыйлап чыгарбасам,
журогум ооруйт" дей берет
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
#12 01 Июнь 2019 - 22:38
Мен күйөөм менен тултундашып калсам ыйлагым келет.Бирок бат эле жазылам, сизге внимание жетишпейт.
#13 01 Июнь 2019 - 23:18
Мен деле куйоом жакшы суйлоп жаман уйронгом, кичине кылт этип койсо оолдум кечке суйлогучо нымшындап кокурогум буулуп ачышып журо берем. Ошондойдо кызым да бирдеке болуп токтобой ыйлап калса мен кошулуп кетем. Журогум чызырап кетет. Апам байкап калып сооротуп суйлоп койсо жазылып кетем. Негизи торкунодон уйго барганда кадддимкидей стресс болом 2.3 кун башка чойрого тушкондой болуп нары карап эле бырылдай берем, бери карап жакшы суйлоп. Апам чалып калса анда коз жашым кол шал.
#14 01 Июнь 2019 - 23:27
Stervamyn (01 Июнь 2019 - 21:52) жазган:
Мен куйоом менен урушканда,нерв болуп уйду кырып,жууй баштайм же оло таттуу жеп аламын.Кээде эле ыйлабасам,топтолуп калганда.Сен ото назик окшойсун да)менин эжем сага окшош,кичине эле куйоосу не то суйлоп койсо,оло ыйлайт."Ыйлап чыгарбасам,
журогум ооруйт" дей берет
Сенин күйөөң менен акыштын күйөөсү экөө эки башка адам
#15 02 Июнь 2019 - 08:24
Рахмат кеңешиңиздерге кеч да ыйлай албадым. Аллахтын зикир кылып жатып уктап калыппын,азыр кудайга шүгүр жакшы элемин нерв болуп калган окшойм балдарым кичине ызы-чуу кылышса урушуп алам жинимди келип кайра боорум ооруйт
#16 02 Июнь 2019 - 09:52
Окуп отуруп таң калдым,ушул жерде ыйлаганга эмне себеп? Силерде проблема деле жок,бул жолу болбосо, кийинки жолу бара бересиңер да... Жашоодо эмнелер гана болбойт,кудай сактасын. Ыйлагандын ордуна күлүп жайнап балдарды карап отура бер да,нервинди жеп ар кимден кызганып,кадамынды текшерип,кылган ишинден кыйкым таап турса,же кайненен күн бербей турса же толтура башка проблеман болсо ыйласан жарашат. Карызды берди,торкунго отпусканы бир аз кийинкиге жылдырдын,бул мн күйөөңдүн карызын бердиртип, көңүлүн бир аз тынч кылдың. Эмнесине ыйлашын керек?
Т.б болбогон нерсеге бырылдабайм, жакпайт дагы.
Т.б болбогон нерсеге бырылдабайм, жакпайт дагы.
Билдирүүнү түзөткөн: Kominam: 02 Июнь 2019 - 09:54
#17 02 Июнь 2019 - 10:18
Меники тескерисинче экен бироого кокус карыз болуп калсак ал карыздан кутулмайын журогум ордуна келбейт.Карыздан кутулмайын озумду-озум жей берем,карызды кандай берип кутулсам ошондой женилдеп калам.Бирок менин торкунум жакын ото коп деле каражат кетпегенгеби торкунго барам деген проблема жок.
#18 02 Июнь 2019 - 22:17
Мен Баткенден Өзгөнгө турмушка чыккам. Мына күнү барабыз деп сүйүнүп турганда кайра барбай калганга ыйлагым келип аткан. Ата энеңди бир туугандарыңды сагынсаң барасың деген күнү барбай калсаң башкача болсоң керек. Кудайга шүгүр ал проблема чечилди 7 июнь күнү кетип атабыз буюрса
#19 02 Июнь 2019 - 22:38
Барсаңар жакшы,торкунго барып эс алып,мээ сергитип келгенин да жакшы ден соолугуна,болгону аз мынча нерсеге ыйлабачы,мекенден алыс жүргөндөр баласын көргөнгө зар болуп,күйөөсү м-н тең тайлаша иштешип жүргөн эже-синдилер бар,ыйлабай белди бекем бууп жүрүшөт,ага караганда биз алда канча бактылуубуз,
балдар жаныбызда. Болбогон нерсеге бырылдап өзүңөрдү кыйнабагыла демекмин,баарыңарга ден соолук,уй бүлөөлүк бакыт.
#20 02 Июнь 2019 - 23:45
Kominam (02 Июнь 2019 - 16:38) жазган:
Барсаңар жакшы,торкунго барып эс алып,мээ сергитип келгенин да жакшы ден соолугуна,болгону аз мынча нерсеге ыйлабачы,мекенден алыс жүргөндөр баласын көргөнгө зар болуп,күйөөсү м-н тең тайлаша иштешип жүргөн эже-синдилер бар,ыйлабай белди бекем бууп жүрүшөт,ага караганда биз алда канча бактылуубуз,
балдар жаныбызда. Болбогон нерсеге бырылдап өзүңөрдү кыйнабагыла демекмин,баарыңарга ден соолук,уй бүлөөлүк бакыт.
сонун +++.