crazyloop (20 Май 2019 - 07:15) жазган:
Ал кездери райондун центринде ДОЦ ачылган, анан атам бизди машинеси менен жеткирип алып келчу. Ачылышында Майрам Акаева келип кызыл лентаны кескенде, ага кошулуп жанында телевизордон жанылыктарга да чыкканмын. Ошондо М.Акаева козумо аябай сулуу, мээримдуу корунгон.
Ошол жылы мектепте биринчи жолу "дискотекага" катышканбыз. Руки верх менен Modern Talking дин ырлары болчу. Сынып, сынып бийлеген кызык корунчу.
Сериалдардан эсимде калганы "Девушка по имени Судьба", "Камила" , "Эсмеральда" , "Роковое наследство" , иши кылса ошол учурда Латын Американын сериалдарын коп беришчу экен. Андан кийин 2002-жылдардан башталды окшойт Кореянын сериалдары.
Азыркы жаш балдар кааласа телевизорду токтотуп, кааласа артка турдуруп корушот, мультфильмдин турун тандап. Ал учурда бир кино же телеберуу башталса, кыйкырып чакырмай, же алдын ала даярданмай. "Балдарга арналган телеберууну(" Спокойной ночи, малыши") 15 минута корчубуз, анын ичинде мультфильм 5-7 минут" деп азыр балдарыма айтсам тан калышат.
Кыскасы, 2000-жыл мен учун 2 нерсе менен эсимде калды.
1. Менин чонойгонум.
2. Жаны кылымдын башталышы.
Ошондо 14 17 жаштар аралыгында болгон болобу жашыныз 2000-жылда??