Күйөөм башканы сүйүп жүрөбү? Кенеш күтөм.
#1 01 July 2019 - 01:24
Саламатсыздарбы? Кайрадан бул жакка баш бактым. Ичимдеги топтолуп калган арыз-мунумду сүйүнүчүмдү бөлүшкүм келди. Жолдошум экөөбүз сүйүшүп күйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Биринчи наристебизди күтүп жатабыз. Бул менин сүйүнүчүм. Боюмда болбой жатып үйлөнгөнүбүздөн үч айдан кийин болду. Абдан сүйүнүп жатабыз. Кайын эне, кайын атамдын кубанычында чек жок. Баары сонун. Бир гана акыркы бир айдан бери күйөөм өзгөрүлүп кетти. Качан көрбөйүн ой басып жүрөт. Мурдагыдай көп эркелетпей да калды. Бир жерин ооруп жатабы? десен, жок эч жерим ооруган жок деп түнт гана жооп берип коет. Түндө кеч келет да арты карап жатып алат. Бирөөнү таап алганбы деп кызганган жаным телефонун текшерип да көрдүм, шектүү эч нерсе таба алган жокмун. Мурда баардык нерсесин ачык айтып ортобузда жашырган эч нерсебиз жок эле. Кенеш бергилечи? Эркек адамдын мындай тез өзгөрүлүп кетүүсүнө эмне себеп? Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш - алты ай болду. Ушул убакка чейин бир да жолу олуттуу урушкан эмеспиз жана урушкан да жокпуз. Мен аны чындап сүйөм, ал дагы сүйөөрүнө ишенем. Эмне кылаарымды билбей калдым. Бул кырдаалдан кантип чыксам болот?
#2 01 July 2019 - 08:31
Саламатсыздарбы?
Кайрадан бул жакка баш бактым. Ичимдеги топтолуп калган арыз-мунумду сүйүнүчүмдү бөлүшкүм келди. Жолдошум экөөбүз сүйүшүп күйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Биринчи наристебизди күтүп жатабыз. Бул менин сүйүнүчүм. Боюмда болбой жатып үйлөнгөнүбүздөн үч айдан кийин болду. Абдан сүйүнүп жатабыз. Кайын эне, кайын атамдын кубанычында чек жок. Баары сонун. Бир гана акыркы бир айдан бери күйөөм өзгөрүлүп кетти. Качан көрбөйүн ой басып жүрөт. Мурдагыдай көп эркелетпей да калды. Бир жерин ооруп жатабы? десен, жок эч жерим ооруган жок деп түнт гана жооп берип коет. Түндө кеч келет да арты карап жатып алат. Бирөөнү таап алганбы деп кызганган жаным телефонун текшерип да көрдүм, шектүү эч нерсе таба алган жокмун. Мурда баардык нерсесин ачык айтып ортобузда жашырган эч нерсебиз жок эле. Кенеш бергилечи? Эркек адамдын мындай тез өзгөрүлүп кетүүсүнө эмне себеп? Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш - алты ай болду. Ушул убакка чейин бир да жолу олуттуу урушкан эмеспиз жана урушкан да жокпуз. Мен аны чындап сүйөм, ал дагы сүйөөрүнө ишенем. Эмне кылаарымды билбей калдым. Бул кырдаалдан кантип чыксам болот?
"Чай куйган кимдин милдети" деген темадагы жазганыңды жолдошуңа окутуп койсоң күйөөн соонун болуп өзгөрүп калат!
#3 01 July 2019 - 13:09
Сен 4 адамдын кызматын кылалбасан кайн ата энене сыйынды ак кызматынды корсото албасан эриндин меесин жесен башка жашайм деп эрин акылдуу бирону суйсо суйгондур. Ата эненди сыйлайм ата энендин дубасын алып алар менен бирге жашайм деген бирону суйсо керекда?))
Сенин кайн ата энене болгон мамилен да эринди озгортот билип кой!!!
Мин эрин менен суйушуп олуп баратсанда ата энесин сыйлабасан кызматын кылгын келбесе суйуун "талак" ушул бир эле соз менен очот.Сен озгорсон анан эрин озгорот!! !
Болунуп башка жашасамда дагыле кайн энемдердин кирин жууп нанын жаап келем эшиктерин шыпырып уйун жыйып чан полун жууп. Оло турган деле иш эмес жакшы ойлонуп карасанчы. Эки балам жыйган жагымды артымдан чачып турат.))
Айылдагы келиндер экенда эээ кир машинанын сыкмайы бар деп суйунуп арыктагы суу акканына шугур кылып 7.8 адамдын кирин жууган)))) Талагада барат нанды жабат дункулдотуп тамакты кылат иштегендер ишине жетишип барат баласында багат.
Мал болсо малды саап талаага апарып байлап келе калып сут пышырып сут тартып кечке бир тынбайт комнатасына кирип чарчап жатканда эржанивар келет тунку сменге.))

#4 02 July 2019 - 02:38
"Чай куйган кимдин милдети" деген темадагы жазганыңды жолдошуңа окутуп койсоң күйөөн соонун болуп өзгөрүп калат!
Ошол темасынын ссылкасын, жонотуп коюнузчу.
Счастье не в деньгах!
#5 02 July 2019 - 03:29
Сен мындай элди өзүңө тартып туруу үчүн гана тема ачып билдирүү калтырып жаткан жоксунбу? Баш кошконуңарга эми эле беш ай болсо тиги темага тоюңдун эртеси эле арызданып кеттиң беле?
Жолдошуң форумчу эмес беле? Адашып ошол билдирүүңдү окуп алып кетсең кетип ниетиңе жет дегенго сыягы

Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#6 02 July 2019 - 04:33
Ушу форумда кенеш сурагандан коркосун адам,биринен откон бири акылдуу.Эми жакшына эле жазылып турат го,эми ошону да чукуп,озунордукун ортого кыпчып"мактанып"
отушунор керекпи,жон эле кенеш берип койгула 1 шт да кемибейт.Бул жалган айтса башкасы бар ушундай акыбалга тушкон.
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун

#7 02 July 2019 - 14:35
Урматтууларым,
жазганынарды окуп чыктым. Силерди да түшүнөм. Канча жылдан бери канга синип калган каада-салт эркин ойлонууну ооздуктап, өтө өөн учурап жатса керек. Анткени кыргыз аялзаты мындай оор турмушка жедеп көнүп калган; Өмүр бою күйөөсүнүн көзүн карап, ага көз каранды абалда эмне десе ошону кылып, түйшүк тартып жүрүп бир келген жаштыгын кантип өткөрүп жибергенин байкабай да калат. Албетте баардык кыргыз аялзаты деген жокмун. Жалпысынан көпчүлүгүнүн тагдырлары окшош. Муну моюнубузга алышыбыз керек. Канчалаган үй-бүлөөдө келин менен кайнененин ортосунда түшүнбөстүктөр,
кайым айтышуулар ал гана эмес ажырашууга чейин түрткөн окуялар орун алып келет. Биздин коомдо келин менен кайнене дегенде эн биринчи оюбузга келе турган нерсе эмне болуп саналат? Бир ойлонуп көрүнүзчү?? Бул жерде дагы баса белгилей кетчү нерсе бир гана келин эмес кайненелер да психологиялык жактан кайсы бир денгээлде жабыр тартат. Келин жумшап, тескеп отурган кайненелердин баардыгы эле бактылуу болуп кеткен жери жок. Дагы бир жолу эскетем; албетте баары эмес, көпчүлүк бөлүгү мына ушундай абалда. Ошондуктан мурунку консервативдүү ойду кармана бергенибиз да болбойт. Кээ бир жагдайларда келин менен кайнененин башка башка жашоосу биринчиден үй-бүлөнүн сакталып калышына, экинчиден кайнене менен келиндин ортосундагы сый урматка себепчи болот. Анткени баарыбыз адамбыз, ар адамда кыял бар. Үнүрөйүп мин жолу чай бергенден көрө жаркылдап сыйлап бир жолу чай берген артык эмеспи.
Карыганда көрөсүн айланып өзүнө келет деген тааризде жазыпсынар кээ бирөөнөр. Мен ансыз деле болочок келинимдин мени менен бирге туруусун каалабайм. Ар бир адам өз жашоо жолун тандоого укуктуу. Мен өмүр бою кайнене кайнатам менен бир үйдө жашоону каалабайм. Көпчүлүк келиндердин ою да ушу. Жөн гана алар муну сыртка чыгара беришпейт. Эгерде сиз да келин болсонуз өз.нчө жашасам деп жок дегенде бир ойлонгон чыгаарсыз. Кайнене кайнатамдар жакшы адамдар, ошондой болгон күндө да бул жашоо бул өмүр эркиндикти сүйөт. Ошону менен катар кайын журтка кылган кызматтын да өзүнчө орду бар. Алардын үйүнө барып колдон келген жардамынды берип турсан да болот го. Мен азыр албетте убактылуу атамдар менен туруп жатам. Бир эки жылда бөлүнүп кетүү пландарым бар. Бирок эч конфликттүү жол менен эмес. Көндүрүү, түшүнүшүү жолу менен чечебиз. Күйөмда бул пикиримди жактап атат. Анткени ал эркин ойлонгон адам. Экөөбүздүн сүйүүбүз мына ушул себептен дайыма өчпөйт деген ойдомун. Сонунда айтаарым бири бирибизге ыпылас сөздөрдү айтуудан алыс бололучу. Анткени бал таттырган да уу таттырган да сөз. Бири бирибиздин ойлорубузду сыйлап үйрөнөлү. Баарынарга жакшылык каалоо менен Жесика. 17.03.2019
Мындай катынды сразу эле кетирмекмин бала туй элегинде эле.

#8 02 July 2019 - 17:26
Кутмандуу күн, урматтууларым.
Ооба, "Чай куюууга ким милдеттүү"
, аттуу талкууга өз оюмду билдирип жаздым эле. Ар бир адамдын эгер башкалардын жеке аброюна шек келтирбей турган шартта болгон оюн айтууга укугу бар. Бирок бул жерде маселе башкада. Ошол жазгандарымды чукуп казып таап бул жакка жарыялоонун кандай кажети бар эле. Жакшыраак кенеш оюунар менен бөлүшө албасанар мага убакыт коротуп жазбай эле койгонунар он жана пайдалуу. Адамды көрүп билбей, ар кандай божомолдор менен айыптоонун жеткен чеги түркөйлүк. Мындан башка ылайыктуураак сөз таба албадым. Мен бир гана балким мендей абалга түшүп, мындай абалдан чыгуунун жолун билгендер, көптү көрүп сөз баккан апа-эжелер акыл насаатын айтабы деген тааризде жазып жатам. Биздин үйдө баардыгы жакшы, ата апам менен да мамилем жакшы, колдон келген кызматымды кылып жатам. Бир гана күйөөмдүн капысынан өзгөргөнү мени кыйын абалга калтырды. Себебин атасыда апасы да билбейт. Ал үчүн баарын даярдап колдоп турам. Финансылык жактан деле кыйынчылык жок. Бир гана анын күндөн күнгө түнт болуп баратышы, мени менен мурдагыдай болбой алысташы албетте түйшөлтпөй койбойт. Ушул жумада көлгө баралы деп пландап жатканбыз, аны да белгисиз себептер менен артка жылдырып жатат. Мына ушундай нерселер мени стресс кылып жатат. Аялым боюнда бар, көнүлүн оорутпайын дегенди билбейт. Эмне себептен көлгө барбайбыз десем да тынгылыктуу жооп ала албайм. Айтоор, азыркы абалымды эч кимге каалабайт элем. Бирок албетте үй-бүлөөмдү сактап калышка аракет кылам.
#9 02 July 2019 - 17:33
Ушу форумда кенеш сурагандан коркосун адам,биринен откон бири акылдуу.Эми жакшына эле жазылып турат го,эми ошону да чукуп,озунордукун ортого кыпчып"мактанып"
отушунор керекпи,жон эле кенеш берип койгула 1 шт да кемибейт.Бул жалган айтса башкасы бар ушундай акыбалга тушкон.
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Рахмат сизге, сиздей интелекти жогору адамдар көп болгондо Кыргызстан эчак онолуп кетмек.
#10 02 July 2019 - 17:34

Колго баруу олло зарылбы э?
#11 02 July 2019 - 17:40
Сен 4 адамдын кызматын кылалбасан кайн ата энене сыйынды ак кызматынды корсото албасан эриндин меесин жесен башка жашайм деп эрин акылдуу бирону суйсо суйгондур. Ата эненди сыйлайм ата энендин дубасын алып алар менен бирге жашайм деген бирону суйсо керекда?))
Сенин кайн ата энене болгон мамилен да эринди озгортот билип кой!!!
Мин эрин менен суйушуп олуп баратсанда ата энесин сыйлабасан кызматын кылгын келбесе суйуун "талак" ушул бир эле соз менен очот.Сен озгорсон анан эрин озгорот!! !
Болунуп башка жашасамда дагыле кайн энемдердин кирин жууп нанын жаап келем эшиктерин шыпырып уйун жыйып чан полун жууп. Оло турган деле иш эмес жакшы ойлонуп карасанчы. Эки балам жыйган жагымды артымдан чачып турат.))
Айылдагы келиндер экенда эээ кир машинанын сыкмайы бар деп суйунуп арыктагы суу акканына шугур кылып 7.8 адамдын кирин жууган)))) Талагада барат нанды жабат дункулдотуп тамакты кылат иштегендер ишине жетишип барат баласында багат.
Мал болсо малды саап талаага апарып байлап келе калып сут пышырып сут тартып кечке бир тынбайт комнатасына кирип чарчап жатканда эржанивар келет тунку сменге.))
Сенин кайн ата энене болгон мамилен да эринди озгортот билип кой!!!
Мин эрин менен суйушуп олуп баратсанда ата энесин сыйлабасан кызматын кылгын келбесе суйуун "талак" ушул бир эле соз менен очот.Сен озгорсон анан эрин озгорот!! !
Болунуп башка жашасамда дагыле кайн энемдердин кирин жууп нанын жаап келем эшиктерин шыпырып уйун жыйып чан полун жууп. Оло турган деле иш эмес жакшы ойлонуп карасанчы. Эки балам жыйган жагымды артымдан чачып турат.))
Айылдагы келиндер экенда эээ кир машинанын сыкмайы бар деп суйунуп арыктагы суу акканына шугур кылып 7.8 адамдын кирин жууган)))) Талагада барат нанды жабат дункулдотуп тамакты кылат иштегендер ишине жетишип барат баласында багат.
Мал болсо малды саап талаага апарып байлап келе калып сут пышырып сут тартып кечке бир тынбайт комнатасына кирип чарчап жатканда эржанивар келет тунку сменге.))
Нурзина айым, атыныз жакшы экен, бирок затыныз жакшы экендигинде шегим бар. Мен кайын эне кайын атама кызмат кылбай жүрөм, сыйлабай жүрөм деп эч качан айткан эмесмин айтпайм дагы. Жаман өзүн мактайт болуп кылгандарынызды кыдырата тизмектепсиз. Бали дейм, бирок баардык эле адам сиз баскан из менен басууга милдетүү эмес. Бактыныз бөксөрбөсүн.
#12 03 July 2019 - 03:04
Ушу форумда кенеш сурагандан коркосун адам,биринен откон бири акылдуу.Эми жакшына эле жазылып турат го,эми ошону да чукуп,озунордукун ортого кыпчып"мактанып"
отушунор керекпи,жон эле кенеш берип койгула 1 шт да кемибейт.Бул жалган айтса башкасы бар ушундай акыбалга тушкон.
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Эээ жаман туура айттыныз, акылдуу, ыймандуу, айдай, кундой форумчулар ото коп да. Бир нерсе айтсан, историянды жети атана чейин изилдеп, озун унутуп калган билдируулорунон бери суйроп келип алгандар бар
Т.б: суйсо сумуройуп калсын, озунорду карап, озунорду ойлогула, куйоом деп эле бир жолу ага сыйынып албай, кээде ото коп конул болсо да кысылып кетесин го, жайына койунуз.
#13 03 July 2019 - 10:43
asi.gulum
, ар бир темага кимдин ким экенин божомолдоп,
"көзү ачыктык" кылуу, бул маска ник жана башка далилсиз маалыматтарды жазып, темадан алыстоо эрежелерге туура келбейт. Колдонуучу конкреттүү суроо берди, тема боюнча өз оюңуздарды,
кеңешиңиздерди калтырыңыздар,
форумдун максаты да ошол.
Ал эми флуд катары, максатсыз ачылган темалар жабылып, авторлоруна чара көрүлөт. Бардык колдонуучуларга ЭСКЕРТҮҮ!

#14 03 July 2019 - 11:39
Автор теманын озу эле шектенип, кызганып, айтоор убайым жеп атканынды билдирип жатат. Бул учурда оор басырыктуу болбосон озун айткандай мамиленер начарлап калышы мункун. Ошондуктан айтаарым жашоо шахмат сыйактуу бир нерсени суйлоордо терен ойлонуш керек . Балким ооруп жургондур , кызганычынды коп билдире бербе, не озгорулдун деген суроону да коп бербе, жон гана озундун жакшы жагынды корсото бер, балким сен жонундо жаман ушак укандыр. Негизи уй булоо башталганда ушундай нерселер коп болот, ошол нерседен сабырдуу болуп терен ойлонуп иш кылсан бат эле турмуш оз нугуна тушот.
#15 03 July 2019 - 15:11
Кутмандуу күн, урматтууларым.
Ооба, "Чай куюууга ким милдеттүү"
, аттуу талкууга өз оюмду билдирип жаздым эле. Ар бир адамдын эгер башкалардын жеке аброюна шек келтирбей турган шартта болгон оюн айтууга укугу бар. Бирок бул жерде маселе башкада. Ошол жазгандарымды чукуп казып таап бул жакка жарыялоонун кандай кажети бар эле. Жакшыраак кенеш оюунар менен бөлүшө албасанар мага убакыт коротуп жазбай эле койгонунар он жана пайдалуу. Адамды көрүп билбей, ар кандай божомолдор менен айыптоонун жеткен чеги түркөйлүк. Мындан башка ылайыктуураак сөз таба албадым. Мен бир гана балким мендей абалга түшүп, мындай абалдан чыгуунун жолун билгендер, көптү көрүп сөз баккан апа-эжелер акыл насаатын айтабы деген тааризде жазып жатам. Биздин үйдө баардыгы жакшы, ата апам менен да мамилем жакшы, колдон келген кызматымды кылып жатам. Бир гана күйөөмдүн капысынан өзгөргөнү мени кыйын абалга калтырды. Себебин атасыда апасы да билбейт. Ал үчүн баарын даярдап колдоп турам. Финансылык жактан деле кыйынчылык жок. Бир гана анын күндөн күнгө түнт болуп баратышы, мени менен мурдагыдай болбой алысташы албетте түйшөлтпөй койбойт. Ушул жумада көлгө баралы деп пландап жатканбыз, аны да белгисиз себептер менен артка жылдырып жатат. Мына ушундай нерселер мени стресс кылып жатат. Аялым боюнда бар, көнүлүн оорутпайын дегенди билбейт. Эмне себептен көлгө барбайбыз десем да тынгылыктуу жооп ала албайм. Айтоор, азыркы абалымды эч кимге каалабайт элем. Бирок албетте үй-бүлөөмдү сактап калышка аракет кылам.
Куйоонузго эмне болгонун билбедим. Бирок, азыркы абалдагы сиздин алдынызда бир эле чон милдет бар экен. Ал ичиниздеги туйулдукту аман-эсен колунузга кармоо. Ар бир уйдун тундугу башка, системасы башка. Бири боюнда болдун деп коколотот, бири козукпосун деп билмексен болуп коет ж.б. Баланы колго кармаган кандай бакыт экенин билеринизге аз калыптыр, ошондуктан озунузго карап, болбогон нерселерге нерв корото бербей жакшы музыка угуп, жакшы тамактаныныз деп эле айтаар элем. Сабр болсо баары ордуна келет. Сен карабай койдун, колго апарбай койдун деп уруш чыгарып тынчтыкты бузганга себеп жок. Жол жургондо, колго тушкондо бала козголуу мумкунчулугу да бар кудай сактасын тфу тфу. Аман эсен эки болунуп алгыла)
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#16 03 July 2019 - 16:02
Кайненең жаман болсо бөлүнөм десең бир жөн,жакшы деп жазыптырсың ,анда бөлүнбөй эле жашай бер .Эртең төрөсөң балаңды карап берет.Сен иштейсиң.
Ата -энени жалгыз калтырып кеткен жакшы эмес. Күйөөңө келсек, демек"айтсам да бул түшүнбөйт" - деп сага сырын айткысы келбегендир. ..Күйөөңдүн ойлорун да сыйлап укканды үйрөн

#17 03 July 2019 - 16:05
Кайненең жаман болсо бөлүнөм десең бир жөн."Жакшы"
-деп жазыптырсың ,анда бөлүнбөй эле жашай бер .Эртең төрөсөң балаңды карап берет.Сен иштейсиң.
Ата -энени жалгыз калтырып кеткен жакшы эмес. Күйөөңө келсек, демек"Айтсам да, бул түшүнбөйт" - деп сага сырын айткысы келбегендир. ..Күйөөңдүн ойлорун да сыйлап укканды үйрөн .

#18 03 July 2019 - 21:50
Баардык жаштардын жазганын окуп отурп,мен да бир шингил жазгым келди....
Бизди ата энебиз,аксакалдарды сыйла,кайнене менен кайнатаны сыйла ошолордон бата ал,ошолордун батасы менен агарып,когоросун деп кулагыбызга куйяр эле..
.Мени андай сыйласан,кайнененди ушундай сыйла болбосо мага ушундай тикерендейсин эртеге куйоого кетсен,кайненендин шору го.Болбосо сени келин кылган кайненендин шору деп койушар эле.Тике караба,тик суйлдобо,кайнене кайнатага бетин менен кирип,бетин менен чыгып кет,арканды салба дешер эле.Кайнатанын кусуру каттуу болот. Ата каргышы ок,эне каргышы бок дешер эле.Ошондо бала болсок да кайын журт деген озгочо адамдар болорун,жакшы болсок агарып когорорубуз, жаман болсок каргышка калып каттуу азап чегерибизди сезсек керек эле.Келин деген кылып кызматы менен тороп баласы менен жагарын байма бай айтылаар \эле.Кыргыз болуп торолуп,кыргыгыз болуп ак бешике болонуп,эне суту менен,эне мээрими менен кыз бала келин болорун,жакшы келин болуш керегин энеге соз тийгизбей зирек болушубуз,тын болушубуз керек экенин.Эшигин коруп торуно от,энесин коруп кызына от деген соз менен апакебизге соз тийгизбей жакшы келин болушту арзуу кылып чонойдук.Азыр биз кыздарыбызга ушундай тарбия бере алдыкпы ?
Келечек муундарыбызга азыркы жаш энелер бере ала бекен ?
Мен оз ойум,оз арзуум бар,мен утуройуп кундо чай бергенче кулуп туруп чай бергеним артык деген создун манызын чагып корчу? Сен азыр жашсын келининди колуна кармагын келбейт эркин жашаткын келет ал туура,Бирок азыркы бополоп бакан балан уйлонуп аял алганча сенин жаштыгын да карап турбай,саамайынды ак аралап,аттин белин оору бекчейип,эки козун чекчейип карылык кирип келет.Ошондо сага да жаркылдап чай сунган,энекелеп жаркылдаган келин керек кызым....
Жашын откон сайын балдарынан мээрим издейсин...
Бул жазганым бирооно эмес баарына сабак убактым болбой калды кийин улаармын....

#19 04 July 2019 - 00:06
Ушу форумда кенеш сурагандан коркосун адам,биринен откон бири акылдуу.Эми жакшына эле жазылып турат го,эми ошону да чукуп,озунордукун ортого кыпчып"мактанып"
отушунор керекпи,жон эле кенеш берип койгула 1 шт да кемибейт.Бул жалган айтса башкасы бар ушундай акыбалга тушкон.
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
турайтасын мите курттар озун анаконда сезип шмаралар десе
#20 04 July 2019 - 05:40
Рая апа, айткан кенешинизге чон рахмат. Башында келгенимде көнө албай апамдын (кайын энемдин) кичине эле үнүн көтөрүп сүйлөп койгону; мурдагы үйүндө жүргөнүмдө кылган мамилеси менен келин болуп келгендеги мамилесинин өзгөргөнү, жактырбагандай мамиле кылганы мага аябай катуу тийген. Анын үстүнө таекемдин уулуна турмушка чыгып алганым үчүн өзүмдү өзүм жек көрүп ичтен жей берчүмүн. Бул жакка кыйын болуп жооп жазганым менен азыркы күнгө чейин менде кээде сөз менен айтып бере алгыс сезимдер болот. Дал ошол убакта бул талкуу чыгып мен дагы болгон агрессиямды бул жакка төгүп алдым окшойт. Менин азыр бөлүнүп башка жашайын деген деле оюм жок. Анын үстүнө жалгыз уул болсо, апамды мындан ары эл караган бетин жер каратпайм деген тилек менен жолго чыкканым да эсимде. Мен карапайым эле үй-бүлөдө өскөм. Бул жактагы шаардын жумушу мага эч кандай деле оордук кылбайт. Үй деле кудайга шүгүр чон. Бир гана аман-эсен көз жарып алсам экен деп тилейм. Бирок күйөмдүн өзгөрүп баратышы мени түйшөлтөт. Кечки тамакты үйдөн ичпейт. Телефонун менден жашырат. Баарына өзүм күнөлүүмүн.
Мен бул жолду тандабашым керек болчу.. Мен аны бирок чындап сүйгөм. Кээ бирөөнөр айткандай мага чала болду. Эгерде мени жолдошум таштап кеткен күндө эми мен ата энемдин үйүнө кайсы арым менен барып баш калкалайм. Азыр мени уга турчу силерден башка эч ким жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео