Суперстан: Сүйүү азабы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сүйүү азабы Сүйүү азабы

#1 Пользователь офлайн   Toktogulov   19 Июль 2019 - 05:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 15 Май 18
  • Соңку аракети: 21 Мар 2021 06:20

Сүйүү азабы
Бул окуя мындан бир жыл мурда башталган…
Эл катары мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайга тапшырып, 3-курсунда окуп жаткам. Жаш кезимден ар кандай аспаптарда кол ойнотуп чоңойгом. Студенттик кез башталды дегиче шеринелерге көп барчумун. Тагыраак айтканда ар кайсы окуу жайда окуган досторум менин шеринемде ырдап бер деп ар жактарга алып кетишчү. Адаттагыдай эле дагы бир досумдун шеринесине жөнөдүк. Мен үчүн оюн күлкү кызыгы жок болчу. Жер кыдырууну жактыргандыктан эч бир шеринеден баш тартчу эмесмин. Менин кыялым менен дагы бир жаңы жерди көрүп келем деген ниет менен жолго аттандым. Баарыбызга маалым болгондой шерине ыр күлкү оюн зооктор менен коштолуп өтөт. Айыл ортосунда жайгашкан досумдун үйүнө кирип бардык. Бизди эң мыкты деңгээлде тосуп алышты. Досумдун группасында топ кыздын арасында 2 гана бала окуйт эле. Айыл жеринен анын да классташ достору кошулуп бир аз болсо да эркек саны көбөйдү. Бул күнгө даярдануу үчүн группасынан 2-3 кызды жардам берүүгө эртерээк алып кеткен экен. Төрдө отуруп алып, кызматта жүргөн кыздарды «токолдор» деп тамашалап кирдик. Эч кимиси унчукпайт. Кеченин кызуу кези келип, оюн уюштуруп кирдим. Баарын отургузуп алып, алып баруучу болуп жаткам. Артымда жанагы токолдордун бири ойнобой, эмнегедир мени тааныгандай улам көз салып отурган. Оюн кызуу жүрүп жатканына байланыштуу сөз айтууга батынууга да убакыт жок эле. Баары чарчап, бир-бирине жөлөнүп уктай баштаганда «токол» аталган сары чач кыз жаныбызга жакын келип отурду. Баса, шерине алып барган досум экөөбүз жердеш элек. Эл суюла баштаганда акырын оозумду кыбыратып сөзгө кириштим.
-Атын ким? – дедим. Ал дагы турган турпатына, кебете кешпирине ылайык болгон үн менен,
- Айнура, сеникичи? – деп кайра суроо узатты.
-Амир, - дедим да бир азга тилимди жутуп туруп калдым. Анын ошондогу абалы бирде сендикмин десе, бирде уялып тургансыды. Кайра күчүмдү топтоп,
-кайдан болосуң?- дедим. Дагы да жанагындай үн менен мага тигиле карап
-ушул жерден
-канчадасын?
-досундун группалашы болом. Сенчи? – деп мени өзүнө чакырган көздөрү менен карап калды.
-бир аз айырма бар. Сый үчүн сиз десең да жакшы болот.
-кечиресиз. Кийинки ирет сиз дегенге аракет кылам.
Ушул бойдон маек жакындашып бир топко чейин кубурашып отурдук. Качан? Кантип арбап алганын сезбей калган экенмин. Бир кезде ордунан туруп, шашылып чыгып кетти. Артынан баргым келди. Бирок намыс аны кылдырган жок. Гитарамды колго алып, уйку бараткан адамдарды акырын узатып жаттым. Шериненин ар кандай салты бар эмеспи
Мен дайыма кызыктуу болуш үчүн жай ырларды ырдап, элдин баары уйкуга киргенде беттерине көө сыйпап коёр элем. Ошол адатым менен дагы сыртка жөнөдүм. Эшике чыгып тиги кыз эсиме келе түштү. Көзүмдү тегерек кылып, көптөн бери тааныш жүргөн немедей бирде кыжаалат болуп, бирде кызганып, ар бөлмөнү тарткылап издеп кирдим. Бир бөлмөгө кирсем свет өчүк адамдар уктап жатышыптыр. Жүгүрүп чыгып, колума казандын көөсүнөн толтура алдым да, чекесинен беттерине сүртүп кирдим. Баарына сүртүп бүткөн соң баякы свет өчүк бөлмөгө жөнөдүм. Кирип светтик жандырмак 5-6 кыз ошол бөлмөдө уктап жатышкан экен. А төр жагында мени бир дүрбөлөңгө салып издеткен Айнура отурат. Жанында балдар бар. Байкашымча уктаганы кирсе тиги балдар тийишип уктатпай жаткан го. Мени көрдү да көзү бир коркунучту сезгендей боло түштү. Кайра светти өчүрдүм да эшикти жабып чыгып кеттим. Өзүбүз отурган бөлмөгө кандай кирип жалгыз гитара ойноп отура бердим. Уйкусурап 2-3 кыз ойгонуп угуп отурушкан. Ырымды эми гана токтоткондо сары чач Айнура кирип келди. Жаныма жакын отуруп,
- ырдап берчи ?- деди.
-макул, кайсы ырды?
- билбейм. Өзүн сүйүп уккан ыр болсо боло берет.
Макул болуп бир топко чейин ырдап отурдум. Бир кезде гитараны коё салдым да Айнураны ээрчитип эшике жөнөдүм. Ал да түшүнбөй эле артымдан чыкты. Очоктун боюна барып, казандын асты тазалангыча колума көөнү алдым да, анын колуна да салып бердим. Биринчи кирип сүйкөгөндө уктабай, эми уктап калгандарга дагы сүйкөп кирдим. Ал да мага кошулуп тамаша иретинде сүйкөп кирди. Баарынын бетин булгаган соң сары чачтын бетине колум толук арчып салдым. А аны өзүмө тийгизбей койдум. Алдымда эркелеп сүйкөйм деп туруп алганынан бетибизди чогу жууп келсек дагы көбүрөөк убакыт Айнуранын жанында боломбу деген ой менен макул болдум. Бири-бирибизди карап кечке каткырып күлүп, тазаланып келдик да элге кошулуп, эч нерсени билбегендей жатып койдук. Таң атпай биринчи ойгонуп, элдин баарын ырдап ойготтум. Бир аздан тамактанып алдык да үй ээси болгон досумдун ата энесинен бата алып шаарга жолго чыктык. Эл артында калып, аспабымды көтөрүп, шаардан жалдап келген микро автобуска чыктым. Баары ызы-чуу болуп, бул жерге мен отурам деп орун талаш болуп жатыптыр.
Эң артына өттүм да гитараны жайгаштырып, Айнураны издеп кирдим. Алдыда 2 орундуу жерде жалгыз отурган экен. Жанына барып,
- бул жер бошпу?
- ооба. Сага ээлеп отургам.
Сыртымдан шек алдырбай ичимден уйгу-туйгу болуп, өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары сезип отурдум. Шаарга жеткиче сырдашып келе бердик. Балким ошол учурда, балким чынында кызыктуу маек болгондуктанбы, кантип жетип калганыбызды, кантип убакыт өтүп кеткенин билбей калыпмын. Шаарга жете бергенде анын телефон номерин сурадым. Эч бир каршылыксыз жазып берди. Алгач смс аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Бирок пенде болгон соң ал нерсеге алымсынбай телефон аркылуу чалышып баштадык. Кеч кирип, тамак ичип бүткөн соң телефондор кызматта болот. Жылдыз тарап, таң атып, көздөрүбүз ирмебей калгыча сүйлөшчүбүз.
Бир күнү жолугууга чакырдым. Ал болсо сабактан кийин болсо макул деди. Мен түшкө чейин сабак окуп, түштөн кийин шаарыбыздын көрүнүктүү окуу жайларынын биринде иштечүмүн. Шартымды түшүндүрүп, иштеген жериме чакырдым. Студенттерге сабак өтүп жатсам телефон чалып калды. Жумуштан 10 мүнөткө уруксат сурап, аны сабак өтчү жайга алып кирдим да, бир чекесине отургуза турдум. Кесибим музыка сабагы боюнча эле. Тагыраак айтканда гитара боюнча ийримге катышкан студенттерди окутаар элем. Бул менин жумушум болгон соң ал жерде жигит же кыз дебей баарына бирдей уйротчумун. Дүнүйөң кургур ошол күнү бир да эркек балдар жок, кашайып сабака жалаң кыздар келген экен. Мен ар бир студентти өз өзүнчө маани берип, ар бирине тапшырма бергиче биздин сары чач эбактан эбак тултуюп калыптыр. Сабагымды эптеп бүтүрдүм да аны суу боюна жетелеп, эптеп көңүлүн оордуна жайгаштырдым. Бул күн көпкө кайталанды. Ушул күндөн айырмасы жанымдагы сары чачтын мени туура түшүнгөнү гана болбосо, ар бир куну анын сабагы бүткөндө мен иштеген окуу жайда жолукмай.
Ишемби күнү кечинде бир жерге барып, кыйлага чейин адамдарга ырдап берип келгем. Кечкисин ар кандай жерлерде ырдап да иштечүмүн. Кыскасы эл алдында дааны чыкпасам да, эл ичинде көп жерде ырдачумун. Дем алыш күнү уктап жатсам апам келип эртереек туруп үйдү бир аз жыйнап кой деп бир жака кетти. Уйкудан ажырагым келбей араң турдум да Айнурага чалдым. Үйдө эч ким жокто аны иш кылдырып көргүм келди.
- Алло
- Угуп жатам.
- кандайсың?
- жакшы рахмат.
- эмне менен алексиң.
- бекер эле. Сөзүңүз барбы?
- менин үйүмө келе аласынбы?
- уят го .
- эмнеси
- сиздин үйдөгүлөр эмне дейт?
- андан камсанаба. Эч ким жок.
- эмне максатта
- эгер каршы болбосоң жардам берсең жакшы болмок
- эмне жардам?
- келгенде түшүндүрөм
Макул болуп көп өтпөй жетип келди. Үйгө алып кирип, а дегенде тамактанып алып анан үй жыйнап баштадык. Байкашымча колунан баары эле келгидей. Ичимден адашпай эле тапкан окшойм деп ойлоп койдум. Баарын тазалап бүткөн соң шаар кыдырып, эс алып үйгө тарадык. Ошол күндөн тарта мамиле өтө жакын болуп калды. Мындай жардамдарды далай кылды. Жада калса апам менен тааныштырганы да жетиштим.
Жайкы экзамендер аяктаган соң ал айылына кетти. Мен шаарда кала бердим. Соц тармактардагы биздин почталар бири бирибизде бар болчу. Бир куну анын баракчасынан Москвада иштеп жүргөн эжеси менен жазышкандарын окуп калдым.
- кандайсың Айнура ?
- жакшы рахмат өзүңүз кандайсыз?
- биз жүрөбүз. Баштагыдай эле. Эмне болдуң? Билет алдыңбы?
- ооба. Августтун 19 на алдык.
- а жакшы. Эжемдерге салам айт . Дагы сүйлөшүп турабыз.
Бул смс терди окуганда муздай түштүм . Дароо Айнурага телефон чалдым. Биринчи эле:
- жакында бир жака барасынбы?
- жок. Эмнеге?
- мага чындыкты айт. Эгер кетсең азыр айт.
- жок эч кайда кетпейм. Бир нерсе болдубу?
- жок, - дедим да билмексен болуп
-бир нерсени сезгендей болуп жатам деп койдум. Ал күн келгиче тез тезден сурап турдум. Ал дагы айта албай жок деген гана жоопту берип жатты. Анын кетээрине 1 күн калганда айылына бардым да мергечилердей аңдып отуруп, сууга чыккан жерден алып кетип калдым. Түнү менен эч кайда жибербей, таң атып баштаганда (анын рейси өтүп кеткенде) үйүнө жеткирип бардым. Көзүнө жашын мөлтүрөтүп мени менен бирге кирип, баарын түшүндүрүп анан кетесиз деп турду.
Ичимде уйгу туйгу болуп, ааламга бүгүн келгендей өзүмдү кармай албай турдум. Короонун алдында кирсем кирбесем болуп жатып намыс үчүн алга кадам шилтедим.
Сырткы эшиктен кирип, бири бирибизди карап ал мени аярлуу көзү менен бирде ишенимдүү бирде аянычтуу, эмнегедир бир нерседен коркконсуп ичиндеги бөлмөнүн каалгасын ача албай тиктешип турдук.
Аңгыча дүңкүлдөгөн үн чыгып, ичиндеги бөлмөдөн биз жака бирөө басып келе жатты. Ал убакта Айнура колумду бекем кармап, ишенгени мен болуп турдум. Эшик ачылды. Башымдан этегиме чейин бир карап, Айнураны да дал ошондой бир карап
- Тирүүсүңөрбү? , - деди апасы.
Арты жагынан өзүн токтоо кармап, эч нерсе болбогондой кеңири дем алып, дайыма келип жүргөн коногун тосуп алгандай атасы чыкты.
- Ассалааму алейкум
- ва алейкум ассалам. Келгиле, киргиле.
- Ушул жерден эле кайталы?
- Жок балам, алыстан келген мейман босогодо турчу беле. Кел кир үйгө. Шашпай тамактанып алып анан кеңири сүйлөшөлү.
Тамактанып алып, Айнуранын мындан кийин кетээри же кетпеси тууралуу бир топко кеңешип, акыр аягы баары бир кетирмек болду. Эх Айнура! Кенедей ушул шаарда жашооңдон канча адаштың, чоң шаарда аман болсоң болду деп ичимден сүйлөгөн бойдон шаарга кайттым.
Көп өтпөй кудайдын буйругу менен Айнура Москвага кетти. Алгач ааламга батпай жүрдүм. Сагынычтанбы же кызганычтанбы ортобузда уруш тез тез болуп калган. Адатка айланган десе да болот. Кайталана берип акыры урушуп тындык. Ал учурда да көпкө көнө албай жүрдүм. Бир жеримди алып койгондой мусаапыр сымал болуп калгам. Кинодогу актёрлордон айырмам жок. Бирге жүргөн, бирге баскан, бирге болгон жерден өткөн сайын көз алдыма элестеп туруп алчу. Билинбей ушул акыбал менен бир ай күн кечирдик.
Соц.сеттердин биринен (инстаграмдан) бир айым жазды. Сүрөттөрүн карап көрсөм эмнегедир жүзү тааныш. Бирок атын билбейм. Кайсы бир жерден кайсы бир күнү көргөндөй эле болуп туруп алды. А сүйлөгөн сөздөрү дайым угуп жүргөн адамдын сөзү. Ооба, ал Айнура экен. Ким экендигин сураган жокмун. Сыр бербей суроолоруна жооп берип жаттым. 2-3 күндөй сүйлөштүм. Баарын билип алган соң кайра жоголду.
Күн сагынуу, эңсөө, кусалык менен өтүп жатты.
Кыш айы. Январь. Окууну токтотуп койгом. Иштен эбак чыгып кеткем. Баарынан көңүл калган. Кээде ыр жазып койчумун. Бул күндөрү ырга да эргүү жок. Анан да кээде обон жазмай жагым да бар эле. Мурда жазылган ырларга обон издеп аспабымды алып шаардын эс алуу бактарынын бирине барып, акырын ичимден кыңылдап издеп жаттым. Дагы эске түштү. Алгачкы таанышканда мамиле эми жылып калган учурда дал ушул бакка келип отурган элек. Ал убакта күн жылуу, айлана кооз жашылданып, жерде кичине бөбөктөр ызы чуу болуп ойноп, ошону менен бирге бак-дарактарда дагы канаттуулар кулак тындырбай чырылдап сайрап тураар эле. Бүгүн бул бак суз. Айлана жетим калгандай, күн суук. Менден башка саналуу эле адам басып жүрөт. Эмнегедир ошол жерге күндө барчу болуп калдым. Жалгыздык тынчтыкты талап кылабы? Же мага ошондой сезилип жаттыбы? Мүмкүн болушунча адам баспаган жолдорду баскым келчү.
Дагы ошол бакка бардым. Биздин ичибиз муздак болгону менен айлана жылып калды. Жаз келишине саналуу күндөр калган. Аспабымды алып классикалык музыкаларды ойноп отургам. Бактын ичинде отургучтар көп болот эмеспи. Мен отурган отургучтан кийинкисинде мен курактуу селкилер отурган. Музыканын ичине киргенде айлананы унутуп калат элем. Тигилердин бириси мага сүйлөп жатыптыр. Качан мага колун булгалап катуу сүйлөгөндө музыкадан чыктым.
- Гитараны ойноп берчи мен ырдайын?
- Макул, кел бул жака.
- Жалгыз экенсиң кел бизге кошул.
- Жок , рахмат.
- Анда ойноп бересиңби?
Макул болуп жанына бардым . Акырын алардын катарын кошулуп отурдум да сураган ырын ойноп берип жаттым. Бириси кетип, экөө мен менен калып, бир кыйлага чейин ырдашып отурдук. Күн батып баратканда мени бир жака телефондон чакырып калды. Туруп жөнөсөм алар да жөнөштү. Жанатан бери досторунун арасынан сулуулугу, кылыгы, ыйманы менен айырмаланып турган бириси жолу мени менен болуп калды. А тиги досу башка жака кетмек экен. Экөөбүз ээрчишип жолубузду жакыныраак таанышып сүйлөшкөнгө чогу уладык.
- Гитараны мыкты ойнойт экенсиз
- Размат, - дедим да ичимден эмне башталып жатканын туйдум. Кийинки сөзү үйрөт демек. Мен чала ойлонуп бүткөнчө:
- Мага үйрөтө аласызбы? – деди . Эмне дешимди билбей тилимди бир жутуп алдымда аны тике карап:
- Макул эгер каалооң болсо.
- Кыйын болуш керек э?
- Кызыгып аракет кылсаң баары жеңил эле.
- Номеринизди бересизби?
Номеримди жазып бердим да ошол жерден жолду экиге бөлдүм. Кыйладан кийин байланышка чыкты.
- Алло, угуп жатам.
- Эмне кылып жатасыз?
- Кечиресиң тааныган жокмун. . .
- Бул мен Чолпонай.
- Тааныбайт окшойм.
- Бул мен. Бүгүн сиз менен ырдап отурган кыз. Номерди өзүңүз бердиңиз го. Атым Чолпонай.
- Аа. Кечиресиң. Жакшы жетип алдыңбы.
- Ооба. Сабакты качан баштайбыз?
- Бошогон учурда айта бер.
- Анда бошмун.
- Андай болсо бүгүнкү таанышкан жерге келе бер.
Көп күттүрбөй жетип келди. Асманга жылдыз толгончо кобурашып гитарабызды унуткан бойдон сүйлөшүп отурдук. Күндө ар кайсы жерден гитара үйрөнөм деп жолугабыз да кечке каткырып тарайбыз. Жашоомду жарыкка бөлөбөсө да ичимдеги кусалыкты бир аз да болсо жеңилдетти. Мени жактырып калгандыгын эбак эле түшүнгөм. Бирок менин ичимде эмне бар экендигин билбейт болчу.
Эгер ичимде дартым болбосо бул кыз да эң бир жөнөкөй баардык жакшылыктарга татыктуу эле. Эч бир жамандыгы жок, ичинде кымындай да арам ой жок , наристе кыял, эркелесе дагы да ширин кыз болуп калат. Мага тийесинби?- десем ойлонбой туруп чын дилинен алсаңыз да албасаңыз да барып алам дейт. Баарын кечип ушул кыз менен болуп алгым келип кетет. Жүрөк андайга макул болбойт.
Жаз келди. Күн ысып баштаган. Акырындан тойлор да башталды. Той демекчи менин негизги акча алып келчү булагым тойдон эле. Башка шаардан буюртма алып алган элем. Ал тойго дагы 10 күндөй бар эле. Эс алайын деп үйгө эртереек келип, тамактанып алып, бир аз телефон менен алек болуп отургам. Белгисиз номерден смс келди. Айнура экен. . .
Бир топко сүйлөштүк, баарын кечирдик, жаңыдан башталды. Бирок жарат айыкса так калышы сөзсүз экен. Биринчи көнүшө албай, 3-4 күндөн кийин мурдагыдан да жакын болуп калдык. Чолпонай болсо бир аз алыстап калгансыйт, же мен алыстаткансыйм. Жакынкы күндөргө Москвага билет алдым. Эч кимге айткан жокмун.
Үйдө аспабымды ойноп отурсам буюртмачылар телефон чалды. Эртең той экендигин унутуп калган экенмин, эстетип коёюн деп чалыптыр. Жакшылап эс алып, темир тулпарды тазалап жуудурдум да жолго чыктым. Баратып машиналардын көптүгүнөн жогорку ылдамдыкта жүрө албай, тойго кечигип бардым. Кирип барганда эле той ээси жинденип кирди. Жагдайды туура түшүндүрүп, тамашага салып тындырдым. Кайтаарда маанай жок, эмнегедир башкача акыбалда, чарчап келе жаттым. Унааны башкаруу оорлошо баштады. Бетимди жууп, айланамды карасам жерде отуруптурмун. Ылдый жакта мен айдаган унаа чекелери катуу урулган. Адамдар чогула баштаптыр. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Көрсө өзүмдү жоготуп жолдон чыгып баратып карама каршы бараткан унааны сүзүп барып жолдон чыгып ылдый түшүп кетипмин. (Адамдардын акыбалын жазгым келбеди) баарын төлөп берүүнү мойнума алдым. Тез аранын ичинде иштин көзүн жабып, бүгүн Москвага учам деген күнү баарына айттым. Үйдөгүлөргө да ошондо айттым. Жарымы каршы жарымы макул болуп жатып акыры аэропортко жөнөдүк. Жанымда эң жакын адамдарым эле.
Ошентип элдин баары кеп кылган, тээ бир убакта немистердин көзүн арттырган Москвага келип жайгаштым. Келе бергенимди Чолпонайга кийин айттым. Кыйлага чейин мага нааразы болуп жүрүп мамиле да үзүлдү.
Эл журт бул жака жан багууга келсе, мен сүйүүмдү издеп келгем. Москвада мага оорчулук болгон жок. Жашоо бир тууганым менен, достордун көпчүлүгү ушул жакта, айылдаш, тууган-урук деген кеңири. Айтор оңой эле көнүп кеттим. Баарынан биринчи Айнурага жолугууга шаштым. Досторум келип, кыйлага чейин отурдук да Айнурага жөнөдүк. Калтырап, жүрөгүм оозума келип, аба жетпей башкача болуп баштадым. Үйүнүн алдына барганда күтүп туруптур. Унаадан түшүрбөй мени түртүп унаага отургуза салды да кучактаган бойдон көзүнүн жашы тыйылбай бир кыйла болдук. Жарым сааттан ашык кыймылдабай болушунча бекем кучакташып отурдук. Бир кезде анан сөз чыгарып сүйлөшүп баштадык. Ал күнү сагыныч тарабай ошол бойдон калды. Эртеси дагы жолуккум келип, жолугууга чакырдым. Жумушунан бошой албасын айтты. Аргасыз макул болдум. Түбөлүк жанымдан карыш чыгарбай кармасам да жадабай жүрчүдөй боло берди. Көп күн өтпөй дагы жолуктук, анда да көп болгон жокпуз. Ошол бойдон узака жолукпай жүрдүк. Ичимден келгеним менен пайдасы жок тура деп ойлонуп жаттым. Чакырсам бошой албайм, кеч болуп калды, үйдөгүлөргө уят дей берчү. Мен да ишке орношуп алдым. Ошону менен кыйла алаксыдым. Айдын аягында иштеген акымды кечиктире бергенинен ал иштен да чыгып кеттим. Ал да ошол убакта иштен чыгып кетиптир. Экөөбүз ар күнү күн чыккандан күн батканга чейин чогу жүрчүбүз. Пикир келишпестик болуп, ортобузда дагы чыр пайда болду. Бир жума үн сөз жок жоголуп кеттим. Ал убакта кечке ойлонуп бир чечимге келдим. Жашоомду жаңы барактан баштайм деп чечтим. Баарын токтотуп аны өз үйүндөгүлөрүнө тапшырып берүү максатында (үйүндөгүлөр мага ишенишчүү) Айнурага жазмай болдум. Ансыз да артыбызда таанышканыбызга бир жылдан ашып калган эле. Бир жыл ичинде Айнура тууралуу баарын билип койгон элем. Жада калса аны үйүндөгүлөр да менчелик билчү эмес. Окуянын ортосунда айтылбай калган нерселерди ушул жерден айта кетейин. Айнуранын кыздыгы жок болчу. Анын мурунку жигитин анын соц.тармактагы баракчаларынын биринен экөөнүн жазышканынан билип алгам. Кыргызстанда жүргөн убакта эле аны билээримди айтып, ал үчүн да кыйлага ыйлатып, кечирим сураткан элем. Ошол убакта бир шарт менен сөз берген элем. Эгер мындан кийин өзүңдү түз алып жүрсөң бул темада өмүр бою ооз ачпай, аны бактылуу кылууга сөз бергем.
Ошентип Айнурага баарын токтотууга сунуш киргиздим. Ал акыркы ирет бир жолугуп сүйлөшүүнү суранды. Макул болуп эртеси күн чыгаарда аны дайым биз жолукчу көлдүн боюнда күтүп алдым. Мага эркелеп мындай муздак мамиле экинчи кайталанбайт деп ал сөз берди. Мен да ишенип макул болдум. Ал күнү да кечке чогу болдук. Күн батаарда аны үйүнө узатып баратканда анын телефонуна белгисиз номерден смс келди. Телефону менде эле. Талашып жатып окутпай койду, макул окубайм деп алдадым да акырын байкатпай окуп алдым.
Ошол смсти окуганча жерге киргеним жеңил болмок. Бир нече саат мурда гана мага сөз берген адамдын телефонуна ушундай смс келгенине бир туруп өлгүм бир туруп ыйлагым келип өзүмдү араң кармадым. Ал смс «Айнура каяктасың? Эмнеге жооп бербей жатасың. Сени сагындым. Сени каалап жатам. Секс хочу» деген сөздөр эле. Дал ушул маныздагы сөздөрдү айылда жүргөндөгү жигитинен да окугам.
Өзүңөр элестеткиле ушундай акыбалдан кийин кайсы эркек ошондой кызга көңүлү тартат? Ким көзүн жумуп дагы мүмкүнчүлүк бермек? Мен баарына чыдадым, көздү жумдум, балким оңолуп кетээр деген үмүт менен кайыл болдум. Билмексен болуп жүрө бердим. Жай айынын башында жумуш жок көп күн чогу жүрдүк. Баарын унутуп жаңы баштагым келсе да унута албай койдум. Көкүрөктү ачыштырып, муунтуп, ичимден өзүмдү өзүм жеп баштадым.
Көрсө мен жаңыдан Москвага келип жолуга албай жатканда анын жолукчулары кеңири экен. Баары бүткөндөн кийин билдим.
Үмүт менен кудайдан суранып жашап калдым. Жок, жыйынтык чыккан жок. Ал ошол бойдон калды. Айдын этегинде анын өздүк майрамы келе жаткан. Анысына жетпей эле мамилени убактылуу токтотуп, башка шаарга кетип калдым. Айдын этегинде кайрылып келдим да колумдан келишинче белектерди көтөрүнүп алып иштеген жерине бардым. (Үйүнүн жанында тамактанчу жайда тейлөөчү болуп иштеп жаткан). Администратор менен сүйлөштүк да аны иштен бошотуусун суранып, бир бөлмөсүнө алып кирип, белектеримди берип куттуктадым. Көңүлү суз. Көпкө жоголгонума таарынып атат деп ойлогом. Үйгө кетүүнү тез тезден сурана берди. Өзүбүз калганда суроо салдым:
- Эмне болду?
- Эч нерсе
- Эмнеге сузсуң. Таарындынбы?
- Жок
- Анан эмнеге сузсуң?
- Сүйлөшпөй эле коёлучу ?
- Кандайча
- Мамилени токтотолучу?
- Өкүнбөйсүңбү?
- Жок. Мен баарын ойлонгом.
- Ушул чечимге токтодуңбу?
- Ооба.
Боор ооруса боорго тебет деген ушул тура деп ойлондум да. Макул кете бер дедим. Өзүм андан мурун салыштырынып стол үстүндө турган анын телефонун да алып кетип калдым. Сыртка чыгып алысыраак караңгы, көрүнбөгөн жерге барып карап турдум. Чыгып бир жигит менен сүйлөшүп туруп калды. Жаным ачышып калган эле. Барып экөөнү тең тепкилегим келип, мындай адамдарга колумду булгагым келбеди. Чогу келген досторума телефон чалдым да батыраак чыгып, Айнуранын жанында турган баланы алысыраак алып барып, тепкилеп салгыла дедим. Шыпылдап ээрчишип эки досум чыкты да тиги жигитти тартып кетти. Айнура кыйкырган бойдон кала берди. Акырын бардым да үн салбай тике карап, ичимден сенин сериалың эми башталат деп кетип калдым.
Телефону менде кетти. Үйгө келип окусам бир нече жигит менен ар түрдүү жазышкан. Бир менен да жөн эмес. Баарын тартып өзүмдүн телефонума жүктөп, аныкын алып барып бергенче эскертип койдум. Мындан кийин өзүңдү кармай албасаң атаң менен сүйлөшөм дедим.
А азыр баарынан көңүл калган. Миң ак жүрсө да жакшы ойлой албайм. А тартып алган далилдер сакталуу бойдон. Мамиле толугу менен үзүлгөн. Үмүт деген кургур адам өлгүчө жашайт экен. Дагы да үмүт менен жашап келем.
Сиз эмне кылмаксыз???


Урматтуу мекендештер! !! Кыздарыбызды бөтөн улуттан сактоо өзүбүздөн. Көзүбүздү, напсини этияттасак баары жакшы болот. Анан да чет өлкөгө бойдок кыздарды иштетүүгө чыгарбашыңыздарды суранам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aiai   19 Июль 2019 - 15:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 04 Февраль 12
  • Соңку аракети: 01 Апр 2020 03:38
  • Жынысы:Аялзаты

Ал кыз сага татыктуу эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Koichuman   20 Июль 2019 - 02:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 01 Июль 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2019 22:39

Автор ушунча кылыгына чыдап жургон,сизде да сабыр кучтуу экен. Уйронгон адат калабы,уйга жугон салабы демекчи, ар жигит менен суйлошуп конгон адаты калбайт. Сиздин козунузго ошончо чоп салып журуптур ошол кызга уйлонгонунуздо деле кыйратмак эмес. Намаз окуп Алланын жолунда журунуз бактынызды тилеп. Ар ким озунун тенин табат сизге да бир озунуздой жарды жазып койгон Аллахым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   20 Июль 2019 - 03:00

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Кийин окуйм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Donoratico   20 Июль 2019 - 10:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 03 Июль 19
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2019 17:44

Куноо чет жерге кызын жиберген ата-энесинде эмес, же ал кызда эмес. Куноо ой-боюна койбой кызды алып калып, кийин артынан ээрчип барган сизде. Чужой эркекте эмне куноо, кыз озун тыя албаса? Озунуз бир кыз менен суйлошуп турсаныз эле бир тааныбагандар келип урса жакшыбы? Бул кызга уйлоно албасаныз, жыйыштырып эле коюн да.
Мен сизге жакпаймын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   20 Июль 2019 - 11:27

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Бизден кеңеш сурапсың, биз кеңешти аянбайбыз тонналап беребиз. Эки станица
норм.кеңеш беребиз андан нары эки экиден урушуп кетебиз.

Менимче ал кыздан кол үз, келечегиңер жок. Билбейм сен ага боор ооруп эле жүргөндөй сезилди. Алсаң деле ичиң толо арман болуп туалетке чыкса деле "Энеңдурайын жал*п ким менен жүрөсүң" деп шек санап атып өзүңдү да кыйнайсың аны да кыйнайсың.
Берилип сүйбөсөң да ыйманы ыссык кыз алсаң байкуш апаңа подход кылып бир туугандарыңын көңүлүн алып тыпылдап турса көрөм анан жибибегениңи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Edenova66   20 Июль 2019 - 14:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 29 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 09 Мар 2020 11:42

При чем тут Москва ...? Ошондо айылда деле жигити бар экен эле го ...? Мисалы мен москвада иштеп жургон эле кыздарды кором иш иш Жана иш,ошол кыздардын кообу 30 га чыгып даже ашып кеткен , уйун салып атасына машина алып берип , уйундогулорду окутуп ,анан синдилерин эрге берип ,инилерин уйлоп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Umka..00   20 Июль 2019 - 20:11

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Суйуу адамды эмнелер гана кылдырбайт. .... Автор ал менен үйлөнсөңөр деле жашай албайсыңар өткөндү эстей берип оңолбогон адамды оңолтууга болбойт өзү аракет кылбаса. Кыз ошентип жүрсө эмнесине үмүт кылып атасыңар дагыле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Sezimaika   20 Июль 2019 - 21:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 151
  • Катталган: 31 Март 19
  • Соңку аракети: 17 Окт 2024 02:56
  • Жынысы:Аялзаты


Бардык коменттерге кошулам. Ал кыз сага не стоит автор. Унут башканы суй.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   good-girl   21 Июль 2019 - 11:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 430
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 01 Июн 2021 23:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

жашоонузду АК таза барактан баштаган жакшыго ага уйлонсонуз деле бир куну отмушун эстеп уруш чыгышы мумкунда сабр жакшы ниет кылып туура жолдо журсонуз тениниз чыгат деп ишенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aishe   01 Август 2019 - 16:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 19 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 10 Окт 2019 13:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Махабат аралында))

Ал сүйбөгөн,ойнотту и все.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   meDaline   01 Август 2019 - 18:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Ал кыз үчүн сен көптүн бири болгонсун. Мусулмандын балдарынын алдындагы акысынын бирине аларга такыба, жакшы эне тандоо да кирет. Болочоктогу балдарыңа илим үйрөтүүчү, жакшы тарбия берүүчү кызды сүй.

Билдирүүнү түзөткөн: meDaline: 01 Август 2019 - 18:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 04:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: