30 жашта 2-турмуш курууга кандай карайсыңар?
#1 17 Июль 2019 - 23:34
#3 18 Июль 2019 - 12:48
Жакшы куйоо болсо пайдасынан башка зыяны жок болсо керек. 30 эле жашта экенсиз, дагы торойсуз... Бактылуу болгонго ар Бир адамдын акысы бар да
#4 18 Июль 2019 - 13:02
Markita (17 Июль 2019 - 23:34) жазган:
урматтуу автор сизге балдарыныздын жакшы кундорун коруп тордо сый коруп отурган бактылуу жашоону каалайм.Ал эми кенешти тажрыйбасы барлар берип кетет го.Балким 2 турмушта сизге жакшы жашоо буйругандыр. Кээ бири тийе бер сонн эле жашап жатам деши мумкун кээ бири 2 балан менен эле куйоого тийбей эле жашай бер деши мумкун.Себеби азыркы заманда бироонун баласына эмес озунун баласына кандай нерселерди кылып жатышат окуп угуп эле жатабыз.Оз баласындай коруп мээрим берген эркектер ото аз го 1000дин бири эле ошондой болбосо баары бир балага эле кыйын озгочо эркек балага.Эмнеси болсо да балдарыныз менен оорубай ден соолукта журунуз.
#5 18 Июль 2019 - 13:21
Бул суроого жооп бериш үчүн турмуш куруу керек.
Балдарды өзүнүн атасынан жана апасынан ажыратпасын экен.
Өгөй баары бир өгөй, баланы өгөйлөп жатса кантип көңүл ток жашайсың?
Миң түркүн суроолор...
#6 18 Июль 2019 - 14:36
#7 19 Июль 2019 - 07:08
А балдарга оз атасындай боло алабы деген суроода..
#8 19 Июль 2019 - 17:29
Эми сизге суроо?
Балдарыңызды кимге таштайсыз?
Өздөрүнүн атасына таштасаңыз болот.Бирок эки баласын атасы тарбиялап бага алышына көзүңүз жетеби.Өгөй энеге балдарыңызды таштоого жүрөгүңүз чыдайбы?
Же апаңызга таштасаңыз силерди чоңойткону аз келгенсип,эки баланы чонойту оор экенин сиз да билесиз.
Баарибир эки балаңыздын балалык күнү сизсиз бактылуу өтпөйт.
Экинчи күйөөңүзгө эки бала менен турмушка чыгууда,балдарга өз атадай мамиле кылган эркектер миңден бири.Баягы эле турмуш.
Балким дагы 3-4 балалуу болуп ажырашып кеттишиңиз деле мүмкүн.
Мурунку заман башка эле,азыр заман башка.
Жөн гана эки балаңызга мээрим, жакшы тарбия берип чоңойто бериңиз.Сиз аларды кандай мээнет менен чоңойтконуңузду сезип,эч качан сизди таштап кетпейт деп ишенем.Кыз болсо макул турмушка чыгып кетет эле.Эркек балдарыңыз бар турбайбы.
Ажырашса деле баягы байкуш аялга жаман.Жашаса деле баягы байкуш аял турмуштун түйшүгү мойнунда.
Чынында сиздин жашооңузда эмнелер болгону бизге белгисиз го.
Бирок биздин азыркы биздин жашоодо көп жоопкерчилик аялдарга жүктөлүп калат.
Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 19 Июль 2019 - 17:36
#9 19 Июль 2019 - 19:21
#10 19 Июль 2019 - 19:35
40 жашка чыкканда Лилия эжебизда турмушка чыгыптырго уулун кызгантып, демек турмуш куруу керек, бир жагынан жаш экенсиң күйөөсүз жүрсөң зынаа көп кыла баштайсың.
#11 19 Июль 2019 - 21:47
JENTLEMAN (19 Июль 2019 - 19:35) жазган:
40 жашка чыкканда Лилия эжебизда турмушка чыгыптырго уулун кызгантып, демек турмуш куруу керек, бир жагынан жаш экенсиң күйөөсүз жүрсөң зынаа көп кыла баштайсың.
+++
#12 19 Июль 2019 - 22:38
#13 20 Июль 2019 - 16:23
Markita (17 Июль 2019 - 23:34) жазган:
Бул койгойду келгенде чечуу керек. Дегеним, азыр ойлонгон менен бекер. Эгер эч ким сизге соз айтпаган болсо баш оорутуп деле кереги жок. Кенен-кесири балдарды жакшы тарбиялап, жумушту жумуштай, чарбаны чарбадай кармап жашай бериниз. Турмуш кордунуз, уже ал жакта бышырып койбогонун билесиз дегендей))) Алгач Бир эмес бир нече куйоо бала болчулар чыксыыын, сизге мамилелерин корсотсуун, сиз да шашпааай, эки-уч жылдап сынаап(сынагандан да кыз-жигит маалынан таттуу маал барбы?)) анаан эрикпей, башка кылаарга жумушунуз жок болсо чыга бериниз))) Эр качып кетчудой туш келгенине шашып тийгенден жаман нерсе жок. Анустуно балдарыныз бар. Бир эле даана куйоо бала чыкса да болбойт. Сынаганча эле суйуп каласыз да козду жумуп тийип аласыз, анан экинчи жолу ажырашамбы деп коркуп кор жашоодо журосуз. Себеп дегенде адегенде эле ажырашкан аялга "ыраазычылык волонтерлору" соз айтышат. Жанагы "Ден соолук учун" дегендер, "уже кыз эмессин, кылыктанганды сага ким койду, ордунду бил, катын" дегендер, "давай, давай, балдарды кийин эптештиребиз, давай уйлонолу" дегендер, айтор, ниети сиздикине туура келбегендер. Ошого арканды жок эле дегенде он жыл ары таштап жашай бериниз. Каалаган убакта куйоо табылат, тен тени менен. Кээлер балдарын уйлонтуп, оздору 50до тугой тапкандар, алтымышта уйлонгондор бар, айтор, эч кайсы поюздан калбайсыз. Негизгиси, ичинизде коркуу сезими болбошу керек, "Уже мени ким алмак эле?" же болбосо "Отузда элемин, салыштырмалуу жаш болгондо эптеп бироону кармап калайын," дегендейчи. (Кыстати, сизге соз айткандардан "уже ким алмак эле" дегенин сразу списоктон чийип салыныз. Кийин да ушундай мамиле менен турмуш болот.) Кыскасы, шашпаныз, бирок такыр эле бул эшикти жаап да салбаныз.
Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 20 Июль 2019 - 16:24
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 20 Июль 2019 - 16:30
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 20 Июль 2019 - 17:41
aijan (20 Июль 2019 - 16:30) жазган:
Адам учун жалгыздыктан откон жаман нерсе жок болсо керек. Зыяны жок болсо, чайын даярдаса да карыганда жанында болгонунун озу эле жакшы го дейм.
#16 20 Июль 2019 - 21:22
#17 24 Июль 2019 - 01:30
Кайра эле ошол "граблини" басып албайсың деп сизге эч ким кепилдик бере албайт.Шашпаңыз эч.Экинчи турмушка чыгам деп эки оттун ортосунда калгандарды көп эле көрүп жүрөм.Өз атасына керек болбогон балдар жат адамга тем более кереги жок деп ойлойм.Моюнга алуу керек ,биздин менталитетте экинчи турмуш курууда аял кишинин балдары болсо ,алар "жаңы"атага ашыкча түйшүк деп эсептелинеери турган сөз.
#18 24 Июль 2019 - 01:44
zzari-83 (24 Июль 2019 - 01:30) жазган:
Кайра эле ошол "граблини" басып албайсың деп сизге эч ким кепилдик бере албайт.Шашпаңыз эч.Экинчи турмушка чыгам деп эки оттун ортосунда калгандарды көп эле көрүп жүрөм.Өз атасына керек болбогон балдар жат адамга тем более кереги жок деп ойлойм.Моюнга алуу керек ,биздин менталитетте экинчи турмуш курууда аял кишинин балдары болсо ,алар "жаңы"атага ашыкча түйшүк деп эсептелинеери турган сөз.
Бүт эле өлкөнүн менталитетинде "өгөй бала жаңы атага ашыкча түйшүк" деп эсептелинет, бул адам затынын табиятындагы нерсе болгондугу үчүн не только кыргыздарда! .
#19 24 Июль 2019 - 13:49
Жогоруда айтылгандай омур бойу балам деп жашайбыз.А бирок балдар бой жеткенде баары оз ордун таап кетишет!
#20 24 Июль 2019 - 14:41