Адатта айылда жаксынарбы деп учурашабыз го.Айылдыктар бири бирибизди 100 пайыз тааныйбыз.кун кечтегенде чуру чуу тушуп оюн баштачу элек.бир нерсе керек болсо алышып беришип эле ынтымактуу элек.азыр туз эле дукондон алабыз.кошунага кируу уят иш болуп калды.эмнегедир айыл да озгоргондой.
зынгыраган дарбаза,заборлор ачылбай эле,балдар да коп ойношпой,кошуналар киришпей чыгышпай айтоор кээде жалгызсырап кетем.бул эмнеси... мурунку жонокой мээримдуу айылым озгоруп бараткансыйт.
Улуу муундагы эже абалар сиздердин учурдагы айылынар жонундо билгим келет.
Жана жаштар бул нерсе силерде байкалабы?
Баракча 1 - 1
Алтын бешик айылым Алтын бешик айылым
#2 14 Август 2019 - 11:34
Байкалбай эмне?
Башканы кой, азыр нан сурашпайт экен кошуналардан тооба кылдым.
Жашоо канчалык оной болуп, коп нерсе жетиштуу болуп баратканы менен, адамдардын пейили тарыгандан' тарып баратат.

#3 14 Август 2019 - 14:08
Менда байкадым жакындале айылдан келдик .Мурункудай эмес айыл.Биз кичине кезибизде эл отоле жетишкен жошоодо жашабасада пейили кенири эле .Кошуналардыкына ойноп журуп курсагыбызды деле тойгузуп алчубуз .Азыр анткендерин байкабадым .Биз бири -бирибиздикине киришип эле журчубуз .Азыр болсо чакырбаса барышпайт .Баардык нерсе жетиштуу ,бирок ушу кен пейилдигибиз жетишпегенсийт .Аябай окунучтуу .
#4 16 Август 2019 - 15:55
Айыл жашоосу да билинбеген менен озгоруп келе жатат.
Жогоруда бири жазгандай, илгери (илгери болгондо мындан 10-20 жыл мурун эле) уйдо нан калбай калса же уйго конок келип нан аз болуп калса, коншу-колондон эле сурап турушчу. Азыр бир-биринен нан сурагандар дээрлик жокко эсе экен. Болбосо коншун жаны нан жаап жатканда 1-2 жаны нан алып жыргап жеп, биздикилер жаны нан жапканда коншуларыбызды суйунтуп жаны жабылган нан алып барып берип эле журчубуз...
Башта уйун коргондоп тоскондор дээрлик жок болчу. Коншу-колондорун корунуп эле турчу уйдон болобу, кочодон болобу. Азыр баары эле озбектерге окшоп уйун коргондоп тосуп калган, кирпич же пескоблок менен. Уйундо адам барбы жокпу, ким эмне кылып жатат, эч билинбейт. Кочого чыкканда эле корбосон коншуларынды. Айтор, айылдыктар арасында да мамиле бираз суз тартып бара жатат.
Илгери жаштардын уйлонуу улпот тою (айылдык жаштардын) айылда эле отчу, эки жаш отурчу столдун артына килем асылып, пахта менен жазып коюшчу чон кылып, "Куш боонор бек болсун Ташмат менен Роза" дегендей. Ал той эки жаштын эле эмес, бут айылдын тою болчу, айрыкча тестиер балдар-кыздар тойдун шарапаты менен ойноп-бийлеп дегендей... Азыр той-тамашалар кобойгону менен баары эле шаарда кафе-ресторандарда отуп, коендой окшош тойлордон конул калып бара жатат...
Илгери келиндер кочого жоолуксуз чыгуудан уялышчу, улуулардан тартынып. Азыркы келиндер жоолуксуз, мини юбка менен улуулардын жанынан беттерин табактай кылып мисирейип отуп кетишет, илгеркидей ийменип салам беруу, уялуу деген нерсе жок...
Дагы бир чон озгоруу бул телефон. Азыр чонунан кичинесине чейин телефон которуп калган заман. Мейли аш-тойдо болсун, чайханада чайлашып отургандар болсун, баары эле смартфон чукулап отурган болот. Эгер свет бир канча кунго очуп смартфондор да очуп калса, айылдыктар учун мини катастрофа. ..

#5 16 Август 2019 - 18:08
Азыркы көпчүлүк айылдын жазуу түрүндөгү эле "АЙЫЛ" деген аты эле болбосо, шаардан айырмасы калбай баратат, мисалы; Көчөлөрдү жарыктандырып,
жолдорго шагыл же асфальт төшөктөн айылдын жаштары көбөйүп жатат. Үйлөрү 70-80 пайыз эки кабат особняктар,
ичтери евро ремонт, туалет душ ашканасы ичинде. Ар бир үйдө бирден жок дегенде орусиянын бир ваз2107 унаасы. Мурунку гектар гектар эгин талаалар бакка айланып, талаада жумуш деле калбады. Эрте мененки саат 7.8 дерде мал базарга барган адам менен жумушка барган адам эле турбаса көпчүлүгү шашпаай 9.10 дордо турат, себеби илгерки көчүкө тееп, эшшектей кылып кулдай иштеткен колхоз-совхоздор жок. Айылдарда 4 G интернеттер иштеп, үйлөрдө вайфайлар орноп дүнйөдөн кабардар баары. Апа-жеңелер илгеркидей талаадан отун-тезек терип келип дандарга от жагып нан бышырбай калды. Кыз-келиндердин жүрүшү жарым жылаңач, же чапташкан жынс шым кийип алышкан, почти шаардыктардын эле өзү)).
Айта берсең оголе көп экен.
Айта берсең оголе көп экен.
#6 16 Август 2019 - 19:07
Эмгектен эч ким олгон эмес. Эмгек кылса оздору учун кылган Союз учурунда болсун. Ошол эмгектин арты менен ак алтын пахта теришип тонна тонна, ал пахталар кийим болуп кайтып келип турган дыйкандарга.
Остургон бакча жемиштери, жашылчалары кайра эле оздоруно кеткен. Тоют даярдаса, ал тоютту мал-кой жеп, алардын сут-айраны, эти кайра эле элге келип турган...
Ак эмгектин арты менен элдин ден-соолугу чын болгон. Эл эмгекчил болгон, жалкоо, арамза эмес. Эмгек элди жакындаткан.
Бугун эмне болуп жатабыз? Эл жалкоого айланды. Улуш жерлерине же дарак тигип коет же беде эгет. Арамзанын жумушу. Энкейип жумуш кылуудан качып калышкан. Устундогу кийген кийими ич кийимине чейин Кытайдан келген синтетика. Анан рак кайдан келип жатат деп тан калгандар бар. Момо-жемиш сатып алсан же Кытайдан келген болот же озубуздуку болот уу химикат менен остурулгон. Айрыкча кеч куздон май айына чейинки помидор, бадыран ж.б.бут теплицаларда остурулот уу чачылып...
Эт сатып алып жатып да ойлоносун, атайын дары берилип багылган эмес бекен деп...
Айтор жегенибиз химикат, ичкенибиз да химикат (кола, газдалган суу, соктор), уийгенибиз каяктагы синтетика. Анан абалыбызга мышык ыйлагыдай болуп турса, онугуп осуп кеткенсип отмушту сындаганыбызга жол болсун.....

#7 16 Август 2019 - 20:36
ООБА, азыр айылдын «айыл» деген аты эле калды. Эл болгон шартты түзүп алышкан. Мурдагыдай кара жумушка иштегендер деле дээрлик жоктой...
Нанга камыр жууруп койсом конок келип калды. Сиңдимден "Чурка, кошуналар нан ала чык" десем "Коюңузчу э, уят" дейт. Жарым кылым жашагандай : " Мурда туз калбай калса да сурай берчүбүз" дедим анан

Ошондо да болбой дүкөндөн алып келиптир.
Мурдагыдай кошуналар бири-биринин үйүнө кирбей да калышкан азыр...

#8 17 Август 2019 - 00:08
Биз да кошуналардыкына барып кино корчу элек.Телевизор чанда кишиде эле.Балалык кез жомоктогудай эле калып кетти...Айылга азыр барсан баары бар,бирок баякы тааныштарын жок,баякы аура жок(((
#9 12 Сентябрь 2019 - 12:58
Айыл десе эки көзүм төрт болчу.
Тээ илгерки мен жаш бала кезимдегидей айылда шааң шөкөт жөк. Мен курактуу, менден чоң жана кичине жаш кыз-уландардан эчким жок. Кыздар турмушка чыгып, жигиттер өз оокаттары менен алек болуп дүйнөгө болбосо да ар жактарга тиричилик деп тарап кетишкен.
Мурун айыл ушунчалык шаңдуу болчу. Кечки жуук көчөгө жаш балдар толуп, топ ойноочубуз, атышчуубуз, бекинчүүбүз, деги койчу, ойнобогон оюн калган эмес.Келээри кечке ойноп, түн бир оокум болуп кетсе кошуна колоң, дос-чардын үйүндө деле түнөп калчу күндөр болгон. Эрте менен уйларды кезүүгө айдачу элек, кечинде ызылдап айылдын башына жөнөчү элек, уйларды тосуп алуу үчүн. Талаа иштери, кетмен чабуу, жаз жарыш күз күрөш деп күзүндө жыйнап баштаачубуз.
А азырчы? Азыр мунун бири да жок. Жаш балдар жок. Айылда эчким жок. Эчкимди таппайсың. Сууз. Зээригиштүү. Коңшу деген нерсе жок, алыш бериш, катташуу деген нерсе унутулган.
Үйлөр оңдолгон, айланасына
дарбазаларды орнотуп, чычкан кирбечүүдөй кылып тосуп алышкан...
Айылдын айыл деген эле аты болбосо мен жаш кездеги айылдын бирин да көрө албаганыма өкүнүп кеттим...

#10 13 Октябрь 2019 - 08:39
Биз как эле айылда турат экенбиз мына билдируулорго салыштырмалуу.
1саат кыймылдабай отуруп кал... Коргулукту гана коросун. Иш толо,айыл ызы чуу,кочодо боз ала балдар. Талаадан кайткан элдер,7ден баштап моорогон уй,койлор,чабандар.
Кошуналар кирип чыгышат,
#12 19 Октябрь 2019 - 03:30
Merelisha (13 Октябрь 2019 - 08:39) жазган:
Биз как эле айылда турат экенбиз мына билдируулорго салыштырмалуу.
1саат кыймылдабай отуруп кал... Коргулукту гана коросун. Иш толо,айыл ызы чуу,кочодо боз ала балдар. Талаадан кайткан элдер,7ден баштап моорогон уй,койлор,чабандар.
Кошуналар кирип чыгышат,
Эхх, дал ушундай сүрөттөлгөн айылды сагындымго, жылдар болуптур айылыма бара элегиме.
#13 20 Октябрь 2019 - 22:45
Эх! Айылым,балалыгым,
чах кочом,айылымы курчаган тоолорум сагындым силерди.
Баракча 1 - 1