Суперстан: Үй-бүлө кургандан кийинки сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үй-бүлө кургандан кийинки сүйүү

#1 Пользователь офлайн   Nostalgia   01 Сентябрь 2019 - 19:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 04 Март 19
  • Соңку аракети: 03 Май 2025 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Саламатасыздарбы урматуу апалар,ардактуу аталар,жаш жубайлар! Менин сурайын дегеним эки жаш суйушуп уйлонушот,же суйуу никеден кийин башталат. Айтор бир канча убакыт отуп балалуу болушат. Кийин кээ бир уй булоодо ортодо мамиле муздагандай болуп баштайт. Кээ бири бул нерсени суйуу балага отуп кетти дешсе,кээ бириси ортодо суйуу жок же бала учун гана жашап калдык дешкенин угуп келем. Мындай нерсеге кандай карайсыздар? Сиз учун ортодогу куйоо менен аялдын суйуусу канчалык маанилуу? Же бала учун деп озун курмандыка чалып жашап жургондор канча ?! Ойунуздарды кутом.

Билдирүүнү түзөткөн: Nostalgia: 01 Сентябрь 2019 - 19:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   zuxrab777   01 Сентябрь 2019 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 19 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Сен 2020 18:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтө кооз жерде.

Үй бүлөдө эри жубайы бири бирине сүйүү болбосо аралары муздаганы ошол да, анан эле суйуу балага өтуп кетти деген болбогон геп, 60 эмес 80ге чыксаң да жубайлар бири бирине болгон жылуулук муздабашы керек, ал эми балага болгон суйуу, Энеге бодгон суйуу, Кудайга арналган суйуу дегендердин ар биринин өз орду бар, ошол өз орду менен суйуунун жагымдуу ырахат экенин сезе билуу, журөктун тупкурунөн агылып чыккан жан дүнуйөдөгү суйуу жылуулук же журөктөгү бар махабат адамды бактылуу кыла алат.
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   L.i.m.o.n.a.d.k.a   02 Сентябрь 2019 - 02:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 28 Июль 19
  • Соңку аракети: 08 Мар 2020 11:03

ата-энеге, балага,тууганга болгон суйуу таптакыр башка. Кудай ден соолук омур берсин, бирок эч кимдин ата-энеси туболук эмес,(балким биз биринчи отоорбуз жашоодон, ата-энебиз калып), бир тууганда оз бала чакасы менен кетет, балдарын оз балдарым деп, карыганда,жаштыкта, башына иш тушкондо, ооруганда, суйунгондо куйунгондо, мунгуроп журогун эзилип дуйного батпай калганында, иши кылса жашоондун коп эле болугундо куйоон же аялын жанында болот. Сен эмненм сезсен кошо сезип, экоон бири бирине жолок таяк, бара бара бир бутур адам болуп каласын. Анан ушундай сенин жашоондун копчулук болугун ээлеген адам менен бири биринби суйбой эптеп жашасан,анда озуно эле кыйын да,омурундун текке кеткени,бактысыз болгонун. Кудайым адам баласын жалгыздыкты которо албай турган кылып койгон экен, жанындагы жан шеригин менен бир бутун болуп жашасан жашоон да оной отот го дейм, айтканга оной болгону менен омурундун аягына чейин ошол адам менен жашасан,(70-80- 90 жашка чейин) анан ошончо убак эптеп жашасан ото кыйын го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   elisbek84   02 Сентябрь 2019 - 06:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 25 Август 19
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2021 19:50

Жогору жакта Лимонадка деген форумчунун жазганына кошулам. Менин оюмду жазып койгондой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   chik.chiko   02 Сентябрь 2019 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 03:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек, Москва.

Сүйүү болсо нур үстүнө нур болот. Эгер жүрөктөн чыккан сүйүү болбосо. Сыйлоо Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жакшы көрүп, урматтай жашап өтсө да болот. Жаштар үчүн бул өмүр өтө узундай сезилет. Улгайган адамдар үчүн көзүн ачып жумганчалык тез экенин байкашат. Болгону 80 90 жыл гана омүр сүрөбүз. Нух а.с 950 жыл өз элин ыйманга чакырган. Ошончо жыл жашаганыбызда кантмекпиз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Nevestkaa   03 Сентябрь 2019 - 23:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 19:01

Сүйүү өмүр бою турчу нерсе эмес келет кетет,сүйүүм жоголду деп эле ажыраша берсе дүйнөдө эр катын калбай калат го.Турмуш тиричилик бала чака мн алаксыйсын кризисте ((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Jadyrashka   04 Сентябрь 2019 - 00:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Үй бүлө кургандан кийин сүйүүндү башкача билдирип калат экенсиң, тамагын жакшы жасап, кийимдерин жууп, иштен келсе жакшы тосуп алып, айттырбай суу жылытып, анан эс алсын деп баланды башка бөлмөгө алып чыгып кетесин сага ответ кылып мен да сени сүйөм деп күйөөң кир жуусан суунду ташып берет, нан жапсан отунду жагып берет, жумушунан таттууларды көтөрүп келип көңүлүңдү алат. Мына ушул сүйүү да сөзсүз эле сени суйөм, сен үчүн өлөм деген сөздөр эмес.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   -Kuzya9613   05 Сентябрь 2019 - 20:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 11 Июнь 19
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 09:26

Jadyrashka (04 Сентябрь 2019 - 00:15) жазган:

Үй бүлө кургандан кийин сүйүүндү башкача билдирип калат экенсиң, тамагын жакшы жасап, кийимдерин жууп, иштен келсе жакшы тосуп алып, айттырбай суу жылытып, анан эс алсын деп баланды башка бөлмөгө алып чыгып кетесин сага ответ кылып мен да сени сүйөм деп күйөөң кир жуусан суунду ташып берет, нан жапсан отунду жагып берет, жумушунан таттууларды көтөрүп келип көңүлүңдү алат. Мына ушул сүйүү да сөзсүз эле сени суйөм, сен үчүн өлөм деген сөздөр эмес.

Сонун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Merelisha   05 Сентябрь 2019 - 23:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Жадырашка эже айткандай эле оюм. Албетте, сени суйом!-дегенге тил барбай калат, лучше поступкалар менен билдирип каласын. Ал да ошондой жооп кайтарат. Негизи бакыт- майда -барат нерселерден турат, кичинекей романтикалардан. Бизде азыр 100% башкача. Себеби ээн эркин эмеспиз, кызыбыз бар дегендей. А бойдок кез мен учун омурумдогу эн таттуу коз ирмемдер болуп сакталып кала берет. Бир билгеним биз бири бирибизди журоктон катуу суйобуз, кабатырланабыз, сагынабыз, алыстасак кутобуз. Бирок ичтен гана. Тымызын... Уйдо ата-эне жок болгондо кайта бойдок кезге кайткандай болобуз. Мен да суктанам канча жыл болсо деле ээрчишип, колтукташып, уйундо тамашалашып эркин жургон жубайларга. Бирок биз уйдо кала турган болгон учун ,эшикте уйдогулордун козунчо дистанция сактап журуп эле кеч кирип кетет. Жубайлар ,бири биринерге суйуу арнап турууну, конул бурууну унутпагыла. БААРы озубуздон коз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   06 Сентябрь 2019 - 01:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Jadyrashka (04 Сентябрь 2019 - 00:15) жазган:

Үй бүлө кургандан кийин сүйүүндү башкача билдирип калат экенсиң, тамагын жакшы жасап, кийимдерин жууп, иштен келсе жакшы тосуп алып, айттырбай суу жылытып, анан эс алсын деп баланды башка бөлмөгө алып чыгып кетесин сага ответ кылып мен да сени сүйөм деп күйөөң кир жуусан суунду ташып берет, нан жапсан отунду жагып берет, жумушунан таттууларды көтөрүп келип көңүлүңдү алат. Мына ушул сүйүү да сөзсүз эле сени суйөм, сен үчүн өлөм деген сөздөр эмес.

Ошондой болуп калат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sushi_wok   06 Сентябрь 2019 - 22:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Бир кененчиликте кайрылам бул темага
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Сентябрь 2019 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Nostalgia (01 Сентябрь 2019 - 19:47) жазган:

Саламатасыздарбы урматуу апалар,ардактуу аталар,жаш жубайлар! Менин сурайын дегеним эки жаш суйушуп уйлонушот,же суйуу никеден кийин башталат. Айтор бир канча убакыт отуп балалуу болушат. Кийин кээ бир уй булоодо ортодо мамиле муздагандай болуп баштайт. Кээ бири бул нерсени суйуу балага отуп кетти дешсе,кээ бириси ортодо суйуу жок же бала учун гана жашап калдык дешкенин угуп келем. Мындай нерсеге кандай карайсыздар? Сиз учун ортодогу куйоо менен аялдын суйуусу канчалык маанилуу? Же бала учун деп озун курмандыка чалып жашап жургондор канча ?! Ойунуздарды кутом.



Өмүр бою бирин'бири кастарлап, сүйүп жашагандар деле жок эмес, бирок аз.
Үйбүлө бул ынтымактан, ишенүүдөн, ортодогу бири бирине болгон сый'урматтан , түшүнүүдөн куралат.
Ал эми сүйүүгө келсек, бул убактылуу эле сезим. Башында күйүп'жанып, тимеле өрттөнүп кетүүчүдөй болсон дагы, ал учур өтөт.
Алгач сүйөсүн, кыз'жигит болуп эркелешип жүрөсүн, сүйгөн адамың үчүн башкалардын каршылыгына карабай үйлөнөсүн, турмушка чыгасын, будто өмүр бою ушундай жашап өтө тургансып)).
Анан башталат, кызгануу, текшерүү, анан "сенин апаң тигиндей деди,атаң паландай деди, мага жага турганын кийип жүр, мен айткан учурда үйгө кел", өтө аша чаап кетсен пиала учкан, чайнек сынган)).
Кийин балалуу болосун. Анын бүтпөс түйшүгү, ырахаты башталат. Өзү жакпай жатса дагы баланды көрүп аны жакшы коруп , мээриминди берип,озунду кадыресе ата'эне сезип, баштагыдан жоопкерчиликтүү боло түшөсүн. Алардын бал тили, там'тун баскан кадамы жашоонду башка нукка бурат. Кыскасы, улам бир баскычтан өтүп отуруп, жашоон улана берет.
Албетте арасында таарынуу, ыйлоо, жакшы'жаман күндөр болот,жек көрүп, кайра кечиришип, бириң оорусан бирин камкордук кылып .
Анан артынды карасан элеее, жок эле дегенде 5,10жылды артка сүргөн болосун.
Айтчы, ушул убакыт аралыгындагы болуп өткөн окуялардын баары бакыт эмей эмине?
Бардык нерсенин оз убагы, озунун сага тартуулаган ырахаты болот. Анан кечке эле сүйүшө берсен, ал жашоодон да тажайсын, озу Жараткан акылдуулук кылып, бардык учурду убактылуу кылып, өлчөп берген, себеби адам баласына эч нерсе жакпайт. Бул соз көбүнчө аялдарга тийиштүү. Өткөндө кимден уктум ,"Дубайда бир аял, жолдошунун ушунчалык жакшы экенинен аны сотко бериптир" деп))? Кызыкты караныз?
Ошондуктан башка түшкөнүнө сабырдуулук менен карап, ар бир берилген учурду туура пайдаланганды үйрөнсөк....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ayday9090   20 Сентябрь 2019 - 18:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 109
  • Катталган: 30 Январь 14
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2021 19:36

Менин бир сезгеним,биз куйоом экообуз бирдей ойлонуп,бир убакта бири бирибизге чалып,ойлонуп алат экенбиз,10жыл отсо деле 24саат бирге о туруп калсак да зээрикпейбиз, кээде тушумдо деле коро бересин, бир соз менен айтканда чыныгы суйуу жылдар отуп келет экен ,кайра кучой берет экен,бир бутун болуп калат экенсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Umka..00   20 Сентябрь 2019 - 18:40

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Sushi_wok (20 Сентябрь 2019 - 16:26) жазган:

Өмүр бою бирин'бири кастарлап, сүйүп жашагандар деле жок эмес, бирок аз.
Үйбүлө бул ынтымактан, ишенүүдөн, ортодогу бири бирине болгон сый'урматтан , түшүнүүдөн куралат.
Ал эми сүйүүгө келсек, бул убактылуу эле сезим. Башында күйүп'жанып, тимеле өрттөнүп кетүүчүдөй болсон дагы, ал учур өтөт.
Алгач сүйөсүн, кыз'жигит болуп эркелешип жүрөсүн, сүйгөн адамың үчүн башкалардын каршылыгына карабай үйлөнөсүн, турмушка чыгасын, будто өмүр бою ушундай жашап өтө тургансып)).
Анан башталат, кызгануу, текшерүү, анан "сенин апаң тигиндей деди,атаң паландай деди, мага жага турганын кийип жүр, мен айткан учурда үйгө кел", өтө аша чаап кетсен пиала учкан, чайнек сынган)).
Кийин балалуу болосун. Анын бүтпөс түйшүгү, ырахаты башталат. Өзү жакпай жатса дагы баланды көрүп аны жакшы коруп , мээриминди берип,озунду кадыресе ата'эне сезип, баштагыдан жоопкерчиликтүү боло түшөсүн. Алардын бал тили, там'тун баскан кадамы жашоонду башка нукка бурат. Кыскасы, улам бир баскычтан өтүп отуруп, жашоон улана берет.
Албетте арасында таарынуу, ыйлоо, жакшы'жаман күндөр болот,жек көрүп, кайра кечиришип, бириң оорусан бирин камкордук кылып .
Анан артынды карасан элеее, жок эле дегенде 5,10жылды артка сүргөн болосун.
Айтчы, ушул убакыт аралыгындагы болуп өткөн окуялардын баары бакыт эмей эмине?
Бардык нерсенин оз убагы, озунун сага тартуулаган ырахаты болот. Анан кечке эле сүйүшө берсен, ал жашоодон да тажайсын, озу Жараткан акылдуулук кылып, бардык учурду убактылуу кылып, өлчөп берген, себеби адам баласына эч нерсе жакпайт. Бул соз көбүнчө аялдарга тийиштүү. Өткөндө кимден уктум ,"Дубайда бир аял, жолдошунун ушунчалык жакшы экенинен аны сотко бериптир" деп))? Кызыкты караныз?
Ошондуктан башка түшкөнүнө сабырдуулук менен карап, ар бир берилген учурду туура пайдаланганды үйрөнсөк....

100% кошулам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kyrgyzstan00   02 Октябрь 2019 - 16:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 691
  • Катталган: 19 Апрель 15
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2019 01:38

Биздин турмуш курганыбызга 15 жыл болду..Суйуубуз отто кучтуу болтат....Тан калам кээде жолдошумдун бир жери оооуса менин да ошол жерим ооруйт...Кээде менин бир жерим ооруса жолдошумдуку ооруйт экен....Анан байкап кордум башын ооруган жокпу десем ооруп жатат дейт меники да орруйт.Тан калып калам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 04:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: