Суперстан: Түндөр узун. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түндөр узун. Эх турмуш, сенин сынооң бүтпөйт.

#21 Пользователь офлайн   dobrajelatel   11 Сентябрь 2019 - 16:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Аттин ай бутуп калды....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Сентябрь 2019 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Айэлес кеткенден кийин Темирлан аябай озгорду. Кичине убакытка тарбиячынын козу нары карап калса болду, заматта чырды баштайт. Мушташып кетип, озу тендуулорду, ал тургай озунон улууларды да ыргыта коет. Мунун мындай терс кыялы , тарбиячылардын коонуно кок таштай тийген. Жетип келип баланы кежигесинен апчып, башы козго койгулап калышат:
-Жарыбагыр, ушу сенин азабын отту баарынан да.
Бала дулдундайт:
-Оздору баштады алар.
-Ооба, мындагылардын баары жинди, бир эле сен тазасын. Тарамыштай туйулуп, деги кучтуулугун кантесин, бас мындай арам чечек! Кечки тамак жок сага.
-Эмнеге мен...
-Дагы каяша суйлоп коет ырысы жок, тан атканча тетири карап тургузуп койбогонума кубан, жоно болмоно!
Мына ушундай. Анын конулундо эмнелер бар, эмнени каалайсын деп сураган жан табылбайт бул жерде.
Кокурогундо бир ыза аны буулуктурат да турат. Ыйлайын дейт, бирок озун кадыресе жигит сезип, кир колдорунун муштумун туйо калат. Намыстанат. Эжесинин мээримдуу тигилгенин сагынып журду, ар дайым жазага тартылган убакта артынан ээрчий кирип, бар тамагын болушчу эле.
Азыр болсо,"эркелээрин болбосо,эмшиндеп ыйлап не пайда!" деген сыяктуу корунуш.
Эч кимге кошула албай, акыркы кундору жудой да тушту. Ачыгып калган карды курулдап , уктай албай кыйналып жатты.
Дагы чексиз карангылык каптаган тун кирди. Эми ал тундун качан бутоору белгисиз.
Мынчалык коркунучтуу, мынчалык муздак болбосо бул тундор!?
Бул азаптуу кундор, тупсуз карангылыктын чеги барбы, бул тозоктон кутулуу деги мумкунбу?
Озунчо ойго баткан бала аргасыз уйкунун бийлигине баш ийди.
Ойгонсо тошончусу жерге шыпырылып тушуп, бурушуп жаткан экен.
Ангыча тарбиячынын чанкылдаган жагымсыз уну угулду:
-Тургула балдаар!
Эшиктерден, эрте жаздагы козулардай жыбырап, жетимдер короого чыгышты. Кундо эртен мененки тартип ушундай. Конугуулорду жасоо керек деген шылтоо менен, колуна узун чыбыгын кармаган, суук жуздуу эжейи алардын мандайына келди:
-Кана баарын тегиз тургула! Кечоо туну дагы кимин дааратканага жетпей калдын, тошончуну булгагандардын жазасы кандай болоорун билесинер да, озунор мени айттырба бул жака келгиле!
Узун чыбык "чып чып" эте буттарына, жоон санына чабылат балдардын. Денесинин ачыштырганына чыдабай, кээ бир жууну боштору бакырып ыйлап да жиберишти:
-Жап оозунду, кайсы арына ыйлайсын, буларды адам болот деген биз келесоо, адам болбойт булар!
Деги эмнеден жазды экен бул жетимдер?
Бул корунуштон заарканган Темирлан коздорун жумуп алды. Азыр дагы оз башымча аракет кылса, бугун кечке да ачка калаарынан коркту. Колдорун жууп, кырка тизилип олтургандан кийин, качан гана "жей бергиле" деген буйрук болоор экен деп кутуп калышты. Столго эми отура берген Темирланды эжейи токтотту:
-Сен кайда?
-Тамак ичкени.
-Сага ким уруксат берди?
Ангыча болум башчынын уну угулуп калды.
-Эмне болду дагы?
-Темунун жазасы..
-Тим койчу эми, ушул балага эле жармашып калдын да, бер тамагын!
Кудай жалгап Темирланга да бир кесе тамак тийди. Жаман коздору менен караган тарбиячы алдына эки тилим нанды коюп койду.
"Жетим журуп жетилээр" дейт. Балким тарбиячылар жанылып жаткандыр. Мумкун келечекте булардан мыкты инсандар чыгып калаар? Эмнеге адамдар мынча ташбоор болобуз?
Темирлан Айэлести зарыга кутту. Ал учун бар жашоодо бир гана жалгыз адамы, эжеси болчу. Кундо жол карап, тундосу жаздыкка башын койгондо, анын келишин, кубуроп тилек кылат.
Кундор отуп жатты. Бала куто'куто акыры умуту очуп, тунуло баштады. Баё сезими менен, эжесинин келбегенин колунан келишинче жакшылыкка жоруп, сезиминде аны коргоп жатты. Бирок бала деген бала да. Бара'бара умутсуздукко жендирип баратты.
-Бул жерден кетишим керек!
Акыры ушундай чечимге келди. Азыр ушул тозоктон кутулса эле, сыртта аны укмуштуудай жашоо кутуп жаткандай сезилди.
Эн негизгиси ушул жерден кетсе болду, эптеп жашап кетет. Андан башка толгон адамдарды кучагына кысып, багып жаткан шаарда, кантип ушул таштандыга орун табылбай калсын? Табылат созсуз!
Озуно озу дем бере, чанкалайдын чак тушундо эле, тарбиячылардын козун жазгырып качып кетти Темирлан.
Оозунан кобук чыкканча артын карабай жугурду. Артынан куугун жок экенин билгенден кийин демин баса туруп калды. Качышы качып чыкты, эми кайда барат?
Копчулуктун арасында делдейип, ону бозоргон койнок,тизеси чыккан шым кийип, ошол оспурум келе жатты. Мурдунун жанында нокоттой капкара калы, анын суз жузун бир аз жашыргансып, озуно жарашып турат. Шаардан башы айланып, кайда бараарын билбей делдирейт. Ыйлагысы келип чыкты. Оюнда шаарды кыдырып журуп Айэлести табам деп ойлогон. Ушундай кен шаарда,же анын жашаган жерин билбесе, же мурда'кийин озу жалгыз сыртка чыгып корбосо кантип табат? Ушул жонундо ойлонбоптур да...
Тунду эптеп откорду. Кайырчылар жаткан жерди паанектеп, ошолордон ашкан катып калган нанды жалмап жеп алды.
Шаар кымгуут. Улам ар ким жоолоп кетет. Кебетесине карап,"кимсин" деп сурап койгон эч ким болбоду. Башы айланып, кайсы кочого тушконун да билбейт.
-Эй чон жигит?
Артына бурулса формачан эки милиция турат. Колун жансап, дагы кыйкырды:
-Эй, мен сага айтып жатам, бас бери!
Журогу жамандыкты сезгендей, Темирлан качып жоноду. Атаны байкуш айе ары жок,качып кайда бармак эле, эки аттап жеткен формачандар аны желкесинен апчый кармашты:
-Чычым десе, колго туштунбу?
-Озун жигит сезип калган тура!
-Бас мындай, мен сага коргозом качкан кандай болоорун!
Кагазга бирдемелерди жазымыш болгон экоо, кыйчылдап аран жургон унаасына баланы салышты да айдап жоношту.
Кайра эле ошол жер! Темирлан ал имаратты коргондо коркконунан ыйлап жиберди:
-Байкее, мени кое беринизчи?
-Хе, эми сага байке болуп калдыкпы, туш унаадан!
Керектуу адамдарга тапшыргандан кийин тиги экоо оз жолуна тушту.
Колго тушкон коендой болуп бужурогон жетимди эми кандай кылып жазаласа, чондордун оз эрки.
Чыныгы азап эми башталат корунот!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 11 Сентябрь 2019 - 19:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Сентябрь 2019 - 20:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Эмнеге качтын?
Жооп жок.
-Эмнеге качтын дедим сага?
Темирлан дулдуюп унчукпады.
-Мэ сага!
Денесинен тамтык койбой сабады баланы. Бирок бакырып ыйлап, кечирим сурабады Темирлан. Буулугуп ыйлап,тиштенип тура берди.
-Мунун чыдамдуулугун карасан, жакшылык жарашпаган, сени ушунча убакыттан бери ким бакты, ким чонойтту, бизге айткан рахматын ушулбу сенин, дагы сурайм, эмнеге качтын?
-Жон эле.
-Тажап калдынбы эмне, же ырысы жок эженин артынан кеттинби, ал азыр озун багуу менен алек, сени кайдан эптесин, жанын чыкпай кое тур, кетесин бир куну, ошондо эле жыргап кеткенинди кором!
Бала эч бир созду укпаган сыяктуу. Ал учун эми баары бирдей. Мындай корунуштон ого бетер ызырынды эжейи:
-Эртенден баштап, сенин бош болгон кунун болбойт, качан мен уруксат бермейинче жатпайсын дагы!
Ошол кундон баштап, ал жердеги ишчилердин баары бир кундон кезектешип баланы оз уйуно алып кетише турган болду. Керээли'кечке суу ташытат, отун алдырат баланы. Короо тазалайт, мал багат. Балдар уйуно келгенде болсо таштандыны ташып, чункурга алып барып тогот.
Оозунан кара суу келип, карды ачканынан башы айланып отура калганын коргон эжейи жетип келди:
-Ии, эмне отуруп калдын, кеч киргенче ушунун баарын ташып бутпосон сага эч нерсе жок!
Темирлан чымыркана жумушту аягына чыгарды. Бирок ага балдар менен отурууга да тыюу салышкан. Ашкананын бир бурчуна отургузуп, ысытма тамакты алдына койду:
-Батыраак жеп, тиги бурчка барып жат, эртен эрте сага жумуш бар!
Алар Темирланды экинчи качып кетпей турган кылып тарбияламак болушту. Ойлорунда аны мокотуп жатабыз дешти го?
Бирок ал тескерисинче курчугандан курчуп отуруп, акырында бир сезими жок макулукка айланып баратканын эч ким сезбеди.
Тунт тартып, озунчо эле бир ааламда жашап калды.
Бугун да балдардан болунуп алып оз жумушун аткарып жаткан. Тарбиячы бойрогун таянып козомол кылып турду. Короонун алдында ойноп жаткан кичине балдардын бири чуркап келди:
-Тему сага келишиптир.
Темирландын тартылып турган мууну бошой тушту:
-Айэлес, эжем , эжем келиптир! Ичинен ушуну ойлоого улгурду. Колундагы курогун таштап жугурмок болду:
-Токто, сен кайда?
Бала аны угуп да отурбады. Чындап эле ,короонун темирине жармаша моюн созуп карап турган Айэлес экен.
-Темуу?
Эжеси колун булгалады. Иниси жугургон бойдон барып эжесин кучактап калды:
-Сени келбейт го дегем, эмнеге жоголдун?
Айэлес инисинин жудоо кебетесине кейий, кир чачтарынан сылады:
-Жакшы журосунбу?
-Озунчу озун, ооруган жоксунбу?
Экоонун суйлошуп отурганын коруп тарбиячы эмнени ойлогонун ким билсин, айтор унчукпай тим койду.
-Тему эмнеге качып кеттин?
-Сени издедим?
-Менин кайда экенимди билбейсин го?
-Анда эмнеге озун келбедин?
-Темуу, мени укчу. Мен да аракет кылдым келгени, бирок келе албай журдум, бул дегени сени унутту дегени эмес да?
-Сени сагынам мен !
-Аз калды, буйруса сен да мындан чыгасын, анан экообуз чогуу жашайбыз.
-Мени азыр эле алып кетчи, сени озум эле багып алам, менин колумдан баары келет, эч кандай жумуштан баш тартпайм.
-Сабыр кылсан боло? Мына бул койнокту сага алып келдим, анан сен жакшы коргон манты, жеп алчы?
Сугунуп тамак жеп жаткан инисин коруп, Айэлес тамагына келип калган жашты куч менен ары коздой туртту. Бир туугандык сезими менен, инисинин кыйналып жургонун билип турду.
-Эже мен кетким келип жатат, сен жок кыйналып кеттим.
-Чыда,мени кут, мен созсуз келип алып кетем сени!
Эжесин кылгыра тиктеп кала берди Темирлан. Бурулаары менен козунон тогулгон жашты аарчыганга алы келбей ыйлап жатты эжеси.

Айэлес да ал жерден кетээри менен жыргап кеткен жери жок. Колунан келген бардык жумушту аткарды. Курсагы тойгон жерде баш калкалап журду. Бир болмону озуно тен туш кыздар менен ижарага алып, ошол жерде олбостун кунун корду. Ал кезде чын эле адамдарда кайрымдуулук жокпу, же кайдыгерликтин кучу ушунчалык зорбу, айтор ага да жардам берээр киши табыла койбоду.
Чакан ашкананын полун жууп, идишин жууп, жарыбаган тыйын алат. Аны да жебей'ичпей, эч кайда баспай чогултат.
Бирок жалгыздыктын, жетимдиктин куну курусун! Куткону Темирландын жанына келиши. Эгер ал жанында болсо, жок дегенде суйлошоор кишиси табылат, ал учун да ошол таштанды баладан башка бул дуйнодо сураар адамы жок.
Ошентип журуп, жылдарды артка сурду кыз. Эртен Темирланды жанына алып келет. Кубанганынан туну менен уктабай, тан эрте ойгонуп, инисине жоноду. Камкордукка озум алам деп суйлошуп, керектуу кагаздарына кол коюп берип, Темирланды ал жерден сууруп кетти.
Мына эми. "Эки бакыр бир тукур" болуп жашашат. Терен дем алган иниси кубанганын жашыра албайт:
-Эже эми сенин уйундо жашайбызбы?
-Ооба.
-Мен эмне кылам?
-Мындан ары кандай жашайм деген оюн бар, алдыга койгон максатын барбы озундун?
-Бар!
-Коош?
-Мен иштейм, кооп акча табам, сени багам?
-Сен мени баксан мен эмне кылам?
-Сен жон эле жашайсын!
Айэлес башын чайкап кулду.
Жок дегенде ушундай бир туугандан айтканына Жаратканга ыраазы болуп кетти. Андан аркы жашоосу бир аз болсо да оноло баштады. Темирлан баарыбир эркек эмеспи, базарда араба туртуп, кээ куну бироонун жумушун жасай коюп, Айэлеске чон жардамы тийип жатты. Эжесинин жакасын кирдетпей жууп, кечинде келгенде ысык тамак кылып койгонун жакшы корот. Канчалык дулдуйганы менен ал деле ысык жан эмеспи, жакшы мамилеге жакшы созго жибип, кыялын да бир топ ондоду. Эжесинин бир созун жерге таштабайт, буйругун кыйшаюсуз аткарат:
-Эже?
-Ии?
-Менин тапканым экообузго жетет, сен эми окуп алсан жакшы болмок?
Инисинен мындай созду угам деп кутпогон Айэлес коздорун ирмеп туруп калды:
-Окуп дейсинби?
-Ооба эже,сен чач тарач болом деп кыялданчусун го, эмне унутуп калдынбы?
-Муну кара, мен кыялданууну да унутуп калган экенмин, сенин эсинде бар экен!
-Мен эми чонойдум, сени коргогонго кучум жетет, жок дегенде бирибиз кыялыбызды орундаталы.
-Сен кыйналып калбас экенсин?
-Мени кое тур, озунду ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Сентябрь 2019 - 21:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Азиздин салабаттуу кебетесин коргон тарбиячы бир аз сурдой тушту:
-Сизге ким керек эле?
-Зуура деген аялдын ушул жерде иштегенин уккан элем, ал азыр кайда?
-Ал биротоло бошоп кеткен?
-Канча болду кеткенине?
-Коп болбоду?
-Ал кайда тураарын билбейсизби?
-Жок байке, мен бул жерге жаны эле жумушка орноштум, мен эч кандай маалымат билбейм.
-Аа балдар тууралуучу?
-Бизде алар тууралуу ооз ачканга да мумкун эмес, тартип ушундай!
-А мен болум башчыга жолуксам болобу?
-Бул жерде дээрлик жаны жумушчуларбыз, сиз издеген адамды табууга анын деле жардамы тийбейт го деп ойлойм!
-Мен баарыбир жолугушум керек!
Азиз мандайында отурган орто жаштагы адам менен бир топ суйлошту. Арандан зорго, ошол жылдары иштеген тарбиячынын дарегин алууга жетишти.
Азиз акыркы кундору аялынын ооруп жургонун билип жургон. Ага дары'дармек деле эч кандай таасирин тийгизбейт, анын эмнеге мындай абалга тушконун кантип билбей калсын? Озунун уулдарын оз алдынча тутун булатып жашаганына коп болду, аларды да оздоруно жараша кызмат орундарын даярдап берип, оз жолуна салганча да бир топ убакыт отуп кеткен. Аялына берген убадасын орундай албай жургонуно кейип,эми мынтип озу шымалана киришти. Оо башта эле ушундай кылганда балким баары башкача болоор беле ?
Берилген дарек боюнча издеп барып, бир эски уйдун тушуна келди. Дарбазаны эски кулпу кайтарып турат. Кошуналарына кирип сураганга аргасыз болду. Кочону караган секичеде арык кемпир отуруптур, туура ага кайрылды:
-Апа кечиресиз, Зуура деген жалгыз бой аял ушул жерде жашайбы?
-Ыя, а ооба жашайт эле?
-Азырчы, азыр жашабай койгонбу?
-Ооба, кочуп кеткенине коп боло элек, кызыныкына кетиптир дешкен эле?
-А кызы кайда турат, сиз билбейсизби?
-Мен кайдан билем балам, азыр келинимен сурайынчы, журу артыман!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Сентябрь 2019 - 22:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Азиз Зууранын дарегин тапканча суй жыгылды. Ошентсе да тунулбой, издеп журуп акыры тапты. Озу нарагынан тажаал, ырайымсыз аял Азизди таныркай карады:
-Кызык, мен ал баланы издеп келишет деп тук ойлогон эмесмин!
Азиз чебелектеп жиберди:
-Деги тируубу, барбы ал, азыр кайда?
-Тируу.
-Өх кудайга шугур!
-Ал сенин баланбы?
-Ооба, ал менин балам, кабарын айтынызчы, аны коро аламбы?
"Сендейлердин далайын коргом" дегенчелик кылып , Зуура копко маалкатып турду:
-Сенин балан болсо эмнеге ушунча убакыттан бери келбедин?
-Ал сиздин ишиниз эмес, болгону анын кайда экенин билсем болду!
-А мен билбейм кайда жургонун.
-Кандайча билбейсиз, анын тируу экенин ишенимдуу айтпадынызбы жаны эле ?
-Ал онойчулук менен оло койчу бала эмес, тируу экени чын!
-Эмне маалкатасыз?
Зуура баланын тарыхын кыскача айтып отту. Азиздин жок дегенде бир суротун корсотуусун жалдырап сураса да конбой, аны суук коздору менен карай, коштошпой да кирип кетти.

Ичинен суйлонгон Азиз унаасына отурду.
Жолдордун жаман экенине карабай, катуулап журуп келди.
Эшиктен эле кыйкырып келип, каалганы койгулады:
-Анаш, Анааш? Уйдосунбу?
Азиздин коптон бери мындай абалын корбогон аялы да бирдемеден шек санай, дилинде очуп бараткан умут оту кайра жанды :
-Эмне болду таптынбы?
-Ал бар экен, анын дайынын билдим .
Колундагы идиши шагырай жерге тушуп, жолдошунун кучагына бой урду аялы:
-Оо кудай, жок дегенде тируу экенин билдим,чурпом аман экен! Ыраазымын сага!




...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 11 Сентябрь 2019 - 22:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Umka..00   11 Сентябрь 2019 - 22:12

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Журогум ооруп кетти......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Merelisha   11 Сентябрь 2019 - 22:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Бали!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Сентябрь 2019 - 23:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Айэлестин чачтарачтын окуусун бутуруп, эми жумушка орношом деп жургон убагы болчу. Инисинин кубанычтуу жузун коро, ичинен жакшылыкка жоруп койду:
-Жакшы кабарын барбы?
-Ооба, бугун унаанын тетиктерин ондоочу жайга жумушка орноштум. Жакшы байке экен жардам бермек болду
-Жакшы болуптур да?
-Эже, кызыгы ал да балдар уйундо чонойгон экен, кебетемди бир карап туруп эле шартымды тушунуп койду.
-Анан? Адатынча дартынды алдына жая салбадынбы?
-Жоок ай!
-Деги этият бол дейм да, мен да бугун жумуш таптым.
-Муну жакшы кабар десе болот эже?
-Буйруса эртенден бара баштайм го, анан сага да жардам берем.
Ошондон тарта, эки бир тууган эртен менен кечинде эле корушпосо, кундузу кечке жумушта болушат. Айэлес жумушту оной уйронуп кетти. Келген кардарлар менен пикир алышуу ал учун эн негизги жумуш боло турган. Анын мамилесинен эле кундон'кунго кардарлардын саны осту. Элпектиги жанда жок, мындай жумушчуларды албетте колдон чыгарууга болбойт эмеспи? Жетекчиси да жакшы корот кызды.
Акыркы убакта кардарлардын арасында бир чоочун пайда болгон. Чачы андай деле оспойт, бирок бир жумада,же 10 кундо созсуз келип, кыздын колунан кырктырып кетет. Ал келгенде баары "Айэлес, сенин кардарын келди" дешчу. Оттуу коздору менен кызды теше тиктейт. Андай учурларда кыз озун эркин кармап, колунан келишинче сылык мамиле кылууга аракет кылат.
Бара'бара бул коздор кызды арбап баратты.

Жайдын эрке куну заматта бурколуп, андан мындан пайда боло калган булуттардан жамгыр тогуп кирди. Айэлес жука койнокчон эле, сыртка чыгып маанайы чого тушту:
-Кап эми, ушул кундун жааганы ай!
Канчалык кетенчиктебесин, баарыбир кетиши керек эле. Анын жумуштан чыгышын эле кутуп тургандай, чоочун адам пайда боло калды:
-Кандайсын, жамгыр жолуна тоскоол болуп жатабы?
-Ой сиз белениз?
Адамдын сыртына карап баа бербе деп туура эле айтышкан, адамды антара тиктегени эле болбосо ал жадыраган жакшы инсан экен. Суу жетпей, какыраган чолдой соолуган кыз конулу, мындай мамилени коптон бери кутуп жургону чын болчу. Аны жашырганда эмне? Бул табияттын чындыгы. Ар нерсенин оз убагы келет,ал тургай осуп турган гулго деле кундун нуру, тамырына суу керек го? Анын сынарындай ,жакшы созго суусап турган кыз конулу аздап жумшара тушту:
-Ар дайым бир гана мага кардар болгонунуз жон эле дал келуу эмес тура?
-Албетте, мен сени коптон бери байкап журом.
-Эмне учун?
-Себеби сен мага жагасын! Оройлугум учун кечиресин го, бирок мени оюндагы нерсени убагында айт деп уйротушкон!
Кыз жооп кайтара албады. Ал деле кыз кылыгын кылып тартынгандыр. ..

Айэлестин унаада уйго келишин жактырбагандай иниси алдынан чыкты:
-Ким тиги?
Жигит менен коштошкон Айэлес бери коздой басты:
-Тему, кыялынды тушунуп болбойт, эмне кабагынды саласын?
-Ким дебедимби?
-Жон эле кардарларымдын бири, жамгыр жааганы себеп...
-Озун эле келип журчусун го?
-Темирлан?
-Кечир эже!
Иниси бир кун мындай абалга тушоорун элестетип да корбогон,Айэлести омур бою жанында журо берет деп ойлогон. Азыр да бир тууганын кызганып, озун коерго жер таппай туталанып кетти . Бул эмне сезим экенин тушуно албай турду .

Ушул эле убакта , жакын эле жерде аны оз энеси буту куйгон тооктой жугуруп издеп жургонун билбеди жигит.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 11 Сентябрь 2019 - 23:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Sushi_wok   12 Сентябрь 2019 - 09:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жашоонун кызыгы суйуудо болсо керек. Эгер андай болбосо Айэлестин жашоосу эмнеге туп'тамыры менен озгорду? Мумкун ошол улуу сезимдин келгенинен болуп журбосун?
Омуру башка бироонун камкордугунда болуп, мээримине болонбогон кыз чындап жашоонун башка тусу да бар экенин сезди. Дуйно кызык сезилди, жашагысы келди.
Кор оокаттан башка да бул жашоонун кызыгы бар экенин туйду. Ананчы? Ал чоочун адам жашоосунда пайда болгондон бери, окшош кундору да кызыктуу.
Ал кыздын абалын сурайт, ооруп калса кабатыр болот, жумуштан чыкканча кутуп отура берет. Оюнда эмнелер бар экенин ким билсин, балким чын журоктон эле жакшы коргондур.?
-Сизби?
-Сагындым сени!
Жигит карылуу колдору менен кызды бекем кучактайт.
Анын жытына мас боло, Айэлес да акырын коздорун жумду:
-Уйго барайын, кеч болду?
-Айэлес, кел уйлонуп алабыз?
-Иним жалгыз калат го?
-Эми ал чон эле жигит, сени тушунот болуш керек?
-Баарыбир аны жалгыз таштап кеткенден корком, анын менден башка эч кимиси жок!
-Бирок акыры бир кун ушундай болушу керек да жаным?
-Азыр эмес, бир аз шашпай туралы.
Ошондо макул болуп, тугой болчу адамынын колун кармай бергенде эмне?
Жан дуйносундо эми гана пайда болгон умуттору заматта бырчаланып, тунгуюкка кептелээрин билбеди. Адам баласы озу ушундай. Качан гана бакыт кушу башынан учканда анан козу ачылат. Анан омур бою окунучтон озогу орттонуп журуп отот.

Темирлан Айэлести эч кимге кыйбайт. Эгерде ата'энем болгондо, мен да коргон жердин перзенти болгонумда азыркы абалга тушпойт эле деп капаланат. Анын ойлуу жургонун коруп, байкеси кепке тартты:
-Жигит абалын кандай?
-Ал жакында мени таштап кетет.
-Ну , сен ага бакыт каалап кой, озунду иниси катары корбосон да, чыныгы эркек катары.
-Мен андай кыла албайм.
-Эмнеге? Ал деген сен учун коп нерсе жасады, бейтааныш эле адам андай кыла албайт. Кыялынды корсото берсен, бир куну сенден баш тартат. Ал деген аял, баарыбир акылы кыска болот.
Темирлан ойго батты. Байкеси да жумушту таштап коюп, коп убакта жоголуп кетчу адат таап алган. Кээ кундору тун бир оокумда келет да, кайра "шып"этип жоголот. Унаанын тетиктерин козун жумуп да ондоп койчу Темирлан учун жалгыз иштеген кыйын деле болгон жок. Жумуштан баш которбой , озу менен озу журо берет.
Бир куну тундо уйкусурап жаткан. Капыстан терезе ачылып, байкеси кирип келди. Тангалганын жашыра албай, Темирлан козун ушалап тура калды:
-Байке, эшик турса тешиктен киресин да?
-Чшш, акырын суйло!
Байкеси куйполоктоп, ансыз да тар болмонун тозонун чыгара, бир бурчун чукуп кирди. Жарыкты да куйгузбоду. Бир топто дубалдын бир жеринен баштыка оролгон бирдемени сууруп чыкты. Темирлан оозун ачкан бойдон эле тура бериптир. Баштыктагы акчалар экен. Ал омурундо мынчалык коп акчаны корбогон. Байкеси тангагы менен эсептеп, артына асынмай сумкасына акчаларды салды. Азыраак болуп алып, Темирландын алдына ыргытты:
-Мага капа болбо жигит, жашоо ушундай ырайымсыз. Курошпосон болбойт, алдагы кебетен менен журо берсен, сени бат эле жыгытып коюшат. Эркек бол! Кандай учур болсо да эркек экенинди унутпа, кош!
-А сиз кайда?
-Мени коргон жокмун десен кутуласын!
Чачылган болмонун ортосунда, байкеси берген жашыл акчаларды кармап жалгыз калды Темирлан.
Чын эле эртеси орган кызматкерлери келип, кичинекей устакананын тамтыгын калтырбай тинтишти. Темирландан пайда жок экенин билиштиби, айтор коп деле кыйнашпады. Арест тартып, устакананы жаап коюшту.
Эми туруктуу жумуш таптым дегенде, мындан да кол жууп отуруп калды жигит. Эми дагы кайсы тоого барып урунат десен?

Айэлес озгоргондон бери Темирлан да озгоргон. Унчукпай чайын ичет, эжесине суйлобой да калган.
Эжеси бул абалдан кантип чыгаарын билбейт:
-Тему жумуштарын кандай?
-Жакшы эмес.
-Жайчылыкпы?
-Башка жумуш издейт окшойм, ал жер жабылып калды.
-Ошого да кайгырасынбы, коп эле сыгыла бербечи?
-Эже, мен сенин бактылуу болушунду каалайм, артындан мен сурап барбасам ким барат, ошондуктан мен иштешим керек, коп акча табышым керек.
А сен менден кабатыр болбо!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 12 Сентябрь 2019 - 09:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   dobrajelatel   12 Сентябрь 2019 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Автор качан улантасын? Улам жазып калды бекен деп баш багып эртеден бери.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Nostalgia   12 Сентябрь 2019 - 18:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 04 Март 19
  • Соңку аракети: 03 Май 2025 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Сушии кайдасын?! Кутуп кутуп козум торт болдуго...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Sushi_wok   12 Сентябрь 2019 - 19:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Анара Азиздин кун'тун дебей баласын издеп жургонун коруп, бир чети ага болгон сый'урматы ашса, бир чети аны аяп кетти. Уйго кирпигинен тартса жыгылчудай болуп келет, жакшы кабары болбосо коздорун ала качып, аялын эмне деп жубатаарын билбей кыйналат. Аны Анара кантип сезбей калсын? Ушунча убакыттан бери бул корунушко жедеп конуп деле бутту. Эгер Жараткан табыштырбайм десе, пендесинин колунан эч нерсе келбейт тура? Болбосо жакын эле журушот, ошол эле шаардын бир башында алар, бир башында баласы. Кантип эле табышпайт?
Анара баары уктагандан сон Азиздин жанына келди:
-Азиз?
-Кымбатым, сени да тушуном, бирок ...
-Азиз, мен сага эки дуйно ыраазымын. Эгер сенден башка адам болгондо, жон эле менден баш тартып коймок. Сен андай кылбадын, мени менен кошо кайгырдын, мен сендей адамга жар болгонумдан сыймыктанам. Сенден омур бою карыздармын, мага кылган жакшылыктарынды мен бул дуйнодо кайтара албайм,ал учун кечир!
-Анаш, сен эмне мени таштап кеткин келип турабы,мени коркутпачы?
-Коркпо, мен эми кааласам да сенден кете албайм, анткени мен да сени жакшы кором! Кызыбызды таштап кайда кетмекмин?
-Алтыным озумдун, биз да сенсиз кандай кунго туш болмок элек, мен да алдында озумду алсыз сезем.
-Андай дебе, сен ал тургай менден эч нерсе талап кылбадын, мен жок эле дегенде кызыбызга шерик алып келе албадым. Эми сага айтаарым аны издебей эле кой!
-Эмнеге?
-Мен тунулдум, баламды кайра корууну тагдыр мандайга жазбаса нетет элек, анын тируулугун билем, ошол мага жетет, ушунчалыгына да рахмат сага!
-Анаш, мени кечирип кой!
-Кечирим сураба, балким Жараткан озу каалабай жаткан чыгар, мен андан капа болбойм, бул мага берилген жаза! Мен аны омурумун аягына чейин отойм. Эми балдарыбыздын алдында деле уят,Нурайым да бой жетип калды, ага да жетиштуу конул бура албай жатабыз, сени коп сурачу болду.
-Балким табылып калаар Анаш, умутубузду узбой туралы?
-Мен айтаарымы айттым, эми урунба!
-Сенин абалынды коруп, кантип сенден талап кылмакмын. Сен кылган жакшылыкты башка адам кыла алмак эмес, менин балдарым сенин балдарын, капаланба жаным!
Менин ушундай акылдуу жубайым бар турбайбы, келчи ооп коеюн?
Чын эле жашы ортолоп калса да, кечээ баш кошкон жубайлардай жашашты. Азиздеги чыныгы эркектик сапат, Анаранын себепсиз жашын токподу, ардактап жашады. Бул бакыт эмей эмине? Мындай бакыт туш келген эле адамга бериле бербейт.
Азиздин уулдары чет жерде окуп, чет жерде жашады. Уйлонгондон кийин да бат эле кайра кетип калышкан. Эмгек оргуусуно чыкканда гана, жылына бир ирет келип турушат. Нурайым да ЖОЖ го окугандан бери, коп убактысы сыртта ото турган. Колунан келишинче апасына жардам берет. Анара озун бактылуу сезбей кое албайт эле,оз баласына болгон кусалыгы, жанына баткан ооруга эми конуп калгандай. Качан болсо оорутат да турат. Бирок эми кеч, эмне кылса да кеч! Озу айтмакчы ал оору, олоор'олгончо озу менен бирге жашайт. Ошондуктан ал ооруну деп, Азизди да кыйнаганын токтотууну туура корду.
Быйыл жайында Азиздин чон уулу келмек. Откон жумада атасына байланышып, жакында бараарын, колунан келсе ошол жакта калып, жашаарын айткан. Бул кабар атасы учун чон кубаныч болчу. Айтса'айтпаса тогунбу, мынтип кызы да бой жетип калды, ал да эртен турмушка узаса чон уйдо соксоюп жалгыз калышат. Озу болсо кечке жумушта болот, дагы да болсо жалгыз калган аялы. Аны ойлоп кабатыр болуп жургондо, бул кабардан чекеси жарыла суйунду.
Бугун жумуштан эрте келип, коюн союп, Анара куурдак кууруп, короого дасторконун жая салып, балдарын кутуп калышты. Бой жетип калса да секелек кыздай эркелеп Нурайым журот. Ал да бир тууганын коптон бери корбогонго сагынып калган туру бар. Азиз озу барып уул'келинин аэропорттон тосуп келди. Уулу Анараны ийкемдуу кучактап, чекесинен опту:
-Жакшы турасыздарбы?
Башынан суу тегеретип Анара да баланы кучактады:
-Келгиле , келе койгула!
Кичинесинен шаарда чоноюп калган келини , анчейин бул уйду жактырбады. Батыштын жаштарындай тарбияланып калган аны деле тушунсо болот. Бир уйдун эрке кызы экен. Келиндик ийменуу, эрте туруп чай коюуу ал учун жат эле.
Уйдун бардык туйшугун озу билип жасап , озунон башка эч кимдин колун тийгизбей конгон Анара унчукпады.
Кеч калып ашканасын жыйнап жаткан апасынын жанына уулу келди:
-Келинин уктап калдыбы?
-Ооба, бугун кечке базарлык кылып келдик, чарчады.
Ушул убака чейин бир да жолу жумшак кайрылбаган уулу Анаранын жанына келди:
-Мам, сенден бир нерсе сурансам болобу?
Аялды башкача сезим аралады. "Мама" деген соз ал учун озгочо угулуп кетти.Аны билгизбегенге аракет кылып тамагын жасады:
-Айта бер уулум,угуп жатам.
-Мама, келинин менен суйлошуп корсон кантет. Кош бойлуу, бирок алдырам деп жатат.
Анара чоочуп кетти:
-Эмне учун?
-Азыр деген жашмын дейт, шашпай торойм дейт, мен кондуро албай койдум. Конулуно карап отуруп, таптакыр эркелетип жиберген окшойм.
-Э кокуй, ошол кантип болсун?
Анара оозунан кеби тушуп туруп калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 12 Сентябрь 2019 - 19:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Nostalgia   12 Сентябрь 2019 - 19:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 04 Март 19
  • Соңку аракети: 03 Май 2025 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Сонун жазып атасын! Ийгилик!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   janumbalam   12 Сентябрь 2019 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 144
  • Катталган: 25 Апрель 19
  • Соңку аракети: 27 Янв 2022 05:30

Темирландын балдар уйундогу жашоосу кадимкидей коз алдыма элестелип келди. Айрыкча суукта эшикте калганы, эжеси келгенде курсагы ач тамшанып мантыны жегени((((
Чон рахмат Суши улант ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Sushi_wok   12 Сентябрь 2019 - 23:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Маам, койчу кайдагыны айтпай, азыр деген биздин эн сонун курагыбыз. Жаштайыман бала деп, анан анын туйшугу, кирин жууп,эмизип, кокурогумдун да формасы кетип, фуу-у, айта берсен тугонбойт.
-Ошол кантип болсун кызым,жашында тороп албасан кийин озуно кыйын болот.
-Ой мен бала менен уйдо олтурайын, баланыз шапар тээп журсунбу, не-ет, мен ага ыраазы эмесмин?
-Куйоон озу каалап жатпайбы баланы? Демек эч кайда кетпейт, тескерисинче уйго шашып келет, силердин ортонордогу ынтымак да бекемделет балам. Мен да жашымда ушундай ката кетиргенмин, кийин окунуп каласын, менин катамды сени кайталабасын дейм кызым.
-Мени кондуром деп убара болбо, мен бул баланы торобойм!
-Торойсун!
Келини коздорун ирмеп'ирмеп туруп берди. Ар дайым жоош журчу кайненесинин кесе атканын укмак тургай, эстей албайт. Эмне десе да коштоп, жон эле жылмайып койчу:
-Мама сен, сен мага..
-Ооба, ушул уйго келгенинден бери сага бироо катуу айттыбы, же басымын откордубу? Эмне мынча чыргоолоносун, айтканын айткан, дегенин дегендей болуп эле келе жатпайбы? Бизди да бир жолу болсо да угуп, айтканыбызды аткарып кой! Же ушул маалга келип сенден бир нерсе сурандык беле?
-Мен азыр даяр эмесмин,мен деген карьерамды туптоп..
-Болот ал деле,бардык нерсенин оз убагы келет. Сен денсоолугу менен баланы аман'эсен жарыкка алып кел, неберемди озум багам. Даяр болгонун учун кош бойлуу болдун да, болду эркелебе!
Ушуну менен соз токтоду. Келини соз кайтара албай туруп калды. Босогодон буларды угуп турган уулу, Анаранын болмосуно артынан кирди:
-Рахмат сага апа?
-Аа сен мында белен?
Уулу унчукпай бейбак энени кучактап алды:
-Сен эн мыкты энесин, мен сени жакшы кором!




***

Жайдын салкын кечи! Парктын коркун ачкан жаштар журот. Бакты аралап эки жаш келе жатты. Бир топко чейин басып журушуп, отургучтардын бирине отурушту.
-Айэлес?
-Оув?
-Мени жакшы коросунбу?
Кыз уялынкы башын ийкеди. Жигит аны эркелете чачын уйпалап койду:
-Сенин уялчаактыгынчы, бир жолу эле айтып койсон?
-Кийин айтам?
-Качан ?
-Сага туболук жар болгонумда!
-Азыр эле тугоюм болчу, журу азыр эле жетелешип уйго кирип барабыз?
-Тему келсинчи, ал менен да ачык суйлошуп албасам болбойт, мага капа болуп журот ал.
-Ал кайда кеткен?
-Баягы жумушу жабылып , азыр башка жумушка чыккан. Эмне экенин ачык айтпайт, жумалап жоголуп кетип жатат. Бирдемеге кабылып калбаса экен деп корком.
-Айэлес коркпочу, мен жанындамын го, маакул, качан сен ыраазы болгонунда озумдук кылам.
Жигит созду бурмакка кепти улады:
- А баса, эмнеге атынды Айэлес деп коюшкан?
Кыз тунжурап туруп калды копко. Анан унчукту:
-Мени айдын жарыгында таап алышкан экен. Эжейим коп айтчу, сени таштап кетишкен куну ай толуп турган, жайдын куну болчу деп. Ошондон улам коюшкан го?
-Кечирчи жаным, жараатынды тырмадым го?
-Мен конуп калгам,эч нерсе болбойт.
-Келчи озумо!
Кызды бооруна тарта берген жигит, аны чачтарынан жыттады. Азыр алар учун, ааламда оздорунон башка эч ким жоктой эле. Жалындаган махабатка магдырашып, ушул бейпил кеч туболукко сакталып тура беришин ичтеринен каалап турушту.
Ошол кечте Айэлести узатып коюп, жигит кайра кайтты. Эртеси жумушуна чыккан кыз, жумуштун коптугунон уйго кеч кайтты. Кундо жолунан тосуп алчу жигиттин карааны корунбойт. Эмне болду экен?
Копко кутту, акыры анын келишинен умутун узгондо илкий басып аялдамага келди. Темирлан да уйдо жок болгондуктан, унуройгон уйго баруудан заарканып турган. Инисин ойлоп кабатырга тушту.
Демейдегидей автобус кутуп, шалдырай отургучка отурду. Капыстан токтогон унаадан 2,3 жигит чыга калып кызга жабылышты:
-Эй, токтогула, силер кимсинер, кое бергиле мени?
Назик кызды учоолоп унаага салышып, заматта коздон кайым болушту. Коркконунан коздору аландаган кыз, алгач эмне болуп кеткенин тушунгон жок:
-Байкелер, мени кайда алып баратасынар?
Жанында отурганынын оозунан ичимдиктин жыты келди:
-Коркпой эле койсон болот, сени жыргап жашай турган жерге алып баратабыз, "кыз жыргаар жерине ыйлап барат" дешет го деди колдурай.
Айэлесте жан калган жок.
Чын эле аябай коп журуп олтурушуп, бир чон уйдун короосуна келип токтошту. Кызды судуроп тушушуп, бир болмого алып киришти. Ыйлайын десе козунон жаш чыкпай, акылына бул корунушту сыйдыра албай эси ооду кыздын. Качан гана бироосу башына жоолук салаарда гана эсине келди;
-Сиздер кимсиздер, эмнеге алып келдиниздер мени? Жабалактап жоолугун салышып, заматта кошого тартканга улгурушту. Кызга жооп берген киши жок. Нес абалда канча отурду ким билет, озу жалгыз калганда, акырын бироо баш бакты:
-Кирууго мумкунбу?
Айэлестин алдында узун бойлуу, буркут кабак, кара тору жигит турган. Кунго куйгон жузу, булчундары, карылуу колдору айылда осконун айгинелеп тургансыйт. Айэлес ыйлап жиберди:
-Мага жакындай корбонуз, суранам мага тийбениз?
Тиги жылмайып, отургучту жылдырып мандайына отурду:
-Коркпо карындашым, мен сага тийбейм. Жолдон баса калып алып келе бергеним учун, алдында айыптуумун! Озум деле тушунбойм эмне болуп кеткенин.
Ал ойлуу карап, кызды копко тиктеп турду:
-Мени жолдошун катары коро албай турасынбы?
Айэлес чырылдап ийди:
-Убалыма калбаныз байке, арзып жургон адамым бар эле, мени кое бериниз?
Ал кызды укпагандай ордунан туруп терезеге барды. Тамеки алып чыгып тутотту:
-Арзып жургон адамым дечи? Андай адам менде деле бар болчу, бирок бул турмушта баары биз ойлогондой боло бербейт тура?
-Байке суранам, менин артымдан келээр атам да, апам да жок, мен бул жашоодо бир инимен башка эч кимим жок, мен жетим балдар уйундо чонойгомун.
-Атын ким карындашым?
-Айэлес!
-Жакшы атын бар экен, таанышып алалы, менин атым Нурлан! Анда мындай Айэлес, чырылдап ыйлагандан пайда жок, мен эми сенин атан дагы, апан дагы бир тууганын да болом, болгону мени азыр таштап кетем дебе. Бул да болсо тагдыр, башка тушкон тагдырды сабырдуулук менен кабыл алуу да эрктуу адамдын иши. Асмандагы айды алып бере албасам да, сени бактылуу кылууга аракет кылам.
Соз бутту дегенчелик кылып чыгып кетти. Кыздын жандуйносундогу озу кыялданган сепили заматта урап тушту. Аттин ай, озунун мынчалык алсыз экенин билсе да, мынчалык даражада деп кутпогон эле. Корсо дуйнодогу эн алсыз адам ушул Айэлес экен.
Муну моюнга албай аргасы жок, эми айласыз озунун тиешесине берилген тагдырды аркалап жашап кетет, же башка аргасы барбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 12 Сентябрь 2019 - 23:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   talaa11   13 Сентябрь 2019 - 02:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 24 Июнь 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:06

Тун узунда уктабай кутуп отурам,абдан сонун чыгарма экен улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Sushi_wok   13 Сентябрь 2019 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Темирлан коп кун жол журуудон чарчап, куугум талаш уйго кирип келди. Кебетеси жудоо, чачы осуп, арыктап да кеткен. Кичинекей терезеден, уйдун жарыгы корунуп, ашканада куйполоктоп журуучу эжеси корунбойт. Кунарсыз уй козуно суук корунуп, журогу шуулдап кетти:
-Айэлес, уйдосунбу?
Жооп болгон жок.
-Эже дейм?
Жугуруп эле ичкери кирди. Айэлес бул жерде коптон бери жоктугу билинип эле турат. Ашканада калган тамактын калдыктары жыттанып, бир бурчунда чычкан уя салууга жетишиптир. Жалгыз калганына ичи ачыша, унунун бардыгынча кыйкырып алды:
-Айэле -ес дейм?
Ишенбеди. Кантип эле бир ооз айтпай таштап кетсин эжеси?
Бук тушо калып, башын мыжыга унсуз ыйлап жатты:
-Кечир мени, баарына мен куноолумун, убагында кадырына жетпеген , айып озумдо. Эже кайдасын, эмнеге жалгыз таштап кеттин мени, сени эми кантип табам, сенсиз узун тундорду кантип жалгыз откором?
Ыйлаган, эркек адамга жарашпаган адат, бирок билип коюнуз конулу оксук адам ушундай болот. Анын жарым конулу ар дайым мээримге муктаж, анан анда кайдагы куч да кайдагы кайрат? Жолоп'таяган бироо болбосо кантсин?
Устаканадан жумуштан бошоп калгандан кийин,эптеп бир айдоочуга жармашып, ага жардамчы болуп алган. Ал менен бирге Озбекстан, Тажикстандан куйуучу май ташычу. Пайдасына тушкон акчанын учтон бирин Темирлан алчу. Жолдо ар кандай кыйынчылыктар болуп, кээде туну менен уктабай, ысык'суукта калып журду. Ачка калган кундору да болбой койгон жок. Бирок чымырканып, эптеп акча чогултуунун айласын кылып журду. Ошондуктан жумалап'айлап уйго келе алчу эмес. Ошентип журуп, Айэлестин кайда кеткенин да билбей ,какшап отуруп калды мынтип.
Ырайымсыз тун, Темирланды муздаткандан муздатып баратты, туну менен кирпик какпай, танды атырып жиберди.
Кимден барып сурайт? Аргасы кетип жумушуна барды, ал жердегилер да кыздын коптон бери келбегенин айтып , ийиндерин куушурушту.
Тиги ээрчишип журчу жигит сороюнун да дарегин билбейт, жок дегенде ошону сурап албаптыр. Кенешээр адамы деги жок.
Кундор ото берет экен. Темирлан айланчыктап уйдон кете албай журду. Капыстан ал кетип калса эле, Айэлес аны издеп келип таппай калчудай. Айласыз барып, жумушка экинчи чыкпастыгын айтып, озуно тийитуу акчасын алып, ал адам менен да коштошту.
Эми эмне кылса?
Кангып кечке кочодо журот, адамдардын арасынан бир тууганын таап алчудай, ар кимди шектуу карап, аны издей берет. Бирок таппады.
Айэлестен тунулуп калды. Жаман айтпай жакшы жок,аны бироолор олтуруп кеттиби, же зордуктап кетиштиби деген ойлор, кубаласа да болбой келип жатты. Акыры кунумдук тамагына болсо да жарай турган жумуш издеп баштады. Мунун жашоосу бир гана издоо менен отот окшойт.
Жарыя боюнча барып, тигуу цехине жумушка кирди. Эч кандай иштен баш тартпай кыла бергендиктен, муну оной эле жумушка алышты. Темирлан ичинен аябай кубанды. Эми уйунон алыс кетпей, Айэлести куто алат.
Кундо уйго умут менен барат. Алдынан эжеси жаркылдап чыкчудай болуп, ал жакшы коргон таттууну кундо сатып ала берет. Келгенде куну учкан торт дубал тосуп алат, маанайы тушо, эшиктин алдындагы секичеге жата кетет:
-Эжеке бир дайынынды эле билдирип койчу, мен сагынып кеттим сени!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Sushi_wok   13 Сентябрь 2019 - 13:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Эжесичи?
Ал деле жашоосундагы чон бурулушту акылына сыйдыра албай убара. Жон гана, эч кимдин кийгилуушусуз эле тагдырын чечип коюшту анын. Ыйлады,тагдырына таарынды, бирок аны майдалап отурганда эмне, акыры конуп берди, тагыраагы кондуруп коюшту. Арзыган инсанынын элесин унутууга мажбур болду кыз. Аны дилинде артынан издеп келет деп кутуп журуп, акыры ушул жашоосуна баш ийип жашап калды. Ал келбеди. Эми келген убакта деле кеч болуп калган эле.
Нурлан уйдо улуусу. Карыган атасы, козунон заары чачыраган, жаш, огой энеси, озунон эки жаш кичуу иниси менен бирге жашашат экен. Уйбулодогу абал, ушул заардуу кайнененин конулуно карап озгоруп турат.
Нурлан ага конуп буткондой, айткан создорун кулак сыртынан кетирет. Уйдогу да, талаадагы жумуш да ошонун мойнунда. Качырдай эле иштейт. Айылдын алдынкы эле уйбулолордун катарына киришет, иниси быйыл окууну бутуп келип, жумушу жок айылда жургон кези.
Атасы оорукчан, бир адамдын кароосуна муктаж, сыртка алып чыгып койсо сыртта, уйдо болсо уйдо унчукпай отура берет. Аны караган да Нурлан. Кийимдеринен бери озу которот. Айэлес келгенден бери, кирлерди жуу анын мойнуна жуктолгон.
Кечинде малдарды короого айдап келип, байлап жургон Нурлан, келинчегине кайрылды:
-Айэлес?
Жоолугун улбурото салынып, али бул уйдун мыйзамдарын тушуно элек келин, акырын жанына келди:
-Чакырдынызбы?
-Ооба, мэ бул чаканы ал?
-Эмне кылам чаканы?
-Уй саайсын!
Омуру малды жанынан коруп, ага жолобогон келинчеги коздорун бакырайтты:
-Менбии?
-Ооба сен.
-Жоок, мен саай албайм байке, мен корком.
Коркок келинчегин эркелетип, Нурлан акырын жанына келди:
-Мен озум жардам берем, коркпо!
Жолдошу заматта шуулдатып уйду саап, чаканы аялына карматты:
-Кийинкисинде озуно саадырам, бугун коруп алдын э?
Бул уйдун шартына деле акырындап конду. Эрте туруп уй сааганды, музоо байлаганды уйронду. Жароокер жаны, куйоосуно баш ийип, ага боору ооручу. Себеби ал да азыр ушул оорукчан атасы деп эч кайда кете албай журот. Огой апасы башында жакшы караганы менен азыр конул бурбай калган. Анын эрмеги келини. Басканынан кыйкым таап, тескейт да турат. Тан эрте короз кыйкырганда тургузат. Нурлан барда бир аз айбыгат, бирок Айэлестин коп нерсени ага айтпаганынан пайдаланып, каалагандай урушканга отту. Анан да келин учун бул уйдогу эн чон коркунуч Нурландын иниси боло турган. Ал женесин ойноктогон коздору менен ээрчий карап, эч ким жок жерде тийише берет. Болбогон нерсени шылтоолоп, жанынан кетпей айланчыктап, созго тартат. Айэлес аны коргондо кадимкидей денесин майда калтырак басып, кирээрге тешик таппай калат. Нурланга эчен ирет айтып жиберейин деп, кайра бир туугандардын ортосуна от жагып аламбы деп чоочуду. Оюнан жамандыкты айдап, мумкун жон эле жакшы коруп, суйлошкусу келгендир деп болжоп коёт.
Чындыгында Нурлан жаман жолдош болгон жок. Конулуно карап журду. Кечинде тошокко жатаарда, коркконунан бурушкон аялын акырын озуно тартып, кучактап алып жата берет:
-Айэлес сен коркпо, мен сага зулумдук кылбайм, болгону эми байкен эмесмин, жон гана атыман кайрыл.
-Макул.
-Кыйналдын ээ, апам экоон тил табыша албай журосунорбу?
-Жоок, мен озум коно албай жатат окшойм.
-Билем, мен баарын коруп эле турам, бирок азыркы тапта колумдан эч нерсе келбейт тушун!
-А атам эмне болуп ооруйт?
Нурлан ушкуруп алды:
-Жайлоодо жылкы бакчубуз. Атам ошол куну минип жургон атын аркандайм деп баратып, ташка чалынып,чылбырга колу оролгон бойдон минген аты судуроп кеткен. Дагы жакшы кошуна жашаган жылкычылар коруп калып,коптоп атты кармап, атамды сактап калышыптыр. Олум менен алышып жатып, аран озуно келген. Баш соогу, катуу жабыркагандыктан копко кыйналып журду.
-Апанызчы?
-Ал оорукчан атамды баккысы келбеди, атамды таштап, мени алып баса берген. Бирок мен эс тартып калганым учун, коп отпой кайра айылга келип алдым. Атамды эжелери зордоп эле ушул аялга уйлондуруп коюшкан. Иним анын ээрчите келген баласы. Жакшы эле жашап журушкондой болгон, бирок кийинчерээк атамдын оорусу кучоп, эми биротоло тошокко байланып калды.
-Апаныз кайда азыр?
-Озунчо турмушу, балдары бар.
-Барып турасызбы?
-Ооба, сагынганда барып коруп турам.
-Жакшы экен, а мен апамдын ким экенин да билбейм.
-Мен сага айтпадым беле башында, эми сен мага таян деп?
-Айткансыз.. .Баса сиз, мени эмне учун ала качтыныз эле?
Нурлан туйшолду. Себебин айтсамбы' айтпасамбы деп, ыргылжын ойдо турду окшойт:
-Сен сыяктуу мен да бир адамга конул койгом. Башыбыздан коп нерсе отту. Бирок акырында жалгыз калдым, адамдар азыр сенин денгээлине карап калышыптыр, аны мен билбей журуптурмун.
-Башканы ээрчип кеттиби?
-Ошондой. Эми аны эстегенден пайда жок. Бирок мен сени тааныбай,корбой билбей туруп тандап алдым. Ошол куну козумо ушунчалык сулуу корунгонсун, же ичимдиктин таасириби билбейм. Ошондуктан тагдыр дешсе керек, мен эми сендикмин, отконду унут!
-Анда сизден бир нерсе суранайын?
-Айт!
-Менин тутунган иним бар, экообуз чогуу чонойгонбуз, анын да менден башка караан тутар адамы жок, ошондон кабар алып койсом дегем?
-Макул, экообуз барып келебиз!
Келин диртилдеп, кен кучактын бир уучунда бурушту. Жакшы мамилеге журогу жибип, аргасыздан коздоруно жаш айланат.


Темирлан бугун жумуштан эртерээк чыкты. Бул жумушунда алган айлыгы тутоор эмес, кошумча жумуш табуу жонундо ойлонуп келе жатты. Бир оюнда эми Айэлес табылбаса, чогулткан акчамдын кимге кереги бар деп, кайра айный тушот. Оор ушкуруно уйго келди. Бул жаман кепе аны менен шериктеш боло кунгуронуп тургансыйт. Адатынча бут кийимин чечпей эле ашканага отту. Эптеп кечки тамак жасап ичсемби деп ойлонуп отурганда капыстан дарбазаны бироо какты.
Бул добуш коптон бери ойлобой калган оюн ойлоого мажбур кылды:
-Айэлеспи?
Шаша ордунан тура эшикке бет алды.
Коргон коздоруно ишенген жок, ак жоолугу озуно жарашып, жарашыктуу койногунон чыгып калган курсагы домпоюп, алдында ошол озу куткон адамы турган:
-Сенби?
-Тему!
Буркурай ыйлаган бир тууганы Темирландын кучагына бой урду.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 13 Сентябрь 2019 - 13:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Nostalgia   13 Сентябрь 2019 - 13:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 04 Март 19
  • Соңку аракети: 03 Май 2025 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Козумо жаш келе тушту. Ушунчалык таасирдуу... . Азаматсын! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   dobrajelatel   13 Сентябрь 2019 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Суши улантпасан болбойт. Кутуп жатам....

Билдирүүнү түзөткөн: dobrajelatel: 13 Сентябрь 2019 - 17:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 20:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: