Жолдошум айтмакчы кайсы нерсе жаны чыкканда (кулпунай, орук, дарбыз ж.б) кымбаттында жегим келет, арзандап калды деп суйунсо башкасына отуп кетип журдум)))
Таксикоз болбодум жакшы.
Башында шашлык жеп кымызды ичип уктап эле жата берчуум.
Экинчим да ушундай отсо экен
Талгак убагындагы кызыктар кызыктуу окуялар
#822 08 June 2019 - 01:38
Чынбы билбейм "Мага коп куса бербе, коп куса берсен бала кургап калат" деген. Ошондон кийин кыйналсамда,
куспаганга аракет кылат элем.
#823 08 June 2019 - 17:16
Чынбы билбейм "Мага коп куса бербе, коп куса берсен бала кургап калат" деген. Ошондон кийин кыйналсамда,
куспаганга аракет кылат элем.
Оз каалоон менен куспайсынго, нар жактан кучонуп келип жатса кантип токтотосун?
Мен дуйнону апам менен тааныгам.....
...
#824 12 June 2019 - 09:23
Жаны кош бойлуу экенимди билген кундору кайынэнем эт кууруп берди баласына. Мени айтпады деп ичтен сызып калдым эле.
Ошондо бирдеке болгон окшойм азыр вообще эт жей албай калдым. Этти корсом , даже ойлосом конулум айланат, кускум келип. Бир жегим келип жеген нерсени кайра корсом конулум айланып атат, дасторконго коюшса да коргум келбей алып корбой турган жерге бекитип салам, апам айткандай бейкылык токсикоз болуп атам.
#825 13 June 2019 - 09:47
Менде эми бир аз аппетит ачылып,тамак жеп калдым.Шашлык жегим келет.Шашлыктын ортосуна эки штук май кошуп коет го.Жегенде кырсылдайт.
Ошол тим эле козумон отуп атат.Куйоом байкуш кеч келет чарчап.Кутуп отуруп алып келет.Озун деле жеп кел дейт.Озум барганга бир жерде жыгылып калсамчы деп корком.Эми адамга окшоп тамак жеп баштаганда.
Короче кылгылыкты кылгандан кийин ар бир капризиме чыда десем унчукпайт.Аман-
эсен ай кунумо жетип тороп алсам экен деп эле тилеп атам.Бир нерсени жегим келсе кооп жеп алам да кусуп салам.Врач эки кашыктан же деген.Эки кашыка адам тоебу?Куйоомо эми аппетитим ачылып атат,мени тойгозо албай кыйналат бекенсин али десем ошондой эле болсун деп атат.Элге окшоп бар жок нерсени апкирип калам эми буйруса)))
#826 18 June 2019 - 00:39
Биздин уйдо таш алмалар эле бар эле мен болсо олло кызыл алма жегим келип кыйналгам анан үйдүн жанында соседтерибиздин алмасына куйоом экөөбүз уурулукка кирчуубуз ал устуно чыгып ыргытат мен пакетке салам ошентип кайра зымдардан ашып кайра келчуубуз, олло эт, май, куйруктарды жейт элем, той болгон жерден куйоомду шорпо менен эт алып келчи деп сурана берет элем.
Внешность - это козырь , но не туз…
#827 18 June 2019 - 18:57
Чынбы билбейм "Мага коп куса бербе, коп куса берсен бала кургап калат" деген. Ошондон кийин кыйналсамда,
куспаганга аракет кылат элем.
Ай жогай, ал ошондой ырымы да, баласына илинип куспасын деген.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#828 18 June 2019 - 19:01
Темаларды окусам, форумдун кечээги бойдошкалары бугун турмушка чыгып алды бала кучактап, арты кош бойлуу экен. Окуп бир толкунданып койдум. Бактынар боксорбосун))
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#829 31 July 2019 - 03:28
Мурда дюшес десе жиним келчу, ушундай газы коп,даамы да боек эле,неси жакшы деп, ичкен адамдын да аппетитин бууп ичирбей койчумун. Эми озум дюшес издеп калдым го))) кола фанта десе да жок, дюшес деп. Негизи газдуу сууларды олгудой жаман корчумун.
#830 31 July 2019 - 08:18
Беременная болбосом да окуп отуруп май жегим келип кетти. Шорпонун,самсынын ичиндеги майларды
#831 31 July 2019 - 17:24
#832 01 August 2019 - 08:29
#833 01 August 2019 - 09:19
Мен дагы таксикоз болгон мезгилди сагындымммм.
Канчалык кыйын болсо да даамын таткым келип кетти. Эркелеп, жаш баладай озгоруп кетесин го адам.
#834 01 August 2019 - 14:03
Акыркы кундору кесек жегим келет.Суу чачкан жерлердин жыты козумдон отот.Каным азайса керек.112чыккан болчу.феррус деген капсула ичип аткам.Ага да болбой оло жегим келет.Анан откондо гулбото жеп жаным калбадыбы? Зыян деп озумду канчалык тыйсам да болбой койду.
#835 01 August 2019 - 14:22
Охх иий таксикоз деп ушуну айтыш керек экен, биринчи баламда таксикоз эмне экенин билген эмес элем. Жаман кыйналтам тез эле отуп кетсе экен бул кундор
#836 25 September 2019 - 21:19
Иииий токсикоз. Бир ай болгондо билдим боюмда бар экенин, экинчи учунчу ай кандай отконун билбейм! Ашказанымды кучактап гана жаттымго... Кундо эмес, кун алыс кусат элем, курсагым тойбойт эле. Башым аябай катуу ооруду. Торт кун капельница алдым, кичине женилдегендей болду бирок ашказаным ачышып ооруганы калбады. Буйруса 3 ай толуп 4 айга оттук, Кудайга шугур кыйла женилдеди бирок такыр кетип буто элек) Бала учун баарына чыдайт экенбиз, кайра оорубай жакшы болуп калсам коркуп кетемго, балам жакшы элеби?, эмнеге оорубай калдым деп))
#837 04 October 2019 - 14:46
Мен алдын-ала "планировать"
этип даяданган үчүн таксикоз болуп куспадым. Духи,сигареттердин жыттары гана окшутат болчу. Акырында бадыраңды туздап жегенди жакшы көрчүмүн. Печенье, конфет жегим келбей калган.
Тилектер-кабыл болот!
#838 05 October 2019 - 06:56
Конул айланып, май жыттар жакпай даже атын айтсам конулум айланып атат)
#839 13 October 2019 - 03:15
Мен дагы таксикоз болгон мезгилди сагындымммм.
Канчалык кыйын болсо да даамын таткым келип кетти. Эркелеп, жаш баладай озгоруп кетесин го адам.
Кудайым ниетиме жеткирип кайрадан кош бойлуу болдум . Эми таксикоз башталып ,кээбир тамак ашты такыр коргум келбей ,кээде ачка кусуп жатып калып атам,кызым шымын булгаса окшуп эле жатып калам,торкунго келип уйдогулор карап берип атышат,уйго барсак кантээр экенмин..(( Ишенсенер шашлык мн ыссык тандыр самсыдан болок нерсеге аппетит тартпайт. Азыр го жыргап эле атам,уйдочуууу? ?!
#840 13 October 2019 - 21:20
Кудайым ниетиме жеткирип кайрадан кош бойлуу болдум . Эми таксикоз башталып ,кээбир тамак ашты такыр коргум келбей ,кээде ачка кусуп жатып калып атам,кызым шымын булгаса окшуп эле жатып калам,торкунго келип уйдогулор карап берип атышат,уйго барсак кантээр экенмин..(( Ишенсенер шашлык мн ыссык тандыр самсыдан болок нерсеге аппетит тартпайт. Азыр го жыргап эле атам,уйдочуууу?
?!
Азыр сенде витамин жокда кызына кетти. Витаминдерди алып ичсенчи ошондон деле кыйналасын ичиндеги балада кыйналат

Супер-Инфо
super.kg
видео














