Суперстан: Алтын бешик айылым - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Алтын бешик айылым Алтын бешик айылым

#1 Пользователь офлайн   Isikkolumkeremet   14 Август 2019 - 09:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 76
  • Катталган: 28 Июль 19
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2021 08:58

Адатта айылда жаксынарбы деп учурашабыз го.Айылдыктар бири бирибизди 100 пайыз тааныйбыз.кун кечтегенде чуру чуу тушуп оюн баштачу элек.бир нерсе керек болсо алышып беришип эле ынтымактуу элек.азыр туз эле дукондон алабыз.кошунага кируу уят иш болуп калды.эмнегедир айыл да озгоргондой. зынгыраган дарбаза,заборлор ачылбай эле,балдар да коп ойношпой,кошуналар киришпей чыгышпай айтоор кээде жалгызсырап кетем.бул эмнеси... мурунку жонокой мээримдуу айылым озгоруп бараткансыйт.
Улуу муундагы эже абалар сиздердин учурдагы айылынар жонундо билгим келет.
Жана жаштар бул нерсе силерде байкалабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Август 2019 - 11:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Байкалбай эмне?
Башканы кой, азыр нан сурашпайт экен кошуналардан тооба кылдым.
Жашоо канчалык оной болуп, коп нерсе жетиштуу болуп баратканы менен, адамдардын пейили тарыгандан' тарып баратат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   alaialaibekov   14 Август 2019 - 14:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 18 Февраль 19
  • Соңку аракети: 28 Авг 2021 23:35

Менда байкадым жакындале айылдан келдик .Мурункудай эмес айыл.Биз кичине кезибизде эл отоле жетишкен жошоодо жашабасада пейили кенири эле .Кошуналардыкына ойноп журуп курсагыбызды деле тойгузуп алчубуз .Азыр анткендерин байкабадым .Биз бири -бирибиздикине киришип эле журчубуз .Азыр болсо чакырбаса барышпайт .Баардык нерсе жетиштуу ,бирок ушу кен пейилдигибиз жетишпегенсийт .Аябай окунучтуу .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Dj.   16 Август 2019 - 15:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 21 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 19:26

Айыл жашоосу да билинбеген менен озгоруп келе жатат.

Жогоруда бири жазгандай, илгери (илгери болгондо мындан 10-20 жыл мурун эле) уйдо нан калбай калса же уйго конок келип нан аз болуп калса, коншу-колондон эле сурап турушчу. Азыр бир-биринен нан сурагандар дээрлик жокко эсе экен. Болбосо коншун жаны нан жаап жатканда 1-2 жаны нан алып жыргап жеп, биздикилер жаны нан жапканда коншуларыбызды суйунтуп жаны жабылган нан алып барып берип эле журчубуз...

Башта уйун коргондоп тоскондор дээрлик жок болчу. Коншу-колондорун корунуп эле турчу уйдон болобу, кочодон болобу. Азыр баары эле озбектерге окшоп уйун коргондоп тосуп калган, кирпич же пескоблок менен. Уйундо адам барбы жокпу, ким эмне кылып жатат, эч билинбейт. Кочого чыкканда эле корбосон коншуларынды. Айтор, айылдыктар арасында да мамиле бираз суз тартып бара жатат.

Илгери жаштардын уйлонуу улпот тою (айылдык жаштардын) айылда эле отчу, эки жаш отурчу столдун артына килем асылып, пахта менен жазып коюшчу чон кылып, "Куш боонор бек болсун Ташмат менен Роза" дегендей. Ал той эки жаштын эле эмес, бут айылдын тою болчу, айрыкча тестиер балдар-кыздар тойдун шарапаты менен ойноп-бийлеп дегендей... Азыр той-тамашалар кобойгону менен баары эле шаарда кафе-ресторандарда отуп, коендой окшош тойлордон конул калып бара жатат...

Илгери келиндер кочого жоолуксуз чыгуудан уялышчу, улуулардан тартынып. Азыркы келиндер жоолуксуз, мини юбка менен улуулардын жанынан беттерин табактай кылып мисирейип отуп кетишет, илгеркидей ийменип салам беруу, уялуу деген нерсе жок...

Дагы бир чон озгоруу бул телефон. Азыр чонунан кичинесине чейин телефон которуп калган заман. Мейли аш-тойдо болсун, чайханада чайлашып отургандар болсун, баары эле смартфон чукулап отурган болот. Эгер свет бир канча кунго очуп смартфондор да очуп калса, айылдыктар учун мини катастрофа. .. :D
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   JENTLEMAN   16 Август 2019 - 18:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 602
  • Катталган: 28 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 17 Сен 2019 04:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета...

Азыркы көпчүлүк айылдын жазуу түрүндөгү эле "АЙЫЛ" деген аты эле болбосо, шаардан айырмасы калбай баратат, мисалы; Көчөлөрдү жарыктандырып, жолдорго шагыл же асфальт төшөктөн айылдын жаштары көбөйүп жатат. Үйлөрү 70-80 пайыз эки кабат особняктар, ичтери евро ремонт, туалет душ ашканасы ичинде. Ар бир үйдө бирден жок дегенде орусиянын бир ваз2107 унаасы. Мурунку гектар гектар эгин талаалар бакка айланып, талаада жумуш деле калбады. Эрте мененки саат 7.8 дерде мал базарга барган адам менен жумушка барган адам эле турбаса көпчүлүгү шашпаай 9.10 дордо турат, себеби илгерки көчүкө тееп, эшшектей кылып кулдай иштеткен колхоз-совхоздор жок. Айылдарда 4 G интернеттер иштеп, үйлөрдө вайфайлар орноп дүнйөдөн кабардар баары. Апа-жеңелер илгеркидей талаадан отун-тезек терип келип дандарга от жагып нан бышырбай калды. Кыз-келиндердин жүрүшү жарым жылаңач, же чапташкан жынс шым кийип алышкан, почти шаардыктардын эле өзү)).

Айта берсең оголе көп экен.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Dj.   16 Август 2019 - 19:07

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 21 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 19:26

Эмгектен эч ким олгон эмес. Эмгек кылса оздору учун кылган Союз учурунда болсун. Ошол эмгектин арты менен ак алтын пахта теришип тонна тонна, ал пахталар кийим болуп кайтып келип турган дыйкандарга. Остургон бакча жемиштери, жашылчалары кайра эле оздоруно кеткен. Тоют даярдаса, ал тоютту мал-кой жеп, алардын сут-айраны, эти кайра эле элге келип турган...

Ак эмгектин арты менен элдин ден-соолугу чын болгон. Эл эмгекчил болгон, жалкоо, арамза эмес. Эмгек элди жакындаткан.

Бугун эмне болуп жатабыз? Эл жалкоого айланды. Улуш жерлерине же дарак тигип коет же беде эгет. Арамзанын жумушу. Энкейип жумуш кылуудан качып калышкан. Устундогу кийген кийими ич кийимине чейин Кытайдан келген синтетика. Анан рак кайдан келип жатат деп тан калгандар бар. Момо-жемиш сатып алсан же Кытайдан келген болот же озубуздуку болот уу химикат менен остурулгон. Айрыкча кеч куздон май айына чейинки помидор, бадыран ж.б.бут теплицаларда остурулот уу чачылып...

Эт сатып алып жатып да ойлоносун, атайын дары берилип багылган эмес бекен деп...

Айтор жегенибиз химикат, ичкенибиз да химикат (кола, газдалган суу, соктор), уийгенибиз каяктагы синтетика. Анан абалыбызга мышык ыйлагыдай болуп турса, онугуп осуп кеткенсип отмушту сындаганыбызга жол болсун.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Mydearzh   16 Август 2019 - 20:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

ООБА, азыр айылдын «айыл» деген аты эле калды. Эл болгон шартты түзүп алышкан. Мурдагыдай кара жумушка иштегендер деле дээрлик жоктой...
Нанга камыр жууруп койсом конок келип калды. Сиңдимден "Чурка, кошуналар нан ала чык" десем "Коюңузчу э, уят" дейт. Жарым кылым жашагандай : " Мурда туз калбай калса да сурай берчүбүз" дедим анан :D :D
Ошондо да болбой дүкөндөн алып келиптир.
Мурдагыдай кошуналар бири-биринин үйүнө кирбей да калышкан азыр...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ararat...   17 Август 2019 - 00:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 11 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 23 Окт 2020 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Биз да кошуналардыкына барып кино корчу элек.Телевизор чанда кишиде эле.Балалык кез жомоктогудай эле калып кетти...Айылга азыр барсан баары бар,бирок баякы тааныштарын жок,баякы аура жок(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Sagyn.91   12 Сентябрь 2019 - 12:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Айыл десе эки көзүм төрт болчу.
Тээ илгерки мен жаш бала кезимдегидей айылда шааң шөкөт жөк. Мен курактуу, менден чоң жана кичине жаш кыз-уландардан эчким жок. Кыздар турмушка чыгып, жигиттер өз оокаттары менен алек болуп дүйнөгө болбосо да ар жактарга тиричилик деп тарап кетишкен.

Мурун айыл ушунчалык шаңдуу болчу. Кечки жуук көчөгө жаш балдар толуп, топ ойноочубуз, атышчуубуз, бекинчүүбүз, деги койчу, ойнобогон оюн калган эмес.Келээри кечке ойноп, түн бир оокум болуп кетсе кошуна колоң, дос-чардын үйүндө деле түнөп калчу күндөр болгон. Эрте менен уйларды кезүүгө айдачу элек, кечинде ызылдап айылдын башына жөнөчү элек, уйларды тосуп алуу үчүн. Талаа иштери, кетмен чабуу, жаз жарыш күз күрөш деп күзүндө жыйнап баштаачубуз.

А азырчы? Азыр мунун бири да жок. Жаш балдар жок. Айылда эчким жок. Эчкимди таппайсың. Сууз. Зээригиштүү. Коңшу деген нерсе жок, алыш бериш, катташуу деген нерсе унутулган.
Үйлөр оңдолгон, айланасына
дарбазаларды орнотуп, чычкан кирбечүүдөй кылып тосуп алышкан...


Айылдын айыл деген эле аты болбосо мен жаш кездеги айылдын бирин да көрө албаганыма өкүнүп кеттим...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Merelisha   13 Октябрь 2019 - 08:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Биз как эле айылда турат экенбиз мына билдируулорго салыштырмалуу. 1саат кыймылдабай отуруп кал... Коргулукту гана коросун. Иш толо,айыл ызы чуу,кочодо боз ала балдар. Талаадан кайткан элдер,7ден баштап моорогон уй,койлор,чабандар. Кошуналар кирип чыгышат,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Medical   14 Октябрь 2019 - 15:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Окт 2019 18:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек.

Туура озгоруп баратат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   News   19 Октябрь 2019 - 03:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 27 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 16 Янв 2025 04:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтүүчү дүйнө...

Просмотр сообщения Merelisha (13 Октябрь 2019 - 08:39) жазган:

Биз как эле айылда турат экенбиз мына билдируулорго салыштырмалуу. 1саат кыймылдабай отуруп кал... Коргулукту гана коросун. Иш толо,айыл ызы чуу,кочодо боз ала балдар. Талаадан кайткан элдер,7ден баштап моорогон уй,койлор,чабандар. Кошуналар кирип чыгышат,


Эхх, дал ушундай сүрөттөлгөн айылды сагындымго, жылдар болуптур айылыма бара элегиме.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Kalla   20 Октябрь 2019 - 22:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Эх! Айылым,балалыгым, чах кочом,айылымы курчаган тоолорум сагындым силерди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 16:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: