Akylai_aktan (28 Июль 2019 - 00:21) жазган:
Бүгүн кайнатабыздын туулган күнү болуп,үй бүлөбүз менен эс алып келдик.Тамак ашына,дасторконго кеткен чыгымды биздин атабыз төлөдү.Эгер өз көзүм менен көрбөсөм,мен төлөдүм,мен кылдым деп күйөм айтпайт болчу.Себеби өтө аз сүйлөйт,анан канча тапканын,каяка жумшаганын мага айтпайт.Бирок үй бүлөгө,ата энесине күйүмдүү.Анча мынча болгондо аларга да колунан келишинче жардам берип турат.Кайненем менен кайнатам баласын мен барганда мактап калышат.Албетте бул сапаты кубандырат. Менин күйөм берет деп милдет кылганы акым дагы жок,эч качан андай сөздү сүйлөткөнү күйөм укук дагы бербейт.
Эми темага кайтайын,ошол биз барган жерде балдарды ойнотуучу ар кандай атракциондор бар экен,экөөбүз балдарды ойнотуп,мен кызым мн алаксып калып,акчасын бергени авысыным кеткен.Өзүнүкүн берип,бизге бербептир,-" Жеңе бизде акча аз,почти жок,силерге бербедим" деди.Ооба жок болсо жөн кой,деп маани бербедим.Кийин дагы бирөөнө түшкөндө кайним өздөрүнүкүн төлөп түшүп кетиптир.Иий жок болсо акеси эле берип коет элего деп боорум ооруду.Күйөмө аларда акча жок экенин айтып,кийинки баарыбыздын ойногондорубузду атабыздан алып жаттык.Эми ал балдардын атракциондоруна көп деле акча эмес где-то 1000 сомдой эле.
Анан жана кеч ал жактан келип,үйгө кайтайын деп жатсак,авысыным бир жерден 2-3күн мурда жакшы,бекер акча келип калганын,аябай сүйүнүп жатышканын, эми дайыма алып турушат экенин о.э аны иштетпей чогултуп жатканын айтып таң калтырды.Ошондо бир эле күндө эки түрдүү сөз сүйлөдү.Же байкабай калдыбы,же атайын эле айттыбы,түшүнгөн жокмун.
Ошончо эс алганы баргандан кийин,ошол 2-3 күн мурун алган акчасын өздөрү үчүн жумшагысы келбегени эмнеси?
Чынында менин акчам кетпегенден кийин,мага эмне деп койсом да болмок,авысынымго мейли,кайнимчи, анын бул кылыгын эстеп аялынын тилине ушунчалык дагы киреби деп оюм жетпей турат.Же аларга акеси милдеттүүбү? Дагы бир жолу айтам бирөөгө жалган,мага чын!Үй бүлөлүк чыгашага келгенде постоянно постоянно акча жок эле дей беришет.Баарын айтып отурсам роман болуп кеткидей.Көбүнчө көңүл бурбай сый болоюн деп коем.Бизде деле ашып ташып кеткен жери жок,секин секин баарына жетишкенге аракет кылып жатабыз.Бирок ата энесинин маселесине каяктан болсо да таап,көңүлүн алабыз.Мен деле күйөмө жок дедирте албасам да,жок дегенде баарын айтып,эсептешип жеңилдеп алсам болот.Токмоктоп же кетирип жиберет деп коркпойм.Күйөмү сыйлайм,чын жүрөктөн ушунчалык үй бүлөсү үчүн кам көрүп жатканына ыраазы болом,тескерисинче дем күч берип,дагы аракет кылса дейм.
Андан көрө ушул жерге жазганым жакшы.