Суперстан: Чымындуунун чымындары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чымындуунун чымындары Аңгемелер, жомоктор ж.б чыгармалар

#61 Пользователь офлайн   Eltuzor   08 Август 2015 - 19:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек



«Уулум инвалидболсун» десең добушуңду сат.

«Мен депутатболуп калсам жолуңарды оңдоп берем» деген талапкер көрсөң анда ага дегеле добушбербе. Эмнеге билесиңби? Себеби ал элди кызылдай эле алдап атат. Ал кызылдайэле соодалашып атат. «Аттанганда эле ээрге кыйшык отурган» деп так ошону айтсаболот. Эгер анда жолду оңдогудай акча болсо, анда эмнеге буга чейин оңдобойт?Оңдой бербейби депутат болбосо деле. Демек ал элди ойлогон адам эмес. Элдиойлогон адам антип шарт койбой эле, «андай кылсаңар мындай кылам» депэсептешпей эле жасамак.

А эгер акчасы жокболсо анда эмнеге убада берип атат? Же эмне мамлекеттен акча бөлдүрүп ананоңдогону турабы? Анда аны айтпай эле койсун. Себеби, жолду оңдотуу, элдинкөйгөйүн чечүү ансыз деле анын милдети. Депутатты эл ошон үчүн шайлайт. «Меничабан кылсаңар коюңарды багып берем» деп айткан малчыны уктуңар беле? Чабанансыз да кой бакканы үчүн чабан да. Эгер депутат кыла турган милдетин дооматкылса, анда депутат болбой эле койсун. Кудайга шүгүр кулчасынан иштетип атканжок. Мамлекет аларды ошол элдин көйгөйүн чечсин деп, сиздин, биздин чөнтөктөнчыккан салыктар менен, жалпы мамлекетке түшкөн кирешелер менен нык семиртебагып атат. Актасын ошону.

«Баланча депутаткыйын экен. Баландай жерге төлөндөй мектеп салды. Баландай айылга төлөндөйспорт аянтын салды» десе дагы шайлабагыла. Бул жөн гана алдамчылык. Кызылкулактыктын саясий түрү. Депутаттын иши куруучулук эмес. Андай иштерди чыныгыэлин ойлогон адам депутат болбой туруп деле жасашы керек. Мына ошондой адамдармактоого татыктуу. Ал эми мамлекет үчүн чечүүчү добуш берээрде, чечүүчү пикиринайтаарда жок болуп кетип, элдин кызыкчылыгын бөлөктөргө сатып коюп, башкажактан келген инвестициянын олчойгон бөлүгүн чөнтөккө кымыра калгандан кийин,башы көздөн садага дегенсип бир мектеп кура калганы анын жөн гана аксымданганы. Жөн гана мактанганы. Андай эле элди ойлогон адам болсо, бир мектеп эмес,миңдеген мектептер салына турган мыйзамдарды кабыл алсын. Чет элдиктергесатылып аткан жерлерди саттырбай кармап калсын. Миңдеген жылдар бою турганмөңгүлөрдү кууратып таштап, кен байлыкты кымырып кетип бараткан шүмшүктөрдүколго чапсын. Жок. Анын баарын жеңичинен соодалап жиберип, сол чөнтөккө миллиондорду кымырып алып, анан жакшыадам болуп жылмаңдап мектеп курбай эле койсун. Тигил жакта булактар соолуп,тоолор талкаланып аткан соң анын салган бир имараты бокко жарайбы? Бул жактаэлдин ден соолугун уулап, мөлтүр кашка сууларды соолутуп аткан соң анын аянтынташка чабасыңарбы? Жоготкула андай депутатты! Жогото албайсыңарбы, анда эртеңкикүнү так ошол депутат салып берген мектепке инвалиддин коляскасына отурганбаламды сүйрөп барам деп элестей бергиле. Ошол депутат салып берген жол мененмээсине доо кетип, жаштайынан карып болгонкызымды ооруканага алып барам депкүткүлө! Ошол депутат куруп берген спорттук аянтка балдак менен басып калган мунжунеберемди жетелеп сейилдетем дегиле!

Мугалимдердинайлыгын көбөйтөм деп атышабы? Жакшылап карап көргүлөчү. Балким мугалимдинайлыгын көбөйтөм, бирок балдарыңарды баңгиликке, сойкулукка, жыныстык катнашкаокутам деп аткандыр? Балким кыз текелердин санын көбөйтүп, алардын укугункоргойм деп аткандыр? Эгер ага да макул болсоңор шайлай бергиле. Бирок, эртеңкикүнү уулуңуз үйүңүзгө бир көгүлтүр жигитти жетелеп келип, жүгүнтө турган болсоберээр батаңызды да камдап алыңыз. «Артыңды да, алдыңды да мал бассын»дейсизби, же «балакет-мээнеттин баары үстүңөн кошо бассын» дейсизби, аны өзүңүзтаап алаарсыз.

Баса, ойдо жокжерден айлыктын баарын көбөйтөм дегендерди абайлайлычы. Балким жер менен суунунбаарын саткандан кийин айлыкты көбөйтүп койбосун. Өтүгүң тар болгон соң,дүйнөнүн кең болгону курусун деп калбайлы.

Анда кимдишайлайбыз дейсизби? Чынында бул жагы кыйын. Көптүн ичинен мыктыны тандоо ардайым эле кыйын болуп келген. Бирок, буга чейин кимдин эмне кылганын жакшылапкарап көрсөңүз, анда кимди шайлашты эмгиче аздыр-көптүр билип калат элеңиз.Мисалы, буга чейин кимдер акча таратып шайланып келишти? Биринчи эле ошолордусызып салыңыз. Кимдердин олчойгон бизнестери бар? Аларды да сызыңыз. Себеби,андайлар элди ойлош үчүн эмес, өз бизнесин калкалап калыш үчүн гана келатканыайдан ачык эле көрүнүп калган. Отурат го не бир күтүрөгөн бизнесмендер. А келседа депутат, Б келсе да депутат болуп отурушат. Бирок, алардын өз биснесиненбашка өнүктүргөн эч нерсеси жок. Чынында акчаны тараткандар да, жанагыдай бирнерсе сала койгондор да ошолор. Бизнесин коргош үчүн, өнүктүрүш үчүн аларэмнени болбосун сатып алганга даяр. Бизнесмен түшүнүгү деген ошол. Алгач чыгашачыгарат. Андан кийин кирешеге тунат. Алгач акча кетирип добуш сатып алат. Анданкийин беш жыл шатырата соодасын кылат. Эгер сиз ушундай адамды шайлаган болсоңуз,анда болду, эч кимге таарынганга укугуңуз жок. Себеби, сиз алчуңузду алдыңыз.Сиздин соодаңыз бүттү! Беш жылдык тандооңузду кылдыңыз. Эми өзүңүз шайлаганбизнесмен сизди кандай шылдыңдап, кандай тоноп атканын гана көрүп туруңуз.Ырахаттанып көрөсүзбү, же нааразы болуп көрөсүзбү, ал жагы өз ишиңиз. Кыскасыөзүңүзгө татыктуу жооп алып атканыңызды гана сезсеңиз болду.

Баса, парияданпартияга секирген, шайлоо жакындаган сайын бүркүт көргөн түлкүдөй кайпактагандепутаттардын сүрмө тобун көрдүңүзбү? Эгер аларга ушу кезге чейин «Азамат!Баракелде! Ушундай шүмшүк болуш керек. Мен дагы депутат болсом ушундайкылмакмын» деп келсеңиз анда, кадырыңыз жан болсун. Шайлаңыз ошону. Шайлап коюпдагы беш жыл тишиңиздин кирин соруп, ыраазы болуп отура бериңиз. Балким аларбул жолу сиздин жериңизди да сатып жиберээр. Балким ал сиздин балаңызды да канкакшатып сыздатаар. Ошого чейин ырахаттана туруңуз. Бирок, качандыр бир күнүбашыңызга иш түшсө үйүнөн жылан чыккан немедей жол-жолго түнөп, элди беймазакылбаңыз.

Койо турсаңыз.«Үзөңгү Кууш менен Каркыра сатылып кетти» дейсизби? Тиги киши эмне дейт?«Суулар сатылып атат. Мөңгүлөр талкаланып атат» деп атабы? Кызык. Силер эмнегенааразы болуп атасыңар? Ошонун баарын баарыбыз чогуу эле сатпадыкбы? Биз ҮзөңгүКуушту алгач бир бөтөлкө аракка саттык. Андан кийин Каркыра үчүн ар бирибиз 100сомдон 500 сомго чейин алдык. Же калппы? Алгачкы президентти шайлаарда арагыничтиңер эле, ал ошол арактын акчасын жабыш үчүн Үзөңгү Куушту берди. Анданкийинкисин шайлаш үчүн чөнтөккө акча солодуңар эле, анысы Каркыраны карматты.Эмкилери болсо силерге бериш үчүн сууларды, мөңгүлөрдү сатып атат. Эми дагысурасаңар дагы бирдемелерди сатат. Эгер чын эле нааразы болсоңуз, анда сатпаңыз.Жетишет да. Акча көргөзсө эле көзүңөрдү кызартып сатып ийбей, «мунун акысынаэртең эмне кетээр экен?» деп ойлонуп көргүлө. Терең ойлонгула. Кийинсүйлөнбөгүдөй болуп, нааразы болбогудай болуп ойлонгула.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Eltuzor   03 Ноябрь 2015 - 21:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Убадакөй жүргүнчүлөр

Аялдамада бир канча киши шаарга кетчү автобусту күтүп отурушкан. Бирок алар жөн отурушкан жок. Улам бири алдыга чыгып, жулунуп сүйлөп жатышты. Бирөө эч уялбай туруп эле минтип айтты:

- Мен мобул автобусту саатына 180 километр ылдамдык менен айдатам. Биз буюрса шаарга өтө ылдам жетебиз. Анан калса жолдо баратканда ар бириңе чай, шекер жана таттуу токочтор берилет. Эч коркпогула, мен муну сөзсүз аткарам деп убада берем.

Бирок анын сөзүн дагы бирөө жулуп алды.

- Кайдагыны айтпачы досум. Сен 180 менен айдатсаң автобус аңтарылып калбайбы. Аны деген андан көрө түптүз жол менен айдатыш керек. Андан сырткары шаарга тез жетиш үчүн кыска жолдорду тапсак болот. Мисалы, мен автобуска отурсам, жалаң кыска жолдорго салдырам. Ошондо май дагы аз кетет. Биз дагы кыйналбайбыз. Ал эми чай-пай дегенди автобустан эмес, так ошол кыска жолдогу кафелерден мен силерге бепбекер алып берем. Ой тим эле ысык тамак ичесиңер.

- Эй койчу сен жок тамакты айтпай. Өткөндө да ушунтип айткансың. Бирок тамак тургай таш да берген эмессиң, - деп беттен алды дагы бирөө. Андан көрө мына мени ук. Негизи жол жүрүүдө тамак-аш маселе эмес. Эң биринчи маселе, автобустагы жүргүнчүлөрдүн сак-саламат жетчү жерине жетиши. Мисалы, андагы чөнтөкчүлөр, уурулар сенин чөнтөгүңдү тоноп, алдыңдагыны жулуп алып тургандан кийин сенин курсагыңдын тойгонунан не пайда? Айтчы, эмне пайда? Мына ошондуктан эң биринчи ууруларды тазалаш керек. Мына, эгер мен автобуска отуруп калсам, эң биринчи ошол ууруларды тазалайм. Бүт жок кылам аларды. Андан кийин курсагыңарда тамак да болот, шаарга да аман-эсен жетесиңер.

- Ой, койчу ой, сен! Кайдагы ууруну айтып атасың? Маселе анда эмес да, - деди, баятан унчукпай отурган аксакал. - Маселе жанагы жол акыда болуп атпайбы. Ойлонсоңор, азыр жол аябай кымбат. Эгер мен автобуска отурсам, эң биринчи ошол жол акыны арзандатам. Силер өзүңөрдө калган акчага кааласаңар тамак ичесиңер, кааласаңар чай ичесиңер. Уурулардан эптеп коргонсоң болот, а тиги жол акыдан кутула албайсың да. Ошондуктан так ошону азайтыш керек.

- Жок эй, койчу сен аны. Эң биринчи таза аба менен жарык болуш керек. Ошондо ден соолугуң чың болот, - деди дагы бирөө. Бирок аны беркилер сүйлөткөн жок. Ортодо турган аял чарылдап чыга калып, сөзүн бөлүп кетти. Анткен менен ал деле кебин аягына чыккан жок. «Жолду катар ыр-күү, шаан-шөкөт болот» деп келаткан немени бат эле жаагын жап кылышты. Андан кийин дагы бир убадакөй неме чыкты. Андан кийин дагы бирөө. Анан дагы бирөө...

Кыскасы, шаарга кеткен автобус келгиче аялдамада отургандын баары убада берип, ант берип дуулдап жатышты. Качан автобус келип, аялдамага токтогондо баары жанатан берки берген убадаларын унутуп унчукпай отурушту дагы, кудум эч нерсе болбогондой тымтырс болуп жолго түшүштү. Деги, булар да кызык. Качан эле автобусту канча менен айдап, кайсы жолго буруп, кайсы кафеге токторун жүргүнчүлөр чеччү эле? Шоопур текей оттогону отуруптурбу автобуста? Андан көрө ошол шоопур оңолсун деш керек окшойт... А бу жүргүнчүлөр эмне, ажылдайт да турат. Келет да кетет. Келет да кетет...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Eltuzor   05 Ноябрь 2015 - 21:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Сыйпалама экран
Заңгыраган залдын ичинде отурушуптур. Ортодо кандайдыр бир китеп журналдар чачылган стол турат. Төрдө Аскар Акаев адатынча жадырай күлүп бир нерселерди сүйлөп жатты. Жанында болсо адамды тымызын сынай тиктеген жолдошу Майрам Акаева. Экөөнүн тике маңдайында Алтынбек өзү отурат. Эмнени сүйлөшүп аткандары эсинде жок. Аңгыча эле Алтынбек чөнтөгүнөн талпыйган сыйпалама телефонун сууруп чыгып, чукулап калды. Баятан унчукпай отурган Майрам ушул жерден кепке аралашты.
- Алтынбек Сулайманов, телефонуңуз сонун го тим эле, - деди ал же суктанганы, же какшыктаганы белгисиз. «Албетте сонун болот да» деди берки ичинен. Бирок, сыртынан анысын билдирген жок.
- Ооба, бул азыр бизде мода болуп атат, - деп койду саал жыйлмайып туруп.
- Койчу, силерге эми араң жеттиби мындай? – деп сурады Майрам таңыркай. Бирок беркинин жооп беришин күткөн да жок. Шып этип ордунан тура калып, - азыр бизде кандай мода экенин көрсөтөйүнбү? – деп сурады. Алтынбек эмнени көрсөтөөр экен дегенсип тигини жалдырай карады. Майрам адатынча шашылбай басып Акаевичтин жанына барды да анын чыкый жагын сөөмөйү менен акырын нукуду. Ошол замат күйөөсүнүн жалтыраган башынан кадимкидей экран пайда болуп, андан катар тизилген тогуз чекит чыга келди. Майрам тогуз чекиттин үстүнөн бири-бирин туташтырган сызык чийип койду эле кудум сыйпалама телефондор коддон чыккандай жарк этип экран ачылды. Ооба, кудум эле телефондун экраны пайда болду. Менюсу турат, саат турат, күн турат, аба ырайы турат. Деги бүт баары бар экен. Майрам Дүйшөновна Алтынбекке мактангандай жылмая карады да кайра бурулуп Аскардын жалтыраган башында турган экранды чукулап иштей баштады. Мына, «ырлар» деген файлды ачып бир ырды басты эле анысы жаңырып ырдап кирди. Кудай сакта! Көрсө Майрам тандаган ырды Аскар Акаев тим эле келиштирип ырдап атыптыр. Андан кийин Майрам аны өчүрүп, башка ыр койду. Күйөөсү аны да ырдады. Андан кийин ал сүрөттөрдү ачты. Аскар Акаевич эми сүрөттөр тууралуу айтып бере баштады. Майрам Акаева бир маалда «Саясат» деген папканы ачты да, кандайдыр бир файлды тандап, «плей» баскычын басты. Күйөөсү эми эч жаңылбай саясат тууралуу сүйлөй баштады. Ушул жерден Алтынбек өзүн кармай албай калды.
- Укмуш! Баракелде сизге! Баракелде! Чын эле кыйын аял экенсиз! Бизде мындайга азырынча эч ким жете элек. Куттуктайм сизди, куттуктайм! – деп тура калып колун сунду ал. Бирок Майрам анын колун кармаганга шашылган жок. Бир саам таң кала карап турду да,
- Бизде эч ким жете элек дейсиңби? Сен эмне башыңа мындай башкаруу коюла элек деп ойлойсуңбу? – деди. Алтынбек эмне дээрин билбей бир саам дабдырай түштү. Анан тамашалап атат деп ойлоду окшойт,
- Коюңузчу тамашаңызды! Кайдагы башкарууну айтасыз да, - деп башын кашылай ырсаңдай күлдү. Анткени менен Дүйшөновна бир да жылмайган жок.
- А бечара десе. Башындагы башкарууну билбей туруп мага ырсаңдап койот дагы, - деди ал ошол мисирейген бойдон. Муну укканда Алтынбек эмне дээрин билбей көзү алайып калды.
- Апкелчи башыңды, мен кодуңду ачып карап көрөйүн, - деп Майрам Акаевна Алтынбекти карай колун сунду. Бул жолу Алтынбектин жүрөгү оозуна кептеле түштү.
- Жок! Жок, тартыңыз колуңузду! Менде жок андай! Менде жок, - деп артты карай кеткенчиктеди. Майрам болсо болбой эле колун сунуп келатты. Эми ал Алтынбекке тим эле кинодогу робот аялдай көрүнүп кетти. Ооба, анын көздөрү кадимкидей от чачып, сунган колу өзүн көздөй чубалып келатыптыр. Бечара муну көрүп коркконунан башын баса калып,
- Жок! Менде жок андай! – деп кыйкырган бойдон артына бурулам дегенде уйкусунан ойгонуп кетти. Караса өзүнүн эле төшөгүндө башын мыкчып отуруптур. Оозу тим эле батташып кургап калган. «Өхх» деди ошондо эсине келип. Башын бекем кучактаган колун алып ордуна жатмакчы болуп артына бурулду. Бирок, ордуна жатмак тургай төшөгүнөн кантип чыга качканын да билбей калды. Көрсө жанында жаткан аялын көрүп чочуп кетиптир бечара.
- Жаным сага эмне болду? Эмне жаман түш көрдүңбү? - деди аялы жалооруй тигилип.
- Өхх! – деди Алтынбек дагы бир жолу. Эмне кылаарын билбей керебеттин кырына кайра отурду. Аялы жанагыдай эле мээримдүү сүйлөгөнчө акырын артына келип, үстүн жылуу одеял менен жапты. Анан
- Эмне башың ооруп атабы? Кармалап берейинби? – деп башын карай колун сунду.
- Жок! Кармаба! – деп кайра ордунан ыргып турду. Тим эле калчылдайт бечара.
- Башыма жолобо, акмак! Башыма жолобо! – деп башын кармаган бойдон артка кетенчиктеди. Бир маалда жанында турган шкафты ача коюп ичиндеги кийимдерди сапырып ыргытып бирдеме издей баштады. Алгач колуна калың моюн орогучу тийди. Жалтыраган башына нары бери орой салайын деди эле анысы такыр эле эп келишпей койду. Эптеп оромуш болуп алып шкафты кайра чача баштады. Акыры эки-үч жыл мурунку топусун тапты да башындагы моюн орогучту жулуп ыргытып, анысын баса кийди. Аялын болсо такыр жылдырган жок. Ал кыймылдайын десе эле жин тийген немедей кыйкырып өкүрүп, колуна тийген кийим-кечекти тоголоктоп ыргытып жатты. Анын бул кылыгынан чочулаган аялы көзүн алайткан бойдон кыймылдабай отуруп берди.
Ошентип эптеп топусун кийген соң, колуна тийген кийимдерин ары-бери кийип алып, чуркаган бойдон эшикке чыга качты. «Өхх» деди дагы бир жолу бечара. Бирок, эшикке чыкканы менен эмне кылып, кайда барышты билген жок. Бир чети жинди болуп атамбы деген да ой келди. Анткени менен кудум өңүндө болгондой таасир калтырган түшү анын жүрөгүн такыр тынчыпай койду. «Чын эле ошондой болсочу?» деп санааркап жатты ал. «Чын эле аялыбыз башыбызды сенсорный экран кылып, өзүбүздү телефондой башкарып алган болсочу...» Көз алдына ыр койсо ырдап, текст койсо шатырата окуп аткан Акаевтин элеси тартылды. Анын башындагы экранды эстегенде коркконунан өзүнүн башын да сыйпалап жиберди. «Кой» деди ошондо. «Кантсе да аялыма жолобой алысыраак тура турайынчы. Балким өзүмө келермин» деп туш келди басып кетти. Машинасына да отурган жок. Жөн эле көчө бойлоп басып баратты. Ак жайдын күнү башына топуну баса кийип алган немени жанынан өткөндүн баары таң кала карап өтүп жатты. Алтынбек болсо алардын бирөөсүнө да маани берген жок. Башын салган бойдон дулдуңдап кете берди.
Бир маалда ал жол боюндагы зым карагайда жабышып турган жарнакка көзү түштү. Анда кайсы бир концертке чакырган Жамбыл Камчиевдин сүрөтү бакырайып илинип туруптур. «Во!» деп кудуңдап кетти заматта. «Ушуну барып аңдып көрөйүн. Балким бир шек шоораты билинээр» деген чечимге келди. Дароо такси тосуп, Спорт сарайды карай чү койду. Жамбылдардын бүгүн концерт койчу күнү болчу. Демек ошол жерден тапмак аны.
Ойлогондой эле Жамбылы спорт сарайдын ичинде жүрүптүр. Кадырлуу немени эч ким тоспой эле артистердин жанына киргизип ийди. Бирок, бараарын барып алып эмне дээрин билбей, мукактанып туруп калды. Акыры айласы кеткенде Жамбылды өзүнчө бөлмөгө чакырып, байкатпай тамырын тартып көрмөй болду. Балээнин баары ушул жерден башталды. Аялы да жанынан калбай өзү менен кошо иштейт экен. Ал да кошо кирип алса болобу. Жүрөгүн эзген суроонун жыйынтыгын билгиси келип шашып турган неме анын аялына карайбы, калп эле кобурамыш болуп барып Жамбылдын башын кармалап көрмөй болду. Чү дегенде эле кулактын үстүн, оң чыкыйды нукулап көрмөккө кол сунду. Бирок, Жамбылың түшкүр азоо тайдай туйлап башын чулгуп жиберди эле, колу чыкыйына эмес саал ылдыйраак, кулагына тийип калды. Мына ошондон эле балээ башталды. Жанатан бери беркинин түрүн байкап, чочулап турган аялы чаңырып-чаркырап эле ызы чуу салып жиберди. Анан калса Жамбылы да тура калып, аялынын артына качты. Кыязы бу күлтүйгөн неме урганы келгенби деп коркту окшойт. Бир заматта сырттан кишилер кирип келип, бөлмөнүн ичи опур-топур болуп калды. Алтынбек болсо эмне айтаарын билбей, чыкканча шашты. Анан эмне дейт эле бечара? Башыңа сенсорный экран коюлганбы деп сурайт беле? Элдер дөөрүп калыптыр деп күлбөйбү тим эле. Гезиттен гезит койбой жазып чыгаар.
Ого бетер уялып калган неме спорт сарайдан чыкты да туш келди басып жөнөдү. Караса стадиондун тушуна келип калыптыр, бир саам тынч алып отура турмакка ошол жакка кирип кетти. Эч ким менен сүйлөшпөй башын салган бойдон барып орундуктардын бирөөнө отурду. «Кап» деп өкүнүп жатты ал. «Жакшылап шылтоо таап кармасам болмок экен чыкыйын. Чочутпай кармап көрсөм болмок экен. Балким жарк этип экран чыга калар беле башынан» деп өкүнүп жатты ал. Бир чети кайра кылган кылыгына уялып өзүн тилдеди. «Түшүмө ишенип алган мен да бир келесоомун. Кантип эле башка экран койсун» деп өзүн өзү жемеледи. Акыры ушул ой жеңип, жүрөгү аз да болсо ылдыйлап, мына кетем деп турганда дагы бир балээ көзүнө урунду.
Качан келгени белгисиз, жүз метрдей нарыраакта жүргөн бир жаш жигит менен бир жаш кызга көзү илинип калса болобу. Жанагы жигит кыздын бутуна башын коюп жатып алыптыр. Кыз болсо анын башын кармалап атабы, же чукулап атабы, айтор бир нерсе кылып атат. Жүрөгү заматта шуу дей түштү. «Тигил тим эле настройкалап атат окшойт» деген ой мээсине заматта пайда болду. Алгач тура калып үйүн көздөй качмай болду. Бирок, жана эртең менен «башың ооруп атабы» деп башын карай колун сунган аялын эстегенде, жүрөгү ого бетер лакылдай согуп, ордуна очорулуп калды. «Эми кантиш керек?» Эми кайда барат? Айла жок тигил экөөнө көзү кайра түштү. Тигине, жигит дагы эле былк этпей жатат. Кыз болсо башын чукулап атат. «Балким жөн эле башын укалап берип аткандыр» деп ойлонду бир маалда. Баса, муну өзүн мажбурлап ойлонуп жатты. Өзүн эптеп алаксыткысы келди. Жанагы коркунучтуу ойлорду бүтүндөй кубалап, кутулууну самады. «Башынан бит карап атышы да мүмкүн» деп кошумчалап койду. Муну ачык эле күбүрөнүп сүйлөдү. Акыры эптеп өзүн бир аз сооротконго жарады окшойт. Бир маалда жанынан өтүмүш болуп карап келмей болду. Акырын ордунан туруп үстүрөөк катарга өттү да, жыла басып тигилерди карай жөнөдү. Баятан кыз буга далысын салып отургандыктан, баланын баш жагы көрүнбөй эле турган болчу. Эми бир аз басса баары көрүнгөнмөк. Бирок, кашайып бул тилеги дагы ишке ашпай калды. Алаңдап бараткан неме катардагы тепкичтерди жаза басып алып дапа-дүп болуп мүдүрүлүп кетти. Аз жерден мээси менен столго тийе жаздап барып араң турду. Анткени менен өзү оңоло албай жатса да тигил экөөнөн көзүн алган жок. Тигине, күтүүсүз дабыштан чочуган кыз муну селт этип карады. Андан кийин жанатан сулк жаткан жигит да ордунан турду. «Өхх» деди дагы бир жолу Алтынбек. Көрсө тиги жигит буларга окшоп таз эмес экен. Ал тургай чачы кулагына жете чубалып жүрөт. «Ошентчи садага! Ошондой эле болсунчу» деп жымыңдады берки. «Чачы бар немеде кайдагы экран болсун? Деги эле адамдын башына кантип экран коюлсун?» деп тим эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүндү. Ошол кудуңдаган боюнча сыртка чыга жөнөдү. Оюнда алгач жакшыраак бир кафеге кирип тамактанып алмай болуп баратты. Таң аткандан бери ачка жүргөнү эми араң эсине келди анын.
Ошентип, жакшы эле көңүлү көтөрүлүп басып бараткан. Ал тургай аялын жолотпой койгонун, Жамбылды коркутканын эстеп алып тим эле өзүн кармай албай ырсаңдап да алган болчу. Эми кебетеси өзүнчө бир укмуш. Башында баягы эле топу. Үстүндө бир аз оңо түшкөн футболка. Ылдый жагында кыры чыккан шым. Бутунда болсо эртең менен жанталаша илип чыккан баласынын тапичкеси. Бирок, муну капарына да алган жок. Жанагы баланын чачы бар экени анын төбөсүн көккө жеткирип койду. Анан калса шымынын чөнтөгүндө жүргөн намыяны да ага укмуш кубат берди. Курсагын кампайтыш керек да азыр...
Бирок, бул кургурдун кубанычы анча деле көпкө узаган жок. Бир заматта ындынын өчүрүп, шаабайын суута турган нерсе кудум аңдып турган кайрымактай өзүнө тартып алды.
Бул жолу анын жүрөгүнүн үшүн алган кадимки эле дүкөндүн витринасы болду. Дубалы бүтүндөй айнектелген дүкөндүн ичинде толмочураак келген кыз кеп куурчактарды тизип атыптыр. Жашабагыр бир аз кийинчерээк, же жок дегенде бир аз мурдараак койсо эмне. Тим эле так ушул Алтынбектин өтүшүн күтүп турган немедей, так ушул жерге жеткенде куурчагын көтөрүп чыкканын карабайсыңбы. Башы өзүнүкүнөн бешбетер тасырайган куурчакты койду да, тим эле чыкчыя жарашкан кеп чачты кийгизип таштады кайран кыз. Кудум эле жанагы баланыкындай кулакка жеткен узун чачты кийгизди. Так эле ошол баланыкындай жылтырайт. Көзү караңгылашып, мээси ымыр чымыр болуп кетти. Ары бери өткөндөрдүн телефону көзгө урунду бир маалда. Тигине бир жигит телефонунун сыртын чечип досуна берип атат. «Чехол» деди акырын күбүрөп. Анан «чачол» деди тиги кеп чачты карап. «Баштын чехолдору булар» деди артынан. Бир кездерде аялынын «башыңа кеп чач кийип алчы» дегени эсине келди. Жүрөгү сайгылашып, дем алуусу кыйындап баратты. Теңселип баратканын сезип, бир бурчка барып отурмай болду. Бирок, жете алган жок. Эңкейе бергени бир эсинде да, көзү караңгылап барып өчүп калды...
Эсине келип көзүн ачса аялы маңдайында отуруптур. Айланасын карап ооруканада жатканын билди. Бирок, качан, эмне болуп жатканын эстей алган жок. Ордунан турайын деди эле, аялы кайра жаткырып койду. Анан калса кандайдыр бир чубалган немелер да сайылып туруптур. Айла жок кайра жатып калды. Эч нерсе эсинде жок экен. «Мейличи» деди ичинен. «Эптеп өзүмө келсем эстеп алаармын» деди. Аялынын жалооруй карап турганын көрүп, ичтейи эзилип элжиреп кетти. «Байкушум, мени кайтарып отурган тура. Азабыма да, тозогума да чыдаган ушуга рахмат» деп ойлонду. Бирок, анысын ачык айткан жок. Кийин айтмай болду. «Сөзсүз ырахматымды айтып, ыраазычылыгымды билдирейин» деп өзүнө өзү убада берди.
А аялы болсо телефонун чукулап, ватсаптан кимдир бирөөгө маалымат жиберип жатты. «Ооба, хаккерлердин чабуулуна кабылыптыр. Азыр тазалаттым» деп жазды ал. «Сен да күйөөңдү абайла. Азыр мындай чабуул көп болуп атат. Уктап атканда системаны талкалап атышат. Кайра койдуруш оңой акча эмес экен. Аз жерден күйөөмдү колдон чыгарып жибере жаздадым» деген жазуулар кайсы бир курбусуна багытталып жатты. Баса, өзүнө келе албай жаткан Алтынбек баш жагына бир аял отуруп алып, иштеп жатканын байкаган жок. Ал болсо Алтынбектин жалтыраган башын ого бетер жаркылдатып турган сенсорный экранды тынымсыз баскылап кандайдыр бир программа жүктөп жатты. Кыязы оперативдик системаны жаңылап, хаккерлерге каршы коргонуу дубалын бекемдеп жатты окшойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 05 Ноябрь 2015 - 21:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Urmat-1989   13 Ноябрь 2015 - 10:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

Азаматсын Eltuzor кызыктуу ангемелерди жазасын. Жаны ангемелерди кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   shirinim0817   13 Ноябрь 2015 - 10:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 04 Май 15
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 21:07

Сонун ангемелер экен,калеминиз курчуй берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Eltuzor   15 Май 2016 - 19:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Унутулган салт
Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн залы менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын ак халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде калды. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума чейин сездим ошо күнү. Кулагым дүңгүрөп баратты. Үнүм кардыгып, оозуман дабыш чыкпайт. Алыстан эле кыйкырып баштадым. Бирок кыйкырыгым өзүмдүн кулагыма да жеткен жок. Дарыгер көптө араң жакындады мага. Кабагын ылдый салып ар бир тамгасын бирден айтып шыбырап турду. Ооба, мага ар бир тыбыш өзүнчө-өзүнчө келди. Акырын-акырын. .. «Б-и-з с-а-к-т-а-й а-л-б-а-й к-а-л-д-ы-к. К-а-й-р-а-т к-ы-л-ы-ң-ы-з». Мен түшүнгөн жокмун эмне дегенин. «Кабыл эмне болду? Ал жакшыбы?» деп сурай бердим. Ал мага башка эле бир нерсе тууралуу айтып жаткандай туюлду. Мен болсо «Кабылды айтыңызчы. Кабыл эмне болду?» деп эле чырылдай бердим...
Көрсө ошол күн жашоомдогу каргашанын башталган күнү экен. Тынымсыз чамынып жүрүп эми бир нерсеге жетинип калдык дегенде балдарым атасыз, очогубуз ээсиз калды. Опол тоом урап, заманам куурулуп турган ал күндөрдү негедир сырттан карап турган көрүүчүдөй өткөрүп жаттым. Ал тургай кээде балдарыма да таң кала карайм. Алардын атакелеп ыйлаганы, кызымдын эсин жоготуп жыгылганы бүтүндөй тасмадан өтүп жаткансыйт. Кошуна келиндер айланчыктап жүрүшөт. Туугандар келишиптир. Бирок, алардын баары тең эч бир максатсыз, туш келди басып жүргөндөй. Керек болсо сүйлөшкөндөрү да мааниси жок, байланышы жоктой сезилет. Акылыма эч нерсе чүргөлбөйт. Оюмда бир гана Кабыл. Ошол келсе эле баары ордуна келчүдөй сезилет. Ордуман туруп издеп жөнөйм. Кудум баягы экөөбүз баратып авария болчуда, кыйрап жаткан машинадан эптеп сүйрөлүп чыгып, аны издегендей темтелеңдеп издейм. Бири-бирине жабышып, эмнеси кимисиники экени билинбей калган эки машинаны тегерене басып, кайсы жеринен Кабылды сууруп чыгаарымды билбей чарк айланып жүргөндөй, тура калып издеп жөнөйм. Бирок, баягы эле кыжылдаган кошуна келиндер, туугандар кармап калышат. Жөнөтүшпөйт. Тургузушпайт. Өзүм да түшүнбөйм. «Булар эмне болуп калган?» дейм. Кыжырым келип кээде урушам. Бирок, алар мени укчудай түрү жок. Деги эле эч ким эч кимди укпай чурулдап атышат.
- Боз үй тигилдиби? – дейт бирөө.
- Машина келдиби? Базарга ким барат? – дейт дагы бири.
Дагы бирөө болсо казан издеп жүрөт. Дагы бирөө килем, кийиз сурап атат. Такыр түшүнүксүз. Бир гана Кабылды эстеген киши жок. «Ушунча топураган адам эмнеге чогулду? Бирөө да Кабылды эстеп койбойт го булар» дейм. «Баягы эле көр оокат булардын ойлогону» дейм. Бирөө жүрөт шымаланып, «кой алып келдим. Жүрүгүлө сойо калалы» деп. «Койду эмнеге сойот?» деп койом. Бирок, аларга сүйлөгүм да келбейт. Бат эле кымгуут болуп кетет. Кайра эле Кабылымды издеп жөнөйм. Бат эле баягы оорукананын узун залы эсиме келет. Бат эле баягы авария болуп, автоунаалар балжа-булжа болуп жаткан жер көз алдыма тартылат. Анан эле Кабылды издеп жөнөйм. Кайра эле келиндер, туугандар жабылып калышат. Же мени тургузушпайт, же өздөрү издешпейт. Ошого туталанам. Урушам, ызаланам, ыйлайм...
Бир маалда боз үйгө кир деп киргизишти. Короого боз үй тигилип калыптыр. Бирок, ичи көөдөй караңгы, суук экен. Мынчалык түрү суук боз үй көргөн эмесмин. Зордоп эле киргизишти. Деги мага нокто катып алгандай эле ары-бери жетелеп жүрүшөт. Өз оюм менен эч нерсе кыла албай калдым. Кабыл ушул жерде деп айткандар да болду. Ошого да алаксып кирип келдим окшойт. Бирок, Кабылым мындай куту качкан, аңгыраган боз үйдүн ичинде эмне кылып отурмак эле. Тигинде балдары чырылдап отурат. «Барат эле да ошолорго» дейм.
«Көргөзбөй эле койгулачы. Такыр таанылгыс болуп калыптыр» деди бирөө арттан. Бирөө болсо «Мейли, көрсүн. Биротоло көксүнү сууйт» деди. Кимге эмнени көргөзө албай жатышканын билгеним жок. Бир маалда жетелеп келип капшыттагы килемди көтөрүп киргизишти. Сундуйган бирөө жаткан экен. Үстүндөгү жабууну ачып көргөзүштү. «Кабылың менен коштошуп кал, кургур» деди бирөө.
Карс-курс эле дейт түштү туш тарап. Машина аласалып, айнектер чачырап кетти. Бул жолу боз үй да кошо тоголонуп баратты. «Машинабызда боз үй бар беле?» деген ой мээме зып эте калды ошондо. «Кокуй кармагыла! Эсин жоготуп койду. Суу!» деген үндөр алыстан угулуп барып дымырап калды. Өзүм эле калгансыдым. Машина көпкө чейин тоголонуп баратты. Бирок кайда чимирилбесин боз үйдүн түндүгүнө окшогон кайчылаш жыгачтар көз алдыман кеткен жок. Анан эле Кабыл эсиме келет. Ал рул кармап бараткан. Мен жанында отургам. Машина токтосо издеп келейин дейм. Айнектен чыгып кеттиби дейм. Курун тагынбай койгонун эстеп туталанам. Азыр тарта койсомбу деп далбастайм. Бирок өзүмдү кармай албайм. Машина тоголонуп баратты. Эки жакты караганга дарманым жок. Бирдемени тырышып кармап алгам. Койо берсем эле машинадан чыгып кетчүдөй болом. Көз алдыман гана түндүк кетпейт. Кайда аласалсак деле түндүк кетпейт. Кээде кимдир бирөөлөрдүн чаң-чуң эткен үнү угула калат. «Колу карышып калды» деген үндөр жаңыра түшөт үзүл-кесил. Кимдин колу дейм. Кабылды карайм. Ал көрүнбөйт. Курун тартынбай койбоду беле деген ой кайра шып этип чүргөлө калат. Кайра эле курун тартайын дейм. Бирок колумду койо бергенден корком...
Көптө араң токтоду машина. Бирок, негедир көп кишинин арасына токтоду. Жалаң аялдар экен. Кантип ушул жерге токтогонун түшүнбөйм. Булардын баары кайдан чыга калды? Маңдайымда боз үйдүн чамгарагы турат. Жанатан көз алдыма тартылып аткан түндүк дале маңдайымда турганын көрүп таңыркайм. Аялдар болсо өздөрүнчө күрү-гүү. Шыпшынып жүрөт кээ бири. Кээ бири бышактап ыйлап алган. «Дары иччи. Суу иччи» деп өнтөлөшөт. Бергенин ичип койдум. Тур дегенин угуп турам, отур деген жерине отурам. Көөдөй караңгы боз үйдүн ичинде капшытты карап отурдук. Жанымда эки аял бар. Бирөө тынбай уңулдап ыйлап атат. Жаным жер тарта баштады. Шылкылдап көзүм илинип бараткансыйм. «Кабыл келгиче уктабайын» деп койом кайра. Бирок болбойт. Арттан бирөөнүн «Ушунча дары бердик эми уктап кетер» дегени кулагыма илинди. «Кимди уктатып атышат?» дедим. Анан мемиреп кеткенсидим. Бирок түнү бою аварияга кабылып, Кабылды издеп чыктым. Улам эле зуулдаган бойдон келип алдыбыздан чыга калган машинага урунабыз. Анан ызы-чуу башталат. Тарса-турс болот да, машина айланып жөнөйт. Анан машинадан суурулуп чыгып Кабылды издейм...
Бир маалда бирөө оозума суу кармап турган экен. «Ме гой мобуну ичип алчы» деп жатыптыр суу кармаган аял. «Түнү менен жөөлүп чыкты, бечара» дейт нары жактан бирөө. Башым жарылчудай заңгырап ооруйт. Суу ууртайын дедим эле жүрөгүм айланып туруп алды. Суу куюп келип бетимди жуушту. Ушул тапта сырттан бирөөнүн күбүрөгөн үнү угулду.
- Жеңем турдубу? Кишилер келе баштады. Тезирек мал сойбосок болбойт, - деди бирөө.
- Тиги аталаш агасы бар эмеспи. Ал эмне дейт? - деди нары жактан.
- Ал деле ылайыктуу малым жок деп койду.
- О кокуй! Анда эмне кылат элек? Малы жок болсо өзүн сойосуңарбы? !
- Омей! Кызык немесиз го! Союш керек да бирдеме. Ошо да болмок беле? Эл эмне дейт?!
Ушул жерден эсиме келип, бул жалган улана берээрин, тезирээк эсиме келбесем болбой турганын сезе баштадым. Бирок, босогодон бопбоз болуп алы кетип, көзү тоодой шишиген кызым киргенде заманам кайра куурулуп, акыл-эсим кайра алай-дүлөй болуп кетти. Бечара кызым кирип эле «атакелеп» ыйлап келип алдыма кулады. Аялдар кайра чуру-чуу түшүп калды. Ошону менен кайра эле баягы авария, кайра эле баягы Кабылды издемей башталды. Колум дагы тырышып калыптыр. Курун тагайын дейм, колумду бошоткондон корком...
Бир топто тынчыды алай-дүлөй. Эсимди жоготуп, кайра эсиме келип атканымды эми байкадым. Болбосо жанатан бери окуялар бир заматта өзгөрүп кетип атканын түшүнбөй аткан болчумун. Көрсө эсимди жоготуп жаткан турбаймбы. Аялдардын жөлөк-таягы менен эптеп сыртка чыктым. Сыртта толтура киши жүрөт. Короодо боз үй тигилип турат. Тигинде кишилер мал союп атат. Кайсы малды, кайдан табышканы белгисиз. Жанында Кабылдын айылдаш кошуналары, тууган-уругу жүрөт. Илгеркисинче баркылдап сүйлөгөндөрү да бар.
- Оо, эки эли чыкты. Жакшы байтал экен. 20дай чучук чыгат буюрса, - деп күпүлдөп атат көрпө тебетей кийгени.
- 20 чучук жөн эле чыгат. Жаныш байке кыйын экен. Таап келе калганын карабайсыңбы. Жазында мындай семиз жылкы оңой менен табылбайт да, - деди жанында турган жашырак жигит.
- Кайдан тааптыр муну?
- Кабылдын уазы бар эмес беле. Ошону күрөөгө коюп акча алып келишти.
- Аа, мейли эми. Байкуш, көзү тирүүсүндө ошол уазы менен тирилик кылчу эле, эми көзү өткөндө да ишке жараган тура.
- Андан көрө ошонун акчасы жетиптирби?
- Кайдан жетсин? Үстүнө акча кошо турдум дейт. Кийин алаармын деди.
- Аа, ошентсин эми. Тууган дегендин ушундайда пайдасы тийбегенде качан тийет эле. Карызга берсе кийин ай бар, жыл бар, өндүрүп алаар.
- Ээх, бечаралар ансыз да ижарага алган бусиги менен кырсыкка кабылып турду эле, эми колундагы болгон быдырын ломбардка берип мал сойдуңарбы э?
- Омей, кызыксың го. Анан эмне кылат элек? Же сен таап бересиңби малды?!
- Жок эй. Мен кайдан таап берет элем?
- Ии анда унчукпай отур. Бул илгертен келаткан салт. Өлгөндө киши келет, мал союлат. Тууган-туушкан, куда-сөөк келет топо салганы. Анан алар эмне деп барат? Салт билбеген немелер дебейби?
Жүзүмдү чайып атканда алар ушунтип кобурашып атышты. Бирок, көп деле маани бергеним жок. Кабылым жок болуп турган соң, эми мага баары бир эмеспи. Уазикке кейийт белем. Кызымдан гана коркуп калдым. Байкушум жашабай жатып атасынан ажырады.
- Жоодар кайда? – дедим жанымда турган аялдан.
- Тигил үйдө го, - деп алаңдай жооп кайтарышты. Байкушум, али бала эмеспи. Ал кантти экен дегенди ойлогондо заманам дагы куурулуп, көзүм караңгылашып кетти. Бирок, бул жолу эптеп өзүмдү кармап калдым. Жанымдагы аял да сезе койгондой, эжекелеп жөлөй калып, жүзүмдү муздак суу менен сүртүп жиберди. Башым гана зыңылдай берди. Эптеп ордуман туруп, боз үйгө жөнөдүм. Сол тарабым бүтүндөй какшап ооруп турганын ошондо гана байкадым. Аварияда катуу урунсам керек...

***
Ошону менен бир канча күн кошок айтым. Үчүлүгү болду, жетилиги болду. Канча адам келип, канча киши топо салды билбейм. Топураган эле кишилер жүрдү сыртта. Баягыдан кийин дагы бир уй союшту. Анын акчасын өзүм таап бердим. Чогуу иштешкен санаалаш эже бар эле, ошол бирөөдөн пайызга таап бере калды. Ошого мал алып сойдук. Андан кийин туугандар, куда-сөөктүн кошумчасы деп узун тизме, бир канча акча карматышты. Анысы Кабылдын жайына, анан дагы майда-чүйдөгө кетти.
Ошону менен өлгөндүн артынан өлө албай, кылдыратып жашообуз өтө баштады. Эл да тарады. Кыркылыгы өтүп, боз үй да чечилди. Чынын айтсам бул күндөрдө мен өз үйүмдө эмес, бөлөк эле үйдө жүргөндөй болдум. Топураган эл кайсы тамактан жеп, кайда жатып атканын деле толук билгеним жок. Кыскасы топурап эле келип кетип жүрүштү. Мен кошок айткан сайын өзөгүм өрттөнүп, жашоодон кеччүдөй араң отурдум.
Кийин билсем ошол арада жумушуман да чыгарып коюшуптур. Ооба, айлап-айлап ишке чыкпаган жумушчунун кимге кереги бар дешсе керек. Уазикти болсо ойлогон да жокмун. Жаныш байке ломбарддын кагазын карматып «50 миң төлөйт экенсиң. Ай сайын 3000ден берип тур» дегенде «макул» деп койгом. Ошону менен ал кагазы кайда калганын да билбейм. Барган да, чалган да жокмун. Ага бергидей акчам да, убактым да болгон жок.
Эч жакка чыккым келбейт. Өзүмчө калсам эле буркурап ыйлайм. Ыза болом. Туталанам. Жакшы нерсе болсо деле, жаман нерсе болсо деле буулугуп ыйлайм. «Ушуну Кабылым көрбөй калды» дейм. «Кабылым болсо эмне» дейм. Балдарды эптеп сабакка жөнөттүм. «Алаксыгыла, отурбагыла» дейм. Бирок, аларым деле кыйратып алаксый албайт. Кызым деле, уулум деле таалайсыз калгандай, буркурап эле ыйлап жүрүшкөндөй сезилет.
Кыркылыгы өтүп калганда баягы Жаныш байке келди. Куран окутту. Ал-жай сурашты. Анан бир маалда «баягыда байтал алганга 40 миң коштум эле. Ошол керек болуп калды» деди үңкүйүп отуруп. Алгач 40 миң оңойдой эле туюлду. Көп деле ойлонуп отурганым жок. «Макул, берели» дедим. Көрсө опол тооң кулап, аза күтүп турганда көзүңө башка нерсе көрүнбөй калат тура. Кийин издеп баштаганда сездим. Өзүмдүн бир эжемен башка жакын тууганым деле жок. Ал деле эл катары араң турат. Ошого айттым чү дегенде эле. Байкушум кейип-кепчип эле кетти. «Берем» дедим кийин. «Таап берем» дедим. Бирок, ошондо биринчи жолу түшүндүм. Буга чейин үй-жайды кылдыратып турган Кабыл болчу. Машинасы менен базарга чыгып, эл ташып иштеп аткан. Эми анысы да жарабай калды. Эски уазиги болсо жок болду. А менин айлыгым өп-чап эле азык-түлүккө жетчү. «Эми кайдан табам?» дедим ичимен. Ошондо Кабылым дагы бир өлгөндөй болду. Түнү менен ыйлап чыктым. Жок дегенде эле тамыбыз өзүбүздүкү болсо эмне. Мында батирде турчубуз. Шаар четинен жер алып, пайдубалын тургузган элек. Аныбыз деле документи жок. Кайран Кабылым тирүү болгондо быйыл бүтүрүп кирип алсак, бара-бара документи деле бүтмөк. Үңкүр да болсо үйүбүз болбойт беле.
Эжем араң 10 миң таап берди. Калганын бирөөдөн пайызга алып берейин деди эле жүрөгүм түшүп калды. Берки уйдун 35 миңинин да үстөгү менен турат. Жакында ал да сурап баштайт. Андан башка карыздар да толтура. Балдарымдын мектебине беришим керек, ремонтуна беришим керек, батирге беришим керек. Оо Кудай, ай...
Ошентип бир жумадан кийин Жаныш байке кайра келди. Баягы эжемен алган 10 миңди санап берсем, түнөрүп отуруп араң кеткен. 3 күн өтпөй кайра келиптир. Түрү жаман. Чай да ичпей үшкүрүнүп отуруп «Бизди да туура түшүн. Ошо күнү силер уят болбосун деп, салттан калбасын деп бирөөнүн акчасын кошуп жибердим эле. Эми мени коколоп атат» деди. Баягы авариядан кийин оң капталым сыздап оорунакага баралбай жүргөм. Кыймылдасам эле зыркырайт. Бир жерим үзүлүп кетчүдөй болот. Бирок, аны айтканым жок. Кечээ Кабылдын достору келип жамандык-жакшылыкка деген ыражасынан 10 миң берип кетишти эле. Ошого көрүнсөмбү деп катып отургам. Бирок, тигинин түрүн көрүп, ден соолукту койо турдум. Катылган жеринен сууруп чыгып карматтым. Жаныш байке ошондо деле түнтөйүп отуруп араң кетти.
Ал кеткенден кийин бүк түшүп жатып алып дагы буркурап ыйладым. Балдарым келип мага кошулуп ыйлады. Соороткон киши болгон жок. Ошол бойдон буркурап отуруп ачка уктадык. Түнү менен Кабылды издедим...
Кийин баягы пайызга берген аял келди. Көрсө 2 ай болуп кетиптир. Өсүп баратат деди. Эптеп аркы беркини айтып узаттым. «Макул, бирок эсиңде болсун, үстөгү барган сайын көбөйө берет» деп коркутуп кетти. Эптеп жумушка чыгайын дейм, капталым кыймылдатпайт. Күн сайын күчөп бараткандай. Бир күнү отуруп алып кеткен чыгымдын баарын эсептедим. Көрсө тигиге баланча, буга түкүнчө болуп отуруп 150 миң карыз бар экен. Үйдө да азык түгөндү. Нан менен чайдан башка эч нерсе калган жок. Өгүнү уулум базарга чыгып жүк ташып, 400 сом алып келген. Ошого ун алып, чай алып ичип отурабыз. Жокчулук деген бат эле кирип келет тура...

***
Баягы пайызга берген катын кайра келди. Бул жолу аңыраңдап алыптыр. «Үйдөгү оокаттарыңды бер» деп булкунуп келип сапырып кирди. Же каршылык эле кыла алсамчы. Бир капталым ооруп тыңыраак баса албай калдым. Омурткама доо кеткенби дегенде жүрөгүм түшөт. Баарынан балдарыма жаман болду. Бир заматта жетимдик баштарына түшүп карып болуп калышты. Акыры түтпөгөнүмдө баягы жердин документин көргөздүм. «Ушуну сатып карызыман кутулайын» дедим. Чынында документ дегенибиз документ деле эмес. Болгону бир карта. Аны көрүп ого бетер атырылды. «Мунуңду эч ким албайт» деп кыйкырынат. Жаным күйүп кетти. «Ушундан башка байлыгым жок. Кааласаң колуңа өлүп берейин» деп жарылып кеттим. Буулугуп ыйлап да алгам, булкунуп сүйлөп да алгам. Акыры жеңдим окшойт. «Макул анда, келе документиңди» деди. «Ушуну менен сага келбейм дагы» деди. «Кутулайынчы деги» деп карматып салдым. Ушул ырайымсыз катындан кутулганыма гана сүйүндүм. Балдарымдын бозоруп коркуп турганын көрүп, тезирээк ушуну жоготойун дедим. Ошентип жерибизден да ажырадык...
Эртеси үйдө жегенге эч нерсе калбай калыптыр. Уулум таң атпай туруп бир жакка кеткен. Кызым экөөбүз кечке коркуп отурдук. Шоркуратып чай ичип койобуз. Кечке маал үтүрөйүп, боз ала чаң болуп балам кирип келди. Тердеп-кургап иштегени түрүнөн эле көрүнүп турат. Колуна нан, жарма, чай, май, кесме көтөрүп алыптыр. Байкушум ай, жашабай жатып абалыбызды түшүнгөн экен. Ичим эзилип боорума кысып алып, кечке ыйладым. Байкуш кызым күйпөлөктөп тамак жасады. Өзүм ордуман тура албай да калдым. Бүк түшүп эле ыйлайм... Ошентип уулум мектепке барбай калды. Анткени менен күнүмдүк тамака жетип калдык...
Ошондон көп өтпөй эшик тыкылдады. Уулум жумушка, кызым сабагына кеткен. Жалгыз отургам үйдө. Ордуман эптеп туруп эшикти ачайын дедим. Бирок, мен тургуча эле эшик ачылып, бирөө кирип келди. Көрсө үйдүн кожоюну экен. Мен таанычу эмесмин. Кабыл эле сүйлөшүп, батир акысын берип жүрчү. Кабылдын кырсыкка кабылып көз жумганын угушуптур. Акырын отуруп куран окушту. Анча-мынча ал-жай сурашты. «Качан айтаар экен» деп жүрөгүм солкулдайт. Доочулардан коркуп калган экем. Бир маалда күткөн кебим да айтылды.
- Эки айдын батир акысын алалы деп келдик эле, - деди камырабай туруп. Тамагым буулуп, сүйлөй албай калдым. 12 миңден төлөчүбүз. 24 миңди кайдан табам эми буларга?
- Эми бизди деле туура түшүнүңүз. Туугандарыңыз деле бардыр. Айтсаңыз каралашаар, - деди акыл айткан киши болуп. Тууган деген сөз менен каралашат деген сөз бири-бирине уланбай калганын айткым келди. Бирок, унчуга алганым жок. «Эптеп түшүнүп тургула. Жакында иштеп баштасам төлөп берем» дедим. Кыңырылып отуруп араң кетти. Үй ичин кыдырата карай баштаганда жүрөгүм дагы солк этти. Баягы пайызга берген катынча үйдөгү эмерек-кечени баалап атканын байкадым. Балдарымды томсортуп үй-оокатымды тартып алып өзүмдү чыгарып койобу деп коркконумду айтпа. Бирок, унчуккан жок. Нааразы болгондой суз коштошуп чыгып кетти.
Көзүмө эле жаш тегеренет. Кашайып калгыр, агып бүтпөс болду го. Балдарымды кейите бербей, өзүмдү кармасам жакшы болбойт беле. Бирок, мунун соолучу түрү жок. Куюлат да турат. Тигине кызым да кирип келди. Түрүмдү көрүп эле байкады кейип турганымды. Кыз эмеспи, дароо кабагыма карап ичимди окуп турат. Алгач ар кайсыны айтып алаксыткысы келди. Анын анткенин көрүп ого бетер бышактап жибердим эле, чыдабай кетти окшойт, кучактап алып ыйлап жиберди. Ошентип экөөбүз көпкө ыйладык. Акыры эптеп эсибизге келип, чай-пай ичкен болдук.
Ошондон бир жума өтпөй баягы Жаныш байке дагы келди. Бул жолу такыр эле түнөрүп алган. Кызуу дагы окшойт. Ай-буйга келбей оңураңдайт. Үйдө дагы жалгыз болчумун.
- Карызды бербейсизби? Кандай уяты жок кишисиз? – деп эле качыра сүйлөдү.
Ансыз да сыздап отургам. Чыдай албай мен да качыра жооп кайтардым.
- Жоон санымды кесип берейинби? Уят болгондо эмне, өлүп ал дегени турасыңбы? – дедим.
- Копурай, кайра коркутасыз да ой! Ушу силерди шерменде болбосун, тууган-урукка уят болбосун деп таап берип отурсам кайра күпүлдөгөнүңүз кандай? Мен мал таап келип союп бербегенде бу салт билбеген неме экен деп бүтүндөй эл-журтка шерменде болмоксуз! –деп опурулду. Бирок мен да токтоп тура алганым жок.
- Салт эле салт дейсиңер, ушубу силердин салт билгиңер? Жетим-жесир экенине карабай акыркы быдырын саттырып, карызга карматып коюп союш жегенди эле салт дейсиңерби? Салттын эт жеген, мал жеген жагын эле билип, калганын унутуп калгансыңарбы силер? Көзү өтүп кеткен адамдын бала-чакасын жетим кылбай туугандары асырап алат деген салтты унутуп, канча кишиге канча эт тартылат деген жагын эле эстеп калдыңарбы? Тууган-тууган дейсиңер, тигине тууганыңар бала туруп ар кимге малай болуп жүрөт. Андай салт билги экенсиңер ошондон уялбайсыңарбы? Же ал жагын унуттуңарбы салттын? Качан кыргызда бар эле, агасынын уулун темселетип койгон. Мына мен ооруп ордуман тура албай турам. Келип бирөөң ал-акыбалымды сурадыңбы? Же ал салтта жок беле? Мына, мобул үйдүн ээси бизди темселетип чыгарып коймой болду. Ошондо биз темселеп селсаяк болуп кетсек салтыңарды эстейсиңерби? Же уруулашын, тууганын темселетип жиберүү да салтта бар беле? Силердин салтыңарды түшүндүм мен. Бул жакта Кабылыман айрылып, эсиме келе албай турсам туш тараптан каптап малын союп, этин жеп кеттиңер. Андай салт билги болсоңор союшун чыгара келбейт белеңер? Сарпайын артына келбейт белеңер? Сөөгүн артынып, бала-чакасын жетелеп айылыңарга ала кетпейт белеңер? Же үйүңөрдөн үркөрдөй үч жетимге бурч табылбай калдыбы? Ушуну менен жата берсем эртең мен да кетем. Ошондо да унутпай келип чучук чайнап, казы жеп кеткиле! Салтыңардын өзүңөргө пайдалуу жерин жакшы билип алган турбайсыңарбы? Маркум Кабылда эч нерсе калган жок, эми уулу менен баласын да күрөөгө коюп, байтал жесеңер кышка жетесиңер. Бар туугандарга ошондой салам айт. Мен да минтип оңоло албай турам. Малдын семизин тандай беришсин! – дедим.
Жаныш байке унчуга албай томсоруп эле отуруп калды. Мен болсо тескери карап жатып алдым. Бурулуп баратканымда баягы ооруган жерим дагы катуу зырп этти. Бирок, тилимди тишиме катып үн чыгарган жокмун. Анткорлонуп атат дейби деп намыстандым. Тиги тууганыбыз болсо мурдун шор тартып далайга отурду да чыгып кетти.

***
Ошондон жарым айча өтүп калган. Бир күнү эшик тыкылдады. Заманам куурулуп жата бердим. «Кайсы доочу келди экен эми?» дедим. Үйдүн ээсиби, же пайыздын ээсиби? Же баягы Жаныш байкедир дейм. Айтаарга кеп издейм. Кирээрге тешик издейм. «Ушундан көрө кошо өлсөм эмне?» дейм. Бирок балдарымды эстегенде ого бетер ичим ачышат. Көзүмөн ысык жаш тынымсыз тоголонуп жатты. Кыймылдай алганым жок. Аңгыча эшик акырын ачылып бирөөнүн үнү угулду.
- Кагылайын Каныш барсыңбы? – деди. Кудум атамдын үнүн уккандай селт эттим. Бирок ордуман тура алганым жок, дале. Каргылданып араң жооп айтымыш болдум. «Бармын» дедим чамамда. Тигил киши бир саам тыңшай калды да, «э Каныш!» деп дагы заңк этти. Анан акырын кадам таштап бери басты. Кудум баягы ыраматылык атамдай. Такасы жок маасы көлөчтүн жумшак добушу, бөкчөйгөн жеңил абышканын майда кадамы. Эреркеп бараттым ансайын. «Адамдын ажалы ар түрдүү келет дечү эле. Мага атам келаткан го» деген ой жылт этти. «Мейличи» дедим ичимен. «Балдарыма жүк болгуча, кете берейинчи» дедим. Карактарым менен коштошо албай калганыма гана жаным кейиди.
- Балам, үн катып койсоң боло, кагылайын, - деди аңгыча. Так жаныма келип калыптыр. Ыйлагангабы, караңгы үйдө жата берип сырттан эшиктин жарыгы түшкөнгөбү, айтор көзүмө эч нерсе көрүнбөйт. Кудум атама окшогон караандын гана маңдайымда турганын сездим.
- Атаке, мени алып кетчи, - деп акырын шыбырап ыйлап жибердим.
- Эмне дейсиң кагылайын? Э катыгүн, сен ооруп турасыңбы? Э Зыйна, кел бери. Койо турчу ал тамак-ашыңды нары. Карачы бул бечара ооруп калган тура, - деп заңкылдады маңдайымдагы караан. «Кайдагы Зыйна? Жарыктык атам, кимди айтып атат?» деп чыйрала түштүм. Аңгыча божурап сүйлөнүп бир кемпир келди. Жумшак колу менен маңдайыман сылап, жүзүмөн сүйдү.
- Атаңдын оозун урайын, тууган-тууган деп коюп карыз доолагандан башканы билбей калган турбайбызбы. Жанагы Жаныш деген ошо күнү эле айтпай, кечээ араң айтып отурбайбы кебиңди. Кагылайын, кечир бизге окшогон жаман туугандарыңды. Мына эми каралашып турабыз, кагылайын. Эми өзүм салтты үйрөтөм буларга. Сабыр кыл балам, - деп күпүлдөп жатты жанагы абышка. Ошондо тааныдым аны. Айылдагы абабыз тура. Жанышка айткан сөзүмдү угуп, эң биринчи түтпөй келген экен жарыктык. Козусун союп, тамак-ашын артынып алып келиптир. Үйүбүзгө кайрадан кут киргендей болду.
Ошол түнү да түш көрдүм. Бул жолу Кабылымды таптым. Туугандары менен бапырап отуруптур мурункудай. «Эми унутпай катышып тургула, келип тургула» деп жатыптыр. Жүзү да жаркып калгандай негедир. Жүзү да жаркып калгандай...

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 15 Май 2016 - 19:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   doni78   22 Май 2016 - 19:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 01:43

Просмотр сообщения Eltuzor (09 Июнь 2015 - 14:31) жазган:

Эмесе,экинчи аңгеме...
Жакшы чыгармалар автору ким экен?

Болбогон нерсе
Эки-үч күндөн бери байкаса тиги мусулман кошунасы көрүнбөй калган экен. Адатта ал, мечиттен кал-бай намазын кылып, же короосундагы бак-шагын карап күдүңдөп жүрө берчү. Анан калса, өтө билимдүү киши да болсо керек, ар кандай маселе менен келген адамдардын арты үзүлчү эмес. Келген адамдар аны «аалым, олуя, устат» деп дегеле жерге сууга тийгизбей көтөрмөлөп да турушчу. А тиги жарыктык болсо алардын минтип даңазалап атканын дегеле таназарына да алчу эмес. Кандай адам келбесин, баарына бирдей мамиле кылып, карапайым жүргөнү жүргөн. Дегеле анын адамгерчилиги бир шумдук. Ушул өзүнө кылган мамилеси эле канчалык таң калыштуу. Мына, бул жерге, мусулмандардын арасына, көчүп келгенине канча болду. Ошондон бери катуу сүйлөп, кыр көрсөткөндү мындай кой, кайра тууганын көргөндөй жаркылдап, ар дайым ал-акыбалын сураганы сураган. Болбосо, өзүн «каапыр, кайырдин» деп жактырбай ка-рап, же жок дегенде эле алыстан айланып, бирдемеси жукчудай денесин качырып турган далай мусулманды көрбөдү беле. Ушуларды ойлоп отуруп эмнеси болсо да дайыны чыкпай калган кошунасын бир көрүп коюуну чечти.
Таш төшөлгөн жол менен акмалай басып тигинин эшиги жакка басты. Шаар эли өтө тыгыз жайгашкандык тан, экөөнүн үйү да жабыша салынып, ортосун бир
эле дубал бөлүп турчу. Сыртынан караганда үйлөрү да бири-бирине окшош. Болгону эле, калаа жантайма бетке отурукташып калгандыктан, мусулман кошуна-
сынын тамы бир кыйла жапысырак. Эшигине жакындай келип жыгач каалгасын үч жолу такылдатып койду. Муну ал так ушул кошунасынан үйрөнгөн. Өзүн зыярат кылып келгенинде да дайыма, үч жолу гана такылдатаар эле. Эгер, ушул маалда үйдөн жооп чыкпай калса, кайтып кетип калчу. Оюна кошунасынын ушул адаты келип, өзү да жооп болбой турган болсо, кайра тартууну көздөп турду. Аңгыча үйдөн дабыш чыгып калды. Тестиер бала шыпылдай келип эшикти кыңайта ача берди да, кайра үрккөн улактай сербеңдеп чуркап кетти. Кыязы, үйдөгүлөргө кабар бергени кетти окшойт. Үй анча чоң эмес болгондуктан, наркы үйдөн «киргиз тезирэк» деген үн буга да угулду. Бир заматта жанагы тыпылдаган тестиер кирүүсүн өтүнүп алдында келди. Негедир, уялып калганбы, же атасын тартып адептүүбү, айтор, көзүнө тик карабай,
ыйбаа кылып турат. Босогону аттап, эми кире берерде мурдуна каңырсыган, өтө жагымсыз жыт бурр эле дей түшпөспү. Аз жерден кайра бурулуп чыгып кете жаз-дады. Жийиркеничтүү жыттан иренжий, бети-башы эрксиз тыржыйып, «бул сасык жыт кайдан келип атат» дегенсип үй ичин айланта карап ийгенге да жетишти. Адатта малдын өлүгү, же жедеп таштанды үйүлүп, кароосуз калган жерлер ушундай жыттанат эмеспи. Бирок, үй ичи андай деле ыплас көрүнбөйт. Тескерисинче көп деле көрөн-шөрөнү жок, жупуну болгону менен, баардык оокат орду ордунда, ирээттүү жайгашкан экен.
Далистен өтүп, наркы добуш чыккан бөлмөгө баш бакты. Жанагы жагымсыз жыт бул бөлмөгө тим эле уюп калыптыр. Бул жакты да бир сыйра карап алды. Бир капталы китепке, ар демелер жазылган барактарга толуп турган, анча чоң эмес бөлмөнүн төр жагында жаткан экен коңшусу. Мунун келгенин көрүп турайын деди окшойт, жакшы эле обдулду. Бирок, тура албады. Төшөк тартып, катуу ноокастап калган го, бечара. Жүйүртө басып жанына отуруп ал-акыбалын сурады:
– Кандайсың жарыктык? Ары-бери өткөнүңдө тынбай учурашып, ал-абалымды сурап турчу элең, ошонуңа көнүп калган окшойм. Эки-үч күн көрүнбөй калдың эле, минтип издеп келдим.
– Ырахмат, кошунам, рахмат. Келгениңе өтө кубанычтуумун. Акыбалым Кудайга шүгүр. Бир аз ноокастап калыпмын. Өзүң кандай жүрөсүң? Бала-чакаң жакшыбы? Соодаң жүрүшүп атабы? Минтип, төшөктөн тура албай, ал-акыбалыңды сурап бара албай жатам. Капа болбоссуң?..
– Оой жарыктык, эмнеге капа болойун? Андан көрө, өзүңө кара. Суукка урунуп алдыңбы? Үй-жайың жылуубу? – деп сураганча оң жак тарабын карай берип, таң калып отуруп калды. Дубалга шыптан жерге чейин бир кара чүпүрөк тартып салышкан экен. Жакшылап байкаса жанагы сасык жыт дал ошол тараптан келип аткансыйт. Бир саам көзүн ала албай ойлонуп калды. «Эмне эшикке парда тартып салышканбы? Жоо.. Мүмкүн эмес... Дубалдын наркы бети өзүмдүн үйүм эмеспи.. Демек, терезе да эмес... Анда эмнени жаап коюшту экен?..» Аңгыча үй ээси өзүнүн көз карашын байкап отурганын эстей калып, эмне кыларын билбей, карбаластай түштү. Анын карбаластаганын көрүп беркинин да шаштысы кетти. Кыязы, ал деле сөз учугун кантип улаштын айласын таппай калды окшойт. Акыры чыдабай сурап жиберди:
– Э кошуна, тиги дубалды эмнеге жаап койгонсуң?
– Аа жарыктык көңүлүңө алба. Былтыр ошол жер бир аз жарылып кетти эле. Анан жаап койгом.
– Кандай, шыбагы түшүп калдыбы?
– Ии, ошентип атат.
– Кайра шыбап койсоң болмок да,- деди акылдуусу на. Чынында, «бул шыбаганды билбегенинен чүпүрөк тартып койду го» деген ой мээсине зып эте калган болчу.
– Эми, кандай десем. Нары жагынан бир аз суу сарыгып чыгып, шыбак токтобой койду. Анан, чыкса чыга берсин деп чүпүрөк тартып салдык.
– Нары жагынан дейсиңби?.. Нары жагы менин үйүм эмеспи...
– Ооба, ооба... Бирок, көп деле эмес... Арзыбаган эле суу...
Берки дагы ойлонуп калды. Чүпөрөк менен тосулган жерди алая карап, дубалдын нары жагындагы үйүн элестетип өттү көз алдына. «Биздин үйдөн кайдагы суу
кирет буга? Же аялым бирдеме төгүп атабы? Баса, бул тушту биз эмнеге колдончу элек?.. Кана, наркы тушу кире бериш болсо... Ой... Демек, бул туш биз жуунган жер турбайбы... Э катыгүн!.. » Мына ошондо түшүндү жүрөктү айлантып каңырсып турган жыттын себебин. Көрсө өзү үй-бүлөсү менен киринип, кийимдерин жуугандан кийинки суу кошунасынын үйүнө сарыгат тура. Көрсө өзү иренжип, жаман көрүп аткан жагымсыз жытка дал өзү себепкер тура. Уялганынан жүзү оттой албырып чыкты.
– Э айланайын кошуна! Мурда эле айтпайт белең... Мен бирдеме кылат элем да, – деп чебелектеп жиберди бир маалда.
– Койсоңчу кутманым. Болбогон нерсени деле сага айтып, сени убара кыла берсем, менин кошуналыгым кайсы. Эч камтама болбочу.
Эмне дээрин билбей калды. «Демек, бир жылдан бери мунун байкабастыгынын азабын тартып келатышкан тура булар. Болбогон нерсе дегенин карачы эми... Кантип чыдашты? Кандай сабыр, кандай адеп менен ушунчалыкка чыдашты булар?» Мээсине миң бир суроо туулуп, сүйлөөргө сөз таппай отурду. Жан дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп, жүзү бир албырып, бир бозоруп кубулуп атты. Акыры:
– Айтчы, урматтуу олуям, бул силердин динде ушундайбы? – деп сурады жүзүнө эңиле.
– Жарыктык, анын несине таң каласың? Бизге, мусулмандардын баарына, колу-коңшуга жакшы мамиле кылуу катуу буйрулган.
– Ошондой де. Анда кадырманым, бүгүндөн баштап мени да диндешиң деп бил. Мага дин Исламды үйрөт олуям, – деп сабылып жиберди берки. Ой пикирин
түп тамырынан өзгөрткөн чечиминен толкунданып кеттиби, же жүрөгүнө капилет орногон ыймандын жылуулугу сууруп чыктыбы, айтор, көзүнүн кычыгынан тоголонгон жаш жаак ылдый салаалап, жерге куланып жатты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   doni78   22 Май 2016 - 19:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 01:43

Жакшы чыгармалар автору ким экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Eltuzor   26 Сентябрь 2016 - 19:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Мастандын энесиниздегени

Илгери- илгери... Ой жок! Кайдагы илгери? Кечээ жакында эле болгон го?.. Аа, ооба, кечээ жакында эле, кайсы бир токойдо мастан кемпир жашаган экен. Ишенбей турасыңарбы? Анда эмесе кулак түрүп угуп тургула...



Мастан кемпирдин абалы

Жакынкы убактарда эле кайсы бир жерде, шаардын кайсы бир четинде мастан кемпир жашаптыр. Бирок, анын мастан экенин эч ким билчү эмес экен. Көрсө бечара мастан илгеркидей эч кимди алдай албай, мастандык кыла албай калган тура. Мисалы, бирөөнү алдап, ууланган алма берип өлтүрүп коёюн десе, дароо милиция кармап алгыдай. Же болбосо кимдир бирөөнү казанына салып бышырып жейин десе, анысы бат эле билинип калмак да телевизорго чыгып, мастандыгын бүткүл дүйнөгө жар салып коюшмак. Ошону менен ал бүтүндөй элге таанымал болуп, түрмөнүн түбүндө чиригидей. Кыскасы, Мастан кемпир канчалык мастан болгону менен адамдарга зыянын тийгизе албай калыптыр. Болгону, ал токойдун арасында өзүнүн жаман кепесинде наалып-напчып отура берчү имиш.

- Ушу азыркы кишилер кыйын болуп кетти. Керек болсо кичинекей балдары да акылдуу. Жашабай жатып баарын билишет. Ушунчалык көп окуп, акылман болуп кеткендин кимге кереги бар эле, - деп кейичү ал. Кейибей анан?! Өткөндө эле бир баланы эптеп алдап кармап алса, ал ата-энесине телефон чалып бат эле кутулуп кетти. Мастан кемпирди болсо аз жерден түрмөгө камап коё жаздашты. Байкуш кемпир оорукчан болумуш болуп араң кутулду. Ошондон бери кичине балдардан да коркуп жүрөт.

Бирок, мастан деген баары бир мастан да. Ал кимге жамандык кылаарын билбей, башы катып, кыйналып жүрдү. Күнүгө бир маал шаарга барып, балдарды байкап, карап келет. Чынында ал ары-бери чымылдап чуркап жүргөн тентек балдардан коркот. Андайларга тийип эле койсоң элдин баарына айгай салып жибергидей. Андан көрө көп сүйлөбөгөн, болпойгон балдардан кармайын дечү.

Китеп окуган бала

Бир күнү ал адатынча шаарды айланып келгени жөнөдү. Бирок, бул жолу негедир башка эле жолго салды. Ооба, шаар четиндеги талааларды, же токойлорду карасаңар, бир адам гана баса турган жалгыз аяк жолдор болот эмеспи, мына ошондой чыйыр менен келатты. Коңкойгон ийри тумшугун жашыргансып түксүйгөн түгү бар жоолукка бекем оронуп алган неме, ийрейген алсыз колуна кайдан табылганы белгисиз жаман баштыгын илип алып калаага кирип келди. Бирок, шаарга киргени менен ал бир канча саат айланып басып жүрчү мектепке жеткен жок. Себеби, анын издегени так ушул кире бериштен эле табыла калды.

Шаардын четиндеги чаканыраак үйдүн алдында кандайдыр бир бала китеп окуп отуруптур. Анан калса, так эле өзү ойлогондой болпойгон бала экен. Момурайып отурганы да башкача. «Мындайларды бат эле алдаса болот» деди мастан ичинен кымыңдап. Анан калп эле чарчаган киши болуп, белин басып кайкалай калып сүйлөнө баштады.

-Өх-х, белим ий, белим! Бул карылык деген азап тура. Буттардын да ооруп турганын карабайсыңбы. Ө-өх...

Ушунтип сүйлөнгөнчө акырын бала тарапка көз кыйыгын салды. Бала кудум мастан күткөндөй жалооруй карап калыптыр. Кемпир эми ого бетер экиленди.

-Алда катыгүн ай! Алда катыгүн! Ушунтип карыгыча жан кыйып кете бербей эмне! Олдо белим ай, олдо белим!...

Болпогой бала чыдабай кетти окшойт, жанына чуркап келип колунан кармады.

-Чоң эне, бир аз отуруп эс алып албайсызбы? Жүрүңүз тиги жерге, - деп өзү отурган орундукту карай жетеледи.

Мастанга ушул эле керек эмеспи. Ичинен кымыңдай кубанганча бала айткан орундукка барып кыңкыстамыш болуп отурду.

-Балким суу, же жарма ичпейт белеңиз, үйдөн куюп чыгайын, - деди элпек бала лепилдеп.

-Жок, катыгүн! Ичпейм, ичпейм, - деп чочуп кетти мастан. Оюнда бул үйгө кирсе артынан чоң кишилерден бирөө чыга калабы деп коркту. Бала болсо анын суу дегенде мынча чочуп кеткенин түшүнбөй элейди. Анткени менен ал кемпирден деги эле шек санаган жок. «Суу ичкенде бир жери ооруйт го бечаранын» деп койду өзүнчө тыянак чыгарып.

- Балам, сен элпек, жакшы бала турбайсыңбы. Ата-энең кайда? – деди кемпир акырын сөзгө тартып.

- Алар жумушка кеткен.

- А,жумушка кетиштиби? Үйдө ким бар, байке-эжелериң кайда?

-Алар жок. Мен үйдүн улуусумун, - деди бала саал мактангансып.

-Оо, бир үйдү бага турган баатырмын дебейсиңби? Азамат! Бөбөктөрүңчү, бөбөктөрүң кайда?

-Алар бала бакчада.

- Оп баракелде! Анда сен жалгыз турбайсыңбы ээ? Жалгыздыктан коркпойсуңбу, деги?

-Эмнеден коркот элем? - деди бала ого бетер эрдемсий.

-Ким билет? Балким, мастан кемпир, жез тумшук дегендер келип калаар.

Бала ишенбегенсип быш этип күлүп койду.

-Алар деген жомок да. Чыныгы жашоодо болбойт андайлар.

- А сен кайдан билесиң алардын болоор-болбосун?

Мастан чынында баланын айтканына капа боло түштү. «Мына мен турбаймбы» деп жибере жаздады аз жерден.

-Мына бул китепте алардын баары жомок деп жазылып турат, - деди бала. Мастан мындай жоопту күтпөсө керек. Аз жерден тура кала жаздады. «Катыгүн бул бала мен тууралуу окуп аткан го. Кокус мени таанып калып кишилерге кармап берсе кантем?» деп чочулады ал.

-Эмне жазылып турат? Кантип жазылыптыр? – деди ал араңдан зорго карманып. Ошол эле маалда акырын этек башын кымырып, качканга даярдана баштады. Ал тургай «бул шүмшүк бала жөн эле амалданып атат окшойт. Жардамчылары да болсо керек балким» деп эки жагын сактана каранды. Бирок, анын баарын кичине бала байкаган жок. Ал колундагы китебин ачып кемпирге сунду.

-Мына, муну окусаңыз. Бул жерде мастан кемпир тууралуу жазылган. А бул болсо анын сүрөтү.

Кемпир бала сунган китепти аярлай кармап ичин карады. Мурду ийрейе салаңдаган, тиштери оркойгон, кандайдыр бир шыпыргы минип алып асманда учуп жүргөн кемпирдин сүрөтү туруптур ачылган бетте.

-Бул кайдагы неме? Мен муну тааныбайм, - деди кемпир жанында турган баланы унутуп калгансып.

-Тааныбайм, дейсизби? Ой апаке, бул жөн эле сүрөт да. Аны кайдан таанымак элеңиз? – деп кытылдай күлдү бала.

-Ошо да. Бирок, ал мага, ой тиги мастанга такыр окшобойт.

Кемпир эми бала өзүн тааныбаганын билип бир аз жүрөгү тынчтангансыды. Бирок, ошол эле маалда өзүн кайдагы бир сапсыйган немеге окшоштуруп койгонуна таарына түшкөндөй болду. Ичинен кыжыры кайнап «мастан десе эле түрү суук кемпирди ойлошот. Мен деле убагында жапжаш, супсулуу келин болгом» деп ойлонду.

Баса, балдар мен силерге айтпай калган турбаймбы. Көрсө биздин Мастан канчалык мастан болгону менен, ал деле өзүнчө жагымдуу болгусу келип, керек болсо өзүн бир укмуштуудай сулуу сезип жүрчү. Бирок, ошол эле маалда ал дегеле күзгүгө каранып көргөн эмес. Ошондуктан, өзүнүн өңү так ошол сүрөттөгү кемирге окшобосо да, андан кем калышпай турганын билген жок. Тек гана сүрөтчүгөбү, же жалпы адамдаргабы, айтор кимдир бирөөгө капа болуп, таарынып калды.

-Мастанга окшобойт дейсизби? Эмне сиз аны билесизби? – деди бала таң кала. Ага негизи кемпирдин таарынычынан да, кудум жомок китептеги мастан кемпирди тааныгандай сүйлөгөнү кызык болду.

-Кимди, мастандыбы?

-Ии, мастан кемпирди билесизби?

-Билбегенде эмне... Аз жерден «ал мына менмин» деп дагы айтып жибере жаздады.Тим эле тилинин учуна келип токтоду. Бул жерге эмнеге келип отурганын, азы рнегизги максаты баланы чочутпаш керек экенин эстеди. Бала болсо ага ишенбегенсип, ого бетер такый берди.

-Билсеңиз кана айтыңызчы? Ал кандай болот?

-Ммм, албы? Ал деген... ал деген... Мастан эми кантип кепти улашты билбей мукактанды.

-Мына көрдүңүзбү билбейсиз, - деп жарылдап жиберди бала. Мастан айласы жок макулдугун билгизип кутулду.

-Макул, мен билбейт экемин. Анда сен айтчы, ал кандай болот?

-Мастанбы, мастан деген, мына мен азыр окуп берем.

Бала ушунтти да китебин барактап бир нерсени издей баштады. Бир маалда тапты окшойт, шатырата окуп кирди.

-Мына угуп туруңуз. Илгери, илгери алыскы токойдун ичинде мастан кемпир жашаптыр. Анын тооктукундай буту бар жепирейген үйү болгон экен. Ошол буту менен мастан кемпир үйүн каалаган жагына бастырып кетчү имиш. Баса, ал кемпирдин бир мышыгы жана бир шыпыргысы да болуптур. Ал шыпыргысын минип алып алыс жактарга учуп, тамак издеп келчү...

Мастан кемпир ушул жерден күлүп жиберди. Ал бала окуп баштагандан бери эле күлкүсүн баса албай отурган.

-«Тооктукундай буту бар үй» дегенин карап кой. Менин үйүмдүн канаты бар, канаты. А учуш үчүн шыпыргынын кереги жок. Сыйкырдуу суудан ичип алган соң каалаганыңды кармап учканга болот.

Мастан чынында өзүмчө эле ойлонуп атам го деген. Адамдар өзү тууралуу таптакыр туура эмес айтып жүрүшкөнүн укканда бир туруп күлкүсү келип, бир туруп ачууланып жаткан. А андайда көп эле киши ушунтип сүйлөнө баштайт эмеспи. Мастан кемпир да байкабай сүйлөнүп алды. Балким, ал дагы көп нерсе айтмак болуш керек. Бирок,бала анын оюн бөлүп жиберди.

-Сыйкырдуу суу менен учканга болот дейсизби, апа?

Кемпир баланы жаңы көрүп аткансып бир саам таңыркай карады. Бечара, ойго ушунча берилип кеткендиктен кайда турганын да унутуп калыптыр. Бир аздан кийин гана эсине келди да, эмне дээрин билбей кайсалап калды.

- Я кокуй! Караңгүн капсалаң! Мен эмне деп дөөрүп атам. Кайдагы учкан суу балам? Карыганда адам дөөрүп калат тура, - деп ал кепти башкага бура баштады. Бала эми ага боору ооруй карады. Бир маалда ал:

-Астыңызга сыз өтүп кетти окшойт. Мен үйдөн талпак алып чыга калайынчы, - деп колундагы китебин кемпирдин жанына коё салып чуркап кетти. Кемпирдин жообун деле уккан жок. Мастан аны кетирбей кармап калайын деди эле, бирок тигил шуу койгон бойдон карматпай кетти. Кемпир эми эмне кылаарын билбей эки жагын элеңдей каранды. Тигине көчөнүн ылдый жагында бир киши келетат. Балким, ал мунун атасыдыр. «Кой эртерээк кетейин» деди ал. Аңгыча анын көзү тиги бала таштап кеткен китепке илинди. Көз алдында ачылып турган баракты көрүп алгач чочуп кетти. «Шумдугуң кургур!» деди ал күбүрөнүп. «Бул энекем го!» Анан китепти шып ала коюп койнуна катты да, токойду карай жөнөп кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 26 Сентябрь 2016 - 20:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Eltuzor   26 Сентябрь 2016 - 19:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Мастан кемпирдин ү й ү

Мастан кемпир дуңкулдап басып отуруп бир заматта үйүнө жетип барды. Эми анын үйүн силерге кантип айтып берем билбейм. Балким мастан кемпир жаш кезинде жыйнактуу, таза, тыкан жашагандыр, анысын ким билсин. Бирок, азыркы абалын көрсөңөр эми бир укмуш. Картаң кемпир үйүнө киргенден кийин өзүнчө шердене калып, ары-бери дүңкүлдөй басканда шыптан чаң куюлуп, жерден топурак көтөрүлдү. Көрсө апалар бекеринен такыр үй жыйнабаган, таза жашабай, жүдөп-какаган кыздарды мастан кемпир дешпейт тура. Же ошондой тазалыкты билбеген кыздар балким ушул мастан энесин тартып калганбы?.. Айтор ушу бир жакындык бардай ортодо...

Кыскасы, мастандын үйү ушунчалык бытырап, чачылып жатыптыр. Тигил бурчта ичиндеги күлү оозунан куюлуп, сапырылып турган чоң кара меш, анын үстүндө сорпосу кап ортосунан болуп челкилдеген казан турат. Сорпо ушунчалык көп болгондуктан бул кемпир аны эки жарым айда араң түгөткүдөй. Балким, ал ушунтип бир казан тамак жасап, жарым жыл ичип жашай береттир.

Тфу, бетиң кургур!.. Айтпадым беле... Карагылачы тигинде турган желени. Тим эле самсаалайт. Жок, силер жанагы кээ бир жалкоо кыздардын үйүнүн үстү желе болуп кетет го. Ошондойду көрүп ушунча жийиркенип атабы деп таң калбагыла. Албетте, ал деле жакшы көрүнүш эмес дегилечи. Бирок, мен мастандын тиги капталда турган текчесин айтып атам. Анда кемпирдин идиш аягы, кандайдыр бир суюктуктар куюлган шишелери турган экен. Жанагы мен айткан самсаалаган желелер так ошол идиш аяктарды ушунчалык ороп калыптыр. Пай-пай –пай! Эми андан бир чыны, же бир кашык алыш үчүн жөргөмүштөр менен бир айдай согушуш керек окшойт... Ооба, ошол идиш аяктан тартып үйдүн берки капталында турган көрөн-шөрөнгө (чынын айтайын ал жерде эмнелер турганын көрө албаганым үчүн көрөн-шөрөн деп айтууга туура келди. Болбосо силерге бүт баарын санап деле бермекмин) чейин чырмалышып, оролушуп калыптыр. Үйдүн ушунча болгонуна караганда бул үйгө жөргөмүштөр биротоло өздөрүнүн падышачылыгын орнотуп алышкандай.

Бирок, кемпир аларга көңүл буруп да койгон жок. Мына кызык деген ушул. Ал көңүл бурмак тургай так ошол каршы-терши желелеп турган керебетке барды да, бир саам отуруп эс ала кетти. Андан кийин казанга барып кырында турган чоң жыгач чөөгүн менен толтура сорпо сузуп шыпкай ичти да, самсаалаган жеңи менен оозун аарчып кайра керебетине барды. Ансыз да кычырап араң турган керебетке шак секирип чыгып оркойгон тизелерин бооруна басып, бүрүшө отурду. Анан жанагы ала келген китебин куржунунан сууруп чыгып, барактай баштады. Ар бир бетин бирден карап, сүрөттөрүнө үңүлүп, ал тургай колу менен чукуп көргүсү келгенсип тырмалап да коюп жатты. Албетте, кээ бир беттеги сүрөттөрдү такыр эле тааныган жок. Андайларга убакытын да короткусу келбегендей бат-бат эле өтүп кетти. А кээ бир сүрөттөргө болсо тим эле үзүлүп түшүп карап жатты. Мына, дагы бир бетин ачты. Ой, шумдуук, бул аябай жакын таанышы болсокерек. Ооба, айтпадым беле. Мастан кемпир ордунан тура калып, тээ тиги кепесинин тешигинен сызылып түшүп турган шоолага салып бир топко карады.

-Ошол. Так ошонун өзү турбайбы. Алда катыгүн энекем ай, энекем! Деги сени көрөөр күнүм бар бекен? Энелик мээримиңе тойбой калдым го чиркин! ... – деп кейип-кепчи ди. Акыры, сагынычы күч алып чыдабай кеттиби ким билсин, көрүп аткан сүрөтүн өпкүлөп да жиберди.

Кыскасы, Мастан кемпир жомок китепти кудум үй-бүлөлүк альбом көргөндөй көпкө чейин барактап отурду. Бирде ыйлап, бирде күлүп отуруп көрдү баарын. А баса жанагы өлбөс Кощейдин сүрөтүн көргөндө боору эзилгиче күлдү го чиркин.

- Бу байкуш баягы Кошой го. Боорум ай, боорум! Убагында ушундай күчтүү, ушундай кыйын неме эле, эми муну минтип тыртайтып тартып койгонун карачы. Шуңшуйган башы менен көпкөк болгон көздөрүн эле окшоштуруптур. Калганы дегеле ага окшобойт. Өзү көрсө ачууланып жатып калмак. Ансыз деле ачуусу чукул неме эле.

Ушунтип жыргап отуруп эле бир маалда бышактап ыйлай баштады. Ооба, так ошол Кошой досунун сүрөтүн карап отуруп да бир топко ыйлады. Кыскасы, ошентип отуруп түн да кирди. Мастан кемпир жатаарында казандагы сорподон дагы бир чөөгүн жутту да, жанагы керебетине барып бүрүшүп жатты.

«Эми кандай кылсам? Атаң гөрү ушундайда жанагы Мытыкый болсо эмне? Уйкусу эле жаман ушунун. Бир уктаса бир канча күн турбайт...» деп бир саам жакын досу, эзелтен берки коңшусу бою бир карыш, сакалы миң карыш эргежээл досуна жаны кашайды. «Бул китепте көп нерсе бар экен. Баарыбыз тууралуу айтылыптыр. Алты баштуу ажыдаар бар экен. Ыраматылык Кошой досум бар экен. Көк дөө бар экен. Сыйкырчы Сумакардын учкан килеми бар экен. Керек болсо менин энемдин да сүрөтүн тартышыптыр. Ал кургур жапжаш кезинде кете берди. КаардууКаргал ага Эр Төштүктүн сырдуу өгөөсүн алып кел деди эле. Ошону менен кайтпай калбадыбы. Эмне болду, кайда кетти, белгисиз ...» Энесин ойлогондо көзүнөн жашы куюлуп, дагы бир топко бышактады. Деги энесин сагынбаган, энесин ойлобогон жан болбойт тура чиркин...

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 26 Сентябрь 2016 - 20:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Eltuzor   29 Сентябрь 2016 - 12:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Мастандын диско-клубу

Ошону менен бир канча күн ойго батып, санааркап жүрө берди. Улам баягы китепти ачып барактап койот. Караганда эмне, же окуганды билбесе, же сүрөттөрдү сыйкырлап жибере албаса. Ооба, ал сүрөттөрдү сыйкырлап сүйлөткөндү да билчү эмес. Мындайды илгери-илгери бир сыйкырчы чал билчү. Ошол үйрөтөйүн дегенде жалкоолонуп барбай койгон. Кап ошондо үйрөнүп алганда эмне...

Айла жок, китеп окуй алган бирөөнү табыш керек. Бирок, кептин баары ушунда... Буга окшогон мастан кемпирлер, желмогуздар, жез тумшуктар, ал тургай сыйкырчылар бүт бойдон окуганды билчү эмес. Алар убагында «Бизге окуунун кереги эмне? Биз китеп окубай эле жашайбыз» деп мактанышчу. Китеп окубаган, тамга тааныбаган кандай жаман экенин кийин билишти. Адам баласы жалаң ошол окуунун арты менен эч бир сыйкырчы жетпеген ийгиликтерди жаратып, айга уча баштаганда, бул сыйкырчы-мастандар эски чириген кепелеринен чыга албай отуруп калышты. Акыры ичтери күйүп, көрө албай баратканда ар кимге барып шыбырап «Окубагыла. Окуунун эмне кереги бар силерге» деп азгырчу болуп алышты. Эми антипазгыруу, көрүнбөй барып кулагына шыбырап кетүү алардын колунан келет эмеспи. Азыркы учурда алардын колунан башка эмне келмек эле... Айтмакчы, арабызда кээ бир китеп окубаган, ал тургай дегеле китеп кармагысы келбеген балдар бар эмеспи. Балким ошол балдар так ушул сыйкырчылардын, мастан кемпирлердин шыбыраганына аябай ишенип алышса керек. Мейли эми, ишенип жүрө беришсин. А биз аларды мындай коё туруп өзүбүздүн Мастандын баянын улайлы.

Ооба, Мастанкемпир ошентип күндөп-түндөп үйүндө отурду. Балким, жети баштуу желмогуз энесинин сүрөтү болбогондо ал бул китепти эчак өрттөп жоготмок. Бирок, тээ бала кезинде жетим калган күндөн бери унута албай жүргөн энесинин сүрөтүн көргөндө кадимкидей китепке арбалып калды. «Эмне деп жазылды экен? Энем тууралуу тагыраак маалымат бар болду бекен?» деп ойлонуп жатты ал. «Балким ал дагы эле тирүүдүр. Балким, алдагы мени издеп жүргөндүр. ..» Ошентип ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры китепти бирөөгө окутмай болду. Бирок, кимге, качан окутушту билбей эси ооду. Натыйжада, кайрадан санаага батты. «Ким окуп берет мага? Кайсы шайтанга барам?» Аны ойлоду, муну ойлоду. Көпкө башы катты. Бир күнү ал капыстан китепти карап отуруп баягы шыпыргы минген кемпирдин сүрөтүнө көзү илинди. Дароо жини келип, ызалана түштү. «Ушуну мага окшоштурушат тура. Мен ушундаймынбы? » деп жинденди алгач. «Жанагы баланын да «мына мастан ушул» деп айтып турганын карабайсыңбы. Деги ага эмнени көргөзсө ишене берет окшойт». Ошентип кыжынып отурганда көз алдына ишенчээк баланын элеси тартылды. Ошондогу анын өзүн аяп чуркап келгени, алдына талпак салып берем деп үйүнө кирип кеткени элестеди. «Ой!» деп сүйүнүп кетти бир маалда кемпир. «А эмнеге так ошол баланын өзүнө окутпайм? Аны эптеп уурдап келсем мага баарын окуп бербейт бекен тим эле». Ушуну ойлогондон кийин ал кубанганынан тим эле так секире бийлеп жиберди. Ой-бай ооой! Биз аны жөн эле карыган кемпир деп атыптырбыз. Бийлегенин көрсөңөр эми бир укмуш. Өзү айткандай тооктукундай буту жок, бирок канаты бар үйү өзү менен кошо ордунан бир карыштай көтөрүлүп кайра түшүп жатты. Ал эми баягы "үйдү басып алыптыр" деген жөргөмүштөр кемпирдин жин тийген немедей так секире баштаганын көргөндө, корккондорунан тарбалаңдап желелерин жыйнап, ийреңдеген буттары менен аркан түргөндөй түрүп-түрүп алып качып жөнөштү. Кудум эле кинолордогу кеменин жиптерин жыйнаган суучулдардай ары-бери тызылдап чуркап жүрүп бүтүндөй желесин жыйнап кетишти. Мына, эми желеден арылганда гана үйдүн ичи бир аз тазаргансып, кайсы жерде эмне турганы көрүнө баштады.

Ушундан пайдаландыбы, же жөн эле кубанычынан болдубу, айтор мастан кемпир бир маалда жанагы көрөн-шөрөн турат деген жерге барды да, кандайдыр бир чоң балыктын бүтүндөй сөөгүн сууруп чыкты. Шумдугуң кургур, бул чоңдугу бир кулач келген балыктын сөөгүн эмнеге катып жүргөн десе, өнөрдүн баары ушунда жаткан тура. Кайран кемпир, балыктын сөөгүн башынан кармай калып куйругун жерге такай койду да, кылкандарын каңгырата чертип күү чыгара баштады. Анан өзү кошо созолоно ырдап, улам-улам добулбас кагып аткансып үйдүн таманын дүп-дүп эткизе тепкилеп кирди. Кокус ошол маалда силерда болгонуңарда Мастандын кепеси кадимки эле диско-клубка айланып кеткенин көрөт элеңер. Ал тургай аны сыртынан көрсөңөр деле так ошондой сезимге кабылмаксыңар. Элестетсеңер, капталында канаты бар үй кулап кетчүдөй улам бир капталына ооп барып түзөлүп, улам бир кулачтай көтөрүлүп барып кайра түшүп турганын. А ичинде болсо кудум миңдеген кишилер жер тепкилеп бийлеп аткансып "дүп-дүп" деген үн тынбай дүңгүрөп турат. Комуз десең комуз эмес, гитара десең гитара эмес бир укмуштай үн каңгырап угулуп, казан-аяк калдырап,ар кай жерде илинген сөөк-саактар шалдырап, эски тактайлар чыйк-чыйк этип чыйкылдап кошолонду да калды.

Ошентип кечке жуук башталган шаан-шөкөт асмандагы ай Мастандын үйүнүн төбөсүнө келгенге чейин уланды. Баса, ал эмнеге келди дейсиңер ал жерге? Өзүңөр билгендей айдын бетинде эки чака сууну баканга илип көтөргөн айдай сулуу кыз бар эмеспи. Так ошол кыз кемпирдин даңка-дүңкүн угуп кызыгып, караганы келген тура. Бир топко карап отурду ал. Түнкүсүн силер парданы тартпай уктап калганыңарда терезеңерден суктана карагандай көпкө карады. Айтмакчы, балдар, терезеңерди жаап уктагыла. Болбосо, айдагы кыз силердин төшөгүңөрдү тээп салып, тартайып жатканыңарды көрсө шылдыңдайт. Уят эмеспи, туурабы...

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 29 Сентябрь 2016 - 12:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Eltuzor   06 Январь 2020 - 22:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Урал баатыр


Башкыр эл дастаны


Илгери өткөнзаманда, киши аягы баспаган, канаттуу учуп өтпөгөн, бир тарабын карасаңталдырып көз жетпеген, жээгинен толкун кетпеген чалкыган деңиз суу баскан, биртарабын карасаң чокусу көктү тиреген, азуусун айга бүлөгөн аркайган бийик тоо басканжер болуптур. Ал жерди мекендеп Жанбирге менен Жанбийке деген абышка-кемпиржашаган экен. Алар үй салып мал жыйбаптыр, жер айдап эгин экпептир. Арстанкармап ат кылып, ителги багып куш кылып, деңизден барып балык жеп, тоого чыгыпкийик жеп аңчылык менен жан багышыптыр.

Кийин-кийин буларэки уулдуу болушту. Улуусунун атын Шулган коюшту, кичүүсүнүн атын Урал коюшту.Бул эки бала кайгы-капасы жок эркин ойноп, ээн өсүштү. Оору-сыркоо дегендибилбей, өлүм-житим дегенди туйбай чоңоюшту. Бул жалганда кайсы бир жандыккаөлүм жете турган болсо, ал да биздин колубуздан болот деп билишти.

Жанбирге менен Жанбийке эркек жырткыч кармап калса өздөрү башын ганажеп, калганын эки уулуна, ителгиси менен минген арстандарына берчү экен.Ургаачысын кармап калса жүрөгүн эле жешчү. Чөп жеген жаныбарга сүлүк коюп,аккан канын тосуп ичишчү. Бирок, кичинекей балдарына баш менен жүрөк жегенди,кан ичкенди катуу тыйышчу.

Ошентипжылдан- жылдан жыл өтүп, айдан-айдан ай өтүп, Шулган он экиге чыкты, Урал онго чыкты.Ошондо алар бири арстан минем деп, бири ийинге шумкар илем деп Жанбиргенинмазасын ала баштады. Атасы: «Айланайын балдарым, кагылайын балдарым! Азуу тишиңчыга элек, каруу күчүң толо элек. Айтканымды уккула, бергенимди жуткула. Арстанминип кийик кууп, ойночу күнүң келе элек. Өрдөккө шумкар агытып, жойлочу күнүңболо элек. Андан көрө жөнгүлө, айтканыма көнгүлө. Жырткычтын башын жебегин,чөйчөктө турган кара кан, андан ичем дебегин» деп тыйды.

Күндөрдүн биркүнүндө Жанбирге менен Жанбийке арстандарын минип, шумкарларын алып аңууламакка чыгып кетишти. Үйдө Шулган менен Урал эле калды. Экөө ойноп отурупбир маалда курсактары ачты. Ошондо Шулгандын эсине чөйчөктөгү кан келди.

- Күнү-түнүтындырбас аңчылык кумар болбосо, чөйчөктөгү кара кан купулга эгер толбосо, атамменен апакем, жай алып жыргап жатпастан, балдарын мыктап бакпастан, тоо аралапсуу кечип, аңчылыкта жүрмөкпү, чиедей болгон балдарын алачыкта ээн таштап,айланып бозуп кетмекпи. Андан көрө ушул кан, мындан бир аз ичели, бекерге өмүрөткөрбөй, бар кызыгын билели, - деди Шулган. Бирок иниси анын айтканына көнгөнжок.

- Алдыма келгенарстаның, канчалык күлүк болсо да, атам айтса тийбеймин, бут артып агаминбеймин. Чөйчөктөгү кара кан, канчалык таттуу болсо да, энем айтса тийбеймин,кылт этип ууртап ичпеймин. Сырын билип болгуча, эрезеге толгуча, аңчылыкка аттанбайм,ителги алып мактанбайм. Өлүм сырын билгиче, кыдырып дүйнө көргүчө, бир жандыккакатылбайм, бир балыкка асылбайм, - деди Урал.

- Өлүмдү айтып некерек, өлтүрчү бизге жете элек. Ажалың бизди таппайт деп, булмекенди миң жылдап, айланып буту баспайт деп, атам айткан эмеспи. Өлүмэгер бар болсо, аны жумшаар экөөбүз, каалаган жанды өлтүрүп, канын татаарэкөөбүз, - деп Шулган инисинин айтканына көнгөн жок. Ошентип ал чөйчөктөгүкандан чоң ууртады. Бирок, кайра атасынан коркуп, инисинен ооз ачпаска убадаалды.

Аңгыча болбойкийик менен илбээсин артынып Жанбийке менен Жанбирге келди. Алгач алар бапырапотуруп тамактанышты.

Андан соңЖанбирге чөйчөктөгү кандан ичмек болду. Бирок анын бөксөрүп калганын көрүп, экиуулунан такып сурады. Уралды канча такыса да айткан жок. А Шулган коркконунанкүнөөсүн мойнуна алып жиберди. Атасы ачууланып талдан таяк кыйып алып урмакболду. Ошондо Урал чыдабай кетип атасынын колун ороло кучактады.

- Ай атакетокточу, жамандык жанга кошпочу. Колуңдагы таякка, көз салып көрчү атаке. Кечээал дагы солкулдаган тал болчу, кулпуруп өсүп турганда, айланасы шаң болчу.Көкөлөй учкан куш келип, кубулжуп сайрап отурчу, бал жыйнаган аарылар, ширесиншимип чогултчу. Тамырдан алып азыгын, кубатын күндөн жыйначу, жалбырагынжайнатып, көлөкө кылып сыйлачу. Эми сиз аны кыйдыңыз, өлтүрүп күнүн тыйдыңыз,ура берип агамды, кайгынын баарын жыйдыңыз. Эстесеңиз атаке, өлүм келбейт дегенбиз,адашып калган бизден деп, табалбайт эми дегенсиз. Бирок минтип тал кыйып, аңуулап өмүр жан кыйып, өлүмдү кайра өзүбүз азгырып аткан жокпузбу, мен мындалап кыйкырып,чакырып аткан жокпузбу?

Жанбирге аны угуп Шулганды урганын токтотту.



Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 06 Январь 2020 - 22:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Eltuzor   06 Январь 2020 - 22:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Өлүмдөн качып кутулгандар
Уралдын сөзүЖанбиргени терең ойго салды. «Балким ажал чын эле жакындап келдиби? Бүгүн өзколум менен уулумду өлтүртөйүн дедиби?» деп санаага батты. Ушул кезденпайдаланып Урал атасына суроо узатты.

- Атаке, сен атыпкелген бул кийик, ажалдан өлгөн эмеспи. Сен кармап келген бул өрдөк, өлүмдүкөргөн эмеспи. Андай болсо бир күнү, бизди да бирөө кубалап, баса калып будалапөлтүрүп кетет эмеспи?

Жанбирге бир саамойлонуп туруп жооп кайтарды.

- Жок уулум,ажалы келген кийикти, жети жерге кирсе да, желпинип тоого учса да, торойтупжыгып өлтүрөм. Кезеги келген өрдөктү, айланып жерди учса да, талпынып айгасызса да, куткарбай кармап өлтүрөм. Бирок,адам пенде уулуна, ажалың деген келе элек, биз жашынган өрөөндү өлүмдүн көзүкөрө элек.

- Атаке, - дедиШулган кепке кошулуп. – А өлүм деген өзү кандай неме?

Жанбирге тереңулутунуп алып узун-сабак кебин баштады.

- Эмесе балдаруккула, көөдөнгө бекем туткула. Оо илгери заманда, жердин үстү эл болгон,өзөн- өзөн суу бойлоп, айыл-айыл эл конгон. Адыр-адыр эл болгон, апай бет жайнапэл толгон. Мына ошондой заманда, аңдыганын койбогон, жан алса жанга тойбогон,ажал деген эр чыккан. Чынында, аны кулак угуп көз көрүп, адамзаты билбеди,канча айла кылса да, ажалга колу тийбеди. Балбан билек эр болсун, баатыр жүрөкшер болсун, өлүмү келди дегенде өзөрүп жерге жыгылчу, топого башы тыгылчу. Былкэтип өйдө тура албай, чакырсаң үнүң уга албай, урсаң колду сезбеген, тепсеңкайра теппеген макулукка айланчу. Бирок, өлүмдү эч ким көрчү эмес, качан келипкетээрин, бир да жан туюп сезчү эмес.

Күндөрдүн биркүнүндө, карарган айсыз түнүндө, жердин үстүн ызгытып, алдынан чыккан жандардычапчып сууга ыргытып деңизден бир желмогуз чыга келди. Нечендеген баатырларалдынан чыгып тап берди, башын жара урам деп аска-зоодон таш терди. Бирок,желмогузуң турган жок, көңүлүн эрге бурган жок. Урсаң дагы сезбеген, башынкылыч кеспеген, анык балээ ал болду. Өлүм болсо сайрандап, калың элдимайкандап, өлтүрүп жатты баарысын, жашын дагы карысын.

Бул апааткачыдабай, түндүгүн түрбөй эл качты, сүйгөнүн таштап эр качты. Бешикте уулун алаалбай, бештеги кызын таба албай, энеден өтүп атасы, атадан өтүп баласы, баладанөтүп апасы, жандалбастап бүт качты. Мына ошондо желмогуз, каарын чындап салдыбейм, карартып туман учуруп, асманда күндү басты бейм. Чыдай албай каарына,тоолор кетти быркырап, суулар күйдү чыркырап, жер үстүн каптап сел болуп,дайралар акты шаркырап.

Жанбийке энеңэкөөбүз, алышып жатып суу менен, боздогон ызы-чуу менен, ар нерсени ырымдап, качыпжүрүп куюндап, араң мында жеткенбиз, өлүмдү алдап таптырбай, араңдан зоргожеңгенбиз.

Андан бери көпөттү, далай кыш, далай жаз өттү. Өлүм бизди таба элек, ажалдын отун жага элек.Бирок, ушуга чейин укканым, өлүмдү жеңген болбоду, адамзаада пендеси андайкүчкө толбоду. Бир гана менин билгеним, желмогуздун жеринде, каар менен заардынэлинде, өлбөстүн суусу бар дешет. Жеңем десең өлүмдү, ошол суудан ал дешет.


Жанбиргенин өлүмтууралуу жомогу эки уулду тең ойго салды. Түн кирип, төртөө төрт бурчкатоголонуп жатканы менен, эч кимиси кирпик ирмеген жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 05:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: