Суперстан: Жарым жанга жар боло аласыңбы ? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жарым жанга жар боло аласыңбы ?

#21 Пользователь офлайн   Aselya_9105   15 Апрель 2019 - 00:14

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 263
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 18 Июл 2023 10:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Nurbelek. (14 Апрель 2019 - 16:58) жазган:

Күйөөсү авариядан, оорудан улам баспай калган, же майып болуп калып, аялы таштап кетип бай эркеке тийип алган аял затын деле көп кезиктиребиз, эшегине жараша тушагыда негизичи)).


Албетте андай аялдар да жок эмес, билем. Бирок ошон үчүн айтып жатам да айтып коюу оңой болгон менен ишке ашыруу кыйынга турат. Эркекке да, аялга дагы.. Ал үчүн эки тараптын тең ордуна өзүбүздү коюп элестетип көрүп анан чечимге келүү керек го дейм.

Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Surotchu-kyz   15 Апрель 2019 - 09:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 02:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Искусство

Күйөөм менен бир ай сүйлөшкөм,убакыттын аздыгына карабай чечкиндүүлүгү, камкорлугу менен мени действительно өзүнө сүйдүрө алган. Той белгиленип, 3 күн калганда, экөөбүз келин көйнөк тандаганы барганбыз, биринчи көйнөктү кийип чыкканымда көздөрү жайнап, көтөрүп алып өпкөн :D анан дагы бирини кийип чыксам, караап туруп эле, көзү артка болуп буралып түшүп жыгылып калса... Оозунан көбүк чыгып, денеси көгөрүп, титиреп, тырышып... Короче эпилепсия экен. Биринчи свиданияда эле айтты эле, "негедир акыркы убак көп ойлонуп, өзүмдү кадимкидей жоготуп койуп жатам" деп. Мен ал сөзүнө маани берген эмес экен элем. Үйүндө проблемалар көбөйүп, көп ойлонуп ичине салып, анын үстүнө жумушу ночь болгонуна уйкусу да бузулуп, ушундай оору жаратып алыптыр өзү.
Медицина тармагында бир жыл болсо да окуп койгонума Эпилепсия экенин дароо билдим, тиземе башын кыйшайтып койуп, судороги өтүп кеткиче Аяталь курсини окуп күтүп турдум. Анан жөн жатып калганда, ошол көйнөк көрсөткөн эжей экөөбүз диванга жаткырдык, ал эже аябай коркуп калыптыр, титиреп жүрөт көзү алайып. Анан 15 минут уктагандан кийин көзүн ачып, мени карап, "Мен сени сүйөм" дейт. Жана эле коркуп кеткен, "тийсем кантем" деген ойум 180 градуска өзгөрдү. "Мен сага тийем!!! " дедим :D Бул түшүнгөн жок. Кыйла күлүп жатып дагы уктап калды 1 саат уктаган, мен биринчи көйнөктү алдым, экинчиси күйөөмө көп эле күчтүү келет экен, той бүткүчө жыгылып тоголоно бербесин десем сатуучу эже ыйлап күлүп жүрөт. Рюкзагыма салып, күйөөмдү жөлөп чыгып кеткенмин.
Бул любой маалда любой жерде жыгылып калышы мүмкүн. Катуу толкундануу да, ойлонуусу да, жини келсе да, ачууланса да кулап калышы мүмкүн. Мен ошонун баарын билип туруп, ошол жерде аппак көйнөк кийип отуруп, өзүн билбей жаткан убагында, мени сүйөөрү үчүн жана өзүм да уже без возвратна сүйүп калгандыгым үчүн бир өмүр жанында жөлөп таяп өтүүгө даяр болуп чечим чыгарганмын. Тийгеним үчүн өкүнгөн жокмун, тем более тойдон кийин кулаганы азайган. Эпилептологко жаздырып, строго даарысын ичирип, режимин соблюдать этебиз, буйруса быйыл уже экинчи жыл, такыр жыгыла элек. Ушуну менен токтоп калат Аллах шыпаасын берген болсун. Ооруну адам тандабайт. Ооруганы үчүн аны басынтып, бетине салуу туура эмес. Кайра оорусу менен кабыл алып, барын бардай сүйгүлө. Жеңип кетүү жеңил болот. Эпилепсия боюнча суроолор болсо, кеңири кайрылгыла, уже профессионал болуп калгам бул жаатта. :D

P. S. Ошол жерде күйөөм биринчи жолу "Мен сени сүйөм" деген, ага чейин только "Сага үйлөнөм" дейт эле. :D Кийин болсо, "Ошондо түшүм окшойт" деп ойлоп айткам" дейт )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Bad-boy   15 Апрель 2019 - 11:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Просмотр сообщения Kyrgyz-jigit. com (14 Апрель 2019 - 22:51) жазган:

Бад Бой иним бул секелек кызга майыпты эмне үчүн таап бергени жатасың? Акыры ал мага срочно жарым жан бирө керек дебептирго. Анан калса "тааныштыруу" жеңелик милдет кыргызда. Ал милдетти өзүңө алганың болбойт. Эгер ушунчалык досуңа күйүп жатсаң карындаштарыңан карап алып бер бирөнүн секелек кызына көз артпай.


Жеңелик кылбай эле өзүнүн жазган билдирүүсүнө карата эле жазып жатам..
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Bad-boy   15 Апрель 2019 - 11:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Просмотр сообщения monster_high_98 (14 Апрель 2019 - 23:24) жазган:

Мен омур бою жолдошума боорум ачып,ага чындап суйгондон эмес жарым жан болгондугу учун тийгендимди жузуно салып жургум келбейт.Албетте туз эле жузуно салбайм денизчи,кайсы бир себеп менен билинет да.

Ооба колумдан келет деп журогум айтып жатат.Пешенеге эмне жазылса ошону кором.Балким бир куну жолугабыз ал адам менен.Эгер жарым жан учун боорум ачып баарына коз жумуп,озумду суйгондой корсотсом,бир куну бул оюн бутот,менин чыныгы жузум ачылат,баарысын бетине салып конулун оорутам.

Кыскасы ортомчулардын кереги жок,аны жашоодон озум кезиктиришим керек кайсы бир сапаты менен чындан жактырып калып

Түшүнүктүү, өтө соонун жооп болду азаматсың карындаш..
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   tomolok   15 Апрель 2019 - 17:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 14 Апрель 19
  • Соңку аракети: 15 Апр 2019 22:53

Ооруган адамдарга баш кошкондор бар мен оз козум менен коруп ошол адамдар менен журом. Бирок баш кошо албаган адамдар ото коп. Баарынын эле колунан келе бербейт. Оздору калааса дагы ата-энеси каршы. Баары эле ата-энесине каршы туруп уйлоно алышпайт. Бул нерсе менин дагы башыман откон. Баары эле ооруса балдары дагы оорулу болот дешет. Ал андай эмес. Эгер тукум кууган оору болсо анда отот эгер кийин кырсыктап же врачтардын айынан болуп калса анда баласына отпойт. Меники так ошондой тукум кууган оору эмес торолгондон кийин врачтардын кесепетинен болгон. Ондон ашык операция болгом. Эми кеч болуп калды айыкпайт ушу бойдон каласын дешкен. Башында баарын айыкканда кылам дейсин анан айыкпай калганда ошол ооруган абалын менен баарын кылганга туура келет. Жашаганга ошол жашоого конгонго озунду кандай болсон ошондой кабыл алып озгорто албасынды тушунуп ошол болушун менен кадимки адамдардай жашаганга аракет кыласын. Бирок биздин коомдо жашоо оор ооруган адамдар учун. Кочого чыксан керек болсо чон эле адамдар соомойу менен корсотот кичинелер жаштар шылдындап отот кээ бироо аяп отот бул менин жана мен тааныган мендей адамдардын дайыма башынан откон нерсе. Кээ бироолор ушундай жашоону которо албай кечип кетет. Оздорун алдырып жиберип ичип кеткендер дагы бар. Кучтуулор уй-булоо куруп кадимки адамдардан тен калбай керек болсо алардан бактылуу жашагандар бар. Ажырашып куйоосу таштап чанып кеткендер бузулуп женил ойлуу кыздарга айланып калгандар бар. Буларды оз козум менен коруп журом. Мен дагы айыкпай калганымды билип эл катары жашап кеткенге аракет кылып турмушка чыгып аракет кылайын дегем бирок болгон жок. Мен жакшы коруп коп жыл суйлошуп уйлонобуз деп ал учун мен коркунучумду жоюп. Анткени баарибир коркосун эртен жашоо кандай болот кантип жашайм жашап кете аламбы деп ал чечимге келип бел байлаш оор. Ошол коркунучумду женип. Баарына чыдайм баарын котором колуман келишинче аракет кылып жашайм. Жалгыз калып калбай уй-булоо куруп балалуу болом деп жакшы ой максат менен ниет кылып жургом. Ал адамга ишенип коп жыл куттум себеби жылына эле эмдиги жылы деп жылдыра берди. Акыры ата-энем каршы апам эч качан макул болбойт деп таштап кетти. Мына жашым дагы 30га келип калды. Ошентип калып калдым. Бир чети аны дагы тушунсо болот. Ар бир адам баласын бактылуу болсун дейт. Ким эле оорулу аял алып ошо менен кыйналсын десин. Келин болуп кызмат кыла албайт дешет. Кыргызбызда каада-салт катыштар коп анын баарында келин болуп кызмат кылып журо албасан алып беришпейт. Апасынан кечип дагы ала албайт. Баарын туура тушунуп турам таарынычым жок. Болгону мен ал адамды кутуп журуп жашым отуп кетти жана ал адам суйуу арман болуп туболук журогумдо калды. Такыр байланыш жок болгону менен мен аны такыр унутпайм унута албай койдум биротоло коштошсок дагы аны эстеп ойлобогон бир кунум болбойт. Каякта ким менен эмне кылып журду экен аман бол бактылуу бол кош бол сени туболук суйом мен суйгондой эч ким суйо албайт. Макул болгондо апасы эмдигиче чогуу болот белек ким билет мандайга жазгандан кача албайт экенбиз. Бирок ата-энеси учун таштап кетсе мейли таарыныч жок бирок намыстанып элдин созунон таштап кеткендер бар. Башка кыз жок калдыбы ушубу ушуну таптынбы деп шылдындап коюшса ошого намыс кылып оз созуно оз чечимине тура албай кетип калышат. Бул жашоо убактылуу баарыбыз олобуз туболук жашачудай болбой ал адам деле бактылуу болсун бироонун бактылуу болушуна себепкер болоюн деп деле макул болуп коюшса ата-энелер баласы учун жакшы болмок. Бирок пендебизда баары кемчиликсиз болсо дей беребиз. Олоор олгучо жалгыз туугандарга жук болуп же майыптыр уйундо калбай озунчо уй-булоолу болуп оз уйундо балдарын куйоон менен суйуу эмне бала бакыты эмне сезип жашасан кандай гана бакыт. Ооруганынды дагы унутуп каласын бирок андай баарына буйрубайт. Бир кезде ошентип жашайм деп кыялданып журчу элем кыял боюнча калды. Жетпей калдым. Ошол адамга жетсем бул жашоодо менден откон бактылуу адам болбойт эле. Бирок ооруган адамга баш кошо турган болсо бир гана суйуу менен болсо боор ооруп соопчулук десе копго чыдап жашай албайт бир гана суйуу менен чыдаса болот алган сон кыйнаган дагы болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Апрель 2019 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

tomolok купуяга келинизчи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   tomolok   15 Апрель 2019 - 22:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 14 Апрель 19
  • Соңку аракети: 15 Апр 2019 22:53

Просмотр сообщения Sushi_wok (15 Апрель 2019 - 19:45) жазган:

tomolok купуяга келинизчи?

Купуяма эч нерсе келбептир кирдим

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Aiymkunumjyldyzym   15 Апрель 2019 - 23:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 690
  • Катталган: 08 Октябрь 18
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 00:46

Tilde sook jok,suiloi berebiz.Jarym jan adamga dele jar bolup juruwot.birok kantip?Alar dele balkim kokustan taanywyp,biri birin jaktyryp,choguu ubakyt otkorup,munozdorun elekten otkorup,synawyp degendei.Men uilonsom maga chydaiby je jaryp janga tyisem men chydai alamby,tawtap ketpeimbi,okunboimunbu, kyial joruguna,keede ooruganda oorusa chydaimynby degen tolgon tokoi suroolorgo joop taap anan uilonuwot da.Anan kele kalyp ele suilogon sozuno,joobuna jarawa dep ele kyinagan bolboit,anan biroogo oromchu bolgon en oor nerse,moinuna chon tawty bailap algandai ele.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Arinsa   15 Апрель 2019 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Оорунун баары жаман дечи.Бирок анын да түрү болот го.
Жарым жан адамдардын абалын го жакшы түшүнөм.Ооруну карап,чыдоо мына ошол адамдын сапаттын,жүзүн көрсөтөт.
Менин тайенем инсульт болчу.Бир колу,бир бутту кыймылга келбейт эле.Өз алдынча баса албайт эле.Инсульт оорусу акырындан абалын начарлата берет экен.13 жыл баскан жок.
Оорулу адам ачуулуу болуп калат барган сайын.Кээ бир убакта бутту ооруп, түнү менен уктабай буттарын колдорун укалап чыкчу убактар болчу.Аябай жаман оору.

Мектепке кетээр убагымда чачымды тарап жатсам "мына колум эле чачыңды өргүүгө жараганда эмне,өрүп берет элем"деп кейип калчу.
Мени тайенем чоңойткон,ошондуктан аябай жакын элем.Мен 1 классымда инсульт болгон.
Эми мен турмушка чыкчу адам ушул сыяктуу ооруса анда мен ойлонмокмун.
Таптакыр баса албаган адамды караш өтө кыйын.
Эгерде турмушка чыккандан кийин ооруп калса карайм,эч качан таштап кетмек эмесмин.Таптакыр күчүм калбай калса жанында кошо өлөм (тобоо кылдым).
Аа балким эртең биз жарым жан болуп калабыз.Адамдын башына эмнелер келбейт.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   meDaline   02 Июнь 2019 - 13:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Кудай сактасын, жарым жан экенин биле туруп турмушка чыга албайм. Анткени өзүм алсызмын, башкалардай күчтүү да эмесмин. Мени тиреп турган күчтүү, ар тараптан колдогон жолдош болсо дейм. Турмушка чыгып алып өзүмдү да жеп, аны да кыйнагым келбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   KAPAGAT   04 Июнь 2019 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Билбейм,Билбейм ,ото оор суроо!!!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Shorobashat   10 Июнь 2019 - 07:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Чынында турлуу турлуу ойго батыра турган аябай оор суроо экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   alisha00   25 Декабрь 2019 - 02:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Ден-соолугу жарымдарда ойлоп көрбөптүрмүн. Бирок эмнегедир көөөөөптөн бери "душевно больнойлор" менен сүйлөшкүм келет. Ага даары болом деп ойлоймунбу небальа:)

Билдирүүнү түзөткөн: alisha00: 25 Декабрь 2019 - 02:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Kanat..   25 Декабрь 2019 - 05:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 20 Ноябрь 19
  • Соңку аракети: 15 Фев 2020 11:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир эки жыл мурда бир кыз менен суйлошчумун. Сол колу жарымынан жок эле,башында телефондон суйлошуп журуп кийин барып жоолукканда кордум.Шок болгом чынында,анткени ага чейин айткан эмес болчу да.Канча аракет кылсам дагы айта албай койдум дейт,суйлошпойм десениз туура эле тушуном таарынбайм деп койот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   kyialkech.kyzmyn   25 Январь 2020 - 22:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 21 Июнь 18
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 15:53

Кудай сактасын! Бирок мен өзүмдү точно билем , сүйүп турсам да аны м-н бирге болууга макул боло албасам кк. Себеби мен аябай тереееееең ойлонуп иш кылам. 10-15жылга чейин ойлонуп коём... Жашоодо ар кандай нерселер болот. Бир күнү болбосо бир күнү өкүнүп калгым келбейт. Ошондой эле аны да кыйнап, ичинен сыздаткым келбейт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   beka2605   28 Январь 2020 - 22:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 09 Март 17
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 14:51
  • Жынысы:Аялзаты

Кудай сактасын эгер кырсык болуп жолдошунар жарым жан болуп калса анда таштап кетесинерби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Malloy_in_Brickleberry   28 Январь 2020 - 22:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 26 Январь 20
  • Соңку аракети: 13 Окт 2020 19:09

Просмотр сообщения Kanat.. (25 Декабрь 2019 - 05:20) жазган:

Бир эки жыл мурда бир кыз менен суйлошчумун. Сол колу жарымынан жок эле,башында телефондон суйлошуп журуп кийин барып жоолукканда кордум.Шок болгом чынында,анткени ага чейин айткан эмес болчу да.Канча аракет кылсам дагы айта албай койдум дейт,суйлошпойм десениз туура эле тушуном таарынбайм деп койот.
ненди Персик педик мынандай жомокторунду качан токтотосун аптаймат жетим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыз-жигит
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 01:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: