Суперстан: Спорт жаңылыктары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Спорт
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (269 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 266
  • 267
  • 268
  • 269
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Спорт жаңылыктары Акыркы спорт айдыңындагы кызыктуу факттар

#5341 Пользователь офлайн   G.O.A.T   06 Февраль 2020 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 307
  • Катталган: 28 Январь 19
  • Соңку аракети: 20 Дек 2021 17:52
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения alisha00 (05 Февраль 2020 - 17:11) жазган:

Ар кимдин өз ою болотда. Атасы ушундай ойлосо эле баласы да ошентип ойлош керекпи?

Хабибтин акылы жеткенге абдулманнаптын башы жетпейт экенда.Атасын посмешищеге калтырып койду умничат этпейле койбоду аларга атасынын созу законго ар созудо иш жузудо мындай болуп калды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5342 Пользователь офлайн   ilgizk   09 Февраль 2020 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Бүгүнкү юфсиде мушташкандар боюнча биздин Валя Азамат ар дайымкыдай жеңишти ак камсыздады.

Жонс Жонс боюнча айтсам судьялар тартып койду ,рейес жеңди 100% болбосо да 80% жеңди деп ойлойм .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5343 Пользователь офлайн   alisha00   10 Февраль 2020 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Биздин сары кызга гап жок а так)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5344 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 02:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

КРИШТИАНУ РОНАЛДУ 9,5 МЛН ЕВРОГО ТЕМИР ТУЛПАР САТЫП АЛДЫ.

Португалиялык футболчу, туриндик “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 9,5 млн еврого темир тулпар сатып алды. Bild маалыматына караганда Роналду жаңы бир спорткардын ээси болду. Бул ирет футболчу 2021-жылы рулга отура турган Bugatti Centodieci автоунаасын сатып алды.



Centodieci Италия тилинде ”жүз он” дегенди билдирет. Гиперкар Этторе Бугаттинн 110 жылдыгына арналып чыгарылды. Мындай автоуаадан ону гана чагарылып, баардыгы буйрутма менен сатылып кеткен.

Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 29 Март 2020 - 02:52

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5345 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 02:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

UFCДА КАЙСЫ ӨЛКӨНҮН ЧЕМПИОНДОРУ КӨП (ТОП-5)


Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунда учурда ар кайсы өлкөдөн 56 чемпиону бар. Эң көп кайсы өлкөдөн экендигине кызыгып жатсаңыз, биз аларды топтодук бирок эркектер дивизионундагы гана наамдар саналды

1-орун АКШ(46 чемпион)

Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюму Америкада түзүлгөндүктөн чемпиондор бул өлкөдөн көп чыккандыгы түшүнүктүү эле.

2-орун Бразилия (10 чемпион)

Бразилиялык мушкерлер АКШ спортчуларынын негизги атаандаштары болуп саналат.Бирок учурда бразилиялык чемпиондор жок. Эң соңку 2017-жылы жарым жеңил салмактагы мушкер Жозе Альдо чыккан.

3-орун Канада (2 чемпион)

Канада эң баштапкы мушкерлери менен сыймыктанып келет. Учурда бул өлкөдө күчтүү спортчулар жок болсо дагы, мурда Карлос Ньютон жана Джордж Сент-Пьер сыяктуу чемпиондору болгон.

4-орун Австралия (2 чемпион)

Жылдын башында UFC тарыхына Австралиядан бир чемпион кошулган. Ал жарым салмактагы мушкер Макс Холлоуэядан наамын тартып алган Александр Волкановски болгон. Мурда бир гана чемпион Роберт Уиттакер бар болчу.

5-орун Нигерия (2 чемпион)

Жакында UFC спорттук уюмунда африкалык өлкөдөн эки чемпион кошулган. Алар Камар Усман жана Исраэль Адесанья орто жана жарым орто салмактагы чемпиондор.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5346 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 02:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

​“БАРСЕЛОНА” ФУТБОЛЧУЛАРЫ АЙЛЫКТАРЫН КЫСКАРТУУГА КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ


“Барселона” оюнчулары жетекчиликтин коронавирустун айынан айлыктарын кыскартуу сунушуна каршы чыгышты. Бул тууралуу AS басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык каталониялык клубдун жетекчилиги Испания чемпионаты токтогондугуна байланыштуу футболчулардын айлыгын 70% кыскартуу сунушу менен чыкты. Футбол клубу коронавирустун айынан алдыда кризиске такалаарынан кооптонуп жатат. Бирок футболчулардын бир бөлүгү буга каршы чыгышууда.

Белгилей кетсек, кечээ «Барселона» клубу команданы кайрадан жаңыртып, сегиз оюнчуну алмаштыра тургандыгын жар салган. Алдын ала маалыматтарга караганда клуб оюнчулар Ивана Ракитича, Артуро Видаль, Самюэль Умтити, Мартина Брэйтуэйт, Филипп Коутиньо, Хуниора Фирпо, Антуана Гризманн жана Нетонун ордун алмаштырат.

Учурда Ла Лигада «Барселона» эки упай менен «Реалдан» алдыда келе жатат. Ал эми Испания чемпионаты коронавирус айынан токтотулган.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5347 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 02:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН КҮЙӨРМАНДАРДЫ ҮЙГӨ ОТУРУУГА ЧАКЫРДЫ


Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин күйөрмандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кыргызстан футбол бирикмеси билдирди.Анда башкы машыктыруучу күйөрмандарды үйгө отурууга чакырган.

«26-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы Вьетнам өлкөсүнүн курамасы менен жолдоштук беттеште кездешмек, ал эми 31-март күнү Мьянмага каршы 2022-жылкы Дүйнө Чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында сыртта оюн өткөрмөк. Бул оюндар баарыбызга билгилүү себептер менен өткөрүлбөйт. Мындай кырдаалда ФИФА жана АФК оюндарды жылдыруу чечими, албетте, туура жана ден-соолук, коопсуздук баарынан маанилүү болуп саналат

Футбол ар бирибизге кубаныч жана чоң сүйүнүч тартуулайт, бирок азыркы учурда аны экинчи планга жылдыра туруу керек. Командабыз дүйнөнүн кайсы булуң бурчунда гана ойнобосун кыргызстандыктар кандай колдоорун мен билем. Ал эми өзүбүздүн стадиондо болсо өзгөчө колдоо дайыма күтөт. Азыркы учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө убакыт келди. Өзгөчө бизди коргоп, сактап жаткан медициналык кызматкерлерди- чыныгы баатырларды колдоо керек.

Бул оор күндөрдө биз бир команда болуп, керектүү эрежелерди сактап, сабырдуу болуп, үйдө болушубуз керек. Көнүмүш ритмге жакынкы күндөрү кайра кирип, стадиондо көрүшөрүбүзгө мен ишенем.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!»
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5348 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 02:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

​«БАРСЕЛОНА» СЕГИЗ ФУТБОЛЧУНУ КЕТИРЕТ.

Испания чемпиону «Барселона» клубу жайында сегиз футболчуну кетирет.Бул тууралуу “Eurosport” жазууда.

Маалыматка ылайык «Барселона» клубу команданы кайрадан жаңыртып, сегиз оюнчуну алмаштырат. Алдын ала маалыматтарга караганда клуб оюнчулар Ивана Ракитича, Артуро Видаль, Самюэль Умтити, Мартина Брэйтуэйт, Филипп Коутиньо, Хуниора Фирпо, Антуана Гризманн жана Нетонун ордун алмаштырат.

Учурда Ла Лигада «Барселона» эки упай менен «Реалдан» алдыда келе жатат. Ал эми Испания чемпионаты коронавирус айынан токтотулган.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5349 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 03:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

ФУТБОЛ ЛЕГЕНДАСЫ ПЕЛЕНИН ИНИСИ КАЗА БОЛДУ


Бразилия футбол курама командасы менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон футбол легендасы Пеленин иниси Зока Насименту 77 жашында каза болду. Бул тууралуу батыштын ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматка ылайык ал Сантос шаарынын ооруканасында рактан чын дүйнө салган.

Ал Пеледен эки жаш кичүү болчу. Зока дагы 1961-жылдары «Сантос» клубунда ойноп,15 беттешүүгө катышып төрт гол киргизген. Андан кийин профессионал футболдон кетип, үй бүлөлүк бизнести аркалап келген.

Пеле – Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча ХХ кылымдын эң мыкты футболчусу. Ал эми 1999-жылы Эл аралык олимпиада комитети (МОК) бразилиялык оюнчуну кылымдын спортчусу деп атаган.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5350 Пользователь офлайн   Ashka.   29 Март 2020 - 03:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Үйдөн чыкпай жаңылык окуп отургула кысып. :D
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5351 Пользователь офлайн   Ashka.   13 Апрель 2020 - 03:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Сүрөт
​ФЛОЙД МЕЙВЕЗЕР МАШЫКТЫРУУЧУ БОЛУУНУ
]Америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер машыктыруучу болууну чечти. Бул тууралуу 43 жаштагы мушкер өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүштү. Флойд Мейвезерди спорт карьерасында атасы жана акеси Роджер Мейвезер машыктырып келген.
Флойд Мейвезер “ Бул менин 14 жаштагы жээнимди машыктырган менин алгачкы иш күнүм. Силер билгендей менин мыкты машыктыруучуларым болду. Алар менин атам жана акем Роджер Мейвезер машыктырып келген. Жакында акемдин чын дүйнө салышы менен мен дагы жакындарыма алардай жакшылык кылгым келди. Мен дагы артымда из калтырып, адамдардын өз кубатын сезишине жардам берем", - деп айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.





Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 13 Апрель 2020 - 03:01

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5352 Пользователь офлайн   Ashka.   13 Апрель 2020 - 03:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Сүрөт
​ДҮЙНӨНҮН ЭҢ КЫМБАТ ФУТБОЛЧУСУНУН АЙЛЫГЫ КЫСКАРТЫЛДЫ
Бразилиялык футболчу жана “Пари Сен-Жермен” футбол клубунун чабуулчусу Неймардын айлыгы коронавирустан улам айына 100 миң еврого кыскартылды. ESPN телеканалынын маалыматына караганда Франциянын финансы министрлиги жана профессионал футболчулар ассоциациясы жергиликтүү футбол чемпионаттынын башкы дивизионун сезону токтоп тургандыгына байланыштуу оюнчулардын айлыгын кыскартууну сунуштаган. Буга ылайык 10 миңден 20 миң еврого чейин айлык алган футболчулардын маянасы 20% кыскартылат.
Неймар – Фрация чемпионаттыынын эң жогорку айлык алган футболчусу. Ал жылына 31,6 миллион евро алат.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы август айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфери 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.


Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 13 Апрель 2020 - 03:06

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5353 Пользователь офлайн   Ashka.   13 Апрель 2020 - 03:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Сүрөт
​"РЕАЛ МАДРИД" КРИШТИАНУ РОНАЛДУДАН БАШ ТАРТТЫ



Испаниянын "Реал Мадрид" клубу португалиялык футболчу, туриндик “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдуну кайрадан алуудан баш тартты. Бул тууралуу "As" басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык португалиялык футболчунун Мадридке кайтуу мүмкүнчүлүгү нөлгө тете.
"Падышалык клубдун" президенти Флорентино Перес мурдагыдай эле Криштиану Роналдуга баа берет бирок анан заманы бүттү деп эсептейт. "Реалдын" жаңы стратегиясына караганда жаш футболчуларды кабыл алат. Учурда алар ПСЖ чабуулчусу Килиан Мбаппенин артынан чуркап жүрүшөт.

Италиянын ЖМК "Ювентус" клубу 35 жаштагы Роналдунун коронавирустан улам каржы тартыштыгына учурап, айлыгын төлөй албай калышы мүмкүн экендигин жазышууда.

Эсиниздерге сала кетсек, Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубунда 9 жыл ойногондон кийин 2018 –жылы жайында туриндик “Ювентус” клубуна өткөн. Португалиялык футболчу туриндик клубка 100 миллион еврого жана 12 миллион кошумча чыгымдарын төлөп берүү келишими менен келген.



Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 13 Апрель 2020 - 03:05

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5354 Пользователь офлайн   Ashka.   13 Апрель 2020 - 03:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Сүрөт
ХАБИБ НУРМАГОМЕДОВ: “ЖАРАТКАНДАН КОРКСОҢОР БОЛО”



Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов 18-апрелде өтө турган UFC 249 турниринин болбой калышына жеке пикирин билдирди. Бул тууралуу атактуу мушкер өзүнүн инстаграм баракчасына жазды. Бүгүн Абсолюттук мушкерлер уюмунун президенти (UFC) Дана Уайт UFC 249 турнири болбой тургандыгын жар салган.
Хабиб Нурмагомедов: “О адамдар! Жараткандан корксоңор боло... Ал кааласа баарын алышы мүмкүн. Ар дайым Аллахтын айтканы болот” деди

18-апрелдеги UFC 249 турнирине Хабиб Нурмагомедовдун ордуна Фергюсон менен таймашка Жастин Гэтжи чыкмак болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун беттеши 2015-жылдан бери бешинчи ирет жылдырылып жатат. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жаракат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.



Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 13 Апрель 2020 - 03:08

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5355 Пользователь офлайн   Ashka.   13 Апрель 2020 - 03:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Сүрөт
“РЕАЛ МАДРИД” ФУТБОЛЧУЛАРДЫН АЙЛЫКТАРЫН КЫСКАРТАТ
    [color=rgba(27, 43, 58, 0.7)]Испаниянын “Реал Мадрид” клубу футболчулардын айлыктарын коронавирустун айынын кыскартат. Бул тууралуу падышалык клубдун басма сөз кызматы жар салды. Маалыматка ылайык футболчулар жана машыгуучулар менен кошо баскетбол комадасынын спортчуларынын да айлыктары 2019- 2020 – жылдагы сезонунун акырына чейин 10 - 20 % төмөндөтөт. <br style="box-sizing: border-box; outline: none;">

    Расмий билдирүүдө "Клубдун кеңеши бул чечимди толугу менен колдоду жана жоопкерчиликтүү кадам катары эсептейт." Реал" бул чоң улуу үй бүлөнү түзгөн бардыгы менен сыймыктанат. Ошондуктан, бул оор убакта бардык баалуулуктарды сактап калууга болгон күчүн жумшайт” деп айтылган.

    [/color]
    Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
    1-Суйуу.
    2-Кызыктуу жумуш.
    3-Саякаттоо мумкунчулугу.
    • Жогоруга of the page up there ^
    • Жооп жазуу Цитата
    • Жооп жазуу Жооп жазуу

    #5356 Пользователь офлайн   XATSAN125   19 Апрель 2020 - 19:51

    • Активист
    • Перейти к блогу
    • Тайпасы: Кыймылы жок
    • Билдирүүсү: 663
    • Катталган: 27 Ноябрь 18
    • Соңку аракети: 12 Дек 2024 21:23
    • Жынысы:Эркек

    люля кебаб менен тонинин бою отмена болдубу ошентип
    Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
    • Жогоруга of the page up there ^
    • Жооп жазуу Цитата
    • Жооп жазуу Жооп жазуу

    #5357 Пользователь офлайн   Eka.kg   19 Апрель 2021 - 14:16

    • Супер-активист
    • Перейти к блогу
    • Тайпасы: Кыймылы жок
    • Билдирүүсү: 34 204
    • Катталган: 03 Август 16
    • Соңку аракети: 01 Сен 2023 19:02

    Күздө буйруса жаңы суперлиганы көрүп калат экенбиз.
    Love is a game. The first to say love, he lost...
    • Жогоруга of the page up there ^
    • Жооп жазуу Цитата
    • Жооп жазуу Жооп жазуу

    #5358 Пользователь офлайн   G.O.A.T   24 Июнь 2021 - 02:24

    • Активист
    • Перейти к блогу
    • Тайпасы: Кыймылы жок
    • Билдирүүсү: 307
    • Катталган: 28 Январь 19
    • Соңку аракети: 20 Дек 2021 17:52
    • Жынысы:Эркек

    Венгерлер гейманияны жазалап жатат
    • Жогоруга of the page up there ^
    • Жооп жазуу Цитата
    • Жооп жазуу Жооп жазуу

    #5359 Пользователь офлайн   Бектурган   06 Июль 2021 - 21:49

    • Активист
    • Перейти к блогу
    • Тайпасы: Кыймылы жок
    • Билдирүүсү: 683
    • Катталган: 17 Май 09
    • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:44
    • Жынысы:Эркек
    • Калаасы:Kyrgyzstan...

    Просмотр сообщения G.O.A.T (24 Июнь 2021 - 02:24) жазган:

    Венгерлер гейманияны жазалап жатат

    Бул чемпионатта сенсациялар толуп кеттиго чиркин. Гранд крмандалар ыргып...
    Ат-адамдын канаты.
    • Жогоруга of the page up there ^
    • Жооп жазуу Цитата
    • Жооп жазуу Жооп жазуу

    #5360 Пользователь офлайн   ShaKe11   07 Июль 2021 - 01:31

    • Активист
    • Тайпасы: Жаран
    • Билдирүүсү: 1 599
    • Катталган: 03 Февраль 17
    • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
    • Жынысы:Эркек
    • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

    Италия Испания ойунудан ссылка таштагыла
    аа
    • Жогоруга of the page up there ^
    • Жооп жазуу Цитата
    • Жооп жазуу Жооп жазуу

    • ← Мурунку тема
    • Спорт
    • Кийинки тема →

    • (269 бет)
    • +
    • « 1
    • ←
    • 266
    • 267
    • 268
    • 269
    • →
    • Сиз жаңы тема ача албайсыз
    • Темага жооп жаза албайсыз

    Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
    Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

    Билдирүүнү өчүрүү

    Кароолордон өчүрүү

    Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

    Себеби:

    Темадан өчүрүү

    Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


    • Жогоруга
    • Форумдун тизмегине
    • Cookies тазалоо
    • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

    Статистика работы системы

    • Азыр убакыт: 06 Июл 2025 05:12

    Внешний вид

    Маалымат-маанайшат порталы
    2006-2020 © SUPER.KG
    Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
    Төлөмүш Океев, 39/7
    Тел.: +996 312 882 500
    portal@super.kg
    SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
    Мобилдүү версияМобилдүү версия
    Эрежелер Эрежелер

    Система для сообществ IP.Board.
    Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

    Рейтинг@Mail.ru
    Биз социалдык тармактарда: